Пиреней жарым аралы

Пиреней жарым аралы — Иберия жарым аралы Европанын түштүк-батышында. Атлантика океаны, Бискайя булуну жана Жер Ортолук деңизи менен чулганат. Түштүгүндө Гибралтар кысыгы Африкадан бөлүп турат. Аянты 582 миң км2. Түзүлүшү өтө жөнөкөй, массивдүү, жээктеринде булуң-буйткалар аз; түндүк- батышы гана риас (узун кууш булуңдар) тибинде. Бөксө тоолор (Месета, Галисия) жана узунунан созулуп жаткан кырка тоолор (Пиреней, Кантабрия, Каталония, Иберия, Андалусия, Сьерра-Морена, Борбордук Кордильера ж. б.) басымдуу. Эң бийик жери Сьерра-Невададагы Муласен чокусу (3473 м). Жээк бойлой чакан ойдундар (Португалия, Андалуеия ж. б.) созулуп жатат. Климаты жер ортолук деңиздик, ички аймактарында кургакчыл; батышында нымдуу океандык.

Ири дарыялары: Тахо, Дуэро, Гвадиана, Гвадалквивир, Эбро. Табигый өсүмдүктөрүнөн бадалдар (маквис, гарига), талаа өсүмдүктөрү басымдуу; токой менен бадалдар жарым аралдын аймагынын 40%тен ашыгын ээлейт. Пиреней жарым аралында Испания, Португалия, Андорра, Гибралтар мамлекеттери жайгашкан.

Spain topo
Пиреней жарым аралы.

Колдонулган адабияттар

Арабдардын жеңип алуулары

Арабдардын жеңип алуулары - Араб жарым аралындагы уруулар көтөрүлүшүн (632-633) басып, Халифатты түзгөн соң, Медина өкмөтү баштаган жортуулдар. Бул арабдардын Жакынкы жана Орто Чыгышты, Түндүк Африканы жана Түш.Батыш Европаны багындыруу менен аяктаган. Арабдардын жеңип алуулары ислам дининин урааны астында жүргүзүлгөн жана анын 1-этабы 7-кылымдын 30-50-жылдарда халифтер Абу Бекр (632-634), Омар (634-644) жана Осмондун (644-656) учурунда болгон. Алардын башчылыгы менен араб аскерлери жортуул жасап, Аравия жарым аралынан Аму-Дарыяга чейинки жерлерди багындырган. Мисалы, 633-640-жылы Палестина жана Сирияны, 633-652-жылдарда бүткүл Сасаниддер мамлекетин (Аму-Дарыяга чейин) каратышкан. Арабдар 640-654-жылдарда Армения менен Грузияны, 639-646-жылдарда Түндүк Африканын көп жерлерин, 648-жылы Кипрди басып алышкан. Арабдардын жеңип алууларынын 2-этабы 7-кылымдын аягында башталган. Алар 709-жылга чейин бүткүл Түндүк Африканы ээлеп, андан ары Танжерге жана Атлантика океанынын жээктерине чейин барышат. 711-жылы Тарик жетектеген арабдардын жана берберлердин аскерлери Пиреней жарым аралына жетип, узак кармашуулардан кийин Кордова, Толедо жана башка шаарларын басып алып, 718-жылы Пиреней жарым аралы толук арабдардын колуна өткөн. Алар 720-жылы Галлияны басып кирип, Септиманияны жана Нарбоннду баш пйдиришет. Арабдардын Европага жапырыгын жана жортуулдарын франктардын атчан аскерлери жана Карл Мартеллдин жөө аскерлери Пуатьенин алдындагы салгылашуудан кийин токтоткон. 759-жылы Кодоо Пипиндин аскери Нарбонн менен Септиманияны ээлеп алгандан кийин арабдардын жеңип алуулары биротоло токтойт. Чыгышта арабдар 706-712-жылдарда Согд менен Хорезмди, 711-713-жылдарда прандык Мекран провинциясын баш ийдиришет. 8-кылымдын 1-жарымында Закавказьени, 9-кылымдын 1-жарымында Крит, Мальта, Сицилияны каратышат. 9-кылымдын 2-жарымынан арабдардын жеңип алуулары негизинен токтойт. Арабдардын жеңип алууларынын натыйжасында бир катар каратылган өлкөлөрдүн калкы арабдаштырылган. Араб тили, дини, материалдык жана рухий маданиятынын көп элементтери аларга баш ийген өлкөлөрдүн элдерине чоң таасир тпйгпзген. Ошону менен катар арабдар өзү басып алган элдердин маданиятынын көп жактарын сиңирип алышып, араб маданиятынын өзгөчө бир тармагын түзүшкөн. Орто Азия, Иранда, Закавказьеде жана Пиреней жарым аралында арабдардын үстөмдүгү ошол өлкөлөрдөгү элдердин боштондук күрөшүнүн натыйжасында жоюлган.

Испания

Испания (Espana), Испания Королдугу (Reino de España) – Европанын түштүк-батышындагы өлкө; негизинен Пиреней жарым аралын, ошондой эле Жер Ортолук деңиздеги Балеар жана Питиус, Атлантика океанындагы Канария аралын ээлейт. Түндүгүнөн Биская булуңу, Түндүк-батышынан жана түштүк-батышынан Атлантика океаны, чыгышынан жана түштүгүнөн Жер Ортолук деңиз менен чулганат. Түндүк-чыгышында Пиреней тоолору аркылуу Франция жана Андорра, батышында Португалия, түштүгүндө Гибралтар менен чектешет. Аянты 505,99 миң км2 (Сеута менен Мелильяны кошкондо – 506,03 миң км2). Калкы 46,7 млн (2014). Борбору – Мадрид шаары. Расмий тили – испан тили; автономия областтарында расмий тил укугуна ошондой эле баск (Басктар өлкөсү, Наварра), галисия (Галисия), каталония (Каталония, Балеар аралдары, Валенсия) тилдери ээ. Акча бирдиги – евро (2002-ж. чейин песета). Администрациялык-аймактык жактан 50 провинцияга ажыраган 17 автономия облуска бөлүнөт (к. таблицаны). Африканын Түндүк жээгиндеги 2 – шаар Сеута жана Мелилья автономия область катары Испанияга түз баш иет.

Испания – БУУнун (1955), Европа советинин (1977), ЕККУнун (1973), НАТОнун (1982), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (1986) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006).

Марроки тумшугу

Марроки тумшугу – Европанын материктик бөлүгүнүн эң түштүк четиндеги (36°00´ түндүк к., 5°37´ батыш узундугу) Жер Ортолук деңизге кирип турган жери. Гибралтар кысыгында. Тарифа аралында (Испания) жайгашып, дамба аркылуу Пиреней жарым аралы менен байланышат.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.