18-апрель

18-апрельГригорий календары боюнча 108-күнү (толук жылда 109), жылдын аягына чейин 257 күн бар.

Datum20.svg
апрель
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
2019 ж.
2018 Түрквизион ыр сынагы

}}

2017 Түрквизион ыр сынагы (түрк. Türkvizyon Türk Dünyası Şarkı Yarışması 2017, каз. Turkvizyon ән байқауы 2017) — Жыл сайын өтүүчү сынактын төртүнчүсү, Сынак Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт.Аталган сынакка 20дан ашуун өлкөлөрдүн жана аймактардын катышуусу күтүлүүдө.учурда 27 өлкө сынакка катышуусун тактаган.Сынактын финалы 2017-жылдын 10-сентябрна белгиленген.

Альберт Эйнштейн

Альберт Эйнштейн (англ. Albert Einstein, айтылышы: /ˈaɪnstaɪn/; немис тилинде айтылышы: [ˈalbɛɐ̯t ˈaɪnʃtaɪn]; 1879-жылы 14-март – 1955-жылы 18-апрель) — немис физик-теоретиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип физикалык теорияларды ачкан XX кылымдын улуу окумуштуусу.

Эйнштейн заманбап физиканын эки (кванта механика менен бирге) негизги тирөөлөрү болгон бирисини - салыштырмалуулук теориясын иштеп чыгарган. Эйнштендин эмгеги илим философиясына таасирин тийгизгени менен таанымал. Эйнштейн көпчүлүккө өзүнүн E = mc2 ("Дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү теңдеме" деп аталган) күч менен массанын тең күчтүүлүк теңдемеси менен белгилүү. 1921-жылы ал кванта теориясынын өнүгүүсүнүн негизги баскычы болгон "теориялык физикага кошкон салымы, жана айрыкча фотоэлектрдик таасиринин мыйзамын ачканы үчүн" физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон.

Илимий изилдөөлөрүнүн баштапкы баскычтарында, Эйнштейн Нүтондун механикасы классикалык механика менен электромагнит талаасынын мыйзамдарын жараштыруу үчүн жетиштүү болбогондугун билдирген. Бул ой Эйнштейн 1902-1909-жылдар арасы швейцариялык патент кеңсесинде Бернде (Швейцария) жүргөн кезинде өзүнүн атайын салыштырмалуулук теориясын изилдөөгө алып келген. Ошентсе да, Эйнштейн, салыштырмалуулуктун негизги жобосун гравитация талаасына да таратуу мүмкүндүгүн ойлоп 1916-жылы кийин чыккан гравитациялык теориясы менен ал жалпы салыштырмалуулук жөнүндө макала жазган. Окумуштуу бөлүкчө теориясы жана молекулалардын кыймыл аракеттеринин себептерине жооп берген статистикалык механика менен кванта теориясынын суроолорун изилдөөнү уланткан. Ал ошондой эле жарыктын фотон теориясынын негизин түзгөн жарыктын жылуулук касиеттерин изилдеген. 1917-жылы Эйнштейн өзүнүн жалпы салыштырмалуулук теориясын ааламдын ири түзүлүшүнүн үлгүлөөсүндө колдонгон.

1895-1914-жылдар арасы окумуштуу Швейцарияда (бир жыл Прагада жашаганындан тышкары, 1911-12-жылдары) жашаган жана 1900-жылы, Цүрихте Швейцариянын федерациялык политехникалык (кийин: Eidgenössische Technische Hochschule, ETH (кырг. Швейцариянын техникалык жогорку мектеби)) окуу жайынан академиялык диплом алып чыккан. Кийин, 1912-1914-жылдар арасы, Берлинге кетээринен мурун ал өзү окуган окуу жайында физик-теоретик профессору катары иштеген. 1901-жылы, беш жыл бою жарандуулугу жок адам болгон Эйнштен, швейцариялык жарандуулукка ээ болуп Швейцарияда жашап калган. 1905-жылы Цүрик университети Эйнштейнге жогорку илимдик даражасын ыйгарган. Ошол эле жылы, Эйнштейн үчүн эң маанилүү болгон жылы, 26 жашында, өзүнө академиялык дүйнөнүн көңүлүн буруп берген төрт новатордук макала жазып чыгарган.

1933-жылы бийликке келген Адольф Гитлердин заманында, АКШда жүргөн Берлиндин илимий академиясынын профессору Эйнштейн, жөөт болгонунан улам Германияга кайткан жок. Ал 1940-жылы АКШнын жарандуулугун алып ошол жерде жашап калган. Экинчи дүйнөлүк согуштан мурун, ал президент Франклин Д. Рузвельтке кат жазган, анда окумуштуу "бомбанын өтө күчтүү жаңы түрүн" жакшыртуусунун мүмкүн болгондугун алдына ала эскертип АКШга ушул сыяктуу аракеттерди жасоону сунуш кылган. Акырында бул сунушу Манхэттен долбооруна айланган. Эйнштейн Гитлерге каршы биримдикти колдосо дагы жаңы чыгарылган өзөктүк бөлүнүүнү курал катары колдонуу ойду айыптаган. Кийинчирээк, британиялык философ Бертран Рассел менен бирге окумушту өзөктүк куралдардын коркунучтуулугун белгилеген Рассел-Эйнштейн манифестине кол койгон. Эйнштейн Принстондогу (Нү-Жерси) Перспективалуу изилдөөлөрдүн институту менен өлүмүнө чейин (1955-жыл) биргелешип иштеген.

Эйнштейн 300 илимий жана 150 илимге тийешелүү болбогон макалаларды жазып чыгарган. Окумуштуунун интеллектуалдык жетишкендиктери жана өзгөчөлүүлүгү улам "гений" сөзүнө маани жагынан окшош "Эйнштейн" термини пайда болгон.

Гарри Поттер жана Философ Ташы (тасма)

Гарри Поттер жана Философ ташы (кээ бир өлкөлөрдө "Гарри Поттер жана Сыйкырчынын ташы" болуп чыккан) - бул Крис Коламбус жана Warner Bros. студиясы тарткан 2001-жылда чоң экрандарга чыккан британ-америкалык фэнтези жанрындагы кинотасма. Фильм британ жазуучусу Жоан Роулиңдин калемине таандык ушул аталыштагы чыгармасы боюнча тартылган. Бул тасма Гарри Поттер фильм франшизасынын биринчи бөлүгү болуп, сценарийин Стив Клоувз жазган жана Дэвид Хейман продюсерлик кылып берген. Тасма Гарри Поттер өзүн атактуу сыйкырчы болгонун билип алып, Хогвартс Көз байлоочулук жана Сыйкырчылык мектебинде билим алууну баштап, биринчи окуу жылында болгон окуяларды чагылдырат. Ролдорду ойногондор: Гарри Поттер ролунда Дэниэл Рэдклифф, Рон Уизли ролунда Руперт Гринт жана Гермиона Грейнжерди Эмма Уотсон аткарган.

Warner Bros. студиясы 1999-жылы £ 1 миллионго китеп боюнча кино тартуу укуктарын сатып алган. Тасма тартуу 2000-жылы Улуу Британияда башталган, режиссер ордуна Крис Коламбус келген - аны менен режиссерлукка ат салышкан Стивен Спилберг жана Роб Рейнер болчу. Роулиң фильмге катышкан бүт актерлор Британия же Ирландиялык болушун талап кылып, кино Ливзден фильм студиясында жана Улуу Британиянын тарыхый жерлеринде тартылган.

Фильм 2001-жылдын 16-ноябрында Улуу Британия жана Кошмо Штаттар кинотеатрларында жарык көрдү. Тасма эң позитивдүү сынчылык кабыл алууга татып, дүйнө жүзү боюнча 970 миллион доллардан ашык киреше тапкан жана мыкты оригиналдуу музыка, мыкты постановка жана мыкты костюм үчүн Оскар сыйлыгына жана башка көптөгөн сыйлыктарга көрсөтүлгөн. Бул тасманын артынан 2002-жылы франшизанын экинчи бөлүгү болгон "Гарри Поттер жана сырлар бөлмөсү" киносу чыккан, ал эмесе "Гарри Поттер жана Өлүм жемиштери: 2-бөлүк" аталыштагы акыркы тасма 2011-жылы франшизанын он жылдык маарекесинде жарык көрдү. "Философ ташы" дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан фильмдердин тизмесинде 34-орунда турат; ал эмесе Гарри Поттер кинолорунан бул көрсөткүчтү бир гана "Гарри Поттер жана Өлүм жемиштери: 2-бөлүк" жакшырта алган.

Жапаркул Алыбаев

Жапаркул Алыбаев (1933-жылы Чүй районундагы “Бириккен” айылында туулган) - акын-сатирик.

Нгуен Динь Тхи

Нгуен Динь Тхи (1924-ж.т., Луанг- прабанг - 18 апрель 2003, Ханой, Вьетнам) — Вьетнам жазуучусу.

Вьет­нам компартиясынын мүчөсү.

Колонияга карты жашырын кыймылга (1943-жылдан), Вьетнам элинин каршылык көрсөтүү согушуна (1945—54) катышкан.

«Алга, чабуулга!» (1951, Улуттук адабият сыйл.) аттуу туңгуч по­вести согуш күндөрүн жанa рев-я жоокерлеринин эрдигин көрсөтөт.

Анын «Солдат» (1955) ыр' жыйнагы, «Ло суусунун боюнда» (1957) ацгеме жый­нагы, «Кара деңиз ыры» (1959), «Жээк бүлүнүүдо» (1962—70) аттуу экилтиги, «Жалында» (.1966), «Фронт линиясы асманга из салат» (1967) аттуу повесттери бар.

1957-жылдан Вьетнам жаз. союзунун ген. секре­таы.!.

Рома (футбол клубу)

«Рома» (итал. Associazione Sportiva Roma) — Рим шаарынын чыккан италиялык футбол клубу. Клубдун түстөрү: сары-кызыл. Үй оюндарын адатта, 72 698 киши батыра ала турган «Стадио Олимпико» стадионунда өткөрөт. «Рома» "Серия А" лигасынын 83 сезон катышып, бир жолу "Серия B" лигасында ойногон (1951\52). Европа Клубдарынын Ассоциациясынын мүчөсү.

Тынч океаны (телесериал)

Тынч океаны (англ. The Pacific) — Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу Америка телевизиондук кичисериалы.

Фархад Шапиров

Фархад Шапиров (Анг. Farkhad Shapirov) (1984-04-18) - кыргызча ММА-аскет, сени чыгат 2007-жылдын. Сен жеңилүү гана чечимдерине, өзүнүн чыныгы Франк (Анг. Frank) ат.

Чоң кыскартуу (тасма)

Чоң кыскартуу (орус. Игра на понижение) — 2015-ж. Адам Маккей тарабынан жана анын автордоштугу менен тартылган америкалык биографиялык комедиялуу драма кинотасмасы. 2010-ж. ошондой эле аталышта чыккан, 2007-2008-жж. турак-жай курулушу жана экономикалык көбүктөн улам жаралган финанасылык кризис тууралуу чыныгы окуяга негизделип жазылган Майкл Лүисттин китеби боюнча тартылган. Кинотасмада башкы каармандарды Кристиан Бэйл, Стив Кэрэлл, Райан Гослиң жана Брэд Питт ойношкон.

Paramount Pictures тарабынан таратылган, тасма АКШда чектелген прокатка 2015-ж. 11-декабрында, кеңири көрсөтүүгө 2015-ж. 23-декабрында чыккан. Тасма "Оскар" сыйлыгына беш номинация боюнча - "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Экинчи пландагы мыкты актер" (Бэйл) жана "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" үчүн көрсөтүлүп, "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" көрсөтүлүшү боюнча жеңишке жетишкен.

Эстеликтер менен тарыхый жайлардын эл аралык күнү

Эстеликтер менен тарыхый жайлардын эл аралык күнү ("Дүйнөлүк мурас күнү") - ар жылы 18-апрелде белгилене турган эл аралык майрам.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.