Жез-таш доору

Жез-таш доору - халколит (гр. chalkjs – жез жана lithos – таш энеолит, лат. aeneus – жез жана гр. lithos – таш) – неолиттен коло дооруна өткөн мезгилимий Таш куралдары али басымдуулук кылса да, жезден жасалган алгачкы металл буюмдар пайда боло баштайт. Биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта Чыгышта (Түштүк Иран, Түркия, Месопотамия, Түркмөнстан), биздин заманга чейин 3–2-миң жылдыкта Европада жезди жана колону өндүрүү кыйла калыптанган.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Археологиялык мезгилдерге бөлүштүрүү

Археол. илиминде колдонгон эмгек куралдарына жараша тарыхый мезгил таш, коло, темир доору деп бөлүштүрүлөт. Таш доору үчкө бөлүнөт: палеолит – байыркы таш доору (б. з. ч. 2 млн. 600–10 миң жылдыктар), мезолит – ортоңку таш доору (б. з. ч. 10–7 миң жылдыктар), неолит – жаңы таш доору (б. з. ч. 6–4 миң жылдыктар). Байыркы таш доору – төмөнкү таш доору (2 млн. 600 миң ж-тар), жогорку таш доору (40–10 миң жылдыктар аралыгы) болуп экиге бөлүнөт. Төмөнкү таш доору олдувай, ашель, мустье доору болуп үчкө бөлүнөт. Таш доорунан кийин жез таш доору (энеолит) деген өткөөл мезгил бар. Ал б. з. ч. 4–3 миң жылдыктарды, коло доору б. з. ч. 3-миң ж-тан 1-миң ж-ка чейинки аралыкты камтыйт. Эрте темир доору 1-миң жылдыктан б. з. ортосуна чейинки учур. Кийинки А. м. б. тарыхта орто кылымдар доору деп уланып кетет. Археол-да айрым аймактар үчүн этностордун аты м-н аталган шарттуу мезгилдерге бөлүштүрүү да колдонулат. Мис., Орто Азия археол-нда сак доору (б. з. ч. 8–3-к.), Борбордук Азия археол-нда байыркы түрк мезгили (б.з. 6–10-к-ры), Түштүк Сибирь археол-нда кыргыз мезгили (840-ж.–10-к- дын ортосу), моңгол мезгили (13–14-к.) ж.б. Археол.маданияттын аты м-н колдонулган шарттуу аталуучу мезгилдер да кездешет. Мис., андрон мезгили.

Кыргызстандагы таш доору

Кыргызстандагы таш доору — Кыргыз Республикасы ээлеген аймактын таш доорундагы тарыхы. Кыргызстандагы таш доору б.з.ч. 2 млн. 600 - 4 миң жылдыктар аралыгындагы мезгилди камтыйт.

Кыргызстандын археологиясы

Кыргызстандын археологиясы — азыркы Кыргызстандын аймагындагы археологиялык изилдөөлөрдүн жана табылгалардын жыйындысы.

Энеолит доору

"Энеолит" деген латын жана грек тилдеринен алынып "энеус" – "жез", "литос" – таш, жез-таш доору деген маанини түшүндүрөт. Кээде энеолит термининин ордуна "халколит"сөзү да колдонулат ("халкос" грек тилиндеги – жез). Бирок терминдердин экөө тең жездин пайда болгондугун далилдесе деле турмушта таш куралдары басымдуулук кылган. Негизинен, энеолит б.з.ч. V миң жылдыкта – неолит менен коло доорунун ортолугундагы мезгилди камтыйт.

Жез кендери, көбүнчө тоолуу райондордо жайгашканы белгилүү. Ошондуктан жезди пайдалануу алдыңкы Азияда жана Закавказьеде кеңири тараган. Металл Алдыңкы Азиядан Балканга, кийин Днепрдин оң жээгине тараган деп болжолдонот. Ошондой эле Чыгыш Европадагы Урал жана Карпат тоолорунан да жез алынгандыгы белгиленет. Жез кендерин пайдалануу Теңир-Тоонун жана Алтай тоолорунун аймагында болгондугу далилденген.

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.