Газа

Газа - Жер-Ортолук деңиздин чыгыш жээгиндеги шаар. Байыркы убакта эле негизделген. Орто кылымда Араб халифатынын, андан соң Египет династияларынын, 16-кылымдын башталышында Осмон империясынын бийлигинде, 1920-47-ж. Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын курамына кирген. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 1947-ж. 29-ноябрдагы чечими боюнча шаар чет-жакасы менен араб мамлекетинин аймагына кошулган. 1948-49-ж. Араб-Израил согушунан кийин Газа шаарыжана сектору (аянты 258 км2) Египеттин башкаруусуна өткөн. 1967-ж. июнда Израил аскерлери басып алган. 1994-жылдан Убактылуу Палестина автономиясынын курамында.

Gaza City
Газа.

Колдонулган адабияттар

Араб-Израиль согуштары

Араб-Израиль согуштары - Израиль менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы 1948-49, 1956, 1967, 1973 жана 1982-жылдары болгон ири аскердик жаңжалдар. 1947-жылы 29-ноябрда Палестинага Англиянын мандатын токтотуу, Палестина аймагында араб жана еврей мамлекеттерин түзүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими кабыл алынган. Бул резолюцияны таануудан баш тарткан соң, арабдар менен еврейлердин ортосундагы алгачкы кагылышуу болуп өткөн. Ошол кезде (1947) Палестинада 1,2 млн араб, 650 миң еврей жашаган. Палестинадан Англиянын аскерлери чыгарылып кеткенден кийин Израиль мамлекетинин түзүлгөндүгү жарыяланды (14. 5. 1948). Анын чегарасы аныктала электе эле эртеси еврейлер менен арабдардын ортосунда куралдуу кагылыштар башталган. Араб өлкөлөрү Израилге басып кирген, бирок ал өз көз карандысыздыгын сактап калган. Египет, Трансиордания, Ирак, Сирия жана Ливандын аскерлери Палестинадагы аймактарды басып алган. Израилдиктер тарабынан Иерусалимге баруучу жолго жана Египет - Палестина чегарасын бойлото көзөмөл орнотулат (1949). БУУнун Коопсуздук Кеңешинин согушту токтотуу боюнча аракеттери оң натыйжа берген жок, еврей террорчулары тарабынан БУУнун атайын өкүлү граф Фольк Бернадотт өлтүрүлөт. 1949-жылдын февраль - июль айларында араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосундагы алгачкы жарашуу келишимдерине кол коюлуп, анын шарттары боюнча Израилдин убактылуу чегарасы аныкталып, Газа аймагы Египеттин көзөмөлүнө калтырылган. Трансиордания Иордан дарыясынын батышындагы жерлердин бир бөлүгүн кошуп алып, Иордания аталат. Иерусалим шаарын араб жана еврей аймактарына бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими (29. 11. 1947) кабыл алынат. Согуштун жыйынтыгында Палестина арабдары Израиль басып алган жерлердеги ата конуштарын таштап кетүүгө аргасыз болот. 50жылдардын ортосунда Египет менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер кайрадан татаалдашат. АКШ Египетке экономикалык кысым көрсөтүү максатында Асуан плотинасын курууга каражат берүүдөн баш тарткан. Ага жооп иретинде Египеттин президенти Гамаль Абдель Насер Суэц каналын мамлекеттештирген. Ошондон кийин Лондондо жыйналган 22 мамлекеттин өкүлдөрү Суэц каналынын мурдагы эл аралык статусун калыбына келтирүү жана каналды биргелешип башкаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Насер бул чечимди аткаруудан баш тарткандан кийин, Израиль, Улуу Британия жана Франция аны бийликтен күч менен четтетүүгө аракеттенген. 29-октябрда Израиль аскерлери Египеттин Синай жарым аралындагы аймактарга чабуул жасаган. Согушка Израиль тарабында Улуу Британия менен Франция аралашат. 31-октябрда англис-француз куралдуу күчтөрү Египетти бомбалайт. 5-ноябрда англис-француз аскерлери Порт-Саид портуна түшүрүлөт. Агрессия БУУнун Генералдык Ассамблеясында чечкиндүү айыпталып, СССР жетекчилиги «агрессорлорду күч колдонуу менен талкалоого» даяр экендиги тууралуу билдирүүсү жана АКШ администрациясынын да баскынчылардын мындай аракетин колдобогондугу Францияны, Улуу Британияны (22. 12. 1956) жана Израилди (8. 03. 1957) Египеттен өз аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз кылды. Израиль Египет чек-ара тилкесине БУУнун аскерлери жайгаштырылды. Арабдар менен Израилдин ортосундагы кагылыштар 1967-жылы жаңы согушка алып келген. Бул тарыхка «алты күндүк согуш» деген ат менен кирген. 1967-жылы 5-11-июнда Израиль көптөгөн араб кыштактарын кыргынга учуратып, Египет, Сирия жана Иорданиянын 1,5 млн тургуну бар 66 642 км2 жерин, Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн алты күндө басып алган. Араб өлкөлөрү АКШ менен Улуу Британияга нефть сатууну токтотуп, Суэц каналын жапкан. СССР Израиль менен дипломатиялык байланыштарын токтоткон. Араб өлкөлөрүнүн башчыларынын Хартумдагы (1967) кездешүүсүндө, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессиясы Израилден куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылган. Израилдин басып алган жерлерди бошотпоосу, нефтинин дүйнөлүк саясаттын куралына айланышы арабдар менен еврейлердин ортосундагы мамилелерди татаалдатат. Нефть өндүрүүчү жети араб өлкөсү Израилге жардам бергендиги үчүн АКШ менен Голландияга нефть сатууга эмбарго жарыялап, баасын кескин көтөргөн. Египет менен Сирия СССРдин жардамы менен аскерлерин куралдандырган, Израиль АКШдан курал-жарак алган. 1973-жылы башталган үчүнчү согушта Египет аскерлери Суэц каналынан өтүп, сириялыктар Голан бийиктигинде жеңишке жетишкен. Израилдиктер контрчабуулга өтүп, Египеттин коргонуу чептерин бузуп, Каирге бет алган, сириялыктарды 30 кмге чейин чегинүүгө аргасыз кылган. АКШ менен СССРдин кийлигишүүсү менен Египет, Сирия жана Израиль ортосунда келишимге кол коюлуп (1978), анын аткарылышын контролдоо БУУнун күчтөрүнө тапшырылган. Египет 1967-жылы согушта айрылып калган Синай жарым аралы Египеттин жаңы президенти Анвар Саадаттын Израиль менен түзгөн Кэмп-Дэвид келишимдеринин натыйжасында гана кайтарып алган (1982). Израиль аскерлери Синай жарым аралынан чыгарылып кеткен соң, Израиль менен палестиналык арабдардын куралдуу отряддарынын ортосундагы кагылышуулар жаңжалдын очогуна айланган. 1982-жылы Израиль вертолеттору Бейрутту жана Палестина боштондукка чыгаруу уюмунун базалары жайгашкан Ливанды бомбалаган. Израиль аскерлери Ливанга басып кирип, Бейрутту курчоого алган. Бул согушта да Израиль аскерлери эл аралык күчтөрдүн талабы менен чыгарылды (1985). Андан кийин да Израиль басып алган жерлерде (1987-жылдын 9-декабрында) бир нече кандуу окуялар болуп өткөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) лидери Ясир Арафат Израилдин куралдуу күчтөрүнө жана полицияга каршылык көргөзүүнүн жаңы формасы - интифаданы жарыялады. 1993-жылы Израиль менен ПБЧУнун ортосундагы макулдашууга ылайык, ПБЧУнун куралдуу аракеттерин токтотуу шарты менен Иордан дарыясынын батыш жээги жана Газа секторун палестиналыктарга өткөрүп берүү тууралуу макулдашылган. 1994-жылы Израиль менен Иорданиянын ортосунда тынчтык келишимге кол коюлду. Формалдуу түрдө Сирия Израиль менен согуш абалына келет. Сирия менен Израилдин ортосундагы тынчтык келишимдерин түзүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мындай келишимдерге кол коюлса, көпчүлүк аймактары сириялык аскерлер тарабынан көзөмөлдөнүп турган Ливан менен Израилдин ортосундагы мамилелер да жөнгө салынмак.

Бириккен Араб Эмирликтери

Бул макала Орус тилинде жазылган.Кыргыз тилине которуу сунушталат. Сиз аны которуп оңдоп жардам бере аласыз

Бириккен Араб Эмираттары (араб. «الإمارات العربية المتحدة»‎‎ — ’"Аль-’Има̄ра̄т ’аль-ʻАраби́йя ’аль-Мутта́хида"), (кыск. — БАЭ) — федеративдүү абсолюттук монархиялык башкаруудагы мамлекет, ар бири өз алдынча карликтик мамлекет катары эсептелген жети эмираттан турат (араб. إمارات‎‎ — имара́т, жек. с. — إمارة‎ — има́ра). Алар: Абу-Даби, Аджман, Дубай, Рас-эль-Хайма, Умм-эль-Кайвайн, Эль-Фуджайра и Шарджа.

Эң чоң эмират Абу-Дабинин эмири мамлекет башчысы, Бириккен Араб Эмирлигинин президенти болуп эсептелет. Бириккен Араб Эмирлигинин борбору болуп Абу-Даби шаары саналат

Израиль

Израиль, Израиль Мамлекети (Мединат Исраэль) — Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет менен чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948-49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи еврейлер, 160 миңи арабдар. Расмий тили иврит (байыркы еврей) жана араб тилдери. Акча бирдиги шекель. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.

Округдары жана райондору (2006):

Сириянын Израил оккупациялап алган аймагы Израиль БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Кыдыралиев Сабыржан

Кыдыралиев Сабыржан (1952, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман айылы) — техника илимдер доктору (1993), профессор (1995), Кыргызстан Ленин комсомолунун илим жана техника жаатындагы сыйлыгынын лауреаты (1989). Ташкент политехникалык институтун (1974), Москва мамлекеттик техникалык университетинде (ММТУ) аспирантураны (1979) бүтүргөн. ФПИде улук лаборант, улук инженер жана ММТУда стажёр-мугалим; КТУда ассистент, улук окутуучу, доцент, профессор; Жалал-Абад техникалык университетинде илим боюнча проректор (1993); КР УИАнын Түштүк бөлүмүнө караштуу Энергетика жана электроника институтунда директор, лабороториялык башчысы жана ЖАМУда профессор (1995). Ширетүү, конструкциялык материалдарды иштетүү жана биотехнология боюнча адис. 85тен ашык илимий иштин, андан ичкери 7 илимий-методикалык эмгектин, 10 ойлоп табуунун автору. Эмгектери: Влияние расхода газа на характеристики плазменной дуги. 1989; Методические указания к лабораторным работам по курсу «Материаловедение и обработка конструкционных материалов». Б., 1989.

Кэмп-Дэвид макулдашуусу (1978)

Кэмп-Дэвид макулдашуусу (1978) — Египет жана Израил мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн тынчтык келишим. 1978-жылы 17-сентябрда Кемп-Дэвид резиденциясында (Мэриленд штаты) өткөн жолугушууга АКШ президенти Ж. Картер, Египет президенти Анвар Садат жана Израилдин премьер-министри Менахем Бегин катышкан. Жолугушуунун катышуучулары Суэц каналы боюнча сүзүү режими, эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү, АрабИзраиль жаңжалдарын жоюу жөнүндө макулдашышкан. А. Садат Газа секторундагы жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги, ошондой эле Синай жарым аралындагы Израиль басып алган аймактарды бошотууга жетишкен. Бирок М. Бегин Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму менен сүйлөшүүдөн баш тартып, Иерусалим шаарынын батыш жагын (Иордан дарыясы тарап) зордоп тартып алууну уланткан жана Голанд дөңсөөлөрүн Израилге өткөрүүнү талап кылган. Египет болсо палестиналыктардын өз тагдырын өздөрү чечүү принцибин коргогон.

Мозамбик

Мозамбик, Мозамбик Республикасы – Африканын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Танзания, түштүк-батышынан ТАР жана Свазиленд, батышынан Малави, Замбия жана Зимбабве менен чектешет, чыгышын Инди океаны чулгап жатат. Аянты 799,4 миң км2. Калкы 22,1 млн (2010). Борбору – Мапуту (1,2 млн). Административдик -аймактык жактан 10 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – метикал. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2007) Мозамбик – Африка өнүктүрүү банкынын, БУУнун Африка өлкөлөрү үчүн экономикалык комиссиясынын, ЭВФтин, Африка өлкөлөрү уюмунун, Эл аралык олимпия комитетинин, ЮНЕСКОнун, Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун, Эл аралык почта союзунун, ИНТЕРПОЛдун мүчөсү.

Палестина

Палестина, Палестина улуттук администрациясы (ПУА) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет (2014-ж. Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болгон 193 өлкөнүн 135и расмий түрдө аны мамлекет катары тааныган). Негизги мыйзамы 2002-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - демократиялык парламенттик республика. Палестинанын жетекчи органы – Палестина улуттук администрациясы (ПУА). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Палестина мыйзам чыгаруу кеңеши. Аткаруу бийлигин ПУА башчысы менен анын өкмөтү ишке ашырат. Палестинада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Палестина каршылык көрсөтүү кыймылы (ФАТХ), айрым мамлекеттер террористтик уюм катары тааныган Харакат альмукавама аль-исламиййа (ХАМАС) же Ислам каршылык көрсөтүү кыймылы ж. б. Палестина Иордания дарыясынын батыш жээгин жана Газа секторун камтыйт. Административдик борбору – убактылуу Рамалла шаары (калкы 27,4 миң; 2007) болуп эсептелет. Ири шаары – Газа шаары

Сулайманова Света Мукашовна

Сулайманова Света Мукашовна (1957) – Физика жана математика илимдеринин доктору, профессор, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Колдонмо информатика жана маалымат системалары” кафедрасынын профессору, 72ден ашык илимий эмгектин автору.

Харуки Мураками

Харуки Мураками (жап. 村上春樹 Murakami Haruki; 1949-жылы 12-январь) - жапон жазуучусу. Муракаминин көркөм адабият жана илимий адабият китептери, аңгемелери Жапонияда жана башка чет өлкөлөрдө эң көп сатылуучу китептерге айланган: жазуучунун чыгармалары 50 тилдерге которулуп, миллиондогон копиялары башка чет мамлекеттерде сатылып жатат. Жазуучунун сынчылар тарабынан жогору бааланган көркөм адабият жана илимий адабият чыгармалары жапон жана эл аралык сыйлыктар менен сыйланган, алардын ичинде: Дүйнөлүк фэнтези сыйлыгы (2006) жана Frank O'Connor International Short Story Award (2006). Муракаминин чыгармачылыгы Франц Кафка сыйлыгына (2006) жана Кудус сыйлыгына (2009) татыган.

Муракаминин эң белгилүү эмгектерине "Койлорго аңга чыгуу" (англ. A Wild Sheep Chase, 1982), "Норвегиялык бак" (англ. Norwegian Wood, 1987), "Буроолу куштун хроникасы" (англ. The Wind-Up Bird Chronicle, 1994–95), "Жээкте жүргөн Кафка" (англ. Kafka on the Shore, 2002) жана "1Q84" (2009–10) чыгармалары кирет. Ошондой эле Мураками англис тилинен жапон тилине Раймонд Карвер жана Ж. Д. Сэлинжер сыяктуу жазуучулардын чыгармаларын которгон. "Жапониянын салтына таандык болбогон, Чандлер, Воннегут жана Бротиган сыяктуу батыш жазуучулардан таасирленген" деп Жапониянын адабият мекемеси жазуучунунун көркөм адабият чыгармаларын азыркыга чейин критикалууда. Көптөгөн учурда сюрреалисттик, меланхолиялык жана фаталисттик, Кафка стили сыяктуу "мезгил-мезгили менен кайталанган четтөө жана жалгыздык темалары" жазуучунун баяндамаларында кездешет. Мураками ошондой эле постмодернисттик адабияттын эң маанилүү фигурасы болуп саналат. The Guardian гезитинде иштеген Стивен Пул Муракаминин чыгармалары жана жетишкендиктери үчүн жазуучуну "дүйнөдөгү эң мыкты тирүү жазуучуларынын бири" деп даңктаган.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.