Кызамык

Кызамыквирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн.

Rubella virus TEM B82-0203 lores
Кызамыкты козгоочу вирус

Кызамыктын белгилери

Оору көбүнчө билинбей башталат: мурдунан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат, кээде эти бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. 1 — 2 күндөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине чыбырчыктар чыга баштайт, температурасы 38—39°ка чейин жогорулайт. Чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин так калбай жоголот.

Rash of rubella on skin of child's back
Кызамык болуп ооруган оорулууга бүдүр-бүдүр болуп кызарып чыккан темгил

Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.

Дарылоонун жолдору

Дарылоону үйдө дарыгер жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.

Кызамыктын тарыхы

Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар: П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан тайпылуусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан тайпылуусу- челкөз (катаракта), жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары "Тубаса кызамыктын классикалык синдрому" деген атка бириктирилишкен. [1]

Колдонулган адабият

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер

  1. Краснуха
Аденовирус оорулары

Аденовирус оорулары — кишинин жана жаныбарлардын аденовирустар козгоочу жугуштуу оорусу. Аденовирустар антибиотиктерге туруктуу, төмөнкү температурада жана сырткы чөйрөнүн түрдүү шарттарында жакшы сакталат. Ультра кызгылт көк нурдун таасиринен, 5%түү формалин жана фенолдун эритмесинде өлөт. Жаңы төрөлгөн балада 6 айга чейин энеден берилген иммунитет болот.

Аденовирус ооруларын жуктуруучу булагы — оорулуу адам жана вирусту алып жүрүүчүлөр. Вирус оорулуунун какырыгы, шилекейи менен адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө бөлүнүп абаны булгайт, ошондой эле ал урунган буюмдар, идиштер аркылуу соо кишилерге жугат. кийин да пайда болушу мүмкүн. Аденовирусдун пайда болушуна мурун-кулкундун сезгенишин пайда кылуучу жугуштуу оорулар (кызамык, көк жөтөл, кеп Г төөр, скарлатини, грипп ж. б.), ошондой эле ал урунган буюмдар, идиштер аркылуу соо кишилерге жугат.

Оорунун жашыруун мезгили 3— 14 (орточо 5—7) күнгө чейин созулат. Оору көбүнчө акырындык менен башталат. Сыркоологон кишинин абалы начарлап, эти ысыйт, алы кетет, башы ооруп, окшуп, кээде кусат. Кээде оору грипп сыяктуу капысынан башталышы да мүмкүн. Анда денеси ысып, мурду бүтөт, көз жапкактары кызарып, көзүнөн жаш агып, бир нерсе түшкөндөй өйкөп ооруйт. Тамагы шилекей жуткурбайт. Айрым учурда үнү кырылдап бүтөт, аба жетпегенсип, деми кыстыгып, дем алуу кыйындайт, күркүлдөп жөтөлөт. Кээде ичеги-карын сезгенип, ич өтөт. 1 жашка чейинки балдарда өпкөнүн сезгенүүсү мүмкүн. Оору акырындык менен башталып, температурасы 37,2—37,5°ка чейин көтөрүлөт, мурду бүтүп, жөтөлөт. Андан ары оорулуу баланын абалы тезинен начарлап, эти ысыйт (38—39°ка чейин), жөтөл күчөп, деми кыстыгат, кусат, ичи өтөт. Аденовирус ооруларынын өпкөдөн сезгенип оорушун ооруканада гана дарылоо керек. Оорунун кабылдап кетүүсү жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна өтө коркунучтуу. Аденовирус ооруларынын башка клиникалык түрлөрүндө оорулууну врачтын көрсөтүүсү менен, үйдө өзүнчө бөлмөгө бөлүп дарылоо керек. Оорулууга коомдук жайларга барууга тыюу салынат.

Ак-кайың

Ак-кайың (Береза повислая), (лат. Betula pendula Roth.) - кайыңдар тукумундагы дарак жана бадал өсүмдүк.

Бийиктиги 25 жге жетет.

Майда гүлдөп, июнда мөмө байлайт.

Гүлдөрү салаалап, сөйкөчөдөй төмөн түшүп, топтолуп турат.

Жарык жерде жакшы өсөт.

Кайың жайында кыртыштан суткасына 40 чакадай ным соруп алат.

Дарылыкка эрте жазда ширеси шорлонуп бүткөн жалбырагын жана кабыгын пайдаланат.

Анын ширесин алуу үчүн жайында кабыгын тилип, ага идиш коюп, тунук, таза суусу чогултулуп алынат.

Ал аш казанды тазалоодо колдонулат.

Кайындын кабыгьш кайнатьш кызамык чыккан баланы киринтсе, ал тез кайтып, адатта андан кала турган кычышма котурду болтурбайт.

Кайыңды аралап, андан түшкөн таарындыны тамекидей ороп тарттырса, араккечтерди кустуруп, кайра табитин аракка чаптырбайт.

Анын бүчүрүн жыйнап, кургатып талкалап, 0,5 л сууга 50 г кошуп 10-15 мүнөт кайнатып, 1 күн коюп, чыпкаланган тундурмасы бөйрөк, боор, жүрөк ооруларына күнүнө 100 гдан 2 жолу бир ай берилет.

Денеге жыйналган сары сууну, колубуттун шишигин кетирет.

Кургатылган жалбырагы менен бүчүрүн алгач гүлдөгөндө жыйнап алып кайнатып ичсе, заара менен толуп кеткен өттү айдайт.

Ошондой эле жүрөктүн булчуң этинин кызматын жакшыртат.

Жалбырагы менен бүчүрүнөн даярдалган күкүмдүн бир чай кашыгын 0,5 л кайнаган сууга чай сыяктуу демдеп, күнүгө бир аш кашыктан 20 күн ичет.

Куяң, кызыл жүгүрүк (ревматизм) менен ооруган адам кайыңдын жалбырагын кайнатып алып аны менен күн сайын жатаарда буулануу керек.

Ал продедураны 10 күн жасап, 5-6 күн дем алып, кайрадан 30 күн ванна алуу керек.

Кайыңдан алынган кара майды кычыткы, котур, жарага жапса табылгыс дары.

Анын ширеси адамдын организмине керектүү заттарга бай.

Күнүгө 4-5 стакандан суусундук ордуна ичип жүрсө денедеги зат алмашуу жакшырып, ашказандын дартын азайтат.

Дарылыгы: ички, тышкы ар кандай дартка даба.

Ачытылган түрүн рак ооруларына колдонсо болот.

Өтө уулуу болгондуктан этияттык менен пайдалануу абзел.

Даярдалышы: кайыңдын ширесинен даярдалган ачытманы сүт же бал аралаштырып колдонуп, өлчөмү азаздап жогору көтөрүлөт.

Эгерде пайдаланганда кыйналып, шалдыраса кайнак сүт же кайнак сууга марганцовканы мала салып, ичирип кустуруш керек.

Эскертүу: Дарылоо табыптын гана көзөмөлүндө болуусу керек.

Өз алдынча дарыланууга болбойт.

Антропоноздор

Антропоноздор (антропошондой.. жана грекче nosos оору) - адамга гана таандык жугуштуу (инфекциялык) жана мите оорулар. Алардын козгогучтары эволюция процессинде адам организминде мителик кылууга ыңгайланган. Оору козгогучтарын (бактерия, вирустар, гельминттер жана башка) өз организминде «ташып» (алып) жүргөн киши оору булагы болуп эсептелет. Антропоноздорго ич келте, келте, холера, дизентерия, аскаридоз, полиомиелит (баланын шал оорусу), кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, суучечек, чечек, сакоо, кайталанма келте, безгек, чүчөк жана башкалар кирет.

Балдар оорулары

Балдар оорулары — көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулардын тобу. Балдар ооруларына балдардын алгачкы жашындагы жана жугуштуу оорулар, карын, дем алуу органдарынын жана зат алмашуу бузулгандагы оорулары кирет. Бала ошондой баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө жана жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байланыштуу болот.

Боюнда бар аялдын ар түрдүү ооруларга чалдыгышы, туура эмес эс алышы, тамактануусу баланын түйүлдүк кезиндеги өсүп жетилишине терс таасирин тийгизет. Ара төрөлгөн жана төрөттөн жабыркаган балдар өзгөчө багууну талап кылат. Аларда төрөттөн кийинки жабырлануулар, нерв системасынын оорулары кездешет. Ымыркай бала айлана-чөйрөнүн өзгөчө жаңы шарттарына көнө баштаган кезде өтө этият болуу керек. Ушул мезгилде ымыркай эмчектеги балдарда мээде кан жүгүрүүнүн бузулушу, мээге кан куюлуу, шал оорусу, асфикция, кемтик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, микрофталмия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз оорусу, мелана оорусу жана башка оорулар кезигет. Эмчектеги балдардын ичеги-карындан бөлүнүп чыгуучу ферменттердин жетишсиздигинен жана тамактануу режиминин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба жана күндүн нурунун жетишсиздигинен итий пайда болот. Наристе балдар (1—3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, кептөөр, кызамык, көк жөтөл, суу чечек, дизентерия, шал оорусу, полиомиелит, сарык жана башка) менен көбүрөөк ооруйт.

Мектепке чейинки балдарда (3—7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, туберкулёз) көп жолугат, бирок алар жеңил түрдө өтөт. Мектеп жашындагы балдар ревматизм менен көбүрөөк ооруйт. Өспүрүмдөр нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын жана ички бездеринин функциясынын туруксуздугуна байланыштуу алардын ишинин бузулушу кездешет. Оорунун алдын алуу биринчи күндөн эле төрөт үйүндө төрөлгөндөн башталат. Жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт. Эмдөө менен бирге балдардын денесин чыңдоо Чоң мааниге ээ. Кээ бир жугуштуу оорулар (полиомиелит, кептөөр жана башка) дээрлик кездешпейт же өтө аз жолугат. Айрым оорулар жылдан жылга азаюуда.

Балдардын жугуштуу оорулары

Балдардын жугуштуу оорулары — аба аркылуу таралып, көбүнчө балдарда кездешүүчү катуу кармама жугуштуу оорулар тобу: суу чечек, кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, менингит, скарлатина, паротит;

Буларды оорулуудан, бактерия алып жүрүүчүлөрдөн тараган

Бактериялар жана вирустар козгойт.

Балдардын церебралдык шалы

Балдардын церебралдык шалы —(лат. paralysis infantilis cerebralis)- балдардын нерв системасынын жабыркашы жана эркин кыймылдын жок болушу же чектелиши менен мүнөздөлүүчү оорулар тобу.

Бердибай уулу Ыктымал

Бердибай уулу Ыктымал (1930-1968) Зергер. Кочкор районундагы Үч-Булак айылында төрөлгөн.

4 жашында кызамык менен ооруп, кулагы укпай, дудук болуп калат. Энеси үйдөн тамга таанытып, эсеп-кысапты үйрөтөт. Кылтак салып, уучулук кылат. Чолпондук Кашкар Нарынбай уулунан зергерчиликти үйрөнгөн. Тетик бала кыз-келиндердин зер жасалгаларына узанууда текенин мүйүзүнөн куйма жатак жаратат. Ал күмүш нускаларын жаш өзгөчөлүктөрүнө карай кармайт. Байбичелерге карта шакекти көп жасаган. Өрүмдүн (жылан боор, торгой көз, музоо тиш, каз тандай, беш кашка, жети кашка) алты түрүн билген. Өзү жасап алган алаа көөрүгү, күмүш зым тарткычы буюмга өзүнчө сын берүүчү көркөм калыптары болгон. Анын ийген темир комузун чоң энеси Канышай каккан. Устачылыгында карышкыр капкан кармоосу жогору бааланган. ДМ 30-35 см келген тиштүү капкандын жаагына кара чала болоттон тандап, отко коюп, такадай ийлөө жана сугарууну жекече устачылык күчү менен жасап, чаптырганда өйдө (10-15 см) секирип турган. Аны жырткычтарга керме капкан кылып салган. Ыктымал кармалуучу нускалардын жердигине карата чычырканактын, арчанын, талдын, карабактын көмүрүн үйлөткөн.

Бронхоаденит

Бронхоаденит (бронха жана гр. aden - без) - бронха бездеринин сезгениши.

Бронхоаденитти көп учурда туберкулездун микробдору, өпкө менен бронханын сезгениши жана кээ бир жугуштуу оорулар (көк жөтөл, кызамык) пайда кылат. Туберкулёздон болгон Бронхоадениттин клиникасы оору адамдын жашына, сезгенген бездердин таралыпшна жана организмдин сезгичтигине байланыштуу. Без кичине сезгенсе, оору байкалбай өтүшү мүмкүн, ал эми күчөгөн Бронхоаденитте оорулуунун эти ысып, алы кетип, кургак жөтөл пайда болот. Өзгөчө балдар катуу жөтөлөт, кээде көк жөтөлгө окшоп кетет. Айрым учурда негизги оору менен катар моюндун, колтуктун бездери чоңоюшу мүмкүн, Бронхоаденит рентген ж. б. анализдер аркылуу аныкталат. Дарылоо антибиотиктердин, химиотерапиянын жардамы менен, кээде операция жолу менен да жүргүзүлөт. Ооруну алдын алууда туура тамактануу, таза абада болуу, жугуштуу оорулардан сактануу керек. Кургак учукка каршы эмдөө жүргүзүү зарыл.

Вирустуу оорулар

Вирустуу оорулар - вирустар козгогон оорулар. Алар менен киши, айбанаттар, куштар, балыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт.

Адамдагы. Вирустуу оорулара суу чечек, чечек, кы­замык, учук, сасык тумоо, полио­миелит, вирустуу гепатит ж. б. кирет. 20-кылымдын 50—60-жылдары парагрипптин, катуу башталган сасык тумоонун, бронхиттин, жугуштуу аденовирус жанa жогорку дем алуу жолдорунун, көздүн эпидемиялык оору­ларынын вирустары ачылган.

Адамдар кутуртма, шарп, мээ кабыгынын сезгениши, стоматит сыяктуу оору­ларды жаныбарлардан, ал эми орнитоз менен пситтакозду канаттуулардан жугузуп алышы мүмкүн. Вирус жугаар замат ооруга жараша организмде татаал продесстер жүрөт. Вирустуу оорулар аба, тамак-аш, сүт, суу, түрлүү бутом жанa курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Алар көбүнчө оорунун белгилерине жараша дарыланат. Кээ бир Вирустуу ооруларда козгогучка карты атайын антителосу бар кан сары суусу колдонулат. Вирустуу оорулардын алдын алуу үчүн ооруган адамдарды өз убагында ооруканага жаткырып, ооруну жугузуучу негизги булактарды жоготуу зарыл.

Вирустуу оорулардын көпчүлүгү катталып, статистикалык эсепке алынып турат. Чечек жанa вирустук сэры безгек оорулары боюнча эл аралык карантин коявенциялары бар.

Иммундаштыруу

Иммундаштыруу (лат. immunisтаза, бир нерседен тазарган) - адам жана жаныбарларга жасалма иммунитет түзүү ыкмасы.

Иммундаштыруу активдуу жана пассивдуу болуп бөлүнөт. Активдуу Иммундаштырууда организмге антигендер - микроорганизмдерден (бактерия, риккетсия, вирус) же алардын продуктуларынан (токсин) алынган дары дармек (вакцина) адам менен жаныбарды жугуштуу оорудан сактоо үчүн тамызылып, териге, анын алдына, булчуңга, курсакка, венага куюлат, ошондой эле ичүү жана дем алуу аркылуу берилет.

Иммундаштыруу дары-дармектин үлүшүнө, сапатына жана организмдин реакция беруү ийкемдүүлүгүнө байланыштуу. Иммунитет түзүү үчүн антигенди бир нече жолу куюу керек. Экинчи Иммундаштыруу (реиммундаштыруу) биринчи Иммундаштыруудан 1-2 жумадан кийин жүргүзүлөт. Аралыгы алыс (бир нече ай же жыл) жана кайталаныл жасалуучу Иммундаштыруу натыйжалуу болот. Пассивдүү Иммундаштыруу адам менен жаныбарлардын канынын сыворотка топторун же сывороткаларды тери алдына, булчуңга, шашылыш учурда венага куюу аркылуу жүргүзүлөт.

Бул дары-дармекте токсинди нейтралдоочу, козгогучтун активдүүлүгүн жоготуучу, алардын таралышына жол бербөөчү даяр антителолор болот. Пассивдүү Иммундаштыруу кыска мөөнөткө (1 айга чейин) иммунитет пайда кылгандыктан жугуштуу оорулар (кызамык, кептөөр, селейме, газ гангренасы, чума, грипп ж. б.) менен аралашкандарга жасалат.

Ичеги инфекциялары

Ичеги инфекциялары — ооз аркылуу жугуучу, козгогучтары (негизинен бактериялар, вирустар) ичеги карында көбөйүп, бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралуучу жугуштуу дарттар. Аларга мисалы, дизентерия, ич келте, паратиф, вирустуу гепатит сыяктуу кеңири таралган оорулар кирет.

Круп

Круп — колконун жабыркашы. Круп көбүнчө балдарда, айрыкча 1 жаштан 5 жашка чейин болот. Чыныгы жана жалган круп деп айырмаланат.

Лейкоцитоз

Лейкоцитоз — канда лейкоциттин көбөйүшү. Лейкоцитоз физиологиялык жана патологиялык болот. Биринчиси дени соо адамда, экинчиси ооруп аткан абалда пайда болот.Физиологиялык лейкоцитоз тамактангандан, иштегенден кийин жана башка учурда байкалат. Патологиялык лейкоцитоз ириңдүү сезгенүү процессинде, бир катар инфекциялык ооруларда, кемикке уу заттар же кан айлануунун бузулушу таасир эткенде (мисалы, миокарддын инфаркты) болот. Лейкоцитоздун бардык түрү себебин четтеткенден кийин жоголот. Лейкоцитоз кан пайда кылуучу ткандардын шишигине байланыштуу болушу да мүмкүн (Лейкоз).

Медицина-генетикалык консультация

Медицина-генетикалык консультация — тукум куума ооруларды азайтууга багытталган калкка медициналык жардам берүү формасы. Медицина-генетикалык консультация демейде илим изилдөө институттарда. медициналык жогорку окуу жайлардын кафедраларында, поликлиникаларда, ооруканаларда уюштурулган.

Тукум куума ооруну алдын алуу жана дарылоо мүмкүндүгү тигил же бул ооруда биохимиялык, физиологиялык жана морфологиялык өзгөрүүлөр жөнүндө биздин билим деңгээлибизге, ошондой эле ага зарыл болгон хирургиялык, терапиялык жана санитария-гигиеналык методдордун иштелип чыгуусуна байланыштуу. Ошондуктан «тукум куума ооруну болтурбай коюуга мүмкүн эмес» деген калк арасындагы түшүнүк төгүнгө чыкты. Өздөрү соо, бирок генетикалык материалда бирдей кемтикти алып жүргөн ата-энелерден тукум куума оорулуу бала төрөлөт. Экөө тең бузулган генетикалык материалды алып жүрүүчү жубайлар чанда кездешет. Бирок мындай кокустук болгону оорулуу бала төрөлгөндө гана билинет, кийин мындай баланын төрөлүшүнөн ата-эне сактанышы керек. Азыр медициналык генетика ичтеги (төрөлө элек) баланын 70тей тукум куума оорусунун диагнозун аныктоо методдоруна ээ болду. Бул төрөлчү баланын дени соо же оорулуу экенин аныктап, ата-энени оорулуу балалуу болуудан алдын алып, андай баланы боюнан алдырууга кеңеш берет. Тукум куума ооруну айыктырууга мүмкүн эмес деген түшүнүк туура болбой калды. Азыркы кезде медицина айрым тукум куума ооруларды айыктыруу методдорун иштеп чыкты.

Медицина-генетикалык консультациянын натыйжалуулугу диагноздун туура коюлушуна жараша болот. Кээ бир оорулуу төрөлгөн баланын оорусу тукум куума болбой түрдүү факторлордун түйүлдүккө таасир этишинен тубаса болот. Мисалы, дүлөйлүк тукум куума болушу да мүмкүн, ошондой эле кош бойлуу аялдын кызамык менен оорушунан ичтеги бала дүлөй болуп калган учурлар белгилүү. Ичтеги өөрчүп жаткан түйүлдүк инфекцияны, кээ бир дарыны, рентген жана башкалар нурларды, ар кандай химиялык заттарды өтө сезгич келет. Тубаса оорулуу төрөлгөн баланын оорусу ушул таасирлерден пайда болуп, тукум куума эмес болуп чыгат. Ошондуктан тигил же бул оору тукум куума экенин далилдөө өтө татаал. Врач-генетик такай клиникалык, биохимиялык, цитогенетикалык жана башкалар изилдөөнүн ар түрдүү методдорун колдонот. Врачтын ишине генеалогиялык метод, башкача айтканда укум-тукумун анализдөө методу жардам берет.

Мурун

Мурун - кишилерде беттин бөлүгү, айбанттарда тумшугунун бөлүгү. Мурун дем алууда, азык табууда жана сүйлөшүүдө катышуучу орган.

Отит

Отит (байыркы грек тилинен οὖς, ὠτός — кулак)(булак) — кулактын сезгениши.

Тиричилик

Тиричилик — материянын жашоо формаларынын бири. Ал материянын өнүгүү процессинин белгилүү бир шартында закон ченемдүү пайда болгон. Жер жүзүндө көмүртектүү кошулмалардын эволюциялык өөрчүшүнүн негизин

Өөрчүү кемтиги

Өөрчү — түйүлдүктүн өөрчүү процессинде организм түзүлүшүндөгү пайда болгон ар кандай тубаса кемтиктер.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.