Деңиз деңгээли

Деңиз деңгээлиДүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деңгээлин билгизген (нөл горизонту катары эсептелген) шарттуу белги. Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деңиздин толкушу, ташкындашы, деңиздин үстүнкү бетинин жылышы жана муздашы, атмосфералык басымдын туруксуздугу, жаан-чачын менен буулануу ар кандай күчтөрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли «көз ирмемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо айлык, орточо жылдык жана орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында деңиз деңгээликатары Балтика деңизинин (Финн булуңу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деңгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2750 м, эң бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеңиш чокусу), эң жапыз жери 401 м (Лейлек районунун аймагында).

NASA-sea-level-change-1993-2007-topex-jason1
Деңиз деңгээли (1993-2007).

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Ак-Сай өрөөнү

Ак-Сай өрөөнү — Ички Теңир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Орографиялык жактан Батыш Ак-Сай жана Чыгыш Аксайга бөлүнөт. Батыш Аксайды Атбашы, Жаңжер, Какшаал, Көккыя тоолору курчап жатат. Узундугу 81 км, таманынын эң жазы жери 28 км. Өрөөн деңиз деңгээли 2900-3800 м, курчаган тоолор 3900-5000м бийиктте таманды дөбө-дөңсөөлү, ортоңку бөлүгү түзон жана жапыз кашаттуу. Жылдын жаан-чачыны 257 мм. Кышында кар аз түшүпа айрыс жылдары дер "кара" чыгат. Өрөөндү курчаган тоолор мөңгүлүү (жалпы аянты 118,4 км2 келген 58 мөңгү бар.) Бардык жеринде түбөлүк тоң тараган. Негизи суусу Ак-Сай (Батыш). Майда моренадан жана термокраст процесстеринин пайда болгон көлдөр бар. Аксайга субалып жарым чөлү жана кургак талаа (3100-3600 мм чейин), алып шалбаалуу талаасы, айрым жеринде муздак тундра (3600-3900 мм), андан жогору невалдык гляциалдык ландшафт алкакатары мунөздүү. Өрөөн Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо. Нарын, Атбашы, Акталаа районунун малы багылат. Малчыларды тейлөөчү маданий борбор уюштурулган. Өрөөндөн авто жолу өтөт.

Аламүдүн мөңгүсү

Аламүдүн мөңгүсү – Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,9 км, аянты 5,4 км2.

Чүй дарыясынын сол куймасы Аламүдүн суусунун төрүнөн (сол тарабынан) орун алган. Токтогул мөңгүсүнүн түндүк-чыгыш тарабында. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээли 4430 м, этеги 3240 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3790 м. Абляция облусунун аянты 3,1 км2. Мөңгүдөн Аламүдүн суусу башталат.

Арпа өрөөнү

Арпа өрөөнү - Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоошондой Түш. батышынан Фергана, түштүгүнөн Торугарт кыркатоолору, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосунун батыш тумшугу, түндүк-чыгышынан Орток-Тоо жана түндүгүнөн Жаман-Тоо менен чектешет. Узундугу 60 км, эң жазы жери 32 км.

Өрөөн түндүк-батышты карай 3 бурчтук сымал созулуп, чыгыштан батышты көздөй эңкейиштеп жатат. Таманы деңиз деңгээли 2600-3600 м бийиктикте. Арпа суусу өрөөндү 2 бөлүккө (жантайыңкы жазы сол жана тигирээк ичке оң жээкке) бөлөт. Арпа өрөөнү - грабень-синклиналдык ойдуң. Таманы шиленди жана үбөлөндү тектердин калың катмарына толгон. Климаты катаал: жылдык орточо температурасы 5,4°С, январдыкы -23°С, июлдуку 9,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250-280 мм. Арпа өрөөнүнө шалбаалуу жана бадалдуу талаа (3000 мге чейин), күнгөйүнө субальп жарымчөлү жана кургак талаасы (3500 мге чейин), альп талаасы, тескейине субальп талаасы жана шалбаалуу талаасы, субнивалдык (3800 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Арпа өрөөнү - Кыргызстандагы ири жайыттардын бири. Мында негизинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун малы жайылат. Өрөөндүн чыгыш бөлүгү аркылуу Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Гайрат, Кадамжай району

Гайрат (кырг. Гайрат) — Кыргыз Республикасынын Баткен облусун Кадамжай районундагы айыл. Көтөрмө айыл округунун курамына кирет. Фергана Хамзабат автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээли 1300 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 16 км, Кызылкыя темиржол бекетинен 56 км.

Интернационал, Араван району

Интернационал, Араван району – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээли 990 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 11 км түндүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 41 км. Кыштак 1935-ж негизделген. Калкы 1091 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.

Кызыл-Булак курорту

Кызыл-Булак курорту — Баткен облусунун Кадамжай районундагы климаттык курорт. Кадамжай шаарчасынан 12 км, Ош шаарынан 150 км аралыкта. Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээли 1250м бийиктикте, Аксуунун өрөөнүндө жайгашкан. Айланасында арча токою, бадалдар өсөт. Климаты мелүүн континенттик. Кышы анча суук эмес, кар аз түшөт, январдын орточо температурасы –3°С. Жаз жана күз айлары жылуу. Жайы ысык, июлдун орточо температурасы 22°С. Жылдык жаан-чачыны 350 ммдей; негизинен апрель–июнь айларында жаайт. Жылдык орточо салыштырма нымдуулугу 56%. Жылына 2700 саат күн тиет. Курорттун аймагынын кооз ландшафты, өтө иондошкон таза тоо абасы климат-терапиясында мааниси зор. Кургак учуктан дарылоочу «Кызылбулак» санаторийи (250 орундуу) иштейт.

Кызыл-Жол, Баткен району

Кызыл-Жол, Баткен району — Баткен районундагы квартал. Баткен шаарынын курамына кирет. Деңиз деңгээли 1055 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен шаарынан 0.5 км батыш тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 25 км. Калкы 3843 (2009); негизинен мал багат, дыйкан чарбаларында эмгектенип, өрүк белендейт. Орто мектеп, китепкана, үй-бүлөөлүк дарыгерлер, (кургак учук) оорукана бар.

Кызыл-Жылдыз, Ноокен району

Кызыл-Жылдыз — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы айыл. Ноокат айыл округу составына кирет.

Шалка суусунун оң өйүзүндө, Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээли 575 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 11 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 56 км.

Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1194 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Бала бакча, китепкана бар. Кыштакта 2 дыйкан чарба, техникалык сервис, соода түйүндөрү иштейт.

Кызыл-Кум чөлү

Кызыл-Кум чөлү — Орто Азиядагы чөл, Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгында, Өзбекстан, Казакстан, бир аз бөлүгү Түркмөнстандын аймагында. Түндүк-батышынан Арал деңизи, түндүкчыгышынан Сыр-Дарыя, чыгышынан Теңир-Тоо жана Памир-Алайдын тармактары, түштүк-батышынан Аму-Дарыя менен чектешет. Аянты 300 миң км2. Деңиз деңгээли 300 м бийикте жаткан түздүктөрдөн (түштүк-чыгышында), айрым туюк ойдуңдардан жана бири-биринен обочолонуп жайгашкан, коктуколоттуу (бийиктиги 922 мге чейин) калдык тоолордон (Букан-Тоо, Тамды-Тоо, Кулжук-Тоо, Султануиздаг жана башка) турат. Кен байлыктары: алтын (Мурын-Тоо), газ (Газли). Түзөң бөлүктөрү чоподон жана кумдан турат, такыр жерлер көп. Аймагынын көп бөлүгүн кум массивдери (жалчалар) ээлейт.

Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы - 9°Сден 0°Сге чейин, июлдуку 26-29°С. Жылдык жаан-чачыны 200мм. Агын суулары жок, бирок кыртыш сууларынын запасы мол. Топурагы бозомук-күрөң, кумдуу, шор жерлер да кездешет. Чөп өсүмдүктөрүнөн эфемер менен эфемероиддер басымдуу. Кум жалчаларында кум ыраңы, ак сөксөөл, кандым, черкез, таштуу дөңсөөлөрдө шыбак жана шыбакбадал өсүмдүктөрү өсөт. Жайытка пайдаланылат. Кызыл-Кумда Кара-Көл, Кызыл-Кум, Бадай-Тугай, Варданзи коруктары бар.

Кызыл-Күнгөй мөңгүлөрү

Кызыл-Күнгөй мөңгүлөрү — Чоң-Алай кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшкөн Кызыл-Күнгөй суусунун алабындагы эки мөңгү (Чыгыш жана Батыш Кызыл-күнгөй мөңгүлөрү).

Чыгышы — каптал тибиндеги мөңгү. узундугу 5,0 км, аянты 6,2 км2, көлөмү 0,1 км3; башы деңиз деңгээли 5200 м, этеги 3820 м бийикте жатат; кар чегинин бийиктиги 4400 м, абляциясынын аянты 2,1 км2.Батышы — өрөөн тибиндеги мөңгү; узундугу 3,7 км, аянты 4,2 км2, көлөмү 0,1 км3. Башы деңиз деңгээли 5120 м, этеги 3740 м бийикте жатат, кар чегинин бийиктиги 4500 м, абляциясынын аянты 2,3 км2. Мөңгүлөрдөн Кызыл-Суунун сол куймасы — Кызыл-Күнгөй суусу башталат.

Кызыл-Суу (айыл)

Кызылсуу айылы - Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы аймагынын борбору. Ысыккөлдүн түштүк жээгинде жайгашкан.

(мурда Силив кино, 1993-ж. чейин Покровка) — Райондун жана Кызыл-Суу айыл округунун борбору. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Чоң Кызыл-Суу суусунун боюнда, Балыкчы — Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээли 1760 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шнан 35 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 180 км. Калкы 12,2 миң (2009). Кыштакта 3 орто мектеп, китепканалар, бала бакча, оорукана, поликлиника, мадабият үйү, мечит бар. Кыш, нан жана сыр заводдору, турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, базар, автобекет жана башка иштейт. Бул жерде КР УИАнын Теңир-Тоо физикалык-география станциясынын кеңсеси орун алган. Кыштакта Советтик Союзунун Баатыры А. А. Титов туулган.

Кызыл-Суу мөңгүсү

Кызыл-Суу мөңгүсү — Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы дендрит тибиндеги көп тармактуу мөңгү. узундугу 16,9 км, аянты 43,0 км2. Кызыл-Суунун (чыгыш) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээли 6610 м, этеги 3780 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4560 м, абляциясынын аянты 12,9 км2. Фирн облусу төрлөрдө жатат. Этеги морена менен текши капталган. Мөңгүдөн Кызыл-Суу (чыгыш) башталат.

Кызыл-Тоо, Өзгөн району

Кызыл-Тоо, Өзгөн району — Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Кызыл-Тоо айыл округуна караштуу. Жазы суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээли 1160 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 75 км. Калкы 3269 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.

Кызыл-Туу, Сокулук району

Кызыл-Туу, Сокулук району— Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округунун борбору. Жыламыш суусунун боюнда, деңиз деңгээли 830 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 4049 (2009); негизинен багбанчылыкта эмгектенет, мал багат. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, ФАП, бала бакча, мадабият үйү, дүр-дүйнө дүкөнү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социялдык Эмгектери Баатыры Б. Кулов туулган.

Кызыл-Туу, Тоң району

Кызыл-Туу, Тоң району, Ак-Терек — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Ак-Терек айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээли 1800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кышнан 28 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1828 (2016); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Кыштакта Социялдык Эмгектери Баатыры К. Мукашева туулган.

Кызыл-Шарк, Кара-Суу району

Кызыл-Шарк, Кара-Суу району — Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Савай айыл округуна караштуу. Ош — Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээли 750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 7 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 4875 (2009); негизинен дыйкан жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, мадабият үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик, эки жолку Социялдык Эмгектери Баатыры X. Ташировго бюст орнотулган.

Кызыл-Эшме, Чоң-Алай району

Кызыл-Эшме, Чоң-Алай району — Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыштак. Чоң-Алай айыл округуна караштуу. Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээли 2500 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 11 км. Ош темир жол бекетинен 325 км. Кыштак 1950-ж. негизделген. Калкы 1171 (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, ФАП, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.

Садовый

Садовый - Чүй облусунун Чүй районундагы кыштак.

Чүй айыл аймагына караштуу.

Деңиз деңгээли 588 м бийиктикте. Райондун борбору Чүй кыштагынан 12 км Түштүк-чыгыш тарапта. Токмок темир жол бекетинен 10 км.

Калкы 1130 (2009).

Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.

Улан

Улан – Ат-Башы суусунун сол курамы. Нарын кырка тоосуна Улан тоосу кошулган жердеги чакан мөңгүлөрдөн башталат. Узундугу 21 км, алабынын аянты 234 км, деңиз деңгээли орточо бийиктиги 3600 м. Суу куралуу облусуна кирет. Бийик тоолуу кууш өрөөн аркылуу шар агып, Ойнокжар туштан Жаңыжер суусу менен кошулат да, Атбашы суусун түзөт. 11 куймасы бар; ирилери: Көкжар, Текелитөр, Байбиче жылаңач (оң), Аюулутөр (сол. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 8,3км2 келген 25 чакан мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 2,50 м3/сек, эң көбү июнь-июлда, эң азы февраль-мартта байкалат.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.