Лагуна

Лагуна (италянча laguna, лат. lacus – көл) – 1) деңизге кууш кысык аркылуу туташкан же андан шиленди тилке бөлүп турган анча терең эмес табигый көлмө. Ошондуктан ал деңизден суусунун туздуулугу (ашыкча жогору же төмөн), өсүмдүк менен жаныбарларынын бөтөнчөлүгү менен айырмаланат; лагуна катмары чогулат. Россияда лагена жээктери Сахалин аралында, Камчатка, Чукотка жарым аралында таралган; 2) бир жагынан шуру рифтери, экинчи жагынан материк же арал менен чектелген, ошондой эле атолл ичиндеги деңиз бөлүгү.

GlenrockLagoonFromLeichhardtLookout
Лагуна.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
Атолл

Атолл - кууш, тайыз булуңдарды курчаган, туташ же үзүк-үзүк шакек сымал жапыз шуру (коралл) аралы. Атоллдун негизин суу астындагы жанар тоолордун чокулары түзүп, ички бөлүгүн жайык лагуна ээлейт. Негизинен Тынч жана Инди океандарынын тропиктик кеңдиктеринде кездешет.

Балтика деңизи

Балтика деңизи - (байыркы славянча Варяг деңизи) Атлантика океанындагы материкке кирип жаткан деңиз, Түндук жана Ортоңку Европанын жээктерииде. Россия Федерациясы, Латвия, Польша, Германия, Дания, Швеция жана Финляндия өлкөлөрү менен чектешет. Аянты 419 миң км2. Дания кысыктары аркылуу Түн. деңиз менен туташат. Көлөмү 21,5 миң км3. Материктик тайыздыкта жайгашкан, басымдуу терендиги 40100 м, эң терең жери 470 м. Түндүк жээги аскалуу, негизинен шхер жана фьорд тибинде, түштүгү жана түштук-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, лагуна тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуңдары: Ботния, Финн, Рига, Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, Моонзуид, Борнхольм, Готланд, Эланд, Сааремаа, Хийумаа, Рюген. Балтика деңизине Нева, Батыш Двина (Даугава), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орточо температурасы кышында 1-3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жайында 18-20°С. Туздуулугу батышында 11%о, борбор бөлүгүндө 6-8%о. Булуңдарында жана жээктеринде муз 16-45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түндүк Ботния булуңу) жатат. Шамалдын жана өзгөрүлмөлүү аба басымынын таасиринен деңиз деңгээлинен 1,5-3 м ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мисалы, Нева колтугунда). Суткасына эки жана бир жолу ташкындайт (0,04 м ден 0,1 м ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) кармалат. Волга Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз Балтика каналы аркылуу Ак деңиз менен туташат. Антропогендик таасирден экология абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкаи.

Венесуэла

Венесуэла, Венесуэла Боливар Республикасы Түштүк Американын түндүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Кариб деңизи жана Атлантика океаны менен чулганат. Батышынан жана Түштүк-батышынан Колумбия, түштүгүнөн жана Түштүк-чыгышынан Бразилия, чыгышынан Гайана менен чектешет. Аянты 916,5 миң км2. Калкы 25,3 млн (2006). Борбору Каракас шаары. Мамлекеттик тили испан тили. Акча бирдиги боливар. Венесуэла 23 штаттан, Федерация округунан жана федерация ээликтеринен [Кариб деңизиндеги аралдар тобунан (Лос-Рокес, Лос-Монхес, Лос-Эрманос, Лос-Тестигос ж. б.) жана аралдардан (Ла-Тортуга, Бланкилья, Орчила ж. б.)] турган федерация.

Гвинея-Бисау

Гвинея-Бисау, Гвинея-Бисау Республикасы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүгүнөн Гвинея, түндүгүнөн Сенегал менен чектешип, батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 36,1 миң км2. Калкы 1,46 млн (2004). Борбору Бисау шаары Мамлекеттик тили португал тили. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. административдик жактан 9 округга бөлүнөт (табл.). Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006).

Головнин Василий Михайлович

Головнин Василий Михайлович - [8(19).4.1776, азыркы Рязань областы, Гулынки кыштагы – 29.6(11.7).1831, Петербург] – орус деңиз саякатчысы. Петербург Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1818); вице-адмирал (1830). 1792-ж. Москва корпусун бүткөн. 1802–06-ж. волонтёр катары англиялык кемеде сүзгөн. «Аскер-деңиз белгилеринин жыйнагын» түзгөн (1806–07). Дүйнөнү эки жолу айланып чыккан: (1807–09-ж. «Диана», 1817–19 «Камчатка» парустуу кемелеринде). 1808-ж. апрелде «Диана» менен Илгери Үмүт тумшугуна жетип, Түштүк Африкада (Саймонстаунда) англичандар тарабынан кармалып, 1809-ж. бошонгон. Ошол эле жылы «улуган кыркынчы» кеңдиктерди кесип өтүп, Петропавловск-Камчатскиге жеткен. Кунашир аралын изилдөө мезгилинде 1811-ж. япондор тарабынан кармалып, 2 жыл туткунда болгон. Головнин Япония жана анын эли жөнүндөгү кол жазмалары 1816-ж. жарык көрүп, бир нече тилге которулган. 1821-ж. Деңиз корпусунун жардамчы директору болуп дайындалган, 1823-жылдан флоттун генерал-интенданты. Головниндин жетекчилиги менен 200дөн ашык аскер кемеси курулган. Головниндин ысмы менен Аляска жарым аралындагы бухта жана лагуна, Кунашир аралындагы дарыя, кыштак, Курил аралындагы кысык, Жаңыжер архипелагындагы тоо жана тумшук аталган.

Девон мезгили

Девон мезгили (системасы), девон – палеозой заманынын ортосундагы геологиялык мезгил; жер кыртышындагы тоо тек катмарларынын палеозой тобундагы системасы. Силур мезгилинен (системасынан) кийин, таш көмүр мезгилинен (системасынан) мурда турат. 1839-ж. англиялык геологдор Р. Мурчисон жана А. Седжвик Улуу Британиянын Девоншир графтыгынын аймагында өз алдынча системага бөлүп, аны ошол графтыктын аты менен атаган. Девон мезгили 410 млн жыл мурда башталып, узактыгы 60 млн жылга жакын созулган. Анда пайда болгон тоотек катмарлары 3 бөлүмгө (астыңкы, ортоңку жана үстүңкү), 7 яруска ажыратылган, алардын астынкы 3 ярусу азырынча толук аныктала элек.

Девон мезгилинин башталышында мурда болуп өткөн каледон тектон бүктөлүүлөрүнүн таасиринен жер бетинин көп бөлүгү көтөрүлүп, деңиздер тартыла баштаган. Ал жерлерде байыркы кумдук чополордон түзүлгөн кызыл түстүү лагуна-континенттик чөкмөлөрдүн калың катмарлары пайда болгон. Девон мезгилинин ортосунда жана аяк ченинде платформалар менен геосинклиналдарда жер бети кайрадан чөгүп, суу каптай баштаган. Девон мезгилинде көпчүлүк жерде, айрыкча геосинклиналь аймактарда магманын сыртка атылып чыгышынан тоотектер түзүлгөн; айрым жерде галоген чөкмөлөрүнүн (доломит, гипс, ангидрит, таш туз жана башка) топтолуусу жүргөн. Девон мезгилинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү силур мезгилине караганда кескин өзгөрүүлөргө учураган. Жаныбарлардан брахиоподдор өтө өөрчүп, анын теребратулид, продуктид сыяктуу жаңы түрлөрү чыккан. Спирифериддер менен ринхонеллиддер кеңири тараган. Атрипиддер менен пентамериддер девондун аягында толук кырылып калган. Граптолиттер мезгилдин башталышында жашаган. Гониатиттер менен климениялар жаңыдан пайда болгон. Кораллдар болсо дагы эле чоң роль ойногон. Моллюскалар, мшанкалар, фораминифералар мурдагыдай эле жашоосун уланткан. Зор өлчөмдөгү рак сымалдардын өнүгүүсү күчөгөн. Омурткалуулардан баш сөөксүз жана азыркы балыктар өнүгүп, Девон мезгилинде чоң мааниге ээ болгон. Өсүмдүктөрдөн мезгилдин аягында жок болгон псилофиттер, жаңыдан пайда болгон папоротник сымалдар, птеридоспермдер, плаундар жана кырк муундар кеңири таралган. Кен байлыктардан негизинен нефть менен газ, таш туз менен гипстин ири катмарлары, боксит, таш көмүр жана күйүүчү сланецтер, жездүү кумдуктар, темир-марганец жана коргошун кенташтары пайда болгон. Кыргызстанда деңиз түбүндө акиташ теги менен бирге химиялык чөкмөлөр түрүндө пайда болгон бир нече коргошун кени Девон мезгилинде полиметалл-карбонаттар формациясында жайгашкан.

Европа

Европа континенти – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деңизи, Кума-Маныч ойдуңу жана Керч кысыгы (кээде Чоң Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары менен). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан Түндүк Муз океан жана анын деңиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деңиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деңиздери, Түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деңизи менен чулганат. Түзөң аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ватт (марш), тектон., фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээктер да мүнөздүү. Европанын эң четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуңчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миң км2дей; эң чоңдору – Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – Европанын эң Түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуң-буйткалуу. Европанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Европанын эң алыс жери 1600 км, Батыш Европаныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. жана статистикалык-экон. эмгектерде Европага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта Европа эки бөлүккө – Чыгыш Европага жана Батыш Европага бөлүнөт. Европанын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 мдей. Эң бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 м; эгерде Азия менен Европанын чек арасы Чоң Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эң жапыз жери Каспий бою ойдуңу, ал деңиз деңгээлинен 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуңдуу түздүктөр жана дөңсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Европанын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн Түштүк-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуңу) деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоңку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түздүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Падан түздүгү. Борбордук Европага, Түндүк жана Түштүк Европанын жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эң бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат.

Эң байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктөлүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуңу, Кола жарым аралынын Түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүктөлүүсүнө Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын Түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон герцин бүктөлүүсүнө Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаңы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деңиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деңиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башка), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын Түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай.

Жаачы (топ жылдыз)

Жаачы (лат. Sagittarius) – зодиак топ жылдызы. Байыркы гректер белгилеген 48 топ жылдыздын бири. Жаачы Саманчы жолу галактикасынын жылдыздарга бай алкагында, башкача айтканда Галактиканын борбордук багытында жайгашкан. Башка топ жылдыздарга караганда жаачыда 15тен ашык объект жайгашкан. Алардын ичинде Лагуна, Омега (Ак куу), RY Ж., жаачы жылдызы Галактиканын борбордук багыты А жаачы жылдызы менен дал келет. Ал эми W жана X Ж. цефеиддер деп аталат. М 22 (NGC 6656) – шар түрүндөгү жылдыздардын жыйындысы жана дүрбү менен жакшы байкалат. Күн жаачы аркылуу декабрдын орто ченинен январдын орто ченине чейин өтөт.

Жер ортолук деңиз

Жер ортолук деңиз – Атлантика океанындагы ички деңиз. Евразия менен Африканын аралыгында жайгашкан. Атлантика океаны менен Гибралтар кысыгы аркылуу туташат.

Испания, Франция, Италия, Монако, Мальта, Сербия жана Черногория, Словения, Босния жана Герцеговина, Хорватия, Албания, Грекия, Түркия, Кипр Республикасы, Сирия, Ливан, Палестина, Израиль, Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Марокконун жээктерин чулгап жатат.

Кара деңизге Мрамор деңизи, Дарданелл, Босфор кысыктары, Кызыл деңизге Суэц каналы аркылуу туташат. Аянты 2,5 млн км2. Суусунун көлөмү 3839 миң км3. Орточо тереңдиги 1541 м, эң терең жери 5121 м. Тоолуу жээктери негизинен абразиялык, түзөңдөлгөн; жапыз жээктери – лагуна-лиман жана дельта, Адриа деңизинин чыгыш жээктери – дальмация тибинде. Ири жарым аралдар жана аралдар менен бөлүнгөн деңиздери: Альборан, Балеар, Лигурия, Тиррен, Адрия, Иония, Эгей, Кипр. Жер ортолук деңиздин алабына, ошондой эле Мрамор, Кара жана Азов деңиздери кирет. Ири булуңдары: Валенсия, Лион, Генуя, Таранто, Сидра (Чоң Сирт), Габес (Кичи Сирт). Ири аралдары: Балеар, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит, Кипр. Деңизге Эбро, Рона, По, Нил сыяктуу ири дарыялар куят. Жер ортолук деңиздин таманынын рельефи татаал, анткени ал альп геосинклиналдык тутумунда жайгашкан. Анда тереңдиги 2000–4000 м болгон бир нече чуңкурдукка бөлүнөт; материктик капталдары салыштырмалуу тик. Чуңкурдуктарды жээктей кууш шельф тилкеси созулуп жатат. Шельф Тунис менен Сицилиянын аралыгында, ошондой эле Адриа деңизинде гана кеңийт. Жер ортолук деңизге кышы нымдуу, жумшак, жайы кургакчыл, ысык субтропиктик жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү. Азор антициклонунун таасиринен түндүк-батыш шамалы үстөмдүк кылат. Кышында циклондук процесстердин таасиринен шамал өтө катуу согот. Айрым жерине төмөнкү жергиликтүү шамалдар мүнөздүү: этезия – түн­дүктөн соккон туруктуу шамал (деңиздин чыгыш бөлүгүндө); мистраль – түндүктөн соккон муздак катуу шамал (Лион булуңунда); бора – түндүк-чыгыштан өтө катуу соккон муздак шамал; сирокко – түштүктөн соккон жылуу шамал (деңиздин түштүк бөлүгүнө, Эгей жана Адриа деңиздеринин жээктерине мүнөздүү). Абанын январдагы орточо температурасы деңиздин түштүк жээктеринде 14–16°Сден түндүгүндө 7–10°Сге чейин, августта – түндүгүндө 22–24°С, түштүгүндө 25–30°С. Деңиз бетинин буулануусу 1250 мм (3130 км3). Абанын нымдуулугу жайында 50–65%тен кышында 65–80%ке чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 400 ммдей (1000 км3дей); ал түндүк-батышында 1100–1300 ммден түштүк-чыгышында 50–100 ммге чейин; минимуму июль- августта, максимуму – декабрда байкалат. Закымдын болушу да мүмкүн, айрыкча Мессина кысыгында көбүрөөк байкалат (фата-моргана деген ат менен). Гидрологиялык режиминин калыптануусунда климаттык фактордун жана Атлантика океаны чектеш деңиздер менен суу алмашуусунун мааниси зор. Суу алмашуу маалында Жер ортолук деңизге сырттан кирген суу деңиздин үстүңкү, ал эми сыртка чыккан суу астынкы катмары менен агып өтөт. Суусунун кирүү өлчөмү басымдуу бөлүгүндө 0,1–0,5 мди, ал эми Тунистин чыгыш жээктеринде 1,7 мди түзөт. Деңгээлинин тартылуу-ташкындоодон өзгөрүүсү зор өлчөмгө жетет (Корсиканын жээктеринде 3,5 м). Кысыктарда өтө катуу ташкын-тартылуу агымдары пайда болот. Деңиздин үстүңкү катмарындагы туруктуу үстүңкү агымдар жээктей агып, циклондук туюк айлампаны пайда кылат. Жер ортолук деңиздин айрым бөлүктөрүндө (батыш четинде, Тиррен, Адрия, Эгей деңиздеринде) өз алдынча циклондук айлампалар пайда болот. Бийиктиги 7–8 мге жеткен катуу толкундар кышында байкалат. Суусунун тунуктугу Сириянын жээктеринде 60 мге жетет. Деңиздин ачык мейкиндигинде суунун өңү өтө көгүлтүр. Үстүңкү катмардагы суунун температурасы деңиздин чыгыш бөлүгүндө февралда 17°С, августта 27–30°С. Түндүктү жана чыгышты карай суунун температурасы Адрия деңизинде февралда 7°Сге, августта Лион булуңунда 20°Сге чейин төмөндөйт. Туздуулугу батышында 36‰ден, чыгышында 39,5‰ге чейин. Суунун тыгыздыгы 1025тен (Гибралтар кысыгында) 1029га чейин (Эгей деңизинин түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Тереңдиктеги суунун температурасы 12,9–13,8°С, туздуулугу 38,37–38,66‰. Балык (сардина, тунец, скумбрия жана башка) кармалат. Шельфинде (Адрия деңизинин түндүк бөлүгү, Эгей деңизи) нефть жана газ казып алынат. Жер ортолук деңиз аркылуу Европаны Африка, Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрү, Австралия, КМШ өлкөлөрүнүн порттору менен байланыштыруучу маанилүү деңиз жолу өтөт.

Ири порттору: Барселона (Испания), Марсель (Франция), Генуя, Неаполь, Венеция, Триест (Италия), Риека (Хорватия), Пирей жана Салоники (Грекия), Бейрут (Ливан), Александрия, Потр-Саид (Египет), Триполи (Ливия), Алжир (Алжир). Франция менен Италиядагы Көгүлтүр жээктеги (Ривьера), Испаниядагы, Монакодогу, Балеар аралындагы, Балкан жарым аралындагы өлкөлөрдүн Динара тайпак тоосу жак жээгиндеги жана башка курорттору белгилүү.

Канкун

Канкун — Мексикадагы шаар. Кинтана-Роо штатында. Юкотан жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 654,4 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Мухерес а. менен деңиз аркылуу байланышат. Мексикадагы эң ири деңиздик климаттык курорт.

Канкунга эл 16-кылымда эле отурукташа баштаган. 1970-жылдан шаар. Университеттер (технологиялык, Кариб) бар. Шаардын экономикасынын негизин туризм түзүп, меймандарды кабыл алуу жана аларды тамак-аш менен камсыздоого тыгыз байланышта. Көптөгөн бульварлар, 140ка жакын отелдер (түрдүү класстагы), 380ге жакын ресторан, көп сандаган соода борборлору жана клубдар иштейт. Лагуна менен шуру рифтери туристтерди өтө кызыктырат. Экологиялык парктар уюштурулган.

Кара-Богаз-Гол

Кара-Богаз-Гол (түркчө богаз – алкым, өткөөл, гол – көл) – Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги булуң-лагуна. Түркмөнстандын батыш бөлүгүндө. Каспий деңизи менен узундугу 9 км, тереңдиги 3-4 м болгон кууш (800 мге чейин) Кара-Богаз кысыгы аркылуу туташат.

1930-жылдан Каспий деңизинин деңгээли төмөндөй баштагандыктан, булуң акырындап соолуй баштаган. 1970-жылдардын аягында булуңга куйган суунун көлөмү 5-7 км3ге чейин азайган, деңгээли -32 мге төмөндөгөн (аянты 12 миң км2, суусунун көлөмү 20-22 км3), туздуулугу 300%оден ашып кеткен. 1980-жылы Каспийдин деңгээлин сактоо максатында кысык дамба менен тосулуп, булуңга суу кирбей калган. Натыйжада булуң тайыздап, соолуп, туздуулугу 380%оден ашып, таманындагы мирабилит сапырылып учуп, аймактын экологиясын буза баштаган. 1983-жылдын аягында аянты 0,2 км2ге, көлөмү 0,2 км3ге азайып, тереңдиги 0,1-0,3 мге чейин тайыздаган. 1992-жылы булуңду калыбына келтирүү максатында тосмо толук алынып салынган; 1993-95-жылдары Каспийден келген суунун көлөму 37-52 км3ди түзгөн. 21-кылымдын башталышында суунун деңгээли 27,5 м, аянты 18 миң км2 болду. Булуңдун суусу көп буулангандыктан, анын аянты сезон боюнча кескин өзгөрүп турат. Булуңдун айланасынын бөтөнчө табигый ландшафты жана анын экологиялык абалы акырындап калыбына келүүдө. Кара-Богаз-Голдун туз катмарларынан мирабилит казылып алынат. Булуң жээгиндеги Бекдаш шаарчасы сульфат өндүрүү жана иштеп чыгаруу борбору.

Кембрий мезгили

Кембрий мезгили (системасы) – палеозой заманынын башталышындагы мезгил. 1835-жылы англиялык геолог А. Сэжвик өзүнчө мезгилге бөлгөн. Улуу Британиядагы Уэльс аймагынын латынча эски аты (Камбрия) менен атаган. Мезгил мындан 570 млн жыл мурда, венд комплексинен кийин башталып, ордовик мезгилине чейин созулган (70 млн жыл). Тоо тек катмары астынкы, ортоңку, үстүнкү болуп, 3 бөлүмдөн турат.

Кембрийдин башталышында жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн деңиз суусу каптап, фаунага бай чөкмөлөр (акиташ) калың катмарга айланган. Кызыл түстү терригендүү акиташтар, туздар орун алган. Мезгилдин орто ченинде жана аягында суу тартылып, лагуна чөкмөлөрү пайда болгон. Мурдагы тектоникалык түзүлүштөр (байыркы платформалар, байкал бүктөлүү циклинен келип чыккан геосинклиналдуу аймактар) мезгилдин ортосунда өзгөрүүгө дуушар болгон. Геосинклиналдуу аймактардан чөкмө тектер, эффузивдер, интрузиялар, платформалардан анчалык чоң эмес диабаздар орун алган. Мезгилдин башталышында скелеттүү организмдер: археоциаттар, гастроподдор, радиолярийлер, былпылдыктар, брахиоподдор, хиолиттер, кийинчерээк трилобиттер, остракодалар, пелециподдор бардык жерге тараган. Мезгилдин аягында трилобиттер, балырлар басымдуулук кылган. Кембрийдеги тоо тектер дүйнө жүзүнүн бардык бөлүгүндө (Урал, Кавказ, Казакстан, Орто Азия жана башка) кеңири тараган. Фосфорит (Казакстан, Моңголия, Кытай), туз (Сибирь платформасы, Индия), нефть (Иркут облусу Балтика бою), коргошун (Түндүк Африка), марганец (Кузнецк Ала-Тоосу), ванадий (Кыргызстан, Казакстан) кендери кездешет.

Курил аралдары

Курил аралдары — Камчатка жарым аралынан Хоккайдо аралына чейин созулуп жаткан жанар тоолуу аралдар архипелагы. Сахалин облусунда. Охота деңизин Тынч океандан бөлүп турат. 30дан ашык ири (Итуруп, Кунашир, Парамушир, Уруп ж. б.) жана көптөгөн майда аралдардан, аскалардан турат. Жалпы аянты 15,6 миң км2дей, Узундугу 1200 км чамасында. Курил кысыктары менен бөлүнөт. Чоң жана Кичи Курил жалчаларынан турат. Аралдарынын көбү тоолуу, басымдуу бийиктиги 500—1000 м (эң бийик жери 2339 м, Алаид чокусу). 160тай жанар тоо бар, анын 40тайы аракеттеги жанар тоо; катуу жер титирөөлөр болуп турат. Негизинен палеоген, неоген жана антропогендин жанар тоо тектеринен (туф, брекчия, лава, жанар тоо кумдары) турат. Көлү көп (анын ичинде кратер жана лагуна көлдөрү да бар). Түндүк тарабына жана ортоңку аралдардын айрым бөлүктөрүнө ийри-буйру өскөн токой, жапалак арча жана океан шалбаасы, түштүк-батыш бөлүгүнө карагай, көк карагай жана жазы жалбырактуу токой мүнөздүү. Жээк сууларында лосось сымалдар, ит балык, суу жолборс, кундуз бар. Балык кармалат. Ири шаарлары: Курильск, СевероКурильск.

Курил аралдары жөнүндөгү алгачкы даректи 1697-жылы орус жер кезүүчүсү В. В. Атласов билдирген. 1855-жылы Россия Курил аралынын бир бөлүгүн (Уруп аралынан түштүктү карай) Японияга берүүгө аргасыз болгон. 1875жылдагы келишим боюнча Япония Сахалинге умтулуусунан расмий баш тартып, ордуна Курил аралын бүт алган. Крым конференциясынын (1945) чечимине ылайык Курил аралы СССРге өтүп, 1945-жылы август—сентябрь айларында советтик аскерлер аралдарды бүт бошоткон. Сан-Франциско тынчтык келишими боюнча (1951) Япония Курил аралына карата талаш-тартышынан толук баш тарткан.

Лагуна (Нү-Мексико)

Лагуна (Нү-Мексико) (англ. Laguna) — Нү-Мексико штатынын Cibola округуна караган АКШ шаары.

Калкы - 423 киши. Болжолдуу аянты - 6.7 км². FIPS коду — 35-37070.

Нил

Нил (араб. – Эль Бахр; лат. Nilus, гр. Neilos) – дүйнөдөгү эң узун 2 дарыянын бири (Амазонкадан кийин). Танзания, Уганда, Судан, Египет, Руанда аймактары аркылуу агат. Узундугу 6671 км, алабынын аянты 2870 миң км2. Чыгыш Африка бөксө тоосунан Рукарара деген ат менен башталып (Кагер дарыясынын курамы), Виктория, Кьога, Мобуту-Сесе-Секо көлдөрү, бөксө тоолор аркылуу агып, Судан түздүгүндө Бахр-эль-Жебель деген ат менен Сэдд саздуу аймагын кесип өтөт. Эль-Газаль дарыясынын чатынан Ак-Нил деп аталып, Хартум шаарына чейин жарым чөл, чөл аркылуу агат. Мында эң ири куймасы Көгүлтүр Нилге кошулуп, Нил аталат. Жер Ортолук деңизге куярда көптөгөн салааларга бөлүнүп, дельтаны пайда кылат; негизги кеме жүрүүчү салаалары – Думьят (Дамьетта; чыгышы), Рашид (Розетта; батышы); дельтанын Түндүк бөлүгүн Мензала, Марьют, Руруллус лагуна көлдөрү түзөт. Ибрахимия (Биркет-Карун көлүн, Эль-Файюм оазисин суу менен камсыздандырат), Исмаилия (Суэц каналынын аймагын тузсуз суу менен жабдыйт), Юсуф жана башка көптөгөн каналдары бар. Жогорку агымында Хартум мененАсуан шаарынын аралыгында босоголорду пайда кылат, алардын бир бөлүгү бийик Асуан плотинасы курулгандан кийин суу жайпап калган. Негизги куймалары: Асва, Собат, Көгүлтүр Нил, Атбара (оң), Эль-Газаль (сол). Суу ташкыны Нилдин алабынын экватордук бөлүгүндө жай, кыш, борбордук бөлүгүндө, Судандын түндүгүндө, Египетте жай-күз мезгилдеринде байкалат. Орточо чыгымы Асуанда 2600 м3/сек (эң көбү – 15000 м3/сек, эң азы – 400–500 м3/сек), чатында 2900 м3/сек. Жылдык орточо агымы чатында 73,1 км3. Жылына 62 миллионм3 шиленди агызып келет (анын көбү күрдүү топурактар; алар талааларга, сугат каналдарына, суу сактагычтарга чөгүп калат). Агымын жөнгө салуу, каналдарын суу менен камсыз кылуу жана ташкын коркунучунан сактоо үчүн Нилге жана анын куймаларына плотиналар (Гебель-Аулия, Асуан, Бийик Асуан), суу сактагычтар (Насер жана башка) курулган. Ири ГЭСтери: Асуан, Наг-Хаммади, ЭльФайюм (Юсуф каналында), Оуэн-Фолс (Виктория-Нил д-нда). Балык кармалат. Канал, көлдөрүндө, Нилде Хартум шаарынан Жуба шаарына, андан ары Нимулдан Мобуту-Сесе-Секо көлүнө чейин, жогорку аймагынын айрым жерлеринде кеме жүрөт. Алабындагы кеме жолунун жалпы уз. 3,2 миң км. Негизги шаарлары: Александрия (дельтасында), Каир, Асуан (Египет), Хартум (Судан). Нилдин өрөөнү (өзгөчө дельтасы) байыркы цивилизациянын очокторунан болгон.

Тасма жарым аралы

Тасма жарым аралы, Ичке Тасма, Сары-Дөбө – Ысык-Көлдүн четки чыгыш жээгиндеги жарым арал, Түп жана Жыргалаң булуңдарынын аралыгында жайгашкан аймак. узундугу 20 км, туурасы 10 кмден ашык. Тасма антиклиналдык структурасынын батышты карай чөккөн бөлүгү. Анын суу алдындагы уландысы 25 кмге (70 м тереңдикке) чейин созулат. Көп (борбордук, түштүк) бөлүгү түзөн, аккумуляциялык жээк, айрым жерлери лагуна тибинде; рельефтин эолдук формалары кездешет. Көлгө кирип турган тумшугунун туурасы 2–2,5 км (чыгышты карай кеңейет). Түндүк жагы (Сары-Дөбө бөлүгү) Ичке-Тасма тоолорунун антиклиналдык (неоген-плейстоцен) уландысынын талкаланган калдыктары, рельефи жапыз кырлуу, колоттуу. Жарым аралдын батышында голоцендик тектирлердин туурасы 1,7 кмге жетет. Тектирлер кум жалчалуу келип, камыш, жекен, өлөң чөп, чычырканак ж. б. өсөт. Түндүк этегин ар кыл өсүмдүктүү шалбаа ээлейт. Көл менен чектеш кум-ылайлуу булуң-буйткалар, лагуналар, тумшуктар, таза кумдуу пляждар рекреация үчүн ылайыктуу. Аймагынын табигый ландшафтында кургак талаа басымдуу; азыр айдоого (негизинен кайрак жерге) айланган. Көп бөлүгү аңчылык чарбасына кыргоол көбөйтүү үчүн берилген. Жарым аралдын жээктеринде суу шилеп чыгарган 14–18-кылымга таандык идиштердин сыныктары кездешет. Географиялык карталарда, орус тилиндеги адабияттарда жарым арал «Сухой хребет» деп аталып жүрөт. Бирок анын жергиликтүү нукура аталышы – Көкөкулусун, Сары-Дөбө, Тасма.

Триас мезгили

Триас мезгили (системасы), триас (гр. trias - үчилтик) - Жердин геологиялык гарыхындагы мезозой заманынын эң алгачкы мезгили жана ошол мезгилде пайда болгон тоо тек кабаттарынын геологиялык системасы. 251±3 млн жыл мурда башталып, 51 млн жылга созулганы радиометриялык ыкманын негизинде аныкталган. Үч бөлүмдөн - үстүнкү, ортонку жана астынкы триастан турат.

1834-ж. Бельгия илимпозу Омалиус д’Аллуа Европанын борбордук бөлүгүнөн үч комплексти (ар түстүү кумдук, үлүлдүү аки таш теги, ар түстүү мергель кабаттары) бириктирип, «кейпер чөгүндүсү» атаса, аны 1934-ж. немис илимпозу Ф. Альберти «триас» деп атаган. Триас мезгилине (системасына) чейин бардык материктер биригип, Пангея суперконтинентин түзүп турган. Триас мезгилинин башталышында Батыш Европа, Азия (Урал, Теңир-Тоо, Моңгол - Охота бүктөлүү аймагы), Түндүк Америка жана Чыгыш Авсгралиядагы герцин геосинклиналдык структуралары жаш платформаларга айланган. Алар Түндүк жарым шарда өтө зор Лавразияга биригип, Түштүк жарым шарда Гондвана континентин түзгөн. Аларды Тетис деңизи бөлүп турган. Триас мезгилинин (с-нын) аягында бардык геосинклиналдарды жана платформалардын айрым бөлүктөрүн дениз суусу каптаган. Платформаларда көбүнчө континенттик (пролювий, агынды, көл, лагуна, эол ж. б.) чөкмөлөр, негиздүү лава жана жанартоо тектери кеңири топтолгон. Жер Ортолук деңиз геосинклиналь кырчоосунда карбонат тектери басымдуулук кылат. Триас мезгилинин (с-нын) 2-жарымында Ортонку Европада гипстүү кумдук, чопо; Сибирде, Орто Азияда жана Чыгыш Индикытайда, Түштүк Аппалачиде, Чыгыш Австралияда жана Индияда көмүр кабаттары пайда болгон.

Триас мезгилинин (системасынын) 1-жарымында кургак климат өкүм сүрүп, бир нече деңиздер соолуган, натыйжада сакталган деңиздерин туздуулугу жогорулаган. Ал эми 2-жарымында көбүнчө нымдуу климат өкүм сүргөн. Пермь мезгилинин (системасынын) 2-жарымынан тартып Триас мезгилинин (с-нын) аягына чейин палеозой тобунун жандыктары менен өсүмдүктөрү дээрлик өлүп жок болуп, алардын ордуна жаңы түрлөрү пайда боло баштаган. Деңиз жана кургактыктын фауналарынын жаңы түрлөрү, кораллдар, боору менен сойлоп жүрүүчүлөр (алп рептилиялар, архозавр, динозаврлар, плакодонттор), омурткасыз аммоноидер (цератин), пелеципод, гастроподдор, жерде-сууда жашоочулар (белемниттер), алгачкы сүт эмүүчүлөр (жумуртка туучулар жана баштыкчандар), сөөктүү балыктар, деңиз кирписи, таш бакалар өөрчүп өнүккөн. Өсүмдүктөрдөн кадимки папоротниктер, цикадофиттер, ийне жалбырактуулар ж. б. басымдуулук кылган. Триас мезгилинин (с-нын) пайда болгон негизги кен байлыктар - күрөң көмүр, көмүр, нефть, алмаз, уран, жез-никель кен таштары. Триас мезгилнин (с-нын) тоо тек катмарлары Кыргызстанда негизинен Чоң Алай кырка тоосунда, Фергана тоо тизмегинде, Ысык-Көл ойдуңунда, Кабак бүктөлүү аймагында кезигет.

Түндүк Америка

Түндүк Америка (англ. North America, фр. Amérique du Nord, исп. América del Norte, Norteamérica, аст. Ixachitlān Mictlāmpa) — Батыш жарым шардагы материк. Аянты 20,36 млн км2 (аралдары менен 24,25 млн км2).

Калкы 531,1 млн (2009). Түндүгүнөн Түндүк Муз океаны (Бофорт, Баффин деңиздери жана Гудзон булуңу), батышынан Тынч океан (Беринг деңизи, Аляска жана Калифорния булундары), чыгышынан Атлантика океаны (Кариб деңизи, Мексика жана Ыйык Лаврентий булуңдары) менен чулганат. Түштүк чеги негизинен Панама мойногу аркылуу өтөт. Анын эң түндүк учу Мёрчисон тумшугу, батышында - Уэльс Принц, чыгышы - Сент-Чарльз тумшуктары. Канаданын жана Түштүк Алясканын жээктери фьорд дор менен терең тилмеленген. Атлантика океаны жээк жагында дарыялардын эстуарийлери жана дельталары басымдуу. Батыш жээги начар тилмеленген, тоолуу. Эң ири жарым аралдары: түндүгүндө - Вутия, Мелвилл, чыгышында - Лабрадор, батышында - Сьюард, Аляска, түштүгүндө - Флорида, Калифорния, Юкатан. Ири аралдары: Гренландия, Канадалык Арктика архипелагы, Вест-Индия, Алеугп аралдары, Александр архипелагы жана Атлантика океанынын Бермуда аралдары, Сен-Пьер, Микелон ж. б. Түндүк Американын рельефи чыгыштан батышты карай өзгөрөт. Материктин батышында түндүктөн түштүккө Кордильера тоо системасы (к. ТундукАмерика Кордилъерасы) созулуп, чыгышын кенен түздүктөр, плато, орто бийик тоолор ээлейт. Орт. бийикт. батышында 1700 м, чыгышында 200-300 м. Түндүк-чыгышында Лаврентий дөңсөосү, түндүгүндө Макензи ойдуңу, борбордук бөлүгүндө бөксө тоолуу Улуу туздуктөр (бийикт. 500-1500 м) жана тектирлүү Борбордук туздук (бийикт. 500 -мге чейин) жайгашкан. Чыгыш чети Канадалык Арктика архипелагы, Лабрадор, Аппалачи тоолору менен курчалган. Түштүк-чыгышында Атлантика бою ойдуңу жана Мексика бою ойдуңу орун алган. Материктин батыш жээгинде Кенай, Чугач, Ыйык Илья (Логан чокусу, бийикт. 6050 м), АКШнын Жээк, Канаданын аралдык кырка тоолору жана булуңдар (Кук, Калифорния) менен ойдуңдар (Сакраменто дарыянын жана Калифорния өрөөндөрү) ээлеген тилке бар. Кордильера тоо тизмеги Мексика тайпак тоосунан түштүктү карай экиге ажырап, бир бөлүгү чыгышты карай суу астындагы кырка тоолорду жана Вест-Индиянын аралдарын пайда кылып, Венесуэла Анд тоолоруна, экинчиси Теуантепек жана Панама мойноктору аркылуу Колумбия Анд тоолоруна өтүп кетет.

Геологиялык түзүлүшү. Түндүк Американын борбордук бөлүгүн байыркы кембрийге чейин пайда болгон Түндүк Америка (Канада) платформасы ээлейт. Платформанын фундаменти АКШнын түндүгүндө, Канадалык Арктика архипелагынын түштүгүндө, ошондой эле Гренландиянын батыш жана түштүк-чыгыш четинде жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Вул бөлүгү метоморфизмделген жанартоо чөкмөлөрү менен гранит-гнейстен турат. Платформа каледон (түндүк-чыгышы, Гренландия, Ньюфаундленд, Түндүк Аппалачи), герцин (Түштүк Аппалачи, Канадалык Арктика архипелагы) мезозой-кайназой (Кордильералар) жашындагы тоолор менен курчалган. Кен байлыктарынын көбү Канада калканы менен Кордильерада. Дүйнөлүк мааниге ээ кендери: темир (Жогорку Көлдөр аймагы, Лабрадор жарым аралы), никель (Канададагы Садбери кени ж. б.) алтын, кобальт (Аляска, Калифорния, Канада ж. б.), уран (Гурон, Колорадо платосу ж. б.), таш көмүр (Аскалуу тоолор, Ворб. түздүк, Аппалачи ж. б.), калий тузу (Канада), фосфаттар, түстүү жана сейрек металлдар, Тынч океан жак жээкте нефть жана газ бар. Арктикада алмаз концентрациясы табылган.

Климаты. Материктин түндүктөн түштүккө созулуп жатышы жана рельефинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу аба ырайы ар түрдүү. Ошондуктан материктин климаты мелүүн арктикалыктан тропиктикке чейин өзгөрөт. Эң четки түндүгүндө арктикалык, түштүгүндө тропиктик, батыш жана чыгыш жээктеринде океандык, ички аймактарында континенттик. Январдын орт. температурасы -36°Сдан (Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө) 20°Сга (Флорида менен Мексика тайпак тоосунун түштүгү) чейин, июлдуку -4°Сдан (Канадалык Арктика архипелагынын түндүгү) 32°Сга (АКШнын түндүк-батышында) чейин. Температуранын абс. минимуму Аляскада (-64°С) жана Канаданын түндүк-батышында (-70°Сга чейин), ал эми максимуму (56,7°С) АКШнын түштүк-батышындагы Ажал өрөөнүндө катталган. Жаан-чачын эң көп жааган жерлери: Аляска менен Канаданын Тынч океан жак жээги жана АКШнын түндүк-батышы (жылдык жаан-чачыны 20003000 мм; негизинен кышында жана күзүндө); материктин түндүк-чыгыш аймактарында жылдык жаан-чачыны 1000-1500 ммди (негизинен жайында жаайт) түзөт. Борбордук түздүктөрдө жылдык жаан-чачын 400-1200 жм. Кордильера тоолорунун ички платолор менен тоо аралык өрөөндөрүндө 100-200 мм. 40-44° түң. кеңдиктен түндүктү карай кышында кар дайыма жатат. Түндүк Америкадагы муздуктардын жалпы аянты 2,1 млн юи2ден ашып, көбү Гренландия менен Канадалык Арктика архипелагында. Материктин өзүндө мөңгү Алясканын түштүгүндө кеңири тараган, ошондой эле Брукс, Аляска, Алеут, Аскалуу, Каскад, Жээк, Жанартоолуу Сьерра-Мадре тоолорунда да бар.

Ички суулары. Түндүк Америка агын сууларга бай. Ага Жер шарындагы узун дарыя системасы - Миссисипи (Миссури менен кошо уз. 6420 км) жана тузсуз суунун эң ири запасы чогулган - Улуу көлдөр жайгашкан. Түндүк Американын дарыяларынын жылдык орт. чыгымы 8200 км3. Атлантика океанына Миссисипи жана Ыйык Лаврентий, Тынч океанга Юкон, Колумбия, Колорадо, Фрейзер, Түндүк Муз океанга Макензи, Нельсон ж. б. дарыялары куят. Ниагара дарыянын нугунда бийикт. 50 м, туурасы 800 -мге жеткен эң чоң Ниагара шаркыратмасы жайгашкан. Материктин түндүгүндө мөңгүнүн жана тектон. кыймылдын аракетинен пайда болгон ири көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Манитоба, Чоң Эрксиз көл, ЧоңАюулуу көлу, Бугулуу көл ж. б.) бар. Борбордук Американын ири көлдөрү: Никарагуа, Манагуа, Чоң Туздуу көл. Жээк ойдуңдарда лагуна көлдөрү, Кордильера тоолорунда жанартоо көлдөрү кездешет.

Мексика тайпак тоосунун түштүгүндө жана Борбордук Америкада тропиктик дайыма жашыл токой, сейрек токой жана саванна өсөт. Эң четки түндүгүнөн башка бардык жеринин ландшафты антропогендик таасирден дээрлик өзгөргөн. Фаунасында Евразияга мүнөздүү жаныбарлардын бардык түрлөрү кездешип, анын бир нечеси (кой бука, бизон, чүткөр, ондатра, сасык кашкулак, гризли аюусу ж. б.) - эндемиктер. Коргоого алынган 50дөн ашык ул. парк жана коруктар уюштурулган. Белгилүүлөрү: Йеллоустон улуттук паркы, Чоң Каньон, Йосемити улуттук паркы, Банф, Жаспер, Секвойл, Эверглейдс ж. б. Изилдөө тарыхынан. 0. кылымдарда Гренландияда отурукташа баштаган нормандар 11-13-кылымда эле материктин түндүк-чыгыш жээктеринде болушса да, алардын геогр. ачууларын европ-тар билген эмес. T. А. жаңы жер катары 1492-жылдын 12-октябрында, X. Колумб башкарган испан экспедициясы келген күнү белгилүү болгон. Ал 1492-1503-ж. аралыгында Чоң жана Кичи Антиль а-н, Кариб деңизинин Гондурас, Никарагуа, Коста-Рика жак жээктерин жана Панама мойногун ачкан. Ошондон тарта бул аймак европ-тардын кызыгуусун арттырып, Колумбдун аркасынан француздар (Ж. Картье ж. б.) жана англичандар (Ж. Девис, Генри Гудзон, Р. Байлот, В. Баффин, А. Маккензи ж. б.) материктин түндүк жана борбордук бөлүгүнө жетишкен. Ал эми испаниялык саякатчылар (Э. Кортес ж. б.) Борбордук Американы бир нече ирет кесип өтүп, Тынч океанга чыгышкан. Ошондой эле Түндүк Американын изилденишине орус саякатчылары да зор салымын кошкон. 18-кылымда орус изилдөөчүлөрү В. Беринг, А. Чириков Түндүк Американын батышындагы Тынч океандын жээгиндеги аралдарды жана Аляска жарым аралын картага тушүрүшкөн. Аляскага орус дениз саякатчысы Г. Шелихов орустарды отурукташтырып, «Россия Америкасын» негиздеген. Түндүк Американы ээликке айландырууда европ. колонизаторлор жерг. индей, эскимос жана алеут урууларын массалык түрдө кырып, калгандарын атайын резервацияларга айдашкан. Алардын ордунда француздар негиздеген Канада мамлекети, англ-тар ээлик кылган АКШ жана испандар түптөгөн Мексика жана Борбордук Америка өлкөлөрү пайда болгон. Ал эми россиялыктар материктин түндүк-батышынын катаал табиятынан улам өздөштүрүүдөн баш тартып, Алясканы жана бир нече аралдарды 1867-ж. АКШга сатып жиберген.

Калкы. Түндүк Американын калкы 3 расадан турат: европ-тар келгенге чейин материкти мекендеген индейлер, эскимостор жана Азиядан келген моңголоиддер, европ. келгиндер - европоиддер жана Африкадан чыккан негроиддер. Басымдуу бөлүгүн Европадан келген имигранттар (англистер, ирландиялыктар, немистер), афроамерикалыктар (17-18-кылымда Африкадан алынып келинген эрксиздердин тукумдары), ошондой эле аралаш расалык топтор (метистер, мулаттар ж. б.) түзөт. Азыраагы - Азиядан келгендер (негизинея кытайлар) жана индейлер, эскимостор, алеуттар. Негизинен англис, француз жана испан тилдеринде сүйлөшөт.

Чукча деңизи

Чукча деңизи - Түндүк Муз океанындагы четки деңиз.

Азия менен Түндүк Американын ( Алясканын жээктерин чулгайт) түндүк-чыгыш жээгинде Беринг кысыгы аркылуу Тынч океан, Лонга кысыгы аркылуу Чыгыш Сибирь деңизи менен туташат. Аянты 595 миң км2. Эн терең жери 1256 м. Жээги негизинен тоолуу, лагуна менен саян жерлери көп. Ири аралы - Врангель. Булуңдары ; Колючи колтугу, Коцебу.

Жайында суу бетинин тем-расы 4-12°С, кышында -1,6°С дан -1,8°С га чейин. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат. Туздуулугу 24-32%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 0,1-0,2 м). Балык (голец, уюл трескасы), суу жолборс, түлөн, нерпа кармалат. Уэлен порту (Чукча жарым аралында) жайгашкан.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.