Рюкю

Рюкю, Нансей – Тынч океандагы архипелаг, Япониянын аймагында. Түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай уй мүйүз тартып, Кюсю жана Тайвань аралдарынын ортосунда 1200 кмге созулуп жатат. Аянты 4,8 мин км2дей. Эн ири аралдары – Окинава жана Амами. Рюкюнун түштүктөгү аралдар тобун бойлото шуру рифтери жатат. Плато жана жапыз тоолор басымдуу. Бийиктиги 1935 мге жеткен аракеттеги үч жана бир нече өчкөн жанар тоо бар. Климаты субтропиктик жана тропиктик муссондук. Жылдык жаан-чачыны 2000-3500 мм. Тайфундар тез-тез болуп турат. Тропиктик токойлор жана бадалдар ээлейт. Шалы, батат, бал камыш өстүрүлөт. Балык кармалат. Башкы шаары – Наха (Окинава аралында).

Location Okinawa Prefecture
Рюкю.

Колдонулган адабияттар

Айнулар

Айнулар (Калып:Lang-ain, аину, которулушу.: «Адам», «Чыныгы адам») — Калык, Жапониянын аралдарында отурукташкан байыркы эл, Алар учурунда Сахалинде, Куриль аралдарында, Камчаткада жана Жапониянын Рюкю аралынан Хоккайдого чейин отурукташкандыгын археологиялык казуулар жана топонимикалык маалыматтардан улам билгиленип келет. Учурда бул эл негизинен Жапонияда гана калган. Калктын расмий саны 25 000, (башка маалыматтар боюнча 20 000), Расмий эмес статистика боюнча 200 000 чейин. 2010-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча, Орусияда 109 айну , анын ичинен 94 айну Камчатка крайында катталган.

Кагошима

Кагошима — Жапониядагы шаар. Кагошима префектурасынын административдик борбору. Кюшю аралынын түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 607,7 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн балык кармоочу ири деңиз порту (Рюкю а. менен паром аркылуу байланышат).

1889-жылдан шаар статусуна ээ. Цурумару сепилинин калдыктары (18-кылым), таш көпүрөлөр сакталган. Машина куруу, текстиль, химиялык, металлургия өнөр-жай ишканалары иштейт. Карапа (13-кылым), сацума фаянсы (16-кылым) жана фарфор (19-кылым) өндүрүшүнүн борбору. Университеттер, музейлер, океанариум бар. Жапон стилиндеги ландшафт паркы, ботан. бак, зоопарк уюштурулган. Кагошимадан 40 км түндүк-батышта «Сендай» АЭСи, Осуми ж. аралында Учиноура космос изилдөө борбору, шаардан 9 км чыгышта аракеттеги Сакурадзима жанартоосу (акыркы жолу 1960-ж. атылган) жайгашкан. Ысык булактар чыгат. Туризм өнүккөн.

Карате

Карате (жапончо – куралсыз кол) – куралсыз коргонуунун бир түрү; кол жана бут менен каршылаштын денесине сокку берүүгө негизделген. Спорттун бир түрү. Рюкю аралдар тобундагы Окинава аралдарында 15 кылымда пайда болгон. Ошол кездеги князь Се Хайси (1470) курал көтөрүүгө уруксат бербеген. Ал жергиликтүү эл сырткы жоодон коргонуу максатында Каратени ойлоп табылган. Ал кезде Окинава Жапония менен эмес, Кытай менен тыгызыраак байланышта болгон. Ошентип, Карате Кытайдын кунг фу куралсыз күрөш түрү менен кошо өнүккөн. Азыр Каратенин карате-до (олимпиядалык спорт түрү), шотокан, кекусинкай, ситро-рю, годзюрю, вадо-рю деген түрлөрү бар. Азыркы Карате 20 кылымдын башында өнүктү; джиу-джицу күрөшүнүн приёмдору алынган. Эл аралык Карате федерациясы 1968 жылы қурулду. Ага 50-дөн ашык мамлекет мүчө (1999). Дүйнөлүк чемпионат 1970 жылдан, Европа чемпионаты 1971 жылдан өткөрүлүп келет. КМШ өлкөлөрдө Карате 1991 жылдан жайыла баштады. Каратенин карате-до түрү 2004 жылы Афинада өткөн 28-олимпиялык оюндар программасына киргизилди.

Окинава

Окинава – Рюкю архипелагындагы эң ири арал, Японияда. Аянты 1254 км2. Жээктери булуң-буйткалуу, шуру рифтери менен курчалган. Тынч океан жана Чыгыш Кытай деңизи менен чулганат. Жеринин бети жапыз тоолуу, деңиз деңгээлинен бийиктиги 498 мге чейин; ошондой эле түздүктүү. Климаты тропиктик, муссондук, жылдык жаан-чачыны 1300–2000 мм. Басымдуу бөлүгүн ээлеген нымдуу тропик токоюнун көп жерин бадал, бамбук токойлору ээлейт, ошондой эле шалы палдары, ананас, батат жана бал камыш менен алмашкан. Негизги борбору – Наха порт шаары.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.