Жанр

Жанр (французча  genre – түр) – көркөм сүрөт искусствосунда – белгилүү бир темалардын айланасында чектелген көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк. Ж. негизинен тарыхый жанр турмуштук жанр, согуштук жанр, о. эле портреттик, пейзаждык, натюрморттук жанр деп бөлүнөт. Ж. түшүнүгү XV–XVI кылымдарда пайда болгон жана бул көркөм искусство прогрессине байланыштуу. Көркөм искусствону ар кандай Ж-ларга бөлүү көркөм искусствонун турмуштук чындыкты терең үйрөнүүсүнө жана чагылдырылышына шарт түзгөн, ошону менен бирге буга керектелүүчү каражаттарды иштеп чыгарган жана өнүктүргөн. Азыркы учурдагы Ж. түшүнүгү станоктук живописте өзгөчө өнүккөн, к. Станоктук көркөм искусство макаласын. Скульпторлукта Ж-га бөлүү дээрлик жокко эсе, себеби бул жерде классификациянын негизине тематикалык принцип эмес, көбүнчө скульптуралык чыгарманын максатка ылайыктуулугу эске алынат, бирок тематикалык портрет Ж-ы толук сакталууда. Ж. түшүнүгү – тарыхый категория. Көркөм өнөрдүн тарыхый өсүш процессинде калыптанган Ж. түшү­нүгү олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Кээ бир Ж-лар жоюлуп кеткен (мисалы, мифологиялык жанр). Дифференциациянын натыйжасы катары жаңы Ж-лар (мисалы, пейзаждык Ж-дын өзгөчө түрлөрү катары архитектуралык пейзаждын жана маринанын пайда болушу), синтездик кошунду мүнөздөгү жаңы Ж-лар (мисалы, турмуштук Ж-дын пейзаж менен айкалышы, топтук портреттин тарыхый Ж. менен айкалышы жана башкалар) пайда болот. Сөз колдонууда Ж. термини кээ бир учурда турмуштук жанрдын кыскача аталышын түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
Автобиография

Автобиография (авто..., био... жана ...графия) 1) өз өмүрүндөгү негизги окуяларды кыскача документалдуу баяндоо; 2) кара сөз менен жазылган, мемуарга ыктаган адабий жанр. Мемуардан айырмасы: мында автор жеке өзүнүн башынан өткөргөндөрү, ой-сезимдери, көз караштары тууралуу кеңирирээк сөз кылат. Автобиография дүйнөлүк адабияттагы байыркы жанр. Көркөм автобиографияга Ж. Ж. Руссо жана А. И. Герцен негиз салган. Дүйнөлүк классиктердин айрым чыгармалары да автобиографиялык мүнөздө. Кыргыз адабиятында М. Элебаевдин «Узак жолу», А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттери», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным» аттуу чыгармалары мисал. Адамдын өз таржымалын кыскача баяндап жазышы да автобиография деп аталат.

Биринчи киши аткан

Биринчи киши аткан (англ. FPS) — видео оюндар жанры. Анда мылтык жана башка курал-жарактар колдонулуп, биринчи кишинин көзү менен атыш жүрөт; башкача айтканда, оюнчу башкы каармандын көз карашы менен окуяларды баштан өткөрөт. Бул жанр башка атышуучу оюндардагы жалпы мүнөздөмөлөргө ээ. Бул өз кезегинде аны экшн оюндардын катарына киргизет. Жанр ишке киргенден бери 3D жана жасалма 3D графикалар жабдууларга болгон талапты өстүрүп, көп оюнчу режими алардын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Биринчи киши аткан жанр 1973-жылы башталган Maze War жана Spasim оюндары иштелип чыккан убактарга барып такалат. Кийинчерээк, 1987-жылы MIDI Maze сыяктуу ойноок аталыштардан кийин, бул жанр 1992-жылы Wolfenstein 3D деген маанисиз эле катаал аталышка бириктирилген. Бул оюн аталган жанрды түптөгөн архетип болуп калган жана андан кийинки аталыштар ага негизделген. Ошол аталыштардын бири — Doom. Бул жанрдын кеңири катмарга жайылышына жана популярдуулугуна негиз салган. Балким, бул жанрдагы эң таасирдүү оюндардын бири; көп жылдар бою Doom клону термини Doomдун таасиринен улам бул жанрды белгилөө үчүн колдонулган. 1998-жылда жарык көргөн Half-Life жана анын 2004-жылы чыккан уландысы Half-Life 2 оюндун сюжетин жана анын табышмак элементтерин кеңейткен. 1999-жылы Half-Life оюнунун өзгөртүлүп толукталган Counter-Strike версиясы жарык көргөн. Ал Doom менен катар эң таасирдүү биринчи киши аткан оюндардын бири болушу ыктымал. 1997-жылы чыккан GoldenEye 007, үй консолдору үчүн биринчи киши аткан оюндардын жаңы деңгээлин аныктаган. Ал эми Halo сериясы консолдун сатылышын өстүрүп, биринчи киши аткан оюндардын платформасына карата айтылган жылуу сын-пикирлерди жараткан. 21-кылымда биринчи киши аткан оюндар - коммерциялык баалуулукка ээ видео оюндардын жанры. 2016-жылга карата атышкычтардын саны бардык жанрларындагы видео оюндардын 27 пайыздан ашуунун түзгөн. Айрым биринчи киши аткан оюндар популярдуу киберспорт түрүнө жана атаандаш таймаш оюндарына да айланган.

Германия

Германия - (немисче Deutschland), Германия Федеративдик Республикасы (ГФР)— Борбордук Европадагы өлкөлөрдүн бири (немисче Bundesrepublik Deutschland). Түндүгүнөн Дания, түндүк-батышынан Нидерланд, батышынан Бельгия, Люксембург, Франция, түштүгүнөн Швейцария, түштүк-чыгышынан Австрия, чыгышынан Чехия, Польша менен чектешип, түндүгүнөн Түндүк жана Балтика деңиздери курчап турат. Аянты 357 021 миң км2. Калкы 80 219 695 млн. (2011). Мамлекеттик тили немис тили. Борбору - Берлин шаары. Административдик-аймактык жактан 16 жерди (административдик-аймактык бирдик) камтыган федерация (табл.).

Дастан

Дастан – эпикалык жанр; Чыгыш элдеринин фольклору менен адабиятындагы баатырдык же романтикалык мүнөздөгү көлөмдүү поэма. Ыр түрүндө же кара сөз менен жазылат; аткарууда кыраатка, обонго салып айтуу кезектеше берет. Дастан баатырдык-фантастикалык темадагы жомок, уламыш, санжыралардан турат. Кара сөз түрүндөгүсүндө ыр, диалог же монолог эриш-аркак жүрөт. Дастанды түркмөн, азербайжан, түрктөр огуз-наме деп да атайт. 10-15-кылымда перс, тажик, өзбек, азербайжан адабиятында айрым романтикалык поэмалар (мисалы, «Лайли-Мажнун», «Хосров-Ширин») жана эпикалык чоң поэмалардын главалары (мисалы, Фирдоусинин «Шахнамеси») дастан делген. Көпчүлүк дастанды качандыр бир заманда жеке адамдар чыгарып, элдин көркөм кенчине кирген элдик-поэтикалык дастандан айырмаланбай калган. Дастандын бул эки түрүнө тең каарманды идеалдаштыруу, апыртуу мүнөздүү. Профессионал адабиятта дастан 16-18-кылымда кыйла өрүш алган. Кээ бир элде (өзбек, кара калпак, түрк, кыргыз жана башка) дастан азыр да жаралууда. Кыргыз фолькористикасы менен адабият таануусунда фольклордук (мисалы, «Жаныш-Байыш», «Курманбек») жана адабий поэмаларды кээде дастан деп атайт.

Драма

Драма (грекче drama аракет) - 1) адабияттын үч түрүнүн (эпос жана лирика менен катар) бири драма бир эле убакта театрга да, адабиятка да орток жанр. Драманын өзгөчөлүгү сюжеттүүлүк, окуянын курч карама-каршылыктуулугу, анын сахна оюндарына бөлүнүшү, каармандардын диалогдорунун туташтыгы, баяндоонун жоктугу же көмөкчү абалда болушу. Анын түпкү негизин социалдык-тарыхый же «түбөлүктүү» жалпы адамзат карама-каршылыктарына дуушар болгон кишилердин ой-пикири, кагылышы, сөз таймашы түзөт. Драматизм искусствонун бардык түрүндө жолукса да, драмада мыйзам ченемдүү түрдө басымдуулук кылат. Драма өз ичине көп жанрды камтыйт. Трагедия менен комедия драмада жашап келген түбөлүктүү жанрлар. Орто кылымда мистерия, моралите, көчө драмалары, ошондой эле мелодрама, фарс, водевилъ кеңири тараган, азыр драмада трагикомедия маанилүү орунда. Европа драмасынын башатында байыркы грек драматургдары Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан турат. Байыркы Рим драмасынын өкүлдөрү Плавт, Теренций. Чыгышта драма кийинчерээк өнүккөн. Индияда драма жанрынын гүлдөгөн доору б. з. 1-миң жылдыгына (Калидаса, 4-5-кылымда, Шудрака, 5-кылымда ж. б.) туура келсе, Кытайда 13-14-кылымда атуулдук драма адабий жанры калыптанган. Европа драмасынын «алтын доорун» Англиядагы жана Испаниядагы Кайра жаралуу доору менен барокко мезгилиндеги драма түзөт. Шекспирдин драмаларында трагедиялуулук жана комедиялуулук, реалдуулук жана фантастика чыныгы элдик драмалык формада сүрөттөлгөн. 19-кылымдагы орус драматургиясы дүйнөлүк драманын тарыхына зор салым кошкон. А. С. Грибоедов, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, A.Н. Островский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов чыныгы реалисттик драманы жараткан. М. Горький, В. Вишневский, Н. Погодин, К. Тренёв, B.Маяковский, Л. Леонов, А. Корнейчук, А. Арбузов сыяктуу драматургдардын чыгармалары драматургиянын алтын казынасына кирди. Кыргыз адабиятында драмалык чыгармалар 1920-жылдардын аягында пайда боло баштаган. 1926-жылы Ысык-Көл облусунун айыл чарба техникумунда драма ийрими уюшулган. Кийин борбордогу педтехникумдун алдындагы драмалык ийримдерде, театр студияларында орус драматургдарынын пьесалары (мисалы, Н. В. Гоголдун «Текшерүүчүсү» жана башка) коюла баштаган. Кыргыз адабиятында алгачкы драмалык чыгарманы М. Токобаев жазып, С. Карачев, К. Жантөшев, Ш. Көкөнов кыргыз драматургиясын түптөшкөн. Башында Касым Тыныстанов турган авторлордун «Академия кечелери» деп аталган драмалык циклин кыргыз драма жанрынын калыптанышынын, өркүндөшүнүн айрыкча бир этабы катары эсептөөгө болот. Драма жанрынын өнүгүшүнө Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, А. Токомбаев, А. Осмонов, Т. Абдумомунов зор салымдарын кошту. Б. Жакиев, Ж. Садыков, М. Тойбаев, Б. Өмүралиев, М. Гапаров, C. Раев жана башка драматургдар жаңы бийиктикке көтөрүштү. Ч. Айтматовдун кыргыз драматургиясында ээлеген орду өзгөчө. Жазуучунун чыгармалары боюнча спектаклдер кыргыз театрларында эле эмес, чет өлкөлөрдө да байма-бай коюлууда; 2) драматургиянын трагедия жана комедия менен катар негизги жанрларынын бири. Драма комедия сыяктуу адамдардын жекече турмушун сүрөттөйт, бирок анын максаты адамдардын мүнөзүн жана кылык-жоругун шылдыңдоо эмес, алардын коом менен болгон оош-кыйыш мамилесин ачуу. Драма трагедия сыяктуу эле каармандардын рухий калыптануу баскычын же адеп-ахлактык өзгөрүүлөрүн сүрөттөйт, бирок анда көрсөтүлгөн мүнөздөрдө трагедиялык каармандарга таандык бөтөнчөлүк жок. Драма курч карама-каршылыктарды жана алардын кагылышын түзүүгө умтулат. Драманын белгилери антикалык (мисалы, Европада) жана айрыкча Кайра жаралуу доорундагы драматургияда эле болгон. Бирок өзүнчө жанр катары драма 18-кылымда гана калыптанган. Азыркы учурдагы драматургиянын кеңири тараган түрү реалисттик психология Д. Т. Абдумомунов («Абийир кечирбейт»), Б. Жакиев («Атанын тагдыры»), Ж. Садыков («Айкөл Манас»), М. Байжиев («Төрт адам»), Ш. Садыбакасов («Ак боз ат») жана башка кыргыз драматургдары психологиялык драмага кайрылышты.

Жанр же адабий жанр

Жанр же адабий жанр (фр.— тек, түр)—адабий чыгарманын негизги тектери — эпос, лирика, драма жана алардын ар кыл бөлүнүштөрү жанрга кирет. Жанр деп азыркы учурда адабий чыгармалардын түрлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн формалары да аталат.

М: лирикалык жанр. Ошондой эле тематикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша да жанрга бөлүнөт.

Мисалы, романдар тарыхый, психологиялык, саясий, илимий-фантастикалык роман болуп ажыратылат.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru

Илимий фантастика

Илимий фантастика - адам баласынын кыялынан жаралып, келечекте иш жүзүнө ашырууда мүмкүн болгон илимий-техникалык маселелерди койгон жана сүрөттөгөн көркөм чыгармалар.

Комедия

Комедия (гр.—күлкүлүү) —драманын негизги түрүнүн бири.

Анда күлкү келтире турган турмуш көрүнүштөрү, адам мүнөздөрү сүрөттөлөт, бирок комедияда ашкере эле күлкүлүү көрүнүштөр сүрөттөлө бербестен, социалдык мааниси чоң көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шылдыңдалат,. ошондуктан ага мүнөздүү белгилер юмор (к.), ирония (к.),,' сарказм (к.) болот да, терең идеялык мазмун берилет.

Комедиянын адепки башталышы гректерге таандык. Анын алгачкы авторлорунун бири — Аристофан, ошондуктан аны «комедиянын атасы» деп аташат. Орус адабиятында комедия жанр катары Гоголдун чыгармаларында өзүн толук көрсөттү. Кыргыз адабиятында комедия совет бийлигиний жылдарында жаралды. К. Жантөшевдин «Ким кантти?», Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов», Т. Абдымомуновдун лирикалык, сатиралык комедиялары бул жанрдын кыргыз адабиятындагы жүзүн ачып берди.

Мюзикл

Мюзикл (англис тилинде musical comedy – музыкалык комедиянын кыскартылып айтылышы) – көбүнчө күндөлүк турмушта колдонулуучу музыкалык жанрларга таянуу менен хореографиялык, драмалык, опералык искволордун жетишкендиктерин пайдаланган музыкалык жанр. Опереттадан айырмаланып, мюзикл татаал, өнүктүрүлгөн драматургия жана жалаң комедиялык мүнөзгө эле эмес, терең драмалык деңгээлге ээ болот. Музыкалык көркөм искусствонун жаңы жанры катары мюзикл 1920–30-жылдарда Америкада пайда болгон. Ал эми 1940–60-жылдары мюзикл бүткүл дүйнөгө тараган. Кыргыз музыка искусствосунда алгачкы мюзиклды композитор, аранжировщик Э. Кадырбаев («Махабат жылдызы», 2004, либреттосу акын К. Урмамбетовдуку) жазган.

Новелла

Новелла (итал. novella — жаңылык) — эпикалык түрдүн майда жанрларынын бири. Маданияттын кайра жаралуу доорунда (XIV—XVI) пайда болуп, Италияда Боккаччо, Саккети, Лазуччо сыяктуу авторлор өткөн турмуштан же фольклордук сюжеттерден алып, чакан чыгармаларды жаза башташкан. Бул өзүнчө бир жаңылык болгон да, италия тилинде «жаңылык» деп аталган. Кийинчерээк мындай чыгармалар биринчи кездеги алкагынан кеңейип, өзүнчө бир жанр даражасына көтөрүлүп жетти. Жанр катары новелла төмөнкүдөй белгилерге ээ:

конкреттүү бир каармандын турмушуиа кайрылышы;

каармандардын иш-аракетинин чектелип көрсөтүлүшү;

сюжетинин күтүлбөгөн башталмаларга же бүтүмдөргө ээ болушу;

чыгарманын көбүнчө бир гана деталдын негизинде куралышы.

Поэма

Поэма (гр.-жаратам, чыгарма жазам) – поэзиялык формадагы лирикалык же баяндоо ыкмасында жазылган көлөмдүү чыгарма. Ал ыр менен жазылган романдан көлөмүнүн кичирээктиги менен айырмаланат. Алгачкы поэмалар байыркы грек адабиятында пайда болуп, белгилүү акындардын дээрлик бардыгы адабияттын бул түрүндө өз күчтөрүн сынап көрүшкөн.Кыргыз элинде да ондогон элдик поэмалар оозеки түрдө ооздон-оозго өтүп узак убактар бою жашап келген. Аларда элдин социалдык абалы бир кыйла кеңири берилген. Элдик төкмө акындардын чыгармачылыгында да поэма негизги орунда турат. Жазма адабияттын пайда болушу менен поэманын активдүүлүгү артып, турмуштун ар түрдүү жактарын терең ачып берүүдө акындар үчүн зор кызмат кылды. А.Токомбаевдин “Өз көзүм менен”, Т.Үмөталиевдин “Айсулуу”, “Кубат”, Ж.Бөкөмбаевдин “Кыздын канаты”, “Ажал менен Ар-намыс”, А.Осмоновдун “Жеңишбек”, “Толубай сынчы”, Ж.Турусбековдун “Энем”, “Каракчынын трагедиясы”, А.Токтомушевдин “Какшаалдан кат”, С.Эралиевдин “Ак-Мөөр”, “Жылдыздарга саякат” поэмаларын атап көрсөтүүгө болот. Поэма өз мазмунуна карай лирикалык, эпикалык, лирика-эпикалык формаларда жазылып жүрөт (к.Лирикалык , Эпикалык тек, Лирикалык-эпикалык жанр).

Публицистика

Публицистика (лат.— коомдук) — публицистика күндөлүк коомдук саясий актуалдуу маселелерге карата курч көркөм сөздүн күчү менен жазылган адабияттын өзгөчө жанры, башкача айтканда, жазуучунун эң актуалдуу саясий коомдук маселелери жана күндолүк саясий окуялар боюнча пикир айтышы менен мүнөздөлөт. Публицистикага саясий активдүүлүк, курч жана жеткиликтүү баяндоо, фактыларга негизделген далилдөөлөр мүнөздүү болуп, анын да памфлет, публицистикалык макала, очерк, фельетон сыяктуу жанрлары бар. Публицистика- жазуучуну коомдук турмушка активдуү аралаштырат, башка көлөмдүү чыгармаларынын жаралышына өбөлгө түзөт. Кыргыз адабиятында публицистика жанр катары жазманын пайда болушу менен жаралып, өнүгө баштады, анын калыптанышында А. Токомбаевдин «Улуу орус эли», «Ким маданиятты жойгусу келсе, анын өзү жоюлат», К. новдун «Господин Поинтонго менин сунушум» деген публицистикаларынын чоң мааниси бар. Ч. Айтматовдун 60-жылдарда жазылган «Сырдаштарыма сөз», «Бөдөнө аңдыгандар», «Силер күнөөлүүсүңөр, жердештерим», «Мугалим — жаңылыктын энеси», «Зеравшан, Зеравшан, адамга таазим кыл!»,«Алтын дарбаза» деген публицистикалык макалаларында ошол мезгил үчүн проблемалуу болгон өтө актуалдуу маселелерди көтөрүп чыккандыгы белгилүү.

Роман

Роман (фран.,- француз, итальян, португал ж. б. роман тилдеринде жазылган чыгармалар) – эпикалык түргө кирүүчү, турмушту ар тараптан кеңири жана жай баракат сүрөттөөгө алган, каармандары көп жана алардын негизгилеринин образдарын ачуу үчүн бир канча эпизоддор киргизилген, композициялык түзүлүшү жана сюжети көп пландуу чыгарма. ”Роман” деген термин 12-13- кылымда Батыш Европа адабиятында колдонула баштап, бул мезгилде роман тилдеринде (француз, итальян, португал ж.б.) чыккан кара сөз түрүндөгү чыгармалар аталган. Ал кезде термин азыркы маанисинде колдонулган эмес. Мезгилдин өтүшү терминдин мааниси өзгөрүп, азыр башкача түшүнүктү билдирип калды. Бул же тигил доордун улуттук адабий процессинин өнүгүшү биринчи кезекте роман жанрынын ийгиликтери менен өлчөнөт. Романдарда бир нече инсандын сапаттары, алардын иш аракеттери бүтүндөй бир мезгилдеги социалдык катмарлардын же таптардын мүнөздүү жалпылыктары кеңири сүрөттөлөт. Тилдик каражаттардын же ар кандай түрлөрү жазуучунун чеберчилигине ылайык кеңири пайдаланылат. Эгерде бир гана каармандын тагдырын көрсөтүүгө арналса, анын чөйрөсүн, алакалашкан адамдарын, аткарган иш- аракеттерин, жамаат ичиндеги ролун ачып берүүчү эпизоддорду киргизүү менен башка каармандардын образы да белгилүү деңгээлде ачылат. Роман жазуу үчүн автор сөзсүз кеңири масштабда ойлонот. Алгачкы романдардын пайда болушу Кайра жаралуу доорундагы Боккаччонун “Декамерон”, Сервантестин “"Дон Кихот” деген чыгармалары менен байланыштуу. Дүйнөлүк адабияттын казнасын түзүп турушкан О. Бальзак, Л.Н. Толстой, Р.Роллан, В.Скотт, Г.Флобер, И.А.Гончаров, Ф.Н. Достоевский, Т.Манн ж.б. улуу классиктердин романы жанрдын кийинки өнүгүшүнө чоң салым кошту. Алардын романдарында бүтүндөй мезгилдердин татаал карама- каршылыктары ачылып берилген. Романдар мазмунуна, көлөмүнө, композициялык курулушуна жана катышуучу каармандарына карай төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

дилогия- эки,

трилогия- үч,

тетралогия- төрт,

пенталогия- беш бөлүктөн турат, андан көп бөлүктөрдөн турса роман цикли деп аталат. Мис., О. Бальзактын “Адамдар тамашасы” романдар циклине кирет. Бүтүндөй бир доордун типтүү каармандарын жана окуяларын жогорку көркөмдүктө ачып берген, көптөгөн адамдардын образын көрсөткөн романдар роман-эпопея деп аталат. Буга Л.Н.Толстойдун “Согуш жана тынчтык”, М. Шолоховдун “Тынч Дон”, М.Ауэзовдун “Абай” романдарын көрсөтүүгө болот. Кыргыз адабиятында роман жанрынын жаралышы кыргыз элинин улуттук жазуусунун пайда болушу менен тике байланыштуу. Бул процесске мурдатан жазмасы бар элдердин адабияты өзгөчө чоң таасир этти. Кыргыз романынын жанр катары калыптанышына Т. Сыдыкбековдун чыгармачылыгынын чоң мааниси бар. Анын “Тоо арасында”, “Темир”, “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары”, “Жол”, “Көк асаба” романдары улуттук сыймыкка ээ болгон чыгармалардан болуп калды. М.Элебаевдин “Узак жол”, К.Баялиновдун “Боордоштор”, У.Абдукаимовдун “Майдан”, Т.Касымбековдун “Сынгын кылыч”, “Кел кел”, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, Ө. Даникеевдин “Көкөй кести”, К.Акматовдун “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар” романдары кыргыз адабиятында роман жанрынын ар кандай жылдардагы мыкты табылгалары, оң тенденциялары камтылган, анын идеялык- стилдик бийиктиктерин белгилеген романдардан болуп саналат. Тематикалык жагынан романдар турмуштук, социалдык, тарыхый, саясий, укмуштуу окуялуу, психологиялык, өмүр баяндык сыяктуу болуп бир нечеге бөлүнөт.

Сагымбай Орозбак уулу

Сагымбай Орозбак уулу (1867—1930) — улуу манасчы. Айткан "Манасы" кагаз бетине түшүрүлүп, чыгармачылык мурасына илимий изилденген баа берилип, "алп манасчы" наамына татыган манасчылардын бири.

Сагымбай Орозбак уулу айткан "Манас" жазылып алына баштаганда ал 55 жаш курагында болуп, манасчылык тажрыйбасы 40 жылга жетип, элдин сынынан өтүп, чыгармачылыгынын толук жетилип-бышып, кыл табында келген учуру болгон.

Сагымбай Орозбак уулунун айткан "Манастын" эң негизги артыкчылыгы — анын бийик көркөмдүгү — эч бир талашсыз аксиома. Сагымбайдын айтуусунда эң байыркы поэтикалык ыкмалар менен бирге — аллитерация, синтакстистик параллелизм, рефрен жана кийинки мезгилдерде пайда болгон ыкмаларды кезиктиребиз — татаал рифма, антитеза, метафора ж. б..Сагымбай Орозбак уулунун айткан "Манас" эпосунун сыры ички маңызында жатат. Сагымбайдын "Манасынан" байыркы орхон-енисейлик эстеликтеринин сюжеттик жана поэтикалык окшоштуктарды байкаса болот. Сагымбайдын "Манасынын" дагы бир өзгөчөлүгү анын өз мезгилиндеги улуу манасчылардын дээрлик баардыгын угуп-көрүп,алардан сабак алып, улуу манасчылардан алгандарын өзүнүн чыгармачылык шыгы менен кайрадан иштеп чыгып,байыркы элдик поэзиянын мыкты үлгүлөрүн бизге жеткизе алгандыгында.

Көрүнүктүү "Манас" изилдөөчүлөрдүн бири К. Рахматуллин колдо болгон жана ошол кездерде көзү тирүү жомокчуну жакшы билген кары адамдардын берген маалыматтарына таянып: "Сагымбай ошол учурдагы чоң манасчылдардын дээрлик бардыгын угат. Ал Чоңбаш, Тыныбек, Найманбайларды гана эмес, Балык менен Келдибекти дагы угуп, үлгү алгандыгы туурасында айтышат. Келдибек Сагымбайга Манасты айттырып көрүп жактырат, бирок "обондон жетише элек экенсиң" — деп обонду, кол шилтөөнү башка кыймыл аракеттерди үйрөткөн экен — деп жазат.Сагымбайдын "Манасынын" дагы бир баалуулугу — кыргыз элинин өткөндөгү көз караштарын, түшүнүктөрүн, үрп-адатын, турмуш-абалын изилдөөдө эң бай материал таба ала тургандыгында экендигин белгилүү "Манас" изилдөөчү Самар Мусаев белгилейт. Сагымбайдын "Манасына" мүнөздүү көрүнүштөрдүн дагы бири - ислам дининин таасири. Сагымбай өзү беш маал намаз окуган, динге берилген адам болгон. Жеке жашоосундагы бул учур анын айткан вариантына да өз таасирин тийгизген.

Санжыра

Санжыра – уруу, уруктардын, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат берген оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Кээде бул жазуу түрүндө да учурайт. Кыргыз санжырасында мифтик, уламыштык багыты күчтүү болуп, ыр формасында (мис., Балык акын айткан вариант ), кара сөз түрүндө ( Чодо, Мусакожо ) айтылган. Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык уулу, Бала ырчы, Тоголок Молдо, Талип Молдо, Актан Тыныбеков санжыраларын жазып калтырышкан. Ар элдин, уруу – уруктун, ар бир адамдын, санжырасы айтылган, өзгөчө тарыхтагы белгилүү адамдарга карата ата-тек сүрүштүрүлгөн. Санжыра тарыхка жакын, бирок аны чыныгы реалдуу нерсе – тарыхый чындык деп түшүнүүгө болбойт. Анын көркөм структурасы уламыш, легенда, кошок, арман ж.б.-ды да камтыйт. Бул жанр дээрлик дүйнөнүн көпчүлүк элдеринде айтылса да, кыргыздарда өзгөчө кеңири тараган жана өркүндөгөн. Сайф-ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымдагы “Мажму ат-таварих” деген кол жазмасында кыргыздардын Ак уулдан тартып Аналхакка чейинки 20-23 атасынын тизмеси берилген. 19-кылымда В.Радлов, Н. Аристов, Н. Городсков, Ч. Валиханов тарабынан санжыралар жазылган. 1913 – 14-жылы Осмонаалы Сыдык уулу топтогон санжыра Уфада басылып чыккан.

Санжыра- араптардын "чажара" сөзүнөн алынган. Бизче которгондо "дарак" дегенди түшүндүрөт. Эл, уруу, урук, тууралуу ооз эки баян.

Адыгине(бий) улуусу,

Тагай андан кичүүсү.

Саруу элдин каруусу,

Мундуз элдин мүдүрү.

Саяктан чыгат саяпкер,

Басыз болот камчысы.

Жетиген элдин желеги,

Черик кыргыз чебери.

Ичкилик элге кереги,

Бугу болот бууданы.

Тагайдан чыгат тулпары,

Солтодон чыгат сопулар.

Тейиттен келет кокуйлар,

Кайыптар кыргыз кадыры.

Дөөлөстөн чыгат, дөө-шаасы,

Кытай элдин кырааны,

Моңолдор болот сыртаны.

Азык келсе аш келет

Аңдатпай туруп тап берет

Найман нагыз кыргыздар,

Көрүнбөгөн жылдыздар.

Саякбай Каралаев

Саякбай Каралаев (1894–1971) — манасчы, жомокчу.

Тамсил

Тамсил (ар. – үлгү сөз, накыл) – сатиралык мүнөздөгү, көбүнесе ыр түрүндө жазылган кыска баян. Тамсил байыркы Грецияда Эзоп аттуу тамсилчи тарабынан жазыла баштап, бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин ар кандай коомдук-саясий түзүлүштөргө ылайык жаңыртып келген жанр. Тамсилди жанр катары башкалардан айырмалап турган негизги белгилери: турмушту аллегориялык түрдө чагылдыруу; аллегориялык кейипкерлердин туруктуулугу (түлкү – митаам, кой – жоош, эшек – аңкоо, карышкыр – күчтүү, талоончул, коён – коркок ж. б.), сүрөттөлгөн жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, буюмдардын каймана түрдө адамдарды билдириши, алардын өз маанилерине караганда адамдардын ролуна жакындыгы, эң негизгиси – адептүүлүккө баштоочу моралдын болушу. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынан тамсилдерди көп учуратууга болот. Улуттук адабиятыбызда тамсил Тоголок Молдонун чыгармачылыгында көбүрөөк көрүнүп, кийин кыргыз адабиятында Ж. Бөкөнбаев, М. Алыбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Борбугулов, Ж. Алыбаев, М. Турсуналиев, С. Кадыров ж. б. акын-жазуучулар жазып жүрөт. Мисалы,

Мансап тийип Короздун колуна,

Олтурду начальниктин столуна.

Анан

Канатын тарап,

Калыбет эки жагын карап,

Карамагындагы айбанаттарга,

Койду мындай талап:

–Энбаштык кылбагыла!

Башчыңар Короз болгон соң,

Короздун ырын ырдагыла.

Башыңарга таажы таккыла.

Биз өңдүү

Эки аяктап баскыла.

Мөөрөгөндү таштагыла.

Ку-ка-ре-ку-кудан баштагыла!

Эскертип коёюн дагын,

Ойлонуштуруп көргүлө

Жумуртка туу жагын.

Короздун талабын угуп,

Кой ордунан туруп:

–Начальник болгон соң.

Ириде, үлгү көрсөткөнүңүз оң.

Мекияндарыңыз козу тууп көрүшсүн оболу.

Көңүл буруңузчу,

Бир ишке.

Баарыбыз мал болгон соң.,

Сизди сыйлаганыбыз эле оң.

Бирок,

Ташка тумшугун кайрап,

Тэ-э кырга келип конду

Бир оңбогон сайгак,

Ириде,

Ошону келбейсизби жайлап.

Дегенде Букачар шашты.

Сарайга кире качты...

Демек,

Ыктуу мактанган жакшы.

(Э. Ибраев)

Тамсил кыргыз фольклорунун башка жанрларына салыштырмалуу өнүгүүнүн кийинки этаптарында калыптанган. Кыргыз фольклорунда тамсил башынан эле өз алдынча жанр катары калыптанбастан, фольклордук башка жанрлар менен жуурулушуп, жанрдык касиетин түптөп келгенин байкоого болот. Канткен менен элдик тамсилдин элементтери бар чыгармалар өз заманынын сынчылары белгилүү акын, куудул, чечен айтуучулардын чыгармачылыгында кездешпей койбойт. Кийин Тоголок Молдо тарабынын тамсилдик мазмундагы чыгармалар айбанаттар тууралуу жомок-тамсилдер иштелип чыгып, жанр катары өздүк формасына ээ болгон дегенге толук негиз бар.

Элдик тамсилдерди жыйнап, жазып, басмадан чыгаруу иши Ж. Мусаева тарабынан жүргүзүлүп, 1985-ж. биринчи жолу жыйнак иретинде чыккан. Анда КРУИАнын алтын фондуна жыйналып алынган материалдар толугу менен киргизилип, кайдан, кимден, качан, канча көлөмдө жазылып алынгандыгы тууралуу маалымат берилген. Анда отуздан ашуун тамсилдин тексти менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алабыз. Китеп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү эл оозунан жыйналып алынган текст, экинчисине элдик фольклордун таасиринен улам жазылган сатиралык мүнөздөгү, профессионалдык жазма адабий формасындагы тамсилдерди камтыйт.

Автор, китептин баш сөзүндө тамсилди негизинен эки топко бөлүп караган.

1. Айбанаттар, канаттуулар өз туруш-турпаттары боюнча салыштырмалуу түрдө бузбай сүрөттөлүп, алардын жашоо шарттары. тиричилиги, аллегориясыз баяндалат. Бул айбанаттар жөнүндөгү жомоктун негизин түзөт.

2. Жан-жаныбарлардын, канаттуулардын жорук-жосундары, өң түспөлдөрү каймана маанини кабыл алып, алардын кебете-кешпирлери, адам турмушу сындалат. Бул элдик тамсилдин пайда болушуна негиз болуп берет. Бул жыйынтыктуу ойго карата окумуштуу Т. Танаевдин, профессор М. Борбугуловдун да жүйөлүү пикирлери бар. Негизинен тамсил каймакалуу терең мазмундуулугу, таасирлүү чакан сюжеттүүлүгү, көрсөтмөлүүгү менен тарбиялык-таанып билүүчүлүк, моралдык-этикалык мааниси зор.

Уламыш

Уламыш, улама, аңыз – элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт. Демек жомоктордон жана легендалардан турмуш-тиричиликтин маселелерин, тарыхый негизи бар окуяларды көрсөткөндүгү менен айырмаланат. Кыргыз уламыштары тематикасына карап, жалпысынан эки чоң топко – тарыхый (Чыңгыз хан, Аксак Темир, Жантай, Шабдан, Курманжан датка тууралуу уламыштар) ж-а топонимикалык (Бишкек, Ысык-Көл, Долон, Байтиктин боз бөлтөгү, Өзгөн, Ак-Буура, Сан-Таш ж.б. жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) уламыш деп бөлүнөт. Бирок легенда, жомок, уламыш деген түшүнүктөрдү так чек аралап бөлүүгө мүмкүн болбогон учурлар кездешет, демек мындай бөлүштүрүү бир топ шарттуу.

Философиялык көз карашта, уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө орун алган. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы.

Философия

Кыргыз эл уламыштары

Эссе

Эссе (фр. essai – тажрыйба, иштелип бүтпөгөн чыгарма) – адабий жанр, очерктин өзгөчө бир түрү, анда жазуучунун турмуш көрүнүштөрүнөн жаралган ой жүгүртүүлөрү, кыялы берилет. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында эссе жанр катары 12-кылымда Европада пайда болот, анын өзгөчө өнүккөн жери Англия болгон. Эссенин стили образдуулугу, сүйлөө речине жакындыгы жана курчтугу менен айырмаланат, философия, эстетика, адабий сын, көркөм публицистика аралаш келет. Ф. Франс, бир тууган Манндар, Б. Шоу ж. б. эссенин эң мыкты үлгүлөрүн жаратышкан. Кыргыз адабиятына эссе жаңыдан кире баштады. К. Жусуповдун “Ыр сабындагы өмүр”, «Жаз» повесттери эссеге мисал болот.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.