Казына

Казына – 1. Хан, падыша, эмир, бектердин акча жана кымбат баалуу буюмдары сакталган жай;
2. Борборлошкон мамлекеттин убагында казына мамлекеттин финансы ресурстарынын жалпы өлчөмүн түзөт;
3. Археологияда жерге көмүлгөн же кандайдыр бир жашырын орунга катылып коюлган алтын акча же кымбат баалуу буюмдар кенчи казына деп аталат. Эң байыркы казыналарга соңку таш доору жана жез доорунан калган таш эмгек куралдары жана курал-жарактар, коло доорундагы казыналарга согушта колдонулуучу жана салтанат, шаан-шөкөт үчүн алып жүрүүчү курал-жарактар, кооз буюмдар, эмгек куралдары ж. б. кирген.

Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Алхимик

"Алхимик" (пт. O Alquimista, англ. The Alchemist) ― бразилиялык жазуучу Пауло Коэлонун романы, биринчи жолу 1988-жылы басылып чыккан. Түп нускасы португал тилинде жазылган роман 2016-жылга карата 70тей тилге которулуп, эл аралык бестселлерге айланган. Аллегориялык роман "Алхимик" андалусиялык жаш койчу Мисирде бир нече жолу казына тапканы тууралуу түш көрүп, ошол жакка саякатка чыкканына окурмандарды жетелейт.

Бир нече жылдар аралыгында чыгарма тасмага, мюзиклге жана театрга ылайыкташтырылган.

Валюта

Валюта (ит. valuta, сөзмөсөз – баа, нарк) – 1) мамлекеттин акча тутумунун негизин түзгөн акча бирдиги (м.: КР акча бирдиги – сом); 2) мамлекеттин акча тутумунун түрү (алтын В-сы, кагаз В-сы); 3) чет өлкөлөрдүн акча белгиси (банкнот, казына билети, тыйын), эларалык эсептешүүлөрдө колдонулуучу (чет өлкө В-сы) кредиттик жана төлөм документтери (вексель, чек ж. б.) (кара: ошондой эле Валюта баалуулуктары).

Вашингтон

Вашингтон - АКШнын борбор шаары.

Колумбия федерация округу болуп бөлүнүп, өзгөчө административдик статуска ээ. Өлкөнүн башкы саясий, маданий, илимий борбору. Калкы 548,4 миң (2006; анын ичинен 60%тейи африка-америкалыктар); Чоң Вашингтондуку 5,1 млн (2003). Атлантика океанынын жээгинде, Потомак дарыясынын төмөнкү агымынын боюнда, деңиз деңгээлинен 128 м бийиктикте жайгашкан. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорттору (Ж. Ф. Даллес, Балтимор Вашингтон, Р. Рейган атындагы), метрополитен бар. Дарыя порту. АКШнын Конгрессинин чечими менен 1791-жылы негизделген. АКШнын 1-президенти Ж. Вашингтондун урматынан аталган. 1802-жылдан шаар статусуна ээ. Америка мамлекеттери уюмунун, Эл аралык валюта фондунун туруктуу кеңештери, Бүткүл дүйнөлүк реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкармалыгы жайгашкан. Көптөгөн эл аралык конференциялар [анын ичиненВашингтон конференциясы (1921-22)], массалык коомдук-саясий иш-чаралар, марш, манифестация, митингдер өтүүчү жай. Шаардын алгачкы планын 1791-93-жылы архитектор П. Ш. Ланфан мамлекеттик ишмер Т. Жефферсондун катышуусунда түзгөн. Размери 10x10 миль болгон аянтта тик бурчтуу жыш көчөлөр тармагы («стрит»), диагональ проспектилери («авеню») чийилген. Башкы огу дөңсөөдөгү Капитолийди түздүктө жайгашкан Ак үй, Ж. Вашингтон, А. Линкольндун эстелик ансамблдери менен байланыштырат. Негизги композициялык түйүндөрү классицизм стилиндеги ири административдик имараттары. Эски ратуша, казына, патент агентчилиги жана башка менен өзгөчөлөнөт. 1870-90-жылдарда Монументалдык курулуштарынан мамлекеттик, деңиз департаменттери, кенен парк системасы, Ыйык Пётр жана Павел собору, Юнион-стейшен вокзалы, шаар куруу жана туракжай департаменттери бар. Жоржтаун турак-жай району байыркы аз кабаттуу үйлөрү менен тарыхый аймак катары коргоого алынган. Жефферсонго, Вьетнамда болуп өткөн согуштун ардагерлерине мемориалдык эстеликтер тургузулган. Потомак дарыясынын оң жээгинде Арлингтон шаар айланасы (Пентагон, 1940-41), Арлингтон улуттук көрүстөнү, Ф. Даллас аэропорту, аэровокзал жайгашкан. В-да өлкөнүн ири илимий борборлору Улуттук ИА (1863; Улуттук изилдөө кеңеши менен), Улуттук инж. академия (1964), медицина, Смитсон инттары, аскер-деңиз обсерваториясы (1930) жана башка иштейт. Ири Университеттери: Жоржтаун (1789), Ж. Вашингтон (1821), Колумбия округунун (1851), Галлаудет (1864), Гарвард (1867), Түштүк-Чыгыш (1879), Католик (1887), Америка (1879), Тринити-коллеж (1897). Ири китепканалары: АКШ Конгрессинин Сенаттын (1871), Колумбия округу калк (1896) жана башка Негизги музейлери: Улуттук искусство, Фрир сүрөт (1906), Хиршхорн (1966), Улуттук портрет жана Африка искусствосу гал-лары (1962), Абада сүзүү жана астронавтика улуттук (1946), тыңчылыктын эл аралык жана башка Кеннеди борбору бир нече театрларды жана концерт мекемелерин бириктирет. Театрлары: Улуттук, «Арена стейдж», Вашингтон балети, Вашингтон улуттук операсы; улуттук симфониялык оркестри иштейт. 1986-жылдан жыл сайын эл аралык жаз музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Шаар калкынын 89% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Мамлекеттик аппаратты, эл аралык уюмдарды банккредит системасын, ишкерлер чөйрөсүн, камсыздандыруу бизнесин, инфраструктураны, телекоммуникация менен байланышты тейлейт. Вашингтондо ири компаниялар «Gannett» медиахолдингинин, «ХМ Satellite Radio» телерадио-компаниясынын, «Marriott» (бүткүл дүйнөлүк отеллдер тармагы) компаниясынын, финансы концернинин, штабквартиралары, ошондой эле АКШнын коргоо министрлиги, алдыңкы америкалык компаниялар, коомдук, менчик коммерциялык эмес, мамлекеттик уюмдары жайгашкан. Шаардын экономикасынын башкы тармагын туристтик бизнес (жылына 1 млндон ашык; Канада менен Мексикадан тышкары) түзөт. Полиграфиясы, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Мезгилдүү басылмалардан «Вашингтон пост», «Ю-Эс-Эй тудей» гезиттери чыгат. Дүйнөдөгү эң ири коргоо мекемеси (авиа жана космос техникалары), генетика тармагын изилдөөчү компаниялар жана башка бар.

Зекет

Зекет (арабча “закаат” – “тазалык”, “кайыр-зекет”, “ондон бир үлүш”) – 1) феодалдык мусулман мамлекеттеринде калктан жылына жыйналуучу салык. Ар бир түтүндүн каражатынын 40тан бир бөлүгү төлөнгөн. 2) Куранда ж-а шарыятта айтылган мусулмандарга салынуучу атайын салык; ал пайгамбарга ж-а анын үй-бүлөсүнө багышталып, ошондой эле кайырчылар, саякатчылар ж-а “ыйык казатка” аттанган мусулмандар үчүн чогултулган. 3) Кокон, Бухара хандыктарынын тушунда казына үчүн алынган малдын же мүлктүн 40тан бир бөлүгү.

Казына билети

Казына билети – азыркы учурда өтө сейрек кездешүүчү баалуу металлдарга алмаштырылбай турган, майдаланбай турган кагаз акчанын бир түрү. Мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгын жабуу үчүн чыгарылат. Жүгүртүүдө турган мамлекеттин кыска мөөнөттүү милдеттенмелери да К. б-не жатат.

Казына бону

Казына бону – орто жана узак мөөнөттүү мамлекеттик милдеттенмелердин бир түрү. Адатта ээлик кылуучуга карата 5 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөттө чыгарылып, мамлекеттик базар баалуу кагазы болуп саналат.

Казына вексели

Казына вексели – 1) мамлекеттин кыска мөөнөттүү облигациялык милдеттенмеси; 2) КР Өкмөтү чыгарган соода боюнча карыздык баалуу кагаздар.

Казына милдеттенмелери

Казына милдеттенмелери (КМ) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казына милдеттенмелерин чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүнжана төлөөнүн тартиби жөнүндөгү" жобого ылайык, Финансы министрлиги тарабынан чыгарылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар. КМ жеке таандык, документтерде чагылдырылуучу баалуу кагаздар болуп саналат.

КМны биринчилик жайгаштыруу жана КМнин экинчилик рыногунда бүтүмдөрдү каттоодон өткөрүү түздөн-түз Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Казына милдеттенмеси

Казына милдеттенмеси – ээлик кылуучунун бюджетке акча каражатын төккөндүгүн күбөлөндүрө турган жана К. м-не ээлик кылган мөөнөт ичинде белгиленген кирешени алып турууга укук берүүчү мамлекеттик баалуу кагаз. КР аймагында улуттук акча наркында КР Өкмөтүнүн карыздарын жөнгө салуу жана түзүмүн өзгөртүү максатында чыгарылган жана чарбалар менен калк арасына ыктыярдуу негизде жайгаштырылуучу кыска, орто, узак мөөнөттөгү баалуу кагазы.

Казына нотасы

Казына нотасы – 1) казына эмиссиясы тартибинде чыгарыла турган кагаз акчанын бир түрү; 2) ээлик кылуучу үчүн чыгарылуучу орто мөөнөттүү мамлекеттик милдеттенменин бир түрү. Мамлекеттик базар баалуу кагазы.

Казына эмиссиясы

Казына эмиссиясы – бюджет таңсыктыгын жабуу максатында казыначылык же каржы органдары тарабынан жүргүзүлө турган казыначылык билеттери менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгаруу.

Лей

Лей - Румыниянын акча бирдиги; 100 баньга барабар, 1867-ж. улуттук акча системасынын бирдиги катары киргизилип, франц. франк менен бирге колдонулган.

1890-жылдан улуттук бирден бир валюта. Пайдаланууда 100, 25, 10 Лейлик банкноттор жана 5, 2 Лейлик казына билеттери бар.

Мамлекеттик казына векселдери

Мамлекеттик казына векселдери (МКВ) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыска мөөнөттүү (жүгүртүү мөөнөтү 3, 6, 12 ай) дисконттук мамлекеттик баалуу кагаздары.

1 МКВнын номиналы - 100 сом. МКВ эсептерге жазууменен документтерде чагылдыруусуз чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МКВнын эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - МКВларды чыгарууну тейлөө боюнча башкы агент. МКВларды жайгаштыруу жума сайын Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу ишке ашырылат. Тике катышуучулар (Улуттук банк менен келишим түзүшкөн биринчилик диллерлерине жана финансы-кредиттик мекемелерине ж.б.) аукциондорго катышуу укугуна ээ. Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген жана МКВнын экинчилик рыногунда алардын ликвиддүүлүгүн колдоочу коммерциялык банктар - Кыргыз Республикасынын резиденттери биринчилик диллерлери болуп саналышат. Учурда 16 биринчилик дилерлери каттоодон өткөн. Финансы-кредиттик мекемелер болуп, мамлекеттик казына векселдери рыногунда операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банк менен келишим түзүшкөн коммерциялык банктар жана институционалдык инвесторлор (инвестициялык жана пенсиялык фонддор, камсыздандыруу компаниялары жана финансылык мекемелер) саналат.

Юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдар да Кыргыз Республикасынын МКВсынын ээлери боло алышат. Чет өлкөлүк инвесторлордун МКВ рыногуна кирүүсүнө чек коюлбайт. Инвесторлордун МКВларды сатып алуусу аукциондо (аларды биринчи жолу жайгаштырууда) же болбосо экинчилик рынокто Биринчилик дилерлер аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

МКВнын экинчилик рыногундагы бүтүмдөр Улуттук банктын Биринчилик дилерлерге жана анын кардарларына өздөрүнүн жумуш орундарынан эле МКВларды сатып алуу /сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген, электрондук соодалык системасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Борбордук депозитарийдин функциясын Улуттук банк аткарат. Биринчилик диллерлер инвесторлор боюнча, баалуу кагаздардын менчик укугун сактоо жана эсепке алуу боюнча функцияларды аткаруучу субдепозитарий катары иш алып барат.

Мамлекеттик казына облигациялары

Мамлекеттик казына облигациялары (МКО) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайыздык кирешеси (купону) жана жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашкан мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагазадары.

1 МКОнун номиналдык наркы жана чыгарылыш параметрлери МКОлорду чыгарган учурда эмитент тарабынан аныкталат. МКО документтерде чагылдыруу жана чагылдыруусуз түрдө чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МКОнун эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - МКОлорду чыгарууну тейлөө боюнча башкы агент. МКОлорду жайгаштыруу Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн эмитент тарабынан белгиленген мезгилдүү аукциондор тарабынан жүргүзүлөт. Аукциондордо катышуу укугуна тике катышуучулар (Улуттук банк менен келишим түзүшкөн биринчилик диллерлерине жана финансы-кредиттик мекемелерине ж.б.) ээ.

Юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдар да Кыргыз Республикасынын МКОлордун ээлери боло алышат. Чет өлкөлүк инвесторлордун МКО рыногуна кирүүсүнө чек коюлбайт.Инвесторлордун МКОлорду сатып алуусу аукциондо (аларды биринчи жолу жайгаштырууда) же болбосо экинчилик рынокто Биринчилик дилерлер аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

Мүнкүр

Мүңкүр — буту-колунан ажыраган, оор, кыйын абалда калган, азап тарткан деген маанидеги сөз. Эпосто «Бөлөкбай баштап кырк калча, Манастын үңкүрүн баккан мүңкүрү» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.238), — деп казына кайтаруучу адамдар катары сүрөттөлөт. Бөлөкбай Таласка келип, Манаска чоро болгондо, Манас аны казына жыйган үңкүрүн кайтарууга ээлик кылууга дайындап, кырк калчага башчы кылат. Манас өлгөндөн кийин казыналык үңкүрдү «алты арам» талаганда кырк калчаны ээрчитип качып, тентип, Бөлөкбай чоң зоодо жан багат.

Сейтек

Сейтек — "Манас" эпосунун үчүнчү бөлүмү "Сейтек" эпосунун баш каарманы, Манастын небереси. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Сейтектин ата-теги: Түгөйкан — Акжолтой — Санколдой — Түмөн кан — Бөйөнкан — Чаянкан — Ногойкан — Каракан — Балакан — Жакып — Манас — Семетей.

Уолт Дисней

Уолтер Элайас Дисней (5. 12. 1901, Чикаго – 15. 12. 1966, Бербанк) – америкалык кинорежиссёр, продюсер.

Чикагодогу көркөм искусство академиясынан окуган. 1919–22-ж. сүрөтчүлүк кесипти аркалаган, кийин кино тармагына өткөн. 1922-ж. Голливудга келген. 1933-ж. англис жомогунун негизинде тартылган «Үч торопой» мультфильми үчүн Оскар сыйлыгын алган. Анын «Микки Маус», «Маугли», «Бэмби» мультфильмдери белгилүү. «Апакай менен жети эргежээл», «Пиноккио» (1939), «Бэмби» (1942), «Алиса шумдуктардын өлкөсүндө» (1951), «Уйкудагы сулуу» (1958) жана башка 1950–60-жылдардын аяк ченинде Диснейстудиясы табият көрүнүштөрүн көрсөтө турган документалдык фильмдердин сериясын тартууга өткөн: «Адамдар жана мамлекеттер», «Турмуштагы укмуштуу окуя» (айбанаттардын жашоосуна байкоо жүргүзүү). Телекөрсөтүү үчүн атайын программаларды, көптөгөн фильмдерди чыгарган. 1955-ж. Анахайм (Калифорния) шаарында «Диснейленд » паркы ачылган. Анда техникалык аттракциондун жардамы менен Дисней фильмдеринин образдары көрсөтүлөт. Дисней «Робин Гуд», «Казына катылган арал», «Суу астында сексен миң мил» деген көркөм фильмдерди тарткан. Фильм дери үчүн 29 жолу «Оскар» сыйлыгын жеңип алган.

Чаткал райондук казына бөлүмү

Чаткал райондук казына бөлүмү 1994-жылдан уюшулуп, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөйт.

25 бюд-жеттик мекемени тейлейт.

Анын 21 республикалык, 4 жергиликтүү бюджеттеги мекемелер.

Жетекчиси А. Субанов.

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.