2017 Кышкы Универсиада

2017 кышкы Универсиада (каз. Қысқы Универсиада 2017) — 28-чи кышкы Универсиада, 2017 жылдын 29-январынан - 8-фвралына чейин,Казакстандын Алмата шаарында өтөт. Универсиада жарыштары спорттун 12 түрү боюнча өтөт.

MegaCom

MegaCom («Альфа Телеком» ЖАКы) – Кыргыз Республикасынын телекоммуникация базарындагы GSM 900/1800 жана WCDMA/UMTS 2100 стандартындагы уюлдук байланышты көрсөтүүчү уюлдук компания. Өлкөнүн калк жайгашкан аймагында каптоону 97 пайызга камсыз кылуу менен, компания 2,8 миллиондон ашуун абоненттерди тейлейт. Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр, дипломатиялык миссиялар MegaComдун корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. MegaComдун корпоративдик кардарларынын саны эки миңден ашты жана тынымсыз өсүүдө. Компания Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн катарын толуктайт.

Кыргызстан 2016 жайкы Олимпиада оюндарында

Кыргызстан 2016 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 6 түрү боюнча 19 спортчусу менен катышат.

Манас эпосу

Манас — кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу.

Сагымбай Орозбак уулу

Сагымбай Орозбак уулу (1867—1930) — улуу манасчы. Айткан "Манасы" кагаз бетине түшүрүлүп, чыгармачылык мурасына илимий изилденген баа берилип, "алп манасчы" наамына татыган манасчылардын бири.

Уикипедия

Уикипедия (англисче Wikipedia термини /ˌwɪkɪˈpiːdɪə/ деп окулат) – коммерциялык эмес Wikimedia Foundation (Уикимедиа Фаундейшн) фонду тарабынан түзүлүп каржыланган эркин жана акысыз интернет энциклопедия. Сайттын эрежелерине баш ийген колдонуучулар макалаларды оңдоо мүмкүндүгүнө ээ.Уикипедия – дүйнөдөгү колдонуучулар эң көп кайрылган веб-сайттардын ичинен жетинчи орунду ээлейт. Интернет чөйрөдөгү эң көлөмдүү жана кеңири таанымал маалымат казыналардын бири.Уикипедия 2001-жылдын 15-январында Жимми Уэйлс (англ. Jimmy Wales) жана Ларри Сэнгер (англ. Larry Sanger) тарабынан ишке киргизилген. Сайттын аталышын wiki (гавай тилинде «ылдам» дегенди билдирет) жана encyclopedia (энциклопедия) сөздөрүнөн кураштырып Ларри Сэнгер ойлоп тапкан.

Башка тилде окуу