Династия

Династия(гр. dynasttia – бийлик, үстөм дүк) – мурас боюнча падышалык тактыны биринен бирине өткөрүп берүүчү бир уруудан же бир тукумдан чыккан монархтар. Мисалы, Россияда – Романовдор, Францияда – Бурбондор, Австрия-Венгрияда – Габсбургдар, Араб халифатындагы Аббасиддер жана башка. Учурда Бернадоттор (Швецияда ), Виндзорлор (Улуу Британия ), Бурбондор (Испанияда ) династиялары башкарып келет. Династиялык башкаруудагы мамлекеттерге Бельгия, Дания, Иордания, Кувейт, Лесото, Люксембург, Монако, Нидерланд, Норвегия, Сауд Арабиясы, Япония жана башка кирет.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Анже династиясы

Анже династиясы - орто кылымдардагы Франциядагы Анжу графтарынан чыккан королдук династия. Анже династиясынан чыккан королдор Европанын бир топ мамлекеттеринде: Англияда (Плантагенеттер, 1154-1399), Түштүк Италияда (1268-1442), Сицилияда (1268-82), Венгрияда (1308-87), Польшада (1370-82, 1384-85) бийлик жүргүзүшкөн.

Вазa династиясы

Вазa династиясы, Васа (Vasa) - Швеция (1523-1654) жана Польша (1587-1668) королдору чыккан династия. Династия Густав Ваза аттуу швед ак сөөгүнүн атынан аталган. Ал 1523-60-жылы Густав I деген ат менен Швед королдугун бийлеген. Анын Швеция тагында отурган урпактары: Эрих XIV (1560-68), Юхан III (1568-92), Сигизмунд (1592-1604; 1587-1632-жылы Польшанын да королу), Карл IX (1604-11), Густав II Адольф (1611-32), Кристина (1632-54). Польша королу Сигизмунддун мураскери болбогондуктан, анын кызы Екатерина Ягайло менен Швеция королу Юхандын уулу Сигизмунд III деген ат менен 1587-1632-жылы Польша тагына отурган. Сигизмунд Шнүн Польша тагында отурган мураскерлери: Владислав IV (1632-48) жана Ян Казимир (1648-68).

Габсбургдар

Габсбургдар - 1282-1918-ж. Австрияда, 1526-1918-ж. Чехияда жана Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516-1700-ж. Испанияда жана ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; «Ыйык Рим империясынын» императорлору (1742-45-жылдардан сырткары 1438-1806-ж. туруктуу башкарып келген). Габсбургдар тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-кылымдын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан габсбургдар графтар, 1135-жылдан Ортоңку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-ж. Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburqсе пилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-кылымдын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания жана анын Америкадагы колониялары) Габсбургдар бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин габсбургдар австриялык жана испаниялык деген эки бутакка бөлүнүп кеткен. Габсбургдардын эң акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916-18) учурда Австрия-Венгриянын 1-дүйнөлүк согушта жеңилүүсү жана бурж. рев-янын жеңип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-ж. 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган габсбургдарды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо жана Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде габсбургдар тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.

Гаочан

Гаочан — Түркстандагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы гунндардын доорунан башталат. Биздин замандын 1-кылымда түндүк гунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген.

Хан империясы 2-кылымда гунндардан жеңилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн гунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-ж. хэси жана Гаочан аймагында гунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген.

460-ж. бул династия жуан- жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда гунндар менен көчүп келген ашина түрк-төрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-к. 460-ж.) болуп өткөн.

Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында Гаочан Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 км түштүк-чыгышта жайгашкан.

Гупталар

Гупталар — 4—6-кылымда Түндүк Индияны башкарган династия.

Магадхалык майда княздардан чыккан. Гупталар мамлекети 320—340-ж. ченде түзүлө баштан, 380—414-ж. ченде Түндүк Индияны бийлеген.

Гупталар жеринин түндүк-батыш бөлүгү 6-кылымда эфталиттердин бийлигинде болуп, андан 528-ж. ченде кутулат. Эфталиттерге каршы согуштан (калыбы, ички кризистен да) алсыраган Гупталар мамлекети 6-кылымда кулаган.

Гупталардын тушунда экономика, исккусство, адабият кыйла гулдөгөн.

Караханийлер мамлекети

КАРАХАНИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ - 940-1212-ж. Орто Азиянын, а.и. Кыргызстандын аймагындагы мамлекет. Анын калыптануусуна ошол учурда Борб. Теңиртоодо жаша-ган чигил (жикил), ягма, карлук, аз, тухси уруулары чоң роль ойногон. Башкаруучу династия чигил уруусунан чыккан. Алар К.м. жедеөлөтүанын биринчи башкаруучу-су Сатук Абд ал-Керим Карахандын ысмы-нан аталган. Ал дайыма Суусамыр жайлоо-сунда жайлап тургандыгы, күндөрдүн би-ринде ага кымызга кошуп уу берүү аракети жасалгандыгы ж-до маалымат да сакталып калган. Сатук Абд ал-Керим 955-ж. каза бо-луп, анын сөөгү Кыргызстандын аймагын-дагы ошол учурдагы ири шаарлардын бири - Артушка коюлган. Анын эки уулу (Байраш Муса ж-а Сулайман Илек) болгон. Мамле-кетти башкаруу иши тун уулу Мусага тий-ди. Арслан-хан деген наам м-н падыша бо-луп жарыяланган. Ислам динин чыңдоо мак-сатында 960-ж. Баласагун ш-нда ислам мамл. дин деп жарыяланып, атайын мыйзам м-н бекитилген. Өз мамл-нин чегарасын ке-ңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөштөрдүн би-ринде 918-ж. Муса Арслан-хан каза болуп, анын сөөгү Кашкар ш-на коюлган. Караха-нийлер дөөлөтүнүн башкаруучулары күрөштү эки багытта: Исфижаб (Чымкен) ш-нда ж-а Фергана өрөөнүндө жүргүзүшүп, ийгиликтерге жетишкен. 1032-жылдан кыр-гыздар жашаган бардык аймак Арслан хан-дын уулу Тамга Карахан Аалы Асанга өткөн. 1069-ж. Жусуп Баласагундын «Кут-туу билим» дастаны ушул ханзадага арнал-ган. К. м-нин учурунда маданият өнүгүп, зор имараттар курулган. М. Кашгари, Ж. Бала-сагун өзүлөрүнүн белгилүү эмгектерин жа-ратышкан. К. м-нин тушунда эң үлгүлүү мамл-ти башкаруу аппараты түзүлгөн. Өзгөн ш-нда атайын имараттар курулган. А. Бернштамдын маалыматы б-ча Өзгөндө-гү комплекстин 1112-ж. курулган 1-имараты Карахан мураскери Аалы Кылычка арнал-са, ал эми экинчиси 1187-ж. курулуп, Кылыч Тамгага арналган. Кыргыздар ж-а түркий тилде сүйлөгөн башка элдер тарабынан түзүлгөн К.м. батыш тарапка кеңейип, Шаш (Ташкен), Самаркан, Бухарага чейинки ай-мактарды жеңип алышкан. Самаркандык-тардын династиясынын жашоосун токтот-кон, саясий күрөштөргө активдүү катышып, 1212-ж-га чейин бирдиктүү мамлекет ката-ры өкүм сүргөн.

Ли,

Ли, И, Н и, Р и — 1392-жылдан Кореяда бийлик жүргүзгөн династия(1897-жылга чейин королдор, 1897— 1910-ж. императорлор).

Ли Сон Ге (Тхэжо) негиздеген. Династиянын акыркы башкаруучулары учурунда өлкөгө капит. мамлекеттер кол сала баштан, акыры Япония Кореяны колония кылып алган.

Македондук династия

Македондук династия – Византия императорлорунун династиясы (867–1056). Василий I Македонянин негиздеген (династия анын атынан аталган). Македония дарыясына: Василий I (867–886-жылы башкарган), Лев VI (886–912); Александр (Лев VIнын агасы, 912–913); Константин VII Багрянородный (Лев VIнын уулу, 913–959); Роман I Лакапин (Константин VIIнин кайын атасы, 921–944); Роман II (Константин VIIнин уулу, 959–963); Никифор II Фока (963–969-жылы башкарган, Роман IIнин аялына үйлөнгөн); Иоанн I Цимисхий (969–976) бийликке ак сөөктөрдүн төңкөрүшүнөн кийин келип, Константин VIIнин кызына үйлөнгөн; Василий II Болгаробойца (Роман IIнин уулу, 976–1025); Константин VIII (Василий IIнин агасы, 1025–28); Роман III Аргир (Константин VIIIнин кызы Зоянын – биринчи күйөөсү, 1028–34); Михаил IV Пафлагон (Зоянын экинчи күйөөсү, 1034–41); Михаил V Калафат (Михаил IVнүн жээнин багып алган Зоянын уулу, 1041–42); Константин IX Мономах (Зоянын үчүнчү күйөөсү, 1042–55); Феодора (1055–56) таандык. Македон дарыясынын өкүлдөрү ак сөөктөрдүн кызыкчылыктарын коргошкон.

Маңгыттар

Маңгыттар – 1) түрктөргө тектеш уруулардын бири. Карача бийлер жетектеген маңгыттар бир кезде огуз уруулары (кыргыз, кыпчак, курама, жедигер, коңурат, казак ж. б.) менен бирге Сыр-Дарыянын боюн жердеп, ак маңгыт, кара маңгыт болуп бөлүнүшкөн. Жазма маалыматтарда алгачкы жолу Батыйдын Россияга жасаган чабуулуна байланыштуу моңголдордун бир уруусу (маңгут) катары эскерилет. 14-кылымда маңгыттарга Едиге эмирлик кылган. Булардан тышкары «Мажму ат-Таварихте» да 92 боолу өзбектин (иллатийа) бир уругу катары жана Мухаммед Хаким хандын «Мунтахаб ат-Таварих» аттуу эмгегинде орто азиялык маңгыттар жөнүндө маалыматтар кездешет. Азыркы учурда негизинен Фергана өрөөнүндө, Батыш Казакстанда азыраак бөлүгү Ош областынын Араван районунда турушат; 2) Бухара эмирлигин башкарган династия (1738–1920). Негиздөөчүсү Кудаяр бий (1738–43-жылдары бийлеген), акыркысы Сейит Алим хан (1910–20) болгон.

Обреновичтер

Обреновичтер – Сербиядагы (1815–42-, 1858–82-ж.) княздар, 1882-жылдан королдор династиясы. Милош Обренович негиздеген. Династия өкүлдөрү: Милош Обренович (1815–39, 1858–60); Милан Обренович (1839–39); Михаил Обренович (1839–42, 1860–68); Милан Обренович (1868–89, 1882-жылдан Сербиянын королу); Александр Обренович (1889–1903). 1842-ж. обреновичтер өлкөдөн куулуп, Александр Карагеоргиевич князь деп жарыяланган. 1858-ж. Сербияда обреновичтер бийлиги калыбына келген. Династиянын акыркы өкүлү Александр Обреновичти Карагеоргиевичти жактагандар өлтүргөн.

Ольденбургдар

Ольденбургдар - Ольденбург не­мец графтарынын тукумунан чыккан бир нече династия.

Ольденбургдардын өкүлдөрү Данияда (1448—1863), Норвегияда (1450-1814), Швецияда (1457-1523. кез-кези менен) жанa Шлезвиг-Гольштейнде (1460—1863) сурак кылган.

Ольденбургдардын бир бутагы — Готторптор. Глюксбургдар цинастиясы да Ольденбургдардан чыккан.

Парфия Аршактары

Парфия Аршактары – Парфия падышалыгында б. з. ч. 250-жылдан б. з. 224-жылына чейин бийлик жүргүзгөн династия. Каспийдин Түштүк Чыгышын бийлеген. Парфия Аршактары дахтардын бир бутагы болгон парн уруусунун көсөмү Аршактан тараган делет. Айрым илимпоздор Парфия падышалыгынын накта негиздөөчүсү Тиридат I ни Аршак деп да жүрүшөт. Аршак династиясы: Аршак I (б. з. ч. 250-248\247), Тиридат I (248\247–211-жылдар ченде), Митридат I (170–138\137-жылдар ченде) ж. б. болуп, акырында Артабан 5 (б. з. 209–224-ж. ченде) менен аяктайт. Парфия Аршактарынын хронологиясы аныктала элек. Аршактардын кичи тукуму Арменияга тараган.

Пехлеви династиясы

Пехлеви династиясы – 1925–79-жылдары Иранды башкарган династия. Өкүлдөрү: Реза-шах Пехлеви (1925–41), Мохаммед Реза Пехлеви (1941, сентябрь – 1979, январь).

Плантагенеттер династиясы

Плантагенеттер династиясы, Анжуй династиясы – 1154-1399-жылдары бийлик жүргүзгөн англиялык королдук династия. Негиздөөчүсү – Анжуй графы Генрих II. Генрих IIнин атасы – Анжуй Жоффруа Сулуу графтын атынан аталган династия. 13-кылымдын башына чейин Генрих Пнин жана анын мураскерлеринин кол алдында Англия менен Франциянын жерлери болгон Плантагенеттер династиясынын өкүлдөрү: Генрих II (1154–89), Ричард I Арстан жүрөк (1189–99), Иоанн (Жери жок, 1199–1216), Генрих III (1216–72), Эдуард I (1272–1307), Эдуард II (1307–27), Эдуард III (1327–77), Ричард II (1377–99). Ричард II тактан кеткенден кийин Плантагенеттердин башка бутактарынын өкүлдөрү - Ланкастерлер (1399–1461) жана Йорктор (1461–85) такка отурушкан.

Селжуктар

Селжуктар (Селжук уулдары) (орус. Сельджукиды, түрк. Selçuklular, түркм. Seljuklar, перс. سلجوقیان‎ Saljuqiyân, араб. سلاجقة‎‎ Saljuq, as-Salājiqa) – түркмөндөр, осмондор, гагауздар жана азербайжандар сыяктуу эле батыш түрктөрүнө кирген, огуздардын кынык уруусунун бир бутагы. Уламыш боюнча 955-жылы Сырдарыядагы Жендге келип конгон жол башчысы Селжуктун аты менен аталып калган; анын неберелери Тугрул бек менен Чагры бек мыкты каратуучулал болушкан. Селжуктардын жалпыбийликтүү султандары болгондор Тугрул-бек (1035, 1058—1063), Чагрыл-бектин уулу Алп-Арслан (1063—1072), Мелик-шах (1072—1092) болушкан.

955-жылы аскербашы (сүбашы) болгон Селжук Огуз мамлекетинен бөлүнүп, өзүнө караштуу огуздарды алып Женд аймагына отурукташкан жана ушул учурда ислам динин кабыл алган. Анын неберелери болгон Туурул бек менен Чагры бектен баштап, бара-бара селжук уулдары чоң мамлекет куруп, көп жоортуулдарды жасашкан. Селжук уулдары көп аймактарда өздөрүнүн бийликтерин жүргүзгөн жана кийинчерээк мамлекетин майда султандыктарга бөлүп башкарып кетишкен.

Селжуктар — түрк-перс[1][2][3][4][5] сулалеси (династия) болуп саналат.

Стюарттар

Стюарттар - 1371-жылдан Шотландиядагы, 1603-49, 1660-1714-ж. Англиядагы королдор династиясы.

12- кылымдан королдун иш башкаруучусунун - стюарттын кызматын (ушундан Стюарттар аталган) ээлеп алган шотландиялык тектүү үй-бүлөдөн чыккан.

Өтө белгилүүлөрү: Мария Стюарт (1560-67-ж. башкарган), Яков I (1603-25), Карл I (1625-49). Яков I жана анын уулу Карл I жүргүзгөн феодалдык-абсолюттук диктатура саясаты Англиядагы буржуазиялык революциянын (17-к.) чыгышын тездетип, анын убагында Карл I өлүм жазасына тартылган (1649).

Стюарттардын акыркы өкүлү Анна Стюарт өлгөндөн кийин (1714) такты Ганновер династиясына өткөн.

Тутанхамон

Тутанхамон (сөзмө сөз - Амондун тирүү образы; такты аты - Небхепрура) - Жаңы падышалык мезгилдеги (XVIII династия) египет фараону (б. з. ч. 1400-1392-ж. ченде).

Аменхотеп 1 Унүн (Эхнатон) күйөө баласы, мүмкүн баласы же иниси, Тутанхатон деген ат менен 12 жашында бийликке келип, 20га чыкпай өлгөн. Тутанхамон тушунда өлкөнү чындыгында вазир Эйе жана башка ак сөөктөр бийлеген. Эхнатондун диний реформалары жоюлуп, Амон кудайына сыйынуу калыбына келтирилген. Тутанхамон өзү Тутанхатон деген ысымдан баш тартып, резиденциясын Эхетатончон Фивыга көчүргөн.

Өзбекстан

Өзбекстан (өзб. O’zbekiston, Ўзбекистон же өзб. O'zbekiston Respublikasi, Ўзбекистон Республикаси) — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. «Өзбекистан» жана «Өзбекстан Республикасы» деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан. Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана(Фергана), Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.