Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата).

  • Республикада 3 дубан (Нарын, Ош, Ысык-Көл), 37 район (айылдык), 18 шаар, 31 шаар тибиндеги посёлок (шаарча) бар болгон.
  • Азыркы кездеги Кыргыз Республикасы.
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы
Киргизская Советская Социалистическая Республика
Flag of the Kyrgyz Soviet Socialist Republic Emblem of the Kirghiz SSR
Кыргыз ССРинин желеги Кыргыз ССРинин герби

5 декабрь 1936 – 31 август 1991
Ураан:
Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!
Soviet Union - Kirghiz SSR
Борбору Фрунзе
Негизделген 14 октябрь 1924
ССРС курамында:
  • тарта
  • чейин

  • 5 декабрь 1936
  • 31 август 1991
Аянты 198,5 миң км²
7-чи ССРСте
Калкы 4257 миң ад.
10-чу ССРСте
Жыштыгы 21,4 ад./км²
12-чи ССРСте
Гимн Кыргыз ССРинин гимни
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
Селжукийлер • Каракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздары • Батыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория
Soviet Union - Kirghiz SSR
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы (Кыргыз ССРи)

Тарыхы

  • Кара-Кыргыз Автономия Областы (Кара-Кыргыз АО)
  • Кыргыз Автономия Областы (Кыргыз АО)
  • Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы (Кыргыз АССРи)
  • Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Колдонулган булактар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук, башкы ред. Б.Ө.Бөрүбаева, Фрунзе 1978
Басма иши

Басма иши - китеп, гезит, журнал, альманах, альбом, нота, жылбаян, буклет ж. б. басууга даярдоочу, басып чыгаруучу жана аларды керектөөчүлөргө жеткирүүнү уюштуруучу маданий-өндүрүштүк тармак. Чыгарган продукциясынын түрүнө карата китеп, гезит-журнал ж.б. басуу жана тандап алган багытына жараша илимий, окуу педогогика куралдарды, көркөм адабият, анын ичинде балдар адабияты, маалыматтама басылма басуу болуп бөлүнөт. Кол жазма түрүндөгү алгачкы басылмалар үчүн жыгачтын кабыгы, терпенин бети пайдаланылган, кийинчерээк кагазга көчүрүлүп түшүрүлгөн. Китеп өнөрү менен алектенген (көчүрмөчү, сүрөтчү, калыптоочу, нускоочу) адистер топтошуп, басма уюмун түзө баштаган. Жыгачтан оюлган калып менен китепти көбөйтүп басуу жумуштары 8—9-кылымда Кытайда ишке ашырылып, «Жакут сутра» аттуу алгачкы китеп басылган. 14-кылымда куйма ариптерди пайдаланган басмаканалар пайда болгон. Ал эми Европада басма иши 15-кылымда башталган. Байыркы Египеттин (б. з. ч. 25-кылым) папирус түргөктөрү китеп чыгаруунун алгачкы жана жөнөкөй үлгүсү болгон. Ал жазуу үчүн материал катары б. з. ч. 5-кылымда Грекияга, кийин Римге өткөн. Биринчи эң жөнөкөй басма иши 9-кылымда калыптанып, ал тамгаларды жыгач тактайга оюлуп жасалган калыптардан кагазга көчүрүп түшүрүү жолу менен башталган. Кийин чопо, коло ж. б. металлдардын аралашмасынан даярдалган куйма ариптер пайда болгон. Европадагы эң алгачкы басма ишине немис ойлоп табуучусу Иоганн Гутенберг негиз салган. Ал 1445-ж. жыгачтан жөнөкөй басма станогун жасап, андан саатына 100 тамга терүү менен, 42 саптан турган эң биринчи китеп латын библиясын басып чыгаруу менен, полиграфия өндүрүшүнө жол ачкан. Россияда биринчи басмакана 1564-ж. ачылган. Аны туңгуч орус китеп чыгаруучулары Иван Фёдоров менен Пётр Мстиславец башкарып, алгачкы орус китеби «Апостолду» басып чыгарган. 16-17-кылымда Франция, Германия, Венеция, Нидерланд ж. б. Европа өлкөлөрүндө көптөгөн жеке менчик басмалар иштей баштаган. 18-19-кылымда басма менен басмакана иши биригип, китеп чыгаруу ыкчам өсүп, тамга жана сап куюучу терүү машиналары, тез басуучу басма аспаптары, фотоцинкография, фототерүү ж. б. ыкмалар ойлонуп табылган. Полиграфиялык машина куруу заводдору, ондогон жаңы басмаканалар ишке киргизилип, илим изилдөө жана полиграфиялык окуу жайлары ачылган. Кыргыз тилиндеги эң алгачкы басылган тексттер 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон, 1861-ж. «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрү В. Радлов, Ч. Валиханов, Д. Алмаши тарабынан китеп тексти катары өзүнчө басып чыгарылган. И. Арабаевдин демилгеси менен Молдо Кылычтын «Кысса Зилзаласы» (1911) Казан шаарындагы басмаканадан жарык көргөн. 1885-ж. Лейпцигден басылган В. Радловдун «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» китебинде бир нече кошоктордун кыргызча тексттери берилген. И. Арабаев менен X. Сарсекеевдпн кыргыз, казак балдары үчүн «Алип-бежаки төтө окуу» аттуу туңгуч окуу китеби (1911, Уфа), И. Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү»: сулуу жазуунун үлгүлөрү (1912, Оренбург), О. Сыдыковдун кыргыздын санжыра-тарыхы жөнүндөгү «Муктасар тарых Кыргызия» (1913), «Тарых кыргыз Шадмания» (1914, Уфа) китептери жарык көргөн. Бул басылмалар кыргыз китеп басуу ишиндеги алгачкы кадамдар катары бааланат. 1924-ж. туңгуч кыргыз алфавити түзүлүп, Түркстан эл агартуу комиссариатынын Кара кыргыз илим комиссиясынын чечими менен И. Арабаевдин «Алиппе», К. Тыныстановдун 1-баскычтагы класстар үчүн «Окуу китеби» Ташкенден басылып чыккан. Булар кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу максатында Совет доорунда жарык көргөн алгачкы окуу китептери катары тарыхка кирди жана китеп басып чыгаруу ишинин алгачкы тажрыйбасы катары бааланат. 1925-ж. Тоголок Молдонун «Насыят», К. Тыныстановдун «Касым ырларынын жыйнагы», Молдо Кылычтын «Буудайык», Боогачынын «Секетбай» ж. б. чыгармалары Москвадан жарык көргөн. Ушул эле жылы Россиядагы 1-революциянын 20 жылдыгына карата партиянын Кыргыз облустук комитетинин атайын тапшыруусу менен К. Тыныстанов тарабынан кыргызчаланган «Өзгөрүш ырлары» аттуу ырлар жыйнагы басылган жана ал кыргыз жазма адабият тарыхындагы 1-котормо басылма катары бааланат. К. Баялинов менен 3. Лилинанын «Ленин биздин окутуучубуз» аттуу жана Пишпектин басмаканасынан 8 китеп жарык көргөн. Москва, Ташкен, Пишпек шаарларынан чыгарылган китептердин саны 30га жетип, алардын жалпы нускасы 100 миң ди түзгөн. Бул Кыргызстандагы басма ишинин уюштурууга ишенимдүү негиз түзүп, 1926-ж. 24-январда Кыргыз мамлекеттик басма башкармалыгынын 1-жыйынында «Кыргызмамбас» негизделген. Алгачкы жылы 26 наамдагы китеп чыгарылып, жалпы нускасы 65 миң 700 болгон. 1925-26-ж. негизинен көркөм адабият, окуу куралдары, саясый жана таалим-тарбиялык маанидеги басылмалар жарык көргөн . Бул чыгармалар элдин кат-сабатын ачууда, билим жана таалим-тарбия берүүдө, агартуу иштерин жүргүзүүдө баа жеткис акыл азыгы катары кызмат өтөгөн. Мындай басылмаларды чыгарууда Москванын китеп басмалары да маанилүү роль ойногон. 1926-ж. февралда Москвада СССР элдеринин борбор басмасында кыргыз бөлүмү түзүлүп, ал узак жылдар бою кыргыз китептерин чыгарып турган жана анда К. Баялинов, У. Абдукаимов, 3. Бектенов, А. Токомбаев өңдүү белгилүү адамдар эмгектенишкен. Кыргыз акындарынын Т. Жолдошев түзгөн «Кызыл гүл» аттуу ырлар жыйнагы 1927-ж. Москвадан 2 миң нускада жарык көргөн. Аталган жыйнакка С. Карачев, О. Ысабеков, Ш. Көкөнов, Б. Кененсарпев, Б. Калпаков, К. Баялинов, А. Токомбаев ж. б. таланттуу акындардын ырлары кирген. Ал эми Кыргызстандын өзүндө 1927-28-ж. К. Тыныстановдун «Окуу-жазуу бил», «Эне тили», К. Карасаевдин «Сабат ачкыч» жана И. Арабаев менен бирдикте чоңдор үчүн «Жаңылык» деген окуу китептери, А. Токомбаевдин «Ленин тууралуу» ырлар жыйнагы, К. Баялиновдун «Түлкү менен суур», «Чабалекей менен жылан» сыяктуу балдарга арналып жазылган китептери жаңы латын ариби менен басып чыгарылган. 1928-30-ж. китеп чыгаруу ишинин техникалык өндүрүштүк негизи кеңейип, басылмаларды сапаттуу чыгаруу иши жолго коюлган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары чет тилдерде да жарык көрө баштаган. Мисалы К. Баялиновдун «Ажар» повести француз, англис жана немис тилдеринде жарык көргөн. 1934-ж. гезит-журнал басууга адистешкен «Кызыл Кыргызстан» басмасы түзүлүп, кийин ал «Ала-Тоо» (1964) басмасына айланган. Анда 1972-ж. чейин Кыргызстанда даярдалган бардык гезит-журналдар, кийин адабият жана агартуу тармагын камтыган «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан», «Ден соолук» журналдары, «Кыргызстан маданияты» жумалыгы, «Мугалимдер газетасы» сыяктуу гезит-журналдар басылып турган. «Кыргызмамбастан» адистешкен басмалар өсүп чыга баштайт, б. а. «Кыргызмамбастын» мектептер үчүн окуу китептерин, окуу куралдарын басмага даярдоочу бөлүмүнүн негизинде «Мектеп» басмасы түзүлгөн (1953). Ал мектептер жана мектепке чейинки мекемелер, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептерин, педагогдор үчүн методикалык басылмаларды, балдар жана өспүрүмдөр үчүн таалим тарбиялык мүнөздөгү көркөм адабият жана котормо китептерди чыгарып турган. Басып чыгарууга республикадагы тажрыйбалуу методисттер, мыкты мугалимдер, жогорку окуу жайынын окутуучулары, илим жана басма кызматкерлери, сүрөтчүлөр катышып, окурмандардын татыктуу билим алуусуна салым кошушкан. 1964-ж. «Кыргызмамбас» саясий, социалдык-экономика, өндүрүштүк-техникум, илимий-популярдуу жана көркөм адабияттарды чыгарууга адистештирилген «Кыргызстан» басмасы болуп кайра түзүлгөн. Республикадагы илимий басылмаларды чыгарууну жакшыртуу максатында адистештирилген «Илим» басмасы негизделип (1955), анда Кыргызстандагы илимдин бардык багыттары боюнча Кыргыз ССР ИАнын институттарынын илимий кеңештери тарабынан басууга сунуш кылынган китептер жарыкка чыгып турган. 1968-ж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы түзүлгөн.1976-82-ж. кыргыз тарыхында 1-жолку улуттук-унпверсал «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» 6 томдугу (алфавиттик негизде), орус жана кыргыз тилдеринде «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы» аттуу илим жалпылоо мүнөздөгү энциклопедиянын атайын бир томдугу жарык көргөн. 4 томдон турган «Советтик энциклопедиялык сөздүк», X. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» жана бир катар предметтер боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү басылган. Эгемендикке ээ болгондон кийин «Манас» энциклопедиясынын эки томдугу (1995), «Кыргызча-орусча сөздүк», «Физика», «Химия», «Математика», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык энциклопедиялар, Кыргызстандын облустарына жана Фрунзе шаарына арналган «Ош», «Ысык-Көл», «Чүй», «Талас», «Нарын», «Фрунзе» региондук энциклопедиялары чыгарылган. 1999-ж. 12-февралда Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын функциясын кеңейтүү жана статусун көтөрүү, ошону менен бирге кыргыз тилин өнүктүрүүнүн практикалык зарыл маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болуп кайрадан түзүлүп, мамлекеттик тилге түздөн-түз тиешелүү окуу куралдары, «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз милициясы», «Жалал-Абад» сыяктуу тармактык, региондук энциклопедиялар, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөр, илим тармактары боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү, «Кыргызстан» аттуу энциклопедиянын обзордук тому эки тилде (кыргыз, орусча) басылып чыккан. Кыргызстандын басма ишинин өнүгүшүндө ММКларынын, б. а. гезит-журналдардын чыгып туруусу да маанплүү болгон. Райондук, облустук, республикалык гезиттер чыгарылып, басмаканалары иштеген. 1983-ж. Кыргызстанда 11 журнал, 69 гезит чыгып турган. 1989-ж. жалпы саны 114кө жеткен. 1988-ж. «Кыргызстан», «Мектеп» басмаларынын базасында адабий көркөм чыгармаларды, искусство, адабият таануу жана сын багытындагы китептерди чыгаруучу «Адабият» басмасы уюшулган. Анда кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары, элдик оозеки адабияттын үлгүлөрү, чыгармачыл жаштардын туңгуч жыйнактары, альманахтар басылып турган. Бул басмалар кыргыз басма ишин өнүктүрүүгө зор салым кошушкан. Рынок экономикасына өтүү менен полиграфия өнөр жайынын түзүмүнүн өзгөрүшү басмалар менен басмаканалар уюмдашып, акционердик коомдордун, ошондой эле жеке менчик басма жана басмаканалардын пайда болушун шарттады.«Кыргызполиграфкомбинат» АК китеп чыгарса, «Учкун», «Эркин тоо» сыяктуу АКтар гезит-журналдар менен катар китеп чыгаруу ишин да колго алышты. Учурда өз алдынча китеп, гезит-журнал, нота жана жарнама басылмаларын, буклет, плакат, конверт, календарь ж. б. басма продукцияларын чыгаруучу, өндүрүштүк кубаттуулугу чектелген жогорку технологиядагы полиграфиялык чакан ишканалар иштеп жатат. Д. Андашев.

Кыргыз CCP

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы/ орусча- Киргизская Советская Социалистическая РеспубликаКыргызстандын 1936-жылдын декабрынан 1990-жылдын ноябрына чейинки расмий аталышы.

Борбору - Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары болгон.

1990-жылы ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын расмий аиталышынан "Советтик" жана "Социалисттик" деген сөздөрдү алып салган. Жумурият тек гана "Кыргызстан Республикасы" деп аталып калган.

1990-жылы 14-декабрда Кыргызстан Республикасынын эгемендиги тууралуу декларация кабыл алынган.

Ал эми 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик көз каранды эместиги тууралуу декларация кабыл алынган.

Иш жүзүндө 1991-жылдын декабрында гана Советтер Биримдиги (СССР) биротоло ыдырап, дүйнө өлкөлөрү Кыргызстандын эгемендигин 1991-жылдын декабрынын соңунан тартып тааный башташкан.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни.

Бишкек

Ош

Ысык-Көл

Пржевалск

Жалал-Абад

Токмок

Баткен

Балыкчы

Аксы

Баласагун

Каракол

Кыргыз Республикасынын премьер-министрлери

Бул макалада Кыргызстан премьер-министрлеринин тизмеси көргөзүлгөн.

Маслова Дина

Дина Маслова (23.09.1984-ж. т.) — кыргызстандык журналист. «Вечерний Бишкек» газетасынын кызматчысы, Мухтар Борбугуловдун небереси. Тармагы: Маркетинг/Реклама/PR/Event

Советтик Социалисттик Республикалaр Союзу

Кеңештик Социалисттик Республикалар Биримдиги, ошондой эле КСРБ жана Кеңештер Бирмдиги мана КСР Биримдиги (орус. Союз Советских Социалистических Республик / СССР / Советский Союз / Союз ССР) — 1922-жылдан тартып 1991-жылга чейин Чыгыш Европа, Түндүк, Борбордук жана Чыгыш Азиянын кээ бир бөлүктөрүндө жайгашып, жашап келген мамлекет.КСРБ кургактыктын 1/6 бөлүгүнө жакын чоңдукту ээлеп, кулоо учурунда аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет болгон. КСРБ 1917-жылга карата Орусжер империясы (Финжер, Польша Падышалыгынын айрым бөлүктөрүсүз жана кээ бир башка аймактарсыз) ээлеп турган жеринде түзүлгөн.

КСРБтин 1977-жылкы Конститутциясына ылайык КСРБ көп улуттуу,социалисттикбиримдиктик мамлекет катары жарыяланган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин КСРБ Ооганжер, Мажаржер, Иран, Кытай, КЭДР (1948-жылдын 9 Айак оона тарта), Монголжер, Норвегжер, Польша, Румынжер, Түркжер, Финжер, Чехословакжер менен кургактыкта жана АКШ, Шведжер жана Жапонижер менен сууда чек-арасы болгон.

КСРБ 1922-жылы Бештин айы 30 Орусжер Кеңештик Социалисттик Федеративдик Республикасын, Украина Кеңештик Социалисттик Республикасын, Белорусь Кеңештик Социалисттик Республикасын жана Аркыкавказ Кеңештик Социалисттик Федеративдик Республикасын, борбору Москва шаарында жайгашкан, аткаруучулук жана соттук бийликтери менен, мыйзам чыгаруучу жана укуктук системалары менен бирбийликтүү бирдиктүү мамлекетке бириктирүү аркылуу түзүлгөн.

Республика Конститутция боюнча суверенитеттүү мамлекет болгон биримдик республикалардан (ар башка жылдары 4-16 республикадан) турган. Ар бир биримдик республикада Биримдиктен эркин чыгуу укугу болгон. Биримдик республикалар чет-өлкөлүк мамлекеттер менен мамиле куруу,алар менен келишимдерди түзүү, дипломат жана консульдуктар менен алмашуу, эл-аралык уюмдардын иштерине катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушчу. БУУнун 50 түзүүчү-мамлекеттеринин катарында ССРСтен тышкары анын эки союздук республикалары Украина КСРи жана Белорус КСРи болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин КСРБ, АКШ сымал улуу мамлекеттерден болгон. Советтер Союзу дүйнөлүк социализм ситемасынын үстүндө үстөмдүк кылып турган. Ошондой эле КСРБ БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон.

КСРБтин кулашы эки бийликтин, борбордук союздук бийликтин жана жер-жерлерде жаңы шайланып алынган бийликтин өкүлдөрүнүн ортосундагы (Жогорку Кеңештегилер, союздук республикалардын президенттери) тирешүүсү менен мүнөздөлөт. 1989-1990-жылдары Суверенитеттер парады башталган. 1991-жылы 17 мартта КСРБтин 15-республикасынын ичинен тогузунда, шайлоочулардын 2/3ү жаңыланган союзду сактап калууга добуш берген КСРБти сактап калуу тууралуу Бүткүлсоюздук референдум өткөрүлөт. Бирок союздук бийликтегилер ахыбалды туруктуулукка алып келе алышпай калат. Өзгөчө Абалдар боюнча Мамлекеттик Комитеттин (ӨАМК) ишке ашпай калган төңкөрүшүнөн кийин прибалтикалык республикалардын көзкарандысыздыгын расмий тааный баштады. Калкынын көпчүлүгү Украинанын көзкарандысыз мамлекет болушуна добуш берген Бүткүл Украина референдумунан кийин КСРБти мамлекет катары сактап калууга мүмкүнчүлүк калбай калат. Бул жөнүндө 1991-жылы 8-декабрьда үч союздуу республикалардын өкмөт башчылары: ОКСФРден (Орусия Федерациясы) Ельцин, Борис Николаевич, УКСРден (Украина) Кравчук, Леонид Макарович жана БКСРден (Белорусжер) Шушкевич, Станислав Станиславович Көзкарандысыз Мамлекеттеринин Шериктештигин түзүү тууралуу келишимге кол коюулуп жатканда айтылган. Расмий түрдө КСРБ 1991-жылы 26 Бештин айында өзүнүн жашоосун токтотот. 1991-жылдын аягында Орусжер Федерациясы КСРБиримдигин эл аралык-укуктук карым катнаштарда түздөн-түз улантуучу-мамлекет катары таанылып, жана БУУ Коопсуздук Кеңешинде КСРБтин ордун ээлеген.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.