Мамлекет

Мамлекет – 1) укук теориясында коомду уюштуруунун белгилүү ыкмасы, баардык коомго таралуучу, анын ырасмий өкүлү катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы. Коомду башкаруучу тутум катары ички түзүмгө, өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу атайын органдарга – М. механизмдерине жана аппаратка ээ; 2) конституциялык укукта бийликтин ырасмий органдарынын (өкмөт, парламент, соттор ж. б.) жыйындысы, бир өлкөнүн же башка аймактык-саясий бирдикте ошол органдардын (префектери, комиссарлары ж. б.) жергиликтүү агенттери (өкүлдөрү) менен аракеттенүү; 3) эларалык укукта эларалык мамилелердин негизги субъекти. Өзүнө уюмдашкан саясий бийликти жана белгилүү аймактагы калкты камтыйт. Негизги аныктоочу белгиси эгемендүүлүк болуп саналат.

 Мамлекет-бул бийликтик саясий мекеме,озунун башкаруу жана мажбурлоо аппаратына ээ,озунун территориясына укук-тартибин киргизет.

Колдонулган адабияттар

Алжир

Алжир (араб. الجزائر‎‎ аль-Джаза́ир), расмий атылышы - Алжир Эл Демократиялык Республикасы (араб. الجمهورية الجزائرية الديمقراطية الشعبية‎‎ аль-Джумхури́я аль-Джазаири́я ад-Димукрати́я аш-Шааби́я) - Түндүк Африканын, батыш тарабындагы Орто деңиз бассейнндеги мамлекет, аймагы боюнча Африкадагы эң ири мамлекет. Алжир батышта Марокко менен, түштүк-батышта Мали жана Мавритания менен, түштүк-чыгышта Ливия менен жана чыгышта Тунис менен чектешет. Мамлекет көп бөлүгү Сахара чөлүндө турат. Борбору - Алжир

Ватикан

Ватикан (шаар-мамлекет) - Италиянын борбору, Римдин аймагындагы шаар-мамлекет. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Рим папасынын резиденциясы. Чиркөө башкармалыгы (Рим куриясы) турган жай. Римдин батыш бөлүгүндө, Ватикан дөңсөөсүндө, Тибр дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Аянты 0,44 км2. Калкы 921 (2005). Мамлекеттик тили латын жана италян тилдери. Акча бирдиги евро (2002-жылдан). Ватикан эл аралык субъект катары эл аралык уюмдарга (анын ичинен ЕККУОБСЕ, МАГАТЭ) мүчө болууга акылуу. Ошондой эле БУУга, ЮНЕСКОго жана башка уюмдарга байкоочу катары миссия аткарат. Ар кайсы өкмөттүк уюмдарга мүчө.

Греция

Греция, Грекия – Европадагы мамлекет. Борбору – Афина.

Грузия

Грузия (груз. საქართველო/сакартвело) - Европадагы мамлекет, борбору Тбилиси калаасы.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын жана келишимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 1991-жылы 8-декабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловеж токоюнда СССРдин курамындагы Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларусь Республикаларынын Президенттери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартында СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген.

Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында жогорку 3 мамлекет менен дагы 9 мамлекет – Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биригишип, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, СССР жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М.С.Горбачев, 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары жана принциптери төмөнкүдөй аныкталат: Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер тарабынан түзүлгөн келишимдерде макулдашылган тартипте паритеттик (теңдик) принцип боюнча ишке ашырылат эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык жана ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый менен мамиле кылышат; Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алышат. Көз карандасыз мамлекеттердин шериктештигинин негизги кеңешүүчү жана координациялык органдары – шериктеш мамлекет башчыларынын кеңеши, өкмөт башчыларынын кеңеши, секретариаты, мамлекеттер аралык экономикалык комитет, экономикалык, сот, мамлекеттердин парламент аралык ассамблеясы, коргоо министринин кеңеши, тышкы иштер министрлеринин кеңеши, космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, коллективдүү коопсуздук келишими жана башка коомдук турмуштун чөйрөлөрүн камтыган уставдык органдар, уюмдар болуп саналат. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өлкөлөрүнүн кээ бирөөлөрү өздөрүнчө бир кыйла тыгыз, терең байланышкан союз түзүүгө да аракет кылып жатышат. Мисалы: Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан биргелешип бажыкана союзун түзүштү. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги дагы Орто Азия республикаларынын да өз ара байланыштары өнүгүүдө.

Монголия

Монголия (монг. Монгол Улс — Монгол өлкөсү) — Азиядагы мамлекет. Борбору - Улан-Баатыр шаары.

Облус

Облус - (славянча облада – ээлик) администрациялык – аймак, жер, край; кандайдыр бир аймактын (өлкө, мамлекет, материк ж. б.) мерчемдүү белгилери (жаратылыш шарты, тарыхый салты, этностук же экономикалык өзгөчөлүгү, административдик-саясий мааниси ж. б.), ошондой эле географиялык объектиде (зона, район) бир нерсенин таралышы (зоогеографиялык облус, флора облус, геосинклиналь облус) боюнча бөлүнгөн бөлүгү. Облус – КМШ (Орусыя, Украина, Беларуссия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан) өлкөлөрүндөгү жана бир катар мамлекеттердеги (Непал, Габон, Гана, Камерун, Конго, Мали, Нигерия, Сенегал, Сомали, Танзания, Того ж. б.) негизги административдик-аймактык бирдик. Облус табигый жана экономикалык шарты, аймактык өзгөчөлүгү, калктуу пункттардын ири өнөр жай очокторуна жакын жайгашуусу боюнча бөлүнөт. Кыргызстанда 7 облус (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл) бар. Ар бир облус райондорго бөлүнөт.

Пакистан

Пакыстан, Пакыстан Ислам Республикасы (Ислами Жумхурие Пакистан) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Ооганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ындыя менен чектешет. Түштүгүн Арап деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км2 (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 190,3 млн (2012; калкынын саны боюнча дүйнөдө 6-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмырга, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакыстан рүпийи.

Пакыстан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык өзөктүк энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

этнические группы - панджабцы, синдхи, белуджи, курды и кашмирцы.

Сингапур

Сингапур республикасы (англ. Republic of Singapore; мал. Republik Singapura; кыт. ; там. சிங்கப்பூர் குடியரசு Ciŋkappūr Kudiyarasu ) — шаар-мамлекет, Түштүк-Чыгыш Азия аралдарында жайгашкан, Малакка жарым аралынан ичке Жохор кысыгы аркылуу бөлүнүп турат. Малайзиянын курамына кирүүчү Жохор султанаты менен жана Индонезиянын курамындагы Риау аралдары менен чектешет.

Сингапур - синга (арстан) деген өздөштүрүлгөн (санскритчеси सिंह siMha (арстан)) малайя сөзүнө, санскритче पुर pura (шаар) сөзүн кошкондон алынган. Б.а. "арстандын шаары" дегенди билдирет.

Сингапурдун аянты 714,3 км² (2011-жыл) (кара. География Сингапура), 1960-жылдардан бери аянты деңиз түбүнөн топурак алып төгүүдөн чоңоюп жатат. Азыр Сингапур 63 аралдан турат. Эң ирилери — Сингапур (башкы арал), Убин, Теконг-Бесар, Брани, Сентоса, Семакау и Судонг. Эң бийик чекити — Букит-Тимах дөбөсү (163,3 м).

Сирия

Сүрия Араб Респу́бликасы (арабча الجمهورية العربية السورية‎‎; аль-Джумхури́йя аль-Араби́йя ас-Сури́йя) — Евразиядагы мамлекет. Түркия, Ливан, Асрайыл, Ирак жана Иордания менен чектешет.

Калкы 20,2 миллион. Борбору Дамаск.

Тунис

Туни́с (араб. تونس‎‎), расмий — Туни́с Респу́бликасы (араб. الجمهرية التونسية‎‎) — Түндүк Африкадагы мамлекет. Борбор калаасы - Тунис.

Түндүгү менен чыгыш жээгин Жер Ортолук деңизи чулгайт. Батышынан жана түштүк-батышынан Алжир , түштүк-чыгышынан Ливия менен чектешет. Аянты 162,2 миң кмг. Калкы 10,8 млн (2013). Адм. борбору - Тунис ш. Адм.-айм. жактан 24 вилайетке (губернаторлукка) бөлүнөт. Т. - БУУнун (1956), ЮНЕСКОнун (1956), Эл аралык атом энергетика боюнча агенттиктин (1957), ИНТЕРПОЛдун (1957), ЭВФтин (1958), Африка биримдиги уюмунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) ж. б. мүчөсү. Ма млекеттик түзүлушү.

Тунис - унитардык мамлекет. Конституциясы 1959-ж. 1-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (2011-жылдан Монсеф Марзуки). Мыйзам чыгаруу бийлигин эки палаталуу парламент (Кеңештер палатасы жана Депутаттар палатасы) ишке ашырат. Тунисте көп партиялуу саясий система орун алган.

Украина

Украина (укр. Україна [ukrɑˈjinɑ]) — Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет. Борбору — Киев. Мамлекеттик тил — украин тили.

Украина — унитардык мамлекет жана парламенттик-президенттик республика. 2014-жылдын 7-июнунан тарта президенттин кызмат ордун Петро Порошенко ээлейт. Украинанын премьер-министри — Владимир Гройсман. Өлкө 27 административдик-аймактык бирдикке бөлүнөт, алардын ичинен 24 облус, 1 автономдук республика жана 2 шаар мамлекеттин карамагындагы шаарлар болуп эсептелет (Киев, Севастополь).

Түндүк тарабынан Беларусь менен чектешет, батыш тарабынан — Польша, Словакия, Мажарстан, түштүк-батыш тарабынан Румыния жана Молдова, Орусия менен чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан чектешет.

Финляндия

Финляндия - Европадагы мамлекет. Ырасмый тили болуп саам тили эсептелет.

Франция

Франция (фр. France, МФА (фр.): [fʁɑ̃s]), расмий аталышы Француз Республикасы (фр. République française, МФА (фр.): [ʁe.py.blik fʁɑ̃.sɛz]) – Батыш Европадагы мамлекет. Республиканын урааны — «Эркиндик, Теңдик, Бир туугандык», принциби — башкаруу эл менен жана эл үчүн. Борбору — Париж шаары. Өлкөнүн аталышы герман урууларынан болгон франк этнониминен келип чыккан. Франциянын көпчүлүк калкы аралаш галл-роман түркүмүнөн пайда болгон жана роман тобундагы тилде сүйлөшөт.

Франция өзөктүк куралдуу мамлекет жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү. 1950- жж баштап Франция Европа Союзун түзүүгө жигердүү катышкан өлкөлөрдүн бири.

Калкы — 64,7 млн киши (январь 2010), анын ичинде 90 пайызга жакыны Франциянын атуулдары. Динге ишенгендери католиктер (76% ашуун). Мыйзам чыгаруу органы кош палаталуу парламент (Сенат жана Улуттук жыйын). Административдик-аймактык бөлүнүш: 27 регионов (22 метрополия, 5 деңиздик регион), 101 департамент (96сы метрополияда 5 деңиздик департамент).

Чехия

Чехия (чех. Česko), Чех Республикасы (чех. Česká republika, ČR) - Борбордук Европадагы демократиялуу мамлекет.

Борбор шаары - Прага.

Ал эми Брно шаары - өлкөнүн экинчи ордо шаары саналат.

Калкы 10 миллиондон ашат.

Негизги калкы - чехтер. Түндүгүнөн Польша менен (чек аранын узундугу 658 ч), Германия менен түндүк-батышынан жана батышынан (чек аранын узундугу 646 км), Австрия менен түштүгүнөн жана (чек аранын узундугу 362 км) Словакия — чыгышынан (чек аранын узундугу 214 км). Чек аранын жалпы узундугу — 1880 ч.

Швейцария

Швейцария же болбосо Швейцария конфедерациясы - Европа континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары- Берн. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.

Штат

Штат (англ. state – мамлекет) – кээбир өлкөлөрдөгү (АКШ, Бразилия, Венесуэла, Мексика, Нигерия ж. б.) кошуундук субъектилеринин аталышы. Ш-тын укуктук абалы, анын бийлик органдарынын ыйгарым укук көлөмү, борбордук өкмөт менен өзара мамилеси кошуундук конституция тарабынан аныкталат. Айрым өлкөлөрдүн (АКШ, Мексика) Ш-нын өз конституциялары бар. Ш-тын башында ыйгарым укуктары мамлекет башыныкына кандайдыр бир деңгээде окшошуп кеткен, шайлануучу же дайындалуучу губернатор турат. Ш-тын мыйзам чыгаруу органы адатта эки палаталуу болот. Өз сот тутуму, эреже катары, өз кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарына ээ. Эгемен мамлекет болуп саналбайт.

Япония

Жапония (жапончо 日本 Нихон, Ниппон), расмий аталышы "Нихон коку", "Ниппон коку"(жап. 日本国) - Түндүк-чыгыш Азиядагы арал өлкө. Тынчтык мухитинде жайгашкан.

Жапония — Жапон аралдар тобундагы (архипелаг) 6852 аралда жайгашкан. Эң чоң төрт арал - Хонсю, Хоккайдо, Кюшу жана Шикоку - аралдар тобунун 97% түзөт. Көбүнчө аралдар тоолуу жана жарылтоолуу (вулканду). Жапониянын эң бийик чокусу Фуджи тоосу - жарылтоо. 126 миллионго чукулдаган калкы менен Япония дүйнөдө 10-орундун ээси. Аянты боюнча 62-орунда (377,873 миң чарчы чакырым). Чоң Токионун ичинде Токио ордо калаасы жана тегерегидеги конуштар (префектура) кириши, аны (Чоң Токиону) 30 миллиондон ашкан калкы менен дүйнөдөгү эң ири шаарчасы наамына жеткизет. Токионун өзү 47 префектурага бөлүнөт. Япония бир улутту эл. Калктын 99,4% - япондор. Мындан тышкары кытайлар, корейлер, америкалыктар бар. Расмий тили - япон тили. Негизги диндери - шинто жана будда диндери.

ИДП (Ички Дүң Продукция) боюнча Япония дүйнөдө экинчи орунда. Экспорттун көлөмү боюнча төртүнчү, импорттун көлөмү боюнча бешинчи орунда. Бүгүнкү күндө үнөмдүк (экономикалык) кубаты боюнча 2-орунда.

Мамлекеттин башкаруу системасы - Конституциалык Монархия, мамлекет башчысы Император, өкмөт башчысы премьер-министр. 1947-жылы кабыл алыннан конституция боюнча император — “мамлекет менен калк биримдигинин белгиси”. Ал парламенттин сунушу боюнча өкмөт башчыны дайындайт жана өкмөт башчынын сунушу менен өкмөт мүчөлөрүн, Жогорку соттун төрагасы менен мүчөлөрүн дайындайт же кызмат ордунан чечет. Баш мыйзам боюнча, мамлекет иштерге толугу менен өкмөт башчысы башкарган өкмөт жооп берет.

Япония - өнүккөн өлкө болгондон соң жашоо деңгээли да өтө жогору.

Жогорку мыйзам чыгаруучу орган парламент — эки палатадан (өкүлдөр палатасы жана кеңешчилер палатасынан) турат. Улуттук маарекеси Үчтүн айынын 23 (декабрь) (император Акихитонун туулган күнү). Акча белгиси — иен.

Өлкө

Өлкө - 1)физикалык географиядагеографиялык абалы же башка бир табигый өзгөчөлүктөрү боюнча айырмаланган ири аймак (мисалы, түздүктүү өлкө Батыш Сибирь түздүгү; тоолуу өлкө Кавказ ж. б.); 2)саясий-географиялык жактан өзүнчө чек арасы белгиленген, мамлекеттик эгемендүү укугу бар же башка мамлекеттин бийлиги астында турган аймак, мамлекет.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.