Керамика

Керамика – чопо жана аралашмаларына минералдык бирикмелерди кошуп, о.эле оксид жана ар кандай башка орг. эмес бирикмелер бышыруудан алынган буюмдар жана материалдар. Керамика ө.ж. негизги материалдары топурак жана каолин. Металлургия, электротехника, прибор куруу ө.ж. керамикага жогорулатылган жана кескин дифференциалдуу талаптарды койгондуктан, таза оксиддер, карбиддер ж..б. бирикмелер негизинде отко чыдамдуу ж.б. техникалык касиети жогору болгон керамика өндүрүүдө. Техникалык К. кээ бирлери касиеттери б-ча чопо менен каолинден алынган буюмдардан кескин айырмаланышат, ошондуктан керамикалык буюмдар менен материалдар окшоштук жагы аларды жогорку темп-рада бышыруу менен алынгандыгында. Ысыкка чыдамдуу керамикалык жабуулар металлды окистенүүдөн жана жогорку темп-ранын таасиринен сактайт. К. көркөм-декоративдик жогорку касиети анын техникада жана турмуш-тиричиликте кеңири колдонулушун негиздейт.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Ангоб

Ангоб (французча еngobe) – көркөм керамика технологиясында жасалып жаткан буюмдун үстүнө жаткырылуучу жөнөкөй кызыл ылайдын же ылайды даярдап жатканда жасалма кызыл түскө ээ болгон ылай массасынын эң жука катмары. Көп учурда ак түстөгү А. пайдаланылат. Анын негизги максаты – негизги материалдын структурасын же түсүн жашыруу жана буюмдун бетине жаткырылган глазурдун боёгун ачып көрсөтүү болуп саналат. А. айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда, боёочу материалдардын ордуна колдонулат, к. Сграффито макаласын. Рельефтик А. менен көркөм жасалгалоо (декорациялоо) ыкмасы да колдонулат.

Аплит

Аплит (грекче haploos - жөнөкөй) - тарамдар түрүндө кезигүүчү, ачык түстүү магмалык тоо-тек. Аплит гранит менен тектеш, көбүнчө талаа шпатынан (65%) жана кварцтан (30%) турат, слюда, күңүрт түстөгү минералдар курамында эң аз. Акцессор минералдарынан гранат, циркон, турмалин, апатит, ортит кездешет. Структурасы өтө майда бүртүкчөлүү. Аплиттин айрым түрлөрү керамика өндүрүшүндө колдонулат.

Бисквит

Бисквит (французча bisquit) – көркөм керамикада ак көзөнөкчөсүз, күңүрт, жылтырабаган фарфор жана андан жасалган нерселер. Б. майда скульпторлук иштерине материал катары пайдаланылат (к. Скульпторлук). Кээде литофания үчүн жана идиш (карапаларды) жасоодо рельеф колдонулат. XIX кылымдын жарымында пайда болгон саргыч түс менен айырмаланган мрамор париан деп аталат, к. Керамика макаласын.

Висмут

Висмут (нем. Bismuthum), Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VА группа элементи, к.н. 83, ат. м. 208,9. Туруктуу бир изотоптон турат – 209Вi. Жаратылышта эркин жана бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң кеңири таралган минералдары Вi2S3 – висмут жалтырагы, Au3Bi – мальдонит жана Вi2O3- бисмит же висмут охрасы. В. жер кыртышында м. б-ча 210-5 % түзөт. В. ак жалтырак металл; тыгызд. 9,80 г/см3, эрүү темп-расы 271,3оС; кайноо темп-расы 1529оС. Бирикмелеринде II, III, V валенттүү. Кургак абада туруктуу, жогорку темп-рада күйүп, сары түстөгү оксидин Вi2O3 пайда кылат. Күкүрттө эриткенде же анын туздары эритмесине Н2S таасир эткенде В. сульфиди пайда болот:

2Bi + 3S = Bi2S3

Туз жана суюлтулган күкүрт к-талары менен аракеттенишпейт. Азот к-тасы менен нитратты, концент. күкүрт к-тасы менен ысытканда сульфатты Вi2(SO4)3 пайда кылат, галогендер менен ВiF3 сыяктуу бирикмелерди берет:

2Bi + 8HNO3 = 2Bi(NO3)3 + 2NO + 4H2O 2Bi + 6H2SO4 = Bi2(SO4)3 + 3SO2 + 6H2O

2Bi + 3F2 = 2BiF3

В. Мg менен болгон куймасына НСl таасир эткенде ВiH3 пайда болот. Ал уулуу газ. В. Вi2O3 көмүр менен калыбына келтирүүдөн же күкүрт бирикмелеринен темир менен сүрүп чыгаруудан алынат:

Вi2O3 + 3C = 2Bi + 3CO;

Bi2S3 + 3Fe = 2Bi + 3FeS

В. коргошун, калай, кадмий ж.б металлдар менен куймаларды алууда жана магнит талаалары чыңалуусун өлчөй турган приборлор, ядролук реакторлор, көп бирикмелери айнек, керамика жасоодо жана медицинада колдонулат. (BiO)NO3 висмутил нитраты ХVI к-да эле театрларда грим катары колдонулуп келген.

Висмут кычкылдары

Висмут кычкылдары - висмуттун кычкылтек менен болгон бирикмелери: Bi203, Bi204, Bi2Os. Висмут тун үч кычкылы Bi203 — жаратылышта бисмит же висмут охрасы аттуу минерал түрүндө кездешет.

Ал — оор сары күкүм, ысытканда саргыч Кызыл же күрөң түскө өтөт. Сууда эрибейт, кислоталарда туздарды пайда кылуу менен оңой эрийт. Эмаль, керамика боёкторун жасоодо колдонулат.

Глазурь

Глазурь (немисче glasur) – керамика буюмдарын жасоо процессинде алардын эң үстүнө жалатылган жука айнек сымал катмар. Көркөм керамика технологиясында колдонулат. Г-дун башкы милдети буюмдун бекемдигин күчөтүү менен анын жасалгалык касиеттерин арттыруу болуп саналат. Г. түстүү жана түссүз, тунук жана жалатылма күңүрт, опактык, жылтырак жана киргилт болуп бөлүнөт. Айрыкча кайра калыбына келтирүүчү (аны көмүртек жалынында кычкылтектин жетишсиздиги менен күйгүзүп алуу жолу аркылуу алышат) ар кандай түстөргө бай. Көлөкө түшүрүүчү Г. бир аз гравюраланган же рельефтик бетке түшүрүлөт; анын милдети – катмарынын калыңдыгы менен айырмаланган тиги же бул сүрөттү дал өзүндөй сактап калуу (натыйжада түрдүн коюулугу да сакталууда). Майда бүртүкчө болуп түшүүчү кристалл Г. айнектеги аяз оюуларына окшош өзгөчө сүрөттөрү менен айырмаланат. Өзгөчө бөлүм­дү «туздуу» деп аталган Г. түзөт. Аны чоподон жасалган бир нерсенин үстүңкү бетин кайнатылган туздун буусуна кармоонун натыйжасында алышат. Туздуу Г. жука күңүрт жылтыроосу менен айырмаланат жана скульптуранын үстүңкү бетинин эң майда деталдарына чейин сактап турушат. Г-га кычкылдандыруучу затты кошкондо, ал өзүнүн тунуктугун жоготуп, ак болуп калат, бул учурда ал эмаль деп аталат. Ошондой эле, к. Кракле макаласын.

Дөбөкоргон шаар чалдыбары

Дөбөкоргон шаар чалдыбары – 9–12-кылымга таандык археологиялык эстелик. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбөкоргон айылынын батыш тарабынан орун алган Мазардөбө шаарчасынын түштүк жагында. Тик бурч формасында, түштүк бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Орто кылымдарга тиешелүү керамика табылган.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад облусу – Кыргыз Республиканың облусу.

Желимдер

Желимдер, адгезивдер — түрдүү материалды жабыштырып бириктире турган табигый же синтет. заттар. Ж. курамына анын сапатын жакшыртуучу заттар, толуктагычтар мис., эластификатор, пластификатор кошулат. Ж. чаптоо касиети адгезия процессине негизделген. Буюмдар желимдөөнүн алдында атайын иштетилет. Чаптоо убагында муздатуунун, желим эритмесинен эриткичтин буулануусунун жана желим компоненттеринен хим. жактан өзгөрүүсүнүн натыйжасында жабышуу пайда болот. Ж. орг. эмес, орг. же элемент орг. болуп бөлүнөт. Орг. эмес Ж-ге суюк айнек жана желим-фриттер (металл жана керамика чаптоочу) кирет. Орг. Ж. табигый жана синтет. полимерден алынат. Сиңтет. Ж. табигый Ж. караганда материадды бекем чаптайт жана түрдүү таасирлерге туруктуу болгондуктан, металл, айнек, карапа, пластмасса, жыгач, целлюлоэа жана башка материалды чаптоодо кеңири колдонулат. Элемент орг. Ж. кремний, бор жана металл орг. полимерден алынат. Көбүнчө кремний орг. Ж. кеңири колдонулат. Ж. суюктук (эритме, эмульсия, суспензия), кабыкча, күкүм жана таякча түрүндө даярдалат. Катуу Ж. пайдалануу алдында эритилет же ысытылат. Ж. алуу технологиясы кыйын эмес жана колдонууга эмгекти көп талап кылбайт.

Карапа

Карапа, керамика – бышырылган чопо; чоподон бышырылып жасалган буюм. Карапа тиричиликтин бардык тармагында (идиш-аяк, кыш, скульптура, сувенир жана башка) кездешип, анын терракота, майолика, фаянс, ташчулу, чыны (фарфор) жана башка технологиялык түрлөрү бар. Карапанын эң сонун үлгүлөрү ар элдин ар мезгилдеги өнөрүнүн жетишкендиктерин айгинелейт. Чопонун колектөөгө ийкемдүүлүгүн байкаган адамдар аны палеолит доорунда эле колдоно (адам, жаныбарлардын тулкусу) баштаган. Айрым изилдөөчүлөр чопону бышыруу соңку палеолитке таандык, бирок анын катуулук, суу өткөрбөстүк жана отко чыдамкайлык касиетин неолит доорунда даана түшүнүшкөн дешет. Турмуштук зарылдыктан келип чыккан карапа жасоо өнөрү ар бир элдин өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүп келген. Андагы оймо-чиймелер, айрыкча клинопись маанилүү тарыхый дарек болуп саналат. Карапа алгач оймо-чиймеленип, тамак-аш сактоо үчүн жасалган. Биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыктарда ташып жүрүүгө, тамак бышырууга оңтойлонуп, боорунда жазуулар пайда болгон. Триполь маданиятынын тушунда (Биздин заманга чейинки 4–3-миң жылдык) сырты бышырылган жана оймолонгон чопо тамдардын болушу карапанын курулуш материал катары колдонулгандыгын айгинелейт. Карапа кийин металл өндүрүүдө кеңири пайдаланылган. Байыркы Египет, Вавилонияда жана Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүндө сый идиштердин бетин түркүн түстө чынылап жасап, имараттарды кыш менен (адегенде чийки кыш, кийин бышкан кыш менен) кынай баштады. Орус эли 10-кылымдан карапа жасашып, алардын бетин жашыл түс менен кооздошкон. 17-кылымда идиш жасоочу мануфактура тибиндеги устаканалар иштеген. 1744-жылы Петербургда туңгуч чыны (фарфор) заводу (азыркы В. М. Ломоносов атындагы завод) негизделген. Октябрь революциясынан кийин чыны буюмдарды жасоого айрыкча көңүл бурулган. Карапа боюнча Женевада Эл аралык карапа академиясы изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстанда карапа жасоо иши кийинчерээк жандана баштап, Бишкек, Токмок шаарындагы айнек заводдорунда карапанын бир нече түрү чыгарылган. Учурда карапа жасоо цехтеринде турмуш-тиричиликке керектүү карапа буюмдары жасалууда.

Композит материалы

Композит материалы (composit) – өзүнүн касиетин жана курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече компоненттерден турган материал. Эритмелерден айырмаланып, Композит материалы майда бөлүкчөлөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. Композит материалынын касиети компоненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок, алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу жана илээшкектүүлүгү менен өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы Композит материалы – самандан жасалган кыш, байыркы Египетте даярдалган. Катуулугун жогорулатуу жана бири бирин байланыштыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бетондун бышыктыгын ичке темир же болот арматуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат Мурда мындай максатта асбест (кебез таш) буласы колдонулса, азыр айнектүү полимердүү жана накта була колдонулат Көп катмарлуу материалдар да Композит материалына кирет. 1980-жылдары металл – матрицалык Композит материалы пайда болгон жана керамика булалар, мисалы, алюминий оксиди жана кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку температурада өзүнүн касиетин сактоочу керамика булаларга байланыштуу.

Көк-Дөбө андалузит кени

Көк-Дөбө андалузит кени — Чүй районунда, Ысык-Ата кыштагынан 45 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2390–2470 м бийиктикте. 1962-ж. табылган. Андалузиттин өлчөмү 20–25%, 1,5 кмге созулган, калыңдыгы 100 м жана 21 м болгон кварц-андалузит-мусковиттүү сланецтин эки кабаты Көк-Мойнок свитасынын катмарынын арасында жатат. Глинозёмдун өлчөмү 11,0%тен 16,89%ке чейин өзгөрөт. Болжол ресурсу 100 м тереңдикке чейин 45 млн тга жакын. Иргелгенден кийин керамика өнөр жайына керектүү андалузиттик агрегат алууга болот.

Люстр

Люстр (французча lustre) – көркөм керамика технологиясында – айнек сырга жез кычкылы, күмүш жана башка металлдарды куюунун натыйжасында көмүр кычкыл атмосферада күйгүзүлгөн боёктун үстүндөгү же ар кыл түстөгү айнек сырдагы металл же жалтырак (перламутр) чагылыш.

Неодим

Неодим (латынча аталышы Neodymium, Nd) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 60, ат. м. 144,24. Н. масс. саны 129Nd, 130Nd,132Nd -152Nd, 154Nd, болгон 24 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта Н. жети изотобу: 142Nd, 143Nd, 144Nd, 145Nd, 146Nd, 148Nd, 150Nd кездешет. Н. 1885-ж. австр. химик Аэур Фон Вельсбах тарабынан ачылган. Н. күмүш түстүү ак металл. Н. балкып эрүү температурасы 1024оС; кайноо температурасы 3027оС. Н. жер кыртышында таралыш м. боюнча 2,5×10-3 % түзөт. Ал жаратылышта эшинит минералынын курамында болот. Эшинит курамында Ca, Th, Ta, V, Nb, La, лантаноиддер оксиддери, көп сандаган церий жана Н. болот. Н. бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Анын окистенүү-калыбына келүү –потенциалы 2,43 барабар. Н. көптөгөн бирикмелери аныкталган. Н. бирикмелери түстүү айнек өндүрүүдө кеңири колдонулуп, андан кооз буюмдар (вазалар, керамика идиштери) жасалат жана сүрөт иштеринде, согуш, лазер техн-ында колдонулат. Магний, алюминий жана титан куймалары Н. менен легирленгенде алардын механикалык касиеттери жана жогорку темп-рага чыдамдуулугу жакшырат.

Полива –

Полива – көркөм керамика технологиясында – суюк катуу сыр массасын керамикалык буюмга куюу менен (андан соң күйгүзөт) алынган катуу сырдын катмары. Термин көп учурда изразецтерге колдонулат.

Теллур

Теллур (латын тилинен Tellurium) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа элементи; к.н. 52 ат. м. 127,60. Жаратылышта туруксуз 8 изотоптон: 120Те; 122Те -130Те турат. Кеңири тараган изотоптору 128Те (31,79%) жана 130Те (34,48%). Жасалма радиоактивдүү изотопторунан 127Те (Т1/2 =105күн) жана 129Те (Т1/2 =33,5 күн) белгилүү. Т. 1798-ж. М.Клапрот тарабынан ачылган да, Жерге арналып Т. деп аталган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 1 ×10-6 % түзөт. Т. жаратылышта калаверит AuTe2, креннерит (Au, Ag)Te2, гессит Ag2Te, тетрадимит Bi2Те2S, теллуровисмутит Bi2Te3, теллурит TeO2 жана башка минералдары түрүндө кездешет. Т. күмүш түстүү, металлдык жалтырактыгы бар, морт металл; полиморфтуу түрлөрү жок; 1400оС диссоциацияланат; Т. – жарым өткөргүч. Химиялык бирикмелерде окистенүү даражасы +2, +4 жана +6. Кадимки шартта абада жана оксидде туруктуу. Ысытканда оксидде көгүлтүр жалын менен күйүп, ТеО2 оксидин пайда кылат. Галогендер менен төмөнкү темп-рада реакцияга кирет (иод менен нымдуу шартта). H2, N2, C жана S теллурга таасир этпейт. Т. селен менен суюк жана катуу эритмелерди пайда кылат. Ысытканда металлдар менен жеңил реакцияга кирип, теллуридди пайда кылат. Азот к-тасы жана падыша арагында жакшы, туз к-тасы жана щелочтордо жай эрийт. Т. белгилүү бирикмелери: оксиддери – TeO2, TeO3, TeO; галогениддери – TeCl4, TeBr4, TeI4, TeF4, TeF6, TeCl2, ТeBr2 ; суутек теллуриди H 2Te; Т. кислоталары – H2TeO3, H6TeO6 ; Т.к-талары туздары – Ag 6TeO6, Hg3TeO6, Na2TeO4×2H2O; орг. бирикмелери: теллуромеркаптан - RTeSH; диалкилтеллурид – R2Te жана башка Т. кенден коргошун, жез, цинк өндүрүүдө кошо алынат. Т. жарым өткөргүч техникада, коргошун өндүрүшүндө сапаттуу коргошунду алууда, резина вулканизациялоодо, айнек жана керамика өнөр жайда боек түрүндө колдонулат. Ал эми бирикмелеринен Na2TeO3 жана K2TeO3 микробиологияда, медицинада дифтерия оорусун аныктоодо колдонулат.

Цирконий

Цирконий (лат Zirconium), 40 Zr[Kr]4d 25s2 91,22 – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IVВ группа элементи, к.н. 40, ат. м. 91,22. 5 изотобу – Zr90 (51,46%), Zr91(11,23%), Zr92(17,11%), Zr94(17,40%), Zr96(2,80%) бар. Жасалма алынган изотоптору Zr 93 (T1/2 = 1,1 ×106 ) Zr95 ( T1/2 =65 ) радиоактивдүү индикаторлор катарында колдонулат. Ц. 1789-ж . М.Г. Клапрот тарабынан ачылган. Ц. деген аты арабдын «асыл таш» деген сөздөрүнөн келип чыккан. Ц. минералдары кымбат баалуу таштар катарында пайдаланылган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 2 ×10-2% түзөт. Жаратылышта циркон, бадделеит, эвдиалит жана эвколит минералдары таралган. Байыркы кендери Индостан, АКШ, Австралия, Швецияда кездешет. Ц. күмүштөй жалтырак, ийилгич, жеңил иштетилүүчү металл. Анын эки модификациясы бар: төмөнкү темп-рада туруктуу a-Zr гексагоналдык торчолуу коток кристаллдар жана жогорку темп-рада туруктуу b-Zr кубдук торчолуу кристаллдар. a - Zr тыгызд. 6,45 г/см3 (200); ат. радиусу 1,60; иондук радиусу Zr4+ =0,82; балкып эрүү температурасы 1852 0C; кайн. температурасы 35800C. Ц. падыша арагында, ысык конц. күкүрт, плавик кислоталарында гана эрийт. Бирикмелеринде Ц. 4 валенттүү. Абада оксиддик катмар менен капталат. Кычкылтек менен аракеттениши 2000С жогорку темп-рада башталат, бирок майда күкүмдөрү кадимки темп-рада Ц. диоксидин пайда кылуу менен жалындап күйүп кетиши мүмкүн. Галогендер менен ZrГ4 сыяктуу галогенидди, суутек менен гидиридди (Zr2H, ZrH2, ZrH ж.б.), азот менен нитрид ZrN, көмүртек менен карбид ZrC жана башка пайда кылат. Ц. туздары гидролизденет да, гидратташкан кош оксидин ZrO2×H2O пайда кылат. Цирконий оксихлориди гидраты ZrOCl×8H2O түссүз тетрагоналдуу кристаллдар. Сууда жакшы эрийт, улам концентрациясы көбөйгөн сайын комплекстик иондор ZrOCl3-, ZrCl5-, ZrCl62- пайда болуп, эригичтиги төмөндөйт. Ц. сульфаты Zr(SO4)2×4H2O кош туздарды пайда кылат. Өндүрүштө Ц. циркон менен бадделеит минералынан алынат. Ядролук энергетикада конструкциялык материал, металлургияда легирлөөчү металл катары жана керамика, эмаль, айнектин өзгөчө сортторун алууда колдонулат. Ц. коррозияга өтө туруктуулугу аны нейрохирургияда колдонууга мүмкүндүк берет. Ц. куймаларынан хирургиялык аспаптар, мээге операция жасоодо пайдаланылуучу жиптер, кан токтотуучу кыпчыткыч жасалат.

Эйлатан шаар чалдыбары

Эйлатан шаар чалдыбары – биздин заманга чейин 7–4-кылымга таандык шаардын калдыгы. Нарын менен Кара-Дарыянын ортосунда жайгашкан. Эйлатан шаар чалдыбарынын атынан биздин заманга чейин 7–4-кылымга таандык археологиялык маданият «Эйлатан маданияты» деп аталат. Өзгөчөлөнгөн керамика комплекси табылган. Андагы карапа идиштери керамикадан жасалып, кызыл боёк менен боёлгон. Эйлатан маданиятына мүнөздүү эстеликтер Фергана өрөөнүнүн бардык жерлеринде кездешет. Көрүстөндөрдө чопо идиштер, билерик, шуру, мончок, шакек, төөнөгүч, бычак, скиф тибиндеги жаа огунун колодон жасалган учтары табылган.

Энесай кыргыздарындагы керамика маданияты

Энесай кыргыздарындагы керамика маданияты. Бул маданий катмар илимий адабияттарда атактуу «кыргыз вазалары» деген ат менен белгилүү.

Бул маданият б.з. 5-18-кк. таандык мезгилди өз кучагына камтыйт. Атактуу «кыргыз вазалары» байыркы жана орто кылымдардагы энесайлык кыргыздардын башкаруучулары (кагандары) жайгашкан Уйбат өрөөнү, Асккз ж.б. жерлерден табылган. Кыргыз вазалары өзүнүн эң жогорку сапаты, кооздугу менен айырмаланган. Аталган баалуу тарыхый эстеликтердин айрымдары Абакан (Хакасия) тарых музейинде, Тувадагы (Кызыл) Алдын Маадыр музейинде, Санкт-Петербургдагы Эрмитажда сакталып турат. Кыргыздарга таандык бул вазаларды көрүнүктүү илимпоз Л.А. Евтюхова изилдеп чыккан. Илимпоз өзү аталган кыргыз маданий эстеликтерин казууга, аларды иликтеп үйрөнүүгө жигердүү катышкан. Адистер далилдешкендей, кыргыздар вазаларды чарык түрүндөгү атайын шайманда тегеретме тасмага салып ийлешкен, андан соң түбүн жана оозун чаптап кынапташкан. Вазалар ар түрдүү формада жасалган.

Көбүнчө түбүн жалпак, тулкусун жумурткадай жумуру кылып, оозун анчалык узун чыгарбай, кууш кайрып, кырдантып жасашкан. Ошондой эле бөтөлкө түспөл, оозу кууш, шар сымактуу идиштер да кездешет. Кыргыз вазаларын цилиндр түрүндөгү мөөр баскычтарда чегедектин сүрөтүн чөгөрүп асемдешкен. Алар кычкыл ичимдиктер үчүн жасалса керек. Мындан башка кыргыздарда сомдомо керамикалар: вазалар, гөзөлөр, чөйчөктөр кеңири колдонулган. Кээде суюктук куюлуучу кумган сыяктанган идиштер жолугат, аларды кезинде көзү өткөн адамдын күлүн сала турган көрүстөн кутусу катары да пайдаланышкан. Кыргыз атка минерлери кымбат баалуу металл идиштерин, алтын карматылган, күмүш жалатылган кумураларды, чөйчөктөрдү, чөгүндөрдү жана башка идиш-аяктарды урунушкан.

Бул идиш-аяктардан кыргыз кол өнөрчүлөрү атайын чегерген эн тамга белгилерин байкоого болот. Эн тамгалар бул кол өнөрчүлүлүк буюмдары кыргыздардын кайсыл уруусунун өкүлдөрү жасагандыгын, же болбосо ал кайсыл адамдын менчигине таандык экендигин чагылдырган. «Кыргыз вазалары» деп аталган үй турмушуна керектелүүчү кол өнөр буюмдары Кыргыз каганатындагы кол өнөрчүлүк маданиятынын жогору

өнүккөндүгүн ырастайт.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.