Теология

Теология (грекче θεολογία, θεός – кудай жана λόγος – сөз, окуу, илим) – кудай жөнүндө диний доктриналардын жыйындысы. Концепцияда кудайдын абсолюттуулугу, өзү жөнүндө адамдарга аян берүү аркылуу билдирери болжолдонот. Теология иудаизм, ислам жана христиан динине тиешелүү. Теологиянын авторитардык мүнөзү, догмалык мазмуну философия жана илимий эркин ой жүгүртүү менен сыйышпайт.

Колдонулган адабияттар

Ажимаматов Зайлабидин Касымович

Ажимаматов Зайлабидин Касымович 1976-жылы 20-октябрда Ош областына караштуу Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. 1984-жылы Тельман атындагы орто мектептин (азыркы күндөгү С. Токторов ат. орто мектеп) босогосун аттап, 1994-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы Ош МУнун теология факультетине тапшырып 1999-жылы бүтүрүп, Түркия Мамлекетинин Анкара университетинин базасындагы магистратурага тапшырып, 2001-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы жогоруда аты аталган окуу жайда докторантурага баштап, 2005-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Бир монография, 2 окуу-усулдук колдонмо жана жыйырмадан ашык илимий макалалардын автору.

2005-жылдын сентябрь айынан баштап Ош МУнун теология факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доценттик кызматында жана азыркы күндө дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы болуп эмгектенүүдө.

Апофатикалык теология

Апофатикалык теология (гр. apophatikos – терс). Дионисий Ареопагит тарабынан иштелип чыккан теология.

Ага ылайык, кудайга байланышкан бардык түшүнүктөрдү, атрибуттарды, жана элестөөлөрдү ырааттуу тануу жолу менен кудайдын абсолюттуу трансценденттүүлүгүн далилдөөгө умтулуу күч алган. Апофатикалык теологиянын түпкү маңызында кудайдын бар же жок экендигин тануу аркылуу, анын болмуштан башкача жашап тургандыгын далилдөө идеясы турган. Апофатикалык теология орто кылымда катафатикалык теология менен толукталган, анда кудай менен байланышкан позитивдүү түшүнүктөр, атрибуттар, ошондой эле метафорикалык аналогиялар менен кудайдын жашоосун аныктоого аракет жасалган.

Геология

Геология (гео... жана ...логия) – жер жана анын кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашуусу жөнүндөгү илимдердин комплекси. Геология эң байыртан, тоо-тек, минерал жана кен-таштар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар пайда болгондон эле белгилүү. Байыркы грек жана Рим илимпоздору (Пифагор, Аристотель, Плиний, Геродот, Страбон ж. б.) жер титирөө, жанар тоолордун атылуу жана дарыя нуктарынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болушун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Геология илим катары туңгуч ирет орто кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни жана Ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. Алар айрым минералдарга, асыл жана кооз таштарга, кээ бир геологиялык тулкулар менен кубулуштарга илимий мүнөздөмө беришкен.

Европада тарыхый Геологияга тиешелүү маалыматтар 1617-кылымда Леонардо да Винчинин, Ж. Фракасторонун, Н. Стенонун эмгектеринде кездешет. Жазма адабиятта «Геология» деген сөздү алгачкы жолу немец епископу Р. де Бьюри 1473-ж. Кельн шаарында чыккан «Philobiblon» («Китептерге ышкы») аттуу китебинде азыркы түшүнүктөн таптакыр башкача диний мааниде пайдаланган. «Геология» терминин алгач 1603-ж. италиялык натуралист У. Альдрованди «теология» терминине карама-каршы, табиятка байланыштырып (зоология жана ботаника), «жер илими» деген терминди колдонгон. Азыркы учурдагы түшүнүккө жакындашкан мааниде «Геология» терминин 1657-ж. норвегиялык окумуштуу М. П. Эшольт колдонгон. 17-кылымдан 18-кылымдын 1-жарымына чейин «Геология» термининин ордуна «минералогия» жана «ориктогнозия» терминдери, 18-кылымдын аяк ченинен 19-кылымдын ортосуна чейин Германияда, Россияда (1920-ж. чейин), Англияда «геогнозия» деген термин колдонулуп келген. 18-кылымдын 2-жарымынан табияттаануу илимдеринин бир тармагы катары Геология өз алдынча бөлүнө баштаган. Ушул мезгилде айрым тоо тектердин келип чыгышы жөнүндө илимий түшүнүктөр пайда болуп, геологиялык кубулуштарды байкоо жолдору иштелип чыгып, көптөгөн материалдар топтолгон. 18-кылымдын ортосунда адегенде кичирээк, кийин чоң-чоң аймактардын геологиялык карталары (литологиялык-петрографиялык) түзүлө баштайт. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында тоо тек катмарларынан табылуучу ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө менен жер кыртышынын салыштырмалуу жашын аныктоо мүмкүндүгү айкын болот. Ушундан баштап Геология биротоло өз алдынча илимге айланат. 19-кылымдын аягында Жердин тарыхы жана сырткы түзүлүшү жалпысынан илимий жактан далилденген. 20-кылымдын башталышында жер кыртышынын курамын, түзүлүшүн изилдөө жолдору калыптанып, Геологиянын бардык тармактарынын өнүгүшү байкалат. Геология жалпысынан бири бири менен тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт.

1) Жер кыртышы менен литосферанын заттык түзүлүшүн (структурасын) изилдөөчү тармакка төмөнкүлөр кирет: минералогия жаратылышта кездешүүчү туруктуу химиялык бирикмелердин (минералдардын) курамы, касиеттери, түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана закон ченемдүүлүктөрү, ошондой эле пайда болушу жана табигый шартта өзгөрүшү жөнүндөгү илим; петрография тоо-тектердин минералдык жана химиялык курамын, түзүлүшүн, физикалык касиеттин пайда болушун, өзгөрүшүн изилдөөчү илим; кристаллография минералдар жана алтын, платина, алмаз сыяктуу жаратылышта таза элемент түрүндө таралган кристаллдык заттардын сырткы формасы менен ички түзүлүшүн изилдөөчү илим; литология чөкмө тоо-тектердин жана учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык курамы, түзүлүшү, таралуу закон ченеми, пайда болуу шарты, өзгөрүшү тууралуу илим.

2) Геологиялык поцесстер менен кубулуштарды (динамикалык Геология) изилдөөчү тармакка жер кыртышынын козголушун, анын себебинен болуучу геологиялык түзүлүштөрдү изилдөөчү илим тектоника кирет. Тектониканын бир тармагы геотектоника. Ал Жердин ири структураларын (материктер менен океандар) изилдейт, ал эми неоген-антропоген мезгилиндеги жер кыймылын изилдөөчү тармагы неотектоника деп аталат. Жанар тоолордун пайда болуу жана атылуу процесстерин, алардан чыккан магма, жанар тоо тектери ысык суулары менен газдардын курамын, жер бетине таралуу закон ченемин ж.б. кубулуштарын изилдөөнү вулканология илими жүргүзөт, ал эми сейсмология жер титирөөлөрдү жана ага байланыштуу геологиялык процесстерди изилдейт жана алардан алынган маалыматтар боюнча жер титирөөгө кооптуу аймактарды аныктайт. Структуралык Геология геологиялык тулкулардын, тоо тек катмарларынын жайгашышын, алардын бүктөлүшүн, тектоникалык жаракалар менен тилкеленишин аныктоочу илим.

3) Жердин чөкмө катмарларындагы сакталып калган калдыктардын негизинде геологиялык тарыхын жана анын ырааттуулугун, органикалык дүйнөнүн эволюциясын изилдөөчү тармак тарыхый Геология. Бул топко төмөнкүлөр кирет: стратиграфия жердин чөкмө тоо тек катмарларынын ырааттуулугун, салыштырмалуу геологиялык жашын аныктайт, палеогеография геологиялык маалыматтардын негизинде өткөн Геологиялык мезгилдердин физикалык-географиялык шарттарын изилдейт; палеонтология байыркы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ташка айланган калдыктары аркылуу өткөн Геологиялык мезгилдердеги тиричиликти изилдейт. Геологиянын эл чарба керектөөсүнө түздөн-түз байланыштуу тармагына (колдонмо Геология) төмөнкүлөр кирет: кен байлыктар материалдык өндүрүш чөйрөсүндө натыйжалуу пайдаланууга боло турган жер кыртышындагы минералдык заттар жөнүндөгү илим; гидрогеология жер астындагы суулар тууралуу илим; инженердик геология ар түрлүү ири курулуштар менен имараттарды тургузууга байланыштуу кыртыштын физикалык-механикалык касиеттерин аныктайт.

Геология илиминин системасында жер бетинин ири аймактарынын геологиялык картасын түзүп, аларга жалпы баа берүү максатында жүргүзүлгөн аймактык Геология менен океан-деңиз түптөрүнөн кен байлыктарды издөөгө жана изилдөөгө арналган деңиз Геологиясы да орчундуу орун ээлейт. Геология башка табият таануу илимдери менен тыгыз байланышта өнүгүп келет. Айрыкча химия жана физика илимдеринин закон ченемдерин, ыкмаларын кеңири пайдалануунун натыйжасында Геологиянын геохимия жана геофизика сыяктуу тармактары пайда болуп, ошондой эле Геология астрономия, география, геодезия, биология, тоо кен иштери менен байланышта өнүгүүдө. Азыркы убакта Геология илимине теориялык жана практикалык изилдөө жүргүзүүдө физикалык, математикалык ыкмалар жана заманбап компьютердик моделдештирүүлөр, технологиялар (географиялык маалымат системасы) кеңири пайдаланылууда. Геологиялык изилдөөлөрдү бүткүл Жер шары боюнча уюштуруп, белгилүү бир багытта жүргүзүү, Геологиянын эң негизги проблемаларын талкуулоо маселелерин 1875-ж. негизделген Эл аралык геологиялык конгресс ишке ашырат. Кыргызстандын Геологиясын илимий жактан изилдөөнү Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Геология жана Сейсмология институттары, ал эми кен байлыктарын издөө жана геологиялык чалгындоо жумуштарын Кыргыз Геология жана минералдык ресурстар агенттиги жүргүзүп келет.

Гуго Гроций

Гуго Гроций (лат. Hugo Grotius) же болбосо, Гуго де Гроот (нидерл. Hugo de Groot же Huig de Groot, Дельфтте Чын Куран айынын 14 дө 1583 ж — Росток Баш Оона айынын 28де 1645-жылы дуйнодон кайткан) — голландиялык юрист жана мамлекеттик ишмер, философ, христиан апологети, драматург жана акын. Эларалык укук илимин табигый укукка негиздеп туптогон.

Гроцийдин ою боюнча, укук менен мамлекет кудайдын буйругу эмес эле турмуштан келип чыккан. Гроцийдин окуусу мамлекет жана укук теориясын теология менен орто кылымдык схоластикадан куткарууда чоң роль ойногон. Анын негизги эмгеги – “Согуш менен тынчтыктын укугу жөнүндө” (1625).

Диалектикалык теология

Диалектикалык теология (кризистин теориясы) – евангелиелик теологиядагы 20-кылымдын 20–30-жылдарда пайда болгон агым; өзүнүн келип чыгуусу жана теориялык жоболору боюнча экзистенциализмге абдан жакын, «диалектикалык» деген түшүнүк философиялык мазмунга толук каныккан эмес, ал адамдын өзүнө карама-каршы турган суверендүү кудай менен пикир алышуу учурундагы ойдун ишин түшүндүрөт. Диалектикалык теология интеллектуалдуу теологиялык агым катары (1921–1933) диний ойчулдар тарабынан төмөнкүдөй аталыштар менен белгилүү болгон: Диалектикалык теология (К. Барт), «Жаңы Осуятты демифологизациялоонун» теологиясы (Р. Бультман), универсалдуу теология (П. Тиллих), «жансыз (өлгөн) кудайдын» теологиясы (Д. Банхеффер), эсхатологиялык теология (Р. Нибур), үмүттүн теологиясы (Ю. Мольтман), революциянын теологиясы (М. Шретер) ж. б. Аталган агымдын өкүлдөрүнө биринчи дүйнөлүк согуштан кийин интеллектуалдык чөйрөгө тез жайыла баштаган даниялык философ С. Кьеркегордун жана М. Хайдеггердин экзистенциализми күчтүү таасир берген. Акырындык менен Диалектикалык теология бирдиктүү окуунун нугунан чыгып, анын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер башталган. Жалпы жонунан бул агымдын ойчулдары 20-кылымдын башында үстөмдүк кылган «диний» адамга берилген тарыхый жана психологиялык түшүндүрмөлөргө каршы чыгып, Библияда Кудай, Кудайдын аяны, Кудайдын амири, Кудайдын падышачылыгы ж. б. түшүнүктөргө илимий аныктама берүүгө жана алардын маани-маңызын түшүнүүгө аракет кылышкан. Диалектикалык теологиянын бир катар өкүлдөрү азыркы учурдагы философия менен теологиянын өнүгүшүнө зор таасир беришкен.

Жусубалиев Али Бурканович

Жусубалиев Али Бурканович 1977-жылы 1-январда Ош областына караштуу Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. 1984-жылы Тельман атындагы орто мектептин (азыркы күндөгү С. Токторов атындагы орто мектеп) босогосун аттап, 1994-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы ОшМУнун теология факультетине тапшырып 1999-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Түркия Мамлекетинин Анкара университетинин базасындагы магистратурага тапшырган. 2001-жылы 13-июнда Түркия Мамлекетинин Анкара университетинде «Фергана аймагында Ислам дининин кирүүсү жана жайылуусу» - деген темада магистратуралык диссертациясын түрк тилинде жазып коргогон. Ошол эле жылы жогоруда аты аталган окуу жайда докторантурага баштап, 2007-жылдын күзүндө Түркия Мамлекетинин Анкара университетинде «Кыргыздардын Исламды кабыл алуусу»- деген темада доктордук (Европа стандартындагы (Ph.D) диссертациясын да түрк тилинде жазып ийгиликтүү коргоп, теологиянын доктору деген академиялык даражага ээ болгон. Жыйырмага жакын илимий макалалардын автору.

Иммануил Кант

Иммануил Кант (1724—1804) — бардык мезгилдердеги философиялык ойдун титаны. Ал көп учурда Платон менен Аристотелден кийинки эң ири философ катарында эсептелет.

Ал Пруссияда Кенигсбергде туулган. Анын атасы кол өнөрчү (кайыш шаймандарын жасоочу уста) болгон жана уулуна билим берүү жөнүндө камкордук көрүп, ал келечекте дин кызматкери болсо деп эңсеген. Мектепти бүткөндөн кийин, Кант Кенигсберг университетине кирет. Аны бүткөндөн кийин пруссиялык үй-бүлөөлөрдө жекече сабак берип, эмгек акы таап, бирок өз алдынча билим алуусун уланта берет. Диссертацияны ийгиликтүү коргоп, приват-доцент болот да, Кенигсберг университетинде ар түрдүү курстардан дарс окуйт. 1770-жылы ушул университеттин логика жана метафизика боюнча профессору болот, өлөрүнөн үч жыл мурда, бошоп кеткенге чейин ушул кызматта иштеп турат.

Канттын өмүрү окуяларга кедей болгон. Ал тынч, бакубат жашап өткөн, аз саякаттап, өтө так адам деген репутацияга ээ болгон. Күн сайын так белгиленген убакта сейилге чыккан, адамдар ушул сейилдөөлөр аркылуу убакыттын канча болгонун билип турушчу экен. Түштөнүүдөн кийин сейилге кечигип чыккан сейрек учурлардын бири ал Руссонун «Эмиль» деген эмгегин окуган күнү болгон экен. Достору көп болгон, аны билгендердин баары урматташып, суктанышкан, бирок анын социалдык турмушу да ишиндегидей эле ырааттуу өтүп турган. Ал үйлөнбөй бой өтөт, бирок айткандарга караганда компанияларды, айрыкча сулуу жана адеп-ызааттуу аялдардын компаниясын жакшы көргөн. Бирок анын чыгармаларын түшүнүү кыйын, стили жана мазмуну кызык болбосо да, ал чебер лектор деген репутацияга ээ болгон.

Иоанн Павел II

Иоанн Павел II, Кароль Юзеф Войтыла (18. 5. 1920, Польша, Вадовище ш.2. 4. 2005, Рим) – 264-шайланган Рим папасы (1978-2005), саясий жана коомдук ишмер. 1958-ж. Краков епископу, 1964-ж. архиепископу жана митрополити. 1967-ж. кардинал наамын алган. 1523-жылдан бери италян эмес улуттан Рим папасы болгон биринчи киши. Марцин Вадовите атындагы гимназияны бүткөндөн (1938) кийин, Краков шаарындагы Ягелон университетинин философия факультетине тапшырган. 2-дүйнөлүк согушта Польшаны немистер басып алганда университет жабылып калган. Ал жашырын иштеген Рапсодия театрын уюштуруунун демилгечилеринен актёр жана режиссёр, ошондой эле шахтада, «Солвей» концернинин химиялык өндүрүштүк мекемесинде жумушчу болуп иштеп, дин семинариясына катышып турган. Кийин Рим, Швейцария жана Бельгия университеттеринин философия факультетинде окуган. 1948-ж. өз мекенине кайтып келип, Краков, Католикалык университеттеринде иштеп, теология илимдер доктору наамына ээ болгон. Философия жана теология илимдери боюнча көптөгөн эмгектердин автору. Ал ар түрдүү диндеги мамлекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосуна, дүйнөлүк диндердин жана алардын тармактарынын өз ара жакындашуусуна зор салым кошкон. Рим папаларынын арасынан биринчи болуп чиркөөлөргө жана мечиттерге расмий жолугушууларга барган.

Йель Университети

Йель Университети (англ. Yale University) - Нью-Хейвен шаарында жана ал Америкалык Айви Лигасына кирген жеке изилдөө окуу жайлардын бири. Ал Кошмо Штаттарда жогорку билим берүү 1701-жылы негизделген байыркы үчүнчү мекемеси болуп саналат.

Башында Saybrook Colony деген Коннектикут колониясы тарабынан диний кызматкери жетекчилигинде конгрегационалист министрлерин окутуу үчүн ачылган "Collegiate School" болгон. Ал 1716-жылы New Haven шаарына көчүп барып, бир аз убакыттан кийин British East India Company жана губернатор Elihu Yale-ге ыраазылык билгизип Йель Университети деп аталып калган. Алгач теология жана ыйык тилдерге чектөө коюлган жана Америка Революциясында гуманитардык жана табигый илимдер киргизүүлөр башталган. Мектепте 19-кылымда аспирантура жана кесиптик-насааттары болгон. 1861-жылы Америка Кошмо Штаттары боюнча биринчи жолу кандидаттык диссертациясын утуп алып,1887-жылы жогорку окуу жайы катары катталган. Анын окутуучулар жана студенттик калкы тездик менен 1890-жылдан кийин физикалык жатаканаларга жана илимий-изилдөө тез экспансиясына өскөн.

Йель университетинен беш АКШ президенти, 19 АКШнын Жогорку соту, 20 миллиардерлер, жана мамлекеттин көптөгөн башкармалары жана көптөгөн көрүнүктүү бүтүрүүчүүлөр аяктаган. Мындан тышкары Йель университетин жүздөгөн Конгресстин мүчөлөрү жана көптөгөн АКШнын жогорку даражалуу дипломаттары аяктаган. 57 Nobel, 5 Fields Medalists , 78 MacArthur Fellows, 247 Rhodes Scholars, жана119 Marshall Scholars лауреаттары да бул жогорку окуу жайдан бүтүшкөн.

Калбердиев Абдилазиз Рахманбердиевич

Калбердиев Абдилазиз Рахманбердиевич 1979-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жээренчи айылында туулган. Мектеп босогосун 1986-жылы аттап, 1996-жылы аяктаган. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине тапшырып, аны 2002-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ошол эле жылы Анкара университети социалдык илимдер институтунда ислам теологиясы (калам) предмети боюнча магистратурага баштап, 2004-жылы атактуу татар жадидчилерден бири болгон «Муса Жарулла Бигиевдин теологиялык көз караштары» аттуу темада магистратуралык ишин жактаган. 2004-жылы ошол эле университетте докторантура прогаммасына катталып, 2010-жылы «Өтмүштөн учурга кыргыздарда Аллах түшүнүгү» аттуу темадагы эмгеги менен докторантуралык ишин түрк тилинде ийгиликтүү жактаган.

2011-жылдын март айынан баштап Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде эмгектенип келүүдө. Үй-бүлөлүү, эки уул жана эки кыздын атасы.

Катафатикалык теология

Катафатикалык теология (грек. kataphatikos – оң, ырастоо) – кудайды ал тарабынан жаратылган табиятты окуп үйрөнүү аркылуу таанып билүүгө мүмкүн экендигин ырастайт.

Псевдо-Дионисийдин пикири боюнча, кудайды акыл менен да, сезим менен да таанып билүү мүмкүн эмес. Бирок кудай өзүнүн нур, акыйкат, акыл, адилеттик, кудурет ж. б. күчтөрү аркылуу материалдуу дүйнөнү гармониялуу жана кооз кылат, материалдуулук менен идеалдуулук ортосуна тең салмактуулук орнотот. Кудай тарабынан жаратылган дал ушул табигый мыйзам ченемдүүлүктөрдү окуп үйрөнүү менен таанып билүүгө болот.

Псевдо-Диносийдин пикири боюнча, кудай өзү тарабынан жаратылган дүйнөнүн башаты, өзөгү жана аягы болуп саналат. Асмандагы кудай дүйнөсүндө иерархия кандай ырааттуу болсо, кудай тарабынан жаратылган материалдуу дүйнө да ошондой ирээттүү тартипте жайгашкан. Кудай дүйнөсүндөгү тартипти жерге орнотуучу негизги күч болуп чиркөө эсептелет. Демек, чиркөө гана кудайдын жерге орноткон гармониясын, сүйүүсүн, ажайып кооздугун адамдарга жеткире алат. Кудайды таанып билүүнүн катафатикалык жолу акылга, философияга, логикага, диалектикага, ой жүгүртүүгө таянат.

Католицизм

Католицизм (грек. καθολικός (katholikos) – жалпы, бүткүл ааламдык) – православие жана протестантизм менен бирдикте христианчылыктагы негизги багыттардын бири.

Христианчылык пайда болгондон тартып бүткүл ааламдык, кафоликалык, башкача айтканда курама деп аталган бирдиктүү христиан чиркөөсү болгон. Анын Константинополду борбор кылган чыгыш жана Римди ордого айландырган батыш деп аталган эки бөлөк чиркөөгө бөлүнүшү 9-кылымда башталып, 11-кылымда (1054 ж.) аяктаган. Алардын ар бири өзүн кафолик же роман-латынча католик чиркөөсү деп атаган.

Орус тилинде бул түшүнүккө «собордук» деген термин ылайык келет. Акырындык менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылык күч алат. Ал төмөнкүдөй факторлор менен шартталган: бир жагынан аталган чиркөөлөр европадагы мамлекеттерге саясий үстөмдүк орнотуу үчүн болгон күрөш менен байланышса, экинчи жагынан Константинополдун же Римдин таасирине туш болгон элдердин менталитетинин өзгөчөлүктөрү менен аныкталган.

Мисалы: чыгыш жана түштүк славян урууларынын маданияты, этностук аң-сезими, рухий дөөлөттөрү үчүн чыгыш христианчылыктын окуусу жакын болуп, натыйжада православие дини калыптанган.

Герман уруулары Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги астындагы батыш христианчылыкты кабыл алышкан. Христианчылык өз маңызы боюнча космополиттик (улуттук мүнөзгө ээ эмес) дин болсо да, тигил же бул элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүнө ыңгайланышуу менен батыш жана чыгыш чиркөөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды кескин күчөтүп жиберген. Натыйжада, 1054-ж. христианчылык официалдуу түрдө эки багытка ажырап кеткен. Православие менен католицизмдин ортосундагы айырмачылыктар төмөндөгүлөргө негизделген:

1) 6–9-кылымдардын аралыгында чыгыш менен батышта ар кандай мүнөздөгү христиан догматикасы калыптанат. Рим-католик чиркөөсү догматтарды өнүктүрүү ынаным кабыл алган. Бул принцип боюнча чиркөө соборлору жаңы догматтарды кабыл алууга толук укуктуу.

Православ чиркөөсү бул принципти толугу менен четке кагат.

Мисалы: батышта ишенимдин Никей-Царьграддык символу «филиокве» (лат. filioque – уулдан дагы) деген түшүнүк менен толукталган. Башкача айтканда католик Чиркөөсү Никей-Царьграддык собордун чечимдери менен канааттанбастан, кийинки соборлорду да чакырган. Кийинки соборлордо кабыл алынган филиокве принциби боюнча Ыйык Рух Кудай Ата менен Кудай Уулдан дагы жаралган.

Православие дини Никей-Царьграддык собордун чечимдери менен толук макул, б. а. Ыйык Рухту Кудай Ата жараткан деп эсептейт жана кийинки соборлорго катышкан эмес. Демек, православие кийинки соборлордо кабыл алынган догматтарды четке кагат.

2) 20-кылымга чейин католиктер тарабынан православие четке каккан төмөнкүдөй догматтар кабыл алынган:

тазартуу (орус. чистилище) тууралуу догмат (1439-ж.);

жакшы иштердин запасы тууралуу догмат (1854-ж.);

Ыйык Мариянын күнөөсүз кош бойлуу болушу тууралуу догмат (1854-ж.);

Ыйык Мариянын денесинин асманга кетиши тууралуу догмат (1950-ж.).3) Католицизм Рим Папасын рим-католик чиркөөсүнүн башчысы гана эмес, Христостун мурасчысы, христианчылыктагы ар кандай багыттарга таандык экендигине карабастан, бардык христаиндардын атасы жана устаты деп атайт. Православиеде Рим Папасынын мындай кеңири мүнөздөгү бийлиги кабыл алынбайт.

4) Католицизм менен православиеде диний ырым-жырымдар да ар кандайча түшүндүрүлөт.

Мисалы: католик дининде причащение (Кудайдын денеси жана каны деп ооз тийилүүчү нан жана вино ичип, кудайды эскерүү) ырымы бекем орногон.

Католиктерде дин кызматкерлери нан жана вино (нан – Христостун денесинин, вино – канынын символу) менен кудайды эскерсе, жөнөкөй христиандар нан гана ооз тийүүгө укуктуу. Католицизмде чокундуруу ырымы православиедегидей сууга чөмүлтүү жолу менен эмес, үстүнөн суу куюу аркылуу жүргүзүлөт.

5) Католиктер латын тилинде жазылган Библияны гана кабыл алышат жана аны башка тилдерге которууга тыюу салышат. Православиеде диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Ошондуктан, православиени туткан элдерде Библияны башка тилдерге которуу салыштырмалуу эрте башталган.

Мисалы, грек улутундагы орус агартуучулары, ага-ини Кирилл жана Мефодий тарабынан Библия грек тилинен эски орус тилине которулган.

6) Католицизмде дин кызматкерлеринин чиркөө эрежелерине «кыңк» этпестен баш ийиши салт.

Мисалы: католик дин кызматкерлери үй-бүлө, бала, чарба күтпөө тууралуу ант беришет.

Православиеде мындай ырым-жырым жок. Ошол себептен эрежелерди бекем сактаган ыйык адам катары түшүнүлгөн Рим папаларынын күнөөсүздүгү тууралуу догмат 1870-жылы кабыл алынган. Православиеде дин кызматкерлеринин күнөөсүздүгү тууралуу догмат толугу менен четке кагылат.

7) Православие мамлекеттин саясий бийлигине кийлигишпейт жана адамдардын адеп-ахлактуу жүрүм-турумун жөнгө салуу менен гана чектелет. Аврелий Августиндин окуусуна таянуу менен Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мамлекеттерге орнотууга жана аларды саясий тескөөгө алууга умтулган.

Чиркөөнүн светтик бийликке болгон үстөмдүгү тарыхта клерикализм (лат. cularis – чиркөө бийлиги) деген ат менен белгилүү. Ошондуктан батыш европанын орто кылымдардагы тарыхы Рим папаларынын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттер менен болгон тынымсыз күрөшү менен коштолгон.

8) Православиеде дин кызматкерлеринин зомбулук көрсөтүүгө жана курал колдонууга таптакыр укугу жок. Католиктерде зомбулук христиан динин орнотуунун, таратуунун жана коргоонун негизги каражаты болуп саналган. Ушул максатта католиктер тарабынан аскерлештирилген уюмдар жана кечилдик ордендер түзүлгөн. Аскерлештирилген кечилдик ордендери еретиктер менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ошол эле максатта көп кылымдар бою адамкерчиликсиз ырайымсыздык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн инквизиция (лат. inquisitio – издөө салуу) деп аталган өзгөчө сот органы негизделген. Негизги кечил ордендери болуп доминикандыктар менен францискандыктардын уюмдары эсептелген.

Доминикандыктардын ордени 1216-ж. испан дворянини Доминик (1170-1221) тарабынан негизделген. 13-кылымдан бул орден инквизицияга жетекчилик кылган. Өздөрүн «Кудайдын дөбөттөрү» деп аташкан доминикандыктар католик дининин куралдуу коргоочулары болуп саналышкан жана инквизициялык сотторго еретиктерди кармап беришкен.

Доминикандыктар еретиктерге каршы от жана силлогизмдердин жардамына таянуу менен күрөшүшкөн. Ошондуктан алардын гербинде тиштерине балбылдап жанган факелди тиштеген иттин башы тартылган. Францискандыктардын ордени 1209-ж. италиялык акын ассиздик Франциск (1182–1226 ж.) тарабынан негизделген. Бул ордендин ишмердүүлүгү доминикандыктардыкына караганда бир аз башкача мүнөзгө ээ. Алар жакырлардын жана бей-бечаралардын кейпин кийип, эл массаларына барат да, аларга христианчылык окуусун жана аскетизм принциптерин жайылтышат. Элди аралап жүрүп, еретиктерге каршы тыңчылык кылышат.

9) Чыгыш менен батышта христианчылыктын дин окуусунун маңызын түшүнүү да ар башкача болгон. Православиеде кудайды акылдын эмес, мистиканын жардамы менен гана таанып билүү мүмкүн. Дин илимий изилдөөлөрдүн предметине айлануу менен динсиздикке жол ачат. Ошондуктан православиеде дин окуусу кереметтүү сыр катары кабыл алынат.

Католизмде Кудайды чыныгы таанып билүү акыл менен илимдин жардамысыз эч мүмкүн эмес деген түшүнүмдөр эрте калыптанган. Ошондуктан чиркөө аталарынын окууларына таянуу менен 6–13-кылымда Рим-католик чиркөөсү тарабынан христиандык динди рационалдаштыруу жүргөн. Башкача айтканда бул мезгилдерде христианчылыктын догматтары илимдин жана философиянын жардамы менен негизделген.

Орто кылымдарда диний философия өнүккөн маданий чордон болуп университеттер (лат. universitas litterarum – илимдердин жыйындысы) эсептелишкен. Университеттер деп дин кызматкерлерин, билимдүү адистерди даярдаган жана диний маселерди талкуулаган маданий мекеме аталган. Орто кылымдардагы негизги университеттер болуп Париж, Кельн, Оксфорд, Болонья, Неополь, Падуа ж. б. жогорку окуу жайлары эсептелген. Орто кылымдардагы университеттердин эң башкы метрополиясы болуп Париж университети саналган. Андан кийинки орунду философиялык жана илимий борбор катары даңкталган Оксфорд университети ээлеген.

Университеттердин аты эле айтып тургандай, аларда ошол кезде белгилүү болгон илимдердин баары окутулган. Илимдердин эң маанилүүсү жана башкысы катары христиандык теология аталган. Философия теологиялык гана эмес, искусство менен байланышкан башка факультеттерге да окутулган. Университеттердеги эң маанилүү факультеттер болуп теологиялык, юридикалык жана медициналык бөлүмдөр саналган.

Бардык факультеттерге «жети эркин искусство» деп аталган илимдердин комплексинен дарстар окулган. Бул комплекс Боэций тарабынан иштелип чыккан жана өз кучагына «тривиум» (грамматика, риторика (чечендик өнөрү), диалектика) менен «квадриумду» (арифметика, геометрия, астрономия жана музыка) камтыган. Теология гана илим деген статуска ээ болгондуктан, бул илимдер эркин искусстволор деп аталышкан. Бүгүнкү күндө католицизм динин туткандардын саны христиандардын басымдуу көп бөлүгүн түзөт. Христианчылыктын бул багыты Европанын роман тилинде сүйлөгөн өлкөлөрүндө, Латын Америкасында, Польшада ж. б. өлкөлөрдө кеңири тараган.

Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович

Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович 1999-жылы ОшМУнун теология факультетин бүтүргөн. 1999-2001-жылы Туркия Республикасынын Анкара Университети Социалдык Илимдер Институтунда магистратураны аяктап магистр даражасын алган. 2006-жылы Сирияда араб тили институтунун угуучусу, 2001-2008-жылдары Анкара университетинде Ислам Укугу боюнча докторантураны бүтүргөн. 2005-2007-жылдары Туркиядагы Мармара Университетинин «эл аралык мамилелер бөлүмүндө» 2005-2007- магистратура даражасына ээ болгон. 2009-жылдан баштап ОшМУнун теология факультетинде «Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасында» окутуучу жана 2010-жылдары ага окутуучу болуп эмгектенген. 2010- жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинде окутуучу болуп иштеген. 2011-жылы саясий илимдер боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. 2013-жылдын сентябрь айынан баштап ОшМУнун теология факультетинде декан болуп эмгектенип келүүдө. Факультеттин материалдык техникалык базасын мезгилдин талабына ылайык көтөрүүдө жана билим берүүнүн сапатын жогорлотууда ийгиликтерди жарата алды. ОшМУнун анын ичинде теология факультетинин коом менен иш алып бааруудагы жетишкендиктери да аз эмес. Мисалы, имамдардын курсун, мамлекеттик кызматкерлер үчүн семинарларды уюштуруу, эксперттик кызматтар, жана студенттер тарабынан Ош шаарынын жана Ош облусунун мечиттеринде жума намазын уюштуруу. ОшМУнун Түркия мамлекети менен мамилелеринде да жетишкендиктер байкалууда. Туркия Диянет Фонду, ТИКА кызматташтык агентствосу, Мевлана студенттердин жана окутуучулардын тажрыйба алмашуу программасы, Туркия өкмөтүнүн Түрк тилдүү мамлекеттер жана бир тууган элдер башкармалыгы, Университеттер менен жекече түзүлгөн келишимдер жана жергиликтүү бийликтердин жана ошондой эле университеттен тышкаркы проекттеррде демилгечи, консультант жана илимий эксперттик иш чараларды мисал катары айтсак болот.

Теософия

Теософия (грек сөзүнөн theos – кудай жана sophia – акылмандык, билим) (сөзмө-сөз – кудай таануу)

Кудайдын өзгөчө сырларын ачууга атаандашкан бардык мистикалык окуулар.

Буддизмдин мистикасын башка чыгыш окуулары менен бириктирүүгө аракеттенгенЕ. П. Блаваттын мистикалык доктринасы жана анын жолдоочулары. Кээде теология менен дал келүүчү түшүнүк (мисалы, “Ареопагатиках”). 1857-жылы Нью-Йоркто Е. П. Блаватская тарабынан теософиялык коом негизделген (1831–91). 1913-жылга чейин бул коомдун активдүү өкүлү болуп антропософиянын түзүүчүсү Р. Штейнер болгон. Коомдун максаттары жана Блаватскаянын өзүнүн идеялары анын “Сырдуу доктрина” (1888), “Теософияга ачкыч” (1889) ж. б. эмгектеринде баяндалган.

Ошондой эле Блатавскаянын Теософиялык китебинде өз максатын тстыктап бере алды: "Жаратылыш кокусунан атомго окшош эмес", жана анын мыйзамдуу орду аалам схемасында экендигин адам баласына көрсөттү. Бардык диндердин өзөгү болгон архаикалык чындыктардын бузулуп кетүүсүнөн сактай алды. Жаратылыш сырлары азыркы мезгилдегидей илимде изилдөөгө мүмкүн болбогон учурда эле бир канча деңгээлде анын негизги бүтүндүгүн ачып бере алды.

Тюбингенисттик мектеп

Тюбингенисттик мектеп – немецтик, протестанттык теологиянын багыты. Тюбинген университетинде өнүккөн.мектептин тарыхтагы биринчи этабы 1777–97-жылдарга туура келет. Х. Г. Штордун ишмердүүлүгү менен байланышкан. Тюбинген университетинде Гегель, Шеллинг, Гельдерминдер окушкан. 1830-ж. Гегелдер тарабынан жаңы мектеп негизделген. Мектептин өкүлдөрү Библияга, мифологиялык мектептерге карата сындарды жазышкан.

Түбөлүктүүлүк

Түбөлүктүүлүк (Вечность) – дүйнөнүн материалдык бирдиктүүлүгү, материянын жана анын атрибуттарынын кимдир бирөө тарабынан жаратылбаганы жана жок болуп кете албаганы менен шартталган, материалдык дүйнөнүн жашаш мөөнөтүнүн чексиздиги, учу-кыйыры жоктугу.

Түбөлүктүүлүк негизинен материяга гана мүнөздүү жана таандык: конкреттүү ар бир материалдык система убакытта өзүнүн башатын жана акыркы чекке ээ болуп, өтмө мүнөздө болот. Материалдык дүйнөнүн Түбөлүктүүлүктүүлүгүн моюнга алуу – материалисттик философиянын башкы принциби.

Ал эми теология менен объективдүү идеализм Түбөлүктүүлүктү кудай же абсолюттук рухтун атрибуту, б. а. ажырагыс касиети катарында эсептешет. Мындай көз караштар тажрыйба менен илим тарабынан четке кагылат.

Фома Аквинский

Фома Аквинский (1225—1274) — схоластикалык философиянын гүлдөп турган мезгилиндеги эң көрүнүктүү өкүлү болгон.

Цюрих университети

Цюрих университети (UZH, нем. Universität Zürich) - Швейцариянын борбору Цюрихте жайгашкан. Ал 26,000ден ашуун студенти менен Швейцариядагы эң ири университет болуп эсептелинет. Ал 1833-жылы теология, мыйзам, медицина жана жаңы философия колледждеринен түзүлгөн.

Учурда университетте жети факультети бар: философия, медицина, экономикалык илимдер, укук, математика жана табигый илимдер, теология жана ветеринария. Университет щвейцардык жогорку окуу жайдагы мекемелрерден бардык тармактагы сабактарды жана курстарды сунуш кылат.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.