Темир доору

Темир доору болжолу б.з.ч. 8-кылымдан башталат. Ал темирден жасалган эмгек жана согуш куралдарынын пайда болушу, кеңири жайылышы менен мүнөздөлөт. Темир доорунун техникалык жагынан эң негизги жетишкендиги кенден темирди нымдуу үйлөө ыкмасы менен алуу болуп саналган. Жаңыдан пайда болгон бышык металлга таш, сөөк, жыгач, ж.б. теңтайлаша алган эмес. Темир буюмдарды коло буюмдардай куюу жолу менен эмес, согуу жолу менен жасалган. Темирди металлдан жасалган дөшүнүн үстүнөн коюп, согуп керектүү формага келтиришкен. Темирди кеңири колдонуунун негизинде калктын чарбалык турмушу жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Соконун темир тиштери, ороктор, керки сымал куралдар жана башкалар түшүмдүүлүктү бир кыйла жогорулатып, азык-түлүк оокаттарын көбүрөөк даярдоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Темир куралдарына жана жабдыктарына болгон муктаждык дыйканчылыктан бөлүнүп чыккан кол өнөрчүлүктүн (темир устачылыктын) пайда болушуна түрткү болгон. Темир доорунун башында көпчүлүк уруулар сооданы дааналай (натуралай) жүргүзүшкөн. Алгачкы жөнөкөй соода патриархалдык-уруулук бирикменин коллективдүү жашоосун бузуп, жеке менчиктин пайда болушуна, өнүгүшүнө жана жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы мүлктүк теңсиздиктин тереңдешине алып келген.

Korea-Silla-Iron.armor-01
Темир доору (Корея‎).

Дагы караңыз

Колдонулган адабият

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
Ак-Таш көрүстөнү

Ак-Таш көрүстөнү – эрте темир доору, орто кылымдарга таандык көрүстөндөр тобу. Соң-Көлдүн чыгыш тарабында, Калмак-Ашуудан түшө бериште жайгашкан. Алгач археолог А.К.Кибиров(1953), кийин Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен экспедициясы (1997) изилдеген.

Акташ, көрүстөнү

Акташ көрүстөнү– эрте темир доору, орто кылымдарга таандык көрүстөндөр тобу. Соңкөлдүн чыгыш тарабында, Калмак - Ашуудан түшө бериште жайгашкан. Алгач археолог А.К.Кибиров (1953), кийин Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен экспедициясы (1997) изилдеген.

Археологиялык мезгилдерге бөлүштүрүү

Археол. илиминде колдонгон эмгек куралдарына жараша тарыхый мезгил таш, коло, темир доору деп бөлүштүрүлөт. Таш доору үчкө бөлүнөт: палеолит – байыркы таш доору (б. з. ч. 2 млн. 600–10 миң жылдыктар), мезолит – ортоңку таш доору (б. з. ч. 10–7 миң жылдыктар), неолит – жаңы таш доору (б. з. ч. 6–4 миң жылдыктар). Байыркы таш доору – төмөнкү таш доору (2 млн. 600 миң ж-тар), жогорку таш доору (40–10 миң жылдыктар аралыгы) болуп экиге бөлүнөт. Төмөнкү таш доору олдувай, ашель, мустье доору болуп үчкө бөлүнөт. Таш доорунан кийин жез таш доору (энеолит) деген өткөөл мезгил бар. Ал б. з. ч. 4–3 миң жылдыктарды, коло доору б. з. ч. 3-миң ж-тан 1-миң ж-ка чейинки аралыкты камтыйт. Эрте темир доору 1-миң жылдыктан б. з. ортосуна чейинки учур. Кийинки А. м. б. тарыхта орто кылымдар доору деп уланып кетет. Археол-да айрым аймактар үчүн этностордун аты м-н аталган шарттуу мезгилдерге бөлүштүрүү да колдонулат. Мис., Орто Азия археол-нда сак доору (б. з. ч. 8–3-к.), Борбордук Азия археол-нда байыркы түрк мезгили (б.з. 6–10-к-ры), Түштүк Сибирь археол-нда кыргыз мезгили (840-ж.–10-к- дын ортосу), моңгол мезгили (13–14-к.) ж.б. Археол.маданияттын аты м-н колдонулган шарттуу аталуучу мезгилдер да кездешет. Мис., андрон мезгили.

Байыркы ирригациялык курулмалар

Байыркы ирригациялык курулмалар - Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөндөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы туракжайлар тууралуу кабар берет. Дыйканчылыктын гүлдөп өсүшү климат жана сугат ишкердиги менен тыгыз байланыштуу болгон. Орто Азияда алгачкы сугат арыктары жана суу топтой турган жерлер энеолит (б. з. ч. 4-3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Окумуштуулардын кийинки жылдардагы изилдөөсүнө караганда мындан 20002700 жыл мурда, эрте темир доору мезгилинде Жетисуу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кыргызстанда ирригациялык курулмалар (суу куурлары) Чүй жергесинде (Төкөлдөшарык, Ташарык, Жыламышарык, Өтөгөнарык, Сайарык) орто кылымдардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кыргыз жергесиндеги б. з. ч. арыктар, туракжай орундары жеткиликтүү изилдене элек.

Казакстан

Казакстан Республикасы (каз. Қазақстан Республикасы) – Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет.

Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Тянь-Шань тоо системасына чейин.

Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.

Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Казакстан 1991-жылдан КМТТТга, Бириккен Улуттар Уюмуна (1992), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.

Коло доору

Коло доору — болжол менен биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын жана согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк Иран, Түркия жана Месопотамиядан биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкка таандык эң байыркы коло куралдар табылган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын аягынан), Индияда (биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягынан), Кытайда (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунан) жана Европада (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктан) пайда болгон. Америкадагы Коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу жана Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (биздин замандын 6-10-к.) металлургиянын борбору болгон. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү болгондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди мекендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азиянын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Казакстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесип кылган урууларында биздин заманга чейинки 17-14-кылымда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кышаарынан, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдар жана «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында биздин заманга чейинки 12-8- кылымда Коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт.

Коло доору. Ош турган жайы.

Коло доору. Ош турган жайы.

Коло доорунда (биздин заманга чейин 3- миң жылдык- биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын башы) техника менен маданияттын ѳнүгүшү бир топ ылдамдап, мунун негизинде Жакынкы чыгыштагы кул ээлѳѳчүлүк мамлекеттерге жерди суугаруу, айдоо, кол ѳнѳрчүлүк, жазуу иштери ѳнүккѳн. Европа менен Азиянын көпчүлүк жерлеринде мал чарбачылыгы кеңири тарап , энелик доорду аталык доору, коло доорун темир доору алмаштырган. Борбор Азиянын туштүк- батышында отурукташып, дыканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен.

Болжол менен биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта Орто Азияда жез кеңири жайылып , андан эмгек куралдары жасала баштаган. Бирок жезден жасалган куралдар жумшак келип, тез мокогон. Качан гана адамдар жез менен калайдын кошулмасынан колону алууга үйрѳнгѳндѳ, адамзат коомунда ири прогрессивдүү ѳзгѳруштѳр башталган. Кыргызстандын аймагынан жез кендери Ноокаттан, Чаткалдан, Кетментѳбѳдѳн, калай Ысыккѳлѳдгү Сарыжаз суусунун жээгинен казылып алынган. Коло доорунда Кыргызстандын аймагында эки маданият ѳнүккѳн. Борбор Теңиртоодо , Ысыккѳлдѳ , Чуй жана Талас ѳрѳѳндѳрүндѳ кѳчмѳн мал чарбачылыгы аздыр- кѳптүр дыйканчылык, аңчылык менен айкалышып ѳнүккѳн. Бул кездеги адамдар казак талааларындагы жана Түштүк Сибирдеги элдер, уруулар менен байланышта болгон. Тектеш чарбалык маданий эстеликтеринен улам алардын маданиятын Андрон маданияты деп аташат. Бул маданияттын эң бай кенчи Кочкор ѳрѳѳнундѳгу Шамшы айылында табылган. Андрон маданиятынын ѳкүлдѳрү кыргызстандагы бийик тоолуу Аксай, Арпа ѳрѳѳндѳрүн да ѳздѳштурушкѳн. Кол ѳнѳрчүлѳр ѳз алдынча кесип ээлери катары бѳлүнѳ баштаган. Колодон канжар, найзанын, жебенин учтарын, орок , балта жасашкан, жүндѳн кездеме токуганды жана тери иштеткенди мыкты ѳздѳштүрүшкѳн. Коло дорунун биздин заманга чейин 18- 15-кылымга таандык тургун жайы Чүй ѳрѳѳнундѳгү Беловодскиден, биздин заманга чейин 12-9 кылымга таандык эстеликтерди , аска бетине тартылган сүрѳттѳрдү Аламүдүн, Александровка, Жайылма жана Кайыңдыдан табышкан.

Токтогул районунун жаны борборун куруу мезгилинде Андрон маданиятынын мезгилиндеги турак үй табылган. Ал бир метрдей казылган 70 чарчы метрдей жерге тургузулган. Бул жер үйдүн дубалы жана үстү устундар менен бекитилип, чырпык менен каланган жана ылай менен шыбалган. Мында 25тей адамдан турган үй-булѳ биргелешип чарба жүргүзгѳн.

Коло дорунда ѳлгѳндѳрдү ѳрттѳѳ жана жерге коюу салты колдонулган. Мүрзѳлѳргѳ тамак- аш, металлдан жасалган бычактар, ийнелер, сѳйкѳлѳр, билериктер жана башка кошо коюлган. Кыргызстандын айрым жерлеринен коло дооруна тиешелүү байыркы кенчтер табылган. Коло дооруна таандык аскага тартылган сүроттѳр Жалалабад облусундагы Тогузторо районунда жайгашкан Когарт суусунун батышындагы саймалыташ сүрѳт галериясында топтолгон. Саймалыташ- таш бетине чегилген сүрѳттѳрдүн дуйнѳдѳгү эң чоң, уникалдуу галереясы. Аз сандагы аскага тартылган сүрѳттѳр Сулайман тоосунан. Араван кыштагына жакын аскадан, Чолпоната шаарына жакын жерден, Кетментѳбѳ жана Алай ѳрѳѳндѳрүнѳн табылган.

Андрон маданиятындагы уруулар негизинен мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Жылкыны ѳзгѳчѳ аздектеп асырашкан. Андрон маданиятындагылар алгачкылардан болуп кымыз жасаганды үйрѳнүшкѳн деген пикир бар. Андрон маданиятынын ѳкүлдѳрү социалдык жактан үй- бүлѳлѳргѳ бѳлүнуп жашашкан. Ал үй- бүлѳлѳр уруктардды тузгѳн. Уруктар ири урууларга бириккен. Коомдук ѳндүрүштун жакшырышы менен азык түлүк, байлыктар кѳбүрѳѳк ѳндүрүлѳ баштаган. Урук башкаруучусу мүмкүнчүлүктѳн пайдаланып , байлыктын кѳбүн ѳзүнѳ ыйгарган . Аскер башчылары жана дин башчылары ѳзгѳчѳ укуктарга ээ болушкан. Коомдо теңсиздиктин алгачкы белгилери пайда болгон. Буд доордо уруктун жана уруунун башына эркек жол башчылары туруп, ата бийлигинин доору – патриархат ѳз үстѳмдүгүн жүргүзгѳн. Кыргызстандандын түштүгүндѳгү Фергана ѳрѳѳнүндѳ байыркы дыйканчылыкка негизделген экинчи маданият ѳнүккѳн. Ал шарттуу түрдѳ Чуст маданияты деп аталган. Чуст маданиятындагы уруулардын социалдык түзүлүшүндѳ да теңсиздик ѳкүм сүргѳн. Бул маданияттын ѳкүлдѳрү буудай, арпа, таруу, сулу ѳстүрүшүп, бирок мал чарбасы буларда негизги тармак болгон эмес. Кол ѳнѳрчүлүк андрон маданиятына салыштырмалуу күчтуү ѳнүккѳн. Түшүмдү таш, коло ороктор менен орушкан. Эгиңди үйдүн ичине казылган ороолордо сакташкан. Айрым ороолорго бир тоннадай эгин баткан. Байыркы ферганалыктардын таш ороктору Ысыккѳлдун уч жеринен, Чыгыш Түркстандан, озбекстандын түштүгүнѳн кездешкен. Чуст тургун жайларыѳзгондүн жанынан, Куршабдан, Ноокаттан табылган. Бул маданияттын эн байыркы жана ѳзүнчѳ айрымалуу эстеликтеринин бири-коло доорундагы Ош тургун жайы. Ал узундугу 200метрден кем эмес аянты ээлеп, Сулайман тоосунун Түштүк тарабындагы тик капталда тектир- тектир болуп жайгашкан. Ошол кезде үйлѳр сулайман тоосунун борборундагы бийик аскасын тегерете жайгашкандыгы жѳүндѳ божомолдоого болот. 70тен ашуун ороолор табылган. Археологдор тарабынан бул тургун жай дыкат изилденип. Азыркы Ош аймагында алгач отурукташып , дыйканчылык менен кесиптешкен калктуу тургун жай мындан 3 миӊ жыл мурда пайда болгондугу аныкталды. Ош тургун жайынан 70тен ашуун ороолор табылган. Аларда дан жана башка азык- түлүктѳр сакташкан.

Кыргызбайбулуң аска бетиндеги сүрөттөр

Кыргызбайбулуң аска бетиндеги сүрөттөр – коло, эрте темир доору жана орто кылымдарга тиешелүү археологиялык эстелик. Кочкор өрөөнүнүн Каракүңгөй айылынын чыгыш тарабында жайгашкан. Ритуалдык ырымдарды, жаа менен тоо текелерге, аркарларга аңчылыкка чыккан мергенчилердин, жылкы, илбирс, карышкыр, кыргыз оюуларынын сүрөттөрү тартылган. 2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин археологиялык экспедициясы тарабынан табылган.

Кыргызстандын археологиясы

Кыргызстандын археологиясы — азыркы Кыргызстандын аймагындагы археологиялык изилдөөлөрдүн жана табылгалардын жыйындысы.

Таш доору

Таш багыр

– адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идиштерди жасоо өнүккөн. Таш доору – адамзат тарыхындагы узакка созулган доор, ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 2,5 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 миң жылдай мурда) чейин созулган. Бул доор маданияттын өнүгүш өзгөчөлүктөрүнө ылайык байыркы таш доору (палеолит), жаңы таш доору (неолит) жана бул экөөнүн ортосундагы өткөөл доору – ортоңку таш доор – мезолит деп бөлүнөт. Булар да өз алдынча мезгилдерге ажырайт. Таш доору алгачкы жамааттык түзүлүш доорунун көп мезгилин камтыйт.

Учурунда КСРБнин аймагында таш дооруна таандык 900дөн ашык эстелик изилденген. Алар Орто Азияда, Казакстанда, Арменияда, Абхазияда, Түштүк Осетияда, Украинада, Молдавияда ж.б. жерлерде кездешет. Кыргызстандын аймагындагы Он-Арча жана Кожо-Бакырган-Сай палеолит "устаканасы" таш доорунун эң байыркы эстеликтерине кирет. Неолит доорунун эстеликтери Крымдын үңкүрлөрүндө, Ока, Жогорку Волга, Днепр, Балтика боюндагы жерлерде тараган. Неолиттин аягында мурдагы КСРБнин түштүгүндө, кийин түндүгүндө жез куралдары пайда болуп, энеолит доору башталган.

Болжол менен миллион жыл мурун Түштүк Казакстанда, Борбордук Азияда, анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында адамдардын үйүрлөрү пайда болгон. Кыргызстандагы эң байыркы адамдардын турмушун ошол кезде жасалып, массалык түрдө пайдаланылган таш куралдары аркылуу билебиз.

Байыркы таш доору палеолиттин биринчи баскычы болгон эрте палеолит учурунда Кыргызстандагы адамдар кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап эң жөнөкөй кескичтерди, кыргычтарды, учтуу көзөгүчтөрдү, бычактарды ж.б. жасашкан. Кийинчерээк таштардын түрүн пайдалануунун натыйжасында андан жасалган куралдар акырындык менен өркүндөтүлгөн.

Кыргызстандын аймагынан табылган эң жөнөкөй таш куралдары б.з.ч. 800-10 миң жылдыктарга таандык. Алар Нарын областындагы Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган.

Эрте палеолит доорунда Кыргызстандагы адамдар отту пайдаланууну үйрөнүшкөн. Табигаттын татаал шарттарында, куралдардын жөнокөйлүгүнөн улам адамдар жырткыч жаныбарлардан коргонуу жана ири жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн адам үйүрү деп аталган майда топторго биригип жашашкан.

Ортоңку палеолит доорунда таш куралдары бир кыйла жакшырган. Бул доорго таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош областынын Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Дангирек-Дере капчыгайынан эн байыркы таш талкалоочу жай табылган. Бул өнөрканада кара, боз, жашыл түстөгү кат-кат кремний таштары табигый издери менен жарылып мурдагыдан миздүү, учтуу куралдар жасалган. Бул мезгилде инстинкт боюнча болуп келген коомдук мамилелер аң-сезимдин негизинде өнүгө баштаган. Кыргызстандын эң байыркы тургундары питекантроп менен синантроп типтериңде болгон. Эволюциялык өнүгүшү боюнча "акыл-эстүү адам" – "гомо сапиенс" деп аталган. Алар негизинен аңчылык менен күн көрүп, ар үйурүндө 25-50дөн киши болгон. Өзбекстандагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган өспүрүмдүн сөөгүнөн мындан 40 миң жыл мурда өлгөндөрдү жерге жашыруу жөрөлгөсү пайда болгонун билебиз.

Соңку палеолит доорунда, окумуштуулардын пикири боюнча адамдар планетабыздын бардык климаттык алкактарында жайгашып, расалык топтор жана расалар калыптанган. Дал ушул доордо коомдук мамилелердин өркүндөшүнүн натыйжасында алгачкы адам үйүрлөрү эне тарабынан кандык байланышка негизделген уруулук коомдорго биригишкен.

Адам тукумун улантуудагы жана коомдун үй-чарбасындагы ээлеген орду үчүн байыркы адамдарда аял заты өзгөчө аздектелген. Илимде бул коом эне бийлигинин коому – матриархат делип аталат. Энелик урукка негизделген коом мурдагы адам үйүрүнө караганда жогорку баскычта турган. Бара-бара адамдын аң-сезими өскөн. Жаныбарлардын сөөктөрүнөн, жыгачтан эмгек куралдарын шибеге, ийне жасоону үйрөнүшкөн. Бул доорго таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үңкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожо-Гор булагынын жанынан табылган. Алгачкы коомдо искусствонун пайда болушу ошол кездеги адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын айгинелейт. Ысык-Көл аймагындагы бийик тоолуу Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур үңкүрүндө 10 миң жыл мурун байыркы сүрөтчүнүн жаныбарларды, адамдардын аң уулоо, бийлөө учурун үңкүрдүн бооруна чагылдырган эмгектери сакталып калган. Адамдардын таштан жасалган элестери да ушул мезгилде пайда болгон.

Дал ушул жогорку палеолит доорунда азыркы кебете-кешпирдеги адамдар калыптанган. Алар ойлонууга, оюн айтып түшүндүрүүгө жарап калышкан.

Жаңы таш доору (неолит) б.з.ч. V-III миң жылдыктарды камтыйт. Бул учурда адамзат табигатты өздөштүрүүдө ири секирик жасаган. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгы өздөштүрүлүп, ал тургай чарба жүргүзүүнүн негизги тармактарына айланат. Албетте, аңчылык менен жыйноочулук көмөкчү кесип катары сакталып кала берген. Орто Азиянын өрөөндүү жерлеринде мал чарбачылыгы менен катар дыйканчылык көбүрөөк өнүккөн. Негизинен тоолуу аймак болгондуктан Кыргызстанда алгач мал чарбачылыгы өнүккөн. Неолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур жергесинде жана Нарын шаарына жакын Теке-Секирик үңкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан ж.б. жерлерде табылган. Бул доордо жашагандар кийимди токуп кийгенди, карапа идиштерин жасаганды үйрөнүшүп, айрым жерлерде кен иштетүүнүн алгачкы аракеттери башталган.

Социалдык жактан неолит доорунда өндүрүш каражаттарына карата жалпы менчикке, коллективдүү эмгекке негизделген уруулук жамаат өнүккөн. Бул мезгилде уруулар жана уруу бирикмелери түзүлүп, ага бир уруктан тараган жана бир типтеги чарба жүргүзүүчү бир нече ири же майда уруктар бириккен. Бул мезгилдеги Кыргызстандагы неолит уруулары өздөрүнүн чарба жүргүзүүдөгү жана маданиятындагы өзгөчөлүктөрүн сактоо менен коңшу аймактагы уруулар менен тыгыз байланышта болгондугун тарыхый эстеликтер айгинелейт.

Таш доорунун акыркы этаптарында таштан жасалган өндүрүштүк куралдар бир кыйла жакшырып, кой, уй, жылкы сыяктуу айбандар колго үйрөтулө баштаган. Бара-бара дыйканчылык менен мал чарба өндүрүшү бир кыйла өнүгөт. Эмгек куралдары негизинен жез, коло сыяктуу металлдардан жасалган. Коомдо аялдарга караганда эркектердин ролу тездик менен жогоруланган. Ошентип, аталык уруулук түзүлүш – патриархат энелик доорду (матриархат) алмаштырган. Темир доору мезгилинде илгерки үйүр топтук никелешүүнүн ордун үй-бүлө байланыштары ээлеген. Бул мезгилге ар бир уруулар энеге карап бөлүнбөй, атага карап бөлүнүп, ал уруулар эркектин наамы менен атала баштаган. Өндүрүштө эркектердин негизги орунга өтүшү менен өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчиктүүлүк жана адамдарды адам эзүү мезгили башталат.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.