Минута

Минута (лат. minutus — кичирейтилген, кичине)

  • 1) убакыттын системадан тышкаркы бирдиги.
  • Белгилениши: мин, эл аралык min - 60 сек=1/60 с = 1/1440 сутка.
  • 2) Тегиздиктеги бурчтун 1/60 градуска барабар бирдиги.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.

Ай айы

Ай айы – убакытты өлчөөгө пайдаланылып, синодикалык жана сидерикалык ай болуп бөлүнөт.

Синодикалык ай Айдын эки удаалаш фазасынын өзгөрүшүнө туура келген убакыт. Ал 29,53 орточо күн суткасына (29 сутка 12 саат 44 минута 2,3 секунда) барабар.

Сидерикалык (жылдыздын) ай Айдын Жерди толук бир айланып чыгуусуна кеткен убакыт. Ал 27,32 суткага барабар.

Болид

Болид (fireball), куйруктуу жылдыз — эң чоң жана өтө жаркырак метеор («оттуу шар»). Жылына он миңдей Болид учуп, жер атмосферасына түшүп турат. Ал атмосферада майдаланат жана толук бууланып кетет, кээде жер бетине метеорит түрүндө түшөт. Кыйла жарык Болидти күндүз да байкоого болот. Түнкүсүн болсо кабыкчасы жана куйругу көрүнөт. Болид учканда иондошкон газдан жана чаңдан турган из калтырат. Бул из стратосферадагы шамалдын таасиринен ийри-буйру формага ээ болуп, бир нече минута көрүнөт. Болид учканда кээде күркүрөгөн үн чыгарат. 1908-ж. Сибирде өтө чоң Болид көрүнгөн.

Боорсок

Боорсок — кыргыздын улуттук нандарынын бири. Боорсок көбүнчө тойлордо, майрамдарда, аштарда бышырылат.

Боорсоктун кеңири тараган түрү – чарчы боорсок. Жумшак жуурулуп, ачытылган камырдан чактап үзүп алып, жукартып жаят (калыңдыгы 0,5 сантиметрдей), узатасынан тилет (туурасы 3-4 сантиметрдей). Ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап кесет, казандагы кайнап жаткан майга аз-аздан салып, депкир менен аралаштырып кызарта бышырат. Бышкан боорсокту сүзүп алып, майын сарыктырып, идишке салат. Тоборсутуш үчүн дасторкондун бетине бир азга жайып коёт.

Чий боорсок үчүн камырга май, кумшекер кошуп, катуу жуурат. Камыр ачыганда абдан ийлейт, чактап үзүп алып, жукартып жаят, чыпалактын жоондугундай кылып узунунан тилет, андан кийин бурап-бурап туруп кесет. Бышкан чий боорсоктун жоондугу бармактай, узундугу 4—5 санти­метрдей болот. Мурда бул боорсокту чийдин бетине тоголотуп, чийдин изин түшүрүп жасашкан. Ушундан улам чий боорсок деп аталган.Көөкөрдүн түспөлүндө бышырылган боорсок көөкөр деп аталат. Көөкөр көбүнчө балдардын туулган күнүнө же баш­ка шаан-шөкөттөргө арналып жасалат. Көөкөрдүн камыры май, кант кошулган сүткө жуурулат, башка боорсоктор сыяктуу эле бышырылат.

Бал боорсок. Катуу ийленген камырды 2 миллиметр калыңдыкта жайып, 1—1,5 сантиметрден узата тилип, аларды туурасынан чийдей жоондукта кесип чыгат. Казандагы кызыган майга бышырат. Бал менен кумшекерди кайнатат. Бышкан боорсокту кенен идишке салып, кайнаган балды куюп, тынымсыз аралаштырат. Муздак сууга чайкалган подноско даяр болгон бал боорсокту салып, түрдүү формага (тегерек, сүйрү, пирамида) келтирет, мейиз менен кооздолот. Бал боорсок тарелкаларга салынып чай менен берилет.

Ширин боорсок. Камыры суюк ачыткы менен ачытылат. Даяр камырды диаметри 2 сантиметрден бурап толгоп, 2 сантиметр узундукта кесип чыгат. 20 минута тыныктыргандан кийин ысык майга үзгүлтүксүз аралаштыруу менен бышырат. Тарелкаларга салып чай менен берилет.

Градус

Градус (лат. gradus — кадам, баскыч, даража) — жалпак бурчтун өлчөө бирдиги; ал тик бурчтун V» бөлүгүнө барабар.

Градус (°) белгиси менен белгиленет. 1°=60'=3600", мында 1'— минута, 1" — секунда. Тик бурч 90°ка, жайылган бурч 180°ка барабар. Градус айлананын жааларын өлчөөдө да колдонулат (толук айлана 360°).

Дифференциациялап окутуунун ыкмалары

Дифференциациялап окутуунун ыкмалары - Сабакты окуучулардын окуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша дифференциациялаштырып уюштуруунун ар түрдүү ыкмалары бар: мисалы, окуучуларга тапшырманы эки формада (төмөндөөчү кыйындыкта жана жогорулоочу кыйындыкта) сунуш кылуу.

1-формадагы төмөндөөчү кыйындыктагы тапшырма. Бүткүл класска туюнуп-билүү маселесинин бир кыйла татаал варианты (мисалы, формуланы чыгаруу, теореманы далилдөө жана башкалар) сунуш кылынат. Мыкты окуган күчтүү окуучулар тапшырманы өз алдынча чыгарууга киришип эмгектенишет. Бул убакта тапшырманы өз алдынча чыгара албагандар үчүн мугалим маселенин чыгарылыш жолун түшүнүүгө жардам берүүчү жалпы баяндама берет. Натыйжада дагы бир катар окуучулар өз алдынча иштөөгө киришет. Андан кийин да жардамга муктаж болгондорго мугалим дагы бир жолу жалпы көрсөтмө берет. Ошондон кийин да тапшырманы аткарууга кирише албаган болсо, анда мугалим аларга чыгарылыштын рационалдуу планы жазылган карточканы сунуш кылат. Натыйжада бүткүл окуучулар берилген тапшырманын чыгарылышын изденүү процессине катышып эмгектенишет.

2-формадагы жогорулоочу кыйындыктагы тапшырма. Бүткүл класска жеңил аткарылуучу тапшырма сунуш кылынат. Бул тапшырманы баарынан мурда туура аткаргандарга эми мурункудан кыйыныраак тапшырма сунуш кылынат. Бул убакытта мугалим артта калган окуучуларга тиешелүү жардам көрсөтүп, алардын ишин башкарат. Эң акырында, даярдыктары эң мыкты окуучуларга жогорку татаалдыктагы тапшырма берилет.

Сабакта окуучулардын өз алдынча иштөөсүн камсыз кылып жекечелештирүүнүн мындай формаларынын баалуулугу – учурда мугалим тигил же бул окуучунун даярдыгынын деңгээлин атап көрсөтпөйт, ар бир окуучу тапшырманы өз ыктыярынча тандап алат. Бирок, бул үчүн ар бир окуучу өзүнүн окуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылынуучу жумуштун кыйынчылык даражасына ылайыктай билүүсү зарыл. Окутууну дифференциациялоо максатында даярдыктары төмөн болгон окуучулар үчүн жалпы материалды кайталап түшүндүрүү жана ошол эле убакта ошол тема боюнча даярдыктары мыкты окуучулардын өз алдынча эмгектенүүлөрүн татаалдаштыруу ыкмасы колдонулат. Мындай тажрыйбанын мааниси төмөндөгүчө:

Сабактын башталышында жаңы материалды бүткүл класс фронталдуу үйрөнөт. Даярдыктары мыкты окуучулар жаңы материалдын мазмунун толук түшүнүп кабылдаган сайын аларга мугалим улам өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар берип коёт (китеп менен иштөө, көнүгүүлөрдү аткаруу жана башкалар) да, өзү жаңы материалды калган окуучулар менен иштеп чыгуусун улантат.

Материалды орто окуган окуучулар да түшүнүп кабыл алгандыгына ишенгенден кийин мугалим аларга да өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берип коюп, өзү бул учурда даярдыктары начар окуучулар менен иштөөсүн улантат. Жаңы материалды начар окуучулар да түшүнүп кабыл алышкандан кийин мугалим эми буларга өз алдынча иштөөгө тапшырма берип коёт да, бул учурда ал мыкты жана орто окуган окуучулардын өз алдынча иштеринин натыйжаларын текшерип чыгат. Сабактын аяк ченинде ар бир группадагы окуучулардын өкүлү өзүнүн ишинин натыйжасын окуйт, бул учурда калган окуучулар тигил же бул формада аткарылган жумуштун тууралыгын текшерүүгө катыштырылат. Натыйжада бардык тапшырмалар класстагы бүткүл окуучулар тарабынан иштелип чыгат.

Өлкөбүздүн алдыңкы мектептеринде сабакты дифференциациялап уюштуруунун төмөнкүдөй формалары да кеңири практикаланат:

1. Жаңы материалдын негизги мазмуну 15–20 минута ичинде бүткүл окуучуларга фронталдуу баяндалат. Андан кийин күчтүү окуучуларга же күчтүү жана орто окуучуларга баяндалган материалды сезимдүү түрдө ойлонуп чыгуу жана аны тереңдетүү боюнча өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берилет. Бул учурда (8–10 минута) мугалим материалды калган окуучуларга фронталдуу түшүндүрүүсүн улантат.

Сабактын андан кийинки этабында мугалим акыркы группадагы окуучуларга өз алдынча иштөөгө тапшырма берет да, өзү бул учурда (8-10) минута биринчи жана экинчи группалардагы окуучулардын өз алдынча иштеринин жыйынтыктарын анализдеп чыгат, аларды өздөштүрүлгөн материалды фронталдуу жалпылоого даярдайт. Андан кийин материал 3-5 минута ичинде фронталдуу жалпыланып бекемделет, бышыкталат, системалаштырылат.

2. Кээде дифференциациялоонун мындай формасы да колдонулат: сабактын башталышында, адегенде 2–3 минута ичинде өтүлө турган темага ылайык жүргүзүлө турган иш боюнча бардык окуучуларга фронталдуу жалпы инструктаж берилет. Андан кийин өтүлө турган жаңы материалды активдүү кабыл алууга даярдануу үчүн мыкты окуган окуучуларга өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берилет. Бул учурда (15–20 минута) мугалим орто жана начар окуган окуучулар менен иш жүргүзүп, аларды эми жаңы өтүлүүчү материалды туура түшүнүп кабыл алууга даярдайт, ошентип окуучулардын бардыгы даяр болушкан соң жаңы материал фронталдуу үйрөнүлөт, бул 15–20 минутага созулат.

3) дифференциациялоонун үчүнчү формасында мугалимдин тапшыруусу боюнча даярдыктары мыкты окуучулар жаңы өтүлүүчү материалды үйлөрүнөн өз алдынча даярданышат да, сабактын башталарында алар эле өз алдынча иштешет. Бул учурда мугалим класстагы калган окуучулар менен иш жүргүзүп, жаңы билимдерди алууга аларга жардамдашат (15–20 минута). Андан кийин жаңы материалды тереңдетүү жана бышыктоо боюнча вариантталган тапшырмалар аркылуу өз алдынча иш өткөрүлөт (15–20 минута). Эң акырында өтүлгөн материал фронталдуу түрдө жалпыланат да, варианттар боюнча үйгө тапшырмалар берилет.

Эң күчтүү окуучуларга дилбаяндын темасы гана берилет; андан кийинки группадагы окуучуларга дилбаяндын темасы жана планы кошо берилет;

андан кийинки группадагы окуучуларга дилбаяндын темасы, планы жана таяныч тексттер жана кээ бир сүрөттөр кошо берилет жана башка.

Кыскасы, окуучулар өздөрүнүн окуу мүмкүнчүлүктөрүнө (окуй алуу), жөндөмдүүлүктөрүнө жараша программалык ар бир теманы ар түрдүү деңгээлде, ар түрдүү көлөмдө окуп үйрөнө алат:

1. Күчтүү окуучулар окуу китебинен башка да кошумча илимий-популярдуу адабияттардан пайдаланышат, демек, алар берилген тема боюнча билимдерин өз алдынча тереңдетишет.

2. Башкалары окуу китептеринен жана андан тышкары дагы башка окуу колдонмолорунан пайдаланышат, демек, алар берилген тема боюнча билимдерин өз алдынча бир кыйла даражада кеңейтишет.

3. Үчүнчүлөрү жалаң окуу китебинен пайдалануу менен гана чектелишет, демек, алар берилген тема боюнча минималдуу милдеттүү болгон билимди алуу менен гана чектелишет, аны өз алдынча тереңдете да, кеңейте да алышпайт.

4. Төртүнчүлөрү класста угуп көргөндөрү менен гана чектелишет, алар окуу китебин да талаптагыдай окуп пайдаланышпайт, демек, алардын берилген тема боюнча билинер-билинбес гана түшүнүгү болот.

Мунун өзү ар бир тема боюнча тапшырмаларды түрдүү группадагы окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыктап камдап алып, окутууну алардын ар бири сөзсүз эмгектенгидей түрдө уюштуруп өткөрүүнү зарыл түрдө талап кылат.

Кийиз

Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн уютулган жердик. Боз үйдүн жабуусунун, шырдактын, жабык баштын, ала кийиздин, кементайдын, калпактын, өрө кийиз, ала кийиз, шырдак (шырдамал, оймо теке) жана башка буюм-тайымдардын кийизи болуп бөлүнөт.Кийиз уютуу үчүн чеберлер кылчыктуу күзгү жүндү тандашат. Уютулуучу жүн кыска болушу зарыл. Узунун кырчып-кырчып кыскартат. Талпакта аябай сабалган жүндү токулган чийдин үстүнө белгилүү өлчөмдөгү калыңдыкта тарамдап жаят. Кайнак сууну текши сээп таптап, чий менен орой түрөт. Дагы кайнак суу сээп, аркан-жип менен аябай чырмап таңат да, бир топ адам тепкилейт. Чийдин арасынан күрсүйүп жүн чыга баштаган чакта гана кийизди тепкилөөнү токтотот. Кирген кийизди чийден алып, ага кайрадан ысык суу сээп, үч-төрт адам катар чөгөлөй отуруп, кайта-кайта имере тоголоктоп билектейт.Билектөө — кийизди колдо ийлеп, ийине келтирүү. Айрым элдер муну «талдырма» деп аташат. Мында уюткулуу жүндү кичине киргизип, аны боеп туруп, оюм берип, анан кайра алдына жүндөн коюп, алиги оюм берген кийизди анын үстүнө жаткызып, кийизди кайрадан киргизе басышат. Ошентип, уздар мындай караганда буга шырдак оюмдарына окшош кооздук беришкени байкалат.

Кийиз уютуу бир эле адамдын колунан келбейт. Ал эми шырдактык кийизди уютуу үчүн да күзгү жүн пайдаланылат. Мында да жүндү өтө майдалап тытып, анан сабоолойт. Жүндү чийдин үстүнө көп калың кылбай тегиздеп жайгаштырат да, кылчык жүнгө ысык сууну чени менен себелейт. Эгерде жүн уяңдуу болсо, анда көп ысытылбаган жылуу суу гана керектелет. Себеби, ысык суу мындай жүндү эзип, жараксыз кылып коюшу же билектеп баскан чакта ал жакшы кирбей, көпшөк кийиз болуп калышы мүмкүн.

Жабыкбаш, шырдак болуучу кийиз даяр болгон соң аны ыраңдуу кылып боёйбуз зарыл. Адатта, шырдак жасалуучу кийиз ачык кызыл, көк, сары, жашыл түстөргө гана боелот. Аны муздак суу менен эрикпей жууй билиш зарыл. Качан кийиздин ысыгы толук катып, колду күйгүзүп албагыдай болгондо жана боек эч жукпай калган учурда гана бир топко чейин билектеп басып, кайра дагы жылуу суудан сээп, акырында он-он беш минута гана басуу сунуш кылынат. Мында кийиз мурдагыдан да бышык чыгат да, кийин соң көпшөктөлбөй, чыйрак сезилип калат. Кийиз оюм — түшө турган буюмдардын түбөлүктүү жердиги. Анын жасалуу ыкмасын башынан аягына дейре билгичтик жана кылдаттык менен иштөө ар бир уздан талап кылынат. Муну жасаарда абалы ага ылайыктуу жүндү тандап алган жакшы. Азыр ага күзгү жарым уяң жүндү уздар арбын пайдаланууда.

Контузия

Контузия (лат. contusio — оорутуп (сүрдүрүп)) — бүт дененин же анын көпчүлүк бөлүгүнүн катуу урунуунун, күчтүү жарылууда болгон аоанын согуу толкунунун таасиринен организмдин жалпы жабыркашы. Ошондой эле катуу жыгылганда, кишини шагыл, кум басып калганда, суу астындагы жарылууда суунун толкуну урганда да контузия болушу мүмкүн. Анда жабыркаган киши акыл-эсин жоготот. Жеңил түрүндө эстен тануу кыска мөөнөт (бир нече минута) болуп, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын функциялары бузулбайт.

Контузиянын оор түрүндө акыл-эстен тануу бир нече сааттан суткага чейин созулуп, жүрөктүн иштеши, дем алуу бузулуп, кээде кома болушу мүмкүн. Кайра эсине келгенде дайыма баш айланып, ооруйт, жакшы укпай, сүйлөй албай, кээде дүлөй-дудук болуп калышы мүмкүн. Катуу контузиядан кийин көп убакытка чейин киши чарчап, өзүн начар сезет. Өзгөчө мээнин чайкалышы оор болот, мээге кан куюлганда шал болушу мүмкүн. Контузиянын оордугуна карабастан оорулууну абайлап замбилге салып, жакын жердеги ооруканага жеткирүү зарыл. Кан агууда — кан токтотмо буугуч, жараатта — таңуу, сыныкта транспорттук иммобилизация колдонулат.

Маникюр

Маникюр — колдун тырмактарын гигиеналык, косметикалык максатта тазалап багуу. Маникюрду 7 —10 күндө бир жолу жасоо талапка ылайык. Адегенде эски лактын калдыгын ацетон же атайын эриткич менен кетирип, тырмакты кайчы же кыпчуур менен каалаган узундукта кыскартат. Кыска, жоон манжалардын тырмагын узунураак, ичке манжалардыкын тегерек кылып алуу сунуш кылынат. Тырмак илинбес үчүн бир багытка өгөөлөө керек. Өгөөлөгөндөн кийин тырмактын тегерегин майлап, калакча менен терисин түртүп, аны жумшартуу үчүн манжаларды бир нече минута самындуу жылуу сууга малат. Анан суудан чыгарып, аарчып, жумшаган терини кичине кайчы менен, тырмактын кычыктарын курч кыпчуур менен кесет. Кокустан бир жерин кесип алса, суутектин өтө кычкылынын 30%түү эритмесине малынган кебез менен басып, анан йод сүйкөп коюу керек. Андан кийин манжанын учтарын кургата аарчып, тырмактарды лактайт. Жайкысын күнгө күйгөн териге ачык түстөгү лак жарашат. Узун тырмактарды түбүнө чейин лактоого болбойт. Эндүү тырмактын ортосун гана узун тилке түрүндө боёо сунуш кылынат.

Тырмакты лактабай эле лимон ширеси менен же бир кесим замша же момозуйга бор сээп, тырмакты сүртүп, жалтыратууга болот. Бирок бор менен көп сүртүүдөн тырмак жукарып сынып кеткендиктен аны узакка колдонууга болбойт. Маникюр жасоодо санитария-гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл. М. жасоочу аспаптар этил спирти же атайын эриткич менен дезинфекцияланат, аларды кайнатууга болбойт.

Марс

Марс — Күн системасынын төртүнчү планетасы, бул планетаны "кызыл планета" деп дагы аташат.

Марс планетасы - Римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт. "Кызыл планета" деп аталышынын себеби — темир оксиди басымдуулук кылганынан планетанын үстү кызгылт түстө. Марс — бул жука атмосферасы бар, үстү айдагыдай кратерлерди жана жердегидей вулкандарды, өрөөндөрдү, чөлдөрдү жана полярдык калпактарды камтыган жер тобунун планетасы.

Марстын диаметри Жердикинен 2 эсеге жакын кичине. Анын орбитасынын эксцентриситети (эллипстин фокусунан борборуна чейинки аралыктын чоң жарым огуна болгон катышы) чоң болгондуктан (е = 0,093), ал улуу тогошуу учурунда перигелийинде, жарыктыгы боюнча Чолпон планетасынан кийинки орунду ээлеп, асман сферасынан балбылдап жакшы көрүнөт.

Ал тогошуу улуу тогошуу деп аталып, ар бир 15, 17 жылда бир жолу кайталанып турат. Анын эң акыркы жылдагы улуу тогошуусу 2003-ж-дын август айынын ортосуна туш келген. Марс жылынын узактыгы Жердикине салыштырганда эки эсеге жакын узак.

Анын орбиталык тегиздиги эклиптикалык тегиздикке 24°56' лык бурчка жантайгандыктан, Жердики сыяктуу жыл мезгили алмашып турат. Марс планетасынын суткасы 24 саат 37 минута 23 секунданы (24°37' 23") түзүп, Күндү толук бир айланып чыгуусу (бир жылы) 687 жер суткасына барабар. Бул жагынан планета Жерге көп жагынан окшош болгондуктан, аны Жер тобунун катарына кирген планета деп аташат.

Өткөн кылымдын экинчи жарымынан баштап, 1969-ж. «Маринер 6» ж-а «Маринер 7» амер. автоматтык станциялар 3400 км ж-а 1800 км аралыктан биринчи жолу Марстын сүрөтүн даана тартып алышкан.

1971- ж-а 1974-ж-дары планеталар аралык станциялар «Марс 2», «Марс 3» ж-а «Марс 5» Марстын айланасында тынымсыз айланып, анын жасалма жандоочусу болуп, планетадан көптөгөн маалыматтарды алууну камсыз кылган.

1974-ж. космостук станция «Марс 6» Марсты жандап өтүп, андан бөлүнгөн аппарат дүйнөдө биринчи жолу Марска конуп, планетанын ар кандай мүнөздөмөлөрү ж-дө өтө жогору тактыктагы билдирүүлөрдү берген.

1976-ж-дагы учурулган америкалык автоматтык станциялар «Викинг 1» жана «Викинг 2»ден бөлүнүп чыккан аппараттар планетанын бетине конуп, анын бетинин сүрөтүн, температурасын, атмосферасынын курамын так белгилеген. Жогорку космостук станциялар аркылуу Марстын бетине конгон аппараттардын жардамында Марстын топурагы изилденип, анын кызыл түстө болушунун себеби, анын курамына 14%тен ашык темир, 20%ке жакын кремний, 5%тен көбүрөөк кальций ж-а магний, 3%ке жакын күкүрттөн тургандыгы м-н түшүндүрүлгөн.

1877-ж. амер. астроном А. Холл Марстын «Фобос» жана «Деймос» деген 2 табигый жандоочусу бар экенин ачкан. Ал жандоочулардын космостук станциялар аркылуу тартылып алынган даана сүрөттөрү бар. Фобос Марсты 7с39мин-да бир айланып чыгып, Марстан 9400 км аралыкта жайгашкан. Деймос Марсты 1,262 суткада же 30 с 18 минда бир айланып, планетадан 23 500 км аралыктан орун алган.

Минута-Яха

Минута-Яха — Орусиядагы дарыя. Ямало-Ненец АО, Ненец АО, Коми Республикасы жер аймактарын агып өтөт. Дарыя куйган жери - Марре-Яха дарыясынын сол жээгинен 34 км алыстыкта орун алган. Дарыянын узундугу - 21 км.

Психикага таасир тийгизүүчү уу заттар

Психикага таасир тийгизүүчү уу заттар дем алуу органдары аркылуу организмге өтүп, борбордук нерв системасына күчтүү таасир тийгизет. Уулануу 15—30 минута өткөндөн кийин байкалат. Баш ооруп, айланат, ал кетет. Химиялык куралдан коргонуу үчүн чыпкалоо-желдетүүчү түзүлүштөр орнотулган, жылчыксыз бекитилген коргонч жайга кирүү керек. Жеке аптечкалардагы атайын каражаттар пайдаланылып, дем алуу органдары, көз, бетке противогаз, денеге чыпкалоо-коргоого ылайыкталган атайын кийимдер кийилет.

Раунд

Раунд (англисче round) – бокс мелдешинин 2 минуталык мезгили. Ышкыбоздор боксунда 2 минута, профессионалдык бокста 15 минутага чейин раунд болот.

Реакция ылдамдыгы

Реакция ылдамдыгы — хим. реакциялар жай же ылдам жүрүүсүн мүнөздөөчү чоңдук. Р. ы. убакыт бирди-гинде өз ара аракеттенишкен заттар концентрациясы өэгөрүшү менен чене-лет. химимялык реакциялар ар түрдүү ылдамдык менен өтөт. Алардын кээ бирөөлөрү бир секундага жетпей эле бүтсө кээ бирлери минута, саат, күндөп жүрет. Бир нече жылдын аралыгында жүрүүчү реакциялар да белгилүү. Бир эле реакция бир шартта, мисалы, жогорку температурада бат жүрөт, ал эми муздатканда жай жүрөт. химимялык Р. ы. аныктап билүүнүн илимий жана практикалык мааниси өтө чоң. Себеби химимялык өнөр жайында тигил же бул заттар өндүрүүдө аппаратуралар көлөмү жана өндүрүмдүүлүгү Р. ы. көзкаранды болот. Ошондуктан практикада химимялык Р. ы. жүрүү шартын билүү жана ар кандай факторлорду таасир этүү м-н. аны өзгөртө билүү чоң мааниге ээ. Р. ы. таасир этүүчү факторлор: реакцияга кирүүчү заттар жаратылышы, алардын концентрациясы, темп-ра жана системада катализатор катышышы. Реакциянын жүрүү ылдамдыгын изилдөө химимялык Р. ы. ж-дөгү окууну — химимялык кинетиканы түзүүгө алып келди.

Реакциянын ылдамдыгы

Реакциянын ылдамдыгы – химиялык реакциялардын ургаалдуулугун мүнөздөөчү чоңдук. Реакциянын ылдамдыгы убакыт бирдигинде өз ара аракеттенген заттардын концентрациясынын өзгөрүшү менен ченелет. Химиялык реакциялар ар түрдүү ылдамдык менен өтөт. Алардын кээ бири 1 секундага жетпей эле бүтсө, кээ бири минута, саат, суткалап жүрөт. Бир нече жыл жүрүүчү реакциялар да белгилүү. Бир эле реакция бир шартта, мисалы, жогорку температурада тез, ал эми муздатканда жай жүрөт. Химиялык реакциянын ылдамдыгын аныктап билүүнүн илимий жана практикалык мааниси өтө чоң. Себеби химиялык өнөр жайында тигил же бул заттарды өндүрүүдө аппаратуралардын көлөмү жана өндүрүмдүүлүгү реакциянын ылдамдыгына көз каранды болот. Ошондуктан практикада химиялык Реакциянын ылдамдыгын, жүрүү шартын билүү жана ар кандай факторлорду таасир этүү менен аны өзгөртө билүү чоң мааниге ээ. Реакциянын ылдамдыгына таасир этүүчү факторлор – реакцияга кирүүчү заттардын табияты, алардын концентрациясы, температура жана системада катализатордун катышуусу. Реакциянын жүрүү ылдамдыгын, химиялык кинетика изилдейт.

Рея

Рея – Сатурндун спутниги; 1672-жылы Ж. Кассини (Франция) ачкан. Сатурнга чейинки аралыгы 528 миң км, диаметри 1600 кмдей, синодикалык айлануу мезгили 4 сутка 12 с 48 минута.

Секундомер

Секундомер - убакытты саат, минута, секунда жана секунданын үлүштөрү менен өлчөй турган прибор.

19-кылымдын аягындагы биринчи Секундомерде секунда жебеси гана болуп, убакыт секунда менен гана өлчөнгөндүктөн ал Секундомер деп аталып калган.

Сутка

Сутка – Жердин өз огунда бир айланып чыгуусу менен байланыштырылган убакыттын табигый бирдиги.

Байыркы доордо Сутка күн жана түнгө бөлүнгөн. Кийинчерээк Сутка 24 барабар бөлүккө бө-лүнүп, анын бирөө саатты түшүндүрүп, андан минута, секунда ж. б. майда үлүштөрү түшүндүрүлөт.

Убакыт теңдемеси

Убакыт теңдемеси – орточо Күн убактысы менен чыныгы Күн убактысынын айырмасы аталат. Ал η = Тm – TΘ туюнтмасына барабар. Мында Tm – орточо Күн убактысы, TΘ − чыныгы Күн убактысы, η − убакыт теңдемесинин белгилениши.

Убакыт теңдемеси Күндүн дискасынын фиктивдүү чекитинин саат бурчу менен Күндүн борборунун саат бурчунун айырмасына да барабар болот. Анда η = tm – tΘ формуласы менен жазылат.

Убакыт теңдемесинин мааниси бир жылдын ичинде 15-апрель, 14-июнь, 1-сент. жана 24-дек. нөлгө барабар болуп, 4 жолу кайра жогорулайт. Анын ичинде 11-февр. +14 минута жана 2-нояб. η=−16 эң чоң маанини ээлейт.

Юпитер

Юпи́тер — Күн системасында бешинчи планета. Көөлөмү боюнча эң чоң планета (Күн системасында).

Юпитердин экватордук радиусу 71400 кмге, уюлунун радиусу 66900 кмге барабар. Анын уюлдарынын көбүрөөк кысылганы тартылып алынган сүрөтүнөн да көрүнүп турат. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =2500 см/сек2ка барабар жана Жердикине салыштырганда 2,67 эсе чоң.

Бул планетанын өтө кысылганын анын өз огунун айланасында өтө тез айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Анын экватордук бөлүгүндөгү айлануусу 9 с 50,6 мин жана орто кеңдигиндеги бөлүгүнүн айлануусу 9 с 55,7 минутаны түзөт.

Юпитердин экватордук жана уюлдук бөлүктөрүнүн айлануу ылдамдыктарынын түрдүүчө болушу, ал катуу тело эмес, газ же суюктук түрүндөгү тело экенин түшүндүрөт. Зор планета – Юпитердин атмосферасы негизинен суутек молекуласынан, метан (CH4) жана көп сандаган гелийден турары аныкталган.

Жер атмосферасында пайда болуучу өтө кубаттуу куюндар Юпитер атмосферасында андан да күчтүү болот. Юпитер куюнунун өзгөчөлүгү өтө туруктуу болуп, анын жашоо убактысы 100 000 жылды түзөт. Анын бетиндеги кызыл тактын болушу ушул кубулуш менен түшүндүрүлөт.

Кийинки күндөрдө өтө кубаттуу телескоптор аркылуу анын бетине байкоо жүргүзгөндө мындай тактар планетанын бетинин башка бөлүктөрүнөн да орун алгандыгы, бирок алардын өлчөмү бир кыйла кичине болору байкалган.

Күнгө чейинки аралыгы боюнча 5-орунда. Күндүн айлансында 5,203 а.б. (778 млн.км) аралыкта кыймылдайт. Орбитасынын эксцентриситети 0,048, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон жантаюусу 1,3о. Юпитер 13,06 км/сек ылдамдык менен Күндү 11,862 жылда толук айланып чыгат. Орточо синодикалык айлануу мезгили 399 сутка. Юпитер 12 жылда бүт асманды басып өтүп, Күн менен тогошкон абалында 2,6 жылдыз чоңдугундагы саргыч жылдыздай көрүнөт. Жаркырактыгы боюнча Чолпон менен Марстан кийинки планета. Юпитердин дискасы тогошуу учурунда огу 46,5ўў ж-а 43,7ўў бурчтарында көрүнгөн эллипс формасында көрүнөт. Юпитердин экватордук диаметри 142 600 кмге, полярдык диматери – 134 140 кмге барабар. Юпитердин айлануу мезгили экватордо 9 саат 50 минута 30 секунда, орточо кеңдикте – 9 саат 55 минута 40 секунда. Юпитердин көлөмү Жердин көлөмүнөн 1315 эсе, массасы 318 эсе чоң болуп, Күндүн массасынын 1:1047,39 үлүшүн түзөт. Орточо тыгыздыгы (1,33 г/см3) Күндүн орточо тыгыздыгынан көп айырмаланбайт. Юпитердин байкоого алынган бетинин атмосферасы булуттардан жана башка атмосфералык түзүлүштөрдөн туруп, күңүрт түстөгү тилкелер м-н кесилген. Юпитердин 13 жандоочусу белгилүү: I. Ио (1820; 4,9); II. Европа (1530; 5,3); III. Ганимед (2610; 4,6); IV. Каллисто (2450; 5,6); V. Амальтея (120; 13); VI. Гамалия (~80; 14,2); VII. Элара (~50; 17); VIII. Пасифея (~12; 18); IX . Синопа (~10; 18,6) ; Х. Лизифоя (~8; 18, 8);

XI. Карма (~9; 18, 6); XII. Ананке (~8; 18,7); XIII. Леда (~5; 20).

Кашаада радиустар км м-н, тогошуу учурунда (1976) көрүнгөн жылдыз чоңдуктары берилген.

Юпитерге жана анын жандоочуларына байкоо жүргүзүү ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат. Мис., радардык ж-а инфракызыл нурунун жардамы м-н байкоолордо жандоочулардын беттери муздан жана муз-зоока аралашмасынан турары аныкталган. Америкалык «Пионер-10» (1973) жана «Пионер-11» (1974) планеталар аралык станциялары менен Юпитер жана жандоочулары ж-дөгү маалыматтар такталып толукталган. Бул станциялар Ганимед жандоочусун жакын аралыктан сүрөткө тартышып, анын бетиндеги турактуу күңүрт ж-а ачык түстөгү түзүлүштөр табылган. Ио жандоочусу атм-рага, б.а. ионосферага да ээ экени аныкталган. 1979-ж. амер. «Вояджер-1» станциясы Юпитер планетасынын бетине жакын учуп өтүп, Юпитердин айланасын майда бөлүкчөлөрдөн турган жука шакек курчап турарын жана шакектин диаметри 24300 кмге, туурасы 8700 кмге, калыңдыгы 30 кмге жакын экенин аныктаган. Юпитердин тегиздиги м-н анын биринчи 5 жандоочусунун тегиздиктеринин дал келиши, бул жандоочулар планета менен бир убакта бир эле заттын коюу абалынан пайда болгонун далилдейт. Калган жандоочулар кайсы бир доордо кичине планета (астероид) болуп, кийин Юпитердин жандоочусуна айланган деп болжолдонот. Юпитердин жана анын 4 галилейлик жандоочусунун коллажын түзүү үчүн «Вояджер-1»дин Юпитерге жакын өтүп бараткандагы учур өзүнчө сүрөткө тартылып алынган (1979-ж). Масштабы эрктүү алынган, бирок алардын салыштырмалуу абалдары төмөнкүдөй: Ио (жогорку сол жактагы), Европа (ортодогу), Ганимед (төмөнкү сол жактагы) жана Каллисто (төмөнкү оң жактагы). Калган 12 жандоочусунун кыйла майдаларынын төртөө Ионун орбитасынын ичинде ал эми калгандары планетадан бир нече млн. километр аралыктарда айланышат (сүрөттү караңыз).

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.