Казактар

Казактар, казак-орустар (түркчө эркин адам) – Россиядагы этностук-сословиелик топтордун бири; орус жерлеринин четки түштүк аймактарында жашаган элдердин 14-кылымда калыптанган социалдык-этностук жана тарыхый жамааттары. Дон, Кубань, Оренбург жана Сибирь Казактарынын ичинде орустар, украиндер басымдуулук кылган, ошондой эле беларус, түштүк славян, татар, мордва, башкыр, калмак, кумык, ногой, чечен, армян, түркмөн, бурят ж. б. элдердин топтору да Казактардын курамына кирген. 15-кылымдын башынан Казактар орус мамлекетине аскердик кызмат өтөй башташкан.

16-кылымда Украинада Запорожье Сечи, Тер Казактарынын жана Сибирь Казактарынын жамааттары, Речь Посполита менен чектешкен аймакты украин Казактарынын поляк өкмөтүнө кызмат кылган өзгөчө тобу, 17-кылымдын ортосунда Чыгыш Украинада Слобода Казактары пайда болгон. Казактар Сибирь, Ыраакы Чыгыш жана Россиянын түштүк аймактарындагы жаңы жерлерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. 16-17-кылымдарда Казактар кеңири автономияга ээ болушкан. Бардык маанилүү иштер аскер чөйрөсүндө чечилип, жамааттын башында атамандар турган. Орус өкмөтү акырындык менен казак облустарынын автономиясын чектеп, Казактарды толугу менен өздөрүнө каратууга умтулушкан. 17-18-кылымда Казактар өз эркиндиги үчүн талбай күрөшүп, падышага каршы көтөрүлүштөргө жигердүү катышкан. С. Т. Разин, К. А. Булавин, Е. И. Пугачёв сыяктуу көтөрүлүштүн жетекчилери Казактардан чыккан. Булавиндин көтөрүлүшү (1707-09) талкалангандан кийин Дон Казактарынын бир бөлүгү Кубанга, кийин Осмон империясына өтүп кетишкен. Е. И. Пугачёвдун көтөрүлүшү (1773-75) жеңилген соң, Запорожье Сечи жоюлган. 18-19-кылымда бир катар казак аскерлери жоюлуп, падыша өкмөтүнө толук баш ийген жаңы аскерлер (Астрахань, Оренбург, Кара-Деңиз, Сибирь, Кавказ, Забайкалье, Амур, Кубань, Терек, Жети-Суу, Уссури) түзүлгөн. Казактардын жалпы саны 4,4 млндон ашып, 63 млн теше жерге ээлик кылган. Казактардын бардык аскерлери административдик жана аскердик жактан Аскер министрлигине баш ийген. Казактар 18 жаштан 20 жыл, 1909-жылдан 18 жыл аскердик кызмат өтөшкөн. 18-20-кылымда Казактар Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756-63), Ата Мекендик (1812), Кавказ (1817-64), Крым (1853-56) жана орус-түрк согуштарында айырмаланган. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Казактар укук тартибин жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917-22) Казактар элдешкис эки лагерге бөлүнүп кетишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А.И. Дутов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамонтов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун командачылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будённый, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Миронов жетектеген Казактар Совет бийлиги тарапта салгылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген Казактар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. Казактар катмар катары жоюлган. 1936-ж. Казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясына кызмат кылууга уруксат берилип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) Казактар душманга каршы баатырдык менен салгылашкан. 1990-жылдардын башында Россияда К. уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-ж. январда РФ Президентинин алдында Казактар аскерлеринин башкы башкармалыгы түзүлүп, ал 1998-ж. РФ Президентине караштуу Казактар маселеси боюнча башкармалыкка айланган.

1993-ж. «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-ж. «Кайра жаралуу» маданий-экономикалык борбору, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги максаты Казактардын үрп-адат жана салтынын негизинде келечектеги муундарды маданияттуулукка, спортко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания жана наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим борбору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иштейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын респ. фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалынын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынчтык жана туруктуулук үчүн» гезити жана «Кыргызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. Казактар көп жашаган калктуу конуштарда баштапкы жамааттары түзүлгөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу Казактарынын республикалык уюму» Россия Казактар союзунун бир бөлүгү жана Сибирь, Урал, Оренбург жана Жети-Суу Казактарынын эл аралык уюмунун мүчөсү.

Колдонулган адабияттар

Ак-Суу району

Ак-суу району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысыккөл облусундагы район. Борбору Ак-Суу. .

Алмата

Алмата (мурунку аталыштары Верный жана Алма-Ата) — Казакстандын эң чоң шаары, мурдагы борбор шаарларынын бири. Алматада 1,300,900 адам жашайт (2009). Мурун Казак КСРдин борбору болгон, бирок Казакстан эгемендүүлүкө жеткенде, Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Абишевич Назарбаев өз буйругу менен өлкөнүн борборун Алматадан Астанага которгон.

Ички Дүң Продукциясы 19,2 миллиард АКШ доллага барабар.

Казакстан

Казакстан Республикасы (каз. Қазақстан Республикасы) – Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет.

Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Тянь-Шань тоо системасына чейин.

Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.

Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Казакстан 1991-жылдан КМТТТга, Бириккен Улуттар Уюмуна (1992), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.

Казактар (калкы)

Казактар (қаз. қазақтар /qɑzɑqtɑr/; ед. қазақ /qɑzɑq/) – Казакстандын негизги калкы. Калкынын саны 16 500 000 млн. адам. Тили - казак тили. Казактар Казакстанда 10 458 000, Кытайда 1 597 000, Өзбекстанда 1 700 000, Орусияда 753 962, Моңголияда 200 000, Түркменстанда 98 000, Кыргыстанда 33 198, Иранда 5-6 000.

Каракол

Каракол — Ысык көлдүн чыгыш жээгинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чоңдугу боюнча төртүнчү шаары,кыргыз-кытай чек арасынан 150 километр аралыкта жана Бишкек борбордон 380 километр аралыкта. Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп саналат. Анын аянты 44 чарчы километр, ал эми 2019-жылы туруктуу калкы 79 330 адамды түзгөн. Түндүк жагында, А363 шоссе боюнча, Түп турат, жана түштүк-батышында — Жети-Өгүз курорту.

Монголия

Монголия (монг. Монгол Улс — Монгол өлкөсү) — Азиядагы мамлекет. Борбору - Улан-Баатыр шаары.

Найман, казак уруусу

Найман эли же болбосо найман уруусу. бизге белгилүү найман эли дегенде 12 кылымда монголдордон качып жер которуп орто азияга сиңип кеткен эл келет. ал сиңишүудөн кийин казактарда кыргыздарда узбек ж.б тектеш турк элдеринде найман уруусу тузулгон.

Нарын облусу

Нарын облусу Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Кыргызстандын эң чоң облусу. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939 жылдын Жетинин айынын 21деги Указы менен Тянь-Шань облусту rulit болуп негизделген. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын Бештин айынын 14дө кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн.

Орто жүз

Орто жүз — казак элинин негизги үч чоң бөлүгүнүн бири. Эпосто бир катар кейипкерлердин уруусу катары айтылат. Мисалы, «Орто жүздүн Жанышы» (Сагымбай Орозбаков, 2.243), к. Казактар.

Ош

Ош — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик денгээлдеги шаары, Ош облусунун административдик борбору.

Калкынын саны — 288 818 адам (1-январь 2018)

Кыргызстандагы, калкынын саны боюнча экинчи орундагы шаар, расмий аталыштарда «Түштүк Борбору» деп да аталат.

Түп району

Түп району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысыккөл облусундагы район. Борбору Түп. .

Түркия

Түркия (түрк. Türkiye), расмий аты Түркия Республикасы (түрк. Türkiye Cumhuriyeti) — Европа жана Азия материктеринин ортосунда, Кичи Азиянын түндүгүндө жайгашкан.

Чалаказактар

Чалаказактар (каз. шалақазақтар, орус. шала-казахи) — татар, сарт, уйгур менен казактардан пайда болгон тукуум-журат.

Бүгүнкү заманда — казак тилин билбей, казак маданиятын, салтын урматтабай жүргөн казактардын лакап аталышы. Бул сөз андан тышкары, атасы же энеси казак эместер үчүн колдонулат.

Андан тышкары, «чалаказактар» деп казактын мамбет уруунун бөлүгүнүн жана кыргыздардын сарыбагыш уруунун абла бөлүгүнүн аталыштары.

Чолпон-Ата

Чолпон-Ата - Ысык-Көл облусундагы курорттук-шаар, Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Калкынын саны - 10500 (2009 ж.) киши. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет. Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде, Күӊгөй Ала-Тоо тоо кыркасынын шлейфинде жайгашкан.

Чолпон-Ата шаарынын аты 1975-жылы 4- ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Президиумунун №217 Указы менен облусттук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.1993-жылы статусу райондук маанидеги шаарга алмаштырылган. 1998-жылы 23-июндан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин №292 Указы менен Чолпон-Ата шаары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөн. Шаардын жалпы аянты 1731га-1223га ны ээлейт. Калкы көп улуттуу: кыргыздар жана орустар жалпы калктын санынын 88,2 % түзөт, мындан тышкары украиндер, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын жыштыгы салыштырмалуу төмөн (1га=9,73адам).

Чүй облусу

Чүй облусу — Кыргызстандын түндүк жагында Чүй өрөөнүндө жайгашкан. 21 ноябрь 1939 жылында уюштурулган.

Облуста 4 шаар, 5 шаар түрүндөгү айыл, 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар.ЧҮЙ ОБЛУСУ Респ-нын түн. бөлүгүн ээлейт. Түн. ж-а батышынан Казакстан, түш.-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалалабат, Нарын, чыгышынан Ысыккөл облустары м-н чектешет. Облуста 8 адм. район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысыката), 4 шаар (Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков), 5 шаарча (Актүз, Борду, Кайыңды, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 кыштак бар. Облустун чегинде респ- нын борбору - Бишкек ш. жайгашкан. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 758,1 миң (2002). Борбору - Токмок ш. (2003). 1939-ж. чейин облустун азыркы чегинде түрдүү адм.-айм. системалар (округ, кантон, болуштук ж. б.) болгон. 1939-59-ж. Фрунзе облусу; 1959-90-ж. респ-га тике баш ийген райондор, 1990-жылдын 14-декабрынан Чүй облусу. Табияты. Облустун аймагын Чүй, тоо аралык Чоң Кемин ж-а Суусамыр өрөөндөрү, о. эле аларды чектеп жаткан Иле, Кыргыз, Күнгөй, Талас Алатоолорунун, Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун капталдары түзөт. Абсолюттук бийиктиги 550 мден (Чүй өрөөнүнүн Камышановка кыш. туштагы түн. чет-жакасы) 4895 мге чейин (Кыргыз Ала- тоосундагы Аламүдүн чокусу). Облустун аймагынын басымдуу бөлүгүн Чүй өрөөнү ээлейт. Өрөөн негизинен түн.-батышты карай эңкейиш келип, батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү Чүй д-на жакындаганда дээрлик жайык түздүккө айланат. Андан жогору адырлар ж-а дөңсөөлөр (айрыкча Бишкек ш. тушта), этек тоолор көтөрүлүп турат. Алар- дын 1-тилкеси Аларча, Аламүдүн ж-а Норус сууларынын өрөөндөрү м-н тилмеленет, айрым дөңсөөлөрдү – Бешкүнгөй (бийикт. 1150 мге чейин), Басбөлтөк (1400 м), Шороба- шат (1750 м) ж. б. пайда кылат. Андан түштүгүрөөк, этек тоолордон бийигирээк этек тоо-дөбө-дөңсөөлөрдүн 2-тилкеси созулуп жатат. Аларды 1-тилкеден кеңдик багытта жаткан Байтик өрөөнү бөлүп турат. Кыргыз Алатоосунун капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска ж-а тик, түндүгү жазы, айрым айрыктары 20 кмге жетип, өрөөн капчыгайлуу; ирилери: Ашмара, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Коңорчок, Байдамтал, Түн. ж-а Чыгыш Каракол ж. б. 3500 м бийиктиктен жогору аска-таштуу, кар-мөңгүлүү алкак башталат. Чүй өрөөнү чыгышта Кичи Кемин өрөөнүнө өтөт. Чыгышта Иле ж-а Күнгөй Алатоолорунун аралы- гында Чоң Кемин өрөөнү жайгашкан. Аталган тоолор чыгышта бири-бирине жакында- шып, Кемин-Челек тоо тоомун пайда кылат. Чоң Кемин өрөөнүнүн чыгышында Көгой- рок жайлоосу бар. Ал эми облустун түш. бөлүгүн Кырг-ндагы ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнү ээлейт. Ал деңиз деңг. 2000–3200 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөн батышты карай кууштап, таманы бийиктейт. Батышы Дубанкечүү өрөөнү, борб. бөлү- гү – Суусамыр, чыгышы Батыш Каракол өрөөнү деп аталат. Кен байлыктарынан алтын (Талдыбулак, Далпраң, Камоотөр), темир, титан, хром, никель, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү элементтер (Актүз) бар. Металл эмес кендер да арбын: кум, чопо, мергель, туз, тальк, гранит-сиенит, акиташ теги, мрамор, гранит, кварцит. Тектон. жаракаларга тутумдаш жерлерден минералдуу, ысык суулар жер бетине агып чыгат (Ысыката, Аламүдүн, Аксуу капчыгайларында).Климаты ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Түндүгүндөгү түзөң бөлүгүнүн климаты континенттик, кургак, жайы ысык, кышы мелүүн, суук. Июлдун орт. темп-расы 17–25°С, январдыкы –7°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 270-400 мм. Бийик жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы –20…–21°С, жылдык жаан-чачы- ны 350–370 мм. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын темп-расы төмөндөп, жаан- чачындын (айрым тоолордун түндүккө ж-а батышка караган капталдарында) өлчөмү арбыйт. Кыргыз Алатоосунда жалпы аянты 520 км2 жеткен 582 мөңгү бар, көбү борбордук бөлүгүндө. Чоң Кемин суусунун башы мөңгү чордону болуп саналат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облусу Кыргыз Республикасынын аймактарынын бири болуп эсептелет. Анын борбору Каракол болуп саналат. Ал Алма-Ата облусу (Казакжер (түндүктө)), ШУАР (Кытай (түштүк-чыгышта)), Чүй облусу (батышта) жана Нарын облусу (түштүктө) менен курчалып турат. Ал өзүнүн аталышын Ысык көлдөн алган, Теңир тоолорунун бийиктигине карабастан, тоңбогон дүйнөдөгү экинчи туздуу көл.

Ысык-Көл району

Ысык-Көл району түндүк-чыгыш Кыргызстандын Ысык-Көл дубанындагы оодан. Борбору Чолпон-Ата. .

Үмөтөй

Үмөтөй — "Манас" эпосунун каарманы. Көкчөнүн баласы, казактардын каны. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Ү. менен Семетей бир тууган бөлө болушат. Ала көөдөндүк кылып Ү. энеси Акеркечтин тилин албастан атамдын (Чоң казатта окко учкан Көкчөнү Манас Бээжинге ээрчитип барып өлтүрүп жок кылган деген шылтоону айтып) кунун аламын деп Семетейге келип, чатак салат. Коңурбайдан өч алуу үчүн мени чакыртпай өзүң кетип каласың деген жалааны да жабат. Ү-гө өз эли казактар да Семетейге каршы чыкпай туугандарыңды көздө десе ага да ынабайт. Ошондой эле бул сунушту кыргыздын калайык-калкы да айтса, ага болбостон өзү катылат, акыры өз башынан ажырайт. "Манас" эпосунда Ү-дүн куну үчүн Тайбуурулду баш кылып тартуу тартып, анын сөөгүн кастарлап Тайбуурулга жүктөтүп, Аколпокту жаап, дүнүйө-мүлк менен узатып жиберет.

Өзбекстан

Өзбекстан (өзб. O’zbekiston, Ўзбекистон же өзб. O'zbekiston Respublikasi, Ўзбекистон Республикаси) — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. «Өзбекистан» жана «Өзбекстан Республикасы» деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан. Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана(Фергана), Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.

 
Казак уруулары
Улуу жүз Албан · Шанышкылы · Дулат · Жалаир · Каңлы · Ошакты · Суан · Сиргели · Шапырашты · Ысты · Сары-Уйсын
Орто жүз Аргын · Найман · Кыпчак · Коңырат · Керей · Уак
Кичи жүз Байулы · Алимулы · Жетыру · Ногай-казак
Жүздөргө кирбегендер Төрө · Кожалар · Төленгиттер
Башка макалалар Казактардагы тууганчылык · Казак шежиреси · Жүздөр

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.