Карбонаттар

Карбонаттаркөмүр к-тасынын (Н2СО3) туздары. Алар орто (К2СО3, Na2СО3, СаСО3), кычкыл (КНСО3 ) жана негиздик [Сu(ОН),СО 3] болуп бөлүнөт. Щелочуу жана щелочтуу жер металлдардын, аммоний жана таллийдин орто К-ы гана сууда эрийт. Эритмелери негиздик касиетке ээ. К. ысытуудан ажырайт. Мис.:

СаСO3 =СаО + СO 2

Гидрокарбонаттар ысытканда орто К. айланат:

2NaНСО3 = Na 2СО3+ Н2О + СО2

Жаратылышта орто К. кеңири таралган. Zn, Рb, Сu, Fе жана башка сыяктуу металлдар К. — баалуу металл кендери болуп эсептелет. Алардын ичинен СаСО3 — кальцит, МgСО3 — магнезит жана башка курулушта, хим. ө. ж-да, отко чыдамдуу материалды алууда колдонулат. Синтет. К. (Nа2СО3 жана NaНСО3) тех-да кеңири колдонулат. Гидрокарбонат-тар буфердик зат болуу менен физиологиялык мааниси да чон. К. жаратылышта минералдар түрүндө кеңири таралган ЗО ашыгы белгилүү, алардын негизгилери: кальцит катарындагылар — кальцит СаСО3, магнезит МgСО3, сидерит FеСО3, родохрозит МnСО3, смитсонит ZпСО3 ; арагонит катарынан — витерит ВаСО 3, стронцианит SrСО3, церуссит РbСО3 жана башка болуп бөлүнөт. К. ачыктүстө: ак, кызгылт боз жана башка; жез карбонаты гана жашыл-көгүлтүр түстө болот. Катуулугу б-ча цинк, коргошун жана барий К. башкасыныкы Моос шкаласы б-ча 3-4,5. Бардык К, туз жана азот к-тасы менен кошулганда көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. К. негизги өкүлдөрү (кальцит, доломит, сидерит) чөкмө түрүндө (биохим. же хим. чөкмө) деңиз түбүндө пайда болот да, калың катмарларды түзөт. Гидротермикалык (кальцит, сидерит, анкерит) жана магматогендик (карбонатит) ыкма м-н, о. эле окистенүү зоналарында (малахит, азурит, церуссит, смитсонит), үбөлөнүү кыртышында (магнезит) жана башка пайда болот. К. Кырг-да өтө көп. Алар негизинен хим. цемент ө. ж. үчүн сырье жана курулуш материалы (акиташ теги, мрамор) катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Азурит

Азурит (фр. azurite - көгүлтүр) - карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Cu3[CO3]2(0H)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,54, тыгыздыгы 3773 кг/м3. С. салмагы 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Жаратылышта халькопирит, борнит ж. б. минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. Азурит - курамында 55,3% жез кездешкендиктен жездин баалуу кенташы. Көк боёк жасоого да пайдаланылат.

Арагонит

Арагонит (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) - карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Ca[CO3]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геологиялык тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жашыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5-4. С. салмагы 2,95. Интрузия тоотектеринин минералдарында жана минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер менен акактардын көпчүлүк бөлүгү арагониттен турат.

Аутоген минералдары

Аутоген минералдары (гр. autigenes - пайда болушу жергиликтүү) - седиментация процессинен же алгачкы тунган жеринде калган чөгүндүлөрдүн кийинки өзгөрүүлөрүнөн пайда болгон чөкмө тоотек минералдары. Аларга ар түрдүү карбонаттар, чополуу жана кенташ (руда) минералдары, эрүүчү туздар, кварц, барит, целестин, талаа шпаты жана башкалар кирет. Чөкмө тоо тектердин пайда болуу шарттарын жана алардын кандай өзгөрүү процесстерине учураганын изилдөөдө аутоген минералдары минералдарынын мааниси чоң.

Буфердик эритме

Буфердик эритме – чөйрөнүн курамы өзгөрүлсө да, рНтын же окистенүү-калыбына келүү потенциалынын маанисин өзгөртпөй кармап туруучу эритме. Иш жүзүндө кислоталары негиздик жана окистендиргич-калыбына келтиргич буфердик эритмелер белгилүү. Буларды концентрациялаганда, суюлтканда, ошондой эле күчтүү кислотаны же негизди бир аз кошкондо чөйрөдөгү рНтын маанисин өзгөртпөй кармап турат. Алар күчсүз кислота менен анын тузунун (CH3COOH жана CH3COONa) же күчсүз негиз менен анын тузунун (NH4OH жана NH4d) аралашмасынан пайда болот. Химиялык технологияда, анализдик химияда химиялык процесстердин рНтын берилген маанисинде жүрүшүн камсыз кылат. Буфердик эритме организмде өтүп жаткан биохимиялык процесстерде да чоң мааниге ээ, анткени алар чөйрөнүн белгилүү гана рНында жүрөт. Көпчүлүк биологиялык суюктуктар буфердик эритме алардын курамын карбонаттар, фосфаттар жана белоктор түзөт.

Витерит

Витерит – карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы ВаСО3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү түссүз же бозомтук. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5-3,8. С. салмагы 4,3. Гидротерм жолу менен пайда болот.

Девон мезгили

Девон мезгили (системасы), девон – палеозой заманынын ортосундагы геологиялык мезгил; жер кыртышындагы тоо тек катмарларынын палеозой тобундагы системасы. Силур мезгилинен (системасынан) кийин, таш көмүр мезгилинен (системасынан) мурда турат. 1839-ж. англиялык геологдор Р. Мурчисон жана А. Седжвик Улуу Британиянын Девоншир графтыгынын аймагында өз алдынча системага бөлүп, аны ошол графтыктын аты менен атаган. Девон мезгили 410 млн жыл мурда башталып, узактыгы 60 млн жылга жакын созулган. Анда пайда болгон тоотек катмарлары 3 бөлүмгө (астыңкы, ортоңку жана үстүңкү), 7 яруска ажыратылган, алардын астынкы 3 ярусу азырынча толук аныктала элек.

Девон мезгилинин башталышында мурда болуп өткөн каледон тектон бүктөлүүлөрүнүн таасиринен жер бетинин көп бөлүгү көтөрүлүп, деңиздер тартыла баштаган. Ал жерлерде байыркы кумдук чополордон түзүлгөн кызыл түстүү лагуна-континенттик чөкмөлөрдүн калың катмарлары пайда болгон. Девон мезгилинин ортосунда жана аяк ченинде платформалар менен геосинклиналдарда жер бети кайрадан чөгүп, суу каптай баштаган. Девон мезгилинде көпчүлүк жерде, айрыкча геосинклиналь аймактарда магманын сыртка атылып чыгышынан тоотектер түзүлгөн; айрым жерде галоген чөкмөлөрүнүн (доломит, гипс, ангидрит, таш туз жана башка) топтолуусу жүргөн. Девон мезгилинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү силур мезгилине караганда кескин өзгөрүүлөргө учураган. Жаныбарлардан брахиоподдор өтө өөрчүп, анын теребратулид, продуктид сыяктуу жаңы түрлөрү чыккан. Спирифериддер менен ринхонеллиддер кеңири тараган. Атрипиддер менен пентамериддер девондун аягында толук кырылып калган. Граптолиттер мезгилдин башталышында жашаган. Гониатиттер менен климениялар жаңыдан пайда болгон. Кораллдар болсо дагы эле чоң роль ойногон. Моллюскалар, мшанкалар, фораминифералар мурдагыдай эле жашоосун уланткан. Зор өлчөмдөгү рак сымалдардын өнүгүүсү күчөгөн. Омурткалуулардан баш сөөксүз жана азыркы балыктар өнүгүп, Девон мезгилинде чоң мааниге ээ болгон. Өсүмдүктөрдөн мезгилдин аягында жок болгон псилофиттер, жаңыдан пайда болгон папоротник сымалдар, птеридоспермдер, плаундар жана кырк муундар кеңири таралган. Кен байлыктардан негизинен нефть менен газ, таш туз менен гипстин ири катмарлары, боксит, таш көмүр жана күйүүчү сланецтер, жездүү кумдуктар, темир-марганец жана коргошун кенташтары пайда болгон. Кыргызстанда деңиз түбүндө акиташ теги менен бирге химиялык чөкмөлөр түрүндө пайда болгон бир нече коргошун кени Девон мезгилинде полиметалл-карбонаттар формациясында жайгашкан.

Иодиттер

Иодиттер – иод менен башка элементтер бирикмелери. Бардык И. AgI, Cu2I2 жана Hg2I2 башкасы сууда жакшы эришет. Иод бир жана эки валенттүү металлдар менен болгон бирикмелери туздар. Көптөгөн И. уюлдуу орг. эриткичтерде (спирттер, кетондор, эфирлер) эришет. III, IV, V жана VI группа металлдары жана металл эместерде (Si, P, As, Sb) И-и жеңил балкып эрийт. Ысытуудан И. иодго жана элементке ажырайт. И оксиддер же карбонаттар менен суутек иодиди кошулушунан алынат.

Кальцит

Кальцит (латынча calcis — аки), акиташ шпаты, карбонаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы СаСОЗ. Тригон системасында кристаллданат. Өңү ак, боз, каралжын, саргыч. Курамындагы киринди элементтерге жараша түрдүү түстө болот. Кээси түссүз. Мөлтүрөгөн тунуктары да кездешет. Кош чагылууну пайда кылган тунук түрү исланд шпаты деп аталат. Анын бетин чийсе, кош чийин болуп көрүнөт. Айнектей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3. Салыштырма салмагы 2,7. Суу кошулган туз кислотасын тамчылатсак, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарып, боркулдап кайнайт. Жер кыртышында кеңири тараган минерал. Акиташ, доломит, мрамор, бор сыяктуу тектердин курамында жолугат. Химиялык чөкмөлөрдө (акиташ, доломит), гидротерм (кальцит тарамдары) жана метаморфизм процессинен ( мрамор) пайда болот. Жаныбарлардын скелеттерин, сөөк-саактарын, раковиналарын түзүүгө катышат. Курулуш ишинде, акиташ өндүрүүдө, металлургияда, химияда, кагаз, резина өнөр жайында, айнек жасоодо, полиграфияда колдонулат. Исланд шпаты микроскопто пайдаланылат.

Карбо..., карбон...

Карбо..., карбон... (гр. carbo – көмүр) – татаал сөздөрдүн көмүртек кошундусуна (мисалы, карбонарилер карбиддер, карбонаттар) тиешелүү маанилерди туюндуруучу биринчи бөлүгү.

Көмүр кислотасы

Көмүр кислотасы, Н2СО, — көмүртек (II) оксиди СО2 сууда эриткенде пайда болуучу эки негиздүү начар к-та. СО2 сууда эригенде К. к. мол. түрүндө болуп, бир аз диссоциацияланат:

Н2О+СО2 Н2СО3 Н++НСО3-

2Н++СО32-

Кадимки шартта бул реакциянын теңдештиги солго көбүрөөк жылышат. Темп-ранын таасиринде К. к. ажырашы күчөйт. Ал күчтүү негиздер менен реакцияга кирип, бикарбонаттар жана карбонаттар пайда кылат. Өз алдынча жана таза түрүндө -30°С NаНСО, тузунун эфирдеги суспензиясына НС1 эфирдеги эритмесин кошуудан бөлүп алууга болот.

Көмүртек

Көмүртек (лат. Carboneum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IVА группа элементи ; к.н. 6; ат. м. 12,011. Жаратылышта көмүртек туруктуу эки изотоп аралашмасынан – 12С (98,892 % жана 13С (1,108 %) турат. Радиоактивдүү изотоптору маанилүүсү – 14С(Т1/2 =5570 жыл). К. үчүн иондук байланышты пайда кылуу мүнөздүү эмес, электронун оңой берүүчү активдүү металлдар менен болгон бирикмелеринде гана (мис. алюминий карбиди Al 4+3C3-4) анын окистенүү даражасы -4кө барабар. Элементтер басымдуу бөлүгү менен көмүртек бекем коваленттик байланыштагы бирикмелерди берет, ал байланышка көмүртек сырткы электрондук катмарындагы 4 электрон толугу менен катышат. Ошондуктан көмүртек IV валенттүү, бирок II валенттүү бирикмелери да белгилүү, мис. Көмүртек (II) оксиди СО (ис газы). К.жаратылышта таралышы б-ча 17-орунда турат – жер кыртышынын 0,1 % түзөт.

Көмүртек негизги минералдары: табигый карбонаттар (жер кыртышындагы м. »9,6×1015 т.), күйүүчү кендер – таш көмүр, күрөң көмүр, нефть, жаратылыш газы, чымкөң, күйүүчү сланец түрүндө топтолгон (жалпы запасы »1013 т.). Ал эми тирүү организмдеги (микроорганизмдер, өсүмдүк жана жаныбарлар) К. саны 1012 т., атмосферада көмүр кычкыл газы түрүндөгү саны 6×1011 т-ны түзсө, гидросферада (эриген көмүр кычкыл газы түрүндөгү) атмосферадагыга караганда 60 эсе көп болот. К. орг. бирикмелери тирүү организмди түзүүчү материал менен камсыз кылат. Жаратылышта эркин абалында 3 жөнөкөй зат: алмаз, графит жана карбин түрүндө кездешет. Алмаз – кубдук, графит гексагоналдык кристаллдык торчолуу структурага ээ, карбин - структурасыз зат, К. полимери болуп саналат (ХХ-к. орто ченинде орус окумуштуулары тарабынан ачылган). Таза К-тин курамында кээ бир көмүр түрлөрү, мис., антрацит (98 % С) жакын болот. Алмаз өтө сейрек таралган. Мис.: алмаздуу кендер – кимберлиттер 0,0009 % ашпаган санда гана болот. Жөнөкөй алмаз м. 0,2-0,4 г, а эгерде ири өлчөмдөгү алмаздар табылса, аларга өзгөчө ат берилет. Азыркы мезгилде эң ири алмаз деп Түштүк Африкадан табылган “Кулинан” алмазы (10х6,5х5 см өлчөмдөгү м. 621,2 г) саналат. Ири кендери Түштүк Африкада, Бразилияда, АКШ, Мексика, Индия жана Россияда (Якутия, Урал) жайгашкан. Алмаз өзгөчө касиети – анын өтө катуулугу жана кооздугу. Атайын иштетилип, өтө жылмаланган алмаз бриллиант деп аталат. Анын аты араб сөзү “ал-мас” – катуунун катуусу дегенди билдирет. К. жер шарында гана эмес, башка космос телолорунда таралган. Анын эң жөнөкөй бирикмелери СН4 жана СО2 күн системасынын бардык планеталарынан табылган. Мис., Марс атмосферасы негизинен көмүр кычкыл газынан турат. К. спектри алыскы жылдызда, кометада жана туманда да байкалган. Ал эми кээ бир метеориттерде алмаз, графит эле эмес, орг. бирикмелери да табылган. К. өзгөчөлүгү болуп, анын өз ара бири-бири менен байланышып чексиз узун жана өтө бекем байланышкан атомунун чынжырын түзүү жөндөмдүүлүгү. Физикалык касиеттери б-ча графит менен алмаз кескин айырмаланат. Алмаз түссүз, тунук, жарыкты күчтүү сындырган жана жаратылышта табылган кристаллдын эң катуусу. Графит – бозомтук кара түстөгү, тунук эмес, майланышкан металлдык жалтырактыкка ээ, катуулугу б-ча кагаздан да начар кристалл болуп саналат. К. бөлмө темп-расында бардык формасында инерттүү, бирок ысытууда көптөгөн заттар менен аракеттенет. Абада ысытууда кычкылтек ашыкча болсо, көмүр кычкыл газына чейин, жетишсиз болсо К. (II) оксидине чейин окистенет да, реакциянын натыйжасында көп сандагы энергия жылуулук жана жарык түрүндө бөлүнүп чыгат:

С + О2 = СО2 + 393,5 кДж,

2С + О2 = 2СО + 223,0 кДж.

К. калыбына келтиргичтик касиети металлдар оксиддери менен аракеттешүүсүндө өзгөчө ачык байкалат, мис.:

ZnO + C = Zn + CO

(12000C). К. бардык формасында щелочтор таасирине (ысытуу) туруктуу. Төмөнкү темп-рада концент. к-талар таасир этпейт, бирок 1000С жогорку темп-рада ысытуудан аморфтук К. акырындык менен окистенет. Алмаз менен графит басымдуу бөлүгү табигый сырьёну кайра иштетүү аркылуу алынат. Казылып алынган алмаз кендери – кимберлиттер алгач аябай майдаланат, андан соң жуулат – жеңил тоо тектери (чопо ж.б.) агып кетет, алмаз кармаган оор бөлүгү калат. Мында иштетүүдө алмаз атайын курамдагы майларга (вазелин сыяктуу) жабышып бөлүнүп калат. Аягына чейин тазалоо үчүн, алмаз к-талар жана щелочто жуулат. К. бирикмелери колдонуу тармагы чексиз. Алмаз ири кристаллдары кооздук буюм катары колдонулат. Ал эми майда, тунук эмес кристаллдары же жасалма алынган кристаллдары кесүүчү, жылмалоочу жана тоотектерин бургулоочу аспаптарда пайдаланылат. Графит ысыкка жана бузуучу чөйрөлөргө туруктуулугу, электр тогун жакшы өткөрүшү аны ө. ж-да өтө маанилүү материалдар катарына коёт. Андан куймалар үчүн калыптар, балкытып эритүү үчүн тигелдер (казандар) жана отко чыдамдуу буюмдар жасалат. О. эле графит өтө көп бөлүгү электротех. ө. ж-да электроддор, гальваникалык элементтер жана аккумуляторлор, электр кыймылдаткычтарын даярдоодо колдонулат. Өтө таза графит ядролук реакторлордо нейтрондун ылдамдыгын төмөндөтүү үчүн колдонулат.

Магнезит

Магнезит (Гренландиядагы Магнезиа деген жердин атынан) – 1) карбонаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы MgCO3. Курамында 47,22% MgO, 52,18% CO2, кошумча түрдө Fe, Mn, Ca кездешет. Кристаллдык түзүлүшү кальцит сыяктуу. Өңү-түсү ак, саргыч боз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,75–4,25. Тез талкаланып, морт болот. Салыштырма салмагы 3,0. Кендери туздуу жана гипстүү тектерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ультранегиздүү тектердин өзгөрүшүнөн гидротермдүү эриндилери келип чыгат. Метаморфизм процессине дуушар болгон доломитте кездешет; 2) магнезиттен турган жана кристаллданган тоо тек. Гидротерм, инфильтрация жана чөкмө жолу менен пайда болот. Химиялык сырьё катары цемент, карапа, кагаз Өнөр жайында колдонулат; 3) магний кычкылынан (1–10%) турган отко чыдамдуу материал.

Мергель

Мергель – кальцит, доломит жана чоподон турган чөкмө тек. Курамындагы карбонаттар менен чопонун санына жараша өз ичинен чополуу, аки таштуу, доломиттүү жана бор сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Көбүнчө курамында 30–90% СаСО3 же MgCO3 болуп, калганын чопо түзөт. Өңү ачык түстүү, агыш, бозомук. Карбонаттуу, чополуу тектерде өз алдынча кабатча түрүндө кездешет. Көп тараган тектердин катарына кирет. Цемент даярдалат.

Полиметалл

Полиметалл - карбонаттар формациясы - негизинен коргошун, цинк, кээде жез, күмүш жана сымап рудалуу аки таш, доломиттен түзүлгөн тоо тек катмарлары.

Платформа жана миогеосинклиналь структураларында таралып, ариддик климат өкүм сүргөн деңиз сайроону менен булундарында, көлдөрдө жана алардын кылааларында чөкмө түрүндө пайда болот. Бардык геологиялык мезгилдердин тоо тек катмарларында жана Жер шаарынын коп аймактарында кезигет. Формацияны биринчи жолу Ортонку Тянь-Шанда В. М. Попов, В. Т. Сургай жана Ү. Асаналиевдер болгон жана изилдеген.

Курамында, ошондой эле кошунду түрүндө пирит, мельниковит, гипс, ангидрит, барит, флюорит, целестин, хальцедон минералдары, терриген чөкмөлөрү, органикалык заттар, чанда жанар тоо тектеринин материалдары жолугат. Өңү каралжын, бозомук. Калыңдыгы 25-30 мтден 1500 мтге чейин жетип, жүздөгөн чарчы км аймакты ээлеп жатат.

Бул формация Тянь-Шанда кенири таралып, негизинен девон, карбон мезгилдеринде пайда болгон. Алар менен Кырг-ндагы Сумсар, Эки-Чат, Чаар-Кудук ж. б., Түштүк Каз-ндагы Ачисай, Миргалимсай, Шалкыя, Өзб-ндагы Уч-Кулач, Краснояр крайындагы Горев, Полыпадагы Жогорку Силезия, Италиядагы Райбль, Сардиния, Канададагы Пайн-Пойнт ж. б. полиметалл кендери байланыштуу.

Роговик

Роговик – 1) интрузиянын жанаша жаткан тектерге тийгизген таасиринен пайда болгон майда бүртүкчөлүү тыгыз тоо тек. Жанаша жаткан тектердин курамында карбонаттар басымдуу болсо, Роговик контакт мраморлоруна айланат; 2) чопо менен темирдин суулуу кычкылынан турган кремнийлүү тоо тек. Too тектер Роговикке айланганда анын структурасы өзгөрүп, жаңы минералдарды пайда кылат. Карбонат чөкмө тектеринин арасында кабатча, конкреция түрүндө жайгашат.

Родохрозит

Родохрозит (грекче rhodon – роза жана chrosis – түс), марганец шпаты – карбонаттар классындагы минерал, МпС03. Тригон системасында кристаллданат. Өңү кызгылтым, кызыл; айнектей жалтырак. Катуулугу 3,5–4. Салыштырма салмагы 3,6–3,7. Көбүнчө сульфид кен таш тарамдарында, гидротерм, метасоматоз кендеринде родонит, марганец, гранит, гаусманит ж. б. менен бирге кезигет. Родохрозит – ферромарганец эритүү үчүн баалуу сырьё. Чоюн жана темир эритүүдө да колдонулат.

Сидерит

Сидерит (гр. sideritis, sideros - темир дегенден), темир шпаты - карбонаттар классына кирүүчү минерал.

Химиялык формуласы Fe(C03), Тригонал системасында кристаллданат. Өңү саргыч, боз, бозомтук-жашыл, убөлөнуүдө күрөң тускө өтөт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 4.5: салышт. салм. 3.9.

Сидерит гидротерм, седиментоген жана метаморфизм процесстеринде пайда болот. Үбөлөнүүдө жана кычкылданууда Сидериттен гидрогётит же гидрогематит пайда болот. Сидерит - темир рудаларынын баалуу минералдарынын бири.

Церуссит

Церуссит (лат. cerussa - аки; өңү окшош болгондуктан ушундайча аталат), ак коргошун кен ташы карбонаттар классындагы минерал.

Кошунду элементтери: Sr, Zn, Са. Ромб системасында кристаллдашат. Өңү түссүз, ак, боз, саргыч, айрымдары кара. Катуулугу 3,0з, 5; с. салм. 6,46,6 г/см3. Ц. - коргошун кендеринин кычкылдануу зонасында Экинчи ирет пайда болгон минерал. Англезит, ванадинит, лимонит ж. б. минералдар менен бирге кездешет. Коргошун алууга жана ак сыр даярдоого пайдаланылат.

Эпидозит

Эпидозит, эпидотит - негизинен эпидоттон жана кварцтан турган жашыл түстүү метамөрфизм тоо теги.

Курамында актинолит, хлорит, карбонаттар кездешет.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.