Кыр

Кыр - тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү; тоонун эки капталын бириктирип, узатасынан созулуп жаткан жону.

Кыр ийри-буйру келип, чокулардан, белдерден турат. Адатта кыр суу бөлгүч болот. Топоним катары геогр. аттарды пайда кылууга да катышат, мис., Кыржол ашуусу, Кыржол кыштагы, Бозкыр кырка тоосу, Кыртабылгы кени ж. б. Кырдын синоними катары жон, жал, кыраң түшүнүктөрү да колдонулат.

Starorobociański Wierch a3
Кыр.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2
Альпы

Альп тоолору - (кельт тилинде alp - бийик тоо) - Европадагы эң бийик тоо системасы. Франция, Италия, Швейцария, Германия, Австрия, Югославия, Лихтенштейн мамлекеттеринин аймагында. Жер ортолук деңизден Орто Дунай түздүгүнө чейин түндүк-батышка ийилген дого сымал созулган кырка тоо менен тоо массивдеринин татаал системасы. Узундугу 1200 кмдей (догонун ички чети боюнча 750 кмдей). Туурасы 260 кмге чейин. Боден жана Комо көлдөрүнүн аралыгында Альп тоолорун кесип өткөн өрөөн аркылуу кыйла бийигирээк Батыш Альп тоолоруна (мында тоонун эң бийик жери 4807 мге чейин жетет, Монблан чокусу) жана жапызыраак, жазы келген Чыгыш Альп тоолоруна (4049 мге чейин, Бернина чокусу) бөлүнөт. Бүктөлүү структурасы негизинен альп тектоникалык кыймылынан пайда болгон. Альп тоолорунун кыр зонасы кристаллданган (гнейс, слюдалуу сланец), метаморфизмделген (кварц-филлиттүү сланец) байыркы тоотектерден турат, мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары жана азыркы мөңгүлөр (жалпы аянты 4 миң гсм2ден ашык 1200дөй мөңгү бар) мүнөздүү. Мөңгү менен түбөлүк кардын этеги 2500-3200 мге чейин түшөт. Капталдарындагы туурасынан жана узатасынан созулуп жаткан көптөгөн өрөөндөрдүн төрлөрүндө өтүүгө ыңгайлуу ашуулар бар, алар аркылуу автомобиль жана темир жолдору өтөт. Кыр зонасынан түндүк-батыш жана түштүктү карай мезозойдук акиташ тектүү жана доломитүү тоолор, андан кийинчерээк пайда болгон флиш жана молас формацияларынан турган орто бийик жана жапыз тоолуу Альп өндүрү созулуп жатат. Альп тоолору - Европанын климатын айырмалап туруучу негизги тоскоол. Андан түндүк жана батыш тарапка мелүүн климаттуу аймак, түштүк тарапка субтропиктик жер ортолук деңиз климаттуу ландшафт мүнөздүү. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү батыш жана түндүк-батыш айдарым капталдарында 1500-2000 мм, айрым жерлеринде 4000 ммге чейин. Альп тоолорунан Рейн, Рона, По, Адиже дарыясы, Дунайдын оң куймалары башталат. Мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон көлдөр (Боден, Женева, Комо, Лаго-Мажоре ж. б.) көп. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. 800 м бийиктикке чейинки аймактын климаты мелүүн, жылуу, түштүк капталдарыныкы-жер ортолук деңиздик; жемиш бактары, айдоо аянттары көп, жерортолук деңиз бадалдары жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 800-1800 м бийиктикте климаты мелүүн жана нымдуу; эмен, бук ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой жогорулаган сайын ийнежалбырактуу токой менен алмашат. Мында мал жайытта багылат; төмөн жагында дыйканчылык өнүккөн. 2200-2300 м бийиктикке чейин суук субальп климаты өкүм сүрөт; кар көпкө жатат. Бадал жана өскүлөң шалбаа басымдуу, жайкы жайыт. Андан жогору түбөлүк кар чегине чейин климаты катаалдап, кыска чөптүү альп шалбаасы өсөт, жылдын көп мезгилинде кар жатат. Кыр зонасын кар, мөңгүлүү нивалдык алкак ээлейт; тоо капталдары корум таштуу. Альп тоолору - Европанын рекреациялык ресурстарга бай региону; анда эл аралык альпинизм, туризм жана тоо лыжа спорту өнүккөн.

Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар:

Фрежюс

Кичи Сен-Бернар

Америка Кошмо Штаттары

Америка Кошмо Штаттары, АКШ (англ. United States of America, USA) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Канада, түштүк-чыгышынан Куба (Гуантанамо аскер базасы), түштүк-батышынан Мексика менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан, түштүгүн Мексика булуңу чулгайт. Аянты 9,4 млн км2. Калкы 314,5 млн (2012). Борбору - Вашингтон. Мамлекеттик тили - англис тили. Акча бирдиги - АКШ доллары. Администрациялык аймактары - штат укугун алган өзүнчө Аляска, Гавайи штаттарынан жана Колумбия федерация (борбордук) округунан турат . АКШнын ээликтери: Вест-Индиядагы Виргиния аралы., Чыгыш Самоа, Гуам жана Океаниядагы бир топ майда аралдар. АКШнын убактылуу «опекасында» Тынч океандагы Каролина, Мариана жана Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери ушунун таандык Панама каналынын зонасы АКШнын ижарасында.

Андижан облусу

Анжиян облусу (өзб. Andijon viloyati) — Өзбекстандын эң чыгыштагы облусу болуп саналат Административдик борбору — Анжиян шаары. Облустун батышы кыр-адырлардан турат, чыгышы тоо кыркаларына туташкан. Күчтүү жер титиреелер болуп турат.

Облустун эгин аянттарынын саны менен курамы көз карандысыздыктан кийин өзгөрдү. Дың жерлер жокко эсе. Пахтанын дүң түшүмү түшүмдүүлүк эсебинен гана жогорулатылат. Жашылча, картөшкө жана бакча эгиндери негизинен шаарлардын айланасында өстүрүлөт. Облуста дан эгиндери аянттарынын үлүшү да аз. Айьл чарбасында багдарчылык салмактуу орун ээлейт. Бактар жана жүзүмзарлар адырлардын эсебинен гана кеңейүүдө. Адистештирилген багдарчылык чарбалары бар.

Мал чарбасында кой менен эчкилердин үлүшү чоң. Бодо мал негизинен эт жана сүт үчүн асыралат. Жибекчилик облустун чарбасында чоң мааниге ээ.

Облуста өнөр жай да жогору деңгээлде өнүккөн. 160-тан ашуун өнөр жай ишканалары бар. Ишканалардын арасынан Анжиян автомобиль отургучтары заводу, ирригациялык машина куруу заводу жана «Семург» трикотаждык акционердик бирикмеси ири ишканалар эсептелет. Алар негизинен Анжиян өнөр жай түйүнүндө жайлашкан, облус электр энергиясын экономикалык географиялык райондун бириккен энергетика системасынан алат. Кемпир-Абад суу сактагычында кубаттуулугу 100 миң киловаттуу ГЭС курулган.

Анжиян — алгачкы мунайзат алынган борборлордон бири. Мунайзат ноо аркъшуу Ферганадагы мунайзатты кайра иштөө заводуна жиберилет. Кожоабад газы Анжиян менен Асакеге жеткирип берилет.

Германия

Германия - (немисче Deutschland), Германия Федеративдик Республикасы (ГФР)— Борбордук Европадагы өлкөлөрдүн бири (немисче Bundesrepublik Deutschland). Түндүгүнөн Дания, түндүк-батышынан Нидерланд, батышынан Бельгия, Люксембург, Франция, түштүгүнөн Швейцария, түштүк-чыгышынан Австрия, чыгышынан Чехия, Польша менен чектешип, түндүгүнөн Түндүк жана Балтика деңиздери курчап турат. Аянты 357 021 миң км2. Калкы 80 219 695 млн. (2011). Мамлекеттик тили немис тили. Борбору - Берлин шаары. Административдик-аймактык жактан 16 жерди (административдик-аймактык бирдик) камтыган федерация (табл.).

Дружба, Ысык-Ата району

Дружба (мурдагы Красный Восток) — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек-Балыкчы автомобиль жолунун жана Чоң Чүй каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 764 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 10 км аралыкта. Калкы 2560 (2006); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Мончо, ашкана жана башкалар бар.

Жер-Казар, Ысык-Ата району

Жер-Казар (кырг. Жер-Казар) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Ысык-Ата районундагы айыл. Узун-Кыр айыл округу составына кирет.

Израиль

Израиль, Израиль Мамлекети (Мединат Исраэль) — Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет менен чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948-49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи еврейлер, 160 миңи арабдар. Расмий тили иврит (байыркы еврей) жана араб тилдери. Акча бирдиги шекель. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.

Округдары жана райондору (2006):

Сириянын Израил оккупациялап алган аймагы Израиль БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Кавказ

Кавказ – Кара, Азов жана Каспий деңиздеринин аралыгында жайгашкан табигый аймак. Орусия‎, Грузия, Армения жана Азербайжандын чегинде. Түндүктө Кума-Маныч ойдуңунан түштүктө Армениянын Түркия жана Иран менен чек арасына чейин созулат (түштүк табигый чек арасы шарттуу алынган). Түндүк Кавказды, Кавказ өңдүрүн, Чоң Кавказ тоо тармагын жана Закавказъени өзүнө камтыйт. Аянты 440,440 миң км2ден ашык. Тоолуу рельеф басымдуу. Борбордук абалды ээлеген Чоң Кавказ тоо тармагы Россиянын гана эмес, жалпы Европанын да эң бийик жери; анын кыр бөлүгүн Башкы же Суу бөлгүч жана Каптал кырка тоолору түзөт. Анын бийик чокулары: Эльбрус (5642 м), Дыхсу (5203 м), Шхара(5068 м), Казбек (5033 м). Чоң Кавказдын кырка тоолору альп тибиндеги рельефи менен өзгөчөлөнүп турат; көбү куэста тибинде, карст процесстери өрчүгөн (Воронцов, Жаңы Афон үңкүрлөрү, Сатаплиа ж. б.). Чоң Кавказдын түндүк капталынан Кума-Маныч ойдуңуна чейин Кавказ өндуру ээлейт; андагы Ставрополь дөңсөөсү Кубань-Азов бою жана Терек-Кума ойдуңдарынан бөлүп турат. Чоң Кавказ түштүгүндөгү Колхида (батышында) жана Кура-Аракс (чыгышында) аккумуляциялык ойдуңдары аркылуу Закавказье тайпак тоолорунан бөлүнөт. Закавказье бүктөлүүдөн пайда болгон Кичи Кавказ кырка тоосунан (Гямыш чокусу, бийиктиги 3724 м) жана жанартоодон пайда болгон Армян тайпак тоосунан (5165 м, Чоң Арарат чокусу) турат. Түштүк-чыгышында бүктөлүүдөн жаралган Талыш тоосу (2477 м) жана Ленкоран ойдуңу жайгашкан. Кавказ Жер ортолук деңиз кырчоосундагы альп бүктөлүү аймагына кирген эпигеосинклиналь, бир аз бөлүгү эпиплатформа абалындагы тоолор. Орто бөлүгү өчкөн жанартоо конустары бар Кавказ мегантиклинориясына туура келет. Кен байлыктарга бай: мунай (Баку, Грозный, Майкоп), газ (Краснодар, Ставрополь крайлары), темир (Дашкесан), таш көмүр, марганец, жез, молибден (Тырныауз), коргошун жана цинк кен таштары (Садон), минералдуу булактар.

Кавказ мелүүн жана субтропиктик климат алкактарынын чет жакаларында жайгашкан. Түндүк Кавказ мелүүн, Закавказье субтропиктик алкактарга кирет. Январдын орточо температурасы Кавказ өндүрүндө -2°Сден -5°Сге чейин, Закавказьеде 16°С. Жайында Кавказдын батышы менен чыгышынын температуралык айырмасы көбүрөөк байкалат. Июлдун орточо температурасы батышында 23-24°С, чыгышында 25-29°С. Тоолордо 2000 м бийикте январдын орточо температурасы -8°С, августтуку (эң жылуу ай) 13°С. Бийиктеген сайын бийик тоонун суук климаты кыр зонасында ниваль климаты менен алмашат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөргө 200 ммден (Кура-Аракс ойдуңу) 1800 ммге чейин (Колхида ойдуңу), тоолордо 2600 мм, айдарым батыш жана түштүк-батыш капталдарында 4000 ммге чейин жетет. Жалпы аянты 1428 км2ге жеткен 2000дей мөңгү бар; ирилери: Дыхсу, Безенги, Караугом, Цаннер ж. б. Дарыялары Каспий (Кура Аракс менен, Сулак, Терек, Кума), Кара (Риони, Ингури) жана Азов (Кубань) деңиздеринин алаптарына кирет. Эң ири көлү Севан.

Ландшафты бийиктик алкактуулукка жараша ар түрдүү. Чоң Кавказдын түштүк, Кичи Кавказдын жана Талыш тоосунун түндүк капталдарында жазы жана ийне жалбырактуу токойлордон турган субтропиктик токой ландшафты басымдуу. Чоң жана Кичи Кавказдын, ошондой эле Армян тайпак тоосунун бийик бөлүктөрүн жапыз өскөн альп шалбаасы, өтө континенттүү аймактарын шалбаалуу талаа ээлейт. Бийик кырларына гляциалдыкнивалдык ландшафт мүнөздүү. Кавказ өндүрүндө талаа, Закавказьеде жарым чөл ландшафттары басымдуу.

Кавказдын ландшафты, айрыкча түздүктөрүндөгү жана тоо этектериндеги талаа жана субтропик алкактары адамдардын аракетинен кыйла өзгөрүп кеткен. Айрыкча Чыгыш Кавказдын, Закавказье ойдуңдарынын, Жавахети Армян тайпак тоосунун чуңкурчактарынын ландшафты өтө өзгөрүүгө дуушарланган. Кавказ өндүрүндө (аймагынын 60%тен ашыгы) жана Кура-Аракс ойдуңунда (75%) агроландшафт басымдуулук кылат. Эрозия, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, кыртышты шор басуу, суу каптоо ж. б. процесстер күчөөдө. Колхида ойдуңунун 40%ке жакын аянты кургатылган, токоюнун50%тен ашык аянты кыйылып, анын ордуна субтропиктик мөмө-жемиш өсүмдүктөрү отургузулган. Саз кургатуучу каналдардын узундугу 2100 кмден ашат. Кавказдын ландшафтын коргоо максатында коруктар уюшулган, алардын эң белгилүүлөрү: Кавказ, Теберда, Кабарда-Балкар, Түндүк Осетин (Россия); Ажамети, Рица, Вашловани, Лагодехи (Грузия); Гиркан (Азербайжан); Хосров, Эренбуни (Армения) ж. б. Улуттук парктары: Сочи (Россия), Севан (Армения) ж. б. Заказниктер, табият эстеликтери да көп. «Батыш Кавказ» (Россияда; Кавказ коругунун бир бөлүгүн, Чоң Тхач табият паркын, 3 табият эстелигин камтыйт) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Кавказ курорттуу ири аймактардын бири; мында Кавказ Минералдуу суулары, ошондой эле Кара деңиздин жээгинде Анападан Батумиге чейин курорттор жайгашкан. Туризм менен альпинизмдин борбору.

Кавказда Азербайжан, Армения, Грузия, Краснодаркрайы, Ставрополъ крайы, Дагстан, Ингушстан, Кабарда-Балкария, Түндүк Осетия, Чеченстан жайгашкан.

Калмак өрүм

Жөнөкөй өрүмдүн эң эски ыкмаларынын бири. Ага он эки көктүн үстү-астына бирден тал «аркак» болуп түшүп отурат да, бир кыр чыгат. Мында «куюшкандын кошундусуна» чеберлер жыйырма төрт тал тилет. Анын кандай жупталып кеткени жиксиз болот. Өрүмдө тал кайышты тоголок кылыш керек. Андыктан сууга салып, «сыдыргыдан» өткөрүлөт.

Калмак өрүштүн экинчи түрүндө аны эки талдан алты кыр чыгарып өрүүгө болот. Ат жабдыктарына кайышты бир метр 30 см. кылып тилсек, өргөндө токсон см.ге кыскарат да, ал орточо токулгага чак келет. «Калмак өрүмдөн» «калмак байлоо» деген келип чыгат.

Чебер тилинген көктү жумурулап, тоголок эшип алат. Аны өткөрүштүрүп байлап отурат. Мындай караганда «чаян түйүштөй» буга «түйүм өрүм» окшошот. Ал — «өткөрүп түйүп» өрүү. Мунун көгү эки бүктөлүп, бири-бирине каршы өткөрүлүп түйүлөт. Булардан «калмак байлоо» түйүмү татаал келет. Буга, үндөш «жарым өрүмгө» тогуз тал кайыш тилинет да, буюмга карата ал жазы да, ичке да болушу тийиш.

Ат жабдыктарынын жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл, чаболоң өңдүү бөлүктөрүн жалпысынан «калмак өрүм» деп да атайт. Анткени, өрүмдөр жазы болот да, бир бүтүмдү түзөт. Бирок, калмак өрүмдүн камчы өрүмгө таандык түрү да бар. Өрүмчү кайыштан сегиз тал тилет да, өрүмү төрт кыр болуп түшөт. Аны айрым жерлерде «казак өрүм» деп аташат. Чынында мындай көркөмдүктү нарындыктар, ат-башылыктар «суйсал» дейт. Өрүмү даана көрүнүп, урунууга бышык болот. Андан сегиз тал төрттөн экиге бөлүнөт да, өрүмү оңдон-солго эки четинен башталат. Эки тал каттай түшүп, бир талы кайра үстүнө чыгат. Өрүмчүлөр «суйсалды» көбүнчө өзү ийлешкен ак кайыштан өрүшкөн. Ал кезек-кезек өтүшүп, камчы өрүмдү да элестетет.

Кара-Кыр тоосу

Кара-Кыр тоосу – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Терек жана Алайкуу сууларынын (Тардын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытта 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 3900–4100 м, эң бийик жери 4634 м (Кашка-Суу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колот көп. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапызыраак батышы бордун кызыл түстүү кумдук, алевролит, чопо жана акиташ тектеринен турат. Субальп жана альп шалбаалуу талаа (2900–3100 мге чейин) басымдуу. Жайыт.

Крокодилдер

Крокодилдер (лат. Crocodylia) – сууда жашоочу сойлоочулар түркүмү. Денеси кескелдирик сымал, узундугу 2–7 мге чейин, башы жалпагай, узун тумшуктуу. Көзү жана таноосу башынын үстүндө. Таноосу жана кулак тешиктери жапкак менен жабылган. Ооз көңдөйүндө экинчи таңдай өөрчүгөн. Куйругу узун жана бийик. Буттары кыска, күчтүү, сүзгүч жаргактары бар. Териси калың, мүйүз калкандар менен капталган, астында сөөк пластинкалар (остеодермалар) жайгашкан. Башка сойлоочулардан айырмаланып, Крокодилдердин жүрөгү төрт камералуу. Өпкөсү чоң, татаал түзүлүштө, табарсыгы жок. Клоакасы дайыма узунунан кеткен жылчык түрүндө, эркегинде жуп эмес жыныс мүчөсү болот. Крокодилдердин 3 тукуму бар: аллигаторлор, гавиалдар жана кадимки крокодилдер.

Кадимки Крокодилдердин 3 уруусу, 15 түрү, анын ичинде узундугу 7 мге жеткен нил крокодили белгилүү. Суунун көлгө жана деңизге куйган жеринде, Түштүк-Чыгыш Азиянын деңиз жээктеринде, Малайя архипелагынын аралдарында, ошондой эле Түндүк Австралия жана Жаңы Гвинеяда узундугу 6 мге жеткен кыр жондуу крокодил кездешет. Крокодилдер тропик жана субтропиктин тузсуз көлмөлөрүндө таралган, кээ бири деңизге алыс сүзүп барат. Көбүнчө сууда болуп, түнкүсүн активдүү. Негизинен балыктар, суу омурткасыздары, ошондой эле куштар жана сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Нил жана кыр жондуу Крокодилдер адам үчүн коркунучтуу. Крокодилдердин ургаачылары тайыз жердеги кумга же саздагы чириндилер арасына 20— 100 катуу акиташ кабыктуу жумуртка тууйт. Көп түрү тукумуна кам көрөт. Крокодилдердин эти желет, териси үчүн (өзгөчө аллигаторлор) кармалып, саны кескин азайып, көп түрү жок болуп кетүү алдында турат. Кадимки Крокодилдердин 15 түрү Табиятты Коргоонун эл аралык союзунун (ТКЭС) Кызыл китебинде катталган. Бир катар өлкөлөрдө (АКШ, Япония, Куба ж. б.) Крокодилдер питомниктери бар.

Куш

Канаттуулар, Куштар (лат. Aves, L. 1758) — классы жылуу кандуу жумурткалоочу омурткалуу жаныбарлар.

Кыр-Жол, Сузак

Кыр-Жол (орус. Кыр-Жол) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Сузак районундагы айыл. Сузак айыл округу составына кирет.

Кыр-Жол, Сузак району

Кыр-Жол (орус. Кыр-Жол) — Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Сузак районундагы айыл. Сузак айыл округу составына кирет.

Мөңгү

Мөңгү, муздук – жер бетиндеги табигый кар-муз катмары; ага жылмышуу кыймылы мүнөздүү. Уюлдук аймактарда жана бийик тоолордо кардын толук эрибей топтоло беришинен пайда болот. Кар чегинен (жыл бою эрибеген кардын төмөнкү чеги) жогору жаткан бөлүгү куралуу, төмөн жаткан бөлүгү абляцияcы (мөңгү же кар катмарынын көлөмү эрүүдөн, буулануудан же механикалыкажыроодон кичирейиши) деп аталат. Мөңгүлөрдө Жердеги тузсуз суунун басымдуу массасы (70%) топтолуп, 16,4 млн км2 аянтты же кургактыктын 10,9%ин каптап жатат; жалпы көлөмү 30 млн км3ге жакын (к. таблица). Мөңгүнүн үн жылышуу ылдамдыгы тоо мөңгүлөрүндө жылына ондогон мге, шельф мөңгүлөрүндө 1,9 кмге жетет. Мөңгүлөр негизинен эки типке бөлүнөт: тоо мөңгүлөрү жана каптама муздуктар. Тоо мөңгүлөрү негизинен тоолордун кыр бөлүгүнө жакын пайда болуп, рельефтин оёң формаларын ээлеп, төр, асылма, өрөөн жана башка мөңгүлөргө бөлүнөт. Алардын кыймылы оордук күчтүн таасиринен каптал ылдый жылышынан пайда болот. Дүйнөдөгү эң ири тоо мөңгүлөрүнө – Аляскадагы Хаббард (узундугу 145 км), Памирдеги Федченко (71,1 км), Кыргызстандагы Түштүк Эңилчек мөңгүсү (58,9 км) кирет. Каптама муздук же материктик муздуктар млндогон км2 аянтты ээлеп, жалпы эле тоо рельефин да жаап калышы мүмкүн, үстүнкү бети дөмпөйгөн формада болуп, чет-жакасын карай жылышып, калкыма шельф мөңгүлөрүнө өтөт. Каптама муздуктардын ири массивдери – Антарктидада, Гренландияда, Арктиканын аралдарында таралган.

Ош облусу

Ош облусу – Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Респ-нын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Жалалабат облусунун Сузак р-ну, түн.-батышынан Өзбекстан, батышынан Баткен облусу, түштүгүнөн Тажикстан, түн.-чыгышынан жана чыгышынан Нарын облусу, Кытай менен чектешет. Ош облусу 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган.1959-ж. 27-январда Жалалабат облусу менен биригип, 1990-ж. 14-декабрда кайра эки облуска – Ош жана Жалалабат облустарына ажыраган. 1999-ж. Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн. Облус 7 районго (Алай, Араван, Каракулжа, Карасуу, Ноокат, Өзгөн, Чоң Алай), 3 шаарга (а. и. Ош шаары облуска, Карасуу, Өзгөн районго баш ийет), 2 шаарчага (Найман, Сарыташ), 82 айыл өкмөтүнө, 469 айылга бөлүнөт. Аянты 29,2 миң км2. Калкы 1247,3 миң (2003).

Борбору – Ош шаары.

Солто, уруу

Солто – кыргыздын оң канат уруулар тобуна кирген ири уруулардын бири. Кыргыз санжырасында солто уруусу Ак уулдун бир баласы Тагай бийден тарайт. Тагай бийдин байбичесинен Богорстон, Койлон, Кылжыр деген уулдар, башка аялдарынан дагы бир нече балдары болгон. Богорстондон Эштек, андан Солто туулат. Бирок, көпчүлүк учурда Эштек айтылбай, «Богорстондон болгон Солто» деген кеп айтылып калган. Солто уруусу илимий изилдөөлөрдө кыргыз этносунун өзөктүк компоненттеринин бирин түзгөн уруулардын катарына кирет. Анын түпкү теги, келип чыгышы (генезиси) жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып, изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Солто уруусунун башатын орто кылымда кыргыздар мекендеген Түштүк Сибирь аймагы менен байланыштырат жана аны кыргыз этносунун компонентиндеги байыркы катмардагы уруулар тобуна киргизишет.

Ички түзүлүшү боюнча бир катар татаал уруктук бөлүктөн туруп, негизги өзөгүн Солтонун өз балдары деп эсептелген Күнтуу, Култуу жана Чаанын тукумдары түзөт.

Күнтуу балдары Токбай, Карамерген, Төрө, Кулболду, Жолболду, Байгана, Чоңмурун деген «Жети ата Күнтуу».

Култуу балдары «чылпак» деп аталып, XX кылымдын башында Куру-Күнгөйдө өзүнчө бир болуш эл болгон.

Чаа бийдин тукуму анын Талкан, Бөлөкбай (Каракчы) жана Тата деген уулдарынан тарайт. Мурунку заманда Солто уруусун Бөлөкбай, Талкандан чыккан манаптар бийлеген. Талкандын балдары Коңурбай, Кошой, Багышан, Баакы, Байболот, Делдең, Алаң деген жети атага бөлүнөт. Байболот, Делдең, Алаң «кепер» деп аталат. Октябрь революциясына чейин Бөлөкбай тукуму баардыгы 4 болуш (Жерказар, Жетикашка, Чылпак, Тата, Узун-Кыр болуштугу) эл болгон. Чаанын карыганда алган аялынан Тата болуп, ал дагы Бөлөкбай менен бир жүргөн. Бүтөш бир болуш эл болуп, Ысык-Ата, Кегетиде турган. Байсейиттен Кутумбет, Эсиркемиш, Аксакбөрү, Жору, Үкү беш уул. Кутумбеттен Адуучу, андан Корчу баатыр, андан Сулайман манап. Эсиркемиштен Кебек, андан Мурат, андан Тайлак, андан Айдабосун, андан Камбала. Аксакбөрүдөн Абайылда, андан Маамыт. Бүтөштүн беш уулун көчкү алып кетип, Жакып деген бир уулу калат. Бүтөштүн Жакыбы жалгыз калганда, Бүтөшкө байбичеси кайра Кагаз деген зайып алып берип, андан Түлөкабыл, Жагыш, Тубар, Төлөн, Багыш 5 уул туулган. Түлөөкабылдан Чыңгыш баатыр, Чоткара, Балтабай, Үркүнбай, Аралбай, Баястан, Айта (жети баатыр, жети кашка). Чоткарадан Жаманкара. Калмак, Күрпүк дагы ушуларга таандык. Күрпүк жолборс жыга чапкан баатыр болгон. Бир аялдан жалгыз калган Жакып 2 аял алып, андан Сарман, Таңсык деген балдар. Таңсыктан Сарыбагыш манап менен Түгөл. Түгөлдөн Бай, андан Кубат.

Талкандан Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Байболот, Делдең. Кошойдон Баймырза, Мамбет, Жамансарт, Момокон. Жамансарттан Эсенаман, Түлөберди, Бөрүбай. Түлөбердиден Эшкожо, Канай, Карбоз, Чыны. Момокондун тукуму бир болушча эл болуп, Чоңайылчы, Балаайылчы деген манаптар чыккан. Момокондон Алымбек, андан Таштамбек. Андан Чоңайылчы, андан Акмат. Момокондун дагы бир уулу Татыбек, андан Балаайылчы, андан Маамыт. Түлөберди дагы эң даңктуу чоң манап болуп, тукумунан мыктылар көп чыккан. Эшкожодон Жангарач. Канайдын улуу аялынан Бошкой, Байсейит. Кичи аялынан Бүтөш, Тилеш, Байаке, Байтик. Күмүш деген аялынан Байгазы, Сатылган, Муңайтпас.

Бошкойдон Өзүбек, Курама, Акылбек, Сырдыбай, Кененсары, Эстемес, Жанчар.

Байсейиттен Медербек, Шекербек, Ибрагим.

Бүтөштөн Байсаба, Качкынбай, Намазаалы. Байсабадан Ныйазаалы андан Үмөтаалы андан Асан андан Мелис андан Адилет.

Карбоздон Кененсары, андан Жантай манап.

Чыныдан Тынаалы. Булардан тышкары Чаанын багып алган асыранды баласынан «жоочалыш» уругу ж. б. кичине букара уруктар кирип калган. Алар башка этностордон биригип, Солто уруулук курамын калыптандырган. Бирок алардын саны жетиден ашык экенине карабай («беш көөрүк», «мааке», «көгөй», «төлөк», «жоочалыш», «шалта», «ак буура» же «кара сакал», «сөөк мурун», «кайдоол», «накай» ж. б.), Солтонун ичиндеги «жети кул» деп атап коюшкан.

Козор уругу сан жагынан өтө аз болгондугуна карабастан, солтонун ичиндеги өзгөчө бөлүкчө катары эсептелинип, санжыра боюнча ал Солтонун бир тууганы деп эсептелет. Бөлөкбайдын ичиндеги «төкөлдөш» уругу Бүтөштүн бакма баласынан тарагандыгы айтылат. «Чала казак» уругу уйгур, өзбек, казак элдеринин айрым бир майда топторунун аралашуусунан пайда болуп, Солто уруусунун ичинде туруп калган.

Аталган уруктардан тышкары аларга аралашып кеткен «багыш» уруусунун кичине бөлүгү бар. Алар падышалык Россиянын мезгилинде «багыш» деп аталып, өз алдынча болуштук түзгөн. Бирок кийинки мезгилде алар «суу мурун» деген ылакап ат менен айтылып, Солто уруусунун бир бөлүгү катары эсептелинет.

Кыргыз-калмак (ойрот) согуштарынан кийин кайрадан кыргыздардын Чүйгө келиши менен Солто уруусу Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүнөн анын батыш тарабы, б. а. Ысык-Ата суусунан Куланга (Мерке, Луговой) чейинки аймакты ээлеген. Жайлоосу Кыргыз Ала-Тоосунун күңгөйү жана Суусамыр жайлоосунун түндүк бөлүгү болгон. Азыркы учурда Чүй облусунун Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Ак-Суу, Жайыл жана Панфилов райондорунда турушат. Булардын ичинде кыргыздын башка урууларынын («кытай», «адигине», «саруу», «сарыбагыш», «моңолдор», «азык», «жетиген», «жедигер» ж. б.) айрым өкүлдөрү дагы туруп калган жана Солто уруусунун чакан топтору башка уруулардын арасынан (мис., Ак-Талаанын Байгөнчөк айлы, Таластын башы Үч-Кошой ж. б. Казакстандын аймагында) кездешет.

Талас Ала-Тоосу

Талас Ала-Тоосу – Түндүк Теңир-Тоодогу ири кырка тоо. Кыргыз Ала-Тоосунан Корумду суусу аркылуу бөлүнүп, кеңдик багытта батышты карай Каратоого (Чакпак ашуусуна) чейин созулуп жатат. Уз. 260 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3930 м, эң бийик жери – Манас чокусу (4482 м).

Суу бөлгүчү аскалуу, кыр чокулары пирамида сымал. Рельефтин альп, эрозия, эрозия-аккумуляция типтери калыптанган. Капталдары асимметриялык түзүлүштө. Тескей беттери (түн.) жазы, күнгөйү (түш.) тик, кыска. Түн. капталы Күркүрөө, Карабуура, Үрмарал, Бешташ, Калба, Үчкошой ж. б. Суулардын капчыгайлары ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. Ашуулары: Өтмөк (3330 м бийикте), Беш-Таш, Кара-Буура. Түн.-батыш бөлүгүнөн түн., түн.-чыгышты карай Арчалуу (3377 м), Үчбулак (3469 м), Бакайыр чокусу (4451 м), Көккыя (3140 м) тоо тармактары таркалат. Түш.-чыгышта Италбарс (2293 м), Башка-суу (2565 м), Арпатектир (3206 м) ж. б. Тоо тармактары созулуп жатат. Т. А. негизинен кембрийге чейинки мезгилдин метаморфизмделген сланец, акиташ ж-а палеозой заманынын ар түрдүү чөкмө ж-а эффузив тектеринен турат. Түн.-батыш бөлүгүндө гранитоиддер кеңири тараган. Тоо арасындагы ойдуңдарда, суу бойлогон өрөөндөрдү неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери ж-а төртүнчүлүк мезгилдин аллювий, мөңгү чөкмөлөрү жатат.

Тоону Талас-Фергана тектон. жаракасы Карабуура ашуусу аркылуу экиге бөлөт. Түн.-чыгыш бөлүгү Түн. Теңир-Тоонун Каратоо–Талас, батышы Ортоңку Теңир-Тоонун Чаткал–Нарын структуралык-фациялык тилкесинен орун алган. Коргошун, цинк, жез, калай кендери белгилүү. Климаты кургак, мелүүн континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы этегинде –7°...–8°С, июлдуку 20–22°С; жаан-чачыны 200–300 мм. 1300–2500 м бийикте жылдык орт. Темп-ра 6–7°С, жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Ал эми 2500–3200 мде жылдык жаан-чачыны 400–700 мм ж-а гляциалдык-нивалдык алкакта 800 ммге чейин. Т. А-нун түн. капталында жалпы аянты 120,7 км2 болгон 202 мөңгү бар. Ирилери: Манас (6,4 км2), «Вокруг Света» (6,8 км2) ж. б. Т. А-на кадимки боз топурактуу, шыбак эфемердүү жарым чөл (900–1000 м бийикте; дан өсүмдүктөрү эгилип, жемиш бактары өстүрүлөт); ачык коңур топурактуу талаа (1100–1900–2200 м, аккылкан, бетеге, төөкуйрук, карындыз, чий ж. б.), тоолуу кара топурактуу шалбаалуу талаа (2200–2600 м; бетеге, ар түркүн чөп ж. б. кылканактуу), тоолуу каралжын топурактуу субальп шалбаасы (2700–3200 м; казтаман, майда дүңгөлүү кылкандуу өсүмдүктөр, жапалак арча, шимүүр, көбүргөн, байчечекей ж. б.), тоо шалбаа топурактуу альп шалбаалуу талаасы (3200–3800 м; доңуз сырты, өлөң чөп, кымыздык, тулаң, бетеге, сары байчечекей ж. б.) ж-а гляциалдык-нивалдык (3800 мден жогору) ландшафт зоналары мүнөздүү. Үрмарал (2000–2900 м), Бешташ (1950–2900 м) сууларынын алаптарында көк карагай, карагай, арча ж-а сейрек токой өсөт. Жайыт.

Төмөнкү Норус, Ысык-Ата району

Төмөнкү Норус (кырг. Төмөнкү Норус) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Ысык-Ата районундагы айыл. Узун-Кыр айыл округу составына кирет.

Чаткал кырка тоосу

Чаткал кырка тоосу - Түштүк-Батыш Теңир-Тоодо. Талас Алатоосу м-н Атойнок кырка тоосунун бириккен жеринен түш.-батышты карай 225 км аралыкта созулуп жатат.

Туурасы борб. бөлүгүндө 50–60 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4503 м (Авлетим чокусу). Тоо батыштан чыгышты карай бийиктейт. Түн.-батыш капталдары кыска, түш.-чыгышы жазы. Суу бөлгүч кырлары тик аска-зоокалуу, алардан бир нече майда тоолор тарайт. Чапчыма ашуусуна жакын тоо жапыздап, Ангрен м-н Касансайдын суу бөлгүчтөрүндө кыр тилкелери кеңейип, үстү тегиз жондорго айланат. Чыгыш бөлүгү бийик, тик, кырлуу болуп, чокулары арсак-терсек (өзгөчө Терек-Сай, Алабука сууларынан чыгышты карай). Ашуулары: Акташ, Кеңсаз, Чапчыма. Капталдары, айрыкча түш. тарабы өтө тилмеленген. Ч. к. т-нун түш.-батыш бөлүгүндө палеозойдун чополуу сланецтери, алевролит, акиташ, борб. Бөлүгүндө байыркы плагиограниттер, протерозойдун кристаллдуу гнейси, силур, девон ж-а таш көмүр мезгилдеринин кумдук, алевролит, акиташ, жанар тоо тектери кеңири тараган. Тоо этектериндеги адырлар м-н ойдуңчаларда неогендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү топтолгон. Ч. к. т. –ири антиклинорий. Бул структура ар кандай багыттагы тектон. терең жаракалар м-н тилмеленген. Кен байлыктары: коргошун, күмүш, цинк, сурьма ж-а курулуш материалдары.

Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы тоо этектеринде –3... –5° С, кыр бөлүгүндө –10... –15° С, июлдуку 20–22°Сден 0–5°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны адырлар м-н түздүктөрдө 260 мм, тоо капталдарында 600–700 ммге, Авлетимдин баш жагында 950 ммге чейин. Кар калың түшөт (10 смден 1 мге чейин). Кырка тоодо жалпы аянты 5,7 км2 келген 18 майда мөңгү бар. Түн. Капталдарынан Чаткалдын сол куймалары (Терс, Каратерек, Каратоко ж. б.), түш. капталынан Карасуу, Касансай, Пачата, Гавасай ж. б. суулар агып түшөт. Ири көлдөрү: Сарычелек, Каратоко. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Түн.-батыш капталында шыбак-кылканактуу, ачык күрөң топурактуу кургак талаа (1400–2000 м), андан жогору 2800 мге чейин кылканактуу-түркүн чөптүү талаа (аюучач, шашыр да бар) тараган. Топурагы күңүрт күрөң. Талдыбулак, Каратоко өрөөндөрүндө (2600–3100 м) карагай токоюнун массиви бар. Түш.-чыгыш капталында (этек жагында, адырларда) боз топурактуу, шыбак эфемерлүү жарым чөл (700–1200 м), Авлетим тарабында күрөң тоо топурактуу буудайык-кызылоттуу талаага (1200–1500 м) шашыр, аюучач, сарындыз, бадалдардан итмурун, шилби, катын жаңгак, табылгы, чие ж. б. аралашат. Касансай тарабында бозомтук күрөң топу- рактуу, шыбак-аккылкандуу, кээде кызылот басымдуулук кылган талаа мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө 1200–2200 м бийикте кара күрөң топурактуу жаңгак-жемиш токою өсөт. Алабука м-н Карасуунун аралыгында (2500–3000 м) карагай, көк карагай, арча, акчечек токою да кездешет. Тоонун түш. ж-а түн. капталдарына 2500 мден жогору тоо-шалбаалуу же шалбаа-талаалуу, чымдуу топурактарда кылканактуу түркүн чөптүү субальп ж-а альп шалбаалары (шимүүр, казтаман, чыйпылдак, жапалак арча), кылканактуу түркүн чөптүү, шалбаалуу талаа, 3500 мден өйдө гляциалдык-нивалдык ландшафттар (аскалуу кырлар, эшилме шагыл кумдар, майда мөңгүлөр) жатат. Жаныбарларын к. Сарычелек коругу макаласынан. Ч. к. т. негизинен жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланылат. Күнөстүү, кары жука беттеринде кыштоолор бар. Ч. к. т-нун кайталангыс кооз ландшафттары, өзгөчө Аркыт, Сарычелек, Авлетим, Пачата, Алабука, Каратоко жактары эс алууга ыңгайлуу.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.