Географиялык координаталар

Географиялык координаталарЖер бетиндеги чекиттин ордун аныктоочу кеңдик жана узундук.

Географиялык кеңдик (φ) – берилген чекиттен өтүүчү түз сызык менен экватор тегиздигинин арасындагы бурч, ал экватордун эки жагына тең 0°тан 90°ка чейин эсептелинет.

Географиялык узундук (λ) - берилген чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги менен баштапкы меридиан тегиздигинин арасындагы эки грандуу бурч, ал меридиандын башталышынан чыгышты көздөй 0°тан +180°ка (чыгыш узундук) жана батышты көздөй 0°тан – 180°ка чейин (батыш узундук) эсептелет.

Гринвич обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан нөл же башталыш меридиан деп аталат.

Геоборбордук координаталар системасы – асман телолорунун абалын Жердин борборуна салыштырылып аныктоочу координаталар системасы.

Geographic coordinates sphere
Координаталар сферасы.

Кошумча макалалар

Колдонулган адабияттар

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
Гиппарх

Гиппарх (б.з.ч. 160-125.) байыркы грек астроному, астрономияны негиздөөчүлөрдүн бири.

Өмүрүнүн көп бөлүгүн Родос аралында өткөрүп, асман телолоруна системалуу байкоо жүргүзгөн. Географиялык координаталар системасын (узундук жана кеӊдик) биринчи жолу колдонгон. Күндүн жана Айдын кыймылын байкоо усулун өнүктүрүп, жылдын жана синодикалык айдын узактыгын тактаган.

Б.з.ч. 129-жылдагы Күндүн тутулуусуна байкоо жүргүзүү менен Айга жана Күнгө чейинки аралыкты мурдагы эсептөөлөргө Караганда жогорку тактыкта аныктаган. Жылдыздарды асман сферасында кыймылсыз деп эсептеп, 850 жылдызды каталогго киргизип, жаркырактыгын “жылдыздык чоӊдук” менен белгилеген. Бардык жылдыздарды 28 топ жылдызга бөлүштүргөн. Мурдагы астрономдордун байкоолоруна таянуу менен Жердин айлануу огунун прецессия кыймылын ачкан.

Жер меридианы

Жер меридианы – Жердин эки уюлун туташтыруучу (көңүлдө) сызык. Анын бардык чекити бирдей географиялык узундукка ээ. Жер меридианын жээктей географиялык кеңдик эсептелинет; экватордон түндүктө түндүк, түштүктө түштүк кеңдик жай­гашкан. Жер меридианынын толук узундугу (Жер айланасы) Красовский эллипсоиди боюнча – 40 008 550 км, к. Географиялык координаталар.

Кеңдик

Кеңдик (latitude) – сфералык координата системасындагы координаталардын бири; анын жардамы менен Жердеги, Күндөгү же планетадагы чекиттердин экваторго салыштырмалуу асман сферасындагы орду аныкталат.

Кеңдик астрономиялык, географиялык жана башкаларга айырмаланат. Астрономиялык кеңдик – берилген орундагы тик сызык менен жер экваторунун тегиздигинин ортосундагы бурчтук аралык; географиялык кеңдик – жер бетиндеги чекиттин абалын аныктоочу географиялык координаталардын бири.

Кеңдик боюнча ай либрациясы – эклиптикага карата Айдын орбитасынын тегиздигинин жантаюусунан пайда болгон термелүүсү. Жердин айланасында бир жолу айланганда Айдын айлануу огунун абалы өзгөрбөйт. Кеңдиктеги либрациянын максимуму ±6о41ў'га жетет.

Кеңдик тегереги – асман сферасындагы эклиптиканын жана асман жарык чыгаруучусунун уюлу аркылуу өтүүчү чоң жарым тегерек, к. Экватордук координаталар.

Координаталар (математикада)

Координаталар (математикада) – тегиздикте, бетте же мейкиндикте чекиттин (вектордун) абалын аныктоочу сандар. Түз сызыктагы, тегиздиктеги, мейкиндиктеги чекиттин абалын аныктоочу шарттар жыйындысы Координаталар системасы деп аталат. Астрономиялык жана географиялык Координаталар – кеңдик жана узундук делинип пайдаланылган. 14-кылымда француз математиги Н. Орем Координаталарды тегиздикте график түзүү үчүн пайдаланган жана координата сызыктарын узундук жана кеңдик (азыркы абсцисса жана ордината) деп атаган. 17-кылымда Р. Декарт Координаталар методунун маанисин кеңири талдап, геометриялык маселелерди алгебра жана математикалык анализдин тилине которгон.

Меридиан

Меридиан (meridian) – асман сферасынын дүйнө уюлу жана надир аркылуу өткөн чоң тегереги, кыскача Асман меридианы.

Меридиан башталышы – Гринвич астрономиялык обсерваториясы аркылуу өткөн географиялык меридиан, Гринвич меридианы деп да аталат.

Меридиан тегереги – асман жарык чыгаруучуларынын экватордук координаталарын аныктоочу астрономиялык курал. Экватордук координаталар жарык чыгаруучулардын асман меридианы аркылуу өтүшүнө байкоо жүргүзүү бонча аныкталат. Меридиан тегерегинде астрономиялык түтүк бурч өлчөө үчүн шкалалуу тегерек орнотулган горизонталь октун айланасындагы меридиан тегиздигинде айланат.

Меридиан чекити – Жер бетинин каалаган меридиан чекити аркылуу өтүүчү тегиздик жана Жердин айлануу огу жер бетинде түз сызык бонча кесилишет. Ал Меридиан чекити деп аталат.

Узундук

Узундук – Жер шарынын бетиндеги Гринвич обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан менен экватордун кесилиш чекитинен баштап, жергиликтүү меридиандын ортосундагы бурчтук аралык аталып, λ тамгасы аркылуу белгиленет.

Узундуктун эсептелиши Гринвичтен башталып, 12 саат батыш жана 12 саат чыгыш тарапты көздөй жүргүзүлөт. Алсак, Харьков шаары үчүн λ=2саат 24мин 56сек барабар.

Жер бетинде Узундуктун эки (геод. жана астр.) түру бар. Узундук баштапкы меридиандан (Гринвичтен) баштап, 0°тан 360°ка (же башталгыч меридиандан чыгышты жана батышты карай 180°ка) чейин эсептелинет. Узундук саат менен да чагылдырылат (же 1 саат убакыт 15° узундукка барабар).

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.