Ысык-Көл

Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Кыргыздар бул көлдү "Кыргызстандын бермети" деп аташат. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат.

Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги Көпчүлүккө кеңири маалым. Келечекте көгүлтүр берметибиздин түпкүрүн изилдеген Кусто чыгаарына ишеним чоң.

Каталан картасы катары кеңири белгилүү болгон картада Ысык-Көлдүн түндүк чыгыш жээгинде крест салынган храм түрүндөгү белги коюлган, анын жанында түшүндүрмө текст жазылган: “Апостол Матвейдин кудурети сакталган деп айтылган армян бир туугандардын монастыры”. Азырынча урандылырды изилдөө иштери эч натыйжа бере элек. Балким, биздин окумуштуулар байыркы жашоочулардын изин таап алышы эч ажеп эмес. Көптөгөн чет элдик компаниялар жана жеке адамдар буга абдан кызыгып, изилдөө иштерин, казууларды жүргүзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бул эстеликти издөө иши археологиялык туризмди өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы болушу толук ыктымал.

Ысык-Көл
кырг. Ысык-Көл
Issyk Kul at sundown
Координаттар: 42°26′0″N 77°11′0″E / 42.43333°N 77.18333°E Coordinates: Parameter: "scale=" should be "scale:"
Жайгашкан орду

түндүк-чыгыш Кыргызстан

Узундугу

182 км

Туурасы

58 км

Аянты

6236 км²

Көлөмү

1738 км³

Эң терең жери

702 м

Туздуулугу

5,8% ‰

Суу топтоо аянты

15,844 км²

Куйган дарыялар

~ 80 дарыя

Ысык-Көл (Кыргызстан)
Blue pog.svg
Ысык-Көл

Координаттары: 42°26′0″N 77°11′0″E / 42.43333°N 77.18333°E Coordinates: Parameter: "scale=" should be "scale:"

Ысык-Көл – кыргыз бермети

Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз денгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.

Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса, толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун

Issyk Kul
Ысык-Көл (1992).
Issyk Kul at sundown
Ысык-Көл (2002).
Issyk Kul beach
Ысык-Көл (2002).

2. Кыргызстандын областтарынын бири: Ысык-Көл областы.

3. Ысык-Көл району.

4. Ысык-Көл коругу.

5 Ысык-Көл шеринеси.

"Манас эпосунда"

Ысык-Көл«Манас» эпосундагы топоним. «Манас» эпосунда кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет. Манас Ата журтун баскынчы жоодон бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып, Ысык-Көлгө туш келип, суктанат:

Береке экен, бел экен,
Бенде көрчү жер экен,
Жердегенде адамды
Кан кылуучу жер экен.
Жээк-жерге баарысы
Бай кылуучу жер экен,
Ортосу көпкөк көл экен,
Суусунда миңдей төр экен
Жердеген адам бай болчу,
Көлүндө ырыс бар экен.
Боз мойнокчо, дөбөчө
Түшүп Манас жер чукуйт
Касиеттүү жер экен,
Эки эли жерин оодарса
Түгөнгүз алтын бар экен.
Жаныбарым Ысык-Көл
Жер соорусу турбайбы,
Жердеген киши тунбайбы!
Мындай кызык жер болбос,
Мындай кызык көл болбос,
Будур-будур бел экен,
Будурмак аттуу жер экен,
Будурмак келип турулуп,
Будурдан бугу куюлуп,
Жаткан экен жаныбар
Будурдун чөбү суюлуп,
Ар коктудан жаркырап,
Миңден булак куюлуп,
Өйүз-бүйүз жери тар
Ортосунда жайнаган
Сонун көпкөк көлү бар.

Геграфиялык реалияда көл жана жер катары республиканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Күңгөй жана Тескей Ала-Тоолору менен курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. Көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык //ызык сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман фетиш деген маанини берет. (Саякбай Каралаев, 1. 110).

Колдонулган адабияттар

Ак-Суу району

Ак-суу району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысыккөл облусундагы район. Борбору Ак-Суу. .

Балыкчы шаары

Балыкчы (1954-89-ж. Рыбачье, 1989-92-ж. Ысык-Көл, 1992-жылдан адепки аты Балыкчы кайтарылган) Ысык-Көл облусундагы шаар. Ысык-Көлдүн батыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1620-1640 м бийиктикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкек шаарынан 175 км чыгыш тарапта. Калкы 42,4 миң (2009). Шаар Ысык-Көлдүн жээгин бойлой 12 км ге созулуп жатат. Климаты континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы -4°С...-6°С, жайы ысык, июлдун орто температурасы 20°С. Жылдык жаан чачын өтө аз (115 мм түшүп, кышында кар жатпайт. «Улан» шамалы жылына орто эсеп менен 20-60 күндөй, айрым жылдары 40-100 күнгө чейин созулуп, ылдамдыгы 40 м/сек га жетет. Калкы көп улуттуу: кыргыз, орус, украин, казак, уйгур, татар, дуңган, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ири ишканалары: «Ысык-Көл даназык», *Алтындан», «Каухар таш», «Ынтымак», «Калемгер», «Көк ойрок» акционердик коомдору. «Ак кеме» акционердик коому Кыргызстандагы суу транспорту үчүн кемелерди куруу жана ондоо боюнча жалгыз ишкана. Шаар автомобиль, темиржол, суу жолдор тоому. Балыкчы аркылуу Бишкек Нарын Торугарт, Бишкек Каракол (Күнгөй жана Тескей аркылуу) мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Луговой Бишкек Балыкчы темир жолунун аяккы пункту. Нефть базасы иштейт. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат. «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасын күйүүчү майлоочу май менен камсыз кылуучу жаңы нефть базасы курулган. Көл аркылуу оор жүк ташуу кыскарган. Негизинен көлгө зыян келтирбеген жүктөр ташылат. Шаарда ири кампа, базалар да иштейт. Балыкчы социалдык-экономика институту (менчик), тогуз орто, башталгыч, спорт, музузыкалык мектептер, балабакча, үй бүлөлүк тарбиялык борбор, мектепке чейинки пилоттук мекеме, кесиптик-техникум окуу жайы, техникум, коллеж, 13 китепкана, 6 клуб бар. Шаардык оорукана, үйбүлөлүк медицина борбору, тиш поликлиникасы, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Жети-Өгүз району

Жети-Өгүз району — 1930-жылдары уюшулуп, 1963-жылдары Тоң районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн. Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң, түштүк батышынан Нарын облусу, түштүк чыгышынан Кытай Элдик Республнкасы менен чектешип турат. Райондо 13 айыл кеңеши, 47айыл бар. Райондун борбору-Кызыл-Суу айылы. Райондун аймагы тоолуу келип, негизги тоо тармактары:

Тескей Ала-Тоо (Ит-Тиш чокуеу, 4808м), Ак-Шыйрак тоо тоолу тизмеги (5200 м). Негизги үрөөндөрү: Ысык-Кол өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Кара-Сай, Тарагай), Үч-Кол-Сары-Чат өрөөнү, Ак-Шыйрак өрөөнү, Үзонгү-Кууш ороонү ж. б.

Тескей Ала-Тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында Сырт жатат.

Кен байлыктар: калай, алтын, вольфрам, коршшун, графит, минералдуу жылуу булактар, курулуш материалдары ж. б. Райондун чарбасынын негизги тармагы айыл чарбасы. 30-жылдары Жети-Өгүз районундагы алгачкы колхоздордо жерди иштетүүнүн эң биринчи агротехникалык жолу негиз Кыргыз Республикасынын Президенты жаны мектептин ачылыиг аземинде

делип, ага удаа мал чарбачылыгы өнүгүү жолуна түшкөн.

Оргочор асыл тукум мамлекеттик заводу, Жети-Өгүз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниктери үзүрлүү эмгектенишип келишкен. Айыл чарбасынын дүң продуктусунун 64,2%ын мал чарбасы берет.

Райондун экономнкалык негизги бөлүгөн айыл чарбасы түзгөндүктөн ЮООге жакын дыйкан чарбалары, биргелешкен кооперативдер, фермердик чарбалар түзүлүп иштеп жатат.

Каракол

Каракол — Ысык көлдүн чыгыш жээгинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чоңдугу боюнча төртүнчү шаары,кыргыз-кытай чек арасынан 150 километр аралыкта жана Бишкек борбордон 380 километр аралыкта. Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп саналат. Анын аянты 44 чарчы километр, ал эми 2019-жылы туруктуу калкы 79 330 адамды түзгөн. Түндүк жагында, А363 шоссе боюнча, Түп турат, жана түштүк-батышында — Жети-Өгүз курорту.

Кожояр, Ысык-Көл району

Кожояр, Ысык-Көл району — Ысык-Көл районундагы айыл. Семёнов атындагы айыл округуна караштуу. Бишкек-Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1755 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 40 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 120 км. Калкы 2385 (2008); негизинен мал багышат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата).

Республикада 3 дубан (Нарын, Ош, Ысык-Көл), 37 район (айылдык), 18 шаар, 31 шаар тибиндеги посёлок (шаарча) бар болгон.

Азыркы кездеги Кыргыз Республикасы.

Кыргызстан

Кыргызстан (расмий түрү: Кыргыз Республикасы) — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышында жайгашкан мамлекет. Түштүк-батыш жагында Памир-Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан жана чыгыштан Кытай менен чектешет.

Борбору — Бишкек, калкы жана аянты боюнча эң ири шаар.

Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).

Кыргызстан 9 администрациялык аймактан турат — Бишкек шаары, Ош шаары, Баткен облусу, Жалал-Абад облусу, Нарын облусу, Ош облусу, Талас облусу, Чүй облусу жана Ысык-Көл облусу. Облустук борборлор — Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Каракол.

Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуу улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Көл

Көл – жер бетиндеги чуңкурдуктарга суу толуп пайда болгон табигый көлмөлөр. Көл чанактары тектондук кыймылдан (мисалы: Ысык-Көл, Байкал ж.б.), мөңгү, дарыялардын аракетинен (эски нуктагы көлдөр), деңизден бөлүнүп калышынан (лагуналар, лимандар), жерди суу жемирип кетишинен (карст, термокарст көлдөрү, жанар тоодон (өчкөн жанар тоолордун кратерлеринде), көчкү-бөгөттөн (Сарычелек, Жашыл көл, Көлтөр ж.б.), жасалма жол менен (суу сактагычтар, көлмөлөр) пайда болот. Суу балансы боюнча агып чыкма жана туюк, суусунун химиялык составы боюнча тузсуз жана минералдуу көлдөргө бөлүнөт. Көлдөр жер шарындагы кургактыктын 1,8%ке жакын аянтын ээлейт (2,7млн км2дей).

Дүйнөдөгү эң чоң көл–Каспий деңизи (аянты 371км2), эң терең көл Байкал көлү (тереңдиги 1620 м), эң тунук тоо көлү – Ысык-Көл. Топонимдин бир компонентин түзүүчү (көбүнчө аныктооч) катары Кыргызстанда кеңири таралган: Чалкаркөл, Чатыркөл, Каракөл, Көлтөр ж.б.

Нарын облусу

Нарын облусу Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Кыргызстандын эң чоң облусу. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939 жылдын Жетинин айынын 21деги Указы менен Тянь-Шань облусту rulit болуп негизделген. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын Бештин айынын 14дө кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн.

Облус

Облус - (славянча облада – ээлик) администрациялык – аймак, жер, край; кандайдыр бир аймактын (өлкө, мамлекет, материк ж. б.) мерчемдүү белгилери (жаратылыш шарты, тарыхый салты, этностук же экономикалык өзгөчөлүгү, административдик-саясий мааниси ж. б.), ошондой эле географиялык объектиде (зона, район) бир нерсенин таралышы (зоогеографиялык облус, флора облус, геосинклиналь облус) боюнча бөлүнгөн бөлүгү. Облус – КМШ (Орусыя, Украина, Беларуссия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан) өлкөлөрүндөгү жана бир катар мамлекеттердеги (Непал, Габон, Гана, Камерун, Конго, Мали, Нигерия, Сенегал, Сомали, Танзания, Того ж. б.) негизги административдик-аймактык бирдик. Облус табигый жана экономикалык шарты, аймактык өзгөчөлүгү, калктуу пункттардын ири өнөр жай очокторуна жакын жайгашуусу боюнча бөлүнөт. Кыргызстанда 7 облус (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл) бар. Ар бир облус райондорго бөлүнөт.

Тилекмат айылы, Ысык-Көл

Тилекмат (кырг. Тилекмат) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Жети-Өгүз районундагы айыл. Ак-Дөбө айыл округу составына кирет.

Тору-Айгыр, Ысык-Көл району

Тору-Айгыр (кырг. Тору-Айгыр) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Тору-Айгыр айыл округу составына кирет.

Тоң району

Тоң району — облустун батыш бөлүгүндөгү административдик район болуп, 1936-жылы уюшулган. (1963-ж. Жети-Өгүз районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн). Түндүк-батышынан Кемин, батышынан Кочкор, түштүк батышынан Тянь-Шань чыгышынан, түштүк-чыгышынан Жети-Өгүз райондору менен чектешет. Тоң районунун борбору — Бөкөнбаев айылы. Бул районго тиешелүү 30 га жакын айыл бар. Райондун аймагын Тескей Ала-Тоо экиге болот.

Түндүгү өрөөндүү келип, бардык айдоо аянты жайгашкан. Түштүк жагы — Сырт, малга жайыт катары пайдаланылат. Жеринин бети жээк, мында Кызыл-Too, Кара-Сай, Боз-Чап, Чункурчак, Тастар-Ата, Тегерек, Дувана тоолору жана Коңур-өлөң-Ала-Баш, Жер-Уй, Бар-Булак, Кажы-Саз өрөөндөрү жатат. Кен байлыктарынан көмүр (Соготту көмур кени), курулуш материалдары, арашан булактар (Тоң минералдуу суусу). Райондун суулары: Тоң, Ак-Сай, Ак-Терек, Туура-Суу, Сыртта-Балгарт (куймалары-Жылуу-Суу, Буркан, Кызыл-Суу, Айкөл, Арчалы жана башкалар).

Аймактын көп жеринде карышкыр, түлкү, суур кездешет. Ысык-Көлдө суучул куштардан куу, ак кытан, жапайы ордок жана башкалар кыштайт. Райондун аймагында Ысык-Көл мамлекеттик коругунун чоң бөлүгү жайгашкан. Райондун эл чарбасынын негизин айыл чарбасы, көмүр өнөр жайы жана электр-техникалык машина куруу түзөт. Негизги тармагы — уян, чала уян жүндүү кой чарбасы жана дыйканчылык.

Өнөр жай ишканаларынан Борбордук шахтасы, Кажы-Сай нан заводу, Кажы-Сай электр-техникасы, Ак-Сай тоң май чыгаруучу, Ак-Сай бетон, Тоң балык өстүрүү заводдору, райондук автотранспорт ишканалары иштеп келген. Райондо 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектептер, мектептен тышкары мекемелер, кесиптик техникалык окуу жайлары ошондой эле борбордук китепкана анын бөлүмдөрү, райондук жана айылдык маданият үйлөрүндө канча деген кызматкерлер үзүрлүү эмгектенишип келе жатышат.

Түп району

Түп району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысыккөл облусундагы район. Борбору Түп. .

Чолпон-Ата

Чолпон-Ата - Ысык-Көл облусундагы курорттук-шаар, Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Калкынын саны - 10500 (2009 ж.) киши. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет. Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде, Күӊгөй Ала-Тоо тоо кыркасынын шлейфинде жайгашкан.

Чолпон-Ата шаарынын аты 1975-жылы 4- ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Президиумунун №217 Указы менен облусттук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.1993-жылы статусу райондук маанидеги шаарга алмаштырылган. 1998-жылы 23-июндан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин №292 Указы менен Чолпон-Ата шаары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөн. Шаардын жалпы аянты 1731га-1223га ны ээлейт. Калкы көп улуттуу: кыргыздар жана орустар жалпы калктын санынын 88,2 % түзөт, мындан тышкары украиндер, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын жыштыгы салыштырмалуу төмөн (1га=9,73адам).

Чырпыкты

Чырпыкты — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Тамчы айыл округу составына кирет.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облусу Кыргыз Республикасынын аймактарынын бири болуп эсептелет. Анын борбору Каракол болуп саналат. Ал Алма-Ата облусу (Казакжер (түндүктө)), ШУАР (Кытай (түштүк-чыгышта)), Чүй облусу (батышта) жана Нарын облусу (түштүктө) менен курчалып турат. Ал өзүнүн аталышын Ысык көлдөн алган, Теңир тоолорунун бийиктигине карабастан, тоңбогон дүйнөдөгү экинчи туздуу көл.

Ысык-Көл ойдуңу

Ысык-Көл ойдуну — Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы бийик тоо өрөөнү . Түндүгүнөн Күнгөй (эң бийик жери Чок-Тал чокусу, 4771м), түштүгүнөн Тескей (Каракол чокусу 5216м) Ала тоолору менен чектешет. Таманын Ысык көл ээлейт. Өрөөн кендик боюнча 275 км аралыкта созулуп жатат. Таманынын туурасы 65 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1600–2300 м.

Геоэкологиялык түзүлүшү жагынан өрөөн тектон жаракалар менен та таалданган климаттык ойдуң. Палеоген дебашталган неотектоникалык кыймылдын натыйжасында пайда болгон. Активдүү сейсмдик аймакта. Таманы жана тоо этектери ар кандай борпоң чөкмө тектерден, ал эми айланасындагы кырка тоолор палеозойдун чөкмө, метаморфизм жана магма тоо тектеринен турат. Ойдуңдун борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ысык көлдү түздүктөр курчап жатат. Ичке жээк тилкелерин кум каптап, майда жумуру таштар, камдашкан кумдук, саздуу жерлер да кездешет. Түздүктөр көлдүн чыгыштарында Түп, Жыргалаң сууларынын өрөөндөрү боюнча 40–50кмге созулат. Көлдүн түндүк. жээгинде түздүктөрдүн жазылыгы 10 км, батыш жээгинде 10–15 км. Түштүк жээгиндеги түздүктөрдү тоо этегиндеги айрым жалчалар бөлүп турат. Күнгөй жана Тескей Ала-Тоолорунун этектери мезозой-кайнозой чөкмөлөрүнөн түзүлүп, сайаң жана суу өрөөндөрү, капталдары кууш капчыгайлар менен өтө тилмеленген. Батышындагы кууш Боом капчыгайы аркылуу Чүй өрөөнү менен туташат.

Климаттык шарты аркыл. Батыш жагы кургакчыл, улан шамалы мезгили менен согуп турат; жаан -чачын аз жаайт (200 ммге чейин), чыгышы нымдуу (500–600мм). Январдын орточо. температурасы батышта (Балыкчыда) —3,9 °С, түндүктө (Чолпон-Атада) —2,8°С, түштүктө (Тамгада) –2,0°С, чыгышта (Кызыл Октябрда) —8,9 °С, июлдуку ошол эле пункттарда 17,5°С; 16,7°С, 17,2°С, 15,7°С. Көл суусунун таасиринен өрөөндүн кышы мелүүн, жайы салкын. Курчап турган кырка тоолордун өрөөн жак беттеринде жалпы аянты 649 км2 болгон 631 мөңгү бар. Тескей Ала-тоонун борбордук бөлүгү – Каракол, Жетөгүз, Чоң Кызылсуун уналаптарында топтолгон көлгө 118 агын суу куйган. Азыр алардын көбү көлгө жетпей суугатка аралып кетет.

Ири суулары: Жыргалаң (22,0 м3/сек), Түп (10,7 м3/сек), Жууку (6,2 м3/сек) ж. б. Негизинен мөңгү жана кар сууларынан куралат.Ысык Колдун топурагы жана өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт. Батыш жагы чөл жан жарым чөл (1608–2200 м бийикте), чыгыш тарабын ошол эле бийи кте талаа ландшафты ээлейт. Топурагы чөлдө бозомук, күңүрт карбонаттуу, өсүмдүктөрү негизинен шыбак, кекире, чий, камгак, терскен ж. б. Каракоңур топурактуу талаа тилкесинде ар түркүн бетеге, аккылкан , шыраалжын, тараб аш ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Батышында талаа тилкеси тоо капталдарында 2000 мден 3000 м бийикке чейин таралган. Чыгышында кара коңур жана кара топурактуу (Чолпон-Ата ж-а Тоң дон чыгышта) талаа тилкеси токой жана шалбаа тилкелери менен алмашып, шалбаа токойлуу талаа зонасын түзөт.

Өсүмдүктөрү: ак шыбак, шыраалжын, бетеге, кызыл кабык, тоо буурчак, каз таңдай ж. б. Токой тилкесинде карагай, четин, чыны карагат, табылгы, ыргай, шилби, арча ж. б. өсөт. 2800– 3100 м бийиктикте каралжын топурактуу, чымдуу субальп тилкесинде түркүн чөп өсүмдүктөрүнө майда бадалдар аралаш өсөт. 3100–3500 м бийиктикте каралжын шалбаа тоо топурактуу жапыс өскөн доңуз сырты, өлөң чөп, бетеге, мамыры, каз таңдай ж. б. басымдуу. Андан жогору кар, мөңгүлүү жалама аска -зоолор ээлейт. Ойдуңдун түзөң жерлери айдоо (буудай, тоют өсүмдүктөрү, картошка ж. б.). Жаныбарларыда аркыл ж-а бийикти өзгөрөт. Батышында коён, түлкү, кемирүүчөлөр кездешет. Бийик тоолордо тоо эчки, илбирс, аркар, аюу ж. б., суучул куш — өрдөк, ак куу, ызгыт, чулдук, көл жээгинде кыргоол, кекилик, тоолордо улар, чөкө таан, бүркүт, жору, кузгун ж. б. кездешет. Өрөөндүн тоо-деңиз климаты, жаратылышынын өтө кооздугу, минералдуу ысык суу менен дары баткакка байлыгы, абанын жогорку деңгээлинде иондошкон - дугуж. адамдын организми жагымдуу таасирин тийгизген жаратылыш шарттары дүйнөлүк маанидеги курорт зонасын айландырды. Негизги курорт жана санаторийлери: «Жетөгүз», «Аксуу «Жыргалаң », «Тамга », «Көгүлтүр Ысык-көл» ж.б . Өрөөндө дан жана малчарбасы өнүккөн. Анда республиканын калкынын 13 %и отурукташкан. Кара Кол, Балыкчы, Чолпон ата шаары Каракол, Кажысай, Жыргалаң, Акбулак, Ортотокой ж. б. шаарчалар, көптөгөн кыштактар жайгашкан О. эле к. Ысык-Көл, Ысык-Көл курорт зонасы, Ысык-Көл облусу жана анын райондору жөнүндөгү макалаларды жазган.

Ысык-Көл району

Ысык-Көл району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысык-Көл дубанындагы оодан. Борбору Чолпон-Ата. .

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.