Энциклопедия

Энциклопедия (гр. enkyklios paideia - илимдин бардык тармагынан окутуу) - илим-билимдин же практикалык иш-аракеттин айрым бир (тармактуу Энциклопедия) же бардык тармагы (универсал Энциклопедия) боюнча маанилүү маалымат камтыган илимий же илимий-популярдык адабияттын бир түрү.

Ал ар бир доордун илими менен маданиятынын деңгээлин гана көрсөтүү эмес, өзүн түзүп жаткан тап мүдөөсүн көздөө милдетин да аткарат. Түзүлүшү боюнча Энциклопедия алфавиттик (материал алфавит тартиби боюнча жайгашат) жана систематикалык деп айырмаланат. Көлөмүнө жараша шарттуу түрдө чоң (ондогон томдуу), кичине (10-12 т.). кыскача (4-6 т.) жана Энциклопедиялык сөздүк деп аталчу 1-3 томдук Энциклопедияларга бөлүнөт. Алардын ар бири атайын иштелип чыккан тематикалык план жана еөз тизме боюнча даярдалат.

«Энциклопедия» термини антикалык доордо жалпы билим берүүчү предметтердин (грамматика, риторика, диалектика же логика, геометрия, арифметика, музыка, астрономия) жыйындысын туюнткан. Бирок кадимки Энциклопедиянын түзүлүшү жаңы мезгилге таандык. Анын тунгуч туундусу- 1751-80-ж. Францияда Д. Дидро менен Ж. Л. Д’Аламбердин редакциясында чыккан «Эндиклопедия же Илимдин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн түшүндүрмө сөздүгү».

17-кылымдын 2-жарымынан Европанын өнүккөн өлкөлөрунүн баары, 19-кылымдын 2-жарымында АКШ өз алдынча Энциклопедия чыгарууга киришкен. Алардан белгилуүлөрү: 1975-ж. 15-басылышы чыккан «Британия энциклопедиям.», «Эспаса» аттуу 80 том итальян энпиклопедиясы (1908-30, 1930-33).

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

Август

Август (лат. Augustus), баш оона жылдын 8-айы (31 сутка). Рим императору Августтун ысмынан аталган.

Актёр

Актер, актриса (фр. acteur, лат. actor аткаруучу) - театрда, кинодо ж. б. роль аткаруучу адам.

Деңиз деңгээли

Деңиз деңгээли – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деңгээлин билгизген (нөл горизонту катары эсептелген) шарттуу белги. Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деңиздин толкушу, ташкындашы, деңиздин үстүнкү бетинин жылышы жана муздашы, атмосфералык басымдын туруксуздугу, жаан-чачын менен буулануу ар кандай күчтөрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли «көз ирмемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо айлык, орточо жылдык жана орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында деңиз деңгээликатары Балтика деңизинин (Финн булуңу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деңгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2750 м, эң бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеңиш чокусу), эң жапыз жери 401 м (Лейлек районунун аймагында).

Египет

Египет (Египет Араб Республикасы) – Африканын Түндүк-чыгышындагы жана Азиянын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуңундагы жана Кызыл деңиздеги айрым чакан аралдар да Египетке таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан Кызыл деңиз, Суэц, Акаба булуңдары менен чулганып, батышынан Ливия, түштүгүнөн Судан, Түндүк-чыгышынан Израиль жана Палестина менен чектешет. Египет Европа, Америка өлкөлөрүн Азия жана Чыгыш Африка өлкөлөрү менен байланыштырган эл аралык аба жана деңиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Египеттин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны менен туташтырган кыска деңиз жолу – Суэц каналы өтөт. Аянты 1001,4 миң км2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 72,5 млн (2007). Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Египет фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. таблицаны).

Египет – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка союзунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Июнь

Июнь (латынча Iunius), кулжа – календарь жылынын алтынчы айы (30 күн). Байыркы Рим кудайы Юнонанын ысмынан аталган. Кыргыздын элдик ай календары боюнча июль кулжа деп аталат же 4-айга туура келет.

Кылым

Кылым — жүз жыл (мисалы, 1901-жыл 1-январдан 2000-жыл 31-декабрга чейинки мезгил 20-к.).

Маданият

Маданият (лат. cultura – иштетүү, тарбиялоо) – алгач адамдын керектөөлөрүн канааттандырыш үчүн жерди иштетүү деген маанини билдирип келген. Мисалы, кең мааниде адамзаттын элдин жашоосунда жалпы материалдык жана рухий баалуулуктарды жаратуудагы жетишкендиктери. Мазмуну жагынан мисалы, дин, экономика, тарбия, жумуш, салт, тил жана башка ушундай сыяктуу тармактарга бөлүнөт.

Метр

Метр (metrtō – өлчөймүн, ченеймин) – татаал сөздөрдүн өлчөгүч приборлорду (мисалы, барометр, термометр), метр системасындагы узундук өлчөмүн (мисалы, километр, сантиметр) туюндуруучу бөлүгү.

Нарын (шаар)

Нарын шаары - Кыргызстандагы Нарын облусунун жана Нарын, Кочкор, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондорунун борбору. Нарын - Нарын облусундагы эң ири шаар.

Округ

Округ – 1) бир катар мамлекеттердеги (мисалы, Болгария, Германия, Исландия, Люксембург, Португалия, Иордания, Кипр ж. б.) административдик бирдик. Кыргызстанда айыл округдары бар; 2) физикалык географиялык райондоштурууда – физикалык-географиялык провинция менен Физикалык-географиялык райондун ортосундагы таксономиялык бирдик (мисалы, Фергана, Нарын, Суусамыр ж. б. округдар); 3) аскер округу; 4) ар кандай убактылуу түзүлмөлөр (мисалы, шайлоо округу).

Орто Азия

Орто Азия каз. Орта Азия, каракалп. Orta Aziya, кырг. Орто Азия, таж. Осиёи Миёна, түркм. Оrta Aziýa, өзб. Oʻrta Osiyo) — Азиянын бир бөлөгү, батыштагы Каспий деңизинен кийин, чыгыштагы Кытай ортосуна чейин, жана түштүк Орусиядан кийин, түндүк Пакистанга чейин. Кээде Борбордук Азия‎ же Ичиндеги Азия деп аталат, жана Евразия континенттин ичинде жайгашат. Терминдин көп белгилери бар, бирок бир маанисине баары кошулбайт. Четтерин белгилөөнүн кыйынчылыктары менен, кээ бир негизги мүнөздөмөлөрү бар. Мисалы, тарыхы көчмөн элдерине жана Жибек жолуна жакында байланышкан. Натыйжасында, Европа, Батыш Азия, Түштүк Азия, жана Чыгыш Азия арасында соода, адам кыймылдары, жана ойлор кыймылдары көп болчу.

Өлкө

Өлкө - 1)физикалык географиядагеографиялык абалы же башка бир табигый өзгөчөлүктөрү боюнча айырмаланган ири аймак (мисалы, түздүктүү өлкө Батыш Сибирь түздүгү; тоолуу өлкө Кавказ ж. б.); 2)саясий-географиялык жактан өзүнчө чек арасы белгиленген, мамлекеттик эгемендүү укугу бар же башка мамлекеттин бийлиги астында турган аймак, мамлекет.

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы - табият, тарыхы, илим, искусство,

техника, экономика жана башка тармактарды, ошондой эле дүйнөлүк цивилизациянын

азыркы жана өткөндөгү урунттуу учурларын чагылдырган фундаменталдуу

энциклопедиялык басылма. Энциклопедиянын “тарых, философия жана укук”, “тил-адабият жана искусство”, “география, геология жана экология” ошондой эле “табият жана так илимдер” редакциялары атайын редакциялык комплекс тарабынан даярдалат.

Башкы редактор Асанов Ү.А., жооптуу редактор Андашев Д. Б.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.