Орто Азия

Орто Азия каз. Орта Азия, каракалп. Orta Aziya, кырг. Орто Азия, таж. Осиёи Миёна, түркм. Оrta Aziýa, өзб. Oʻrta Osiyo) — Азиянын бир бөлөгү, батыштагы Каспий деңизинен кийин, чыгыштагы Кытай ортосуна чейин, жана түштүк Орусиядан кийин, түндүк Пакистанга чейин. Кээде Борбордук Азия‎ же Ичиндеги Азия деп аталат, жана Евразия континенттин ичинде жайгашат. Терминдин көп белгилери бар, бирок бир маанисине баары кошулбайт. Четтерин белгилөөнүн кыйынчылыктары менен, кээ бир негизги мүнөздөмөлөрү бар. Мисалы, тарыхы көчмөн элдерине жана Жибек жолуна жакында байланышкан. Натыйжасында, Европа, Батыш Азия, Түштүк Азия, жана Чыгыш Азия арасында соода, адам кыймылдары, жана ойлор кыймылдары көп болчу.

Central Asia world region2
Дүйнөдөгү бөлөгү Орто Азия.
Орто Азия
Central Asia (orthographic projection)

Борбордук Азия жарым шаардагы картада
Аянты

4,003,451 км²

Калкы

67,986,864 адам

Жыштыгы

16.6 адам/км²

Курамында

5 өлкө.
Flag of Kazakhstan.svg Казакстан
Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан
Flag of Tajikistan.svg Тажикстан
Flag of Turkmenistan.svg Түркмөнстан
Flag of Uzbekistan.svg Өзбекстан

Таанылбаган аймактар

Flag of Kazakhstan.svg Казакстан

Убакыт аралыгы

+5 — +6

Интернет-домени

.kz, .kg, .uz, .tg, .tm, .каз, кг

Ири шаарлары

Астана, Алмата, Бишкек, Душанбе, Ташкент

Central Asia
Орто азия.

"Манас" эпосунда

Орто Азиятопоним . Эпосто кыргыздардын жана аларга жамаатташ элдердин мекени. Сагымбай жана башкалар илимий чөйрө менен тааныш манасчылардын варианттарында гана жолугат. Анткени бул аталыш Европалык окумуштуулардын эмгектеринде 19-кылымдын 1-жарымынан тартып гана колдонула баштаган. Мисалы, «Орто Азия жерибиз Орчун кыргыз элибиз» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 26-б.).

Географиялык реалияда Орто Азия Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстандын бүт аймагын, Казакстандын түштүк, түштүк-чыгыш жана ортолук (Арал-Эргиш суу бөлгүчүнө чейин) бөлүктөрүн камтыган табигый аймак. Орто Азия түштүгү жана чыгышы Иран, Ооган жана Кытай мамлекеттери, батышы Каспий жээктери, Үстүрт жана Мүгалжар тоолору менен чектелет. Саясий-акимий жактан Орто Азия аталган 4 республика гана кирет, Казакстан кирбейт. Орто Азия 1924—25 жылдары чейин Түркстан деп аталган.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Азербайжан тили

Азербайжан тили (азери) - Азербайжан Республикасынын мамлекеттик тили; жергиликтүү калктын жана Иран, Ирак, Афганистан, Грузия, Армения, Дагстан жана Орто Азия республикаларында жашаган азербайжандардын тили. Түрк тилдеринин түштүк батыш же огуз тобуна кирет. 7-11-кылымда түрк тилдүү уруулардын (огуз, селжук) Азербайжан жерине келиши менен жергиликтүү элдердин мурда колдонгон тилдери сүрүлүп, 11-13-кылымда жергиликтүү элдердин оозеки тили түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. Азербайжан тилинде 4 диалектилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу, батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи жана бакы диалектилеринин негизинде 19-кылымда калыптанган. Азербайжан тили өзүнүн грамматикалык, лексикалык белгилери боюнча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, башкача айтканда, огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү боюнча ногой, кумык, өзбек тилдери менен да жакындашат. Азербайжан тилинде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929-ж. чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын кошумчалап, 1940-ж. орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонот.

Дабан

Дабан (даван) ашуу – Орто Азия, Түштүк Сибирь, Борбордук Азия тоолорундагы татаал ашуулардын аталышы; бурятча «тоо», «кырка тоо» маанисинде да колдонулат. Дабан катышкан топонимдер Кыргызстандын бардык жеринде кездешет: Дабан (Даван), Арча-Даван, Даван-Сай, Жаман-Даван, Жаңы-Даван, Кара-Даван, Тегерек-Даван, Шибе-Даван, Эски-Даван ж. б.

Каган

Каган - байыркы кыргыз, түрк, уйгур кагандыктарындагы жогорку башкаруучунун ж-а башкы аскер жетекчисинин наамы (титулу).

Кудаяр хан

Кудаяр Хан (1829–1879) – Кокон хандыгын 1845–58, 1862–63, 1865–75-жылы бийлеген хан.

Таластагы саруулардын айылында атасы Шералы Базар баатырдын үйүндө жашап жүргөн мезгилде туулган. Апасы Жаркын-айым аксылык саруу бийи Токтоназардын кызы болгон.1842-жылы атасы Шералы ордодогу белгилүү мамлекет ишмер Нүзүптүн жардамы менен хан көтөрүлгөндөн кийин Коконго келген.

1844-жылы Шералы хан ордодогу козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин 14 жаштагы Кудаяр балакай кылып алган Мусулманкулдун эркине баш ийип, Кокон хандыгына хан көтөрүлгөн. Ордодогу ыйкы-тыйкы, так талашуунун капшабынан ал үч жолу тактыдан куулган.

Кыргыздардын жээни Кудаяр хан алгач таекелерине жан тартып жүрсө да, ордо турмушуна көнгөн сайын кыргыз бийлерин кысымга алып, эзүүнү күчөткөнү элетке кадыры кеткен. Натыйжада, ага каршы 1873-жылы Фергана өрөөнүндө кыргыздар башында турган элдик кыймыл башталган.

1875-жылы 22-июлда Кудаяр хан акыркы жолу тактыны таштап, орустардын ээлигиндеги Ташкенге келген. Орус бийликтери аны үй- бүлөсү, жакындары менен Оренбург шаарына жөнөтүп жиберишкен.

1877-жылга чейин Оренбургда жашаган Кудаяр Бухара эмирлиги аркылуу Ооганстанга качып өтүп, Мекеге зыярат кылат. 50 жашка толгон Кудаяр Мекеден Багдад аркылуу Түркстанга кайтып келе жатып, Ооганстандын Мазари-Шариф деген жеринде каза болуп, ошол жердеги көрүстөнгө коюлган.

Кудаяр хан башкарган мезгилде хандык – феодалдык эзүү күчөп, ич ара чабыштар, кошуна хандыктар, Орусия менен уруштар күчөгөн.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын жана келишимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 1991-жылы 8-декабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловеж токоюнда СССРдин курамындагы Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларусь Республикаларынын Президенттери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартында СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген.

Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында жогорку 3 мамлекет менен дагы 9 мамлекет – Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биригишип, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, СССР жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М.С.Горбачев, 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары жана принциптери төмөнкүдөй аныкталат: Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер тарабынан түзүлгөн келишимдерде макулдашылган тартипте паритеттик (теңдик) принцип боюнча ишке ашырылат эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык жана ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый менен мамиле кылышат; Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алышат. Көз карандасыз мамлекеттердин шериктештигинин негизги кеңешүүчү жана координациялык органдары – шериктеш мамлекет башчыларынын кеңеши, өкмөт башчыларынын кеңеши, секретариаты, мамлекеттер аралык экономикалык комитет, экономикалык, сот, мамлекеттердин парламент аралык ассамблеясы, коргоо министринин кеңеши, тышкы иштер министрлеринин кеңеши, космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, коллективдүү коопсуздук келишими жана башка коомдук турмуштун чөйрөлөрүн камтыган уставдык органдар, уюмдар болуп саналат. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өлкөлөрүнүн кээ бирөөлөрү өздөрүнчө бир кыйла тыгыз, терең байланышкан союз түзүүгө да аракет кылып жатышат. Мисалы: Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан биргелешип бажыкана союзун түзүштү. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги дагы Орто Азия республикаларынын да өз ара байланыштары өнүгүүдө.

Медресе

Медресе (арабча مدرسة‎‎ – окуй турган жер) – чыгыш өлкөлөрүндө диний жогорку жана орто окуу жайы. Медреселер жөнүндөгү маалыматтар 8–9-кылымга таандык. Медреседе динден башка философия, укук таануу, филология, астрономия, математиканы окутушкан. Айрым өлкөлөрдө ислам университеттери деп аталган: Азхар (Египет), Зейтун (Тунис), Алигария (Индия), Пеншат (Пакистан), Анкара (Турция) жана башка Орто Азияда Медреселер 10-кылымда пайда болгон 18–19-кылымдарда Медреселердин саны көбөйгөн. Кокон шаарында эле 50 Медресе болгон. Медреселер чоң жана кичине Мелресе деп бөлүнгөн. Чоң Медреселерде 15–20 адам, кичине Медреселерде 5–10 адам окуган. Медреселер Чыгыш өлкөлөрүндө жогорку окуу жайлары катары эсептелген. Мында негизинен мусулман укугу, араб, фарсы тилдерин, рифметика, астрономия жана башкаларды окутушкан. Медреседе окуу 20 жылга жакын үч тепкичте жүргөн: адно – төмөнкү; аусот – ортоңку; агло – жогорку. Ар бир тепкич атайын китептер жана окуу куралдары менен камсыз болгон. Көпчүлүк Медреселер негизинен диний кызматкерлерди –муфтийлерди, аглямдарды, казыларды, мударистерди окутуп, тарбиялап чыгарышкан. Орто Азия хандыктарынын тарыхында Медресени бүткөн адамдар гана казылык, муфтийлик, мударисттик жана башка кызматтарда иштеген. 19-кылымда Кыргызстанда да Медреселер ачылган, 1892-жылы маалымат боюнча Ош шаарында 7 Медресе болгон. Медресени бүтүргөндөр казы же муфтий наамын алышкан. Орто Азияда татарлар тарабынан жаңы тартиптеги мектептердин ачылышы менен Медреселер өнүгө алган эмес. Жогорку Медреселердеги окуу мөөнөтү жети жыл болгон жана алар мусулман кызматкерлерин даярдашкан.

Моголстан

Моголстан - (чагатай тилинде «Мамлакат-и мугулиййе», «Мугулиййе», «Вилайат-и мугулиййе») – 14-кылымдын орто ченинде Орто Азияда түзүлгөн өз алдынча мамлекет. 1346-жылы Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган, башкача айтканда мурунку калыбынан ажырап, бир топ өзгөрүүлөргө туш келген. Мавераннахрда түрк эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) анын чыгыш бөлүгү (к. Манглай Субе) дуулат уруусунун эмири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийгени айтылат. Анда Чыңгыз хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергени («Улус арба’а»), анын бири М. болгону, кийинчерээк ал дагы экиге бөлүнүп, чагатайлар моголдорду «жете» («каракчы»), ал эми моголдор чагатайларды «караунас» (түз мааниде «аргын») деп кемсинтип атаганы, 16-к-дын башында Бабурдун тукумунан башка чагатайлар калбай, кыргыз менен өзбектер (казак) Моголстанды ээлеп алганы, моголдордон болгону Турпан, Кашкар жакта 30 миңдей калып, алар дээрлик мусулман болуп кеткени тууралуу маалыматтар бар. Чыңгыз хандан калган эреже боюнча хандар анын тукумунан гана шайланып, жер-жерлердеги улусбеги, эмир ж. б. аларга кызмат кылууга тийиш болгондуктан, бийликке жетүү үчүн алар хандын тукумунан бирөөнү пайдаланышкан. Ошондуктан бул мамлекеттин түпөлүшүнө дуулаттар (дуглат) чоң роль ойногон, б. а. М-дын тарыхы Ордобинин небереси Болатшинин (Пуладчи) Туглук Тимурду (Чыңгыз хандын тукуму) Ак-Суу ш-на (Чыгыш Түркстан) алып келип, такка отургузушунан (1347) башталат. Ал эми анын уулу Худайдад өз колу менен 6 ханды М-дын тагына отургузса, Эмир Сайид Али Улугбектин наместигинен Кашкарды бошотуп, биротоло хандын ишенимине кирген. Туглук Тимур (1347–62) бийлигин бекемдөө үчүн ислам динин курал катары пайдаланып, бир катар админстр., экон., саясий реформаларды жүргүзгөн. Башкы калаасы (1347–80) Алмалык болуп, 1361-жылы Мавераннахр толук могол ханынын кол алдында калган. Ошентип, азыркы Кырг-н жана Казакстандын түш.-чыгышын кучагына алган, б. а. чыгышынан Бар-Көл, Эмил жана Иртыш; түндүгүнөн Көкчө-Теңиз (Балхаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышынан Түркстан, Ташкент; түштүгүнөн Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпан менен чектешип, атчан адам үчүн баш-аягы жети-сегиз айлык жол болгон М. мамлекети түзүлгөн. Кыргыз уруулары да М-га караган аймактын ичинде калып, бирок көз каранды болбоо үчүн аларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп тургандыктан, Мухаммед Хайдар аларды «Моголстан токоюнун арстандары» деп атаган. Туглук Тимурдун уулу Илияс Кожонун тушунда (1362—1380) М. ыдыроого туш келип, Жети-Суу аймагына дуулаттардын эмири Камар ад-Дин ээлик кылса, Иледен Тарбагатайга чейинки жерлер Еңге төрөнүн колуна өткөн. 1368-ж. Илияс хандын Турпанды басып алышы менен ал жердеги уйгурлардын үстөмдүгү (Турпан идыкуттугу) жоюлуп, Турпан шаары борбор болуп калган (1380–1419). 14-кылымдын 70–80-ж. Тимур бир нече жолу М-га жүрүш уюштуруп, натыйжада Кызыр Кожо хан (1380–99) Тимурга баш ийүүгө аргасыз болгон. Мухаммед хандын тушунда (1408–16) М. кайрадан күчкө кирип, Чүй, Талас өрөөнүн кайрып алышкан. 15-к-дын биринчи жарымында чыгыштан калмактар тынымсыз кол сала баштап, Вайс хан (1418–28) борборун кайра Алмалыкка көчүргөн (1416–1706). Ал өлгөндөн кийин М-дын саясий абалы начарлаган жана майда уделдиктерге бөлүнүп, ээлеген аянты да өзгөрүүгө учурай баштаган. Мис., Мухаммед Хайдар боюнча бир учурда Султан Ахмед хан Ташкент, Сайрамды таштап, М-нга кетсе, экинчи бир жолу Кашкар, Жаңы Гисарды калтырып, кайра эле М-нга келген же ушул мезгилде Ташкент, Сайрам жана Кашкар, Жаңы Гисар М-дан сыртта калган. 16-к-дын башында Мухамед Хайдар М-га чыгышы Куча, батышы Кожент, түн-гү Чарын-Челек (Иле д-нын оң жээги), түш-гү Тарим суусунун аралыгындагы жерлерди киргизип, негизги шаарлары катары Кашкар, Жаркент (Яркенд), Ак-Суу, Котон (Хотан), Ат-Башы, Аксыкентти (Аксы) көрсөткөн. Вайс хандан кийин кыргыз уруулары күч алып, могол хандары алар менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Эсен-Бука хан (1433–62) Чүй суусунун аягындагы Козу-Башы деген жерди казак султандары Жаныбек менен Керейге берген. Мухаммед Хайдар боюнча хижранын 916-ж-нан (1510/11) баштап кыргыздар аябай күч алгандыктан, М-га бир да могол жолобой калган жана алардан Түркстан, Сайрам, Шаш (Ташкент) ш-нын чет жакасындагы өзбек-казактар (мусулман) да катуу жабыр тартышкан. Муну шылтоологон (иш жүзүндө Кашкар тарап тардык кылып жаткан) Султан Саид хан (1514–33) хижранын 928-ж. (1521/22) «жайыты кең, тоюту мол» М-ды басып алууга кирише баштаган. Ал үчүн Мырза Али Тагайды улусбеги, Мухаммед Кыргызды эмир кылып дайындап, жаш экенине карабай, уулу Абд ар-Рашидди кыргыздарды каратуу үчүн Кочкорго жөнөткөн. Мухаммед Кыргыз ага кыргыздардын бир бөлүгүн баш ийдирген, калган бөлүгү Тахир ханды колдоп кеткендиктен, Рашид кийинки жылы Ат-Башыга, андан Кашкарга кайтып кеткен. Ушул учурдан баштап (бир нече жолу катуу сокку жегенине карабай) кыргыздар могол хандарына көз каранды болуудан биротоло арылган. 1678-жылы Моголстанды калмактар басып алып (к. Жуңгар хандыгы), 1704-жылы Мухаммед Мумин хандын көтөрүлүшүнө байланыштуу биротоло жоюлган.

Ад.: Иванов П. П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Петров. К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами и XIII—XIV вв. Ф., 1961; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Юдин В. П. О родоплеменном составе могулов Могулистана и Могулии и их этнических связей с казахскими и другими соседними народам / Изв. АН КазССР. Вып. 3. 1965; Бартольд В. В. Древнетюркские надписи и арабские источники. Соч. Т. V М, 1968; Акимушкин О. Ф. К вопросу о внешнеполитических связях могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI — 60-х годах XVII в. // Палестинский сборник. Вып. 21 (84). Л., 1970; Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан и середине XIV — начале XVI в. А.-А., 1977; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Howorth H. H. History of the Mongols from the 9th to the 19th century, pt. 1, the Mongols proper and the Kalmuks, London, 1876.

Орто-Азия, Сузак району

Орто-Азия (кырг. Орто-Азия) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы айыл. Кызыл-Туу айыл округу курамына кирет. Орто Азия, кыштак - Кыргызстандын Жалал-Абат облусундагы Сузак районуна караштуу айыл. Совет доорунда бул айыл Карл Маркс атындагы колхоздун карамагындагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши болгон.

Талак

Талак (арабча таляк – ажырашуу) – шарият боюнча эрди-катындын ажырашуусу; мусулмандарда нике бузулуунун бир түрү. Эгер күйөөсү аялына «талак» десе же ага маанилеш сөз (шарият боюнча ажырашуу үчүн талак мааниде сөздөрдү айтуу белгиленген: «Сен ажыраштың!», «Чылбырың өз мойнуңа илинди!» ж. б.) айтса, нике бузулду деп эсептелген. Ал эми күйөөсү менен аялынын ортосунда идда мезгилинде (мусулманча тазалануу айынын үч мезгилинде) жубайлык мамилелер болбосо, ажырашуу биротоло аяктайт. Мындан башка мусулмандар ичинде шарият боюнча ажырашуунун «зихар» жана «айман» деген да түрлөрү бар. Орто Азия элдеринде (анын ичинде кыргыздарда) нике бузууда «үч талак» (талакты үч жолу кайталоо) кеңири тараган. Учурда жубайлар мыйзам негизинде ажырашат.

Таш

Таш — аралыктын (узундукту) өлчөмүн билгизген термин "Манас" эпосунда мындай учурайт:

Добулбасы кагылып,

Тууга байрак тагылып,

Шоорук жолго салыптыр,

Он бир таш жерге жол басып,

Барган экен кошуну

Памир тоого таянып... (Курама вариант, 1. 151). Орто Азия элдеринде салмакты жана аралыкты билгизген өлчөм. "Манас" эпосунда аралыкты билгизген гана өлчөм катары берилген. Бир таш 9000 кадамдан (6 км) 12000 кадамга чейин (8,5 км) Орто Азиянын ар кандай жерлеринде ар кыл болгон. Мисалы, 1858—59-ж. бир орус туткунунун жазып кеткени боюнча эмирдин жер өлчөгүчтөрү бир таш аралыкта 9000 кадамдан кийин таш үйүп отуруп белгилешкен. Ошол бир аралыкты Т. менен белгилегендиги үчүн өлчөмдүн өзү Т. деп аталган болуу керек. Т. сөзүнүн синонимдери — фереак, санг жана йигач. Т. түшүнүгү "Манаска" Орто Азия чөйрөсүндө киргени шексиз.

Ташкен

Ташкен (өзб. Toshkent, Тошкент) - Өзбекстандын борбору. Ташкен областынын административдик борбору. Республикасынын түндүк-чыгышында, Чыйырчык дарыясынын өрөөнүндө (Сыр- Дарыянын алабы), деңиз деңгээлинен 455 м бийиктикте жайгашкан. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6°С, июлдуку 32°Ска жетет. Жылдык жаан-чачыны 360–390 мм. Орто Азиядагы калкы көп шаарлардын бири. Калкы 2,3 млн (2013, агломерациясы менен 3,2 млн; калкынын саны боюнча КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн ичинен 4-орунда). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жана илимий ири борбору. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу [айыл чарба машиналарынын чыгаруучу негизги ишканалары: «Ташсельмаш», «Узбексельмаш» жана Ташкент трактор заводу, жеңил ж. б. өнөр жай үчүн жабдуу, электроника техникалары («Фотон», «Спутник», «Миконд» заводдору), авиа куруу («ИА-76»; КМШдагы аскерий-транспорт самолётун чогултуучу жалгыз завод ж. б.], жеңил (кебез, кездеме, трикотаж, бут кийим), химиялык, химиялык-фармацевтика, тамак-аш. Ошондой эле «Зенит» заводу, 1991-жылдан Түштүк Кореянын «Goldstar» фирмасы менен бирдикте видеомагнитофон жана видеоплейерлерди чыгарат. Шаарда чет өлкөлүк компаниялардын офиси, бизнес жана ишкер борборлор, автосалондор, нефть-газ компаниялары жайгашкан. Өзбекстан Илимдер академиясы, 21 жогорку окуу жайы (анын ичинде улуттук университет, консерватория, медициналык академия, театр-көркөм институту, информациялык технология, Эл аралык Вест-минтсерский университет, диний семинария, ислам ж. б.), ошондой эле Мирзо Улукбек атындагы астроном. институт, Орто Азия токой Илим-изилдөө институту иштейт. Үй-музейлер (анын ичинде Гафур Гулям, Айбек Муса Ташмухамедов, Мухтар Ашрафи, Юнус Ражаби), Тамара ханумдун мемориалдык музейи, Анна Ахматованын мемориалдык клубу (1986) ачылган. Навои атындагы Чоң Өзбек опера жана балет, орус драма жана «Ильхом» театрлары, музейлер (анын ичинде искусство, прикладдык, тарых, тимуриддер тарыхы ж. б.), китепкана ж. б. бар. Шаарда кооз тарыхый архитектуралык эстеликтер кездешет. Шейхантаур (14-кылым), Каффаль Шаши мавзолейлери, Барак-хан, Кукелташ медреселери (экөө тең 16-кылымда курулган), Жунус-хан (15-кылым) күмбөзү, католик собору, лютеран чиркөөсү сакталган. Зоопарк, ботан. жана япон бактары уюштурулган. «Ташкент-Ланд» оюн-зоок өткөрүлүүчү парк, аквапарк курулган. Ташкентте 1966-жылы 26-апрелде катуу жер титирөө, 1999-жылы 22-ноябрда терракт болгон. Ташкенттеги телемунара Борбордук Азиядагы эң бийик (бийиктиги 375 м, дүйнөдөгү Ючу) мунара. Ташкентте 1968-жылдан 1988-жылга чейин Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттеринин эл аралык кинофестивалы эки жылда бир өткөрүлүп келген. Аны 2011-жылдан кайрадан калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Түрк кагандыгы

Түрк кагандыгы административдик саясий борборуна айланган. 553-ж. Ашиналардын Улуу Түрк династиясын негиздөөчү Илиг-каган Бумын дүйнөдөн кайткан.

Талаа элдеринин салтына ылайык бийлик Бумындын иниси Истеминин колуна өткөн. Ал өз агасы өлгөнгө чейин эле Жети-Сууну, Борбордук жана Батыш Теңир-Тоону жердеген он ок уруусун (он жебе элин) өз ээлигине кошуп алган. Ушундан кийин Истеми "он уруу каганы" деген титулга ээ болгон. Ал чындыгында мамлекеттин батыш бөлүгүндө гана бийлик жүргүзгөн. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн башкарып турган Бумындын туугандары кагандын бийлигин жөн эле улантымыш болгону менен тышкы саясатты толук бойдон өз алдынча жүргүзүшкөн.

Эгерде Илиг-каган Мухан (553-572-жж.) – Түштүк Сибирди жана Түштүк Кытайды багынтуу менен убара болсо, анда он уруунун каганы Истеми Орто Азия жергесин жана Казакстандын кеңири талаасын багынтып алуу саясатын жүргүзгөн. Ал учурда Орто Азияны эфталиттер бийлеп турушкан.

555-ж. түрктөр менен ирандыктар эфталиттерге каршы союз түзүшкөн. Бул келишим Ирандын шахы Хосров Ануширвандын (531-579-жж.)

Истеми кагандын кызына үйлөнүшү менен бекемделет. 563-жана 567-жж. эфталиттерге Ирандын аскерлери батыштан, түрк атчан аскерлери түндүктөн кол салышып, аларды талкалашат. Орто Азиялыктардын жери менен кошо он уруу каганы Истеми эфталиттердин тактан түшүрүлгөн падышасынын титулун да алат. Кагандын убактылуу ордосу Теңир-Тоого жайгашкан, бул жерден бардык жактарга соода кербендерин, элчилерди жөнөтүп турууга ыңгайлуу эле.

Эфталиттерди талкалагандан кийин эле Иран менен Түрк кагандыгынын ортосунда чыр чыгат. Талаалыктардын салты боюнча Хосров Ануширван шах күйөө бала катары кагандын кичүү иниси болуп калууга тийиш болчу. Бирок шах бул салтка баш ийгиси келген эмес. Анын үстүнө Истеми мурда эфталиттерге берип жүргөн салыктын баарын эми түрк казынасына төгүүнү талап кылат. Бул талапты күч-кубаты артыла түшкөн Иран аткарбай коет.

Түрктөр Иранга биринин артынан экинчи элчисин жиберишет, бирок Хосров Ануширван элчилердин талабын жоопсуз калтырган. Кырдаалды экинчи элчиликтин мүчөлөрүнүн Иранда каза болушу ого бетер татаалдатты. Перстердин түрктөр үчүн Ирандын аптаптуу климаты терс таасир берди деген кулку келерлик шылтоосуна карабастан Истеми элчилер уулантылып өлтүрүлгөн деген чечимге келди. Бул мурдагы шериктештерди биротоло ажырашууга алып келди. Эми Иран батыш түрктөрү менен согушууга даярдана башташты.

Түрктөр Иранга каршы Византиялыктар менен келишим түзгөн. Бирок согуш башталганда түрктөрдүн аракети батыш жактан византиялыктар тарабынан колдоого алынган жок. Шах Хосров эки тарап менен согушуудан чочулап, Истеми менен союздаш болууга шашылды. Бирок, 571-ж. келишим боюнча Иран мурда эфталиттерге төлөп турган салыкты эми түрктөргө төлөөгө макул болду. 576-ж. түрктөрдүн башкаруучусу Турксанф Кара денизди бойлой жайгашкан Византияга кол салып, Боспорду каратып алат. 580-ж. түрктөр Крымды басып киришип, Херсонести курчап алышкан. Натыйжада Түрк кагандыгы евроазиялык кубаттуу өлкөгө айланган.

Ошентип, өздөрүнүн тышкы саясатында кайраттуу Истеми башында турган түрктөр чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок ийгиликтерди бекемдеп калууга мүмкүндүк болгон жок, анткени кагандыктын өзүндө ич ара ыйкы-тыйкы күчөп, бийлик үчүн узакка созулган кармашуу башталган. 575-жылы кадыр-баркы эл арасында жогору болгон каган Истеми дүйнөдөн өтөт. Түрк кагандыгын Таспар каган (572-581-жж.) – кыңк эттирбей башкарып турган.

Ал өлгөн соң кагандыктын тактысын төрт талапкер талашып, бири-бири менен айыгышкан күрөшкө чыгышат да, бир туугандардын кандары төгүлөт. Бул согуш төрт талапкердин учөөсү өлгөндөн кийин гана басылат. Алардын арасынан Истеминин тирүү калган мурасчысы Тарду Боке каган батышта 587-ж. Түрк башкаруучусунун тактысына отурган. А бирок бийлик үчүн күрөш анын такка отурушу менен эле бүтүп калган жок.

Уруулар ортосундагы кандуу кармашуу Түрк кагандыгын алсыратып, анын тышкы саясатын кескин түрдө басаңдатыл жиберген. Бул мезгилдин ичинде түрктөргө оор салык төлөп келишкен бытыранды Кытай Суй династиясына (581-618-жж.) баш кошуп, биригип алган эле. Экинчи бир салык төлөгөн өлкө – Иран 588-ж. Гераттын алдында түрктөргө оор сокку урат. 590-ж. болсо Византия түрктөрдөн Боспорду бошотуп алган.

Тарду Боке каган өлгөндөн кийин 603-ж. Түрк мамлекети Чыгыш жана Батыш кагандыктары болуп экиге бөлүнүп кеткен. Кыргызстандын мындан аркы тарыхы Батыш Түрк кагандыгы менен байланыштуу.

VII к. башында Батыш Түрк кагандыгы "Он ок эли" мамлекетинин аты менен аталган. Ашина династиясынын мамлекет башчыларынын расмий титулдары болуп түрктүн "жабгу каганы" же "Он ок элинин каганы" эсептелинген.

Он ок эли Теңир-Тоонун жергиликтүү эли эле. Ал чоң эки бирикмеден: беш уруу биригип "нушиби" конфедерациясын түзүп, Сыр-Дарыядан Чүй суусуна чейинки жерди ээлеп турган, экинчи беш ууру эл "дулу" деген жалпы ат менен Чүй дарыясынан тартып – Алтай менен Жунгария аймактарына жайгашкан. Батыш Турк кагандыкынын курамына Чыгыш Туркстан, Орто Азия чөлкөмдөрүнүн дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлери, Арал боюндагы, Түндүк Кавказдагы талаалар кирген.

Анын административдик-саясий борбору болуп алды менен Талас өрөөнүндөгү Миң-Булак, 618-ж. баштап Суяб шаары (Токмок шаарына жакын жаткан Ак-Бешим шаар урандылары) эсептелинген.

Батыш түрктөрү өз ич ара салгылашуунун кесепетинен Тон жабгу кагандын бийлигинин тушунда гана (618-630-жж.) кутулушту. Замандаштары ага саясий жактан да, аскердик жактан да жогорку баа беришкен. "Ал эч нерседен тартынбаган жана баарын алдын ала билген көрөгөч адам болгон.

Кандай кармашуу болсо да жеңиш менен аяктаган" деп жазышат кытай жылнаамачылары. Тон жабгу-каган антиирандык саясатты активдүү жүргүзгөн. Ал Ирандан Тохарстанды тартып алып, Афганстанды бүт бойдон жана Индиянын түндүгүн ээлеген. Византянын императору Ираклий менен келишим түзүп, Ирандын Закавказьедеги ээлеп турган жерине кол салып, Дербент, Тбилиси жана Партав шаарларын каратып алган.

Тон жабгу-каган маанилүү саясий-административдик реформа жүргүзүп, көчмөн эл менен Орто Азиянын оазистеринде жана Чыгыш Туркстанда жашаган даражалуу адамдардын укуктарын теңеген. Бул болсо мурда кескин түрдө артыкчылыктарга ээ болуп келген талаа аристократтарынын мыйзамсыз женилдиктерин биротоло жойгон. Вассалдык башкаруучулардын иштерин байкоого алуу үчүн жана салыктарды жыйнап туруу үчүн атайын наместниктер дайындалган. Көп узабай талаа феодалдарынын бири күтүлбөгөн жерден Тон жабгу-кагандын турагына кол салып, аны өлтүргөн.

Мына ушул окуя Ашина династиясынын, Он ок элинин жана аларга көз каранды болушкан Орто Азия менен Чыгыш Туркстан элдеринин арасындагы кадыр-баркын биротоло кетирген. Кайрадан уруулар арасында coryш башталып, кагандардын улам-улам алмашышына жана борбордук бийлик үчүн күрөштүн күчөшүнө алып келген. VII кылымдын аягында Кытайда Тан династиясы (618-907-жылдар) күч алган. Алар Чыгыш Түрк кагандыгын талкалаган. Турфан оазисин басып алып, өз бийлигин орноткон. Бул жер ал үчүн Батыш Түрк кагандыгына чабуул коюуга ыңгайлуу болгон. Кытайлар менен түрктөрдүн ортосундагы салгылашуу узакка созулган.

Акырында Иле дарыясында (565-ж.) болгон салгылашууда Кытай полководеци Су Динфан Ышбара кагандын аскерлерин талкалаган. Ышбара каган болсо өз аскерлери менен Чүй өрөөнүнө чегинет. Ал ушул жерден биротоло талкаланып, өзү колго түшөт. Теңир-Тоо жергесине реалдуу бийлик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Тан императору Он ок элинин башына Ашина династиясынын батыш бутактарынын өкүлүн койгон. Марионеткалык кагандар элдин урматтоосуна жетише алышкан эмес.

Кагандык улам начарлай берген. Ашина династиясынын 23-каганы акыркысы болгон. Аны 704-ж. Кулан шаарында (азыркы Луговая станциясына жакын) түргөштөр өлтүрүшкөн ошентип Жети-Сууда жана Теңир-Тоодо түргөш кагандарынын династиясы бийликке келген.

Түркстан

Түркстан — "Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунда кыргыздар жана ага жамаатташ элдер мекендеп турган жер катары айтылат:

Кылым кыргыз эл деген,

Түп атасы булардын

Түркстанды жердеген,

Азып-тозуп ар жакка

Андан бери келбеген (Сагымбай Орозбаков, 2. 81-8-).

Манас Т-ды душмандардан бошото баштаганы мындайча сүрөттөлөт:

Атамдын жерин бергин деп

Алтайлык келип калганы,

Алар түйшүк салганы,

Артыкча доолап асылып

Манас келип калганы (Сагымбай Орозбаков, 2. 227).

Географиялык реалияда эзелден бери түрк элдери жашаган азыркы Орто Азия, Түштүк Казакстан, Шинжан жана Ооганстандын түн. бөлүгүн камтыган тарыхый-географиялык аймак. Валиханов жазып алган эпизод Казакстандын Чымкент облусуна караштуу шаар (Түркстан) жөнүндө эскерилет: "Кече Түркстан карай чапканда" ("Ала-Тоо", 1979, № 7, 75-б.).

Түркстан автономия советтик социалисттик республикасы

Түркстан автономия советтик социалисттик республикасы, ТАССР. РСФСРдин курамында 1918-жылы 30-апрелде Орто Азия аймагында түзүлгөн. Борбору Ташкен шаары болгон. 1918-жылы 5–14–октябрда өткөн Түркстан Республикасынын советтеринин чукул чакырылган 6-съездинде ТАССРдин Конституциясы кабыл алынган.

1918-жылы жазында ТАССРдеги негизги өнөр жай тармактары, банктар, темир жолдор мамлекеттештирилген. 1918-жылдын. орто ченинде Түркстандын аймагында ички контрреволюцияга жана чет элдик интервенцияга каршы Оренбург-Акдөбө, Закаспий, Жетисуу жана Фергана фронттору түзүлгөн. Түркстан Кызыл Армиясы түзүлүп, ТАССР Компартиясы менен Советтик республиканын экономикасын жапырт көтөрүү боюнча атайын чараларды көрүшкөн.

Жалпысынан РСФСРге салыштырганда мында өнөр жай ишканаларын, анын ичинде кустардык жана жарым кустардык типтеги бардык өндүрүш ишканаларын мамлекеттештирүү бир кыйла тез темпте ишке ашырылган. ТАССРде 1920-жылдагы эсеп боюнча 5230 миң адам (казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, каракалпак, орус жана башка) жашаган. Калктын 85%инен көбү айылда жашап, республиканын бардык продукциясынын 2/3 бөлүгүн айыл чарбасы берген.

1924-жылы 27-октябрда Орто Азиянын улуттук мамлекет болуп бөлүнүшүнө байланыштуу ТАССР жоюлуп, анын аймагында Өзбек ССРи, Түркмөн ССРи, Тажик АССРи (Өзбек ССРинин курамында), Кара Кыргыз автономия облусу (РСФСРдин курамында), Каракалпак автономия облусу (Казак АССРинин курамында) түзүлгөн, казак калкы жашаган аймактар Казак АССРине өткөн.

Улуу жибек жолу

Улуу жибек жолу - б.з.ч. 2-кылымдын ортосунан орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода жана маданий-карым катнаш жолунун аталышы.

Бул жол Чыгышта - Кытай, Батышта - Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө - Чыгыш Европаны жана Сибир аймагын, түштүктө - Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган.

Кыргызстан аймагы да Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.

Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагын, Суйаб, Барскан, Кочкор-Башы, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.

Эне-Сай кыргыз каганаты менен Орто Азияны бириктирген сода жолу Кыргыз жолу деп аталган.

Хан

Хан, кан, каган, хаган («монарх», «бийлөөчү» маанисиндеги байыркы түрк сөзү) – түрк жана моңгол бийлөөчүлөрүнүн наамы. Бул термин байыркы Орхон-енисей жазма даректеринен да учурайт. Хан алгач уруу башчысы деген маанини туюнтса, селжуктар менен Хорезм шахтары тушунда Хан – князь деген мааниде колдонулган. 11–12-кылымдарда Моңгол империясында улустарды бийлегендерге, султандарга да хан наамы ыйгарылган.

Индостандагы мусулман мамлекеттериндеги ар түрдүү мансапка ээ болгон төрөлөр да хан аталышкан. Иранда Сефевилер тушунда облусту башкаруучу, ошондой эле аскер феодал төбөлдөрүнүн бири да хан аталган. 19-кылымда хан наамы айрым бир кыргыз төбөлдөрүнө берилген.

Чокан Валиханов

Валиханов, Чокон Чыңгызович (каз. Шоқан Уәлиханов) (1835, азыркы Казахстан Республикасы, Костанай облусу, Кушмурун айылы - 1865, Казакстан Республикасы Талды-Коргон облусу, Алтынэнеп кыштагы) - казак элинин тунгуч окумуштуусу, (агартуучу-демократ, тарыхчы, этнограф, фольклорчу жана саякатчы.Абылай хандын чөбүрөсү. 1847-53-ж. Омскиден кадеттер корпусун бүткөндөн кийин Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунда кызмат өтөгөн.

Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркестан элдеринин тарыхын, этнографиясын, фольклорун жана маданиятын, ошондой эле Теңир-Тоо аймагынын географиясынн изилдөөгө зор салым кошкон.

1860 - 61-ж. Петербургда жашап, орус революциячыл демократиялык идеялары менен жакындан таанышып, алдынкы орус интеллигенциясы менен тыгыз карым-катышта болгон. Россия ИАнын жана География коомунун иштерине активдүү катышкан. Анын илимий көзкарашы көп кырдуулугу менен айырмаланган: тарых, этнография, география, лингвистика, археология, саясий экономия. Валиханов орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон. Ал Орто Азия, Казахстан жана Батыш Кытай элдеринин тарыхы, маданияты боюнча баалуу илимий эмгектерди жараткан. Валиханов 1856-ж. май-июлда аскердик чалгындоо саякатына катышып, Ысык-Көл аймагына келген. Кыргыздын бугу, сары багыш, солто урууларында болуп, эл менен таанышкан. Ушул эле жылдын август айында атайын тапшырма менен Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган. 1857-ж. кайра Ала-Тоодогу кыргыздарга саякат жасаган. «Манас» эпосун кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон. Эпос жана анын айтуучулары тууралуу маанилүү илимий пикирлер айткан. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көңүл буруп, кыргыздар Тенир-Тоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей жана Тенир-Тоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Тениртоого Чынгыз хандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон.

Чыңгыз хан

Чыңгыз хан (өз аты Темужин, Темучин, моңголчосу: Тэмүүжин; болжолу 1155 – 25 август 1227 жыл) – Моңгол ханы, Улуу Моңгол Империясынын негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң белгилиүү тарыхый адамдарынын бири.

Genghis Khan

Өзбекстан Улуттук Университети

Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук Университети (өзбекчө: Mirzo Ulugʻbek nomidagi Oʻzbekiston Milliy Universitet) — Орто Азияда эң эски Советтик университет. Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайы. 1918-жылы Ташкенде Элдик университет катары негизделип, 1920-жылдан Түркстан университети, 1923-жылдан Орто Азия коммунисттик университети деп аталган. 1954-жылы В. И. Лениндин ысымы берилген. Бул университетке Орто Азиядагы жергиликтүү улуттардын өкүлдөрү кабыл алынып, жогорку квалификациялуу партиялык, советтик, профсоюздук, комсомолдук адистер жана журналисттер даярдалган. Кыргызстандан да партиялык, советтик, коомдук көп жетекчилер тарбияланып чыккан. 1960-жылдан 2000-жылга чейин Ташкен мамлекеттик университети. Ошол эле 2000-жылы бул окуу жайга улуттук университет макамы берилип, окумуштуу Улугбек ысымы ыйгарылган.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.