Чолпон-Ата

Чолпон-Ата - Ысык-Көл облусундагы курорттук-шаар, Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Калкынын саны - 10500 (2009 ж.) киши. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет. Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде, Күӊгөй Ала-Тоо тоо кыркасынын шлейфинде жайгашкан.

Чолпон-Ата шаарынын аты 1975-жылы 4- ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Президиумунун №217 Указы менен облусттук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.1993-жылы статусу райондук маанидеги шаарга алмаштырылган. 1998-жылы 23-июндан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин №292 Указы менен Чолпон-Ата шаары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөн. Шаардын жалпы аянты 1731га-1223га ны ээлейт. Калкы көп улуттуу: кыргыздар жана орустар жалпы калктын санынын 88,2 % түзөт, мындан тышкары украиндер, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын жыштыгы салыштырмалуу төмөн (1га=9,73адам).

Шаар
Чолпон Ата
KyrgyzPetroglyphs
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл областы
Район Ысык-Көл (район)
Координаттар 42°39′0″N 77°05′0″E / 42.65000°N 77.08333°EКоординаттары: 42°39′0″N 77°05′0″E / 42.65000°N 77.08333°E
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген 1922
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 10 500 адам (2009-жыл)
Жыштыгы 9,73 адам/км²
Улуттук курамы кыргыздар, орустар, украин, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер
Диний курамы ислам, христиан, атеистер
Этнохороним чолпонаталыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Почта индекси 722100
Расмий сайты шилтеме
Калып:Ref-кыргыз Калып:Ref-орус Калып:Ref-англис
Чолпон-Ата (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Чолпон-Ата тууралуу уламыш

Азыркы Чолпон-Ата шаары турган жерде бир кедей адам жашаган экен. Ал байдын малын багып оокат кылуучу дейт. Көпкө чейин балалуу болбой, жашы улгайып бара жатканда бир кыздуу болот. Ал абдан сулуу, эстүү болуп бой тартат. Кызы чоңоюп келе жатканда, апасы дүйнөдөн көзү өтөт. Абышка менен кызы катуу кайгырат, бирок айла жок, тиричилик өтө берет, кызы Чолпон экөө тең күн өткөрүп оокат кечирет. Күндөрдүн биринде ошол тегеректеги бай адам Чолпондун сулуулугуна, акылдуулугуна суктанып, бой тартып келе жаткан кызга куда түшөт. Атасы да ага каршы болбойт. Кыязы, жетишпеген жашоодон өзү да кыйналса керек, кызым кыйналбаса деп ойлогон го. Кызы ары айтып, бери айтып, анан калса, жашы өтүп калган адамга баргысы келбегенин түшүндүрсө, атасы көшөрүп болбой коет. Ошентип, ата-баланын ортосу сууй түшөт. Күндөн-күн өтөт. Атасына түшүндүрө албаган кыз бир күнү атасы мал артынан кеткенде, тоого чыгып, көз жашын көлдөй төгүп, бул жашоодон аша кечип, тоодон боюн таштамакчы болот. Эңкейип секире берерде, ал ташка айланат да, калат. Кечинде атасы үйгө келсе кызынан дайын жок. Ана келет, мына келет менен бир топ убакыт өтөт. Айылдагылардан сураса, эртең менен тоого бет алганын айтышат. Атасы күйүгүп тоого чыкса, таш болуп катып калган Чолпон эңкейип турат. Картайганда көргөн кызынын абалын көргөн атасы сакалынан жаш агызып ыйлап турат. Же кемпири болбосо, кызынан тирүүлөй ажыраса, айласы куруган чал да секирип өлгүсү келет. Ошол учурда жалгыз кызынан ажыраган абышка да ташка айланат. Күн ачык турганда Чолпон-Ата шаарынын үстүндөгү тоонун кырында эңкейип турган кыз жана секирип келе жаткан сакалдуу адамдын элеси катып турат дейт. Байыркы заманда мына ушул жерди айылдагылар Чолпон жана атасынын элесинен Чолпон-Ата деп атаган экен.

Чолпон-Ата аска бетиндеги сүрөттөр

Чолпон-Ата шаарынын түндүгүндө жайгашкан коло доорунан орто кылымга чейинки археологиялык эстелик. Сүрөттөр чегилген таштар шаардын чет жакасынан Күнгөй Ала-Tоонун этегине чейинки аймакта кездешет. Буканын, иттин, жолборстун, камандын, жаачылардын, коёндордун, төөлөрдүн, жырткыч айбанаттардын, уруулук эн тамгалардын, тулку бою орнаменттештирилген эчкилердин, бугулардын, ошондой эле сактардын акинактын кыска кылыч куралы сүрөттөрү кездешет. Алар гранит таштардын капталдарына тартылган. Петроглифтер тууралуу эң алгачкы кабарды 19-кылымдын аягында В. В. Бартольд жана С. М. Дудин маалымдаган. Археолог Д. Ф. Винник, Г. А. Помаскина (1975), Я. А. Шер (1980) жана Кемеров университетинин аска бетиндеги сүрөттөрдү изилдөө экспедициясы (1987–88) тарабынан изилденген. 1990-жылдан немис изилдөөчүлөрү менен бирдикте сүрөттөрдү сактап калуу максатында реставрациялоо иши башталган.

Ак-Тектир, Токтогул району

Ак-Тектир — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусун Токтогул районундагы айыл. Чолпон-Ата айыл округу составына кирет.

Талас обл-нын Токтогул р-нундагы Ак-Чий — Кара-Суу айыл со-ветине караштуу кыштак. Токтогул атн. с-здун аймагында. Узун-Акмат суусунун боюнда. Райондун борб. Токтогул ш. т. п-нан 55 км батыш тарапта, Таш-Көмүр т. ж. станциясынан 293 км. 1972-ж. негизделген. Калкы 1691 (1987); негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.

Балыкты, Токтогул району

Балыкты (кырг. Балыкты) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Токтогул районундагы айыл. Чолпон-Ата айыл округу составына кирет.

Жаркынбаев, Ысык-Көл району

Жаркынбаев — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Абдрахманов айыл округу составына кирет. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 150 км. Кыштак 1834-ж. негизделген. Калкы 2676 (2008); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Мончо, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак ушул жерде төрөлгөн Советтик Союз. Баатыры К. Жаркымбаевдин ысмынан аталган.

Жарым арал

Жарым арал – кургактыктын деңизге же дарыяга кирип, үч тарабынан суу менен курчалып турган бөлүгү. Жарым арал пайда болушу боюнча материктик (башкача айтканда тектоникалык курамы боюнча материктин бир бөлүгү), өз алдынча пайда болгон (өз алдынча түзүлүп, кийин кургактык менен туташып калган жарым арал, мисалы, Индстан жарым аралы), аккумуля­циялык (суу бетинин түрдүү деңгээлинде толкундун аракетинен пайда болгон жарым арал, мисалы, Каспий деңизиндеги Бозочу жарым аралы) болуп бөлүнөт. Кыргызстандагы ири жарым аралга Ысык-Көлдөгү Тасма, Чолпон-Ата, Кара-Булуң жарым аралдары кирет.

Кара-Күнгөй, Токтогул району

Кара-Күнгөй (кырг. Кара-Күнгөй) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Токтогул районундагы айыл. Чолпон-Ата айыл округу составына кирет.

Кожояр, Ысык-Көл району

Кожояр, Ысык-Көл району — Ысык-Көл районундагы айыл. Семёнов атындагы айыл округуна караштуу. Бишкек-Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1755 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 40 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 120 км. Калкы 2385 (2008); негизинен мал багышат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.

Кушчу-Суу, Токтогул району

Кушчу-Суу (кырг. Кушчу-Суу) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Токтогул районундагы айыл. Чолпон-Ата айыл округу составына кирет.

Күнгөй Ала-Тоо

Күнгөй Ала-Тоо – Түндүк Теңир-Тоодогу кырка тоо. Каркыра өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин кеңдик багытта 285 кмге созулат. Түштүгүнөн Ысык-Көл өрөөнү, түндүгүнөн Чоң-Кемин жана Челек өрөөндөрү менен чектешет. Кемин-Челек тоо тоому аркылуу Иле Ала-Тоосу менен туташат. Орточо бийиктиги 4200 м, эң бийик жери 4770 м (Чоктал чокусу). Тоо кескин асимметриялуу: түштүк капталы жантайыңкы, узак (15–20 км), түндүгү тик, чукул (6–9 км). К. А-до тектоникалык көтөрүлүүдөн пайда болгон рельефтин 3 ярусу бар. Жогорку ярусу палеозойдун аягынан миоцендин башталышына чейин пайда болуп, тоо кырларында (4000–4400 м, батыш жагында 2400–3800 м бийиктикте) пенеплен калдыктары түрүндө кездешет. Калган эки (ортоңку, төмөнкү) ярусу неогенантропогенде калыптанып, тектоникалык кыймылдын көчүшүнөн К. А. бийик тоого айланган. Адегенде (Рg–N) тектоникалык көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02–0,04 мм болсо, кийин жылына 6 ммге жеткен. Антропоген мезгилинин орто ченинде тоолордун абсолюттук бийиктиги 3600–4000 м болгон. Андан бери да тектоникалык кыймылдар токтобой, чоң кыйроолор жүргөн; буга Верный (1887), Челек (1889), Кемин (1911), Кемин-Чүй (1938) ж.б. жер титирөөлөрү далил болот.

Күнгөй Ала-Тоо геологоялык структурасы татаал мегантиклиналь. Түндүгүнөн Челек-Кемин грабенинин тектоникалык жаракалары менен чектелип, түштүгүнөн тектон. жаракалар аркылуу Ысык-Көл мегасинклиналына такалат. Тоону негизинен кембрийге чейинки метаморфизмделген тоо тектер, палеозойдун башталышындагы жанар тоо-терриген жана карбонат катмарлары, девондун порфириттуфтуу формациясы, карбондун башталышы менен ортосунда пайда болгон терриген-карбонат чөкмөлөрү түзөт. Тоонун көп бөлүгүндө кембрийге чейин жана палеозойдун башталышында пайда болгон гранитоид интрузиялары, чулу тоо тектердин үстүндө кайнозойдун континенттик борпоң чөкмөлөрү жатат. Күнгөй Ала-Тоодо бири биринен келишпестик беттери менен бөлүнгөн структуралык кабаттар (палеозойго чейинки фундамент, каледон жана альп структуралары) бар. Кен байлыктарынан палеозойдун гранитоиддери менен байланыштуу болгон полиметалл, молибден, вольфрам, жездин чакан кендери белгилүү. Мындагы табигый курулуш материалдары жерг. курулуштарда жана жол салууда кеңири пайдаланылууда. Карбон мезгилинин акиташ теги кенинин базасында респбуликадагы ири ишкана – Күрмөнтү цемент заводу иштейт.

Төртүнчүлүк мезгилдин Күнгөй Ала-Тоону ири мөңгүлөр ээлеп, азыркыдан (370,7 км2) кыйла чоңдук кылган. Бул мөңгү чөкмөлөрү Чолпон-Ата менен Чоң-Аксуу сууларынын ортосунда неоген катмарынын үстүндө жатып, Чолпон-Ата морена комплексин түзөт. Ал Чолпон-Ата суусунун нугунан 560 м бийиктикте жатат. Азыр мөңгү аз. Алар негизинен Кемин–Челек тоо тоомуна жана Чоктал массивинде жайгашкан. Мөңгүлөрдөн көп суу башталат. Тоодогу өрөөндөрдүн төмөнкү бөлүктөрү кууш (терең капчыгайлуу), жогорку жагы байыркы мөңгүнүн таасиринен тепши сымал.

Тоонун ландшафттары бийиктик зоналуулугуна жана каптал экспозициясына жараша өзгөрөт. Түндүк капталы нымдуу (жылдык жаан-чачыны 700 мден кем эмес), өсүмдүктөрү жыш, күнгөйү каксоо. Кырка тоонун түштүк-батыш учуна (Балыкчынын тегереги, Боом капчыгайынын кептеш жерлерине) таштак чөл ландшафты мүнөздүү. Күнгөй бетиндеги жарым чөлдө (1900–2400 м бийиктикке чейин) чий, акшыбак, чекенди, терскен жана башка өсүмдүктөр басымдуу. Талаа алкагы (батышында 2400–2900 м, чыгышында 1900–2400 м) чопо жана кум аралаш коңур топурактуу келип, кызылот, шыбак, бетеге, айгыржыгар ж. б. өсөт. Чыгыш бөлүгүндө андан жогору мезофилдик ландшафт мүнөздүү, кокту-колоттордо, терең капчыгайларда түрдүү бадал, карагай токой (Чолпоната суусунан чыгышты карай, өзгөчө Чоң жана Кичи Аксуу алаптарында) көп. 2800–3000 мден жогору субальп, альп шалбаалуу талаа (батышында), шалбаа (чыгышында) ландшафттары өнүккөн. Күнгөй Ала-Тоонун тескейи күнгөйүнөн кескин айырмаланат. Тоонун этегинен тартып чокусуна чейин мезофилдик же нымдуу ландшафттар басымдуулук кылат. Төмөнкү алкак (1500–2000 м) кара коңур жана кара топурактуу; ага буудайык, кой жалбырак, аткулак, түлкү куйрук, теңге-чөп, казтаман ж.б. өсүмдүктүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Токой Жалгызтал менен Ортокой-Суу сууларынын аралыгында, 2000–2800 м бийиктикте туташ тилкени түзүп, негизинен карагай, арча, ыргай, четин аларга шалбаа чөптөр аралаш өсөт. Андан жогорку (2900–3100 м) шалбаалуу субальп алкагында түлкү куйрук, шимүүр, казтаман, байчечекей, көбүргөн, чыйпылдак, тулаң, өлөң чөп ж.б. басымдуу. Альп шалбаа алкагы (3100–3400 м) кыска чөптүү, андан жогору нивалдык-гляциалдык алкак мүнөздүү.

Күнгөй Ала-Тоодогу ашуулар (Байсоорун, бийиктиги 3780 м; Сүттүүбулак, 3900 м; Куугандытөр, 3800 м; Аксуу, 4150 м; Дөрө, 3734 м; Тору-Айгыр, 3250 м; Калмакашуу, 3500 м ж. б.) Ысык-Көл өрөөнүн Алматы шаары, Чоң-Кемин жана Челек өрөөндөрү менен байланыштырат.

Мазар-Суу, Токтогул району

Мазар-Суу (кырг. Мазар-Суу) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Токтогул районундагы айыл. Чолпон-Ата айыл округу составына кирет.

Темир, Ысык-Көл району

Темир, Ысык-Көл району – Ысык-Көл районундагы кыштак. Темир айыл аймагына караштуу. Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1629 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 104 км. Калкы 3735 (2011); негизинен мал асырап, дыйканчылык кылат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Жумадылова, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж. Сейдакматова туулган. Кыштак белгилүү саякатчы, улама, орусча окуган, күңгөйдө элди отурукташтырууга активдүү катышкан, дыйканчылыкка өтүүнү уюштурган, ишмер Темир Усуп уулунун ысмынан аталган.

Токтогул району

Токтогул району батыш Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы район. Борбору Токтогул шаары .

Түп району

Түп району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысыккөл облусундагы район. Борбору Түп. .

Чок-Тал, Ысык-Көл району

Чок-Тал (кырг. Чок-Тал) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Чоң-Сары-Ой айыл округу составына кирет.

(орусча)

Чок-Тал – это небольшой поселок

на северном побережье Иссык-

Куля, где расположены как

современные коттеджи для

любителей комфорта, так и

уютные семейные пансионаты.

Он находится в 30 км от

крупного города Чолпон-Ата. Чок-

Тал – это не только популярный

курорт, но и место, где находятся

любопытные исторические

достопримечательности.

Чолпон-Ата, Токтогул району

Чолпон-Ата (кырг. Чолпон-Ата) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Токтогул районундагы айыл. Чолпон-Ата айыл округу составына кирет.

Чолпон-Ата мөңгүсү

Чолпон-Ата мөңгүсү — Күнгөй Ала-Тоонун түндүк капталында. Чоң Кемин суусунун жогорку сол куймасы Чолпон-атанын төрүнөн орун алган өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Батышындагы мөңгүнүн уз. 3,2 км, аянты 6,0 км2. Башы деңиз деңгели. 4410 м, этеги 3600 м бийиктикте. Чыгышындагысынын уз. 2,6 км, аянты 5,2 км2; башы 4410 м, этеги 3490 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3980 м. Абляция облусунун аянты 0,8 км2. Каптал мореналары кеңири таралган. «Тилдеринин» этегин мореналар жаап жатат. Мөңгүлөрдөн башталган суулар кошулуп Чолпоната суусун түзөт да, Чоң Кеминге сол тараптан куят.

Чолпон Ата жарым аралы

Чолпон-Ата жарым аралы - Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан. Көлгө 2,1 км кирип турат; туурасы 1,6 км. Чолпон-Атанын суу бөлгүчүнүн көл астындагы уландысы. Голоцендеги суу каптоо мезгилинде жарым аралдын аймагында кумай тектеринен турган арал болгон. Анын көп бөлүгү кийин суу каптоодон желип, жок болгон. Калдыктары голоцендин кумдуу катмарларынын астында жатат. Аралдан калган шилендилерден кум сайроондору пайда болгон. Маңдайынан анын ортосун карай жылган кум материалдары жарым аралдын эки капталында суу астындагы өрөөндөрдү пайда кылат. Андагы сайроон көлдү көздөй жылып, жарым аралдын чыгыш жагында бир нече майда көлдөрдү пайда кылган; алардын бири 70-жылдардын башында эле көл менен туташып турган. Жарым аралдын тегерегиндеги кумдуу тайыз жерлер батышы менен чыгышынан 50–100 мге чейин кууштап, таманы ылайлуу каньондорго өтөт. Чолпон Ата жарым аралы жана анын айланасы Ысык-Көл курорт зонасынын чордону. Жарым арал Коолубулуң, Кообулуң деп да аталат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облусу Кыргыз Республикасынын аймактарынын бири болуп эсептелет. Анын борбору Каракол болуп саналат. Ал Алма-Ата облусу (Казакжер (түндүктө)), ШУАР (Кытай (түштүк-чыгышта)), Чүй облусу (батышта) жана Нарын облусу (түштүктө) менен курчалып турат. Ал өзүнүн аталышын Ысык көлдөн алган, Теңир тоолорунун бийиктигине карабастан, тоңбогон дүйнөдөгү экинчи туздуу көл.

Ысык-Көл району

Ысык-Көл району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысык-Көл дубанындагы оодан. Борбору Чолпон-Ата. .

Өрүктү-Хутор, Ысык-Көл району

Өрүктү-Хутор — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Өрүктү айыл округу составына кирет. Бишкек — Каракол автомобиль жолунун боюнда, дениз денгээлинен 1658 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 74 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 147 км. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.

 
{{{башжазуу}}}
Ак-Суу  • Түп  • Тоң  • Ысык-Көл  • Жети-ӨгүзЫсык-Көлдүн Байрагы
Каракол  • Балыкчы  • Чолпон-Ата
 
Ысык-Көл районунун калкконуштары
Чолпон-АтаNational emblem of Kyrgyzstan 2016
Ананьев • Көк-Дөбө • Чет-Байсоорун
Бостери  • Бактуу-Долоноту
Григорьевка  • Григорьевская
Кара-Ой
Корумду  • Булан-Сөгөтту
Семенов  • Кожояр
Тамчы • Кош-Көл • Чырпыкты
Жаркынбаев  • Кароол-Дөбө
Темир  • Кашат
Тору-Айгыр  • Кызыл-Өрүк  • Сары-Камыш
Чоң-Өрүктү  • Орто-Өрүктү  • Өрүктү-Хутор
Чоң-Сары-Ой • Баетов  • Өрнөк  • Сары-Ой • Чок-Тал

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.