Деспотизм

Деспотизм - башканын эркиндигин зордук менен басып, өзүнө баш ийдирүүчү бийлик.

Кошумча маалымат

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
Деспотия

Деспотия (гр. despoteia - чексиз бийлик) - жеке бийликке негизделген мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу формасы.

Анда сурак жүргүзгөндөр (падыша, король, хан ж. б.) чексиз укукка ээ болгон.

Байыркы Чыгыш мамлекеттери (Ассирия, Вавилония, Египет, Индия, Иран, Кытай ж. б.) Деспотияга үлгү боло алат. Анткени аларда жерди ээлоо жана башкаруу укугу борбордошкон мамлекеттик бийликтин колуна топтолгон.

Ф. Энгельс: «...жамааттар жерди чогуу иштетип, болбосо айрым үй-бүлөгө убактылуу барымтага берген кезде а ли жеке менчик түзүлбөгөндүктөн, андай жерде мамлекеттик бийлик деспотизм түрдө өкүм сүргөн»,- деп белгилеген (Маркс К.. Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т. 19, с. 492).

Багдад халифаты (8-9-к.), Индиядагы Улуу Моголдор бийлиги (16-17-к), Осмон империясы (14- 16-к.) феод. Деспотия болгон.

Жон Стюарт Милль

Милль, Жон Стюарт (англ. John Stuart Mill, 1806—1873) — англиялык философ, экономист, коомдук ишмер. Милль Лондондо туулган. Анын атасы Жеймс Милль «Британиялык Индиянын тарыхын» жазган жана уулуна эң сонун билим берген. Он жашында ал грекче жана латынча шар сүйлөп, он бир жашында атасы жазган китепти окуганга жарап калат. 1823—1858-жылдарда Ост-Индия компаниясында кызмат өтөйт. Өзүнүн «Өмүр таржымалында» ал жаш курагын толук сүрөттөп жазат. Жыйырма жаш курагында өтө күчтүү депрессияны башынан өткөрөт, муну ал өзүнүн эмоциясынын начарлашы менен түшүндүрөт». Кийин бир китепти окуп отуруп ыйлайт, ошондо ал өзүндө али да терең эмоциялык сезим бар экенин түшүнүп, көңүлү ордуна келип, оңоло баштайт.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.