Таш доору

Таш багыр


– адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идиштерди жасоо өнүккөн. Таш доору – адамзат тарыхындагы узакка созулган доор, ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 2,5 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 миң жылдай мурда) чейин созулган. Бул доор маданияттын өнүгүш өзгөчөлүктөрүнө ылайык байыркы таш доору (палеолит), жаңы таш доору (неолит) жана бул экөөнүн ортосундагы өткөөл доору – ортоңку таш доор – мезолит деп бөлүнөт. Булар да өз алдынча мезгилдерге ажырайт. Таш доору алгачкы жамааттык түзүлүш доорунун көп мезгилин камтыйт.

Учурунда КСРБнин аймагында таш дооруна таандык 900дөн ашык эстелик изилденген. Алар Орто Азияда, Казакстанда, Арменияда, Абхазияда, Түштүк Осетияда, Украинада, Молдавияда ж.б. жерлерде кездешет. Кыргызстандын аймагындагы Он-Арча жана Кожо-Бакырган-Сай палеолит "устаканасы" таш доорунун эң байыркы эстеликтерине кирет. Неолит доорунун эстеликтери Крымдын үңкүрлөрүндө, Ока, Жогорку Волга, Днепр, Балтика боюндагы жерлерде тараган. Неолиттин аягында мурдагы КСРБнин түштүгүндө, кийин түндүгүндө жез куралдары пайда болуп, энеолит доору башталган. Болжол менен миллион жыл мурун Түштүк Казакстанда, Борбордук Азияда, анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында адамдардын үйүрлөрү пайда болгон. Кыргызстандагы эң байыркы адамдардын турмушун ошол кезде жасалып, массалык түрдө пайдаланылган таш куралдары аркылуу билебиз.

Байыркы таш доору палеолиттин биринчи баскычы болгон эрте палеолит учурунда Кыргызстандагы адамдар кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап эң жөнөкөй кескичтерди, кыргычтарды, учтуу көзөгүчтөрдү, бычактарды ж.б. жасашкан. Кийинчерээк таштардын түрүн пайдалануунун натыйжасында андан жасалган куралдар акырындык менен өркүндөтүлгөн.

Кыргызстандын аймагынан табылган эң жөнөкөй таш куралдары б.з.ч. 800-10 миң жылдыктарга таандык. Алар Нарын областындагы Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган.

Эрте палеолит доорунда Кыргызстандагы адамдар отту пайдаланууну үйрөнүшкөн. Табигаттын татаал шарттарында, куралдардын жөнокөйлүгүнөн улам адамдар жырткыч жаныбарлардан коргонуу жана ири жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн адам үйүрү деп аталган майда топторго биригип жашашкан.

Ортоңку палеолит доорунда таш куралдары бир кыйла жакшырган. Бул доорго таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош областынын Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Дангирек-Дере капчыгайынан эн байыркы таш талкалоочу жай табылган. Бул өнөрканада кара, боз, жашыл түстөгү кат-кат кремний таштары табигый издери менен жарылып мурдагыдан миздүү, учтуу куралдар жасалган. Бул мезгилде инстинкт боюнча болуп келген коомдук мамилелер аң-сезимдин негизинде өнүгө баштаган. Кыргызстандын эң байыркы тургундары питекантроп менен синантроп типтериңде болгон. Эволюциялык өнүгүшү боюнча "акыл-эстүү адам" – "гомо сапиенс" деп аталган. Алар негизинен аңчылык менен күн көрүп, ар үйурүндө 25-50дөн киши болгон. Өзбекстандагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган өспүрүмдүн сөөгүнөн мындан 40 миң жыл мурда өлгөндөрдү жерге жашыруу жөрөлгөсү пайда болгонун билебиз.

Соңку палеолит доорунда, окумуштуулардын пикири боюнча адамдар планетабыздын бардык климаттык алкактарында жайгашып, расалык топтор жана расалар калыптанган. Дал ушул доордо коомдук мамилелердин өркүндөшүнүн натыйжасында алгачкы адам үйүрлөрү эне тарабынан кандык байланышка негизделген уруулук коомдорго биригишкен.

Адам тукумун улантуудагы жана коомдун үй-чарбасындагы ээлеген орду үчүн байыркы адамдарда аял заты өзгөчө аздектелген. Илимде бул коом эне бийлигинин коому – матриархат делип аталат. Энелик урукка негизделген коом мурдагы адам үйүрүнө караганда жогорку баскычта турган. Бара-бара адамдын аң-сезими өскөн. Жаныбарлардын сөөктөрүнөн, жыгачтан эмгек куралдарын шибеге, ийне жасоону үйрөнүшкөн. Бул доорго таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үңкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожо-Гор булагынын жанынан табылган. Алгачкы коомдо искусствонун пайда болушу ошол кездеги адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын айгинелейт. Ысык-Көл аймагындагы бийик тоолуу Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур үңкүрүндө 10 миң жыл мурун байыркы сүрөтчүнүн жаныбарларды, адамдардын аң уулоо, бийлөө учурун үңкүрдүн бооруна чагылдырган эмгектери сакталып калган. Адамдардын таштан жасалган элестери да ушул мезгилде пайда болгон.

Дал ушул жогорку палеолит доорунда азыркы кебете-кешпирдеги адамдар калыптанган. Алар ойлонууга, оюн айтып түшүндүрүүгө жарап калышкан. Жаңы таш доору (неолит) б.з.ч. V-III миң жылдыктарды камтыйт. Бул учурда адамзат табигатты өздөштүрүүдө ири секирик жасаган. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгы өздөштүрүлүп, ал тургай чарба жүргүзүүнүн негизги тармактарына айланат. Албетте, аңчылык менен жыйноочулук көмөкчү кесип катары сакталып кала берген. Орто Азиянын өрөөндүү жерлеринде мал чарбачылыгы менен катар дыйканчылык көбүрөөк өнүккөн. Негизинен тоолуу аймак болгондуктан Кыргызстанда алгач мал чарбачылыгы өнүккөн. Неолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Чуңкур жергесинде жана Нарын шаарына жакын Теке-Секирик үңкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан ж.б. жерлерде табылган. Бул доордо жашагандар кийимди токуп кийгенди, карапа идиштерин жасаганды үйрөнүшүп, айрым жерлерде кен иштетүүнүн алгачкы аракеттери башталган.

Социалдык жактан неолит доорунда өндүрүш каражаттарына карата жалпы менчикке, коллективдүү эмгекке негизделген уруулук жамаат өнүккөн. Бул мезгилде уруулар жана уруу бирикмелери түзүлүп, ага бир уруктан тараган жана бир типтеги чарба жүргүзүүчү бир нече ири же майда уруктар бириккен. Бул мезгилдеги Кыргызстандагы неолит уруулары өздөрүнүн чарба жүргүзүүдөгү жана маданиятындагы өзгөчөлүктөрүн сактоо менен коңшу аймактагы уруулар менен тыгыз байланышта болгондугун тарыхый эстеликтер айгинелейт.

Таш доорунун акыркы этаптарында таштан жасалган өндүрүштүк куралдар бир кыйла жакшырып, кой, уй, жылкы сыяктуу айбандар колго үйрөтулө баштаган. Бара-бара дыйканчылык менен мал чарба өндүрүшү бир кыйла өнүгөт. Эмгек куралдары негизинен жез, коло сыяктуу металлдардан жасалган. Коомдо аялдарга караганда эркектердин ролу тездик менен жогоруланган. Ошентип, аталык уруулук түзүлүш – патриархат энелик доорду (матриархат) алмаштырган. Темир доору мезгилинде илгерки үйүр топтук никелешүүнүн ордун үй-бүлө байланыштары ээлеген. Бул мезгилге ар бир уруулар энеге карап бөлүнбөй, атага карап бөлүнүп, ал уруулар эркектин наамы менен атала баштаган. Өндүрүштө эркектердин негизги орунга өтүшү менен өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчиктүүлүк жана адамдарды адам эзүү мезгили башталат.

Колдонулган адабияттар

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010
Алгачкы коом

Алгачкы коом, уруулук жамаат (урук) — коомдук өнүгүүнүн адамдар пайда болушунан тартып, мамлекет түзүлгөнгө чейинки мезгили. Өнүгүүнүн кийинки коомдорунан таптардын, мамлекеттин жоктугу менен айырмаланат, бул доорго жамааттык эмгек, өндүрүш каражаттары ж-а өндүрүлгөн продуктуну жалпы пайдалануу мүнөздүү. Өндүрүү ишмердүүлүгүнүн келип чыгышынын натыйжасында адамдын (антропогенез), коомдун (социогенез), калыптануу процесси 1млндой убакытка созулган. Археологиялык жагынан алганда, негизинен палеолит (эрте таш доору), мезолит (орто таш доору), неолит (жаңы таш доору) доорлорун камтыйт. Алгачкы коом өзүнөн кийинки коомдордон айырмаланып өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээли өтө төмөн болуп, өндүрүштө жана керектөөдө жамааттык принцип негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү, өндүрүлгөн продуктуга тең ээлик кылуу жеке адамдын жаратылыш кубулуштарына алсыздыгынан улам келип чыккан. Алгачкы коомдун тарыхы негизинен археологиялык, антропологиялык жана этнографиялык маалыматтарга таянат. Алгачкы коом 3 мезгилге бөлүнүп каралат: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү жана анын ыдырап бузулушу. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду - энелик урууну (матриархат) жана аталык урууну (патриархат) камтыйт. Энелик уруу мезгили төмөнкү палеолиттен неолитке чейинки мезгилди кучагына алат. Мында таштан, жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн жасалган эмгек куралдары (алгач найза, союл, бычак, кийинчерээк кескич, канжар, кыргыч, балта, керки, орок ж. б.) колдонулуп, бара-бара өркүндөтүлө берген. Негизги кесиби аңчылык, балык уулоочулук ж-а жыйноочулук болгон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында эркектер балык, аң уулоо, аялдар мөмө-жемиш терүү иштерин аткарган. Энелик уруунун соңку доорунда уруу ичинде эне башкара турган чоң-чоң үй-бүлөлөр бөлүнүп чыгып, бир нече уруунун башын кошкон топтор калыптана берген. Аталык уруу мезгили коло доорун ж-а алгачкы темир доорун өзүнө камтыйт. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а кол өнөрчүлүк (жез, коло, темир металлдарын ысытып иштетүү) пайда болгон. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аялдын коомдогу, чарбадагы абалы төмөндөгөн. Аталык уруунун соңку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, жеке менчиктин ж-а чарбанын пайда болушуна, уруктардын бөлүнүшүнө алып келген, ошондой эле алгач согушта туткунга түшкөндөрдү, бара-бара ошол эле уруудагы жакырдангандарды кулга айландырган, байыган уруу башчыларынын бөлүнүп чыгышы соцпал. топтордун ж-а мамлекеттин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Алгачкы коомдун издери Кыргызстандын аймагында Нарын облусунда Нарын шаарына жакын Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан м-н Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган таш куралдарынан байкалат. Ортоңку палеолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош облусунун Араван районундагы Сасык-Үңкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Даңгирекдере капчыгайынан эң байыркы таш талкалоочу жай табылган. Ал эми соңку палеолит дооруна таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үңкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожогор булагынын жанынан табылган. Неолит ж-а коло доорунда пайдаланган курал-жарактарды Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүнүн жанындагы Ак-Чуңкур ж-а Нарын шаарына жакын Текесекирик үңкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Сокулук, Садовое, Беловодск айылынан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан, Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылынан табылган. Ал эми аска бетине тартылган сүрөттөрдү Чүйдөгү Аламүдүн, Александровка, Жайылма, Кайыңды, Оштогу Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдулата мазары), Алай ж-а Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн табылган калдыктардан көрүүгө болот.

Алгачкы общиналык (жамааттык) түзүлүш

Алгачкы общиналык (жамааттык) түзүлүш - марксисттик тарыхнаамада адамзат тарыхындагы алгачкы социалдык-экономикалык формация катары кабыл алынган коомдук баскыч. Өндүрүш каражаттарынын жамааттык (общиналык) менчикте болушу, социалдык топтордун, катмарлардын жоктугу жана азык-түлүк, тамак-аштын теңдештирилип бөлүштүрүлүшү бул социалдык-экономикалык формациянын негизи болот. Илимде жалпы кабыл алынган түшүнүк боюнча, киши жана адамзат коому калыптангандан соң, социалдык таптардын ортосундагы мамилелер келип чыкканга чейинки доорду өз кучагына камтыйт. Археологиялык өңүттөн алганда, негизинен палеолит (эрте таш доору), мезолит (орто таш доору), неолит (жаңы таш доору) доорлорун өз кучагына камтыйт. Алгачкы жамааттык коом өзүнөн соңку формациялардан айырмаланып, өндүргүч күчтөр өнүгүү деңгээли өтө төмөн болуп, өндүрүштө жана керектөөдө жамааттык принцип негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү, өндүрүлгөн продуктыга тең ээлик кылуу жеке адамдын табигаттын кубулуштарынын, жаратылыштын алдындагы алсыздыгынан улам келип чыккан. Бул коомдук-экономикалык формациянын тарыхы негизинен археология, антропология, этнографиялык маалыматтар аркылуу калыбына келтирилет. Илимде бул коомдук-экономикалык формация 3 мезгилге бөлүп каралат: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү жана анын ыдырап кулашы. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду - энелик урууну жана аталык урууну башынан өткөргөн. Энелик уруу (матриархат) мезгили төмөнкү палеолиттен башталып, неолиттин убагында өөрчүп-өнүккөн учуру менен бүтөт. Мында эмгек куралы таш, сөөк, мүйүздөн жана жыгачтан жасалган, найза, союл колдонулган, кийинчерек кескич, кыргыч сыяктуу куралдарды пайдаланыша билишкен. Чарбачылыктын негизин аңчылык, балык кармоо жана мөмө-жемиш терүү (жыйноочулук) түзгөн. Эркектер аң уулоо, балык кармоо менен, аялдар мөмө-жемиш терүү ж.б. жыйноочулук иштери менен алектенишкен. Өндүрүштө кескич, канжар, балта, керки, орок сыяктуу нерселер жана жыгач кайык колдонулган. Ошону менен катар, жамааттык коомдо айрым адамдар тобу жер айдоо кесибине өтүшсө, кээ бирөөлөрү балык, аң уулоо же мал асыроо менен тиричилик өткөрө баштаган. Аталык доор мезгилинде өндүргүч күчтөр күрдөөлдүү өнүгүп, жер айдоо куралы колдонула баштайт, мал асыроо жолго коюлуп, ар түрдүү металлдарды ысытып, эритип иштетүү менен кол өнөрчүлүк пайда болот. Мында эмгекти коомдук бөлүштүрүүнүн 3 түрү жүзөгө ашырылган: дыйканчылык, мал багуу, кол өнөрчүлүк жана андан соода өз алдынча бөлүнүп чыккан. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аялдын коомдогу, чарбадагы ээлеген орду төмөндөйт. Аталык уруунун соңку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, уруулар ортосундагы кагылыштардан колго түшкөндөр кулга айландырылган. Общинанын ичинде социалдык жана экономикалык теңсиздик келип чыккан. Кыргызстандын аймагындагы алгачкы жамааттык түзүлүштүн баштапкы мезгилинин издери Айдаркенде Селүңкүрдөн, Онарча суусунун боюнан жана Кожо-Бакырган-Сай капчыгайынан табылган таш куралдарынан улам байкалат. Ош областындагы Капчыгай өрөөнүнөн тиричиликтин Мустьер маданиятына тиешелүү маданияты табылган.

Археологиялык мезгилдерге бөлүштүрүү

Археол. илиминде колдонгон эмгек куралдарына жараша тарыхый мезгил таш, коло, темир доору деп бөлүштүрүлөт. Таш доору үчкө бөлүнөт: палеолит – байыркы таш доору (б. з. ч. 2 млн. 600–10 миң жылдыктар), мезолит – ортоңку таш доору (б. з. ч. 10–7 миң жылдыктар), неолит – жаңы таш доору (б. з. ч. 6–4 миң жылдыктар). Байыркы таш доору – төмөнкү таш доору (2 млн. 600 миң ж-тар), жогорку таш доору (40–10 миң жылдыктар аралыгы) болуп экиге бөлүнөт. Төмөнкү таш доору олдувай, ашель, мустье доору болуп үчкө бөлүнөт. Таш доорунан кийин жез таш доору (энеолит) деген өткөөл мезгил бар. Ал б. з. ч. 4–3 миң жылдыктарды, коло доору б. з. ч. 3-миң ж-тан 1-миң ж-ка чейинки аралыкты камтыйт. Эрте темир доору 1-миң жылдыктан б. з. ортосуна чейинки учур. Кийинки А. м. б. тарыхта орто кылымдар доору деп уланып кетет. Археол-да айрым аймактар үчүн этностордун аты м-н аталган шарттуу мезгилдерге бөлүштүрүү да колдонулат. Мис., Орто Азия археол-нда сак доору (б. з. ч. 8–3-к.), Борбордук Азия археол-нда байыркы түрк мезгили (б.з. 6–10-к-ры), Түштүк Сибирь археол-нда кыргыз мезгили (840-ж.–10-к- дын ортосу), моңгол мезгили (13–14-к.) ж.б. Археол.маданияттын аты м-н колдонулган шарттуу аталуучу мезгилдер да кездешет. Мис., андрон мезгили.

Аскалардагы жазуу-чиймелер

Аскалардагы жазуу-чиймелер (петроглифтер) - үңкүрлөрдүн боорунда, аскаларга, таштарга түшүрүлгөн байыркы сүрөттөр, оймо-чиймелер; палеолит доорунан адепки орто кылымга чейинки адамзат коомунун тарыхынын ар түрдүү доорлоруна таандык эстеликтер. Эң байыркы сүрөттөр (палеолитке тиешелүү) Испаниянын түндүгүндөгү Альтамира, Кастильо, Франциянын түштүгүндөгү Комбарель, Ласко жана башка үңкүрлөрүнөн, Урал, Кавказ тоолорунан, Сибирден, Кыргызстанда неолит дооруна (жаңы таш доору) таандык эстеликтер Сары-Жаздагы Ак-Чуңкур үңкүрүнөн (Ысык-Көл өрөөнү), Нарындагы Теке-Секирик үңкүрүнөн, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун өңүрүнөн, Чолпон-Атанын жанынан, Фергана тоо кыркасындагы Көгарт менен Ообек ашууларынын аралыгында жайгашкан Саймалы-Таш деген жерден табылган. Алгач тоо текелердин, куландардын, жырткыч жаныбарлардын, кийинчерээк аңчылык, ырым-жырымдарды аткаруу жөрөлгөлөрү чагылдырылган сүрөттөр тартылган. Аскалардагы сүрөттөр, жазуу-чиймелер байыркы адамдардын рухий турмушун изилдөөдө өтө баалуу булак катары пайдаланылат.

Виктор Васнецов

Васнецов Виктор Михайлович [3(15).5.1848, Вятск губерниясы Лопьял кыш. 23.7.1926, Москва] орус живописчиси. И. Н. Ерамскойдон (1867-68), Петербург көркөм сүрөт академиясынан (1868-75) таалим алган. 1893-жылы академиянын анык мүчөлүгүнө шайланган. 1878-жылдан Москвада жашаган. Русь көркөм өнөрүн кайра жаратуу коомун уюшгуруучулардын (1915) бири. Алгачкы чыгармаларында («Тилемчилик», 1876; «Согуштук телеграмма», 1878, Третьяков гал.) өз доорунун типтүү көрүнүштөрүн чагылдырган. 1880-жылдары орус тарыхына, элдик былиналар менен жомокторго арналган чыгармалар жараткан. «Алёнушка» (1881), «Карышкыр минген ханзаада Иван» (1889), «Баатырлар» (1881-98), «Падыша Иван Васильевич Грозный» (1897) жана башка эпикалык мүнөздөгү чыгармаларында эл эңсеген идеалдар менен ыйык патриоттук сезимдерди поэтикалык формада берген. Васнецов Москвада тарых музейи үчүн «Таш доору» (1883-85) аттуу монументтүү панно жасаган. Элдик жомок темасында иштөөнү улантып, «Добрыня Никитичтин жети баштуу Ажыдаар Горыныч менен кармашы» (1918), «Өлбөс Кащей» (1917-26) деген чыгармаларды жараткан. Васнецов портретчи катары да белгилүү.

Жез-таш доору

Жез-таш доору - халколит (гр. chalkjs – жез жана lithos – таш энеолит, лат. aeneus – жез жана гр. lithos – таш) – неолиттен коло дооруна өткөн мезгилимий Таш куралдары али басымдуулук кылса да, жезден жасалган алгачкы металл буюмдар пайда боло баштайт. Биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта Чыгышта (Түштүк Иран, Түркия, Месопотамия, Түркмөнстан), биздин заманга чейин 3–2-миң жылдыкта Европада жезди жана колону өндүрүү кыйла калыптанган.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАШ ДООРУ

КЫРГЫЗСТАН ДАГЫ ТАШ ДООРУ

Таш доорунун Ташдоору - адам коомунун

пайда болушу. тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек

Таш куралдары жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сввк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идиштерди жасоо өнүккөн.

Таш доору - адамзат тарыхындагы узакка созулган доор ал адамдын айбандан болунуп чыгышынан башталып (мындан жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 мин

жылдаи мурда) чейин созулган. Бул доор маданияттын онугуш озгочолукторуно ылайык байыркы таш доору (палеолит), жацы ташдоору (неолит) жана бул эквенун ортосундагы вткввл доор - ортоцку таш доору - мезолит деп белунет. Булар да ез алдынча мезгилдерге ажырайт. Таш доору алгачкы жамааттык тузулуш доорунун кеп мезгилин камтыйт.

Учурунда СССРдин аймагында таш дооруна таандык 900ден ашык эстелик изилденген. Алар Борбордук Азияда, Казакстан- да, Арменияда, Абхазияда, Туштук Осетияда, Украинада, Молда- вияда ж. б. жерлерде кездешет. Кыргызстандын аймагындагы ин-Арча жана Кожо-Бакырган-Сай палеолит «Устаканасы» таш доорунун эн байыркы эстеликтерине кирет. Неолит доорунун эсте- ликтери Крымдын ункурлерунде, Ока, Жогорку Волга, Днепр Ьалтика боюндагы жерлерде таралган. Неолиттин аягында СССР¬дин туштугунде, кийин тундугунде жез куралдары пайда болуп, энеолит доору башталган.

Болжол менен миллион жыл мурун Туштук Казакстанда, Борбордук Азияда, анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында адамдардын уйлеру пайда болгон. Кыргызстандагы эн байыркы адамдардын турмушун ошол кезде жасалып, массалык турде паидаланылган таш куралдары аркылуу билебиз.

Байыркы таш доору палеолиттин биринчи баскычы болгон эрте палеолит учурунда Кыргызстандагы адамдар кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап эн женекей кескичтерди, кыргыч- тарды, учтуу кезегучтерду, бычактарды ж. б. жасашкан. Кийинчерээк таштардын турун пайдалануунун натыйжасында андан жасалган куралдар акырындык менен еркундетулген.

Кыргызстандын аймагынан табылган эн женекей таш куралдары б. з. ч. 800-10 мин жылдыктарга таандык. Алар

Борбордук Тенир-Тоодо Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Келде Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажик- стандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган.

Эрте палеолит доорунда Кыргызстандагы адамдар отту пайдаланууну уйренушкен. Табигаттын татаал шарттарында ку- ралдардын женекейлугунен улам адамдар жырткыч жаныбар- лардан коргонуу жана ири жаныбарларга анчылык кылуу учун адам уйуру деп аталган майда топторго биригип жашашкан.

Ортоцку палеолит доорунда таш куралдары бир кыйла жак- шырган. Бул доорго таандык эстеликтер Ысык-Кел ереенундегу Тосор езенунун боюнан, Чуй ереенунун Георгиевка денсеесунен, Оштогу Сасык-Ункурден табылган. Алай тоо кыркасындагы Дан- гирек-Дере капчыгайынан эн байыркы таш талкалоочу жай табылган. Бул енерканада кара, боз, жашыл тустегу кат-кат кремний таштары табигый издери менен жарылып мурдагыдан миздуу, учтуу куралдар жасалган; Бул мезгилдер инстинкт боюнча болуп келген коомдук мамилелер ан-сезимдин негизинде жургузуле баштаган.'Кыргызстандын эн байыркытургундары питекантроп менен синантроп типтеринде болгон. Эволюциялык енугушу боюнча «акыл-эстуу адам» - угомо сапиенс» деп аталган. Алар негизинен анчылык менен кун керуп, ар уйурунде 25-50ден киши болгон. бзбекстандагы Тешик-Таш ункурунен табылган еспурум- дун сеегунен мындан 40 мин жыл мурда елгендерду жерге жашыруу жерелгесу пайда болгонун билебиз.

Соцку палеолит доорунда, окумуштуулардын пикири боюнча, адамдар планетабыздын бардык климаттык алкактарында жайгашып, расалык топтор жана расалар калыптанган. Дал ушул доордо коомдук мамилелердин еркундешунун натыйжасын- да алгачкы адам уйурлеру эне тарабынан кандык байланышка негизделген уруулук коомдорго биригишкен.

Адам тукумун улантуудагы жана коомдун уй чарбасындагы ээлеген орду учун байыркы адамдарда аял заты езгече аздектел- ген. Илимде бул коом эне бийлигинин коому - матриархат делип аталат. Бул урукка негизделген коом мурдагы адам уйуруне Караганда ^крторку баскычта турган. Бара-бара адамдын ан-сезими ескен. Жаныбарлардын сеектерунен, жыгачтан эмгек куралдарын, шибеге, ийне жасоону уйренушкен. Бул доорго таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Ункурден, Исфана ереенундегу Кожо-Гор булагынын жанынан табылган. Алгачкы коомдо искусствонун пайда болушу ошол кездеги адамдардын дуйнеге болгон кез карашын айгинелейт. Ысык- Кел аймагындагы бийик тоолуу Сары-Жаз ереенундегу Ак-Чункур УНкурунде 10 мин жыл мурдагы байыркы суретчунун жаныбарларды, адамдардын ан уулоо, бийлее учурун ункурдун бооруна чагылдырган эмгектери сакталып калган. Адамдардын таштан жасалган элестери да ушул мезгилде пайда болгон.

Дал ушул жогорку палеолит доорунда азыркы кебете-кешпирдеги адамдар калыптанган. Алар ойлонууга, оюн айтып тушундурууге жарап калышкан.

Бул учурда адамзат табигатты ездештурууде или

жасаган. Дыйканчылык менен мал чарбачылык.

Казына

Казына – 1. Хан, падыша, эмир, бектердин акча жана кымбат баалуу буюмдары сакталган жай;

2. Борборлошкон мамлекеттин убагында казына мамлекеттин финансы ресурстарынын жалпы өлчөмүн түзөт;

3. Археологияда жерге көмүлгөн же кандайдыр бир жашырын орунга катылып коюлган алтын акча же кымбат баалуу буюмдар кенчи казына деп аталат.

Эң байыркы казыналарга соңку таш доору жана жез доорунан калган таш эмгек куралдары жана курал-жарактар, коло доорундагы казыналарга согушта колдонулуучу жана салтанат, шаан-шөкөт үчүн алып жүрүүчү курал-жарактар, кооз буюмдар, эмгек куралдары ж. б. кирген.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата).

Республикада 3 дубан (Нарын, Ош, Ысык-Көл), 37 район (айылдык), 18 шаар, 31 шаар тибиндеги посёлок (шаарча) бар болгон.

Азыркы кездеги Кыргыз Республикасы.

Кыргызстандагы коло доору

Кыргызстандагы коло доору — Кыргыз Республикасы ээлеген аймактын коло доорундагы тарыхы. Кыргызстандагы коло доору б.э.ч. III (II) миң жылдыктан – I миң жылдыктын башы аралыгындагы мезгилди камтыйт.

Кыргызстандагы таш доору

Кыргызстандагы таш доору — Кыргыз Республикасы ээлеген аймактын таш доорундагы тарыхы. Кыргызстандагы таш доору б.з.ч. 2 млн. 600 - 4 миң жылдыктар аралыгындагы мезгилди камтыйт.

Кыргызстандын археологиясы

Кыргызстандын археологиясы — азыркы Кыргызстандын аймагындагы археологиялык изилдөөлөрдүн жана табылгалардын жыйындысы.

Мезолит

Мезолит (мезо... жана грекче lithjs – таш) – биздин заманга чейинки 10–7-миң жылдыктарга туура келген орто таш доору. Доордун башталышы геологиялык голоцен доорунун башталышы менен дал келет. Бул учурда муз доору тартылып, жаратылыш шартында, жаныбарлар дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр жүрүп, климат азыркы абалдагыдай болуп калыптанган. Көптөгөн жаныбарлар (мамонт, жүндүү керик, бизон ж. б.) жок боло баштаган. Мергенчиликтин негизги олжосу элик, багыш, бугу өңдүү жаныбарлар болгон. Бул өзгөрүүлөр адамдарга жашап калуу үчүн жаңы шартка ыңгайлашууга түрткү берген. Мезолит доорунда майда микролиттик таш куралдары кеңири тараган. Алардын ичинен кесүүгө, саюуга ыңгайлуу болгон жалпак таштардын мааниси зор болгон. Ошондой эле кыргычтар, кескичтер, тешкичтер кеңири колдонулган. Микролиттер менен бирге мурдагы доорлорго мүнөздүү куралдар – сай таштан жасалган уруу, кесүү, чабуу үчүн колдонулуучу буюмдар да болгон. Балта сымал кылдат жасалган жаңы куралдардын пайда болушу байкалган. Сөөктөн, мүйүздөн жасалган куралдарды колдонуу жана аларды жасоо ыкмалары өнүккөн. Атайын балык кармоо үчүн кайырмак, дегээ пайда болгон. Мезолит доорундагы негизги чарба – мергенчилик жана жыйноочулук. Жаратылыш шартынын өзгөрүшү мергенчиликтин жаңы ыкмаларын жана куралдарын талап кылган. Ушул мезгилде жаа менен жебе пайда болгон. Эң алгачкы үй жаныбары катары ит колго үйрөтүлгөн. Мурдагыдай топ-тобу менен аңчылыктын ордуна жеке аңчылыкка чыгуу өндүрүмдүү болгон. Бул доордо балык уулоочулук кыйла өнүккөнүн турак жайлардагы балыктардын сөөк калдыктары жана балык уулоо куралдарынын табылышы далилдеп турат. Мезолит доору адамзат коомунун өнүгүшүнүн жаңы баскычы болуу менен келечекте жаңы чарба формаларына – дыйканчылыкка жана мал чарбачылыкка өтүүгө негиз берген. 1956-жылы В. А. Ранов Алай өрөөнүндөгү таш дооруна таандык бир канча эстеликтерди ачкан. Туз-Суу дарыясынын агымынан нуклеус табылган. Мезолит жана неолит дооруна таандык эстеликтер Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнүн Сары-Илик, Терек, Кочкор-Жал деген жерлеринен да кездешкен. Мезолит доорундагы эстеликтер Фергана өрөөнүнүн үңкүрлөрүнөн, тоо этектериндеги түздүктөрүнөн да учураган. Толук изилденген эстеликтер – Сох суунун жогорку жагындагы Обишир үңкүрлөрү, Таш-Көмүр үңкүрү.

Моголстан

Моголстан - (чагатай тилинде «Мамлакат-и мугулиййе», «Мугулиййе», «Вилайат-и мугулиййе») – 14-кылымдын орто ченинде Орто Азияда түзүлгөн өз алдынча мамлекет. 1346-жылы Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган, башкача айтканда мурунку калыбынан ажырап, бир топ өзгөрүүлөргө туш келген. Мавераннахрда түрк эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) анын чыгыш бөлүгү (к. Манглай Субе) дуулат уруусунун эмири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийгени айтылат. Анда Чыңгыз хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергени («Улус арба’а»), анын бири М. болгону, кийинчерээк ал дагы экиге бөлүнүп, чагатайлар моголдорду «жете» («каракчы»), ал эми моголдор чагатайларды «караунас» (түз мааниде «аргын») деп кемсинтип атаганы, 16-к-дын башында Бабурдун тукумунан башка чагатайлар калбай, кыргыз менен өзбектер (казак) Моголстанды ээлеп алганы, моголдордон болгону Турпан, Кашкар жакта 30 миңдей калып, алар дээрлик мусулман болуп кеткени тууралуу маалыматтар бар. Чыңгыз хандан калган эреже боюнча хандар анын тукумунан гана шайланып, жер-жерлердеги улусбеги, эмир ж. б. аларга кызмат кылууга тийиш болгондуктан, бийликке жетүү үчүн алар хандын тукумунан бирөөнү пайдаланышкан. Ошондуктан бул мамлекеттин түпөлүшүнө дуулаттар (дуглат) чоң роль ойногон, б. а. М-дын тарыхы Ордобинин небереси Болатшинин (Пуладчи) Туглук Тимурду (Чыңгыз хандын тукуму) Ак-Суу ш-на (Чыгыш Түркстан) алып келип, такка отургузушунан (1347) башталат. Ал эми анын уулу Худайдад өз колу менен 6 ханды М-дын тагына отургузса, Эмир Сайид Али Улугбектин наместигинен Кашкарды бошотуп, биротоло хандын ишенимине кирген. Туглук Тимур (1347–62) бийлигин бекемдөө үчүн ислам динин курал катары пайдаланып, бир катар админстр., экон., саясий реформаларды жүргүзгөн. Башкы калаасы (1347–80) Алмалык болуп, 1361-жылы Мавераннахр толук могол ханынын кол алдында калган. Ошентип, азыркы Кырг-н жана Казакстандын түш.-чыгышын кучагына алган, б. а. чыгышынан Бар-Көл, Эмил жана Иртыш; түндүгүнөн Көкчө-Теңиз (Балхаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышынан Түркстан, Ташкент; түштүгүнөн Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпан менен чектешип, атчан адам үчүн баш-аягы жети-сегиз айлык жол болгон М. мамлекети түзүлгөн. Кыргыз уруулары да М-га караган аймактын ичинде калып, бирок көз каранды болбоо үчүн аларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп тургандыктан, Мухаммед Хайдар аларды «Моголстан токоюнун арстандары» деп атаган. Туглук Тимурдун уулу Илияс Кожонун тушунда (1362—1380) М. ыдыроого туш келип, Жети-Суу аймагына дуулаттардын эмири Камар ад-Дин ээлик кылса, Иледен Тарбагатайга чейинки жерлер Еңге төрөнүн колуна өткөн. 1368-ж. Илияс хандын Турпанды басып алышы менен ал жердеги уйгурлардын үстөмдүгү (Турпан идыкуттугу) жоюлуп, Турпан шаары борбор болуп калган (1380–1419). 14-кылымдын 70–80-ж. Тимур бир нече жолу М-га жүрүш уюштуруп, натыйжада Кызыр Кожо хан (1380–99) Тимурга баш ийүүгө аргасыз болгон. Мухаммед хандын тушунда (1408–16) М. кайрадан күчкө кирип, Чүй, Талас өрөөнүн кайрып алышкан. 15-к-дын биринчи жарымында чыгыштан калмактар тынымсыз кол сала баштап, Вайс хан (1418–28) борборун кайра Алмалыкка көчүргөн (1416–1706). Ал өлгөндөн кийин М-дын саясий абалы начарлаган жана майда уделдиктерге бөлүнүп, ээлеген аянты да өзгөрүүгө учурай баштаган. Мис., Мухаммед Хайдар боюнча бир учурда Султан Ахмед хан Ташкент, Сайрамды таштап, М-нга кетсе, экинчи бир жолу Кашкар, Жаңы Гисарды калтырып, кайра эле М-нга келген же ушул мезгилде Ташкент, Сайрам жана Кашкар, Жаңы Гисар М-дан сыртта калган. 16-к-дын башында Мухамед Хайдар М-га чыгышы Куча, батышы Кожент, түн-гү Чарын-Челек (Иле д-нын оң жээги), түш-гү Тарим суусунун аралыгындагы жерлерди киргизип, негизги шаарлары катары Кашкар, Жаркент (Яркенд), Ак-Суу, Котон (Хотан), Ат-Башы, Аксыкентти (Аксы) көрсөткөн. Вайс хандан кийин кыргыз уруулары күч алып, могол хандары алар менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Эсен-Бука хан (1433–62) Чүй суусунун аягындагы Козу-Башы деген жерди казак султандары Жаныбек менен Керейге берген. Мухаммед Хайдар боюнча хижранын 916-ж-нан (1510/11) баштап кыргыздар аябай күч алгандыктан, М-га бир да могол жолобой калган жана алардан Түркстан, Сайрам, Шаш (Ташкент) ш-нын чет жакасындагы өзбек-казактар (мусулман) да катуу жабыр тартышкан. Муну шылтоологон (иш жүзүндө Кашкар тарап тардык кылып жаткан) Султан Саид хан (1514–33) хижранын 928-ж. (1521/22) «жайыты кең, тоюту мол» М-ды басып алууга кирише баштаган. Ал үчүн Мырза Али Тагайды улусбеги, Мухаммед Кыргызды эмир кылып дайындап, жаш экенине карабай, уулу Абд ар-Рашидди кыргыздарды каратуу үчүн Кочкорго жөнөткөн. Мухаммед Кыргыз ага кыргыздардын бир бөлүгүн баш ийдирген, калган бөлүгү Тахир ханды колдоп кеткендиктен, Рашид кийинки жылы Ат-Башыга, андан Кашкарга кайтып кеткен. Ушул учурдан баштап (бир нече жолу катуу сокку жегенине карабай) кыргыздар могол хандарына көз каранды болуудан биротоло арылган. 1678-жылы Моголстанды калмактар басып алып (к. Жуңгар хандыгы), 1704-жылы Мухаммед Мумин хандын көтөрүлүшүнө байланыштуу биротоло жоюлган.

Ад.: Иванов П. П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Петров. К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами и XIII—XIV вв. Ф., 1961; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Юдин В. П. О родоплеменном составе могулов Могулистана и Могулии и их этнических связей с казахскими и другими соседними народам / Изв. АН КазССР. Вып. 3. 1965; Бартольд В. В. Древнетюркские надписи и арабские источники. Соч. Т. V М, 1968; Акимушкин О. Ф. К вопросу о внешнеполитических связях могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI — 60-х годах XVII в. // Палестинский сборник. Вып. 21 (84). Л., 1970; Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан и середине XIV — начале XVI в. А.-А., 1977; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Howorth H. H. History of the Mongols from the 9th to the 19th century, pt. 1, the Mongols proper and the Kalmuks, London, 1876.

Неолит

Неолит, жаңы таш доору – таш доорунун башы аягы; б.з.ч. 6-миң жылдыктын аягынан башталып, түрдүү аймактарда ар кандай мезгилде аяктаган. Неолит ташты иштетүүнүн жаңы ыкмалары (жылмалоо, бургулоо, тешүү), эмгек куралдарынын жаңы түрлөрү (балта, көзөөч, кетмен, жаргылчак, орок), чоподон жасалган идиштин, токуучулуктун, унаанын, ыйгаруучу чарбадан өндүрүүчү чарбага өтүүсү (аңчылыктан, жыйноочулуктан мал чарбалыкка жана жер иштетүүгө) менен мүнөздөлөт. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын пайда болушун окумуштуулар адамзат коомундагы чоң төңкөрүш катары карап «неолит революциясы» деп аташкан. Бул мезгилде аңчылар-дан, жыйноочулардан жана балык уулоочулардан алгачкы коомдун мал багуучулары, жер иштетүүчүлөрү бөлүнүп чыгат. Эмгектин жаңы бөлүнүшү байыркы элдердин ортосунда үзгүлтүксүз товар алмашууга шарт түзөт. Неолит доорунда социалдык жана экон. жактан энелик укукка негизделген уруулар калыптанат. Бир уруу кыйла өнүгүп алдыга озсо, кээ бирлери үчүн өнүгүү өтө узак мезгилди талап кылат. Археол. маалыматтарга таянып, Неолит доорундагы урууларга мүнөздүү эмгек, согуш куралдары, кооздуктары, карапа идишке түшүрүлгөн оюулары, турак-жайлары, каада-салттары, диний ишенимдери болгондугун далилдөөгө болот. Орто Азиядагы неолит дооруна тиешелүү эстеликтерге Жейтун, Жебель, Келтеминар, Гиссар археологиялык маданияттары кирет. Кыргызстанда неолит дооруна таандык, обишир жана гиссар маданияттарына кирген Обишир, Ташкөмүр, Акчуңкур үңкүрлөрү, Терек, Кочкоракжол, Үччат өңдүү археологиялык эстеликтер ачылган.

Хундар

Хундар'

'гундар – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын башында Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын акырында хунндар азыркы Борбордук Моңголия менен Байкалдын боюнда жайгашкан. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Хунндар дунхуларды (байыркы моңголдордун ата-теги), юечжилерди талкалап, кыргыздарды жана усундарды жеңип алышкан. Андан кийин Кытайга жортуул жасаган, император Лю Бан аларга салык төлөөгө аргасыз болгон. Биздин заманга чейинки 1-кылымда хунндардын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды жана алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Биздин заманга чейинки 1-кылымдын ортосунда хунндар Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Биздин замандын 48-жылы хунндардын жети уругу кайрадан Кытай императоруна баш ийип, түштүк хунндар деп аталып калган. Түндүк хунндар биздин замандын 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Моңголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Дагы бир бөлүгү Орто Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк хунндардын айрым топтору Европага чейин журт которуп жана өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип отуруп, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк хунндардын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк хунндар Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.

Энеолит доору

"Энеолит" деген латын жана грек тилдеринен алынып "энеус" – "жез", "литос" – таш, жез-таш доору деген маанини түшүндүрөт. Кээде энеолит термининин ордуна "халколит"сөзү да колдонулат ("халкос" грек тилиндеги – жез). Бирок терминдердин экөө тең жездин пайда болгондугун далилдесе деле турмушта таш куралдары басымдуулук кылган. Негизинен, энеолит б.з.ч. V миң жылдыкта – неолит менен коло доорунун ортолугундагы мезгилди камтыйт.

Жез кендери, көбүнчө тоолуу райондордо жайгашканы белгилүү. Ошондуктан жезди пайдалануу алдыңкы Азияда жана Закавказьеде кеңири тараган. Металл Алдыңкы Азиядан Балканга, кийин Днепрдин оң жээгине тараган деп болжолдонот. Ошондой эле Чыгыш Европадагы Урал жана Карпат тоолорунан да жез алынгандыгы белгиленет. Жез кендерин пайдалануу Теңир-Тоонун жана Алтай тоолорунун аймагында болгондугу далилденген.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.