Моголстан

Моголстан - (чагатай тилинде «Мамлакат-и мугулиййе», «Мугулиййе», «Вилайат-и мугулиййе») – 14-кылымдын орто ченинде Орто Азияда түзүлгөн өз алдынча мамлекет. 1346-жылы Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган, башкача айтканда мурунку калыбынан ажырап, бир топ өзгөрүүлөргө туш келген. Мавераннахрда түрк эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) анын чыгыш бөлүгү (к. Манглай Субе) дуулат уруусунун эмири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийгени айтылат. Анда Чыңгыз хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергени («Улус арба’а»), анын бири М. болгону, кийинчерээк ал дагы экиге бөлүнүп, чагатайлар моголдорду «жете» («каракчы»), ал эми моголдор чагатайларды «караунас» (түз мааниде «аргын») деп кемсинтип атаганы, 16-к-дын башында Бабурдун тукумунан башка чагатайлар калбай, кыргыз менен өзбектер (казак) Моголстанды ээлеп алганы, моголдордон болгону Турпан, Кашкар жакта 30 миңдей калып, алар дээрлик мусулман болуп кеткени тууралуу маалыматтар бар. Чыңгыз хандан калган эреже боюнча хандар анын тукумунан гана шайланып, жер-жерлердеги улусбеги, эмир ж. б. аларга кызмат кылууга тийиш болгондуктан, бийликке жетүү үчүн алар хандын тукумунан бирөөнү пайдаланышкан. Ошондуктан бул мамлекеттин түпөлүшүнө дуулаттар (дуглат) чоң роль ойногон, б. а. М-дын тарыхы Ордобинин небереси Болатшинин (Пуладчи) Туглук Тимурду (Чыңгыз хандын тукуму) Ак-Суу ш-на (Чыгыш Түркстан) алып келип, такка отургузушунан (1347) башталат. Ал эми анын уулу Худайдад өз колу менен 6 ханды М-дын тагына отургузса, Эмир Сайид Али Улугбектин наместигинен Кашкарды бошотуп, биротоло хандын ишенимине кирген. Туглук Тимур (1347–62) бийлигин бекемдөө үчүн ислам динин курал катары пайдаланып, бир катар админстр., экон., саясий реформаларды жүргүзгөн. Башкы калаасы (1347–80) Алмалык болуп, 1361-жылы Мавераннахр толук могол ханынын кол алдында калган. Ошентип, азыркы Кырг-н жана Казакстандын түш.-чыгышын кучагына алган, б. а. чыгышынан Бар-Көл, Эмил жана Иртыш; түндүгүнөн Көкчө-Теңиз (Балхаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышынан Түркстан, Ташкент; түштүгүнөн Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпан менен чектешип, атчан адам үчүн баш-аягы жети-сегиз айлык жол болгон М. мамлекети түзүлгөн. Кыргыз уруулары да М-га караган аймактын ичинде калып, бирок көз каранды болбоо үчүн аларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп тургандыктан, Мухаммед Хайдар аларды «Моголстан токоюнун арстандары» деп атаган. Туглук Тимурдун уулу Илияс Кожонун тушунда (1362—1380) М. ыдыроого туш келип, Жети-Суу аймагына дуулаттардын эмири Камар ад-Дин ээлик кылса, Иледен Тарбагатайга чейинки жерлер Еңге төрөнүн колуна өткөн. 1368-ж. Илияс хандын Турпанды басып алышы менен ал жердеги уйгурлардын үстөмдүгү (Турпан идыкуттугу) жоюлуп, Турпан шаары борбор болуп калган (1380–1419). 14-кылымдын 70–80-ж. Тимур бир нече жолу М-га жүрүш уюштуруп, натыйжада Кызыр Кожо хан (1380–99) Тимурга баш ийүүгө аргасыз болгон. Мухаммед хандын тушунда (1408–16) М. кайрадан күчкө кирип, Чүй, Талас өрөөнүн кайрып алышкан. 15-к-дын биринчи жарымында чыгыштан калмактар тынымсыз кол сала баштап, Вайс хан (1418–28) борборун кайра Алмалыкка көчүргөн (1416–1706). Ал өлгөндөн кийин М-дын саясий абалы начарлаган жана майда уделдиктерге бөлүнүп, ээлеген аянты да өзгөрүүгө учурай баштаган. Мис., Мухаммед Хайдар боюнча бир учурда Султан Ахмед хан Ташкент, Сайрамды таштап, М-нга кетсе, экинчи бир жолу Кашкар, Жаңы Гисарды калтырып, кайра эле М-нга келген же ушул мезгилде Ташкент, Сайрам жана Кашкар, Жаңы Гисар М-дан сыртта калган. 16-к-дын башында Мухамед Хайдар М-га чыгышы Куча, батышы Кожент, түн-гү Чарын-Челек (Иле д-нын оң жээги), түш-гү Тарим суусунун аралыгындагы жерлерди киргизип, негизги шаарлары катары Кашкар, Жаркент (Яркенд), Ак-Суу, Котон (Хотан), Ат-Башы, Аксыкентти (Аксы) көрсөткөн. Вайс хандан кийин кыргыз уруулары күч алып, могол хандары алар менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Эсен-Бука хан (1433–62) Чүй суусунун аягындагы Козу-Башы деген жерди казак султандары Жаныбек менен Керейге берген. Мухаммед Хайдар боюнча хижранын 916-ж-нан (1510/11) баштап кыргыздар аябай күч алгандыктан, М-га бир да могол жолобой калган жана алардан Түркстан, Сайрам, Шаш (Ташкент) ш-нын чет жакасындагы өзбек-казактар (мусулман) да катуу жабыр тартышкан. Муну шылтоологон (иш жүзүндө Кашкар тарап тардык кылып жаткан) Султан Саид хан (1514–33) хижранын 928-ж. (1521/22) «жайыты кең, тоюту мол» М-ды басып алууга кирише баштаган. Ал үчүн Мырза Али Тагайды улусбеги, Мухаммед Кыргызды эмир кылып дайындап, жаш экенине карабай, уулу Абд ар-Рашидди кыргыздарды каратуу үчүн Кочкорго жөнөткөн. Мухаммед Кыргыз ага кыргыздардын бир бөлүгүн баш ийдирген, калган бөлүгү Тахир ханды колдоп кеткендиктен, Рашид кийинки жылы Ат-Башыга, андан Кашкарга кайтып кеткен. Ушул учурдан баштап (бир нече жолу катуу сокку жегенине карабай) кыргыздар могол хандарына көз каранды болуудан биротоло арылган. 1678-жылы Моголстанды калмактар басып алып (к. Жуңгар хандыгы), 1704-жылы Мухаммед Мумин хандын көтөрүлүшүнө байланыштуу биротоло жоюлган.

Ад.: Иванов П. П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Петров. К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами и XIII—XIV вв. Ф., 1961; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Юдин В. П. О родоплеменном составе могулов Могулистана и Могулии и их этнических связей с казахскими и другими соседними народам / Изв. АН КазССР. Вып. 3. 1965; Бартольд В. В. Древнетюркские надписи и арабские источники. Соч. Т. V М, 1968; Акимушкин О. Ф. К вопросу о внешнеполитических связях могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI — 60-х годах XVII в. // Палестинский сборник. Вып. 21 (84). Л., 1970; Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан и середине XIV — начале XVI в. А.-А., 1977; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Howorth H. H. History of the Mongols from the 9th to the 19th century, pt. 1, the Mongols proper and the Kalmuks, London, 1876.

Моголстан
Flag of None.svg
Flag of the Kazakh Khanate.svg
Могулистан
Борбор калаа 1346-1380 Алмалык
1380-1419 Турфан
1419-1706 Алмалык
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
Селжукийлер • Каракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздары • Батыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория
Абдурашид хан

Абдурашид хан – 1533–60-ж. Моголстанды бийлеген хан. Султан Саид хандын уулу. Атасынын көзү барында ал Мухаммед-Кыргыз м-н Борб. Теңиртоону бийлеген. Алар Моголстан биримдигин калыбына келтирүү максатында, Моголстандын эң алыскы жерлерине чейин барып, чачыранды кыргыз ордолорун чогултушкан. А. а-Р.х. калмактарга каршы жеңиштүү жүрүш жасап, «Гази» (б.а. капырларга каршы) атка конгон. Атасынын өлүмүнөн кийин (1533) тактыга отуруп, кыска убакытка Жетисууда моголдордун бийлиги орногон. Кыргыз ж-а казактарга каршы күрөшүү үчүн өзбек шейбаниддери м-н союз түзгөн. Өзбек шейбаниддерин казактардын кол салуулары тынчсыздандырып турган. 1537-ж. А. а.-Р.х. казак- кыргыз биргелешкен күчүн кыйроого учураткан. Ага карабастан казактар Ташкенге, кыргыздар Кашкарга коркунуч туудурган.

Бахриндер

Бахриндер, Баарын — этноним, түрктөшкөн моңгол уруусу. Моголстан мамлекетинин (14-кылымдын ортосу, 17-к.) Жети-Суу аймагында жашаган. «Мажму ат-таварихте» алар Манастын башкы душманы Жолойго каршы согушка катышышат. Б-дин башында Моголстан мамлекетинин улус башкаруучуларынын бири Энге-Төрө турган. Ал Жолойго каршы уулу Мухаммед-бек баш болгон он миң моголдорду жиберген. ''Манас'' эпосунун кийинки учурларда жазылып алынган варианттарында кыргыз урууларынын бири катары эскерилет. Элдик санжыра боюнча Б. оң канатка кирген уруу.

Дуулат (этноним)

Дуулат (этноним), дуглат, доглат — "Манас" эпосундагы моңгол урууларынын бири. Тарыхый даректер боюнча Д-тар 13-кылымдан кийин негизинен Орто Азия Жети-Суу, айрыкча Чыгыш Түркстанга чейин көчүп келишкен. Алар бара-бара түрктөшүп, үрп-адаттарын, тилин жоготушкан. Д-тардын ири бөлүгү 15-кылымдан тартып Жети-Суу аймагында казак элине сиңип кеткен. Алардын эмирлери Тимур жана тимурийлерге кызмат өтөшкөн. Д. эмирлери Чыгыш Түркстандын Маңлай-Суй аттуу аймагын бийлеп келишкен. Алардын ири өкүлдөрү Моголстан мамлекетинин улус бектери болуп, өлкөнү бийлөөдө көрүнүктүү роль ойногон. Айрым Д. эмирлери өзүлөрүнө жакпаган Моголстан кандарын өз каалолору боюнча алмаштырганга чейин барган. Ал гана эмес эмир Камар ад-дин кан Ильяс кожону өлтүрүп, Моголстанды өзү башкарып турган Д. эмирлеринин бири Мухаммед Хайдар 16-кылымда "Рашидинин тарыхы" аттуу баалуу эмгекти парсы тилинде жазып калтырган. Ал Моголстан мамлекетинин тарыхына арналган. "Манас" эпосунда моңгол урууларынын бири Д-тар наймандар менен бирге Чоң казатка активдүү катышкан эл катары сүрөттөлөт.

Жаныш-Байыш

«Жаныш, Байыш» – кыргыз элинин 15–17-кылымга таандык баатырдык эпосу. Эпосто кыргыз элинин Моголстан мамлекетиндеги жана калмак доорундагы турмушу чагылдырылган. «Жаныш-Байышта» географиялык аталыштар, чарба, соода, социалдык терминдер (хан, бек, сынчы, чечен ж.б.), кыргыздардын саясий абалы жана алардын коңшу элдер менен болгон карым-катнаштары айтылган. «Жаныш,Байыш» мазмуну боюнча өзбек эпосу «Алпамышка», байыркы грек эпосу «Одиссеяга» окшош (мис., каармандардын өз жерлерине кайтып келиши). Алгачкы варианты 1922-ж. К. Мифтаков тарабынан М. Мусулманкуловдон жазылып алынган. Кытайлык кыргыздарда Өмүр Мамбеттин варианты китеп болуп жарык көргөн (Үрүмчү, 1988). К. Акыевдин варианты 1939-(латын алфавитинде), 1970-, 1991-ж. жарыкка чыккан. 1998-ж. «Эл адабияты» сериясынын 4-томунда «Жаныш, Байыштын» М. Мусулманкулов, Ж. Шаанаев, К. Акыев, С. Дыйканбаев айткан варианттары бир китепте басылган. «Жаныш,Байыш» эпосунда Нуркандын (айрым варианттарда Асылкандын) Жаныш менен Байыш аттуу уулдары кыргыздардын Алакөл аймагын душмандар тартып алганын угушуп, ошол жерди көрүп келиш үчүн жөнөшөт. Алар көлгө жетип куш салып жүргөндө, капысынан душмандар курчап алышат. Тең эмес салгылашууда Жаныш жарадар болот, Байыш туткунга түшөт. Андан кийин Жаныштын жараатынын айыгышы, Байыштын туткундагы окуялары жөнүндө баяндалат. Байыш 7 (кээ бир варианттарда 10, 12) жылдан кийин душмандын падышасынын кызынын жардамы аркылуу зындандан бошонот. Ошол мезгилде бир тууганы Жанышка да жардамга келет. Баатырлар колдоруна аса таяк кармап, дубананын кейпинде, эч кимге таанылбай элине келишет. Бирок, эл аларды таанып, салтанат менен тосуп алат. «Жаныш, Байыш» эпосун Ж. Таштемиров, Ж. Субанбеков, Б. Кебекова, М. Мукасов, И. Молдобаев ж. б. изилдеген.

Жуңгар хандыгы

Жуңгар хандыгы (1635–1758) – 17-кылымдын биринчи жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ойрот мамлекети. Тарыхый маалыматтар боюнча oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк менен 15-кылымда ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, саясий конфедерация түзүшкөн деп айтылса, экинчи көз караш боюнча ойрот «токой адамдары» дегенди билдирген.Бирок ойрот тарыхын изилдөөчүлөрдүн арасында бирдиктүү пикир жок. Кээ бир окумуштуулар (Н. Бичурин, В. Бартольд ж. б.) аны «биримдик», экинчилери (В. Рязановский, К. Костенков ж. б.) «бирлик» деп түшүндүргөн. Б. Я. Владимирцов моңголдордун «ойрад» (калмакча «өөрд» – «жакын») деген сөздүн маанисине карап, европалык ориенталисттер аны «союздаш» деп түшүнгөнүн, иш жүзүндө ойрот союзу эч качан болбогонун эскертет. Кытайдагы Юань династиясынын кулашы (1368), Батыш Моңголиядагы ойрот (чорос, тыргоот, хошут, дөрбөт) урууларынын күч алышына өбөлгө түзгөн.1390-ж. чорос князы Батулучинсанга моңголдор үстөмдүгүнө каршы Сибирь кыргыздары менен бирликке бириккен. Чыгыш моңгол ханы Элбек өлтүрүлгөндөн кийин (1399) кайра Учеги Кашка башында турган кыргыздар менен каршылаша баштаган. 1412-жылдары ойроттордун ээлиги батышынан Моголстан менен чектешип калган. Учеги Кашка 1415-ж. Батулучинсанганы өлтүрүп, көп өтпөй өзү өлгөндөн кийин бийлик Махамуга тийген. Махамунун уулу Тогон (1418–40) жана анын уулу Эсендин (1440–55) тушунда Балхаш көлүнөн Улуу Кытай дубалына чейинки кеңири аймакты кучагына алган ойрот биримдиги түзүлгөн. 1468-ж. Алтайдын чыгышындагы Таш-Туранду деген жерде Манцухай-Сайн-Хатун жетектеген моңголдордун колунан жеңилгенден кийин, ойроттордун бир бөлүгү түндүк-батыш, экинчи бөлүгү түштүк, ал эми Акбаржин (Абабарци-чинсанг) башында турган сибирдик кыргыздар Чыгыш Тянь-Шандын тоолуу райондоруна (Комул, Баркөл) көчүп, ойроттор майда ээликтерге ажырап кеткен. Мындай абал 17-кылымга чейин созулуп, адегенде Чыңгыз хандын тукумуна баш ийип, 16–17-кылымда чыгышынан моңгол хандары, батышынан Моголстан мамлекети менен тынымсыз күрөш жүргүзүп турган. 16-кылымдын аягында Иртыш дарыясынын жогору жагын тайшы (князь) Саин-Сэрден башында турган тыргоот уруусу, батышында Каракулдун (Кара-Кула) кол алдындагы чоростор, аларга жакын Саин-Тэбенеге караштуу дөрбөттөр, Нарынколду (Алтай) Байбагыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар жердеп турган. 1619–21-ж. халхас ханы Жолой-Уубашы (Алтан хан) коңтаажы, 1628–29-ж. анын баласы Омбо-Эрдене бул урууларга чабуул коюп, аёосуз кырган. Натыйжада тыргооттор менен дөрбөттөрдүн көбү Волга жээгине жер которуп кеткен (азыркы Калмыкия). 17-кылымдын орто ченинде алардын түштүк-батышындагы коңшусу Моголстанда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар менен султандыктардын түзүлүшү, чыгышында жайгашкан Халха хандыгынын алсырашы, түштүк жагындагы күчтүү хандык – Чахар хандыгынын жоюлушу ойроттордун кайрадан күч алышына алып келген. 1634-ж. Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (Хуту-Коцин-Батур) ээлеп, башында чоростор турган жаңы хандык негизделет. Чорос уруусунун чыгышы тууралуу боюнча бир нече уламыш айтылат. 1) бул уруунун түпкү атасын бакка асылган бешиктен таап алышкан жана анын оозуна жалбырак чорго (цорго) болуп, жаандын суусун тамчылатып турган; 2) Таап алган баланын жанында чара (чоро) болгондуктан, ага Чорос деген ысым берилген; 3) Чоростор (цорос) карагайдын көңдөйүнөн таап алган бир баладан тарайт, ал карагай тамеки тарткан канжага («цорго») окшош болгон; 4) Чорос этноними енисейлик кыргыздардын тилинде «баатыр», «чоро» деген маани берген ж. б. 1640-ж. ойрот конфедерациясына кирген уруулар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мамлекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага мурас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна ортончу уулу Сеңге отурган. Сеңгенин такка отурушу менен бул мамлекет эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшы башында турган калмактар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн. Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол жак хандык» («Жуңгария»; «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери боюнча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Жуңгар хандыгы күч алышы менен биринчи иретте Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир туугандары Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Галдан Бошокту (Галдан-Бошокту Хан - 1671–97) алат. Жуңгар хандыгы Араптандын (Цеван-Раптан) тушунда (1697–1727) аябай өнүккөн. Ал Далай-ламанын колунан «Эрдене-Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюкту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийинки Калдаң Серен (Галдан Цэрен - 1727–45), Цеван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–50), Лама Доржи (1750–53), Дабачы (1753–55), Амирсан (1755–57) башкарган. Булардын ичинен Амирсандан башкасы Куту-Көчүндүн түз тукуму болуп эсептелет. Амирсандын уругу хойт - Калдаң Серендин кызынан туулган. Азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жайгашкан аймактар Жуңгар хандыгы тарабынан 1643-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-ж. аёосуз чабуулдарга дуушар болгон. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактар, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам жана ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экономикалык кризистер (мамлекеттин жалаң согуштан түшкөн каражатка көз каранды болуп калышы) Жуңгар хандыгын алсыроого алып келген. 1758-ж. күч менен Цин империясынын курамына киргизилген.

Иртыш

Иртыш, Эртиш – Казакстан менен Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Атлай тоолорунан башталат. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сактагычы жана Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, чатына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Конда (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгымы Тобольск шаары тушта 2150 м3/сек (чатында 2830 м3/сек), эң чоң чыгымы 12 100 м3/сек, эң азы 297 м3/сек. Төмөнкү агымы майдан сентябрга, жогорку агымы апрелден октябрга чейин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу менен камсыз кылып, сугатка пайдаланылат. Иртыш Караганды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негизги шаарлар жана порттор: Усть-Каменогорск, Семей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Мансийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль менен Артуш дарыясынын ортолорунда кимактар, ал эми кимактардын чыгышында кыргыз уруулары турары айтылган.

М. Кашгариде да (11-кылым) Иртышта огуз тилдүү уруулар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар батыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калышкан. 9-кылымдын 2-жарымы 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батышка жыла баштаган. 10–12-кылымда Иртышты кыргыздардын айрым бөлүктөрү жана түрк уруулары мекендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын бай тактысы Иртышта жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Моголстан мамлекетинин карамагына кирген жана Иртыш анын Түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-кылымдын 2-жарымынан Иртыш ойрот урууларынын карамагында калган жана калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымында Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Иртышты казак уруулары мекендеген. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү менен Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей жана Теңир-Тоо кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.

Казак Советтик Социалисттик Республикасы

Казак Советтик Социалисттик Республикасы (каз. Қазақ Советтік Социалистік Республикасы) — Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун ичиндеги республика. Азыркы кезде көзкарандысыз Казакстан.

Казакстан

Казакстан Республикасы (каз. Қазақстан Республикасы) – Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет.

Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Тянь-Шань тоо системасына чейин.

Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.

Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Казакстан 1991-жылдан КМТТТга, Бириккен Улуттар Уюмуна (1992), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.

Койсары бий

Койсары бий (туулган жылы белгисиз — 1670-жылдан кийин өлгөн) — чоң багыш уруусунун бийи. Моголстан ханы Абдуллага (Абдаллах) (1638-69/70) байланыштуу эскерилет. Ал Ошту каратып келатып, Беш-Буйнак деген жерден Койсары бий, Кара-Кучук бий, Йол-Болду бий, Уч-Куртка бий, Афат, Шады жана башкалар жетектеген кыргыздардан жеңилүүгө учураган. Кийин Абдулла хан кайрадан кыргыздарга каршы аттанып, Нарын дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздарды чаап кеткенде, Койсары бий, Йол-Болду бий жана башкалар артынан барып, Ак-Сайда хандын колуна сокку бергенетикалык Койсары бий жөнүндө маалымат анын Кашкар шаарына аким болушу, бирок, хандыкка Исмаил келгенде аны түшүрүп, ордуна Койсары бийдин уулу Күчүктү дайындашы менен аяктайт. Көп узабай Сузук, Касым жана башкалар бектер козголоң уюштуруп, Койсары бийге кошуп 25 кишинин башы алынган.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата).

Республикада 3 дубан (Нарын, Ош, Ысык-Көл), 37 район (айылдык), 18 шаар, 31 шаар тибиндеги посёлок (шаарча) бар болгон.

Азыркы кездеги Кыргыз Республикасы.

Кыргызстан тарыхы

20кылымдын башында индия

== Этимология ==нн

Моголдор

Моголдор – соңку орто кылымдарда Чагатай улусунун (Моголстан) чыгыш бөлүгүн мекендеген түрк-моңгол уруулары. Чыңгыз хандын империясы түзүлгөндөн тартып моңголдордун башкаруучу жана аскердик төбөлдөрү бири-бирине каршы эки топко бөлү-нүшкөн. Моңголдордун тиричилигин, каада-салтын жана көчмөн турмушун жактагандар Чагатай улусунун түндүк-чыгышында, негизинен Жети-Сууда орун алышкан. Борбордошкон мамлекеттик курууну, айыл чарбасын, сооданы жана шаар маданиятын өнүктүрүүнү жактагандар Мавераннахрда жайгашып, чагатайлар деген атты сактап калышкан. Эки тарап келишпегендиктен, бири-бирин кемсинтип, чагатайлар Моголдорду жете («каракчы»), моголдор чагатайларды – караунас («аргын») деп атаган. Моголстан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыккан мезгилде Чагатай улусунун калкы дээрлик түрктөшүп калган. Мурда могол термини түрктөшкөн моголдорго карата гана айтылып келсе, эми тек-жайына карабастан Моголстандагы уруулардын бардыгы өзүлөрүн могол деп атай башташкан. Могол этноними Моголстандын бардык калкынын жалпы атына айланган. «Кыргыздар могол урууларынан болсо да хакандарга баш ийбегендиктен, моголдордон бөлүнүп кетти. Ушунун айынан моголдор эми жаралгандын эң азыраагы жана эң алыскысы болуп калды», – деп жазат Мухаммед Хайдар. Натыйжада, 15–16-кылымда моголдор этностук жалпылыкка караганда саясий жалпылыкты көбүрөөк туюндурган. Моголстан мамлекетинин саясий жактан начарлашы менен могол уруулары башка элдерге (кыргыздарга, казактарга, өзбектерге) сиңе башташкан. 16-кылымдын 2-жарымында могол урууларынын чоң бөлүгү моголдор деген ат менен кыргыздардын оң канатынын курамына кирген. Кыргыздар Моголстандагы элдерди, урууларды өзүнө сиңирип алуунун эсебинен өскөн жана саясий түзүлүшүн бекемдеген.

Монголия

Монголия (монг. Монгол Улс — Монгол өлкөсү) — Азиядагы мамлекет. Борбору - Улан-Баатыр шаары.

Тарих-и Рашиди

Тарыхчы Мырза Мухаммад Хайдар тарабынан фарсы тилинде 1541–55-ж. жазылган чыгарма. 14-к-дын ортосунан 16-к-дын 40-ж-на чейинки мезгилдеги Кыргызстан ж-а Чыгыш Түркстан, о. эле Ооганстан ж-а Индия тарыхы камтылган. «Т.-и Р.» эки бөлүктөн (дафтардан) турат. Алгачкы бөлүгү 1544–45- ж. жазылып, Моголстан хандарынын (Чагатай тукумдарынын) таржымалын, б.а. Тоглук-Тимурдан тартып (1347–63), Абд ар-Рашид хан такка отурганга чейинки окуяларды баяндайт. Акыркы бөлүгү автордун жеке эскермелери. Чыгармада 15-к-дын аягы–16-к-дын 1-чейрегиндеги Моголстандын ички ж-а тышкы саясий абалы кыйла толук чагылдырылган ж-а ошол мезгилдеги кыргыздар ж-а кыргыз-могол байланыштары ж-дө маалымат берет.

Тоглук-Темир

Тоглук-Темир – 1348–1363-ж. Моголстанды бийлеген хан. Чагатай тукумунан чыккан. 16-кылымдын 70-жылдарына чейин Борбордук Теңир-Тоону жана Чыгыш Түркстанды ээлеген. Моголстан дөөлөтүн негиздеген. 1360-ж. Аксак Темир ага убактылуу баш ийип турган. Тоглук-Темир өлгөндөн кийин такка уулу Илйас-Кожо (1365–1366-ж. өлтүрүлгөн) отурган.

Тулуй

Тулуй — "Мажму ат-таварихте " Манастын союздаштары тарабында болуп, калмактар менен согушат. Чын-чынына келгенде Т. Чыңгызкандын төртүнчү баласы — Тимур. Аталган эмгекте анын 1388—89-ж. Моголстан мамлекетинин улус башкаруучусу Кысыр кожого каршы жасаган жортуулу баяндалат.

Фасих Хавафи

Фасих Хавафи, Фасихибн Жалалад – Дин Мухаммед (1375– 1442-жылы, чен) – мусулман тарыхчысы. Фарсы тилинде «Мужмал-и-фасиха» («Фасих жыйнагы») эмгегин жазып, аны 1442-жылы Улугбектин атасы Шахрухка тартуулаган. Фасих Хавафинин эмгегинде Аксак Темирдин Теңир-Тоодогу көчмөн элдерге (аны «жете» деп атайт) жасаган баскынчыл жортуулдары, Моголстан, Ысык-Көл топонимдери, Моголстан хандары жана алардын саясаты чагылдырылган.

Яркенд

Яркенд, Йаркенд – Чыгыш Түркстандагы саясий-экономикалык жактан маанилүү шаарлардын бири. 16-кылымдын башталышында Моголстан мамлекети экиге бөлүнгөндө Яркенд батыш бөлүгүнүн борбору болгон. Кийин Яркенд ошол аймакта түзүлгөн Могол хандыгынын байтактысы жана ички араздашуулардан улам Чыгыш Түркстандагы өз алдынча хандыкка айланган. 17–18-кылымда шаарды калмактардын көзөмөлү менен жергиликтүү төбөлдөр башкарган. Кийинчерээк Яркенд «Алты шаар» аталган тарыхый аймактын жана Якупбек түзгөн Жетишаар мамлекетинин курамына кирген. Соңку орто кылымдардан кыргыздар Я-деги жергиликтүү калктын бири катары саясий турмушуна активдүү катышып турушкан.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.