Европа биримдиги

Европа биримдиги (ЕБ) — Европа өлкөлөрүнүн аймактык саясий жана экономикалык бирикмеси (1993-ж. чейин Европа Биримдиги). Европанын 27 өлкөсү кирет (2007). Европадагы 40 ашык өлкөнү бириктирген бир уюм. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасында чек жок болуп, бир паспорт колдонулат. 1999-жылдан баштап өз валютасына ээ болду - Евро.

Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Улуу Британия, Финляндия, Франция, Чехия, Швеция, Эстония.

ЕС Европа Экон. Биримдигинин (1957-ж. Рим келишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») жана Атом энергиясы боюнча Европа биримдигинин (1957-ж. негизделген) негизинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Европ. бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) жана Ницца (2003) келишимдеринде (2007-ж. ЕСтин бул келишимдерди алмаштырууга багытталган ЕСтин Конституциясы иштелип чыккан, бирок ал биримдикке мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европалык жарандыкты киргизүү; эркиндик, коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу; экономикалык жана социалдык прогресске көмөктөшүү; Европанын дүйнөдөгү ролун бекемдөө. 1999-жылдан ЕСтин 12 өлкөсүндө бирдиктүү валюта – еврону пайдалануу (еврозонага өтүү) киргизилген. ЕСтин көпчүлүк мүчөлөрү бирдиктүү виза эрежелерин камтыган Шенген зонасына киришет. Расмий тилдери: англис, грек, испан, италян, немис, нидерланд, португал, финн, фламанд, француз, швед тилдери. ЕСтин желеги (1986) жана гимни (Людвиг ван Бетховендин «Кубаныч одасы») кабыл алынган. ЕСтин жогорку саясий жетекчи органы – Европа совети; институттары Европа парламенти, ЕСтин совети, Европа комиссиясы, Европа соту, Европа борбордук банкы. ЕСтин расмий борбору жок, анын институттарынын көпчүлүгү Люксембург, Страсбург, Франкфурт-на-Майне шаарында жайгашкан.

Global European Union
Европа биримдиги (2017).
Flag of Europe

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Wikimedia Foundation

Wikimedia Foundation (англ. Wikimedia Foundation, Inc., WMF, же жөн эле Wikimedia) — башкы штабы Калифорниянын Сан Франциско жергесинде жайгашкан Американын коммерциялык эмес, кайрымдуулук уюму. Бул негизинен Wikimedia кыймылына катышканы менен белгилүү. Ал көптөгөн кыймыл долбоорлорунун интернеттеги домендик аталыштары менен Уикипедия сыяктуу сайттарга ээлик кылат. Фонд 2003-жылы Жимми Уэйлс (англ. Jimmy Wales) тарабынан Уикипедиа жана анын башка долбоорлорун каржылоо үчүн коммерциялык эмес максатта негизделген.

2015-жылга карата фонддо 280дөн ашык адам эмгектенип, бир жылдык кирешеси 75 млн АКШ долларынан ашкан. Кристоф Эннер (англ. Christophe Henner) башкаруучу кеңештин төрагасы болуп саналат. Кэтрин Мар (англ. Katherine Maher) 2016-жылдын март айынан бери аткаруучу директору болуп келет.

Болонья процесси

Болонья процесси

Вацлав Гавел

Вацлав Гавел (Václav Havel, 1936-жылдын 5-октябры, Прага - 2011-жылдын 18-декабры, Градечек у Влчиц) – чехтердин чыгаан жазуучусу жана мамлекеттик ишмери.

Драматург, публицист, акын, диссидент, демократ саясатчы. Ал Чехословакиянын акыркы (тогузунчу) президенти (1989-1992) жана өз алдынча жумурият болуп калган Чехиянын туңгуч президенти (1993-2003) болгон.

Евразиялык экономикалык биримдик

Эуразиялык Экономикалык Биримдик (кыск. ЭАЭБ, арм. Եվրասիական տնտեսական միություն, белар. Еўразійскі эканамічны саюз, каз. Еуразиялық Экономикалық Одақ, орус. Евразийский экономический союз) - регионалдык экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Уюм эл аралык укукка ээ жана Евразиялык Экономикалык Биримдик жөнүндө Келишимдин негизинде түзүлгөн. ЕАЭБде товар айлантуу, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылдашы, жана экономикалык тармакта айкалашкан, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыздалат.

Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү болуп Армения, Беларусия, Казакстан Кыргызстан жана Орусия эсептелет. ЕАЭБ улуттук экономикалардын ар тараптуу модернизация, кооперация жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана уюмдун мамлекеттеринин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн туруктуу өнүгүүсүнө шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн.

2015-жылдын 25-майында Вьетнам ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода чөлкөмүнө кирди.

Евро

Евро - Европа союзуна (ЕC) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү валютасы. 2007-жылдын 1-январына карата Экономика жана валюта союзунун (ЭВC) мүчөлөрүнүн – 13 мамлекеттин (Австрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия) жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты. Ар бир мамлекет еврого өтүүдө бирдей критерийге жооп берүүгө‚ башкача айтканда инфляциянын деңгээли 2‚6%тен‚ мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3%тен‚ ал эми жалпы мамлекеттик карыз ички дүң продуктунун (ИДП) 60%инен ашпоого тийиш. Проценттик ставканын жана валюта курсунун мүмкүн болуучу олку-солкулук чеги да белгиленген. Европа борбордук банкы 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500 Е. жана 1, 2, 5, 10 цент тыйынын 1, 2 евро тыйынын чыгарат. Банкноттор жана тыйындар ЭВС катышуучулары болгон өлкөлөрдө чыгарылат. Бирдиктүү валютаны киргизүүнүн шарттары ЭВCке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жакындатууга шарт түзөт. Евро Кыргызстанда да колдонулат.

Европа (маанилери)

Европа континенти

Европа жандоочусу

Европа аралы

Европа кеңеши

Европа укугу

Европа биримдиги

Европа кеңеши

Европа кеңеши – Европа биримдигинин (ЕС) жетекчилигинин жогорку саясий органы. Европа биримдигинин Уставы 1949-ж. түзүлгөн. Совет ЕСтин өнүгүү программасын жана стратегиясын аныктап, маанилүү чечимдерди кабыл алат. Европа биримдигине мамлекет же өкмөт башчылары, ошондой эле Европа комиссиясынын төрагасы кирет. Европа биримдигинин иштерине тышкы иштер министрлери да катышат. ЕСтин органы катары Европа совети расмий түрдө 1986-ж. билдирилген. Европа биримдигин төрагалык кылуучу мамлекеттин башчысы жетектейт (бир мамлекет 6 айлык мөөнөткө төрагалык кылат). Конференциялар, отурумдар, жолугушуулар ошол мамлекеттин аймагында өткөрүлөт. Европа парламентинин заседаниесинде Европа биримдигинин иш программасын белгилейт. Жалпы эреже боюнча Европа биримдигинин чечимдери консенсус аркылуу кабыл алынат. Европа биримдиги кабыл алган чечимдер – бул саясий директивалар. Алардын негизинде ЕСтин институттары тийиштүү укуктук чечимдерди кабыл алат. Мисалы, бирдиктүү европ. валютаны киргизүү маселеси адегенде Европа биримдигинин отурумдарында кеңири талкууланган. Кабыл алынган чечим жөнүндө маалымат ар бир сессия бүткөндөн кийин коммюнике түрүндө билдирилет.

Жозе Сарамаго

Жозе де Соза Сарамаго (порт. José de Sousa Saramago; 1922-жыл 16-ноябрь — 2010-жыл 18-июнь) — португалиялык жазуучу жана 1998-жылы Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын ээси болгон. Анын эмгектери — айрымдарын аллегория катары эсептегенге болот — тарыхый окуяларга карата кыйратуучу көз караштарды сунуштап, адамдык факторго басым жасайт. 2003-жылы Харолд Блум Сарамагону "азыркы дүйнөдө жашаган эң таланттуу роман жазуучу" деп сүрөттөгөн жана 2010-жылы аны "Батыш канонунун туруктуу бөлүгү" деп эсептээрин айткан. Ал эми Жеймс Вудс "ал романдарын акылдуу да, сабатсыз да киши катары баяндаганын айтып, анын көркөм чыгармасынын айырмаланган маанайын" мактоого алган.

Португалиянын өзүндө эле Сарамагонун китептери эки миллиондон ашык нуска менен сатылып, чыгармасы 25 тилге которулган. Либеритардык коммунизмдин жактоочусу болгон Сарамаго Католик чиркөөсү, Европа Биримдиги жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу институттарды сынга алган. Бир атеист катары ал адамдын абалын жакшыртуунун жолу катары сүйүнү жактаган. 1992-жылы премьер-министр Анибал Каваку Силванын тушундагы Португалия өкмөтү диний жактан кемсинтет деп "Аристеон" сыйлыгынын кыска тизмесинен "Ыйса Машаяктын диний үгүтү" (англ. The Gospel According to Jesus Christ) эмгегин алдырып салган. Өз ишине болгон бийликтин цензурасына ындыны өчкөн Сарамаго Лансароте испан аралына сүргүнгө кетип, 2010-жылы көз жумганга чейин ошол жакта жашаган.

Сарамаго 1992-жылы Лиссабондогу Маданиятты коргоо боюнча улуттук майдандын негиздөөчү мүчөсү болуп, Орхан Памук менен биргеликте Европа жазуучулар парламентин негиздешкен.

Маастрихт келишими

Маастрихт келишими – Европа союзун (ЕС) түзүү жөнүндө келишим. 1992-жылы 7-февралда Маастрихт шаарында (Нидерланд) Европа биримдиги мүчөлөрү тарабынан кол коюлуп, 1993-жылы 1-ноябрда күчүнө кирген. Рим келишимин (1957) толуктаган жана өзгөрткөн, Европа интеграция процессинин жогорку деңгээлде ишке ашышын белгилеген. Маастрихт келишими боюнча Европа союзу Европа биримдигинин негизинде түзүлгөн; эркиндик, саясий коопсуздук жана кызматташтык камсыз кылынып, Европа союзуна мүчө болгон өлкөлөрдүн жарандары үчүн бирдиктүү европалык жарандык киргизүү аныкталган. Маастрихт келишиминин шарттарына ылайык 1999-жылдын 1-январынан ЕСте бирдиктүү европалык валюта – евро киргизилген. Маастрихт келишимине Амстердам (1997), Ницца (2003) жана Лиссабон (2007) келишимдери кошумчаланган.

Малайзия

Малайзия (Malaysia), Малайзия Федерациясы (Persekutuan Tanah Malaysia, англисче Federation of Malaysia) – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүк-Кытай деңизи экиге (батыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш Малайзия Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Ланкави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Таиланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океандын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу индонезиялык Суматра аралынан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур аралынан бөлүнүп турат. Чыгыш Малайзия Калимантан аралынын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аянты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км2. Калкы 29,3 млн (2011). Борбору – Куала-Лумпур (улуттук жана мыйзам чыгаруучу борбор, парламенттин келүүчү жайы жана монархтын резиденциясы). Малайзиянын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган административдик борбору Путражаяга (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Административдик-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губернаторлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – малайзия ринггити.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Малайзия – БУУнун (1957), Ынтымакташтыктын (1957), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1957), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын мүчөсү (1995).

Шанхай кызматташтык уюму

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) (англ. Shanghai Cooperation Organisation кыт. 上海合作组织; орус. Шанхайская организация сотрудничества) ) — өкмөттөр аралык өз ара коопсуздук уюму, 2001-жылы Шанхайда Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары тарабынан негизделген. Өзбекстандан башка өлкөлөр 1996-жылы түзүлгөн Шанхай бешилтигинин мүчөсү болушту; 2001-жылы Өзбекстан кошулганда мүчөлөр уюм деп аталышты.

Эвроцент

Эвроцент (€0.01) — Евро Биримдигинын акча бирдиги.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.