Еврей тили

Байыркы еврей тили - семит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, б. з. ч. 12-3-к.) жана Палестинадагы жазмалар (б. з. ч. 8-2-к.) аркылуу белгилүү. Б. з. ч. оозеки түрдө өнүккөн. Байыркы еврей тилинде илгери ханакей, кийин мишнаит (Талмуддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Байыркы еврей тилинде диний, философия-илимдери жана көркөм адабий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4]
Герман тилдери

Герман тилдери— индоевроп. уяга кирген тектеш тилдердин тобу. Негизинен Батыш Европа континентине таралган.

Герман тилдери өз ичинен батыш, түндүк болуп бөлүнөт: батыш тобуна азыркы англис, немец, нидерланд (голланд), фламанд, фриз, идиш (азыркы еврей тили); түндүк тобуна швед, дан (дания), норвег, исланд, фарер тилдери кирет.

Түш. Африка Республикасынын мамлекетинин болгон африкаанс (бур) тили да Герман тилдери тобуна жатат. Бул тил Голландиядан Түш. Африкага келгендердин диалектилеринин аралашуусунан пайда болгон.

Герман тилдеринин эң алгачкы рун жазма эстеликтери 3-кылымга таандык. Латын алиппесине негизделген жазма адегенде 8—9-кылымдан баштан батыш, кийинчерээк түндүк Герман тилдерине таралган.

Европа

Европа континенти – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деңизи, Кума-Маныч ойдуңу жана Керч кысыгы (кээде Чоң Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары менен). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан Түндүк Муз океан жана анын деңиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деңиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деңиздери, Түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деңизи менен чулганат. Түзөң аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ватт (марш), тектон., фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээктер да мүнөздүү. Европанын эң четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуңчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миң км2дей; эң чоңдору – Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – Европанын эң Түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуң-буйткалуу. Европанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Европанын эң алыс жери 1600 км, Батыш Европаныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. жана статистикалык-экон. эмгектерде Европага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта Европа эки бөлүккө – Чыгыш Европага жана Батыш Европага бөлүнөт. Европанын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 мдей. Эң бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 м; эгерде Азия менен Европанын чек арасы Чоң Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эң жапыз жери Каспий бою ойдуңу, ал деңиз деңгээлинен 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуңдуу түздүктөр жана дөңсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Европанын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн Түштүк-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуңу) деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоңку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түздүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Падан түздүгү. Борбордук Европага, Түндүк жана Түштүк Европанын жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эң бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат.

Эң байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктөлүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуңу, Кола жарым аралынын Түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүктөлүүсүнө Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын Түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон герцин бүктөлүүсүнө Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаңы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деңиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деңиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башка), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын Түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай.

Коковцов Павел Константинович

Коковцов Павел Константинович (19.6.1861, Павловск шаары — 1.1.1942, Ленинград) — чыгыш таануучу, семитолог, эпиграфист, ординар профессор (1902). Петербург ИАнын ординар академиги (1902), академиги (1912). Орус гебраистика, ассириология мектебин негиздөөчүлөрдүн бири. Санкт-Петербург гимназиясын (1880), Санкт-Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин (1884) бүткөн. университетте араб-фарстүрк-татар тилдери боюнча лекция угуп, санскрит менен иштеген. 1893-ж. еврей тили боюнча окумуштуу магистр даражасын алат. Коковцов семит тилдеринин дээрлик бардыгын жана алардын жазууларын билгенетикалык Эмгектери семит тилдерине жана жазуу эстеликтерине, семит жана эллиндик Чыгыштын элдеринин эпиграфикасына, археографиясына, тарыхына арналган. Сирология жаатында Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен табылган сиро-түрк жазууларын биринчи жарыялаган. Чүй өрөөнүндөгү Пишпек менен Токмоктун жанынан табылган несториан-христиандардын эстелик таштарындагы жазууларды окуп, «К сиро-турецкой эпиграфике Семиречья» деген макала жарыялаган. Семитолог-энциклопедист катары ал орус чыгыш таануу илиминде өчпөс из калтырган. Ленинградда блокада учурунда каза болгон. Эмгектери: Христианско-сирийские надгробные надписи из Алмалыка // ЗВОРАО, Т. XVI, 1905; Несколько новых надгробных камней с христианско-сирийскими надписами из Средней Азии // Изв. Имп. Акад. наук, 1907, №12; К сиро-турецкой эпиграфике Семиречья // Изв. Имп. Акад. наук, 1909.

Хвольсон Даниил (Иосиф) Абрамович

Хвольсон Даниил (Иосиф) Абрамович (21. 11(3.12). 1819, Вильнюс - 23. 3 (5.4). 1911, Петербург) - орус чыгыш таануучу-семитолог, гебраист жана арабисти, тарыхчы, лингвист.

1855-ж. Лейпцигде философия илимдин доктору даражасын алган. Петербург университетинин проф. (1855-94). Петербург ИАнын мучө-корр. (1858) жана ардактуу мүчөсү (1908). Бреславль жана Лейпциг университеттеринде окуган (1844-48). 1858-жылдан Духовный академияда библиянын тарыхы, археологиясы жана еврей тили боюнча сабак берген. Араб, еврей жана сирия жазууларынын, а. и. Кыргызстандан табылган 13-14-кылымда жазылган несториан-түрк эпиграфикалык эстеликтерди алгачкылардан болуп изилдеген (1886-97). Ассириология, чыгыш эпиграфикасы, байыркы еврей тилинин грамматикасы жана фонетикасы боюнча эмгектери жарыкка чыккан.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.