Куралдуу күчтөр

Куралдуу күчтөр – эларалык укук жагынан алып караганда, мамлекеттердин такай аракеттеги (жөө аскер, аскер-деңиз, аскер-аба ж. б.) убактылуу (кошуундар, партизандар, көтөрүлүшчүлөр) аскердик курамдары. Жалдануучулар К.к. түшүнүгүнө жатпайт. Эларалык укуктарга ылайык, ага карата куралдуу колсалуу болгон учурда гана мамлекет өзүнүн К. к-үн жеке жана жармакташ коргонуу иретинде колдоно алат. БУУнун Уставынын жоболорун эске алуу менен, эларалык жетекчиликтин же башкаруунун астында аракеттенген улуттук аскер бирикмелери эларалык К. к-гө кирет. БУУнун Уставынын 51-статьясына ылайык түзүлгөн БУУ К. к-ү, коопсуздук боюнча аймактык уюмдарынын К. к-ү жана бириккен К. к-ү да ошондой күчтөрдөн болуп саналат.

Soldados do exército argentino 2016
Куралдуу күчтөр.

Колдонулган адабияттар

5 Октябрь (Тогуздун айы)

5 октябрь (кырг. Тогуздун айынын беши) — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 278-чи күнү, жылдын аягына чейин 87 күн (толук жылда 88) күн бар.

«155» улуттук кампаниясы

«155» улуттук кампаниясы – жазык мыйзамдарына сунуштарды киргизүү, кыздарды ала качкан күнөөкөрлөрдүн үстүнөн жүргүзүлгөн сот процесстерине колдоо көрсөтүү, кеңири маалыматтык кампанияларды өткөрүү аркылуу Кыргызстандагы аялдарды ала качуу жосундарын түп-тамырынан жоюуну көздөгөн аялдардын кыймылынын активисттеринин жарандык демилгеси. "155" кампаниясы жарандык тармактын өкүлдөрүн, ушул маселеге кайдыгер карабаган республиканын бардык чөлкөмдөрүндөгү жарандардын башын бириктирди. КРнын Конституциясынын 6-беренесине ылайык «бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш».

2009-жылдын ноябрь айындагы миссиясында БУУнун атайын докладчысы Рашида Манджу айым аялдарга зомбулук көрсөтүү, анын себептери жана кедергилери маселесине арналган докладында Кыргызстанда кыз ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо жосундары үчүн жазаны күчөтүү керек деген сунушу менен бөлүшүп өттү. Аялдарга жардам берүү борборунун берген маалыматы боюнча (www.wsc.kg) 2009-жылы гана Кыргызстанда 11,8 миңден ашуун кыз ала качылып, 2 миңден ашуун кыз зордуктоого дуушар болгон. Жазык иштери өтө сейрек учурларда гана козголуп (700 окуянын бирөөсү боюнча гана), сот өкүмү андан да сейрек учурларда чыгарылат (1,5 миң кыз ала качууга бир гана өкүм). КРнын Жазык кодексинде 16 жашка чыга элек адамды никеге турууга мажбурлоо, ошондой эле аялды никеге турууга мажбурлоо үчүн жазык жоопкерчилиги каралган (КРнын ЖКнин 154-беренесинин 20-гл). 2013-жылдын январында жазык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин 155-берене боюнча кыз ала качуу үчүн 100 баштап 200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин жазапул же үч жылга чейин эркиндигин чектөө каралган. Мындай жаза кыз ала качуу жосундарынын алдын ала алган жок. КРнын ЖКнин 165-беренесинин 1-бөлүгүндө мал уурдагандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жогоруда келтирилген фактылардан улам, кыздарды ала качуу жосундары үчүн жазаны күчөтүү боюнча эдвокаси кампаниясын өткөрүү максатында жалпы жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүү зарылчылыгы келип чыкты. Кампания Каракол шаарында "Быйылкы жазда АЛАР жок" жарандык акциясынан башталган. Аталган акция ала качылгандан кийин өз жанын кыйышкан кыздардын жаркын элесине арналган. Ысык-Көл дубанында эки студент кыздын өлүмү коомдун ичинде олуттуу тынчсызданууну жаратты. Алардын өлүмүнөн кийин активисттер, жаштар, бир катар бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери жана атка минерлер кыз ала качууга каршылыгын билдиришип аталган акцияда катышышты. Караколдо өткөн акция коомду жандандырып, бүткүл өлкө боюнча жарандык коомдун уюмдары мобилизацияланды. Бишкек шаарында Аялдарга жардам берүү борбору кыз ала качууга каршы чара көрүү боюнча улуттук эдвокаси кампаниясын иштеп чыгуу үчүн жумушчу жолугушуу өткөрүү демилгесин көтөрүп, уюштурду. Жыйынтыгында, Кыз ала качууга каршы чара көрүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты А.Алтыбаева тарабынан КРнын ЖКнин 154- жана 155-беренелерине жазык мыйзамдарындагы басмырлоочу ченемдерди жоё турган өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору демилгеленди. Бул өзгөртүүлөр кыз ала качуу үчүн каралган жазалоо чараларын бир кыйла күчөтөт. Алсак, КРнын ЖКнин 154-беренесинин 2-бөлүгүндө он жети жашка чыга элек кызды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдагандыгы үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын белгилөө, ал эми КРнын ЖАКнин 155-беренесинде - аялды эркине каршы никеге тургузуу максатында уурдагандыгы үчүн беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын белгилөө сунушталды. Аталган долбоордун максаты - учурдагы басмырлоочу ченемдерди жоюп, жазык мыйзамдарын КРнын Конституциясы менен ылайыкташтыруу, гендердик теңчиликти сактоо, аялды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо жосуну үчүн каралган жазык жоопкерчилигин адамды уурдоо үчүн каралган жазык жоопкерчилигине теңдөө. Ушул мыйзам долбоорун илгерилетүүдө гендердик теңчилик жаатындагы жарандык тармактын жигердүү катышуусу менен мыйзамдын долбоору коомдук деңгээлде талкууланды. КРнын Омбудсменинин демилгеси менен ушул көйгөйдү талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулду. Жолугушууда жарандык коомдук уюмдары гана эмес, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү да катышты. Кыргызстандын Омбудсмени 2012-жылды кыздарды ала качуу көрүнүшүнө каршы күрөшүү жылы деп жарыялады. 2012-жылдын октябрь айында - Жогорку Кеңеште КРнын ЖКнин 154-, 155-беренелериндеги жазалоо чараларын катуулатууга добуш берердин алдында - бир катар бейөкмөт уюмдардын активисттери Жогорку Кеңештин алдында акция өткөрүшүп, парламентарийлерди каралып жаткан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө добуш бергиле деп үндөштү. Мындан тышкары, KyWRAW тармагынын жана жумушчу топтун мүчөлөрү депутаттарга факс аркылуу кайрылууларды жөнөтүштү. Кыз ала качууга каршы футбол таймаштары уюштурулду. Велосипедчилердин ассоциациясы "Велоспорт жана мен - зомбулукка каршыбыз" деген акция өткөрүштү . Спортчулар менен жарандык активисттер веложарыштын жүрүшүндө кыргызстандыктарды "155" улуттук кампаниясына колдоо көрсөтүүгө чакырып жатышты. Көпчүлүк уюмдар жана жарандар: Улуттук олимпиада комитети, республиканын алдыңкы спортчулары, театралдык топтор, коргонуу тутумунун өкүлдөрү "Эркектер кыздарды ала качууга каршы" урааны менен, КРнын куралдуу күчтөр институтунун курсанттары, Ислам университетинин студенттери, Футбол федерациясы - "Кыз ала качуу - кылмыш" деген жалпы ураандын астында чыгышып, кампанияны колдоп беришти. Сыналгы жана радио көрсөтүүлөр, интернет-порталдар, республикалык жана жергиликтүү деңгээлдердеги гезит-журналдар жарандык коомдун кыздарды ала качууга каршы күрөштө ролун чыңдоо жөнүндө маалымат жайылтып жатышты. Жаштар активисттери "155" интернет баракчасын иштеп чыгышып, ал жерде каалагандар өз добушун калтырып, кампаниянын иши менен таанышып, КРнын ЖКнын 154-, 155-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз ой-жорумдары, сунуштары жана демилгелери менен бөлүшө алышты.

Натыйжада, 2012-жылдын 20-декабрында КРнын Жогорку Кеңеши "КРнын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алышып, ал эми 2013-жылдын 25-январында КРнын Президенти А.Атамбаев бул мыйзамга кол коюп, ал расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирди.

Александр Василевский

Василевский Александр Михайлович (15(28). 6.1895 Кострома губерниясы, Жаңы Гольчиха кыш. 5.12.1977, Москва) - советтик аскер ишмери, Советтер Союзунун Маршалы (1943), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945). Кострома диний семинариясын (1914), Алексеев аскердик окуу жайын (1915), Генштаб академиясын (1937) бүтүргөн. Биринчи дүйнөлүк согушта взвод, рота командири, штабс-капитан. 1917-22-жылы Кызыл Армиянын катарында взвод, рота, батальон командири, полк командиринин жардамчысы болгон. 1920-жылдагы совет-поляк согушунун катышуучусу. 1920-36-жылы Кызыл Армияда командалык жана штабдык кызматтарда, 1940-жылдан Генштабдын Оперативдүү башкармалыгынын начальнигинин орунбасары, начальниги, 1942-жылдан Генштабдын начальниги, октябрь айынан бир эле учурда СССР Коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Жогорку Башкы командачынын тапшырмасы боюнча Сталинград (1942-43), Курск (1943) салгылаштарында жана башка бир катар ири согуштук операцияларды коордпнацпялаган. 1945-жылы февралда Жогорку Башкы командачынын Ставкасына киргизилип, 3-Белорус фронтунда командачы, Чыгыш Пруссияны жана Кёнигсберг шаарын алуу операциясын пйгиликтүү жүргүзгөн. 1945-жылы Ыраакы Чыгыштагы Советтер аскерлерге Башкы командачы болуп совет-япон согушуна катышкан. 1946-жылдан Генштабдын начальниги, СССРдин Куралдуу Күчтөр мпнпстрпнпн орунбасары, 1949-53-жылдарда Аскер министри, 1953-56-жылдарда СССР Коргоо министринин биринчи орунбасары, 1956-57-жылы Коргоо министринин аскер илими боюнча орунбасары. 2 Жеңиш, 8 Ленин, 1-даражадагы Суворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Америка Кошмо Штаттары

Америка Кошмо Штаттары, АКШ (англ. United States of America, USA) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Канада, түштүк-чыгышынан Куба (Гуантанамо аскер базасы), түштүк-батышынан Мексика менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан, түштүгүн Мексика булуңу чулгайт. Аянты 9,4 млн км2. Калкы 314,5 млн (2012). Борбору - Вашингтон. Мамлекеттик тили - англис тили. Акча бирдиги - АКШ доллары. Администрациялык аймактары - штат укугун алган өзүнчө Аляска, Гавайи штаттарынан жана Колумбия федерация (борбордук) округунан турат . АКШнын ээликтери: Вест-Индиядагы Виргиния аралы., Чыгыш Самоа, Гуам жана Океаниядагы бир топ майда аралдар. АКШнын убактылуу «опекасында» Тынч океандагы Каролина, Мариана жана Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери ушунун таандык Панама каналынын зонасы АКШнын ижарасында.

Ардактуу кароол

Ардактуу кароол - аскердик урмат көрсөтүү үчүн атайын дайындалган аскердик бөлүкчөлөр. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн салтанаттуу жыйналыштардын ачылыш алдында, Күжүрмөн Тууну алып чыгууда, мамлекеттик эстеликтерди ачуу салтанатында, чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын, ардактуу өкүлдөрүн тосууда (узатууда), мамлекеттик жана саясий ишмерлерди, аскер кызматчыларын акыркы сапарга узатууда жана башка шарттарда дайындалышы мүмкүн.

Армия (аскер)

Армия (аскер) (фр. armée, лат. armare – куралдандыруу) – тар маанисинде мамлекеттин жөө аскер күчтөрү (деңиз аскер күчтөрүнөн айырмаланып). Кең маанисинен алганда, мамлекеттин коргоо министрлигинин тутумундагы баардык аскердик бөлүктөр (куралдуу күчтөр).

Будённый Семён Михайлович

Будённый Семён Михайлович [13. (25). 4. 1883, азыркы Ростов областы, Пролетарск району, Козюрин хутору – 26. 10. 1973, Москва] – советтик аскер жана мамлекеттик ишмер, Граждандык согуштун Баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), Советтер Союзунун 3 жолку Баатыры (1958, 1963, 1968). Орус-япон согушунда (1904–05), 1-дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Георгий крести менен сыйланган. 1919-ж. июнда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия Граждандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921–23-ж. Революциячыл аскер советинин мүчөсү, Түндүк Кавказ аскер округунун командачысына орунбасар. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаңы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Будённый Кызыл Армиянын Баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер советинин мүчөсү. 1932-ж. М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер топторунун командачысы жана бир катар фронттун командачысы. 1943-ж. январдан Советтик Армиянын атчан аскерлеринин командачысы жана СССР Куралдуу Күчтөр министрлигинин Жогорку аскердик советинин мүчөсү; 1947–53-ж. айыл чарба министринин жылкы чарбасы боюнча орун басары, 1953–54-ж. атчан аскер инспектору болгон. Жети Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов жана башка ордендер менен сыйланган. Эмгектери: Пройдённый путь. Кн. 1–3. М., 1959–73.

Вершинин, Константин Андреевич

Вершинин, Константин Андреевич [21. 5 (3. 6). 1900-ж. т.] — Авиациянын башкы маршалы (1959), Советтер Союзунун Баатыры (19. 8. 1944).

1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1919-жылдан Кызыл Армияда, Гражд. согуштун катышуучусу. Жуковский атн. Аскер-аба академиясын (1932), учкучтар курсун (1935) бүткөн.

1932-жылдан ААКта штабдык жана командирлик кызматта.

Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде Түш. жана Закавказье фронтторунун ААКга, 4-аба армиясына командачы.

1946—49-ж. ААКтын башкы командачысы жана СССР Куралдуу Күчтөр министрине орун басар.

1949—51-ж. ААКтын башкы командачысына орун басар. Андан кийин Аба чабуулунан коргонуу аскерлерине командачы.

СССР Жог. Советпнин (2, 4—7-шайл.) депутаты. 1952—56-ж.

КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. Төрт Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 3 Кы­зыл Туу, үч 1-дараж. Суворов ордени, бир нече медаль жана чет өлкөлүк ордендер менен сыйланган.

Вьетнам

Bьeтнам - (Вьетн. Việt Nam), Расмий аталышы Вьетнам Социалисттик Республикасы (ВСР),(Вьетн. Cộng Hòa Xã Hội Chủ Nghĩa Việt Nam) — (Тьы-ном 共和社會主義越南 конг хоа са хой чю нгиа вьет нам) — Түштүк-Чыгыш Азияда, жана Индокытай жарым аралдарынан орун алган өлкө. Вьeтнамдын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 км, борбордук бөлүгүндө 50 км, түштүгүндө 375 км) жарым аралдын чыгышын жээктей меридиан багытында 1750 км аралыкта созулуп жатат. Түндүгүнөн Кытай, батышынан Лаос жана Камбожа менен чектешип, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи жана анын булуңу Бакбо (Тонкин), түштүк-батышынан Сиам булуңу чулгап турат. Аянты 329,3 миң км2. Калкы 90,5 млн (2011). Борбору Ханой шаары. Расмий тили вьетнам тили. Административдик-аймактык жактан 59 провинцияга, өзгөчө округка жана борборго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экономикалык районго биригет (к. таблица). тарыхый-географиялык. жактан 3кө Түндүк (Бакбо), Борбордук (Чунгбо) жана Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. Вьeтнам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) (1977), Эл аралык валюта фондунун (1956), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2007), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги донг.

Экономикалык райондору (2006)

Экономикалык

райондору Аянты,

км2 Калкы,

миң Башкы

шаары

Меконг дельтасы 39738,7 17743,3 Кантхо

Тоолуу Борбор (Бор- 54473,7 4463,5 Далат

бордук бөксө тоолору)

Түндүк-Батыш 37336,9 14394,0 Хоабинь

Түндүк-Чыгыш 63629,8 Тхайнгуен

Түндүк деңиз бою 51510,8 11005,8 Хюэ

борбору

Түштүк деңиз бою 33069,0 8884,2 Дананг

борбору

Түштүк-Чыгыш 34743,1 11176,6 Хошимин

Хонгха дельтасы (Кы- 14812,5 16276,9 Ханой

зыл дарыясынын дельтасы)

Иван Конев

Конев Иван Степанович [16 (28). 12. 1897, Россия империясы, Вологда губерниясы, Лодейно кыштагы – 21. 5. 1973, СССР, Москва шаары] – Советтер Союзунун маршалы (1944), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945), 1-дүйнөлүк (1914–18) жана Жарандык согуштун (1918–20) катышуучусу. 1918-жылдан Кызыл Армияда. Жарандык согушта Колчак аскерлерине, япон интервенттерине каршы күрөшкөн, Кронштадт козголоңун (1921) басууга катышкан. Аскер академиясынын жогорку курсун бүткөн соң (1926) полктун жана дивизиянын командири. 1934-ж. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1934—41-жылдары аткычтар дивизиясынын, корпустун, аскер округдарынын командачысы. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде 19-армиянын, андан соң Батыш, Калинин, Түндүк-Батыш, Талаа, 2-, 1-Украин фронтторунда аскер командачысы. 1945–46-жылдары советтик аскерлердин Германиядагы борбордук тобунун башкы командачысы жана Австрия боюнча жогорку комиссар, 1946–50-жылдары кургактагы аскерлердин башкы командачысы, СССР Куралдуу Күчтөр министринин орун басары, 1950–51-жылдары Советтик Армиянын башкы инспекторуаскер министринин орун басары, 1955–60-жылдары Коргоо министринин 1-орун басары, Варшава келишимине (1955) кирген өлкөлөрдүн бириккен куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы, 1961–62жылдары Германиядагы советтик аскерлер тобунун Башкы командачысы, кийин СССР Коргоо министрлигинде генералдык инспекторлор тобунда ж. б. аскердик жооптуу кызматтарда иштеген. СССР Жогорку Советинин (1ф 8шайланышынын) депутаты. Жети Ленин, Октябрь Революциясы, «Жеңиш», үч Кызыл Туу, 1-даражадагы эки Суворов жана эки Кутузов, Кызыл Жылдыз ордендери жана чет өлкөлүк он үч орден жана медалдар менен сыйланган. Сөөгү Кремль дубалына коюлган. Туулган жерине коло айкел тургузулуп, Аскер-Деңиз Флоту министрлигинин кемесине, Москва, Донецк, Славянск, Харьков, Черкассы, Кировоград шаарларындагы бирден көчө анын ысмынан аталган.

Интендант

Интендант (фр. intendаnt башкаруучу, башчы) – куралдуу күчтөр курамында аскерлерди материалдык жана тиричилик жактан камсыз кылуучу кызматкер. 15-кылымда Францияда И. инту уюшулуп, мамлекеттик башкаруунун айрым тармактарына (аскер, соода, юстиция жана башкалар) жетекчилик кылган. 19-кылымда ага жалаң аскерлерди тейлөө милдети жүктөлгөн. СССР Куралдуу Күчтөрүндө Интеллигибелдүү кызматы 1935-ж. киргизилип, 1955-ж. жоюлган, анын милдетин Куралдуу Күчтөрдүн тиешелүү оорук кызматтары аткарат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө азык-түлүк, буюм жана турак жай менен камсыз кылуу өз-өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргызстан

Кыргызстан (расмий түрү: Кыргыз Республикасы) — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышында жайгашкан мамлекет. Түштүк-батыш жагында Памир-Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан жана чыгыштан Кытай менен чектешет.

Борбору — Бишкек, калкы жана аянты боюнча эң ири шаар.

Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).

Кыргызстан 9 администрациялык аймактан турат — Бишкек шаары, Ош шаары, Баткен облусу, Жалал-Абад облусу, Нарын облусу, Ош облусу, Талас облусу, Чүй облусу жана Ысык-Көл облусу. Облустук борборлор — Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Каракол.

Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуу улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Мажбурлоо чарасы

Мажбурлоо чарасы – эларалык укуктагы тынчтыкка келтирилген коркунучту же баскынчылык аракеттерди жоюу максатында, БУУ Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча, БУУ Уставынын негизинде мамлекеттер шериктештиги тарабынан колдонула турган жамааттык чаралар. Ал 2 катмарга бөлүнөт: куралдуу күчтөргө байланышпаган; куралдуу күчтөр пайдалануучу. М. ч. өтө сейрек колдонулат.

Плацдарм

Плацдарм (французча place dfarmes - аскерлер топтолчу жер) - 1) башка өлкөгө басып кирүүгө даярданууда куралдуу күчтөр топтолчу жер. Плацдармдын стратегиялык же оперативдүү мааниси болот; 2) чабуул коюп бараткан аскерлердин суудан өтүүдө ээлеп турган же чегинип бараткан аскерлердин тиги өйүздөгү өңүтү. Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуш убагында Днепр дарыясында советтик аскерлер ээлеген Букрин Плацдармы; 3) деңиз десантынын башкы күчтөрүнүн түшүрүлүшүн камсыз кылуу максатында десант операциясын жүргүзүүдө душмандан тартылып алынган аймактын бир бөлүгү (мисалы, Новороссийск жана Керчь аймагынан советтик аскерлер ээлеген жерлер).

Плутократия

Плутократия (гр. рlutos – байлык + kratos – бийлик, кубаттуулук)

1) байлардын бийлиги;

2) өлкөдөгү мамлекеттик бийлик эң бай өкүлдөрдүн кичине тобуна таандык болгон саясий түзүлүш.Плутократия термини саясий түзүлүштүн өзгөчө формасы катары байыркы грециялык ойчул жана жазуучу Ксенофонттун «Сократ жөнүндө эскерүүлөрүндө» кездешет. Байыркы Грециянын бир катар шаар-мамлекеттеринде плутократия б.з.ч. VII–VI к. бай аристократ уруулук аристократиянын үстүнөн жетишкен жеңишинин натыйжасында орногон. Плутократиянын эң көрүнүктүү мисалдарына байыркы кылымдардагы Карфагендин жана Орто кылымдардагы Венеция республикасынын мамлекеттик түзүлүшү кирет.

Плутократия (байыркы грек. πλοῦτος–байлык, κράτος–бийлик) – өкмөттүн чечими жалпы элдин көз карашы (тилеги) эмес, таасирлүү таптын бай адамдары аркылуу аныкталган бийликтин бир формасы. Ушундан улам Плутократия олигархиянын айрым көрүнүшү катары саналат. Чыныгы бийлик анча көп эмес топтун (мисалы, ак сөөктөр, куралдуу-күчтөр, партиялык төбөлдөр же мамлекет башчысынын туугандары) колунда болгондуктан, социалдык теңсиздиктин деңгээли жогору, социалдык жактан өнүгүүнүн ылдамдыгы тескерисинче төмөн болот. Плутократия мурун кээ бир мамлекеттерде (мисалы, 1919-ж. чейин Италияда, 1893-ж. чейин Бельгияда ж. б.) мүлктүк ценз аркылуу ишке ашкан. Азыркы учурда көп пайдаланылбай, негизинен айыптоо маанисинде (мисалы, Улуу Британия же АКШга каршы) колдонулат. Орус тилинде сүйлөгөндөр Плутократия терминин туура эмес байланыштыргандыктан («плут»–«алдамчы», «митаам», «шум»), ал терс түшүнүк берет.

Согуштук иш-аракеттерди жүргүзүү каражаттары

Согуштук иш-аракеттерди жүргүзүү каражаттары – куралдуу күчтөр тарабынан душмандын адам күчтөрүн жана материалдык каражаттарын жок кылуу, анын күчүн, каршылык көрсөтүүгө жарамдуулугун басуу үчүн колдонулуучу курал-жарактар жана аскердик техникалар. С. и. ж. к. тыюу салынган (же жарым-жартылай тыюу салынган) жана тыюу салынбаган болуп бөлүнөт. 1949-жылдагы Женева конвенцияларына карата Кошумча I протоколдун 35-статьясына ылайык, жаңжалдашуу абалында турган тараптардын согуш жүргүзүү ыкмаларын жана каражаттарын тандоо укугу, такыр эле чексиз болуп эсептелбейт. Ашыкча залал келтирүүчү же ашыкча кыйналууга дуушар кылуучу, же болбосо салгылашкан тараптардын өлүшүнө сөзсүз алып келүүчү, ошондой эле массалык талкаланууга, материалдык байлыктарды максатсыз жок кылууга жарамдуу С. и. ж. к-н колдонууга тыюу салынат.

Цин империясы

Цин сулелеси (манчжур тилинде: ᡩᠠᡳᠴᡳᠩᡤᡠᡵᡠᠨ /daicing gurun (дайцин гурунь), кытайча: 清朝, Qīng Cháo (Цин чао)) – 1644-1911-ж. Кытайды бийлеген манчжур элинин төбөлдөрүнүн сулалеси (династиясы). Кытайдын түндүк-чыгышындагы жана Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Амур дарыясынын аймагына жакын байырлаган көчмөн манчжур элинин хандары Түндүк Кытайды басып алып, өздөрүнүн жеке бийлигин (монархиялык династиясын) орнотушкан. Андан соң Кытайдын башка аймактарын да каратып, батышта Чыгыш Түркстанга чейинки кеңири аймакты басып киришкен. Бул сулале Жуңгар хандыгын биротоло ойрон кылган. Цин сулалеси Кытайдагы акыркы монархиялык мамлекет болгон.

Цин бийлигинин соңку ордо шаары Бээжин болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуш

Экинчи дүйнөлүк согуш (1 сентябрь 1939 — 2 сентябрь 1945) - эки дүйнөлүк аскерий-саясий коалициялардын согушу, адамзат тарыхындагы эң ири согуш болгон. Ал согушта 61 мамлекет катышкан(ошол учурдагы жердин калкынын 80%). Уруш кыймыл аракеттери үч континенттин жеринде жана 4 океандын үстүндө жүргөн. Өзөктүк курал колдонулган жалгыз учур, ушул согуш.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.