Бразилия

Бразилия, Бразилия Федерация Республикасы Түштүк Америкадагы эң ири мамлекет. Материктин чыгыш жана борбордук бөлүгүн ээлейт. Аянты 8,5 млн км2. Калкы 215,3млн (2005). Түндүгүнөн Венесуэла, Гайана, Суринам, Француз Гвианасы, Түндүк-батышынан Колумбия, батыштан Перу, Боливия, Парагвай, Аргентина, түштүгүнөн Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Борбору Бразилиа шаары Расмий тили португал тили. Акча бирдиги – реал. Администрациялык-аймактык жактан 26 штатка жана 1 Федерациялык округга бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):

Администрациялык бөлүк

Аянты,

км2

Калкы,

миң

Администрациялык

борбору

Федерация округу

5,8

2292,6

Бразилиа

Штаттар Акри

152,6

632,1

Риу-Бранку

Алагоас

27,8

2984,3

Масейо

Амазонас

1570,7

3181,9

Манаус

Амапа

142,8

581,3

Макапа

Баия

564,7

13667,5

Салвадор

Гояс

340,1

5521,5

Гояния

Мараньян

331,98

6031,3

Сан-Луис

Мату-Гросу

903,4

2763,1

Куяба

Мату-Гросу-ду-Сул

357,1

2233,4

Кампу-Гранди

Минас-Жерайс

586,5

19018,9

Белу-Оризоти

Пара

1247,7

6851,2

Белен

Параиба

56,4

3567,8

Жуан-Песоа

Парана

199,3

10130,4

Куритиба

Пернамбуку

98,3

8327,7

Ресифи

Пиауи

251,5

2978,2

Терезина

Рио-де-Жанейро

43,7

15220,0

Рио-де-Жанейро

Риу-Гранди-ду-Норти

52,8

2967,6

Натал

Риу-Гранди-ду-Сул

281,7

10723,7

Порту-Алегри

Рондония

237,6

1515,9

Порту-Велью

Рорайма

224,3

385,3

Боа-Виста

Сан-Паулу

248,2

39883,6

Сан-Паулу

Санта-Катарина

95,3

5793,0

Флорианополис

Сеара

148,8

7989,5

Форталеза

Сержипи

21,9

1940,1

Аракажу

Токантинс

277,6

1218,3

Палмас

Эспириту-Санту

46,1

3360,3

Витория

Brazil (orthographic projection)
Бразилия.
Flag of Brazil

Мамлекеттик түзүлүшү

Бразилия федерациялык мамлекет. Конституциясы 5-октябрда 1988-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы эки палаталуу парламент (Депутаттар палатасы жана Федерация сенаты). Саясий партиялары: Бразилия Социал-демократиялык партиясы, Бразилия Демократиялык кыймыл партиясы, Эмгекчилер партиясы, Либералдык фронт партиясы.

Табияты.

Аймагынын басымдуу бөлүгүн Бразилия бөксө тоолору (Бандейра чокусу, 2890 м) ээлейт, анын чыгыш четинде кууш тилке түрүндө Атлантика бою ойдуңу, батышында Пантанал саздуу ойдуңу жатат. Түндүгүндө Амазонка ойдуңу жана Гвиана бөксө тоосунун тармактары (Неблина чокусу, 3014 м) жайгашкан. Эң түштүгүн жана түштүк-батышын Ла-Плата ойдуңунун бир бөлүгү ээлейт. Климаты Түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай нымдуу экватордук климаттан мезгилдүү нымдуу субтропикке чейин өзгөрөт. Январдын орточо температурасы 23–29°С, июлдуку 16–24°С. Аймагынын басымдуу бөлүгүнө ысык климат мүнөздүү. Амазонка ойдуңунун батыш бөлүгү жана Гвиана бөксө тоосунун түштүк капталы экватордук нымдуу климат. Жылына 2400–3300 мм жаан жаайт. Амазонка ойдуңунун чыгыш бөлүгү жана Бразилия тоосу менен Гвиана бөксө тоосунун капталдары субэкватордук, жылына жаан 1200–2400 мм, жээктерде 3000 ммге чейин. Түндүк-чыгыш Бразилияда жаан 1100–400 ммге чейин азаят. Бразилиянын дарыялары көп. Аймагынын 56% Амазонка дарыясынын алабына кирет. Бразилия бөксө тоосунун чыгыш бөлүгү Сан-Франсиску дарыясынын алабына, Түндүк-чыгыш бөлүгү Атлантика океанына куюучу кыска дарыялардын алабына кирет, анын ичинде Парнаиба дарыясы да бар. Парана, Уругвай, Парагвай, Амазонканын көптөгөн куймалары жана башка дарыялар бар. Суу ресурстары боюнча Бразилия дүйнөдө биринчи орунда турат. Амазонка ойдуңун жана ага жакын жайгашкан бөксө тоонун капталдарын нымдуу экватор токою, саванналуу сейрек токой жана кургакчыл бадалдар ээлейт. Кургакчыл Түндүк-чыгышына жарым чөл сейрек токою (каатинга), Бразилия бөксө тоосунун түштүк-чыгышына жана Атлантика бою ойдуңуна тропиктик нымдуу токой, Бразилия бөксө тоосунун түштүгүнө дайыма жашыл кызыл карагайлуу жана аралаш токой мүнөздүү. Темир, калай, алюминий, уран, нефть, марганец, таш көмүр, жаратылыш газы жана башка кен байлыктар казылып алынат. Жеринин кыртышы көбүнчө кызыл түстүү латерит топурагы. Өсүмдүктөрдүн 4000ден ашык түрү кездешет. Жалпы аянты 52,6 млн га болгон 363 коргоого алынган табигый аймагы бар, анын ичинде 105 улуттук парк, аянты 14,2 млн га, ирилери Жау, Пику-да-Неблина. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген Борбордук Амазонка резерват комплекси, Пантанал коргоого алынган аймагы, Игуасу Шапада-дус-Веадейрус жана Эмас, Серрада-Капивара улуттук парктары.

Калкы

Калкынын 97%тен көбү бразилиялыктар; орточо жыштыгы 1 км2 21,4 адам (2005). Алар Европадан жана Азиядан келген калктардын абориген-индейлер (тупигуарани же жана башка) жана 16–19-кылымда Африкадан алынып келинген негрлер (йоруба, банту, эве жана башка) менен аралашуусунан келип чыккан. Ошондой эле португалдар, италяндар, испандар, немис, украиндер, япондор да бар. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники 67,3, аялдарыныкы 74,9 жашаары Католик динин тутат. Калкынын 95%и деңиз жээгиндеги штаттарда жашайт. Шаар калкы 81,7% (2005). Ири шаарлары: Порту-Алегри, Белен, Манаус, Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро, Сальвадор, Белу-Оризонти, Ресифи, Куритиба.

Тарыхы

Бразилия жергесин адамдар неолит доорунан эле жердегендиги белгилүү. 16-кылымга чейин Бразилия аймагын индей уруулары (тупигуарани, тупинамбас, ботокуд, тамойос жана башка) мекендеп келишкен. 1500-ж. Бразилиянын жээгине португал деңиз саякатчысы Педру Кабралдын кемеси келип түшүп, жаңы ачылган жер Португалиянын ээлиги деп жарыяланган. Португалдыктар Бразилиядан баалуу кызыл жыгач «паубразил» (рауbrasil, өлкөнүн аталышы ушундан улам жаралган) ташышкан. 1549-ж. Бразилияда борбору Сальвадор шаары болгон генерал-губернаторлук негизделген. Бразилия үчүн Португалия Франция жана Голландия менен көп жылдар бою күрөш жүргүзүп келген. Колонияларда индейлердин жана негрлердин эмгеги пайдаланылып, негрлерди Африкадан алып келип турушкан. Бразилияда алтын, алмаз өндүрүү күч алып, Португалиянын эң бай колониясына айланат. Жолдор салынып, жаңы шаарлар курулган, өлкөнүн борбору Рио-де-Жанейрого көчүрүлгөн. 1807-ж. Португалияны Наполеондун аскерлери басып алганда, Португалиянын королу Жуан IV качып, Рио-де-Жанейрого барып орун алган соң, аймакта бир кыйла өзгөрүүлөр боло баштаган. Гезит-журналдар чыгарылып, Бразилия банкы, улуттук китепкана, музей жана башка негизделген. 1815-жана башка Португалия, Бразилия жана Алгарви бириккен королдугунун негизги бөлүгү катары эсептелип, королдук статусуна ээ болот. 1821-ж. Португалиядагы буржуазиялык революциядан кийин Бразилияда да көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алып, король Жуан IV мекенине кайтууга аргасыз болуп, уулу Педро 1ни регент катары калтырган. 1822-ж. 7-сентябрда Педро I Бразилиянын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул күн улуттук майрам катары бүгүнкү күндө да майрамдалат. Португалия Бразилиянын көз каранды эместигин 1825-ж. таанууга аргасыз болот. Бирок өлкөдөгү кулчулук 1888-ж. гана жоюлуп, монархия 1889-ж. ноябрда кулатылат. 1891-ж. февралда Бразилия федеративдүү республика Бразилия Кошмо Штаттары деп жарыяланып, конституция кабыл алынган. Биринчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия жана АКШнын кысымы астында Антанта тарапта Германияга каршы согуш жарыялап, 1918-ж. Европага бир нече аскер бригадаларын жөнөткөн. 1930-ж. аскердик хунта бийликке келип, 1945-жылга чейин бийлик жүргүзүшкөн. 1945–64-ж. өлкөдө демократиялык кыймыл күч алып, саясий партиялар түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта АКШнын таасири күчөп, 1942-ж. Германия менен Италияга, 1945-ж. Японияга каршы согуш жарыялаган. 1944-ж. аскер корпусун (50 миң) Италияга жиберген. 1950–60-жылдары Бразилия агрардык өлкөдөн агрардык-индустриялык мамлекетке айланган. Өлкөдө агрардык, финансы жана билим берүү реформалары жүргүзүлгөн. 1960-ж. өлкөнүн борбору Бразилиа шаарына көчүрүлдү. 1964-ж. маршал У. Кастелу Бранку башында турган аскердик-саясий топ бийликти өз колдоруна алган. Жаңы өкмөт кабыл алынган декреттерди жокко чыгарып, саясий партиялардын иш-аракеттерине тыюу салган. Кийинки жылдары абал бир кыйла турукташып, инфляция төмөндөгөн. 1985-ж. 15-мартта 20 жылга созулган согуштук диктатуранын ордуна граждандык өкмөт бийликке келип, алгач Танкредо де Алмейда Невес президент болуп шайланган, бирок оорунун айынан ал кызматка киришпестен, анын ордуна көп узабай эле Жозе Сарней Коста келген. Өлкө демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн жана демократиялык башкарууну бекемдеген жаңы конституция кабыл алынган. 1994-, 1998-ж. өткөрүлгөн шайлоодо президент болуп Ф. Э. Кардозу шайланган. Кардозунун тушунда алгач экономикада абал бир топ жакшырып (1997-жана башка ИДинин өндүрүлгөн көлөмү боюнча өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кирген), бирок 1998-ж. кайрадан экономикалык кризис башталган. 2002-ж. шайлоодо бразилиялыктар өз добуштарын эмгекчилер партиясынын өкүлү Л. И. Лула да Силвага беришкен. Азыркы учурда тышкы карызы өтө көп (120 млрд доллар) болгондугу, калк турмушунун начардыгына карабастан, Бразилия бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Б. Латын Америка өлкөлөрүнүн арасында чечүүчү ролду ойноп келет.

Экономикасы.

Түштүк Америкадагы экономикалык потенциалы күчтүү индустриялык-агрардык өлкө. ИДПде өнөр жайдын үлүшү – 28,2% , айыл чарбаныкы – 10%, курулуш – 7,3%, электр, газ жана суу – 3,4% (2004). Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 3640 доллардан (АКШ) туура келет. Бразилия өнүккөн он өлкөнүн катарына кирет. Автомобиль, трактор, станок, ошондой эле компьютер, авиа-техника жана башка жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу боюнча 1-орунда. Бразилиянын аймагы 5 экономикалык районго бөлүнөт: Түштүк-Чыгыш (Минас-Жерайс, Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Эспириту-Санту штаттары), Түштүк (Парана, Риу-Грандиду-Сул, Санта-Катарина), Түндүк-Чыгыш (Алагоас, Баия, Мараньян, Параиба, Пернамбуку, Пиауи, Риу-Грандиду-Норти, Сеара, Сержипи), Борбордук-Батыш (Гояс, Мату-Гросу, Мату-Гросу-ду-Сул, Федерация округу) жана Түндүк (Акри, Амазонас, Амапа, Пара, Рондония, Рорайма, Токантинс). Өнөр жайы экономикасындагы башкы тармак. Өнөр жайынын 65% жакыны Сан-Паулу штатында жайгашкан. Нефть өндүрүү боюнча Латын Америкасында 3-орунда турат. Нефтинин 80% Атлантика океанынын шельфинен казылып алынат. Негизги нефть иштетүүчү жана нефть-химия өнөр жайынын борборлору Дукиди-Кашиас, СанЖозе-дус-Кампус, Бетим, Паулиния, Матарипи жана башка Газ өндүрүү боюнча 5-орунда (Латын Америкасында). Негизинен Кампус жана Сантус бассейндеринен өндүрүлөт. 2003-ж. 305,9 млрд кВт∙П∙с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 80%и ГЭСтен алынат. Темир, марганец, түстүү металл (ниобий, бериллий, тантал), боксит, нефть, таш көмүр казылып алынат. Кара металлургия өнөр жайы толугу менен өзүнүн жогорку сапаттагы темирдин негизинде иштейт. Чоюн жана болот эритүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн ичине кирет. Машина куруу (анын ичинде автомобиль, авиация, кеме, айыл чарба машиналары) радиоэлектроника, нефть, химиялык, нефть-химиялык, цемент, целлюлоза-кагаз, текстиль (негизинен кебез кездеме), тамак-аш-татымал (кант, май, эт, тамеки) өнөр жайлары жана негизги товардык айыл чарба өсүмдүктөрү өнүккөн. Аймагынын 32% (2,8 млн км2) иштетилет. Кофе (дүйнөдө алдыңкы орунда, жылына 0,9 млн о өндүрөт), балкамыш (302 млн о), какао, банан, соя жана башка өстүрүлөт. Малы жайытта багылат. Бодо мал (152 млн), чочко, кой (эт, жүн багытында), жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Деңизден жана дарыядан балык кармалат. Гевея ширеси, карнауб мому, бразилия жаңгагы чогултулат. Темир жолунун узундугу 29,4 миң км, автомобиль жолунуку 1,9 млн км, ички суу жолунун узундугу 31 миң км (1994). Деңиз соода флотунун тоннажы – 9,3млн тонна дедвейт (1994). Нефть куруунун узундугу 5,2 миң км. Сыртка транспорт жабдууларын, темир кенин жана концентраттарды, алюминий, темир, кофе, апельсин ширесин, эт (уй), кант, тамеки, текстиль буюмдарын, булгаары бут кийим чыгарат. Сырттан машина жана механикалык приборлорду, минерал, отун, химиялык өнөр жай продукцияларын, көмүр, жер семирткич, буудай, азык-түлүк алат. Айыл чарба продуктыларын экспорттоо боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Ири деңиз порттору: Форталеза, Сальвадор, Рио-де-Жанейро, Порту-Алегри, Парамарибо, Сантус, Риу-Гранди, Паранагуа, Турбаран, Сан-Себастьян. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Европа шериктештигиндеги өлкөлөр, Аргентина, Канада.

Маданияты

Алгачкы мектептерди 16-кылымдын ортосунда иезуиттер ачкан. Алар Бразилиядан куулгандан кийин бул мектептер жабылып, граждандык мектептер ачылган. ЖОЖдордун саны өскөн. Баардык ири шаарларында улуттук китепканалары, тарыхый-этнографиялык музейлери, ботаникалык бак, зоопарк, собор бар. Конакабана, Ипанема жана Лебнон океан пляждары менен даңазаланат. Алгачкы адабий жазуулары 16–17-кылымга таандык. Фольклору үч поэтикалык салттын биримдигинен турат. 17–18-кылымда улуттук адабият пайда болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан адабиятында романтизм үстөмдүк кылган, бир нече илимий эмгек жарыкка чыгып, көптөгөн драмалар жазылган. Улуу Октябрь революциясынын жеңиши жана Бразилия компартиясынын түзүлүшү прогрессчил адабияттын өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Б. элинин музыкасы португал, негр, индейлердин музыкасынын негизинде пайда болгон. Элдик ыр-бийлер кеңири өнүккөн. Музыкалык академия, улуттук опера-балет театры, консерватория, улуттук музыкалык институту, симфониялык оркестри бар. Бразилияда таш скульптуралар, геометриялык оймо-чиймелери бар карапа буюмдар жана таш бетине тартылган сүрөттөр сакталып калган. 16-кылымдын башында португалдар тарабынан Бразилиянын чет жакаларына Сальвадор, Ресифи, Рио-де-Жанейро сыяктуу шаарлар курулган. Бразилиянын архитектурасы 1920-жылдан баштап тез өскөн. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы чыгармалары 16–17-кылымда пайда болгон, улуттук реалисттик сүрөт өнөрү менен графика өнүгө баштаган. Театры 16-кылымда эле пайда болгон. Анда бразилиялык классицизмдин өкүлдөрүнүн пьесалары коюлган. 20-кылымдан баштап туруктуу драма труппалары уюштурула баштаган. 1950-жылдары Дулсиндер-Одилон, А. Гарриду, Ж. Коста жана башка көрүнүктүү актёрлордун жетекчилиги менен комедия театрынын труппасы түзүлгөн. 1960-жылдары «Театру ди арена», «Офисина», «Опиниан» театр труппалары иштеп, А. Саусун, Ж. Андради, А. Боаланын пьесалары менен бирге Шекспир, Мольер, Чехов, М. Горький жана башка авторлордун драмалык чыгармалары коюлган. Ал эми кино искусствосу 1903-ж. пайда болгон. 20-жылдары Кампинас жана Ресифиде кино өндүрүшү түзүлүп, негизинен чет өлкөлүк фильмдердин бразилиялык варианты чыгарылган. Биринчи тартылган фильмдерге көбүнчө атактуу ырчылар катышып, анда улуттук ыр, обондор пайдаланылган. Бразилияда алгачкы гезит 1809-ж. чыккан. Ал эми атайын информациялык «Аженсия Насионал» агентчилиги 1934-ж. негизделген. 1921-жылдан радиоуктуруусу, 1952-жылдан телекөрсөтүүсү башталган. Бир нече радио жана телестанциялары иштейт.

Колдонулган адабияттар

2016 жайкы Олимпиада оюндары

Рио-де-Жанейро 2016 (англ. 2016 Summer Olympics, фр. Jeux olympiques d'été de 2016, порт. Jogos Olímpicos de Verão de 2016), жана ошондой эле XXXI Олимпиалык оюндары, Олимпиада-2016, Рио-2016, 5-августтан 21-августка чейин Рио-де-Жанейро, Бразилияда өткөт).

Алюминий

Алюминий (лат. Aluminium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 3-мезгилинин IIIА группа элементи. К.н. 13; ат. м. 26,9815; жер кыртышында таралышы боюнча металлдар ичинен 1-орунду ээлеп 8,8 % түзөт. А. жаратылыш минералдары: KАlSi3O8, NaAlSi3O8, NaAlSO4, Ca(AlSiO4)2, KАl(SiO3)2 – талаа шпатттары, Na2OAl2O32SiO3 – нефелин, Al2O32H2O3 – боксит, Na3[AlF6] – криолит. Жалпысынан А. жаратылышта алюмосиликаттар, боксит, корунд жана криолит түрүндө учурайт. А. моноизотоптуу элементтер катарына кирет. Окистенүү даражасы +3, кээде +1,+2 А.өндүрүүчү мамлекеттерге Орусия, Гренландия, Норвегия, Швеция, Австралия, Бразилия, Гвинея, Орто Азиядан Тажикстан кирет. Таза А. (99,996%) тыгызд. 2,70 г/см3 (20оС), эрүү темп-расы 660,24оС кайноо темп-расы 2500оС. А. Si, Cu, Zn, Mn ж. б. элементтер менен ар түрдүү касиеттеги, өтө бышык куймаларды пайда кылат. Абада тез окистенип, Al2O3 жука кабыкчасы менен капталат. Ал А. андан ары окистенүүдөн сактайт. Жогорку темп-рада азот, көмүртек, күкүрт менен реакцияга кирип, нитрид (AlN), карбид (Al4C3), сульфид (Al2S3) берет. Галогендер менен да реакцияга кирет. Щелочто оңой эрип суутекти бөлүп чыгарат да алюминатты пайда кылат. Бул касиети А. амфотердик мүнөзүн көрсөтөт:

2Al+2NaOH+10H2O  2Na[Al(OH)4(H2O)2]+3H2

Мындай касиетке А. оксиди жана гидроксиди да ээ. Алюминий өнөр жайларда криолитте (Na3AlF6) эритилген бокситти электролиздөөдөн алынат. Электролит курамы (м. б-ча): 75-90 % Na3 [AlF6], 5-12 % AlF3, 2-10 % CaF2, 1-10 % Al2O3: молярдык катышы NaF: AlF3 = 2,20: 2,85. А. 1827-ж. немец химиги Ф. Велер AlCl3 калий менен калыбына келтирүүдөн алган. Таза А. жылуулукту, электр тогун жакшы өткөргөн, коррозияга туруктуу, чоюлгуч, жеңил, оңой ширетилүүчү, күмүш сымал ак металл. А. электр тех-сында, авиацияда, өнөр жайларда, металлургияда, архитектурада, ядролук реакторлордо, турмуш тиричиликте керектелүүчү буюмдарды жасоодо кеңири колдонулат.

Аргентина

Аргентина, Аргентинa Республикaсы - Түштүк Американын түштүгүндөгү мамлекет. Аянты жана калкынын саны боюнча континенттеги 2-өлкө (Бразилиядан кийин). Түштүк Америка материгинин түштүк-чыгышын, Оттуу Жер аралынын чыгыш бөлүгүн, жакын жайгашкан Эстадос жана башка аралдарды ээлейт. Батышынан Чили, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Боливия, Парагвай, Бразилия, Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 2,78 млн км2 [Аргентина менен Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак - Фолкленд (Мальвин) аралын кошпогондо]. Калкы 39,5 млн (2005). Борбору - Буэнос-Айрес шаары. Акча бирдиги - Аргентина песосу. Аргентина - БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Түштүк Американын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР; 1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Атлантика океаны

Атлантика океаны - (байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп - Атлантка карата коюлган) - чоңдугу жагынан жер жүзүндөгү (Тынч океандан кийин) 2-океан. Чыгышынан Европа ж-а Африка, батышынан Түндүк ж-а Түштүк Америка, Түштүгүнөн Антарктика м-н чектешет. Аянты деңиздери м-н кошо (аралдарды кошпогондо) 91,6 млн км2, орточо тереңдиги 3600 м, эң терең жери 8742 м (Пуэрто-Рико кобулу), суусунун көлөмү 329,7 млн км3.

Бразилия улуттук футбол курамасы

Бразилия улуттук футбол курамасы (порт. Seleção Brasileira de Futebol) футбол боюнча эл аралык матчтарда жана турнирлерде Бразилияны көрсөтүүчү курама.

Бразилия футбол конфедерациясы тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт — өлкөнүн негизги башкаруучу футбол органы. 1923-жылдан баштап ФИФАнын, ошондой эле 1916-жылдан баштап КОНМЕБОЛдун мүчөсү.

Бразилия курамасы дүйнө чемпиондуктарындагы эң ийгиликтүү курама болуп саналат: анын эсебинде беш чемпиондук наамы бар (1958, 1962, 1970, 1994 жана 2002). Бразилия курамасы — бардык дүйнө чемпиондуктарына катышкан жападан жалгыз команда. Бразилдер биринчилерден болуп үч башка материктин жана үч башка дүйнө бөлүктөрүнүн наамдарын утуп алышкан (Америкада, Европада жана Азияда; Түндүк Америкада, Түштүк Америкада жана Евразияда). Команда ошондой эле төрт ирет Конфедерациялар кубогун уткан, бул рекорддук көрсөткүч. мындан сырткары, бразилдердин эсебинде континеттин эң барктуу турнири болуп саналган Америка кубогунда 8 жеңиши бар. Бул көрсөткүч боюнча алар континентте Уругвай жана Аргентина курамаларынан гана артта турушат.

Команданын негизги ийгилиги 1950чү жана 1960чы жылдардын аягына туш келет, анткени, бул жылдары курамада Пеле, Гарринча, Загалло өңдүү футболчулар ойноп, 12 жылдын ичинде үч ирет дүйнө чемпиондугун жеңишкен(1970-жылы Загалло кураманын машыктыруучусу болууга жетишкен).

Бразилия курамасынын кайман аты — «Селесао» («Тандалмалар» дегенди түшүндүрөт). Ошондой эле 2002-жылдан тарта, алардын дүйнө чемпиондугундагы бешинчи жеңишинен кийин, «пентакампеондор» деп да аташат.

Курамада эң көп оюн саны Кафуга тиешелүү — 142 матч; команданын мыкты бомбардири — Пеле (77 топ).

Бразилия курамасы ФИФА рейтингинин 2013-жылдын 19-декабрындагы көрсөткүчү боюнча 10-орунда турат, континеттик рейтингде — 4чү.

Ал эми 2014-жылдын 5-июнундагы көрсөткүч боюнча 3-орунда турат, континенттик рейтингде болсо — 1чи.

Команданын башкы машыктыруучусу — Луис Фелипе Сколари, бул кызматка 28-ноябрда 2012-жылы киришкен; азыркы команда капитаны — «ПСЖ» француз футбол клубунун борбордук коргоочусу Тиаго Силва.

Германия улуттук футбол курамасы

Германия улутук футбол курамасы (нем. Deutsche Fußballnationalmannschaft) — футбол боюнча эл аралык мелдештерде Германиянын атынан чыгуучу команда. Өлкөнүн башкы башкаруучу футбол органы болгон — Немис футбол бирлиги тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт. Немис футбол бирлиги 1904-жылдан баштап ФИФАнын, 1954-жылдан баштап УЕФАнын мүчөсү.

ФИФА рейтингинин 2014-жылдын 5-июнундагы көрсөткүчү боюнча 2-орунда турат.

Команданын башкы машыктыруучусу — Йоахим Лөв, бул кызматка 12-июль 2006-жылы киришкен; азыркы команда капитаны — мүнхендик «Бавариянын» коргоочусу Филипп Лам.

Италян тили

Италян тили – италяндардын тили. Италия Республиканын жана Сан-Марино Республикасынын расмий тили. Италян тилинде Швейцария, АКШ, Түштүк Америка мамлекеттеринде (өзгөчө Бразилия, Аргентина), Франция, Сомали, Бельгияда жашаган италян эмигранттары сүйлөшөт. Италян тили роман тил тобуна кирет. Үч диалектиге (Түндүк, борбордук, түштүк) бөлүнөт. Башка роман тилдерине караганда фонетикалык жагынан латынга жакын. Сөздөрү көбүнчө ачык муундан турат. Италян тилинде зат атоочтун сан жана этиштин жак, чак, ыңгай категорияларынын маанилери флексия аркылуу берилет. Жазуусу латын графикасынын негизинде. 14-кылымда Данте бүткүл Италия үчүн жалпы адабий тил идеясын киргизип, 16–17-кылымдарда италян адабий тили нормага салынган.

Колумбия

Колумбия (исп. Colombia), Расмий ачылышы Колумбия Республикасы (исп. República de Colombia [reˈpuβlika ðe koˈlombja]) - Борбордук Америкадагы аймактарында менен түндүк-батышындагы Түштүк Америкадагы мамлекет. Капитал - Богота. Бул Бразилия менен чыгыш, түштүк чек - Венесуэла жана Перу менен батыштан - Панама менен Коста-Рика менен деңиз чек аралары, Никарагуа, Гондурас, Ямайка, Гаити менен Доминикан Республикасында түндүк жана Тынч океан батыш океанга чейин Кариб денизинин чайпап турат. өлкө саны жагынан дүйнөдө элинин саны жагынан жана үчүнчү 28-орунду ээлейт.

Орустар

Орустар (өздөрүн 18-кылымга чейин роусь, 1917-жылдан кийин великорусстар деп аташкан) – чыгыш славян эли; РФтин жергиликтүү калкы. Латвия, Литва, Эстония, Украина, Беларуссия, Молдавия, Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан (381 562, 2012), Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле АКШ, Канада, Бразилия, Германия, Англия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттерде диаспоралары бар. Жалпы саны дүйнөдө 133 млн, анын ичинде 111016896 киши Россияда жашайт (2010). Динге ишенгендеринин көбү – православныйлар. Орус тилинде сүйлөшөт. Орустар чыгыш славян урууларында уруулук мамилелер ыдырап, Киев айланасында Байыркы орус мамлекети түзүлгөн мезгилде пайда болгон байыркы орус элинен (9-к.) келип чыккан. Этностук негизин чыгыш славян элдери (кривичтер, словендер, вятичтер, северяндар), ошондой эле финн-угор уруулары түзгөн. Орустар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Салттык кийимдери түн. жана Түштүк аймактарында бири-биринен айырмаланат. Эркектери тик жакалуу ак көйнөк, кендир ыштан, сыртынан таардан тигилген жакасыз узун кемсел, бутуна жөкө чокой же өтүк кийип, белине кур курчанат. Аялдары – түн. аймактары сарафан, түштүгү юбка, көйнөк, кофта кийип, алжапкыч тагынган. Тамак-ашы негизинен ботко, щи, пельмен, суусундук катары квасты көбүрөөк колдонушат.

Парагвай

Парагвай, Парагвай Республикасы – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Боливия, түндүк-чыгышынан, чыгышынан Бразилия, түштүк жана түштүк-батышынан Аргентина менен чектешет. Аянты 406,8 миң км2. Калкы 6,4 млн (2010). Борбору – Асунсьон шаары Административдик-аймактык жактан 17 департаментке жана борбордук округга бөлүнөт. Акча бирдиги – гуараки.

Парагвай – Бириккен Улуттар Уюму (1945), Эл аралык валюта фондунун (1945). Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945), Эл аралык атом энергетикасы агенттигинин мүчөсү.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү

Перу

Перу, Перу Республикасы – Түштүк Американын батышындагы мамлекет. Түндүк-батышынан Эквадор, түндүк-чыгышынан Колумбия, чыгышынан Бразилия, түштүк-чыгышынан Боливия, түштүгүнөн Чили менен чектешет. Батышы менен түштүк-батышын Тынч океан чулгайт. Аянты (жээк аралдары менен) 1285,2 миң км2. Калкы 30,3 млн (2012). Борбору – Лима шаары Административдик-аймактык жактан борбордук провинция (Ла-Метрополитан) жана 25 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – жаңы соль.

Бириккен Улуттар Уюмунун (1945), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Эл аралык валюта фондунун (1945), Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (1961), Эл аралык финансы корпорациясынын (1956), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945) ж. б. мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

Португал тили

Португал тили – португалдар менен бразилиялыктардын тили. Роман тилдеринин ибер-роман тобуна кирет. Португалия, Бразилия, Африка (Ангола, Мозамбик, Гвинея-Бисау) жана Азияга тараган. Адабий тили 16-кылымда калыптанып, Бразилияга таралып, 19-кылымда жергиликтүү индей тилдерин дээрлик сүрүп чыгарган. Бул тилдин португал жана бразилия тилдери деген эки варианты бар. Айырмасы фонетика менен лексикада. Португалиядагы португал тили 3 диалектиден турат. Жазмасы латын графикасынын негизинде түзүлгөн.

Рио-де-Жанейро

Рио-де-Жанейро – Бразилиянын түштүк-чыгышындагы шаар, Рио-де-Жанейро штатынын административдик борбору. Калкы 6,3 млн (2010; агломерациясы менен 12,1 млн). Эл аралык аэропорту бар. Гуанабара бухтасынын жээгиндеги порттон жылына 20 млн т жүк ташылат. Өлкөнүн банк-финансы, соода, илимий, маданий башкы борбору. Шаарда улуттук жана эл аралык компаниялардын (негизинен фармацевтика, нефть) кеңселери жайгашкан. Бразилиядагы компьютер ж. б. программаларды түзүүчү жай. Агломерациясында тамак-аш, химиялык, нефть-химиялык, фармацевтика, текстиль, эмерек, металлургия, кеме куруу өнөр-жай ишканалары жайгашкан. Туризмдин ири борбору.

Түштүк Америка

Түштүк Америка (исп. América del Sur, Sudamérica, Suramérica, порт. América do Sul, англ. South America, нидерл. Zuid-Amerika, фр. Amérique du Sud, гуар. Ñembyamérika, кечуа Urin Awya Yala, Urin Amerika) — Батыш жарым шардын түштүгүндө жайгашкан материк. Жеринин аянты (аралдары менен кошо эсептегенде)18,28 млн. км. Калкы 387 489 196 адам (2011). Сол түштүктөн оң түштүккө карай 7150 км-ге, батыштан чыгышка карай 5150 км-ге созулган. Эң бийик чокусу– Аконкагуа (6960 м).

Штат

Штат (англ. state – мамлекет) – кээбир өлкөлөрдөгү (АКШ, Бразилия, Венесуэла, Мексика, Нигерия ж. б.) кошуундук субъектилеринин аталышы. Ш-тын укуктук абалы, анын бийлик органдарынын ыйгарым укук көлөмү, борбордук өкмөт менен өзара мамилеси кошуундук конституция тарабынан аныкталат. Айрым өлкөлөрдүн (АКШ, Мексика) Ш-нын өз конституциялары бар. Ш-тын башында ыйгарым укуктары мамлекет башыныкына кандайдыр бир деңгээде окшошуп кеткен, шайлануучу же дайындалуучу губернатор турат. Ш-тын мыйзам чыгаруу органы адатта эки палаталуу болот. Өз сот тутуму, эреже катары, өз кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарына ээ. Эгемен мамлекет болуп саналбайт.

Эквадор

Эквадор (исп. Ecuador, кечуа Ikwadur), Расмий аталышы Эквадор Республикасы (исп. República del Ecuador [reˈpuβlika ðel ekwaˈðor], кечуа Ikwadur Republika).

Борбору - Кито.

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.