Грек тили

Грек тили (грекче: ελληνική γλώσσα же жөн эле грекче: ελληνικά) Индо-европалык тилдердин бири. Бүгүнкү мезгилде, айрыкча Греция жана Кипрде, грек тилин 15 миллиондон 22 миллионго чейин адамдар сүйөлөшөт. Индо-евпоралык тилдерден анын тарыкы эң узуну - 34 кылымга созулат.

Антропохория

Антропохория (antropos – адам, гр. choro – таралуу) – адамдын иш аракети аркылуу өсүмдүк диаспораларынын таралуусу. Антропохория түз жана кыйыр болот. Кыйыр Антропохорияда сугат суулары, кык жана үй жаныбарлары аркылуу таралат. Түз А-де транспорт жана жерди кайра иштетүү аркылуу отоо чөптөрдүн уруктары таралат. А-нын түздөн түз жүрүшү а. ч. техникалары менен жерди иштетүүнүн натыйжасында ишке ашат да, ал э р г а з и о х о р и я (грек тили ergasia – жер иштетүү) деп аталат. О. эле диаспоралар себүү учурунда таркалат, ал с п е й р о х о р и я (грек тили speizo – себем) деп аталат. А-нын бул формасы бир кыйла байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр,) арасындагы тандоонун жүрүшүнө алып келген. Натыйжада отоо чөптөрдүн диоспоралары айдалма өсүмдүктүн уругу менен бир учурда жетилип, алардын уруктарын бири биринен ажыратуу өтө кыйындыкка турат. КМШнын аймагында А-лык отоо чөптөрдүн катарына амброзия, амарант, шимүүр ж. б. кирет.

Византия империясы

Византия, Византия империясы, Чыгыш Рим империясы - 395-1453-ж. өкүм сүргөн мамлекет. Алгач «Ромейлер империясы» деп аталган.

Гомер

Гомер (англ. Homer) — Байыркы грек адабиятындагы башкы "Илиада" жана "Одиссея" аттуу эки эпикалык поэманын авторуна байыркы гректер тарабынан берилген ысым. "Илиада" Троя согушундагы окуяларды чагылдырат. Анда грек мамлекеттеринин биримдиги тарабынан Троя шаары он жыл курчоого алынганы баяндалат. Чыгарма падыша Агамемнон менен согушкер Ахиллестин ортосундагы кармаштын акыркы жылындагы бир нече аптага созулган салгылашка басым жасайт. "Одиссея" болсо Троя кулагандан кийин Итаканын падышасы Одиссейдин үйүнө болгон сапарына токтолот.

Гомердин жашоосу тууралуу көптөгөн жазмалар байыркы классикалык доордо тараган. Эң кеңири жайылганы анын азыркы Түркиянын борбордук Анатолия жээктериндеги Иония жергесинен сокур акын болгонун белгилейт. Учурдагы илимий изилдөөлөр бул тарыхый маалыматтар тек гана уламыштар деп эсептешет.

"Илиада" менен "Одиссея" ким тарабынан, качан жана кандай шарттарда жазылган деген "Гомердик суроо" ушул күнгө чейин талаш-талкуу жаратып келет. Жалпы жонунан алганда, заманбап илимий пикир эки топко бөлүнүп кетет. Биринчи топтогулар "Илиада" менен (кээ бирине ылайык) "Одиссеянын" көпчүлүгү бир акындын интеллектуалдык эмгеги деген гипотезаны жакташат. Башка топтогулар Гомердик поэмаларды көптөгөн кишилердин салымы менен кайра-кайра иштөөнүн натыйжасында жаралган эмгек деп эсептешет. Ал эми "Гомер" жалпы тарыхый маалыматтардын арасында эң көзгө урунган жүз болуп саналат. Жалпысынан алып караганда ыр саптары биздин заманга чейин болжолдуу түрдө 8-кылымдын аягында же 7-кылымдын башында жазылган деп кабыл алынган көз караш бар. Поэмалар эпикалык грек тили катары да таанымал болгон гомердик грек тилинде жазылган. Бул тил ар кайсы кылымдардагы иониялык жана эолиялык диалекттердин өзгөчөлүктөрүнүн аралашмасынан куралган адабий тил болуп саналат; басымдуу түрдө Чыгыш Иония тили таасир эткен. Көпчүлүк изилдөөчүлөр ыр саптары алгач оозеки түрдө айтылган деп ишенишет.

Байыркы доордон ушул күнгө чейин Гомердин эпикалык чыгармалары адабият, музыка, көркөм өнөр жана тасмалардын жаралышына дем берип, Батыш цивилизациясына зор таасир тийгизген. Гомердин эпостору байыркы грек маданияты менен билим берүүсүнө эбегейсиз зор таасирие берген; Платон үчүн Гомер жөн гана "Грецияны окуткан" бир киши — en Hellada pepaideuken болгон.

Ихтиофауна

Ихтиофауна (Грек тили ichthys - балык жана фауна) - кандайдыр бир зоогеографиялык областтын көлмөлөрүндө, сууларында, ошондой эле Жер тарыхынын тигил же бул мезгилинде жашаган балыктардын жыйындысы.

Көп суулардын Ихтиофаунасынын теги бирдей эмес. Ал географиялык келип чыгышы түрдүү жана өзүнчө фауналык комплекстерге топтолгон түрлөрдөн чогулат.

Ихтиофаунанын байлыгы аны түзгөн баштапкы фауналык комплекстер, суунун тарыхы, о. эле балыктардын түрлөрүнүн азыркы жашоо шарты менен аныкталат.

Калейдоскоп

Калейдоскоп - (Грек тили kalos - сулуу, кооз, eidos - көрүнүш, тур жана skoрeо - карайм) –

1) ичинде пластинка түрүндөгү үч күзгү өз ара 60° бурч менен жайгашып бекитилген түтүкчө. Бул түтүктүн бир учу күңүрт айнек менен жабылып, ага түрдүү түстөгү айнек сыныктары салынат. Бул сыныктар түтүктүн калган көлөмүнөн тунук айнек аркылуу бөлүнгөн. Түтүктүн экинчи учуна керүү тешиги бар капкакча бекитилген. Түтүктү айлантканда айнек сыныктары тоголонуп үч бурчтук күзгүнүн борборунда түстүү фигураларды түзөт. Бул фигуралардын күзгүдөн чагылышы түрдүү түстөгү ар кандай кооз көрүнүштөрдү пайда кылат. Калейдоскопту англис физиги Д. Брюстер (1817) ойлоп тапкан, азыр ал балдар оюнчугу катары пайдаланылат.

2) Белгилүү мезгилде кандайдыр кубулуштардын же окуялардын бат өзгөрүп же алмашып турушу.

Каледон бүктөлүүсү - (Caledonia - Шотландиянын латынча аты) - палеозой заманында (кембрий, ордовик, силур, кээ бир жерде девон) болгон жер кыртышындагы бүктөлүү, тoo пайда болуу жана граниттешүү сыяктуу тектоникалык процесстердин жыйындысы.

Терминди илимге франц. геолог М. Бертран киргизген (1887).

Каледон бүктөлүүсүнүн аймактарына - каледониддерге Европада - Ирландия, Шотландия, Уэльс, Түндүк Англия жана Скандинавия жарым аралынын түндүк-батыш бөлүгү, Шпицберген аралы Азияда-Борбордук Казакстан (батыш бөлүгү), Түндүк Тянь-Шань, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы жана Кытайдын түштүк-чыгышы кирет.

Ошондой эле Чыгыш Австралия (Тасмания аралы менен бирге), Түндүк жана Чыгыш Гренландия, Түндүк Аппалач да каледонидге таандык. Алардан башка Уралда, Верхоян-Чукча областынын түндүк- чыгышында, Чыгыш Аляскада, Борбордук жана Түндүк Андда жана көптөгөн башка жаш буктелуу тоолордо да каледониддер бар.

Каледон бүктөлүүсүнүн эң алгачкы фазалары (алгачкы каледон) кембрийдин ортосу - аягындагы (салаир), негизгилери - ордовиктин аягы - силурдун башталышына (такой) жана силурдун аягы - девондун башталышына (кийиики каледон), аяккылары - девондун ортосундагы (оркад) мезгилге туура келет. Алгачкы каледондо бүктөлүү кыймылдары күчөп, чопо-сланецтуу (аспид), граувакка кээде флиш, карбонат, спилит-кератофир жана диабаз тоо тек катмарлары пайда болгон.

Айрым жерде гипербазиттер тараган. Кийинки каледондо негизинен тоо пайда болуу жүрүп, тоо аралык ойдуңдарда континенттик Кызыл түстүу чөкмөлөр (моласстар), эффузив жана туфтардын калыц катмарлары пайда болгон.

Каледон бүктөлүүсү анын айрым аймактарында геосинклиналдык өнүгуштүн толук аяктабагандыгы, четки ойдуңдардын жоктугу, калийлуу кийинки граниттердин аз болушу алгачкы геосинклиналдык жанар тоолордун атылышынан келип чыккан тоо тектердин жана офиолиттердин кецири таралышы менен башка бүктөлүулөрдөн айырмаланып турат.

Кыргызстанда Түндүк Тянь-Шандагы тоолор Каледон бүктөлүүсүнөн келип чыккан жана андагы айрым кендер аны менен байланыштуу.

Койне

Койне (грекче koine, koinjs — жалпы) — жалпы грек тили. Биздин заманга чейинки 4-кылымда Аттика диалектинин негизинде пайда болуп, ар кайсы грек айтымдарынан түзүлгөн. Биздин замандын 1-кылымнда Рим империясынын чыгышын мекендеген калктын жалпы элдик тили болгон, кийин андан орто жана жаңы грек тилдери чыккан. Тил илиминде Койне 19-кылымдан тартып ушундай типте түзүлгөн ар кандай жалпы тилдерди атоо үчүн да колдонулат.

Крит жазуусу

Крит жазуусу, крит- микен жазуусу – коло доорунда Грекиядан жана Крит аралынан табылган (б. з. ч. 3–2-миң жылдыктар) жазуунун бир түрү. Крит жазуусунун өнүгүшү үч этапка бөлүнөт: иероглифтик, А жана Б сызык жазуусу. Иероглифтик түрү кандайдыр бир нерсенин (мисалы, адам жана айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн ж. б.) сүрөттөлүшүн, ал эми А жана Б түрү аталгандай эле сызык жазууну билдирет жана анын 100гө жакын белгилери бар. Жазуу солдон оңго жана оңдон солго карай жазылып, грек тили үчүн пайдаланылган. Крит жазуусунун негизинде кипр жазуусу пайда болгон. Жазуунун Б түрү пайдаланылбай калган.

Орто мектеп

Орто мектеп - жалпы билим берүүчү – окуучуларга илимдин негиздеринен системалуу билим берүүчү жана кесиптик даярдыкка жана жогорку билим алууга зарыл болгон ыкманы үйрөтүүчү окуу-тарбия мекемеси. Жалпы орто билим берүү орто кылымда калыптана баштаган. 12–13-кылымда университеттер пайда болушу менен жалпы билим берүүчү орто мектептин милдетин искусство факультеттери аткарган. Өз алдынча окуу жайы катары жалпы берүүчү орто мектеп 16-к-да гимназия түрүндө (эң алгачкысын 1538-ж. педагог-гуманист И. Штурм Страсбургда негиздеген) болгон. Гимназияларда негизги сабак латын жана грек тили болгон. Ар кайсы мамлекеттерде Орто мектептер ар кандай аталган. Мисалы, гимназия, лицей, коллеж ж. б. 18-кылымдын 2-жарымынан жалпы билим берүүчү орто мектептин мүнөзү олуттуу өзгөргөн.

Алдыңкы педагогдор жалпы билим берүүчү Орто мектептин негизги милдети деп окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, эстетикалык табитин, дүйнөгө көз карашынын калыптанышын жана башкалар эсептеген. Гимназия ж. б. окуу планында маанилүү орунду математика, байыркы тилдердин грамматикасы, эне тил, тарых ж. б. ээлеген. Жалпы билим берүүчү орто мектеп университеттик билим алууга даярдоочу баскыч болгон. Анын мүнөзү жана милдети көз өзгөрбөстөн, 19-кылымдын аягына чейин сакталган. Капитализмдин өнүгүшү жаштарды өндүрүштүн жана илимдин ар кандай тармагына даярдоодо мектепте жаңы милдеттерди койду.

Демократиялык ойчулдар жана педагогдор (Т. Мор, Ф. Рабле, Ж. Беллерс, Я. А. Коменский ж. б.) реалдык билим (таалим) берүүнү сунуш кылышкан. Алгачкы реалдык билим (таалим) берүү мектебин И. Хеккер 1747-ж. Берлинде ачкан. Кийин башка мамлекеттерде да пайда боло баштаган. Россияда жогорулатылган түрдөгү алгачкы мектеп 17-к-дын 2-жарымындагы грек-латын мектептери болгон. Анда чиркөө-славян, грек-латын тилдери, философия, риторика окутулган. 1701-ж. Москвада жогорулатылган түрдөгү алгачкы реалдык мектеп ачылган. Эң биринчи өз маанисиндеги Орто мектеп 1726-ж. Петербург академиясынын алдында болгон. Революцияга чейинки жалпы билим берүүчү орто мектептин мүнөздүү жагы анын башталгыч мектептен ажыратылганында. Балдар, кыздар бөлөк-бөлөк окуган. СССРде жалпы билим берүүчү орто мектептин принципиалдуу негизи турмуш, мамлекеттиксаясат менен байланыштыруу, мектепти чиркөөдөн бөлүү болгон. Мектеп ишинин түп тамырынан бери кайра курулушу «Советтик Социалисттик Федерациялык Россиянын бирдиктүү эмгек мектеби жөнүндөгү жободо», «Бирдиктүү эмгек мектебинин негизги принциптеринде» (1918) чагылдырылган.

Окуу жайынан байыркы тил, диний окуу чыгарылып, коомдук-саясий дисциплинаны үйрөнүү киргизилген. Табият жөнүндөгү илимди окутуу күчөтүлүп, политех. билим берүү жөнүндөгү маркстик-лениндик идея турмушка ашырыла баштаган. Билими жоктор үчүн 1919-ж. жумушчу факультети (рабфак) ачылган. 1920-жылдары фабрика-завод жети жылдыгы, айыл жерлеринде дыйкан жаштар мектеби ж. б. негизделген. 1934-ж. 15-майдагы СССР ЭКСтин жана ВКП(б)нын БКнын «СССРде башталгыч жана орто мектеп структурасы жөнүндөгү токтомуна ылайык жалпы орто билим берүүчү орто мектептин жаңы түрлөрү: жумушчу жаштар мектеби, айылдык жаштар мектеби, Суворов жана Нахимов окуу жайлары пайда болгон. 1958-ж. «Мектептин турмуш менен байланышын күчөтүү жана СССРде элге билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндөгү» законго ылайык толук эмес орто мектеп 8 жылдык, толук орто мектеп 11 жылдык болгон. 1964-ж. 10 жылдык мектеп калыбына келтирилген. Кечки жана сырттан жалпы билим берүүчү орто мектептер бар.

Окуучулардын билимин тереңдетүү, кызыгуусун ар тараптан өстүрүү максатында 7-класстан баштап факультативдик сабак киргизилген. Жалпы орто билим берүүчү мектеп мектептен тышкаркы мекемелер менен тыгыз байланышта. Мектеп үчүн 300 млнго жакын окуу китеби 47 тилде чыгат. Жалпы билим берүүчү орто мектеп эки баскычтуу: ар кандай окуу мөөнөтү менен милдеттүү негизги мектеп жана орто мектеп.

Мектептер гимназия, лицей ж. б. болуп ар кандай аталат. Ошондой эле гуманитардык жана реалдык мектептер болуп бөлүнөт.

Педагогика

Педагогика (Байыркы грек тили. παιδαγωγική — чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς — бала, ἄγω — алпаруу же жетелөө)

Полигамия

Полигамия (грек тили polys - көп сандуу, gamos - нике) - жаныбардын көбөйүү мезгилинде бир жандыктын (айрыкча эркектери) карама каршы жыныстагы бир нече жандыктарды уруктандыруусу. Эгерде бир ургаачы көбөйүү мезгилинде бир канча эркеги менен аргындашса полиандрия деп аталат. Полиандрия омурткасыздардын (деңиз жылдыздары, раксымалдар) жана омурткалуулардын (балыктар, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр) ар кандай топтору кездешет. Суу түбүндө жашоочу балыктардын көп түрүнүн ургаачылары ыраттуулук менен бир канча эркектеринин уясына урук таштайт. Полиандрия канаттууларга ургаачысы мүнөздүү. Полиандриянын кээ бир учурда жыныс диморфизиминде морфофизиол. реверсивдүүлүк (түпкү тукумунда айкын) байкалат. Мында ургачысы эркегине салыштырганда бир кыйла чоңураак жана ачык түстө болот. Жумурткасын басып чыгаруу ургачысына мүнөздүү болсо, ал эми жумурткадан жаңы эле чыккан жөжөлөрүнө эркектери кам көрөт. Полиандрия жолу менен көбөйүүчү жаныбарларда ургаачысы үчүн атаандаштык болбойт.

Эгерде бир эле көбөйүү мезгилинде эркеги бир канча ургаачысы менен аргындашса, п о л и г и н и я деп аталат. Жаратылышта полигиниянын бир канча формасы белгилүү: аймактык, гаремдик жана облигаттык. Аймактык полигинияда бир канча ургаачысы белгилүү аймакка ээ болуп, алар жашаган аймактын чегин белгилүү бир эркеги дайыма коргоп турат. Полигиниянын мындай формасы суу астында жашоочу кээ бир балыкттарга да (мис., тилапий балыгы) мүнөздүү. Ал эми канаттулар арасында колония түрүндө жашоочу канаттуларда кездешет. Алардын эркектери жөжөлөрү үчүн кам көрүүгө катышпайт же жөжөлөрүнө жем берүүдө ургаачысына жардамдашат. Аймактык полигиния канаттуларда суурларда жана жөнөкөй приматтарда кездешет. Алар уруктангандан кийин эле эркеги өзүнүн жанына ургаачыларын топтой баштайт. Көбөйүүнүн мындай формасы гаремдик полигиния деп аталат. Көпчүлүк калак буттууларда полигиниянын аймактык - гаремдик формасы байкалат. Кээ бир тоок сымалдарда жана көпчүлүк туяктууларда коргоого алынган туруктуу аймагы болбогондуктан, дайыма өз гареми менен кошо орун которуштуруп турушат. О. эле сүт эмүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү викунья, зебра, кашалот, мартышкалар, бир эркеги бир канча ургаачысы менен топ болуп атайын туруктуу орунда жашайт да, алар облигаттык полигиния деп аталат. Көпчүлүк канаттулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн полигиниялык түрлөрүндө эркеги ургаачысынан салыштырмалуу бир кыйла чоң жана ачык түскө ээ болуп, жыныстык диморфизми жакшы байкалат. Ал эми курт-кумурскаларда полигиния коомдошуп жашоочу курт-кумурскаларда байкалып, бир «үй-бүлөдө» көбөйүүгө жөндөмдүү бир канча ургаачысы болот.

Тил илими

Тил илими, лингвистика – тил жөнүндөгү илим. Негизги тармактары; фонетика, морфология, синтагматика, синтаксис, лексикология, стилистика, диалектология. Тил илими биздин замандан бир нече кылым мурда эле Индия жана Грекияда өнүгө баштаган. Индияда көбүнчө грамматика (морфология) менен фонетика иштелген. Байыркы инди грамматикасын изилдөөдөгү башкы роль С. Паниниге (б. з. ч. 4-кылым) таандык. Тил илими Байыркы Грекияда адегенде практикалык зарылчылыктан улам изилденген. Теориялык жалпылоолорго кийинчерээк (логиканын негиздери иштелип чыкканда) алынган. Системалуу түрдө Аристотель тарабынан б. з. ч. 4-кылымда иштелип чыккан. Тил илими Римде грек Тил илиминин таасиринде өнүккөн. Рим тилчилеринен Донат (б. з. 4-кылым) менен Присциандын (б. з. 6-кылым) грамматикасы өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, Днаттын грамматикасы Европада орто кылымда латын тилин изилдөөдө колдонулуп, жаны европалык тилдердин грамматпкасын түзүүдө үлгү катары пайдаланылган. Тил илимине да жаңы идеялар, илимдин башка тармактарындагыдай эле Кайра жаралуу доорунда кирген. Бул доордо жана андан кийинки мезгилдерде Тил илимин изилдөө үч багытта жүргөн: 1) классикалык тилдер деп аталган латын, айрыкча, байыркы грек тили түп нускасы боюнча изилденген; 2) илимпоздор араб, еврей, сирия илимдери, асыресе филологиясы менен иликтенген; 3) Батыш Европа элдеринин учурдагы тилдерин изилдөө ишке ашырылган. Бул багыттардагы изилдөө иштеринин натыйжасында ар башка уядагы көптөгөн тилдерден материалдар чогултулуп, тилдерди салыштырып изилдөөгө кадам ташталган. 16–18-кылымдарда тилдердин тектештик маселеси боюнча Г. В. Лейбниц тарабынан көп жумуш жасалган. Ушул эле мезгилде логикалык негиздерге таянган универсал категориялуу рационалдуу грамматикалар түзүлгөн. Россияда Тил илими 15–16-кылымдардан өнүгө баштаган. Орус грамматикасын иликтөөдө М. В. Ломоносов чон салым кошкон. Анын «Орус грамматикасы» (1755) деген эмгегинде орус адабий тилинин фонетикалык жана морфологиялык нормасы биринчи жолу системалуу сыпатталган. 19-кылымдын биринчи жарымында салыштырма-тарыхый тил илими өрчүп, изилдөөнүн өзгөчө ыкмалары иштелип чыккан. Бул тармакта төмөнкү илимпоздор үзүрлүү эмгектенишкен: Р. Раск, Ф. Bonn, Я. Гримм , Ф. Диц, A. X. Востоков, Й. Добровский, П. Й. Шафарик ж. б. 19-кылымдагы Тил илиминин өнүгүшүнө немец окумуштуусу В. Гумбольдт көп эмгек синирген. Ал тилдин өрчүшүнүн жалпы теориясын иштеп чыгып, тилди адамдын чыгармачылык ишинин манызы катары аныктаган. Тил илиминдеги «жаш грамматиктер мектебинен» башка кийинки багыттардын баары аздыр-көптүр В. Гумбольдттун лингивистика системасынын таасиринде өнүккөн. Тил илимин психологиялык негизден изилдөө тажрыйбасын 19-кылымдын 50-жылдары немец окумуштуусу Г. Штейнталь баштаган. Ал эмгектеринде улутташы И. Герберттин психологиялык системасына таянып, речтин иш-аракетинин психологиялык абалын анализдөө аркылуу ачып берүүгө аракеттенген. Бул кылымда Тил илиминде биологизм (натурализм) багыты пайда болуп, анын өкүлдөрү Ф. Бопптун тилди организм жөнүндөгү окуу катары караганына таянышып, филология – тарых илиминин бир тармагы, ал эми Тил илими табият илимдерине кошулат дешкен. Мындай натуралисттик көз карашты америкалык Тил илиминин айрым багыттарында азыр да кеңири пайдаланууда. 19-кылымдын 70-жылдары Лейпциг лингвисттер ийриминен «жаш грамматикалык мектеп» багыты өсүп чыккан. Ал индивидуалисттик психологизмди үлгү тутуп, Тил илиминин жалгыз гана обектиси бар, ал – индивиддин речтик иш-аракети, ошон үчүн жалпы тил - шарттуу нерсе жана өзүнчө бир илимий фикция деген көз карашты таңуулаган. Жаш грамматиктер ушул сыяктуу бир жактуу көз карашты карманышса да, нечендеген ар башка уядагы тилдердин диалектилерин, фонетикалык түзүлүшүн сыпаттап жазып чыгышып, эксперименттик фонетиканын, диалектографиянын түзүлүшүнө өбөлгө түзүшкөн. 19-кылымдын акырында Россияда речтеги тыбыштарды тилдин маанилүү бирдиктерин туюнтуу жана колдонуу максатында изилдөө жүргүзгөн багыт пайда болгон. Анын теориясы боюнча жеке бир тилде түрдүү тыбыш канчалык көп болсо да алардан белгилүү сандагы негизги тыбыштар (кийин алар фонема деп аталган) гана бөлүнүп алынат. Ушул эле мезгилде Ф. Ф. Фортунатов башында турган дагы бир багыт пайда болуп, сөз формасы жөнүндөгү окуу келип чыккан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Тил илиминде «социологиялык мектеп» аталган жаны багыт түзүлгөн. Ага Женева жана француз мектептери кирген. Социологиялык мектептин теориясы боюнча тил – индивидуалдык эмес, социалдык көрүнүш катары каралган. Тил илиминде 20-кылымда да бир нече багыттар пайда болгон. Алар: эстетикалык мектеп (негизги өкүлү К. Фослер), италян неолингвисттер мектеби (М. Бартоли, Ж. Бонфанте, В. Пизани ж. б.), Прага лингивистика ийрими (В. Матезиус, Б. Трика, Н. С. Трубецкой, Р. Я. Якобсон ж. б.) Копенгаген структуралисттер мектеби (В. Брёндаль, Л. Ельмслев ж. б.) жана америкалык Тил илиминдеги дескриптивдик лингвистика багыты ж. б. Тил илими 20–30-жылдары ылдам өнүккөн. Буга СССР элдеринин тилдеринин жазмалары, грамматикаларынын иштелип чыгышы (Л. И. Жирков, Е. Д. Поливанов, Н. Ф. Яковлевдердин эмгектери), грамматиканын принциптеринин (A. Н. Пешковский, М. Н. Петерсон ж. б. илимпоздордун эмгектери), көркөм адабият тилинин (В. В. Виноградов, Б. В. Томашевский, Ю. Н. Тынянов, Л. П. Якубинский ж. б. окумуштуулардын иштери) жана тилдин коомдук функциясынын изилдениши өбөлгө болгон. Андан кийинки жылдары Н. Я. Маррдын тил жөнүндөгү «жаңы окуусунун» кеңири жайылып кеткенине байланыштуу СССРде Тил илими жакшы өнүгө алган эмес. Ал окуунун негизсиз экени 1950-жылкы жана андан мурунку лингивистикалык талаш-тартыштарда аныкталгандан кийин Тил илими ылдам темпте өрчүй баштаган: салыштырма-тарыхый Тил илими, фонетика, орус тилинин жана СССР элдеринин тилдеринин грамматикасы боюнча кыйла маанилүү эмгектер жарыяланган. Тил илиминин математикалык, лингвистика, эксперимент фонетика сыяктуу жаңы тармактарында бир топ ийгиликтерге жетишилген.

Урум

Урум (арабча Рум) — алыскы мамлекеттердин бири. Адепки маанисинде Византия мамлекетинин (395—1453-ж.) аты, кийинчерээк географиялык чөлкөм катары Кичи Азияны гана белгилеп калган. Византиянын негизги калкы (мамлекеттик тили — грек тили) өзүлөрүн "ромей" атаган. У. грек, түрк жана башкалар Кичи Азиядагы калктардын жалпысынан туюндурган этноним болуп да эсептелет. Орто кылымда караханийлердин көрүнүктүү аалымы Махмуд Кашгари өзүнүн "Түркий тилдер сөздүгүндө" (1072 — 77) түрк элдери Румдан Мачинге (Кытайга) чейин кеңири аймакта таркалганын эскерет. "Манас" эпосунда У. учкай гана учурайт. Алмамбет Көкчөдөн чыгып Манаска келген түнү Манас түш көрүп, түшүн жорутуп жатып: "Түшүмдү бузук жоруса Уулу кетет Урумга, Кызы кетет Кырымга" Радлов жазып алган вариант, 42.), — деп айтат. Багыш Сазан уулунун варианты боюнча У-дун каны болуп Тазбаймат көрсөтүлсө, Мамбет Чокмор уулунун айтуусунда Манастын чоң атасынын энеси Ханбүбү — Урум кандын кызы делет ("Манас" кн. 1., М., 1984, с. 478, 484). Саякбай Каралаевдин варианты вариантында "Урумда болбойт мындай иш" (Саякбай Каралаев, 1. 236) — укум-тукумдун салтында жок окуя деп "укум-тукумга өтүүчү", "канга сиңген жөрөлгө" катары берилет.

Эллин маданияты

Эллин маданияты, Эллада мазанияты - эки мааниде колдонулуучу термин: хронологиялык жагынан эллинизм доорундагы маданиятты. типологиялык жагынан грекиялык (элладалык) жана жерг. элементтердин өз ара карым-катышынан челип чыккан маданиятты түшүндүрөт.

Типологиялык маанисинде анын хронологиялык жана географиялык чеги кеңейип, А. Македонскийдин жортуулдарынан (б. з. ч. 4-к.) Рим империясынын кулашына (б. з. 5-к.) чейинки античный дүйнөнүн бут маданиятын камтыйт. Эллин маданияты ар бир областта жергиликтүү маданияттын туруктуу традициялык элементтери менен басып алуучулар алып келген маданияттын өз ара катышынан түзүлгөндүктөн жер-жерлерге тиешелүү айырмачылыктары болгон. Бирок Эллин маданиятынын бардык түрлөрүнө мүнөздүү айрым жалпылыктар да болгон. Ал бирдейликтер эллада дүйнөсүнүн бүт аймагындагы коомдун социалдыкэкономикалык жактан окшош өнүгүүсү жана ага грек маданиятынын элементтеринин катьппы менен шартталган.

Эллада дини менен мифологиясына синкретизм абдан мүнөздүү болгон. Анда чыгыш мурасы зор роль ойногон. Грек кудайларына байыркы чыгыш кудайларыныкындай жаңы сапаттар кошумчаланган. Чыгышта калыптанган синкреттуу культтар Кичи Азия. Греция жана Македонияга, кийин Жер Ортолук деңиздин батышына чейин тарап, айрымдарын гректер эч өзгөртүүсүз эле кабыл алышкан. Эллинизм доорунда Платон академиясы, Аристотель ликейи (перипатет мектеби), киниктер жана кирен мектеби өз иштерин улантышкан. Ошол эле учурда скептицизм, эпикуреизм жана стоицизм деп аталган бири бирине каршы философиялык жаңы үч багыт пайда болгон.

Б. з. ч. 2-кылымдын ортосунан Грециянын жана Чыгыштын диний-мифологиялык традициялары менен философиясы ортосунда жакындашуу башталган. Эллин дүйнөсүнүн эң ири илимий борбору Александрия болгон. Анда жазма китеп даярдоо өнүккөн жана китепкана ачылган. Пергам, Антиохия шаарлары, Родос аралы көрүнүктүү илимий жайларга айланып. бул илимий борборлордо эмгектенген илимпоздордун көбү гректер болгон. Грек тили ошол доордо эл аралык илимий тилге айланган. Математика менен астрономиядагы ири ачылыштар (айрыкча б. з. ч. 3-2-к. Алексяндрияда) Евклид, Архимед, Аполлоний ж. б-дын ысымдары менен байланыштуу. А. Македонскийдин жортуулдары географиялык илимдин кеңейишине түрткү берген.

Өлүү тилдер

Өлүү тилдер - сүйлөнбөй калган тилдер. Алар жазма эстеликтерде гана сакталып калган. Өлүү тилдер сүйлөнбөй калса да, кээде илим, маданият, дин муктаждыктары үчүн колдонулган учурлар бар. Мисалы, латын тили 4-кылымдан тартып Рим империясында сүйлөнгөн эмес, бирок орто кылымда (ал тургай 21-кылымда да) илимдин, диндин, маданияттын тили катары колдонулууда. Орто кылымга тиешелүү грек тили да ушундай. Анын жазма формасы (кафаревус) оозеки тилден (димотика) айырмаланып, Грекиянын расмий мамлекеттик тили катары гана милдет аткарат. Өлүү тилдердин булар сыяктуу жасалма сакталып калгандарынын тыбыштары салт боюнча айтылат (артикуляцияланат). Мисалы, Россияда латын сөздөрүн немис салты боюнча айтуу кабылданган. Айрым өлкөлөрдө өлүү тилдерди кайра жандандырууга жасалган аракеттер байкалат. Буга Авиньон (Франция) менен Ватиканда латынча жаны терминдердин чыгарылып жатышы мисал.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.