Маданият

Маданият (лат. cultura – иштетүү, тарбиялоо) – алгач адамдын керектөөлөрүн канааттандырыш үчүн жерди иштетүү деген маанини билдирип келген. Мисалы, кең мааниде адамзаттын элдин жашоосунда жалпы материалдык жана рухий баалуулуктарды жаратуудагы жетишкендиктери. Мазмуну жагынан мисалы, дин, экономика, тарбия, жумуш, салт, тил жана башка ушундай сыяктуу тармактарга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8
1990- жылдар

1990-жылдар — 1990-жылдан 1999-жылга чейин созулган онжылдык

2000- жылдар

2000-жылдар — 2000-жылдан 2009-жылга чейин созулган онжылдык

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2005

«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2005» (украинче: Пісенний конкурс Євробачення 2005, англисче: Eurovision Song Contest 2005, французча: Concours Eurovision de la chanson 2005) - «Еврокөрүнүүнүн» 50-чү сынагы болду, ал Стамбулда өткөн «Еврокөрүнүү 2004» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2005-жылдын 19-майдан 21-майга чейин Украинада өттү. Украинага жеңишти «Wild Dances» деген ыры менен Ruslana алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 230 упай менен 1-орунду ээлеген.

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2006

«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2006» (грекче: Διαγωνισμός Τραγουδιού Eurovision 2006, англисче: Eurovision Song Contest 2006, французча: Concours Eurovision de la chanson 2006) - «Еврокөрүнүүнүн» 51-чи сынагы болду, ал Киевде өткөн «Еврокөрүнүү 2005» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2006-жылдын 18-майдан 20-майга чейин Грецияда өттү. Грецияга жеңишти «My Number One» деген ыры менен Elena Paparizou алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 230 упай менен 1-орунду ээлеген.

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2007

«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2007» (саамча: Eurovision laulukilpailu 2007, англ.: Eurovision Song Contest 2007, фран.: Concours Eurovision de la chanson 2007) - «Еврокөрүнүүнүн» 52-чи сынагы болду, ал Афинада өткөн «Еврокөрүнүү 2006» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2007-жылдын 10-майдан 12-майга чейин Финляндияда өттү. Финляндияга жеңишти «Hard Rock Halelluah» деген ыры менен Lordi тобу алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 292 упай менен 1-орунду ээлеген.

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2009

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2009 (орусча: Конкурс песни Евровидение 2009, англисче: Eurovision Song Contest 2009, французча: Concours Eurovision de la chanson 2009) - «Еврокөрүнүү ыр сынагынын» 54-чү сынагы болду, ал Белградда өткөн «Еврокөрүнүү 2008» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2009-чу жылдын 12-майдан 16-майга чейин Орусияда өттү. Орусияга жеңишти «Believe» деген ыры менен Dima Bilan алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 272 упай менен 1-орунду ээлеген.

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2010

«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2010» (нор., англ.: Eurovision Song Contest 2010, фран.: Concours Eurovision de la chanson 2010) - «Еврокөрүнүүнүн» 55-чи сынагы болду, ал Москвада өткөн «Еврокөрүнүү 2009» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2010-чу жылдын 25-майдан 29-майга чейин Норвегияда өттү. Норвегияга жеңишти «Farytale» деген ыры менен Alexander Rybak алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 387 упай менен 1-орунду ээлеген.

Маданият, Кара-Суу району

Маданият, Кара-Суу району – Ош областынын Кара-Суу районундагы кыштак. Шарк айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 920 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 12 км түштүк тарапта. Ош темир жол станциясы 9 км. Калкы 3714 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.

Маданият, Кара-Суу районунун айылы

Маданият (кырг. Маданият) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Кара-Суу районундагы айыл. Шарк айыл округу составына кирет.

Нарын (шаар)

Нарын — Кыргызстандагы шаар, ошондой эле Нарын облусунун жана Нарын районунун акимий борбору

Калкы — 38 800 адам (2017). Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².

Орусия

Орусия (орус. Россия) расмий аты Орусия Федерациясы (орус. Российская Федерация) – Азия жана Европа континеттеринде жайгашкан өлкө. Калкынын саны 146 267 288 адам (2015), аянты - 17 125 407 км². Дүйнөдө аянты боюнча биринчи орунда жана калкынын саны боюнча тогузунчу орунда турат.

Борбор шаары - Москва. Мамлекеттик тили - орус тили.

Федеративдик түзүлүштөгү аралаш республика. 2012-жылдын май айында президенттин кызматын Владимир Путин ээлеген, өкмөт башчынын кызматын - Дмитрий Медведев.

Орусия Федерациясынын курамына 85 субъект кирет: 46 облус, 22 республика, 9 край, 3 федералдык маанидеги шаар, 4 автономиялуу округ жана 1 автономиялуу облус.

Орусия он сегиз өлкө менен чектешет (дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч), алардын ичинен кургактык менен төмөнкү мамлекеттер менен: Норвегия, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Беларусия, Украина, Абхазия, Грузия, Түштүк Осетия, Азербайжан, Казакстан, Кытай, КЭДР, Монголия, деңиз менен Жапония жана АКШ менен.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча ИДПнын СКПга карата көлөмү 2014-жылга карата $3,745 трлн түзгөн (бир адамга $25 636). Акча бирдиги - орусиялык рубль.

Орусия бир нече эл аралык уюмдарда мүчө - БУУ, ЕККУ, Европа Кеңеши, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ИМБДУ, ЭДУ, БСУ, БТУ, ШКУ, БРИКС, АТЭК, КООМЕТ, ЭОК, ЭЭК, ISO, EUREKA, G20 жана башка.

Ош

Ош — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик денгээлдеги шаары, Ош облусунун административдик борбору.

Калкынын саны — 288 818 адам (1-январь 2018)

Кыргызстандагы, калкынын саны боюнча экинчи орундагы шаар, расмий аталыштарда «Түштүк Борбору» деп да аталат.

Саксония

Саксония - Германиядагы тарыхый аймак.

Анда алгачкы орто кылымда славян уруулары жашаган.

Саксония ны 10-кылымда немис феодалдары басып алып, Мейсен маркасын негиздешкен. Бул марка 1264-ж. Тюрингияны, 1423-ж. Саксен-Виттенбергди (Саксон герцогдугунун бир бөлүгү) караткан соң Германиядагы эң ири княздыкка айланып, анын аймагы Саксония аталган.

Саксонияда 15-16-кылымда алгач ирет капит. өнөр жай пайда болуп, маданият өнүккөн. Саксония - 16-кылымдагы реформачыл кыймылдын жана 1524-26-жылдардагы дыйкандар согушунун чордону.

1547-ж. Шмалькальден согушунда (1546-48) герцог Мориц Саксонский протестант княздарын талкалагандыгы үчүн император Карл Удеп курфюрст титулун алып, Саксония жерин бүт бириктирген. Отуз жылдык согуш (1618-48) мезгилинде Саксония нын өнүгүшү бир топ томөндөгөнү менен 17-кылымдын аягы - 18-кылымда ал кайрадан жогорулаган.

Бирок Саксония да капитализмдин андан ары өнүгүшүнө феод, мамилелер тоскоол кылган. Саксония ны Тундук согушунун (1700-21) жүрүшүндө шведдер, Жети жылдык согушта (1756-63) Пруссия басып алган.

Саксония 18-кылымдын аягында Францияга каршы, 1806-ж. Пруссия менен бирдикте Наполеон Iгe каршы согушкан. Иенанын жанында женилген соң (1806-ж., 14-октябрь) Саксония кайра Наполеон тарапга өткөн жана Рейн союзуна кирип, королдук болгон.

Вена конгрессинин (1814-15) чечими боюнча Саксония аймагынын жарымына жакыны Пруссияга өткөн.

Тил

Тил – адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Тилдин жардамы менен дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Тил табигый жана жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу Тил табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат. Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. тил - социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн жашаш формасы катарында көрүнүү менен, тил ошону менен катар аң-сезимдин калыптанышында чоң роль ойнойтил тил топтолгон билимдерди сактоонун жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн каражаты болуп кызмат кылатил тилдин жардамы менен конкретүү ой жүгүртүү ишке ашырылат. Кийинки мезгилдерде тил жалаң гана лингвистиканын эмес, ошондой эле логиканын жана семиотиканын да изилдөө объектиси болуп жатат. Ушуга байланыштуу азыркы замандын неопозитивизми философиялык изилдөөлөрдүн бүткүл проблематикасын тилди логикалык талдоо ишине ыйгарып салууну көздөшөт.

Өзбекстан

Өзбекстан (өзб. O’zbekiston, Ўзбекистон же өзб. O'zbekiston Respublikasi, Ўзбекистон Республикаси) — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. «Өзбекистан» жана «Өзбекстан Республикасы» деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан. Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана(Фергана), Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.