Коло доору

Коло доору — болжол менен биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын жана согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк Иран, Түркия жана Месопотамиядан биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкка таандык эң байыркы коло куралдар табылган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын аягынан), Индияда (биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягынан), Кытайда (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунан) жана Европада (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктан) пайда болгон. Америкадагы Коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу жана Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (биздин замандын 6-10-к.) металлургиянын борбору болгон. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү болгондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди мекендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азиянын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Казакстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесип кылган урууларында биздин заманга чейинки 17-14-кылымда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кышаарынан, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдар жана «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында биздин заманга чейинки 12-8- кылымда Коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт.

Gefuding Gui
Коло доору (Кытайда).

Дагы караңыз

Колдонулган адабияттар

Археологиялык мезгилдерге бөлүштүрүү

Археол. илиминде колдонгон эмгек куралдарына жараша тарыхый мезгил таш, коло, темир доору деп бөлүштүрүлөт. Таш доору үчкө бөлүнөт: палеолит – байыркы таш доору (б. з. ч. 2 млн. 600–10 миң жылдыктар), мезолит – ортоңку таш доору (б. з. ч. 10–7 миң жылдыктар), неолит – жаңы таш доору (б. з. ч. 6–4 миң жылдыктар). Байыркы таш доору – төмөнкү таш доору (2 млн. 600 миң ж-тар), жогорку таш доору (40–10 миң жылдыктар аралыгы) болуп экиге бөлүнөт. Төмөнкү таш доору олдувай, ашель, мустье доору болуп үчкө бөлүнөт. Таш доорунан кийин жез таш доору (энеолит) деген өткөөл мезгил бар. Ал б. з. ч. 4–3 миң жылдыктарды, коло доору б. з. ч. 3-миң ж-тан 1-миң ж-ка чейинки аралыкты камтыйт. Эрте темир доору 1-миң жылдыктан б. з. ортосуна чейинки учур. Кийинки А. м. б. тарыхта орто кылымдар доору деп уланып кетет. Археол-да айрым аймактар үчүн этностордун аты м-н аталган шарттуу мезгилдерге бөлүштүрүү да колдонулат. Мис., Орто Азия археол-нда сак доору (б. з. ч. 8–3-к.), Борбордук Азия археол-нда байыркы түрк мезгили (б.з. 6–10-к-ры), Түштүк Сибирь археол-нда кыргыз мезгили (840-ж.–10-к- дын ортосу), моңгол мезгили (13–14-к.) ж.б. Археол.маданияттын аты м-н колдонулган шарттуу аталуучу мезгилдер да кездешет. Мис., андрон мезгили.

Жазыкечүү көрүстөнү

Жазыкечүү көрүстөнү – б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башына (коло доору) таандык чарчы, тегерек түрүндө тизмектелип, тегерете таш менен курчалган мүрзөлөр. Кетментөбө өрөөнүндөгү Көкбел ашуусунун этегинде, Бишкек–Ош жолунун эки тарабында. Археолог Н. Г. Галочкина 125 мүрзөнү изилдеген. Ар бир мүрзөнүн көлөмү 3–5 мге жетип, маркумдардын сөөгү бүрүштүрүлгөн абалда же сөөгү өрттөлүп, анын күлү карапа идишке салынып көмүлгөн. Маркум менен кошо карапа идиштер, аземдик буюмдар, коло сөйкөлөр ж. б. буюмдар коюлган. Карапалардын беттери ар кандай геометриялык фигуралар, оймо-чиймелер менен кооздолгон.

Жебел

Жебел – үңкүр; көп катмарлуу археологиялык эстелик. Түркмөнстандын Жебел шаарчасынан 4 км алыстыкта. 1949–50-ж. археолог А. П. Окладников изилдеген. Төмөнкү 6 мезолиттик катмардан көп сандаган мезолиттик типтеги оттук таштан жасалган ар кандай куралдар, үстүңкү мезолиттик катмардан кууш түптүү буюмдар табылган. Жебел эстелигинин жогорку катмарында неолит убагы менен коло доору башталган кездеги өзүнчө бир катмар жаткандыгы эсепке алынган.

Каракол кенчи

Кaракол кенчи I 1884-жылы Караколдон табылган. Кенч коло дооруна тиешелүү төрт буюмдан турган: бычак, көзөөч, шынаа сымал көлөмдөгү уңгусу жок керки жана көзөөч сымал керки. Көзөөч сымал керкинин жасалыш ыкмасы жогорудагы куралдардан кескин айырмаланып, Болгария менен Румыниянын чегарасында жайгашкан Гумельница энеолит маданиятынын буюмдарына жакын. Болжолу бул буюм Каракол кенчине соода байланышы аркылуу кошулуп калган болуу керек. Каракол кенчи Москва университетинин антропология музейинде сакталууда.Каракол кенчи II Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы Каракол айылынын жанынан 1976-жылы табылган. Кенч кеч коло доору жана эрте темир дооруна тиешелүү беш канжардан турат. Канжарлардын узундугу 29,5 см, туурасы 5,2 см. Кээсинин сабынын башында жылкынын, койдун сөлөкөттөрү түшүрүлгөн. Ар түрдүү калыпта куюлуп, көлөмдөрү бири-биринен айырмаланганы менен негизги жасоо ыкмалары, саптарынын башында жаныбарлардын келбеттеринин түшүрүлүшү боюнча булардын бир устанын колунан чыккандыгын далилдеп турат. Д. Ф. Винник, Е. Е. Кузьмина жылкынын жана койдун келбеттеринин түшүрүлүшүн коло доорундагы элдердин мифологиясында, фольклорунда бул жаныбарлардын кеңири тарашы менен байланыштырышат.

Коло доору. Ош турган жайы.

Коло доору. Ош турган жайы.

Коло доорунда (биздин заманга чейин 3- миң жылдык- биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын башы) техника менен маданияттын ѳнүгүшү бир топ ылдамдап, мунун негизинде Жакынкы чыгыштагы кул ээлѳѳчүлүк мамлекеттерге жерди суугаруу, айдоо, кол ѳнѳрчүлүк, жазуу иштери ѳнүккѳн. Европа менен Азиянын көпчүлүк жерлеринде мал чарбачылыгы кеңири тарап , энелик доорду аталык доору, коло доорун темир доору алмаштырган. Борбор Азиянын туштүк- батышында отурукташып, дыканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен.

Болжол менен биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта Орто Азияда жез кеңири жайылып , андан эмгек куралдары жасала баштаган. Бирок жезден жасалган куралдар жумшак келип, тез мокогон. Качан гана адамдар жез менен калайдын кошулмасынан колону алууга үйрѳнгѳндѳ, адамзат коомунда ири прогрессивдүү ѳзгѳруштѳр башталган. Кыргызстандын аймагынан жез кендери Ноокаттан, Чаткалдан, Кетментѳбѳдѳн, калай Ысыккѳлѳдгү Сарыжаз суусунун жээгинен казылып алынган. Коло доорунда Кыргызстандын аймагында эки маданият ѳнүккѳн. Борбор Теңиртоодо , Ысыккѳлдѳ , Чуй жана Талас ѳрѳѳндѳрүндѳ кѳчмѳн мал чарбачылыгы аздыр- кѳптүр дыйканчылык, аңчылык менен айкалышып ѳнүккѳн. Бул кездеги адамдар казак талааларындагы жана Түштүк Сибирдеги элдер, уруулар менен байланышта болгон. Тектеш чарбалык маданий эстеликтеринен улам алардын маданиятын Андрон маданияты деп аташат. Бул маданияттын эң бай кенчи Кочкор ѳрѳѳнундѳгу Шамшы айылында табылган. Андрон маданиятынын ѳкүлдѳрү кыргызстандагы бийик тоолуу Аксай, Арпа ѳрѳѳндѳрүн да ѳздѳштурушкѳн. Кол ѳнѳрчүлѳр ѳз алдынча кесип ээлери катары бѳлүнѳ баштаган. Колодон канжар, найзанын, жебенин учтарын, орок , балта жасашкан, жүндѳн кездеме токуганды жана тери иштеткенди мыкты ѳздѳштүрүшкѳн. Коло дорунун биздин заманга чейин 18- 15-кылымга таандык тургун жайы Чүй ѳрѳѳнундѳгү Беловодскиден, биздин заманга чейин 12-9 кылымга таандык эстеликтерди , аска бетине тартылган сүрѳттѳрдү Аламүдүн, Александровка, Жайылма жана Кайыңдыдан табышкан.

Токтогул районунун жаны борборун куруу мезгилинде Андрон маданиятынын мезгилиндеги турак үй табылган. Ал бир метрдей казылган 70 чарчы метрдей жерге тургузулган. Бул жер үйдүн дубалы жана үстү устундар менен бекитилип, чырпык менен каланган жана ылай менен шыбалган. Мында 25тей адамдан турган үй-булѳ биргелешип чарба жүргүзгѳн.

Коло дорунда ѳлгѳндѳрдү ѳрттѳѳ жана жерге коюу салты колдонулган. Мүрзѳлѳргѳ тамак- аш, металлдан жасалган бычактар, ийнелер, сѳйкѳлѳр, билериктер жана башка кошо коюлган. Кыргызстандын айрым жерлеринен коло дооруна тиешелүү байыркы кенчтер табылган. Коло дооруна таандык аскага тартылган сүроттѳр Жалалабад облусундагы Тогузторо районунда жайгашкан Когарт суусунун батышындагы саймалыташ сүрѳт галериясында топтолгон. Саймалыташ- таш бетине чегилген сүрѳттѳрдүн дуйнѳдѳгү эң чоң, уникалдуу галереясы. Аз сандагы аскага тартылган сүрѳттѳр Сулайман тоосунан. Араван кыштагына жакын аскадан, Чолпоната шаарына жакын жерден, Кетментѳбѳ жана Алай ѳрѳѳндѳрүнѳн табылган.

Андрон маданиятындагы уруулар негизинен мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Жылкыны ѳзгѳчѳ аздектеп асырашкан. Андрон маданиятындагылар алгачкылардан болуп кымыз жасаганды үйрѳнүшкѳн деген пикир бар. Андрон маданиятынын ѳкүлдѳрү социалдык жактан үй- бүлѳлѳргѳ бѳлүнуп жашашкан. Ал үй- бүлѳлѳр уруктардды тузгѳн. Уруктар ири урууларга бириккен. Коомдук ѳндүрүштун жакшырышы менен азык түлүк, байлыктар кѳбүрѳѳк ѳндүрүлѳ баштаган. Урук башкаруучусу мүмкүнчүлүктѳн пайдаланып , байлыктын кѳбүн ѳзүнѳ ыйгарган . Аскер башчылары жана дин башчылары ѳзгѳчѳ укуктарга ээ болушкан. Коомдо теңсиздиктин алгачкы белгилери пайда болгон. Буд доордо уруктун жана уруунун башына эркек жол башчылары туруп, ата бийлигинин доору – патриархат ѳз үстѳмдүгүн жүргүзгѳн. Кыргызстандандын түштүгүндѳгү Фергана ѳрѳѳнүндѳ байыркы дыйканчылыкка негизделген экинчи маданият ѳнүккѳн. Ал шарттуу түрдѳ Чуст маданияты деп аталган. Чуст маданиятындагы уруулардын социалдык түзүлүшүндѳ да теңсиздик ѳкүм сүргѳн. Бул маданияттын ѳкүлдѳрү буудай, арпа, таруу, сулу ѳстүрүшүп, бирок мал чарбасы буларда негизги тармак болгон эмес. Кол ѳнѳрчүлүк андрон маданиятына салыштырмалуу күчтуү ѳнүккѳн. Түшүмдү таш, коло ороктор менен орушкан. Эгиңди үйдүн ичине казылган ороолордо сакташкан. Айрым ороолорго бир тоннадай эгин баткан. Байыркы ферганалыктардын таш ороктору Ысыккѳлдун уч жеринен, Чыгыш Түркстандан, озбекстандын түштүгүнѳн кездешкен. Чуст тургун жайларыѳзгондүн жанынан, Куршабдан, Ноокаттан табылган. Бул маданияттын эн байыркы жана ѳзүнчѳ айрымалуу эстеликтеринин бири-коло доорундагы Ош тургун жайы. Ал узундугу 200метрден кем эмес аянты ээлеп, Сулайман тоосунун Түштүк тарабындагы тик капталда тектир- тектир болуп жайгашкан. Ошол кезде үйлѳр сулайман тоосунун борборундагы бийик аскасын тегерете жайгашкандыгы жѳүндѳ божомолдоого болот. 70тен ашуун ороолор табылган. Археологдор тарабынан бул тургун жай дыкат изилденип. Азыркы Ош аймагында алгач отурукташып , дыйканчылык менен кесиптешкен калктуу тургун жай мындан 3 миӊ жыл мурда пайда болгондугу аныкталды. Ош тургун жайынан 70тен ашуун ороолор табылган. Аларда дан жана башка азык- түлүктѳр сакташкан.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейи

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейи — Борбордук Азиядагы ири музейдин бири; 1925-жылы 9-декабрда уюшулуп, Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездине карата (5. 3. 1927) ачылган. Алгач М. В. Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашкан. Музейдин туңгуч директору жана анын этнография бөлүмүн негиздөөчү С. М. Абрамзон болгон. 1930-жылдан этнографиялык жана табият таануу боюнча коллекцияларды жыйнап-топтоо маселесине көңүл бурулуп, 1941-жылы А. Н. Бернштамдын жетекчилиги менен тарых-археологиялык бөлүмү түзүлгөн. С. Керимбаев, К. Үсөнбаев, К. И. Антипина, В. Я. Галицкий ж. б. окумуштуу-тарыхчылардын демилгеси менен 1947-жылы музейдин социалдык курулуш бөлүмү ачылган. Архитектор А. П. Зенковдун долбооруна ылайык 1967-жылы музей мурунку Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан имаратка көчүрүлгөн. 1973-жылы 28-декабрда 3500 м2 аянтка (45 зал) Кыргыз Республикасынын жалпы тарыхына байланыштуу байыркы палеолит доорунан XX кылымдын 80-жылдарына чейинки эстеликтер (10 000 түп нускада) коюлуп, илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча бул экспозиция Борбордук Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы болуп таанылган. 1991-жылы В. И. Ленин атындагы Борбордук музейдин филиалынын жаңы имараты ыйгарылып, азыркы учурда музей фондусу 100 миңге жакын буюмга жетип, анын ичинде 48 миңи өтө маанилүү эстелик болуп эсептелет. Саймалуу-Таштагы таш сүрөт көчүрмөсү; коло доору, сак маданиятына таандык курал-жарак, турмуш-тиричилик буюмдары; Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтын буюмдар; байыркы көчмөндөрдүн полихром жасалгалары (биздин замандын I—V-кылымы), Түрк кагандыгына таандык таш жазуулары ж. б. археологиялык жана этнографиялык баалуу коллекция болуп саналат. Үркүнгө байланыштуу эстеликтер чогултулган. Ошондой эле кыргыз элинин салттык маданиятынын үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, улуттук кийим-кече ат жабдык ж. б. бар. Өзгөчө дата, юбилей ж. б. карата илимий конференция, көргөзмөлөр уюштурулат, илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт. 1925—33-жылдары Кыргызстандын Борбордук музейи, 1933—43-жылдары Мамлекеттик край таануу музейи, 1943—54-жылдары Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамлекеттик тарых музейи.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата).

Республикада 3 дубан (Нарын, Ош, Ысык-Көл), 37 район (айылдык), 18 шаар, 31 шаар тибиндеги посёлок (шаарча) бар болгон.

Азыркы кездеги Кыргыз Республикасы.

Кыргызстан тарыхы

20кылымдын башында индия

== Этимология ==нн

Кыргызстандагы коло доору

Кыргызстандагы коло доору — Кыргыз Республикасы ээлеген аймактын коло доорундагы тарыхы. Кыргызстандагы коло доору б.э.ч. III (II) миң жылдыктан – I миң жылдыктын башы аралыгындагы мезгилди камтыйт.

Кыргызстандын археологиясы

Кыргызстандын археологиясы — азыркы Кыргызстандын аймагындагы археологиялык изилдөөлөрдүн жана табылгалардын жыйындысы.

Моголстан

Моголстан - (чагатай тилинде «Мамлакат-и мугулиййе», «Мугулиййе», «Вилайат-и мугулиййе») – 14-кылымдын орто ченинде Орто Азияда түзүлгөн өз алдынча мамлекет. 1346-жылы Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган, башкача айтканда мурунку калыбынан ажырап, бир топ өзгөрүүлөргө туш келген. Мавераннахрда түрк эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) анын чыгыш бөлүгү (к. Манглай Субе) дуулат уруусунун эмири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийгени айтылат. Анда Чыңгыз хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергени («Улус арба’а»), анын бири М. болгону, кийинчерээк ал дагы экиге бөлүнүп, чагатайлар моголдорду «жете» («каракчы»), ал эми моголдор чагатайларды «караунас» (түз мааниде «аргын») деп кемсинтип атаганы, 16-к-дын башында Бабурдун тукумунан башка чагатайлар калбай, кыргыз менен өзбектер (казак) Моголстанды ээлеп алганы, моголдордон болгону Турпан, Кашкар жакта 30 миңдей калып, алар дээрлик мусулман болуп кеткени тууралуу маалыматтар бар. Чыңгыз хандан калган эреже боюнча хандар анын тукумунан гана шайланып, жер-жерлердеги улусбеги, эмир ж. б. аларга кызмат кылууга тийиш болгондуктан, бийликке жетүү үчүн алар хандын тукумунан бирөөнү пайдаланышкан. Ошондуктан бул мамлекеттин түпөлүшүнө дуулаттар (дуглат) чоң роль ойногон, б. а. М-дын тарыхы Ордобинин небереси Болатшинин (Пуладчи) Туглук Тимурду (Чыңгыз хандын тукуму) Ак-Суу ш-на (Чыгыш Түркстан) алып келип, такка отургузушунан (1347) башталат. Ал эми анын уулу Худайдад өз колу менен 6 ханды М-дын тагына отургузса, Эмир Сайид Али Улугбектин наместигинен Кашкарды бошотуп, биротоло хандын ишенимине кирген. Туглук Тимур (1347–62) бийлигин бекемдөө үчүн ислам динин курал катары пайдаланып, бир катар админстр., экон., саясий реформаларды жүргүзгөн. Башкы калаасы (1347–80) Алмалык болуп, 1361-жылы Мавераннахр толук могол ханынын кол алдында калган. Ошентип, азыркы Кырг-н жана Казакстандын түш.-чыгышын кучагына алган, б. а. чыгышынан Бар-Көл, Эмил жана Иртыш; түндүгүнөн Көкчө-Теңиз (Балхаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышынан Түркстан, Ташкент; түштүгүнөн Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпан менен чектешип, атчан адам үчүн баш-аягы жети-сегиз айлык жол болгон М. мамлекети түзүлгөн. Кыргыз уруулары да М-га караган аймактын ичинде калып, бирок көз каранды болбоо үчүн аларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп тургандыктан, Мухаммед Хайдар аларды «Моголстан токоюнун арстандары» деп атаган. Туглук Тимурдун уулу Илияс Кожонун тушунда (1362—1380) М. ыдыроого туш келип, Жети-Суу аймагына дуулаттардын эмири Камар ад-Дин ээлик кылса, Иледен Тарбагатайга чейинки жерлер Еңге төрөнүн колуна өткөн. 1368-ж. Илияс хандын Турпанды басып алышы менен ал жердеги уйгурлардын үстөмдүгү (Турпан идыкуттугу) жоюлуп, Турпан шаары борбор болуп калган (1380–1419). 14-кылымдын 70–80-ж. Тимур бир нече жолу М-га жүрүш уюштуруп, натыйжада Кызыр Кожо хан (1380–99) Тимурга баш ийүүгө аргасыз болгон. Мухаммед хандын тушунда (1408–16) М. кайрадан күчкө кирип, Чүй, Талас өрөөнүн кайрып алышкан. 15-к-дын биринчи жарымында чыгыштан калмактар тынымсыз кол сала баштап, Вайс хан (1418–28) борборун кайра Алмалыкка көчүргөн (1416–1706). Ал өлгөндөн кийин М-дын саясий абалы начарлаган жана майда уделдиктерге бөлүнүп, ээлеген аянты да өзгөрүүгө учурай баштаган. Мис., Мухаммед Хайдар боюнча бир учурда Султан Ахмед хан Ташкент, Сайрамды таштап, М-нга кетсе, экинчи бир жолу Кашкар, Жаңы Гисарды калтырып, кайра эле М-нга келген же ушул мезгилде Ташкент, Сайрам жана Кашкар, Жаңы Гисар М-дан сыртта калган. 16-к-дын башында Мухамед Хайдар М-га чыгышы Куча, батышы Кожент, түн-гү Чарын-Челек (Иле д-нын оң жээги), түш-гү Тарим суусунун аралыгындагы жерлерди киргизип, негизги шаарлары катары Кашкар, Жаркент (Яркенд), Ак-Суу, Котон (Хотан), Ат-Башы, Аксыкентти (Аксы) көрсөткөн. Вайс хандан кийин кыргыз уруулары күч алып, могол хандары алар менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Эсен-Бука хан (1433–62) Чүй суусунун аягындагы Козу-Башы деген жерди казак султандары Жаныбек менен Керейге берген. Мухаммед Хайдар боюнча хижранын 916-ж-нан (1510/11) баштап кыргыздар аябай күч алгандыктан, М-га бир да могол жолобой калган жана алардан Түркстан, Сайрам, Шаш (Ташкент) ш-нын чет жакасындагы өзбек-казактар (мусулман) да катуу жабыр тартышкан. Муну шылтоологон (иш жүзүндө Кашкар тарап тардык кылып жаткан) Султан Саид хан (1514–33) хижранын 928-ж. (1521/22) «жайыты кең, тоюту мол» М-ды басып алууга кирише баштаган. Ал үчүн Мырза Али Тагайды улусбеги, Мухаммед Кыргызды эмир кылып дайындап, жаш экенине карабай, уулу Абд ар-Рашидди кыргыздарды каратуу үчүн Кочкорго жөнөткөн. Мухаммед Кыргыз ага кыргыздардын бир бөлүгүн баш ийдирген, калган бөлүгү Тахир ханды колдоп кеткендиктен, Рашид кийинки жылы Ат-Башыга, андан Кашкарга кайтып кеткен. Ушул учурдан баштап (бир нече жолу катуу сокку жегенине карабай) кыргыздар могол хандарына көз каранды болуудан биротоло арылган. 1678-жылы Моголстанды калмактар басып алып (к. Жуңгар хандыгы), 1704-жылы Мухаммед Мумин хандын көтөрүлүшүнө байланыштуу биротоло жоюлган.

Ад.: Иванов П. П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Петров. К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами и XIII—XIV вв. Ф., 1961; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Юдин В. П. О родоплеменном составе могулов Могулистана и Могулии и их этнических связей с казахскими и другими соседними народам / Изв. АН КазССР. Вып. 3. 1965; Бартольд В. В. Древнетюркские надписи и арабские источники. Соч. Т. V М, 1968; Акимушкин О. Ф. К вопросу о внешнеполитических связях могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI — 60-х годах XVII в. // Палестинский сборник. Вып. 21 (84). Л., 1970; Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан и середине XIV — начале XVI в. А.-А., 1977; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Howorth H. H. History of the Mongols from the 9th to the 19th century, pt. 1, the Mongols proper and the Kalmuks, London, 1876.

Темир доору

Темир доору болжолу б.з.ч. 8-кылымдан башталат. Ал темирден жасалган эмгек жана согуш куралдарынын пайда болушу, кеңири жайылышы менен мүнөздөлөт. Темир доорунун техникалык жагынан эң негизги жетишкендиги кенден темирди нымдуу үйлөө ыкмасы менен алуу болуп саналган. Жаңыдан пайда болгон бышык металлга таш, сөөк, жыгач, ж.б. теңтайлаша алган эмес. Темир буюмдарды коло буюмдардай куюу жолу менен эмес, согуу жолу менен жасалган. Темирди металлдан жасалган дөшүнүн үстүнөн коюп, согуп керектүү формага келтиришкен. Темирди кеңири колдонуунун негизинде калктын чарбалык турмушу жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Соконун темир тиштери, ороктор, керки сымал куралдар жана башкалар түшүмдүүлүктү бир кыйла жогорулатып, азык-түлүк оокаттарын көбүрөөк даярдоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Темир куралдарына жана жабдыктарына болгон муктаждык дыйканчылыктан бөлүнүп чыккан кол өнөрчүлүктүн (темир устачылыктын) пайда болушуна түрткү болгон. Темир доорунун башында көпчүлүк уруулар сооданы дааналай (натуралай) жүргүзүшкөн. Алгачкы жөнөкөй соода патриархалдык-уруулук бирикменин коллективдүү жашоосун бузуп, жеке менчиктин пайда болушуна, өнүгүшүнө жана жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы мүлктүк теңсиздиктин тереңдешине алып келген.

Урстанбеков, Бейше

Урстанбеков (Үрстөнбеков) Бейше (1938–1991) – кыргыздын таанымал тарыхчысы, педагогу, археология сабагы боюнча адис, кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын иликтөөчүсү, доцент, тарых илимдеринин кандидаты.

Хундар

Хундар, сүнү, гундар – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын башында Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын акырында хунндар азыркы Борбордук Моңголия менен Байкалдын боюнда жайгашкан. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Хунндар дунхуларды (байыркы моңголдордун ата-теги), юечжилерди талкалап, кыргыздарды жана усундарды жеңип алышкан. Андан кийин Кытайга жортуул жасаган, император Лю Бан аларга салык төлөөгө аргасыз болгон. Биздин заманга чейинки 1-кылымда хунндардын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды жана алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Биздин заманга чейинки 1-кылымдын ортосунда хунндар Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген.

Биздин замандын 48-жылы хунндардын жети уругу кайрадан Кытай императоруна баш ийип, түштүк хунндар деп аталып калган. Түндүк хунндар биздин замандын 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Моңголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Дагы бир бөлүгү Орто Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк хунндардын айрым топтору Европага чейин журт которуп жана өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип отуруп, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк хунндардын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк хунндар Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.