Чопо

Чопо, гүл бото - чополуу минералдардан турган чөкмө тоотек.

Сууга эзилип, камыр сымал жумшарат да, кургаганда калыбын сактайт; тапталганда ныкталат. Минералдык составы боюнча каолиндүү, монтоморилониттүү, бентониттүү, гидрослюдалуу сыяктуу ж. б. түрлөргө ажырайт.

Фарфор, фаянс, карапа буюмдарын жана кирпич жасоого колдонулат. Кыргызстанда юра, палеоген жана антропоген мезгилдеринде пайда болгон катмарлардын арасында жатат.

Clay-ss-2005
Чопо.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.