Галисия

Галисия - Испаниянын курамындагы автономдуу область.

Виго шаары

Виго шаары - Испаниянын Түндүк-батышындагы шаар. Галисия автономия облусунда. Калкы 294,5 миң (2006). Өлкөдө шаар калкынын жылдык өсүшү боюнча 1-орунда. Виго дарыясынын боюнда жайгашкан. Атлантика океанынын Виго бухтасындагы деңиз порту (жылына 25 млн т. жүк, 1,2 млн жүргүнчү ташылат; 2 миңден ашык деңиз кемелерин тейлейт). Б. з. ч. 2-кылымда римдиктер Викус деңиз порту катары негиздеген. Шаар катары 1097-жылдан эскерилет. Чиркөө (12-к.), Сан-Себастьян чеби (1656) ж. б. сакталган. Океанография борбору, университет, заманбап искусство (MARCO, 2002), деңиз, этнографиялык (1998) музейлери, зоопарк бар. Испаниянын башкы балык кармоочу порту (600 миң т; 2004). Европа шериктештиги өлкөлөрүндө «Citroёn-Peugeot» автомобиль компаниясынын автомобилдерин чыгаруу боюнча 2-орунда (2004-ж. 459 миң; 90%ке жакыны сыртка чыгарылат). Тамак-аш (балык консервалары), металл иштетүү өнөр жайлары иштейт. Кеме куруу верфи бар. Шаарга жакын б. з. ч. 3 миң 1,8 миң жыл мурунку мегалит эстеликтери бар. Гранит казылып алынат.

Испания

Испания (Espana), Испания Королдугу (Reino de España) – Европанын түштүк-батышындагы өлкө; негизинен Пиреней жарым аралын, ошондой эле Жер Ортолук деңиздеги Балеар жана Питиус, Атлантика океанындагы Канария аралын ээлейт. Түндүгүнөн Биская булуңу, Түндүк-батышынан жана түштүк-батышынан Атлантика океаны, чыгышынан жана түштүгүнөн Жер Ортолук деңиз менен чулганат. Түндүк-чыгышында Пиреней тоолору аркылуу Франция жана Андорра, батышында Португалия, түштүгүндө Гибралтар менен чектешет. Аянты 505,99 миң км2 (Сеута менен Мелильяны кошкондо – 506,03 миң км2). Калкы 46,7 млн (2014). Борбору – Мадрид шаары. Расмий тили – испан тили; автономия областтарында расмий тил укугуна ошондой эле баск (Басктар өлкөсү, Наварра), галисия (Галисия), каталония (Каталония, Балеар аралдары, Валенсия) тилдери ээ. Акча бирдиги – евро (2002-ж. чейин песета). Администрациялык-аймактык жактан 50 провинцияга ажыраган 17 автономия облуска бөлүнөт (к. таблицаны). Африканын Түндүк жээгиндеги 2 – шаар Сеута жана Мелилья автономия область катары Испанияга түз баш иет.

Испания – БУУнун (1955), Европа советинин (1977), ЕККУнун (1973), НАТОнун (1982), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (1986) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006).

Ла-Корeнья шаары

Ла-Корeнья шаары – Испаниянын түндүк-батышындагы шаар. Галисия облусунда, Ла-Корунья провинциясынын административдик борбору. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан эң ири деңиз порту. Порт комплекси 4 терминалды (нефть, суюлтулган газ, контейнер жана балык) камтыйт. Калкы 244,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар.

Римдиктер тарабынан биздин заманга чейин 2-кылымда негизделген. Паласио Мунисипаль ак сарайы (1904), чиркөөлөр, форттор, «Геркулес мунарасы» маягы (2-кылымдын башы), монумент жана башка сакталган. Нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жай, цемент заводдору иштейт. Пиво кайнатылат. Университет, институт, архив, китепкана, музейлер, испан жазуучуларынын үй-музейлери, театр жана башка бар. Туризмдин борбору.

Марио Касас

Марио Касас Сьэрра ( 12-июнь 1986ж Корунья, Испания )-испаниялык кино актеру. Ал “Асман денгээлинен 3 метр бийиктикте” киносу аркылуу белгилүү.

Пиреней жарым аралы

Пиреней жарым аралы — Иберия жарым аралы Европанын түштүк-батышында. Атлантика океаны, Бискайя булуну жана Жер Ортолук деңизи менен чулганат. Түштүгүндө Гибралтар кысыгы Африкадан бөлүп турат. Аянты 582 миң км2. Түзүлүшү өтө жөнөкөй, массивдүү, жээктеринде булуң-буйткалар аз; түндүк- батышы гана риас (узун кууш булуңдар) тибинде. Бөксө тоолор (Месета, Галисия) жана узунунан созулуп жаткан кырка тоолор (Пиреней, Кантабрия, Каталония, Иберия, Андалусия, Сьерра-Морена, Борбордук Кордильера ж. б.) басымдуу. Эң бийик жери Сьерра-Невададагы Муласен чокусу (3473 м). Жээк бойлой чакан ойдундар (Португалия, Андалуеия ж. б.) созулуп жатат. Климаты жер ортолук деңиздик, ички аймактарында кургакчыл; батышында нымдуу океандык.

Ири дарыялары: Тахо, Дуэро, Гвадиана, Гвадалквивир, Эбро. Табигый өсүмдүктөрүнөн бадалдар (маквис, гарига), талаа өсүмдүктөрү басымдуу; токой менен бадалдар жарым аралдын аймагынын 40%тен ашыгын ээлейт. Пиреней жарым аралында Испания, Португалия, Андорра, Гибралтар мамлекеттери жайгашкан.

Терсера

Терсера (исп. La Tercera) — деңгеели боюнча испаниядагы төртүнчү футболдук лига. Бул футболдук лига ар биринде 20, 21 жана 22 футболдук клубдардан турган 18 тайпадан куралып, баардыгы болуп 361 команданы түзөт.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.