Тил илими

Тил илими, лингвистика – тил жөнүндөгү илим. Негизги тармактары; фонетика, морфология, синтагматика, синтаксис, лексикология, стилистика, диалектология. Тил илими биздин замандан бир нече кылым мурда эле Индия жана Грекияда өнүгө баштаган. Индияда көбүнчө грамматика (морфология) менен фонетика иштелген. Байыркы инди грамматикасын изилдөөдөгү башкы роль С. Паниниге (б. з. ч. 4-кылым) таандык. Тил илими Байыркы Грекияда адегенде практикалык зарылчылыктан улам изилденген. Теориялык жалпылоолорго кийинчерээк (логиканын негиздери иштелип чыкканда) алынган. Системалуу түрдө Аристотель тарабынан б. з. ч. 4-кылымда иштелип чыккан. Тил илими Римде грек Тил илиминин таасиринде өнүккөн. Рим тилчилеринен Донат (б. з. 4-кылым) менен Присциандын (б. з. 6-кылым) грамматикасы өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, Днаттын грамматикасы Европада орто кылымда латын тилин изилдөөдө колдонулуп, жаны европалык тилдердин грамматпкасын түзүүдө үлгү катары пайдаланылган. Тил илимине да жаңы идеялар, илимдин башка тармактарындагыдай эле Кайра жаралуу доорунда кирген. Бул доордо жана андан кийинки мезгилдерде Тил илимин изилдөө үч багытта жүргөн: 1) классикалык тилдер деп аталган латын, айрыкча, байыркы грек тили түп нускасы боюнча изилденген; 2) илимпоздор араб, еврей, сирия илимдери, асыресе филологиясы менен иликтенген; 3) Батыш Европа элдеринин учурдагы тилдерин изилдөө ишке ашырылган. Бул багыттардагы изилдөө иштеринин натыйжасында ар башка уядагы көптөгөн тилдерден материалдар чогултулуп, тилдерди салыштырып изилдөөгө кадам ташталган. 16–18-кылымдарда тилдердин тектештик маселеси боюнча Г. В. Лейбниц тарабынан көп жумуш жасалган. Ушул эле мезгилде логикалык негиздерге таянган универсал категориялуу рационалдуу грамматикалар түзүлгөн. Россияда Тил илими 15–16-кылымдардан өнүгө баштаган. Орус грамматикасын иликтөөдө М. В. Ломоносов чон салым кошкон. Анын «Орус грамматикасы» (1755) деген эмгегинде орус адабий тилинин фонетикалык жана морфологиялык нормасы биринчи жолу системалуу сыпатталган. 19-кылымдын биринчи жарымында салыштырма-тарыхый тил илими өрчүп, изилдөөнүн өзгөчө ыкмалары иштелип чыккан. Бул тармакта төмөнкү илимпоздор үзүрлүү эмгектенишкен: Р. Раск, Ф. Bonn, Я. Гримм , Ф. Диц, A. X. Востоков, Й. Добровский, П. Й. Шафарик ж. б. 19-кылымдагы Тил илиминин өнүгүшүнө немец окумуштуусу В. Гумбольдт көп эмгек синирген. Ал тилдин өрчүшүнүн жалпы теориясын иштеп чыгып, тилди адамдын чыгармачылык ишинин манызы катары аныктаган. Тил илиминдеги «жаш грамматиктер мектебинен» башка кийинки багыттардын баары аздыр-көптүр В. Гумбольдттун лингивистика системасынын таасиринде өнүккөн. Тил илимин психологиялык негизден изилдөө тажрыйбасын 19-кылымдын 50-жылдары немец окумуштуусу Г. Штейнталь баштаган. Ал эмгектеринде улутташы И. Герберттин психологиялык системасына таянып, речтин иш-аракетинин психологиялык абалын анализдөө аркылуу ачып берүүгө аракеттенген. Бул кылымда Тил илиминде биологизм (натурализм) багыты пайда болуп, анын өкүлдөрү Ф. Бопптун тилди организм жөнүндөгү окуу катары караганына таянышып, филология – тарых илиминин бир тармагы, ал эми Тил илими табият илимдерине кошулат дешкен. Мындай натуралисттик көз карашты америкалык Тил илиминин айрым багыттарында азыр да кеңири пайдаланууда. 19-кылымдын 70-жылдары Лейпциг лингвисттер ийриминен «жаш грамматикалык мектеп» багыты өсүп чыккан. Ал индивидуалисттик психологизмди үлгү тутуп, Тил илиминин жалгыз гана обектиси бар, ал – индивиддин речтик иш-аракети, ошон үчүн жалпы тил - шарттуу нерсе жана өзүнчө бир илимий фикция деген көз карашты таңуулаган. Жаш грамматиктер ушул сыяктуу бир жактуу көз карашты карманышса да, нечендеген ар башка уядагы тилдердин диалектилерин, фонетикалык түзүлүшүн сыпаттап жазып чыгышып, эксперименттик фонетиканын, диалектографиянын түзүлүшүнө өбөлгө түзүшкөн. 19-кылымдын акырында Россияда речтеги тыбыштарды тилдин маанилүү бирдиктерин туюнтуу жана колдонуу максатында изилдөө жүргүзгөн багыт пайда болгон. Анын теориясы боюнча жеке бир тилде түрдүү тыбыш канчалык көп болсо да алардан белгилүү сандагы негизги тыбыштар (кийин алар фонема деп аталган) гана бөлүнүп алынат. Ушул эле мезгилде Ф. Ф. Фортунатов башында турган дагы бир багыт пайда болуп, сөз формасы жөнүндөгү окуу келип чыккан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Тил илиминде «социологиялык мектеп» аталган жаны багыт түзүлгөн. Ага Женева жана француз мектептери кирген. Социологиялык мектептин теориясы боюнча тил – индивидуалдык эмес, социалдык көрүнүш катары каралган. Тил илиминде 20-кылымда да бир нече багыттар пайда болгон. Алар: эстетикалык мектеп (негизги өкүлү К. Фослер), италян неолингвисттер мектеби (М. Бартоли, Ж. Бонфанте, В. Пизани ж. б.), Прага лингивистика ийрими (В. Матезиус, Б. Трика, Н. С. Трубецкой, Р. Я. Якобсон ж. б.) Копенгаген структуралисттер мектеби (В. Брёндаль, Л. Ельмслев ж. б.) жана америкалык Тил илиминдеги дескриптивдик лингвистика багыты ж. б. Тил илими 20–30-жылдары ылдам өнүккөн. Буга СССР элдеринин тилдеринин жазмалары, грамматикаларынын иштелип чыгышы (Л. И. Жирков, Е. Д. Поливанов, Н. Ф. Яковлевдердин эмгектери), грамматиканын принциптеринин (A. Н. Пешковский, М. Н. Петерсон ж. б. илимпоздордун эмгектери), көркөм адабият тилинин (В. В. Виноградов, Б. В. Томашевский, Ю. Н. Тынянов, Л. П. Якубинский ж. б. окумуштуулардын иштери) жана тилдин коомдук функциясынын изилдениши өбөлгө болгон. Андан кийинки жылдары Н. Я. Маррдын тил жөнүндөгү «жаңы окуусунун» кеңири жайылып кеткенине байланыштуу СССРде Тил илими жакшы өнүгө алган эмес. Ал окуунун негизсиз экени 1950-жылкы жана андан мурунку лингивистикалык талаш-тартыштарда аныкталгандан кийин Тил илими ылдам темпте өрчүй баштаган: салыштырма-тарыхый Тил илими, фонетика, орус тилинин жана СССР элдеринин тилдеринин грамматикасы боюнча кыйла маанилүү эмгектер жарыяланган. Тил илиминин математикалык, лингвистика, эксперимент фонетика сыяктуу жаңы тармактарында бир топ ийгиликтерге жетишилген.

Колдонулган адабияттар

Башкырт тили

Башкурт тили — түрк тилдеринин кыпчак-булгар тобуна кирет. Башкуртстанда, Татарстанда, Россиянын Оренбург, Челябинск, Курган, Свердловск облусунда таралган. Негизинен эки диалектиден турат: чыгыш (кувакан) жана түштүк (юрматин).

Башкурт тили татар тилине жакын, фонетикалык, грамматикалык жактан айырмачылыктары бар. Араб (1929-ж. чейин), латын (1929-жылдан) алфавитиндеги жазманы колдонушкан. 1939-жылдан бери орус алфавитинин негизиндеги жазмага өтүшкөн.

Башкурт алфавити

Болгар тили

Болгар тили болгарлардын тили. Болгариянын мамлекеттик тили. Түштүк славян тилдерине кирет. Түндүк-чыгыш говорлору, 20-кылымдын 20-жылдарында батыш говорлору адабий тилге таасир эткен. Жазуу графикасы кириллицага негизделген. Алгачкы жазуу эстеликтери 10-кылымга таандык.

Испан тили

Испан тили – Испандардын жана Латын Америкасындагы көпчүлүк элдердин тили. Испания Королдугунун (анын ичинде Түндүк Африкадагы Сеута жана Мелилья анклавдарынын), Түштүк Америкада Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама, Сальвадордун расмий, Аргентина, Венесуэла, Колумбия, Парагвай, Перу, Боливия, Уругвай, Чили, Эквадордун тең расмий тили (жергиликтүү тилдер менен катар). БУУнун расмий жана жумушчу тилдеринин бири. Испан тили роман тил тобуна кирет. Испания аймагы эки негизги диалектилик ареалга бөлүнөт: Түндүк (кастилия, арагон-каварра ж. б. диалектилер) жана түштүк (андалус, канар ж. б. диалектилер). Испан адабий тили кастилия диалектисинин негизинде түзүлгөн. Грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөйүрөөк: зат жана сын атоочтор жөндөлбөйт, сөз ирети француз тилине караганда эркин келет. Башка роман тилдериндегидей эле испан тилинде этиштин формалары да бар. Испан графикасы латын алфавитинин негизинде. Жазуусунда тыбыштык принцип алынган.

Кытай тили

Кытай тили — кытайлардын тили; КЭРдин расмий тили. Тибет тилдеринин тобуна кирет. Кытай тилинде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайлары сүйлөшөт. Кытай тили 7 негизги диалектилик топко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диалектилердин грамматикалык түзүлүшү, негизги курамы бир. Байыркы кытай жазма даректери биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эстелиги — «Шудзинг» («Тарых китеби») жана «Шидзинг» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (веньян) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр менен 20-кылымга чейин колдонулган. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү — байхуа (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик кытай тилине негиз болуп, путунхуа (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-кылымдын 1-жарымында путунхуа веньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук адабий тилине айланган. Анын фонетикалык нормасы катары Пекин говору алынган. Байхуанын колдонулушу менен кытай тилинде эки муундуу сөздөр көбөйгөн жана сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путунхуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. Кытай тилинде башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семантика, калька жолу менен кабыл алуу ыгы колдонулат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглютинация жолу менен жалганат. Кытай тили БУУнун расмий жана жумушчу тилдеринин бири болуп эсептелет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.

Лексика

Лексика (гр.—сөз, соз кезеги, ойду берүүнүн ыгы) — тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы, анын сөздүк составы. Тилдин сөздүк составында элдин тарыхы чагылдырылат, турмуш тиричилиги, маданияты, искусствосу менен адабияты берилет. Тарыхтын жылышы менен элдин турмушунда өзгөрүүлөр, жаңылануулар болот, коом турмушунун. айрым көрүнүштөрү эскирип калат, жаңы түшүнүктөрдү туюнтуу үчүн тилде жаңы сөздөр пайда болуп, эскилери колдонуудан чыгып калат. Ошентип, элдин турмушундагы ири окуялар, бурулуштарга жараша жандуу речтен айрым сөздөр чыгып, жаңы сөздөр пайда болуп отурат. Тил жаңы сөздөр, терминдер менен тынымсыз байып турат. Бул процесс көркөм чыгармалардаи орун алат.

Лингвистика

Лингвистика (лат. lingua – тил) – тил жөнүндөгү илим. Лингвистика тил кубулуштарын изилдөө менен «тилдерди практикалык иликтөөдөн» ар бир тилдик фактыга тигил же бул тилдик кубулуштун пайда болуу себептерин ачууга аракеттениши менен айырмаланат. Лингвистиканын бул өзгөчөлүгүн прагматизм (гр. pragma – иш) деп атоого болот, анткени прагматикалык тил илими прагматикалык жөнөкөй үйрөнүүгө карама-каршы коюлат. Тил илими кыргыз тилинде тил жөнүндөгү окууну туюндурат. Кыргыз тилинде тил ооз көңдөйүндөгү тилди (анат. термин) жана тилди сөздүн (речтин) системасы катары туюндурат. Бул маселеге байланыштуу көптөгөн илимий, тил жөнүндөгү окуу деген терминдер синоним катары да колдонулууда. Лингвистика же тил илими: 1) баяндама (сыпаттама); 2) тарыхый; 3) салыштырма тил илими болуп бөлүнөт.

Мажар тили

Мажар тили — мажарлардын тили, Мажарстандын мамлекеттик тили. Фин-угор тилдеринин угор тобуна кирет. Мажарстандан башка Румыниянын, Чехословакиянын, Югославиянын айрым райондоруна тараган. Мажар тили 8 диалектиге бөлүнөт. Байыркы жазма эстеликтери 12-кылымга таандык.

Метр

Метр (metrtō – өлчөймүн, ченеймин) – татаал сөздөрдүн өлчөгүч приборлорду (мисалы, барометр, термометр), метр системасындагы узундук өлчөмүн (мисалы, километр, сантиметр) туюндуруучу бөлүгү.

Монография

Монография (грек тилинен — бир жазамын) — бир гана жазуучунун, же бир гана көйгөйдүн урунттуу учуруларын изилдөөгө алган илимий макалалар, китептер. Мисалы, К. Бобуловдун «Кыргыз прозасындагы реализмдин өнүгүү жолдору», К. Артыкбаевдин «Изденүүлөр жана табылгалар» (А. Токомбаевдин чыгармачылыгы тууралуу), Ш. Үмөталиевдин «Аалы Токомбаев», Б. Керимжанованын «Акындын чыгармачылык жолу» (Ж. Бөкөнбаев жөнүндө) деген китептери монографияга кирет.

Монография – илимий эмгектин, изилдөөнүн бир түрү. Монографияда белгилүү бир тема же көйгөй (көптөгөн темалар, көйгөй эмес) ар тарабынан каралып толук изилдөөгө алынат. Монографияда объектиге алынган тема боюнча буга чейин жазылган адабияттар талдоого алынат жана жалпыланат, жаңы илимий гипотезалар жана корутундулар жасалат. Монография кеңири библиографиялык тизме жана эскертүүлөр менен коштолот.

Кыргызстанда илимий монография биринчи жолу 1930-жылдарда жаралган. Тил илими боюнча кыргыз тилиндеги «Кыргыз тилинин морфологиясы» деп аталган туңгуч "Монографиянын" автору – Касым Тыныстанов.

Орфография

Орфография - белгилүү бир тилдеги сөздөрдү жана алардын маани берүүчү бөлүктөрүн бир түрдүү жазуу үчүн белгиленген эрежелердин системасын үйрөтө турган тил илиминин бир бөлүгү. Бул термин грек тилинин «orphos» «туура» жана «gpapho» «жазам» деген сөздөрүнөн алынган.

Пиньинь

Пиньинь (расмий кытай тилинде – Ханьюй пиньинь, б. а. «кытай тилинде айтылган тыбыштардын жазылышы») – кытай тилин романдаштыруу үчүн түзүлгөн атайын система. Мисалы, орус лингвисти С. Е. Яхонтов байыркы кытай тыбышындагы kek kuən (гэгунь, гэкунь), kien kuən (гяньгунь, гянькунь – цзянькунь) формалары азыркы «qїr qur» же «qrїq qun», «qїr qun» (кыргыз) тыбышын билгизерин эскертет. Пиньинь 1958-ж. КЭРде кабыл алынган жана расмий статуска ээ болгон. 1979-жылдан баштап КЭРден тараган аталыштардын расмий латын транскрипциясы катары дүйнө жүзүндө (Стандартташтыруунун бүткүл дүйнөлүк уюму – International Organization for Standardization, ISO) колдонула баштаган жана ал Уэйд – Жайлз, чжуинь транскрипциясына өзгөртүлгөн. 2009-жылдан Тайванда романдаштыруунун расмий стандарты болуп калды. Ошол эле жылдын июль айында жөнөкөй иероглифке өтүү сунушталган. Кытай тилинин негизги латын транскрипциясы катары Эл аралык стандарт боюнча жактырылган. Ал эми палладий – бул кытай тилин орус тилине транскрипциялоонун жалпы кабыл алынган системасы.

Пунктуация

Пунктуация (соңку лат. тилиндеги – тыныш белгилердин коюлушу, же ладнаясы лат. – чекит деген сөздөн) – тил илиминин тыныш белгилеринин коюлушу жөнүндөгү бөлүгү. Поэтикада “пунктуация” термини – автордун атайлап тыныш белгилерди эрежеден тышкаркы бузуп колдонушу - бул автордук пунктуация деп да аталат. Нормага айланган пунктуациядан четтөө авторго айтып аткан нерсесин семантикалык жактан тереңдетүү, чыгармасынын экспрессиялуулугун күчөтүү, ритмди уюштуруу үчүн зарыл болот. Кээ бир авторлор (Мисалы, француз акыны П. Элюар) тыныш белгилерди такыр койгон эмес.

Расмий тил

Расмий тил — расмий кеңсе кызматында мамлекеттик тил катар колдонулган тилдердин бири. Көп улуттуу өлкөлөрдүн конституцияларында кээ бир тилге расмий статус берилгени белгиленет.

Тажик тили

Тажик тили – тажиктердин тили. Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили. Иран тилдеринин түштүк-батыш тобуна кирет. Тажикстан, Өзбекстандын көп жерлерине, Казакстан жана Кыргызстандын айрым райондоруна, ошондой эле Афганстандын түндүгүнө тараган. Диалектилик бир нече топко бөлүнөт: түндүк, борбордук же жогорку Зарафшан, түштүк, түштүк-чыгыш же дарваз. 6 үндүү, 24 үнсүз фонемасы бар. Тажик тили – флексия-аналит. түзүлүштөгү тил. Атоочтор байыркы сөз өзгөртүү системасын жоготкон жана изафет жолу менен байланышат. Род жана жөндөмө категориясы жок. Сөздөрү синтаксистик жол менен жөндөлөт. Сөздүк катмары араб, өзбек жана орус тилинен кирген сөздөрдү да камтыйт. Алгачкы жазма эстеликтери 9-кылымга таандык. 1930-жылдан араб, латын жазуусун пайдаланып, 1940-жылдан орус графикасына өткөн.

Татар тили

Татар тили – татарлардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. РФтин Татарстан, Башкыртстан, Чувашия, Мордовия, ошондой эле КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) мамлекеттерине тараган. Негизги диалекттери: 1) борбордук же орто (Казань татарлары сүйлөйт); 2) батыш же мишар; 3) чыгыш диалект (сибирлик татарлардын диалектиси). Азыркы адабий татар тилинин калыптануу процесси 19-кылымдын ортосунда эски татар тилинин негизинде башталган. Жазуусу 1927-жылга чейин араб, кийин латын, 1939-жылдан орус графикасына өткөн.

Тил

Тил – адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Тилдин жардамы менен дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Тил табигый жана жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу Тил табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат. Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. тил - социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн жашаш формасы катарында көрүнүү менен, тил ошону менен катар аң-сезимдин калыптанышында чоң роль ойнойтил тил топтолгон билимдерди сактоонун жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн каражаты болуп кызмат кылатил тилдин жардамы менен конкретүү ой жүгүртүү ишке ашырылат. Кийинки мезгилдерде тил жалаң гана лингвистиканын эмес, ошондой эле логиканын жана семиотиканын да изилдөө объектиси болуп жатат. Ушуга байланыштуу азыркы замандын неопозитивизми философиялык изилдөөлөрдүн бүткүл проблематикасын тилди логикалык талдоо ишине ыйгарып салууну көздөшөт.

Тыбыш

Тыбыш - сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр. Тыбыштарды угабыз, бирок көрбөйбүз. Мисалы, турмуш деген сөздү алсак, ал кулакка угулган айрым [т], [у], [р], [м], [у], [ш] деген 6 тыбыштан куралган. Тыбыштар сүйлөө органдарынын кыймылына жараша пайда болот, б.а. тыбыш жасоодо өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көңдөйүндө жолтоого учурабаса үндүү тыбыштар - [а], [о], [э], [и] ж.б., ал эми ооз көңдөйүндө ар кандай жолтоолукка учураса, үнсүз тыбыштар - [к], [м], [р], [с] ж.б. пайда болот.

Бардык эле тамга тыбышты билдирбейт, же тескерисинче кыргыз тилиндеги бардык тыбыштардын өзүнө тиешелүү тамгасы жок. (Бул көрүнүш кыргыз алфавитиндеги такталууга муктаж болгон маселелердин бири.)

Түрк тилдери

Түркий тилдери — генетикалык жана типологиялык жалпы белгилер менен мүнөздөлгөн жакын тектеш тилдердин тобу. Түркий тилдеринде сүйлөгөн элдер мурдагы ССРС, Румыния, Түркия, Иран, Ооганстан, Моңголстан, Кытай, Болгария, мурдагы Югославия жана Албанияда жашайт.

Түркий тилиндеги негизги бөтөнчөлүктөр: үндүү тыбыштар таңдай жана эрин күүсү боюнча ээрчишет; ассимиляцияланат, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү агглютинация жолу менен ишке ашат; род категориясы жок, предлог ордуна жандоочтор қолдонулат; сүйлөмдө же сөз айкашында аныктооч аныкталгычтан мурда келет. Түркий тилдеринин алтай тилдерине мүнөздүү жалпылыкты сактаса да, өзүнө жакын тектеш тилдердин (Моңгол, тунгус, манчжур) алда канча бөлүнүп чыккан. Өнүгүү процессинде өз алдынча диалектилер жана тилдер пайда болгон. Түркий тилдери төмөнкүдөй классификацияланат:

1) Огуз тилдеринин тобу:

Огуз түркмөн топчосу (М. Кашгаринин эмгектери боюнча белгилүү Х-XI кк огуз тили; азыркы түркмөн жана түндүк Кавказдагы түркмөн тилдери);2) Кыпчак тилдеринин тобу: азыркы татар жана башкырт тилдери, байыркы кыпчак тили, кумук, каракалпак, ногой, казак тилдери ж.б.

3) Карлук тобу:

Карлук уйгур топчосу (караханийлер мамлекетинин тушундагы 10-11 қылымдагы жана андан кийинки жазма эстеликтердин тили);Карлук-хорезм топчосу (байыркы өзбек тили, уйгур тилдери).Түркий тилдерин жана анын орус тили менен карым–катышын иликтөө байыркы мезгилдерде эле болгон. Бирок түркий тилдери Орусияда жана чет өлкөлөрдө илимдин атайын объектиси катары 19-кылымда гана изилдене баштаган.

Белгилүү түркологдор: В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, Ф. Е. Корш, В. А. Богородицкий, Э. В. Севортян, М. Ресянен, Б. М. Юнусалиев, В.Томсендер

Филология

Филология (гр.—сөз сүйүү) — тил жана адабият жөнүндөгү илим. Андан тышкары ар түрдүү жазма эстеликтердин авторун, жазылуу мезгилин жана ордун, себептерин, кол жазмаларды изилдөөлөрду ж. б. өз ичине камтыйт. Филология толуп жаткан майда тармактарга бөлүнөт. Советтик филология марксттик-лениндик методологияга таянат, өткөн илимдин прогрессивдүү жактарын кабыл алат, философия, тарых, этнография, искусство таануу ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта болот.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.