Конфуций


Конфуций (кытайлык кырг. Куңзы, кыт. 孔子 Кун-Зы, жай кыт. 孔夫子 Кун Фу-Зы, лат. Confucius) - Кун фу зы (б.з.ч.551-479)- байыркы Kытай ойчулу, кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган.

Confucius 02

Куңзы тектүү, бирок кедейленип калган үй бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыганда өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Куңзынын санат сөздөрү , аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон.

Куңзыди ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" (Лунь Юй) деген эмгеги болуп саналат, мында Куңзынын жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.

Куңзыдин философиялык системасынын борборунда адеп-ахлак жана тарбия маселелери турат. Куңзыдин окуусундагы башкы жобо- жень (гумандуулук).
Жень - адамдардын социалдык жана этикалык өз ара мамилелерин аныктай турган мыйзам. Бул мыйзамды Куңзы мындайча аныктамалайт: "Өзүнө эмнени каалабасаң, аны башкаларга жасаба". Ошондой эле анын философиясында ли түшүнугү чоң роль ойнойт, бул түшүнүк коомдук жашоо- турмуш нормалары дегенди билдирет жана жэнь этикалык мыйзамынын практикалык ишке ашырылышын көрсөтөт.
Ли түшүнүгү коомдун бүткүл социалдык турмушун өзүнө камтыйт, бирок бул түшүнүктүн таасир-аракети адамдардын социалдык абалына байланыштуу ар түрдүү келет.

Куңзыдин системасында башка этикалык категориялар да орун алган: и - парыз, адилеттүүлүк сезими, синь - берилгендик, ак ниеттүүлүк. Куңзыдин этикалык концепциясынын бардык категориялары нормативдүү инсанды мүнөздөө үчүн кызмат кылат, бул инсан эң жогорку моралдык сапаттарга ээ жана эң бийик социалдык абалды ээлейт. Мындай инсанды ал "асылзаада адам" деп атаган. "Асылзаада адамга", Куңзыдин пикири боюнча, өзүнүн жеке керт башынын мүдөөсүнө жетеленген жана төмөнкү социалдык абалды ээлеген "кичиникей адам" карама каршы турат. Ошол эле убакта Куңзы жаратылышы боюнча бардык адамдар бирдей, бирок алар көнүмүш адат-жоруктарынан айырмаланышат. Мына ошондуктан өзүн өзү өркүндөтүү үчүн адам өз кемчиликтерин женип чыгып, изги жүрүш-турушка келиши керек.

Куңзыдин айткандарында мамлекеттик бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруу ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир берет.

Куңзыдин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. Ар бир адам коомдогу өзүнүн ордун билиши керек: "Падыша-падыша, букара-букара, ата-ата, уул-уул болууга тийиш".Куңзы бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган.

Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган.

Конфуций
Konfuzius-1770

Куңзы(Кун Фу-Зы)
Толук аты-жөнү Кун Фу-Зы
Англис тилинде лат.Confucius
Төрөлгөн Болжол менен 28.9.551
Цюйфу
Көз жумган 479
Цюйфу
Кызыккан темалар

социалдык философия,

этика
Олуттуу идеялары Конфуцийчилик

Колдонулган адабияттар

  • Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8
21-ноябрь

Эл аралык саламдашуу күнү. 1973-жылдан бери майрамдалат.

Эл аралык телеберүү күнү.

— Мадонна делла Салюте Италияда

— Суу фестивалы.

Жусубалиев, Кубатбек

Жусубалиев Кубатбек - жазуучу.Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында туулган.

1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп,

1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон.

Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган.

1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон.

1964-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери,

1965–1985-жж. «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген.Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталып, биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген ат менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.

1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Күн автопортретин тартып бүтө элек: Повесть, аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1967. – 110 б.

Толубай сынчы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981.– 184 б.

Муздак дубалдар: Романдар жана повесть.– Б.: Адабият, 1990. – 432 б.

Жети сөз жана Конфуций: Көркөм чыгармалар.– Б.: Учкун, 2003. – 488 б.

Кокутой

Кокутой (уникалдуу жапондук улуттук маңыз) - синтоизмдин мифологиясы менен

Конфуций окуусунун этикалык принциптерин өзүнө камтыйт. 1825-ж. Сэйсисой Айдзова

өзүнүн «Синрон» («Жаңы теория») деген саясий чыгармасында аныктама берген.

Кокутойго ылайык, Жапония күн кудайы Аматреску мурастаган өзгөчө улуттук өз алдынчалыкка ээ. Анын маңызы бир жагынан «кудайдын тукумдары» болгон, түбөлүк тынымсыз алмашып туруучу императорлордун династиясы, эл эми экинчи жагынан, Конфуцийдин окуусуна ылайык улууларды сыйлоо, аталык камкордукка негизделген жапондук мораль.

Айдзова синтоизмди мамлекеттин жаңы руху деп жарыялап, Кокутой түшүнүгүнө үч түрлүү маани берген:

саясий жагынан - өзгөчө коомдук түзүлүшү билдирет (же императордук бийлик институту);

дин жагынан мамлекеттин руханий негизин билдирет (өлкөнүн жана династиялардын кудай тарабынан келип чыгышы);

моралдык жагынан - жапондуктардын өзгөчө улуттук мүнөзү (салтты ыйык тутуу, аталык камкордук, сыйлоо ж.б.).Кокутойдун башкы элементи император менен жапон элинин ортосундагы байланыш жөнүндөгү мистикалык идея. Официалдуу жапон адабиятында ушул байланыштын өзү жапон мамлекетинин жана улутунун пайдубалы катары таанылган.

Конфуций окуусу

Конфуций окуусу - Кытайдагы этикалык-саясий окуу. Байыркы Кытайда Чжанго

доорунда Конфуций тарабынан негизделген.

Конфуций окуусу жөнүндөгү негизги булак - бул Конфуций жазма салты, биринчи кезекте «Төрт китеп», эсептелет.

1. Дпюнэ - кызматкерлер үчүн көрсөтмө, Конфуцийдин окуучусу Цзен Цзи тарабынан жазылган.

2. Чжун-юн (алтын ортолук). «Ортолук жана туруктуулук», Конфуцийдин небереси Цзы Сы жазган.

3. Лун-Юй «Аңгемелешүүлөр жана ой-жүгүртүүлөр», Конфуцийдин өзү жана анын философ-окуучулары тарабынан жазылган.

4. Мэн-Цзы, Конфуцийден жүз жылдан кийин анын жолун жолдоочу Мэн-Цзы тарабынан жазылган.Бул китептердин ичинен эң башкысы «Лун-юй». Ал Цин империясы мезгилинде өрттөлүп, кийин үч вариантта кайра калыбына келтирилген. Азыр кабыл алынган тексти 20 главадан турат. Конфуций окуусуна ылайык коомдун структурасы, дүйнөнүн түзүлүшү сыяктуу эле, түбөлүктүү жана өзгөрүлбөйт, Ааламдын эркине ылайык алардын ар биринин өзүнүн ээлеген орду бар. Адамдардын бөлүнүшү: ыймандуулукка жөндөмү бар «башкаруучулар» - «чоңдор» жана «баш ийүүчүлөр» - «төмөнкүлөр», кара-таман эл, жаратылышынан ыймансыздар, «чоңдорду» багыш жана тейлөө үчүн кара жумушу аткаруучулар болуп бөлүнүшү - бул Асмандын эрки. Конфуций окуусунун өзүнө «Башкаруучу -башкаруучу, атасы - ага, баласы - бала болууга тийиш». Ата-энеге баш ийүү, улуу бир туугандарды урматтоо - бул адамгерчиликтен гана негизи эмес, бул социалдык баш ийүүчүлүктүн да негизи. Ата-энесин, агаларын урматтаган адам эч качан «чоңдорго» каршы сөз айтпайт. Баладай болуп баш ий, агаларың менен ынтымакта бол - мына ушунун өзү башкаруу болуп эсептелет. Конфуций жазма укукту кийирүүгө каршы болуп, башкаруунун байыркы салттарын жана ыкмаларын кайра жаратууга чакырган.

Конфуций окуусунда диндик-философиялык маселелерин Мэн Цзы (б.з.ч. 372-289 жж.) иштеп чыккан.

Анын көз караштары «Мэн Цзы» китебинде берилген.

Ага ылайык адамдын тагдыры объективдүү зарылчылык катары адамдын өзүнөн көз каранды эмес. Адамдын жашоосу, жашоо күчү эркке баш ийдирилүүгө тийиш. «Эрк - башкы нерсе».

Мэн Цзы мындай деп түшүндүргөн: «Эгер сөздөр бир жактуу болсо, анда акылдын кирдегени. Эгер сөздөр жагымсыз болсо - анда акылдын аңга түшкөнү. Сөздөрдүн калптыгы - бул акылдын өз принциптеринен тайышы. Үч айлантып айтылган сөздөр - акылдын арыганын билдирет. Акылдуу болуп төрөлүш - бул башкарууга зыян келтирүү».

Мэн Цзы Асмандын Каары-Гэмин (Асмандын Эркинин өзгөрүшү) концепциясын иштеп чыккан. Буга ылайык күч колдонуу менен алмаштырылган бийлик - бул жогортон ылдый түшүрүлгөн жаза. «Асманда эки күн болбогон сыяктуу эле, элде да эки башкаруучу болушу мүмкүн эмес». Мэн Цзы окуусуна ылайык жердеги социалдык теңсиздик, мураска өтүүчү саясий бийлик ж.б. асмандын эрки менен болот. Жыйынтыктап айтканда Конфуций окуусу - социалдык жана экономикалык жактан азыраак камсыз болгон, төмөн жакта тургандарга карата «чоңдордун» аталык камкордугу катары, саясий илимге патернализмди түшүндүрөт.

Конфуцийчилик

Конфуцийчилик (Куңзычылык) - байыркы Кытайда пайда болуп, анын рухий маданиятына, саясий турмушуна жана коомдук өнүгүшүнө эки миң жылдан көбүрөөк таасир тийгизген этикалык-саясий окуу.

Конфуцийчиликтин негизи б.з.ч. 6-кылымда Конфуций тарабынан түзүлүп, кийин анын шакирттери (Мэн цзы, Сюнь цзы ж.б.) тарабынан өнүктүрүлгөн.

Конфуцийчилик байыркы салттарды, адамдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу өз ара мамилелеринин принциптерин бекем тутууга, ошону менен коомдук түзүлүштү жана салттуу бийлик формаларын чыңдоого үндөгөн.

Кытай философиясы

Кытай философиясы ...

Легизм

Легизм (Фа-цзя – «мыйзам мектеби») – байыркы Кытайдагы саясий-философиялык агым. Легизм б.з.ч. VII–VI кылымда Конфуций окуусу жана Даосизм менен бир мезгилде пайда болгон. Мааниси жагынан Конфуций окуусуна каршы турган. Эң көрүнүктүү өкүлдөрүнөн бири Гунсун Ян, тарыхта калган аты Шан Ян (Цин падышачылыгы мезгилинде б.з.ч. 338-ж. өлтүрүлгөн), экинчиси Хан Фэйцзы (б.з.ч. 223-ж. ууландырылган) болгон. Легизм даону жаратылыштын табигый өнүгүү жолу катары түшүндүргөн. Хан Фэйцзы кудайга жана арбактарга ишенүүгө, алардын амирине адамды садага чабууга каршы чыккан. Легизм философиялык-саясий проблемалары мамлекеттик курулуштун конкреттүү маселелерине баш ийдирилген. «Мыйзамчылар» же европалыктар айткандай легисттер, жеке менчикти жана башкаруучунун жеке бийлигин сактоого багытталган бирдиктүү, жалпыга бирдей милдеттүү мыйзамдарды кийирүүнө талап кылышкан. Мамлекеттик бюрократтык аппаратты дайыма жаңыртып туруу, ар бир кызматчынын милдеттүүлүгү ж.б. легизмге мүнөздүү белгилерден. Шан Ян өзүнүн негизги көз караштарын 26 главадан турган «Шан областынын башкаруучусунун китеби» эмгегинде берген. Анда төмөндөгүлөрдү зарыл деп көрсөтөт:

1) жазалоонун көп болгону жана сыйлоонун аздыгы;

2) жазанын үрөйдү учургандай мыкаачылык менен болгону;

3) майда кылмыштар мыкаачылык менен жазаланса, анда оор кылмыштар өзүнөн-өзү эле болбой калат;

4) адамдар чачыранды болушуп, бирин-бири аңдып турушканы оң.Шан Яндын жана легисттердин позициясы: "күчсүз эл – демек күчтүү мамлекет, күчсүз мамлекет – күчтүү эл. Демек, элди алсыздантуу – мамлекеттин башкы милдети."

Моизм

Моизм – байыркы Кытайдагы этикалык-саясий окуу. Бул философиялык мектептин негиздөөчүсү Мо Ди (Мо-цзы) болгон. Мо Ди жана анын окуучуларынын (моистер) көз караштары «Мо цзы» китебинде берилген. М. б. з. ч. IV–III кылмда калыптанган. Мазмуну боюнча Конфуций окуусуна жана Лао-цзынын теорияларына каршы болгон. Коомду «жалпы сүйүү жана өз-ара пайда» принцибинин негизинде кайра куруу программасын иштеп чыгышкан. Бардыгына бирдей тең сүйүүнүн жоктугу – мамлекеттеги баш аламандыктын башкы себеби. Баш аламандык деген эмне? Бул, бала атасын эмес өзүн сүйөт, ошондуктан өз пайдасы үчүн атасына зыян келтирет. Азыркы падышачылыктардын башкаруучулары жалаң гана өз падышачылыгына карата сүйүүнү билдиришет, ошондуктан алар башка өлкөлөргө сокку ургулары келишет. Азыркы үй-бүлөлөрдүн башчылары өз үй-бүлөлөрүнө карата гана сүйүүсүн билишет, алар башка үй-бүлөлөрдө сүйүшпөйт. Эгерде адамдардын ортосунда өз ара сүйүү жок болсо, анда өз ара жек көрүүнүн пайда болоору бышык Моизм бийлиги мураска калган ак сөөктөргө, алардын коомдук саясий артыкча абалына каршы чыккан. Ошентсе да Моизм байлыкты жектеген эмес. Моисттердин окуусунда байлык өтө баркталып, жокчулук-адепсиздиктин көрүнүшү катары айыпталган. «Байлык эмгекти сүйүүдөн улам болот, ал эми кедейчилик-жалкоолуктан»-, деп белгилеген Мо Ди. Мо Динин жолун жолдоочулар (кеч моисттер) анын окуусун андан ары улантышкан. Кытай философиясынын тарыхында биринчи жолу түшүнүп-билүү процессин издөөнү жолго коюшкан. Түшүнүп билүүнүн предмети катары объективдүү чындык катары тышкы дүйнөнү эсептешкен. Моисттерде математика, физика, инженерия өнүгүүгө ээ болгон.

Неоконфуций окуусу

Неоконфуций окуусу — Кытай философиясында Сун (X-XII к). мезгилинде пайда болгон окуу.

Неоконфуций окуусунун негиздөөчүлөрдөн бири - Чжан Цзай. Негизинен этикалык-саясий багытта болгон Конфуций окуусунан айырмаланып, Неоконфуций окуусунда көп орун онтология, натурфилософия жана космогония маселелерин изилдөөгө берилген. Неоконфуций окуусунун көрүнүктүү өкүлдөрүнөн бири - Чжу Си. Кытайдагы философиялык жана коомдук-саясий ойдун өнүгүшүндө үстөмдүк кылуучу агым катары Неоконфуций окуусу ХХ к. башына чейин жашап келген.

Педагогика

Педагогика (Байыркы грек тили. παιδαγωγική — чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς — бала, ἄγω — алпаруу же жетелөө)

Саясат таануу

Саясат таануу илиминин калыптанышы: негизги түшүнүктөргө киришүү

Саясат таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү

Саясат таануу илиминин объектиси жана предмети

Саясат таануу илиминин изилдөө ыкмалары (методдору)

Саясат таануу илиминин коомдогу аткарган көп кырдуу кызматы

Саясат таануунун пайда болушу

Саясат таануунун пайда болушу - Алгачкы философиялык-этикалык формасында, саясат таануунун фрагменттери -коомдук идеал, идеалдуу мамлекет жөнүндө,

саясаттын маңызы, коомдук жыргалчылыкка жетүү ыкмалары тууралуу түшүнүктөр байыркы дүйнөнүн ойчулдары: Заратустра, Конфуций, Платон, Аристотель, Цицерон жана алардын замандаштарынын эмгектеринде кездешет.

Орто кылымдарда, Кайра жаралуу доорунда жана Жаңы мезгилде саясат таануу негизинен философиялык илимдин чегинде гана өнүккөн. Саясат таануу илимдин өз алдынча тармагы катары өткөн кылымдын 50-жж. аягында калыптана баштаган. XIX-XX к. саясат таануунун бүгүнкү түрүн берген саясат таануу боюнча изилдөөлөр пайда болгон. 1903-ж. АКШда биринчи улуттук саясат таануу ассоциациясы түзүлгөн. Анын өз алдынча илим жана окуу предмета катары калыптанып бүтүшүн үстүбүздөгү кылымдын 50-жж,- нын жарымына тийиш десек болот.

1948-ж. ЮНЕСКОго караштуу саясий илимдин Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн.

1948-ж. Парижде өткөн саясат таануунун негизги маселелери тууралуу эл аралык коллоквиумда анын мазмуну жөнүндөгү документ кабыл алынган. Анда саясий илимдин изилдөөсүнүн негизги объектиси деп:

1) саясий теорияны;

2) саясий

институттарды;

3) коомдук ой-пикир, саясий партиялар, топторду;

4) эл аралык мамилелерди таанууну чечкен.

Бирок, саясий илимдин предмети боюнча жогортодо көрсөтүлгөн эки көз карашты жакындатууга жетишүү мүмкүн болбоду. Кийинчерээк саясий илимдин бүткүл дүйнөлүк конгресстеринде талдоо алкагына улам жаңы темалар, мис., шайлоочулардын шайлоолордогу жүрүм-туруму, чечим кабыл алуу процесси, саясий модерндештирүү, европалык интеграция д.у. сыяктуулар кошулуп жатты, мунун өзү бул илимдин предметин кецитип жана ар түрдүү коз караштардын бир ымалага келишин татаалдатып жиберди.

СССР мамлекетинде саясат таануу узак убакыттар бою буржуазиялык теория катары

саналып, баштапкы абалда сакталып келген. Айрым саясат таануу маселелери тарыхый материализм, илимий коммунизм, КПССтин тарыхы ж.б. коомдук илимдердин чегинде каралып келген. 1962-ж. саясий илимдердин Советтик ассоциациясы түзүлүп, 70-жж. ортосунан тартып, жогорку окуу жайларында саясат таануу проблемалары боюнча өзүнчө лекциялар жана атайын курстар окутула баштаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясат таануунун илими расмий түрдө таанылган. Азыркы саясат таануу объектилери катары коомдун саясий чөйрөсү, анда болуп жаткан процесстер жана кубулуштар эсептелет. Коом жана саясат жөнүндөгү башка илимдерден айырмаланып, саясат таануунун предмети болуп саясий бийликтин калыптанышынын жана өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү, функцияларынын формалары жана ыкмалары эсептелет.

Анын мыйзам ченемдүүлүктөр системасы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

а) саясий кызыкчьшыктардын келип чыгуу жана өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрү, алардын коомдун турмушундагы экономикалык ж.б. тармактар менен болгон өз ара катнаштары жана шарттары;

б) саясий бийликтин орношунун, аракет кылышынын жана өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү;

в) саясий мамилелердин, процесстердин, кубулуштардын, окуялардын келип чыгуусунун, аракет кьшышынын жана өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү;

г) инсан менен бийликтин ортосундагы өз ара мамилелердин мыйзам ченемдүүлүгү.

Тил элдин байлыгы жана баалуулугу

К. Бообекова, КТМУ.Кыргыз тилин үйрөтүүдө негизги максат - коом ичинде жашаган атуулдарга улуттук аң сезимди калыптандыруу үчүн байланыш куруу болуп саналат. Ушул жерде маанилүү деп ойлогон бир окуяны бергим келип жатат. Кытай элинин улуу даанышманы Конфуцийге жанындагылар бир жолу мындай деп сурашыптыр:

- «Эгер сиз өлкөнүн башчысы болсоңуз, эң биринчи эмне кылаар элеңиз?» Уу

луу философ мындайча жооп бериптир:

- «Албетте эң биринчи тилге маани берип, аны оңдоо менен ишти баштамакмын».

Бул жоопту уккан элдин баары таң калып, аны карап калышат. Конфуций сөзүн улайт:

- Тил системалуу, эрежеге таянган, бир тартипте болбосо, сүйлөмдөр туура болбосо, сөздөр айта турган ойду жакшы бере албай калат. Ой жакшы, так, таамай түшүндүрүлбөсө, жасала турган иштер туура жасалбай, кээ бир жерлери кемтик бойдон калат. Милдеттер жана иштер өз орду менен так аткарылбаса, салт- санаа, маданият бузулат. Салт бузулса, адилеттик болбой, башкага ооп кетет. Адилеттик бузулса, эл эмне кылаарын билбей калат, анан бул иш эмне менен бүтөөрү да бүдөмүк болот. Так ушул себептен эч бир нерсе тилдей маанилүү эмес». Конфуцийдин тил тууралуу бул сөздөрү канчалык деңгээлде таамай айтылганы жогорудагы сөздөрүнөн даана көрүнүп турат. Бул ой азыр деле актуалдуулугун жоготпой келет. Бир элдин өнүгүү тарыхында тилдин ролу абдан маанилүү.

Биздер ата- бабаларыбыздан эки куттуу, ыйык мурас алып калдык: бири - Ата мекенибиз Кыргызстан, экинчиси – эне тилибиз. Мекен жана эне тили- бир коомду улут катары кармаган жана улуттук аң сезимди өнүктүргөн эки чоң ыйык баалуулук болуп саналат. Мекенди коргоо жана аны өнүктүрүү үчүн каны жаныбызды аябай, кандай тикебизден тик турсак, тилибизди да (ар түрдүү тилдик паразиттерден) коргоп өстүрүү, аны адабий тил деңгээлинен илим тили деңгээлине көтөрүү үчүн да ошондой сезимталдык, жоопкерчилик көрсөтүү зарыл. Тилибизди жоготуп алсак, улут болуу, улут катары жашоо же көз карандысыз болуу тууралуу сөз козгоонун зарылчылыгы калбай калат.

ХХ кылымдын экинчи жарымынан кийин бүт дүйнөдө байланыш технологиясы тармагында өтө тездик менен өнүгүүлөр жасалып, коомдук маалымат каражаттары белгилүү бир чектүүлүктөн чыкты. Каалаган учурда, дүйнөнүн ар кандай бурчунан кабар окуу, жазышуу, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Азыр үйдө отуруп эле 24 саат бою дүйнөдө эмне болуп жатканын билүүгө болот. Мындай байланыш жана компьютердик технологиянын өнүгүүсү менен катар, интернет аркылуу кишилер арасында байланыш оңой болуп, тездеди жана арзандады. Бул өнүгүүлөр тилдин өтө маанилүү курал катары колдонулушун өзгөртө албады. Бирок, технологиядагы мындай өнүгүү өзү менен бирге кээ бир мүчүлүштүктөргө, кедергилерге себеп болууда. Мисалы, ө, ү, ң тамгаларынын ордуна о, у, н тамгалары колдонулуп, сөздөрдү ката жазылганы аз келгенсип, жаштар уюлдук телефондордон, интернеттерден бири –бирине билдирүү, кабар жөнөтүүдө колдонгон кыскартылган жана ката жазылган «сленг» сөздөр көбөйдү да, «ушундай жазса деле боло бере турганы тууралуу» жаңылыш ой жана кайдыгерлик пайда болду. Тилекке каршы ошол сленг сөздөр жана бузук тил коомдо орун алып, кеңири жайылып келе жатат. Ошондой эле бир эле сөздү, мисалы «бет ачар» деген сөздү ар бир газетада жана журналдарда ар бар автор 8 түрдүү жазганын алсак болот.

Андан башка да соңку кабыл алынган орфографиялык эреже жазуу тилинде бир топ эле мүчүлүштүктөрдү өзү менен кошо ала келди. Жер- суу аттарын, административдик аймактардын аталыштарын жазууда мааниси түшүнүксүз көптөгөн жер аттары чыкты. Эски эреже менен жазууда жер- суу аттарынын эмнеден келип чыкканы, эмнеге байланыштуу экени түшүнүктүү болчу. Андыктан балким бул эрежелердин кайрадан каралып чыгуусу каталарды оңдоого жана келечекте тилдин бузулбашына азыртан салым болоор эле.

Ар бир киши сөздөр аркылуу ой жүгүртөт, сөздөр аркылуу жыйынтыка келет. Тил канчалык өнүккөн болсо, ойлор ошончолук даана берилет. Сөзүбүз, колдонгон тилибиз, түзгөн сүйлөмдөр аркылуу тилибиздин кандай деңгээлде экени таамай аныкталат. Ой жүгүртүү өзгөчөлүгүбүз билинет. Айтыла турган ойдун сүйлөм аркылуу бүткөнү же бүтпөй калуусу ошол тилдин өнүгүү, колдонулуу өзгөчөлүгүнө, тармагына жараша өзгөрөт. «Тил бир улуттун күзгүсү. Бул күзгүгө караганыбызда ал жерден өзүбүздүн чыныгы жүзүбүздүн чагылышын көрөбүз» (Шиллер).

«Сөздүн күчүн түшүнбөй туруп кишилердин күчүн түшүнө албайсыз. Сөздүн күчүн билбегендер менен маанилүү бир теманы сүйлөшүү мүмкүн эмес»- деп улуу философ Конфуций айткандай, сөздөрдү туура колдонбогонубуздан улам иштер аксап, туура эмес түшүнүүлөр болуп жатканы талашсыз. Андан да аралаш тил колдонуу аркылуу маалымат эне тилинен башка тил билбегендерге жеткиликтүү берилбей калып жаткансыйт.

Учурда бир эле эне тилин билүү жетпейт, орусча, англисче же башка чет тилди билүү, сүйлөө негизги өзгөчөлүк эмес. Маданияттуу жана билимдүү болуунун да бир критерийи эмес. Ал болгону зарылдык. Эне тили менен кошо башка тилдерди жана компьютерди билгенде гана иш табууга болот. Бул бизге окшогон кичинекей өлкө атуулдары үчүн талашсыз бир шарт.

Кыргыздар Кыргыз тили менен улут. «Улут болсоң тилиң менен улутсуң» -деп Мамлекеттик Тил башкармалыгынын алдына бакыйтып жазылган. Бирок, ал сөз жөн эле жазылып асылгандай сезилет. Телевизордон көргөндө да чогулуштарда сүйлөп жаткан кызматкерлер, жетекчилер башын жакшы эле Кыргызча баштап келип, ортолорго келгенде эле орус тилин аралаштырып жиберишет же чогулуш эки тилде өтөт. Аны көп учурда кээ бирөөлөр жеткиликтүү түшүнбөй калат да, иштердин аксоосуна, кечигүүсүнө себеп болууда. Дайыма орус –кыргыз тилдеринде аралаш өткөн чогулуштар же баарлашуулар, негизги ойлор калкка жетпесе деле боло берчүдөй элес калтырат. Уккан калк да, уккусу келбей калган учурлар кездешет. Калк өзүн ыңгайсыз сезип, маселе ал үчүн эмес, ошол сүйлөп жаткан чоңдорго гана тиешеси бардай кайдыгер карап калышат. Демек, мамлекеттик тил анча деле маанилүү орунда эмес болсо, аны ким убакыт, энергия, акча, күч коротуп үйрөнмөк эле? Ал Кыргызчаны үйрөнгүсү келбегендерди зордогонго да болбойт. Анткени, баш мыйзам аркылуу укугу корголгон.

Бир убакта 624 жыл бою дүйнөнү титиреткен Осман империясында жаңы «Османлыжа» деп аталган осман тили колдонулган. Бул тил империяны башкарган султандар, казынадагылар, вазирлер, аскерлер колдонгон түркчө, фарсча, арапча аралашкан тил болчу. Ал тилде негизги буйруктар, реформалар кабыл алынып жазылчу. Бирок, калктын дээрлик көпчүлүгү ал тилди түшүнчү эмес. Калк түркчө түшүнчү. Башкаруучулар менен калктын ортосундагы тилдик айырма алардын арасында ар түрдүү түшүнбөстүктөргө, кедергиге жана кайдыгерликтерге түрткү болгон. Кайдыгерлик болгон жерде чөгүү болот да. Кээде карап туруп, «биз да ошого окшоп бара жаткан жокпузбу?»- деген суроо эске келет. Бир тараптан «ооба», экинчи тараптан «жок». «Ообасы», кыргызча- орусча аралаш сүйлөшкөнүбүз, анан да карапайым калк кээ бир нерселерди түшүнбөй калганы. «Жок» тарабы, сөз эмне жөнүндө болуп жатканын орто жана жогорку билимдүү калк түшүнөт. Бирок, тилди ой келди колдонуу тилибиздин бузулушуна алып келүүдө. Натыйжада же толук Кыргызча эмес же толук орусча эмес бир тил чыгууда. Бул туура эмес кабыл алууга, жетерсиз котормолорго өбөлгө болууда. Мисалы, орусча, «я думаю о том, ...» деген сөз айкашын Кыргызчага тике которуп «Мен ойлойм..» дегендер көбөйдү. Кыргызчада ал «менин оюмча, менимче ... ушундай болот»- деп эле айтылуусу керек болчу. Тилдин жасалыш өзгөчөлүгү, сүйлөмдүн түзүлүшү бузулуп, мындай айтылган ой дароо жетпейт, келегей ой сыңары калат.

«Маданияттын биринчи баскычы эне тилинде жакшы сүйлөө жана жана туура жаза алуудан башталат» - деген түрк философу Пейами Сафа. Өз тилибизди туура, так сүйлөө, жазуу менен мекенге, элге, тилибиздин өнүгүүсүнө кызмат кыла алабыз. Өз тилибиз өнүккөндө карапайым элдин ой чабыты өнүгөт, кеңейет.

Конституциябызда- негизги мыйзамда 5- беренеде «мамлекеттик тил» деп белгиленген, бирок расмий тил эмес. Расмий тил орус тили экени 5- берененин экинчи бабында жазылган. Демек, «жергиликтүү калк, анын ичинен каалагандар мамлекеттик тилди байланыш каражаты катары колдонсо болот, каалабаса расмий тилибиз бар эмеспи» деген эне тилибизге солгун мамиле көрүнүп турат. Дал ушул солгун, кайдыгер мамиледен улам тилибиздин абалы чеке жылытпай келет. Талап катуу жана жетиштүү болбогондон улам, илим тили абалына келе албай жатат, илимий жана технология жаатында терминдер жетиштүү деңгээлде жана бирдиктүү түрдө кыргызчаланган эмес. Албетте эмгек жазып жатып ар бир автор колунан келишинче терминдерди кыргызчалаган болуп жатат, бирок, тил бирдиги, ой бирдиги сакталбай жаткан сыяктуу көрүнүш бар. Муну бир эле термин ар түрдүү автордун жазуусунда Кыргызча ар башкача аталганынан байкасак болот. Кээ бир жазууларда кээ бир илим тармагында илимий терминдер орусча бойдон эле аягына Кыргыз тилиндеги мүчөлөр уланып берилген учурлар көп эле кездешет.

Тил тууралуу ошол эле 5-берененин 4-бабында «Мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбейт» деп жазылган. Мындан өлкөбүздө жашаган Кыргыз эмес башка этникалык топко тиешелүү калктардын өкүлдөрү мисалы дунган, өзбек, тажик элинин өкүлү кыргызча же орусча билбесе да болот деген түшүнүккө алып барган жокпу? Анда ал убакыт өткөн соң, «мен да бул өлкөнүн атуулумун, менин да тилимди билишиңер керек» деген доомат менен чыкса, аныкы туура болот да. Себеби, мыйзам аркылуу укугу белгиленип жатпайбы. Муну 3-бапта да көрсө болот. «Кыргызстандын элин түзгөн бардык улуттардын эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет». Албетте, орус тили улуу тил, биздин эл ал тил аркылуу илим, билим, техниканы, технологияны үйрөндү, муну танууга болбойт. Бирок, өз тилибизди колдонбой же экинчи планга таштап коюу да туура эмес. Ошондой эле, өлкөдөгү башка элдер өз тилинде сүйлөсө сүйлөй берсин, ырдай берсин, а бирок өлкөнүн тили эч өзгөрүүсүз өнүкпөй калып жатат. Ага да көңүл буруу керек. Кыргыз тилин кыргыздардан башка эч ким сүйлөбөгөн бойдон калат, себеби, мыйзамда тил билүү зарылчылыгына басым жасалбайт. Тилибизди өлкөдө өнүктүрүү боюнча кээ бир ойлорду сунуштагым келди:

Сунуштар:

•Тилди өнүктүрүү жагын жаңы мыйзамды талкууга коюуда эске алуу керек. Антпесе, тил баягы бойдон калат же «аралаш тил» аркылуу артка да кете берүү, жоголуу ыктымалы да бар. Кечикпей ойлонуубуз, тил мыйзамы үчүн, тилди өнүктүрүү үчүн керектүү чара колдонуубуз зарыл.

• Мамлекеттик кызматтага кадр алууда өлкө атуулдарына Кыргыз тилин билүү талабын күчөтүү аркылуу ийгиликке жетише алабыз. Кыргыз тилин окуп, түшүнүү жана жаза алуусу кесиптик компетенттүүлүктүн бир критерийи катары баалануусу атуулдардын Кыргыз тилин үйрөнүүсүн тездетет.

• Тил үйрөтүүчү курстарга жалаң эле чет тилин эмес, Кыргыз тилин үйрөтүүнү да кошуу максатка ылайык. Чет тилге маани берип жатып, өз тилибиз унутта же кийинки планда калбасын.

• КГУСТАнын мугалимдери даярдаган Кыргызча компьютердик программалар кечиктирилбей эл арасына таратылуусу керек. Бул да илим жана технология тилин өнүктүрүүгө өзгөчө жардам болот.

• Эне тилибизди урматтоо, колдонуу, сактоо, өнүктүрүүнү ар бир атуулдун милдети катары мыйзамдык актыларда белгилөө.

Ци же Юанци

Ци же Юанци – Кытай натурфилософиясынын негизги түшүнүгү. Алгачкы мааниси – «аба», «буу», «дем». Өтө кеңири мазмуну – алгачкы материя, жаратылыштын негизги материясы, «жашоонун күчү» ж. б. Конфуций окуусунда жана неоконфуций» окуусунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Чжу-Синин эмгектеринде дүйнө – Ци же Юанциден жаралат. Ци же Юанцинин жеңил жана таза бөлүгү өйдө көтөрүлүп, асманды жаратат. Биринчиси – янци, экинчиси – инци деп аталат. Булардан тышкары дагы беш Ци же Юанци бар же болбосо беш алгачкы элементтер – «жаратылыштын стихиялары» бар: суу, от, дарак, темир, жер. Ин жана яндын же беш «стихиянын» гүлдөшү жана өлүмү жылдын төрт мезгилинин алмашышы менен жүрөт. Ци же Юанци түшүнүгү Конфуций, даосизм жана легизм окууларында кеңири колдонулат.

Чжу Си

Чжу Си (1130-1200) — Кытай философу, Сун доорундагы неоконфуций окуусунун

көрүнүктүү өкүлү.

Чжунун эмгектеринде Конфуций окуусунун идеялары системага келтирилген. Чжунун окуусуна ылайык идеалдуу башталыш - ли - биринчи, ал эми материалдуу башталыш - ци - экинчи деп эсептелет. Ли форма жана сапатка ээ эмес, ошондуктан аны сезе билүү мүмкүн эмес.

Ин жана Яндын дайыма алмашып туруу процессинин натьтйжасында дүйнөнүн беш материалдык алгачкы элементтери пайда болот: суу, от, дарак, темир, жер. Чжу Конфуций окуусунун этикалык-саясий багытын чечкиндүү колдогон. Адамдын «төрөлгөндүгү табиятын» идеалдуу башталыш - лиден деп билген. «Коомдук турмуштун негизин конфуцийдин этикалык-саясий көрсөтмөлөрүн так аткаруу түзөт» - деп түшүндүргөн. Кийинки мезгилдерде Чжу окуусу элге билим берүү системасынын негизин түзгөн.

Чжуан Цзы

Чжуан Цзы (б.з.ч. 369—286) — Байыркы Кытай философу, даосизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири.

Анын өмүрү жөнүндөгү маалыматтар өтө аз. Ал Сун падышачылыгынын мезгилинде төрөлгөндүгү гана белгилүү. «Чжуан-цзы» трактаты притча, новелла жана диалогдор формасында жазылып, Конфуцийдин жана Мо-Цзы (Мо Ди) окууларына каршы

багытталган. Чжуан окуусунун негизин дао концепциясы түзөт. Дао — бул жашоонун маңызы, дүйнөлүк негизи, бардык заттар андан пайда болот да түбөлүктүү жашоонун айлампасында дайыма өзгөрүп турат. Жашоо - бул кыймылдын үзгүлтүксүз агымы. Бардык кубулуштар өзгөрүп жана өздөрүнүн карама-каршылыгына өтүп турушат: ысык муздайт, ийри түзөлөт ж.б. ушундан улам ар кандай сапатта дайыма салыштырмалуу болот.

Чжуан адамдардын табигый теңдигин, жекече моралга ээ болуу укугун жактап, адамдардын «чоңдор» жана «жөнөкөйлөр» болуп бөлүнүшүнө, кулчулукка, бийликтин

бетпактыгына каршы турган. Анын китебиндеги каармандардын арасында көптөгөн эмгекчилер, мыкты зергерлер бар. Чжуан мындай деп билдирген: Конфуций окуусунун «гумандуулук», «адилеттүүлүк», «милдет» сыяктуу этикалык принциптери адамдын чыныгы табигатына карты, «колго алтынчы манжанын кереги жок» сыяктуу эле бул принциптердин адамга эч кереги жок. Чжуанды өзгөчө кызыктырган жашоо жана өлүм проблемалары болгон. «Дененин өлүшү менен адамдын жаны жоголот» - деп чечкен Чжуан.

Чжэнчжоу

Чжэнчжоу - Кытайдын түндүгүндөгү шаар.

Хэнань провинциясынын адм. борбору. Калкы 2 млн (2010; агломерациясы менен 2,2 млн). Ири жол тоому. Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда (2010). Провинциянын саясий, экономикалык, технолиялык жана илимий борбору. Кебез кездеме, тамак-аш, химиялык, текстиль, машина куруу (т. ж. локомотивдери, тракторлор, айыл чарбасы техникалары, энергетика жабдуулары) өнөр жай ишканалары, кебез-кездеме жана жер семирткич өндүрүшү иштейт. ЖОЖ, театрлар, музейлер, Шаолинь монастыры, Хань династиясына таандык (Конфуций) жана храмдар, Эрци мемориалдык мунарасы сакталган. Зоопарк у юшту рулган.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.