Армения

Армения (арм. Հայաստան, Айастан), расмий аталышы — Армения Республикасы (арм. Հայաստանի Հանրապետություն, Айастаны Анрапетутюн) — Азиянын түштүк-батышындагы мамлекет. Закавказьенинтүштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Грузия, чыгышынан Азербайжан, түштүк-батышынан Иран жана Нахичеван Автономия Республикасы, батышынан Түркия менен чектешет. Аянты 29,74 миң км2. Калкы 2,98 млн (2005). Административдик-аймактык жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31 шаарчага бөлүнөт. Ереван шаары өзүнчө марз статусуна ээ. Борбору - Ереван шаары. Акча бирдиги драм.

Армения - БУУнун (1992), КМШ өлкөлөрүнүн (1991), ЕККУнун (1992), Эл аралык валюта фондунун (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү. Армения Конституциясы 1995-ж. кабыл алынган.

Армения Республикасы
Հայաստանի Հանրապետություն

Flag of Armenia Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Урааны: «Бир улут — бир маданият.»
арм.
«Մեկ ազգ, մեկ մշակույթ»
Armenia (orthographic projection)
Негизделген IV — II кк. б д. ч.
Эгемендүүлүк күнү 28-май 1918-жылы Биринчи Армения Республикасы
(ЗДФР-дан)
23-август 1990-жылы[1]Калып:Ref+

СССРден)

Расмий тили Армян тили
Борбор шаары Калып:Шаар желеги/Ераван
Ири шаарлар Ереван, Гюмри, Ванадзор, Вагаршапат (Эчмиадзин), Абовян
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Премьер-министр
Улуттук жыйындын
төрагасы
Армен Саркисян
Никол Пашинян
Ара Баблоян
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
138-чи - дүйнөдө
29 743[2] км²
4,71
Калкы
• Бааланган (2017)
Жыштыгы

2 986 100[3] адам (137-чи)
100,4 ад./км²
ИДП (САМ)
  • Бардыгы (2013)
  • Ар бир жанга

20,831 миллиард $
6128 $
ИДП (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

10,325 миллиард $
3037 $
АДӨИ ( 2016) 0,743[4] (жогору) (84-чү)
Этнохороним армянин, армянка,
армяниндер
Акча бирдиги Армян драмы
(AMD, код 51)
Домени .am
ISO коду AM
ЭОК коду ARM
Убакыт аралыгы UTC +4

Мамлекеттик түзүлүшү

Apмения - унитардык мамлекет, 11 облустан турат. Конституциясы 1995-жылы 5-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет башчысы - президент (5 жылга бир гана жолу шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийлигинин жогорку органы - Улуттук жыйналыш. Аткаруу бийлигинин органы - Министрлер Кеңеши. Саясий партиялары: Армян жалпы улуттук кыймылы, Улуттук биримдик, Армян революциялык Дашнакцутюн федерациясы, Армения коммунисттик партиясы, Армения жалпы элдик кыймылы.

Табияты

Apмения - тоолуу өлкө. Армян тайпак тоосунун Кичи Кавказдын кырка тоолору менен чектешкен түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аймагынын 90%дан ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан, орточо бийиктиги 1800 м, эң бийик жери Арагац чокусу 4090 м. Түштүк-батышында Арарат түздүгү жайгашкан. Субтропиктик клпматтык алкакта жайгашкан. Климаты негизинен контпненттик, кургакчыл, бирок өлкө тоолуу болгонуна байланыштуу климаттын ар түрдүү тиби кездешет. Түздүктөрдө январдын орточо температурасы -5°С, июлдуку 24-26°С, жылдык жаан-чачыны 200-400 мм; тоолуу аймагында январдыкы -4°Сден -6°Сге чейин, июлдуку 1820°С, жылдык жаан-чачыны 500 ммге чейин. Дарыялары Каспий деңизинин алабына кпрет. Ири дарыялары: Аракс (чегара аркылуу агат), Кура. Дарыялары шар агып, босоголуу болгондуктан, кеме жүрүүгө ыңгайсыз, бирок гидроэнергия ресурсуна бай. Жермук, Арзни, Дилижан, Бжни, Анкаван минералдык суулары бар. Apменияда 100дөн ашык көл бар, алардын эң ириси - Севан көлү. Тоо капталдарында 2000 м бийиктикке чейин талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Аймагынын 1/5 бөлүгүнө жакынын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) жана бадалдар ээлейт; ксерофиттик сейрек токой да кеңири таралган. Андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү мүнөздүү. Дилижан, Хосров жана башка коруктары, Севан улуттук паркы бар. Тоолуу талаа, шалбаалуу субальп жана альп алкактары жайкы жайыт.

Калкы

Негизинен армяндар (93%), ошондой эле азербайжан, орус, курд, украин, грек, ассириялыктар (айсорлор) жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики - 69,9, аялдардыкы - 75,8 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 98,7 киши (2005); Арарат өрөөнүндө калк жыш (1 км2 200) отурукташкан. Христиан динин тутат. Шаар калкы 64,2% . Ири шаарлары: Ереван, Гюмри, Ванадзор.

Тарыхы

Армян тайпактоолору - дүйнөлүк цивилизациянын эң байыркы борборлорунан. Археологиялык казмалардан табылган эмгек куралдары байыркы таш доорунда (палеолит) эле Apмениянын аймагында адамдардын жашаганын, металл иштетүү маданиятынын байыркы очокторунан экенин далилдейт. Биздин заманга чейинки 5-4 миң жылдыкта эле Армениянын аймагында жезди иштетүү кеңири өнүккөндүгү белгилүү. Биздин заманга чейинки 13-кылымда Армян тайпак тоосунда жашаган уруулар Ассириянын басып алуусуна каршы күрөштө бир нече союздарга (Уруатри, Наири, Дайани) бириккен. Аталган союздардын негизинде биздин заманга чейинки 9-кылымда Урарту мамлекети түзүлгөн. 1950-жылы Аринберд дөбөсүнөн, азыркы Ереван ш-нын аймагынан табылган шынаа сымал жазмада Менуа уулу Аргиштинин Эребуни чебин негиздегендиги (биздин заманга чейинки 782-жылы) тууралуу айтылат. Бул маалымат Ереван шаарынын дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардан экендигин айгинелейт. Урарту мамлекетинин борбору Тушпа болгон. Ассириялык шынаа сымал жазманын негизинде Урартунун өз жазуусу түзүлгөн. Урартулуктар мал чарбасы, дыйканчылык менен кесиптенишкен, жасалма сугат системасы жогору өнүккөн. Кол өнөрчүлүктөн өзгөчө металл иштетүү жогорку деңгээлге жеткен. Биздин заманга чейинки 7-6-кылымда жүзүм өстүрүү жана вино жасоо өнүккөн. Биздин заманга чейинки 1 миң жылдыктын 2-жарымында армян элинин калыптануусу аяктаган. Биздин заманга чейинки 6-кылымда ички биримдиктин жоктугу, ошондой эле скифтердин жана Мидиянын баскынчылык жортуулдары Урарту мамлекетинин кыйроосуна алып келген. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын акыркы чейрегинде Армения Ахемениддер державасынын курамына кирген. Дарий Iнин Бехистун аскасындагы үч тилде жазылган жазмасында элам жана перси тилдеринде «Армения» өлкөсү, ал эми ассириялык тексте «Урарту» мамлекети тууралуу эскерилет. Дүйнөнүн Вавилон картасында (биздин заманга чейинки 5-кылым) «Армения» өлкөсү белгиленген. Геродоттун маалыматтарында Армения Дарий Iнин державасынын 13- жана 18-сатрапияларына киргизилген. Ксенофонт 13-сатрапияны Ахемениддерге туугандык байланыштагы Ервандун уруусунун өкүлдөрү башкарышкандыгын белгплейт. Ахемениддер державасы Александр Македонский тарабынан кыйратылгандан кийин, армян сатраптары Ерванд III жана Митраустес көз каранды эмес эки княздыкты негиздешкен. Ерванд алгач Александр Македонскийдин бийлигин тааныган, бирок диадохтордун күрөшүнүн учурунда өз алдынчалыкка жетишишкен. Биздин заманга чейинки 220-жылы Ервандиттер падышалыгын селевкид башкаруучусу Антпох III басып алып, 3-к-дын аягында Армениянын аймагы толук каратылган. Бул бириктирилген аймак Улуу Армения деп атала баштаган, аны жергиликтүү башкаруучу Арташес башкарган. Биздин заманга чейинки 189-жылы Улуу Армения жана Софена өз алдынча мамлекеттерге айланган. Арташес I (189-160-жылы башкарган) өзүн падыша деп жарыялап, Арташесиддер династиясын негпздейт. Улуу Армения мамлекети, анын небереси Тигран Шнүн тушунда күч-кубаттуу мамлекетке айланып, бардык армян жерлери бириктирилип, Софен, Сирия, Коммаген, Киликия, Месопотамия, Селевкиддер падышалыгы каратылат. Тпгран III Тигр дарыясынын боюна өлкөнүн жаңы борбору - Тигранакерт шаарын курдурган. Улуу Арменияда антикалык Грекиянын, эллиндик Сириянын жана Кичи Азиянын таасири менен маданият, архитектура, театр, адабият, поэзия өнүккөн. Биздин заманга чейинки 62-жылы Улуу Арменияда Аршакиддердин династиясы орнотулат. Биздин заманга чейинки 1-кылымдан баштап Армения Рим менен Парфия падышалыгынын ортосундагы күрөштүн майданына айланган, бул Улуу Арменияны начарлаткан. Биздин замандын 3-кылымынан Улуу Армения сасаниддик Иранга көз каранды мамлекетке айланган. 301-жылы христиан дини Улуу Армениянын мамлекеттик дини деп жарыяланган. 4-кылымдын аягында Месроп Маштоц армян алфавитин түзгөн. 387-жылы Арменияны Византия менен Иран өз ара бөлүп алышкан. Сасаниддер менен Византиянын Армения үчүн болгон күрөшү 20 жылдан ашык созулган. 7-кылымдын 2-жарымында Арменияны Араб халифаты басып алды. Узакка созулган күрөштүн натыйжасында арабдардын бийлиги кулатылып, 9-кылымдын аягында Арменияда Багратилердин падышалыгы түзүлөт. Бул учурда экономикалык жана маданий турмуш кайрадан жогорулап, шаарлар (Ани, Ван, Карс жана башка) кол өнөрчүлүк менен соода-сатыктын ири борборлоруна айланды. 11-кылымдын 1-жарымында Армения кайрадан Византияга көз каранды мамлекетке айланды. 11-кылымдын ортосунан Арменияга селжуктар басып кирген. 123-643-жылдарда бүткүл Закавказье монгол-татарлар тарабынан каратылган. Армения мамлекети жоюлуп, Хулагулар мамлекетинин курамына кошулган. Шаарлар талкаланып, калкынын бир кыйласы кырылган. Армяндардын чет өлкөлөргө ооп кетиши күчөп, алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө, Алтын Ордонун шаарларына, Крымга жана башка жерлерге көчө качты. Буковинада, Галицияда, Венгрияда армян колониялары пайда болгон. 14-кылымдын башында Токтомуштун, андан кийин Тимурдун жортуулдарынын учурунда Армения эбегейсиз талап тонолгон. 15-кылымдын башында Армения көчмөн түркмөн уруулары (КараКоюнлу, кийин Ак-Коюнлу) тарабынан каратылган. 16-18-кылымда А. Осмон империясы менен Сефевилер державасынын ортосунда талаш майданга айланып, 1639-жылы жарашуудан кийин, Чыгыш Армения Иран, Батыш Армения Түркиянын курамына кирген. Орус-иран согушунун (1826-28) жыйынтыгында түзүлгөн Түркмөнчай келишими боюнча Чыгыш Армения (Эриван, Нахичеван хандыктары) Россияга, калган бөлүгү Түркияга кирген. 1-дүйнөлүк согуш учурунда түрктөр 1,5 млн армяндарды жок кылып (1915-16), 600 миңге жакынын Месопотамияга зордоп көчүргөн. 1918-жылы 28-майда Армян республикасы түзүлүп, бийликке улуттук-буржуазиялык «Дашнакцутюн» партиясы келет. 1918-жылы Антанта менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн Мудросс жарашуусу боюнча Түркия Армениянын аймагынан аскерлерин чыгарып кеткен. 1920-жылы сентябрда түрктөр кайрадан Арменияга басып кирип, өлкөнүн үчтөн-эки бөлүгүн ээлейт. 1920-жылы 29-ноябрда Кызыл Армиянын күчтөрү дашнактар бийлигин кулатып, Арменияны Советтик Социалисттик Республика деп жарыялайт. 1922-жылы Армян ССРи Закавказье федерациясынын (ЗСФСР) курамында СССРге кирген. 1936-жылы өз алдынча Армян ССРи түзүлгөн. СССР кыйрагандан кийин, 1991-жылы 23-сентябрдан Армения көз каранды эмес республика.

Экономикасы

Ички дүң продукциясында айыл чарбанын үлүшү 22,7%, өнөр жайы 20,5%, курулуш 15,7% , соода 9,8% , транспорт 5,3% ды түзөт. Өнөр жайынын негизин тамак-аш (36,6%; 2003), түстүү металлургия (21,7%), электр энергия (19,5%), машина куруу жана металл иштетүү (4,8%), химия (2,0%) тармактары түзөт. Армения дүйнөдөгү энергиясы таңкыс өлкөлөргө кирет. Жергиликтүү энергия ресурстарынын негизин гидроэнергия берет. Отундун басымдуу бөлүгүн сырттан (газды Россия менен Түркмөнстандан) алат. Армениянын экономикасында маанилүү орунду «Армросгазпром» биргелешкен (Россия, Армения) ишканасы ээлейт. Ал газ куурларын, газ сактоочу жер астындагы жайларды куруп, ремонттойт. 2004-жылы 4,9 млрд кВтШ электр энергиясын өндүргөн; анын 41% АЭСке, 30% ГЭСке, 29% жылуулук электр станцияларына таандык. Жез-молибден рудаларын, алтын казып алып иштетүүчү ишканалары бар. Машина куруу өнөр жайы электрондук, автомобиль жана станок куруу тармактары үчүн жабдуулар чыгарууга адистешкен; анын негизги борборлору: Ереван, Ванадзор, Армавирдик Электртехника жана электрондук өнөр жай ишканалары Ереванда (электр кыймылдаткычтарын жана башка чыгарат), Ванадзор (ченегич приборлор, светотехника жана башка), Гюмри (анализдик приборлор), Севан (электр механизмдерин) жана башка шаарларда жайгашкан. Химиялык өнөр жайы хлоропрен каучугун, резина буюмдарын, шина, жасалма була, целлофан, химиялык реактивдери, карбамид, меланин жана башка продукцияларды чыгарууга адистешкен. Зергерлик буюмдарды даярдоочу өнөр жайы өнүккөн; анын продукциясын экспорттоо боюнча 1-орунда турат. Зергерлик сырьёну (негизинен зергерлик жана техникалык алмазды, алтынды) Россиядан, Бельгиядан жана Нидерланддан алат. Ири ишканалары: Ереван зергерлик заводу, Армян алмаз компаниясы. Тамак-аш өнөр жайынын негизги продукциялары: коньяк жана шарап (20дан ашык заводу бар), мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, суусундук, эт жана эт продуктулары, сүт продукциясы жана башка. Жогорку сорттогу тамеки чыгаруучу биргелешкен ири ишканалары бар. Курулуш материалдарынан цемент, асбоцемент жана шифер, имараттарды туфтан каптап жасалгалоочу материалдарды жана башкалар чыгарат. Еревандагы прибор куруу ишканасы үчүн таза темир (металлоломдон) даярдоочу тажрыйба-өнөр жай заводу, Туманян шаарында отко чыдамдуу материалдарды чыгаруучу завод иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери 1,4 млн га (өлкөнүн 47% аянты), анын 0,5 млн гасы айдоо, 0,8 млн гасы жайыт жана чабынды. Айыл чарба продукциясынын 60%ке жакынын өсүмдүк өстүрүүчүлүк берет. 2003-жылы 244,1 миң о буудай, 444,1 миң о картошка, 573,3 миң о жашылча-бакча, ошондой эле техника (тамеки, казтаман), тоют өсүмдүктөрү жыйналган. Мөмө-жемиш бактарын (шабдаалы, өрүк) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (2002-жылы 82,6 миң о жүзүм жыйналган) өнүккөн.2003-жылыАрменияда 493,9 миң баш бодо мал, 563,2 миң кой, эчки, 65 миң чочко болгон. Айыл чарба продукцияларынын 95,5%ке жакыны жеке менчик чарбаларда даярдалат. Рекреациялык ресурстарга бай; курорттору: Арзни, Жермук, Дилижан, Цахкадзор жана башка. Транспортунун негизги түрү - автомобиль жолу. Автомобиль жолунун узундугу 7,6 миң км (2003). Негизги автомобиль магистралдары: Ереван - Аштарак - Гюмри, Ереван - Севан Ижеван. Темир жолунун узундугу 711 км; негизги темир жол тоому - Ереван шаары. Грузия темир жол менен (Ереван - Ванадзор - Алаверди - Тбилиси) катнашы бар. Россиядан (Грузиянын аймагы аркылуу) газ кууру келет. Ири аэропорту - Звартноц (Еревандан 10 км аралыкта). Экспортко (2003-жылы 685,5 млн доллар) караганда импорт (1279,5 млн доллар) басымдуулук кылат. Экспортко негизинен асылташтарды, баалуу металлдарды, шарап, коньяк, түстүү металлдарды (алюминий, никель жез) жана алардан жасалган буюмдарды чыгарат; сырттан (импорт) отун (негизинен газ), иштетилбеген асылташтарды, жабдууларды, дан эгиндерин алат. Негизги соода шериктери: Россия, АКШ, Бельгия, Улуу Британия, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери.

Маданияты

1998-жылдан билим берүү тармагында реформа жүргүзүлө баштаган. 1999-жылы «Билим берүү» мыйзамы, 2001-жылы «2001-2005-жылга билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик планы» кабыл алынган. Билим берүү тармагы - мектепке чейинки тарбия, жалпы билим берүү [башталгыч (1-3-класс), негизги орто билим (4-8-класс), толук орто билим (9-11класс)]; кесиптик билим берүү [башталгыч кесиптик-техникалык, атайын орто билим берүү, жогорку кесиптик (бакалавриат, магистратура)], квалификацияны жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо бөлүмдөрүн камтыйт. Учурда 692 мектепке чейинки мекеме (анын ичинен 681 мамлекеттик), 1481 жалпы билим берүүчү мектеп, 58 гимназия, 1 лицей, 12 колледж, 77 орто кесиптик окуу жайы жана менчик жалпы (31), атайын орто билим берүү мекемелери (23) бар. Республикада 54 коомдук пансион, 163 мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери иштейт. Мамлекеттик 20, мамлекеттик эмес 72 ЖОЖ бар. Ереван университети (1920-жылы негизделген), Инженердик университети (1930), Ереван эл чарбачылыгы институту (1933), Армян айыл чарба академиясы (1930), Ереван сүрөт академиясы (1944), Ереван консерваториясы (1923), Америка университети (Ереван, 1991), Россия-Армян (Славян, 1999) унти, Франция университети (2000), ошондой эле Армениянын ИА жана бир нече илимий-изилдөө институттары бар. Ири музейлери: Тарых (1957), Матенадаран - байыркы кол жазмалар, Улуттук галерея (1921), Ереван тарыхы (1968), этнография жана фольклор, диний искусство, Геноцид институт-музейи (1995) жана башка. Арменияда гезит (840), журнал (193) армян жана орус тилинде чыгат. Кабарлоо агентчилиги (32), улуттук гезиттердин басмалары (20, анын ичинен «Азг», «Айастани Анрапетутюн», «Айоц ашхар» «Аравот», «Иравунк» армян), ал эми «Армян үнү», «Жаңы учур», «Армян Республикасы» орус жана улуттук тилдерде иштейт. Республиканын аймагынын 95% телекөрсөтүү менен камсыз болгон. Мамлекеттик жана менчик радиостанциялар бар.

Адабияты

Армян адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Биздин заманга чейинки эле армяндарда бутпарастык адабият болуп, ал армяндар христиан динине өткөн соң (301) жоголгон. Жазма адабияттын тарыхы 5-кылымдан - Месроп Маштоц армян жазмасын түзгөн мезгилден (406) башталат. Жазма адабий эстеликтерден М. Маштоцтун котормолору, ырлары, Агафангел, Павстос Бузанд, Егише, Лазар Парбенци жана Мовсес Хоренацинин (5-кылымдын тарыхчылары) эмгектери өзгөчө баалуу. Араб эзүүсүнүн тушунда жана Византия басып алган мезгилде (7-9-кылым) жарандык адабият (Давтак Кертог, тарыхчылар - Себеос, Овнан Мамиконян, Мовсес Каганкатваци, Гевонд), диний айтыш (кара сөздө) жана чиркөө поэзиясы (мисалы, «Щаракноц», Комитасо, Степаноса Сюнеци) өнүккөн. 9-кылымдын аягында А. көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин (886) адабиятта гуманисттик идеялар пайда болуп, Кайра жаралуу доору башталган. Григор Нарекацинин («Кайгылуу ырлар китеби») поэмасы, 10-кылымдын тарыхчылары Ованес Драсханакертци, Товма Арцруни, аты жок Арцрунинин чыгармаларында гуманисттик алдыңкы ой-пикирлер нукура элдик формада туюнтулган. 11-12-кылымдагы армениялык адабияттын элегия (Аристакес Ластивертци), лирика-эпикалык поэма (Григор Тга, Нерсес Ламбронаци), эпистолярдык (Григор Магистр), лирика (Нерсес Шнорали) жана поэтика (Ованес Имастасер) жанрында жазылган чыгармалар түзөт. Алгачкы тамсил Мхитар Гошко таандык жана 13-кылымдын башталышында Вардан Айгекци элдик тамашалуу мүнөздөгү тамсилдер жыйнагын («Куулуктун китеби») түзгөн. 13-кылымда Армения адабияты мекенди сагынуу, мамлекеттик түзүлүштүн адилетсиздигине каршы жана башка ой-пикирлерди камтыган Фриктин поэзиялары, Ованес Ерзнкаци жана Константин Ерзнкацинин лирикалары, 14-16-кылымда Ованес Тулкуранци, Мкртыч Нагаш, Григор Ахтамарци, Нерсес Мокаци, Кучак Наапет, Григор Церенц, Хачатур Кечареци, Аракел Сюнеци, Симеон Апаранци жана башка акындардын ырлары менен толукталат. 17-18-кылымда жазуу менен бирге ашугдардын оозеки чыгармачылыгы өнүккөн. Акын Саят-Нова (1712-1795) алгачкылардан болуп лирика поэзиясына чыйыр салган. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында армян адабитында классикалык поэзия салты күч алган. Ага ОШОНДОЙ Ванандеци, П. Минасян, А. Багратуни, Е. Томачян, Э. Гюрмюзян жана башкалар кирет. 1840-50-жылдарда жаңы армян адабиятына негиз салган акын Г. Алишан, демократ акын Х. Абовян («Армения муңу» тарыхый романы (1841; 1858-жылы басылган) адттагы прогрессчил романтизм менен реализмге жол ачкан. Х. Абовяндын чыгармачылыгындагы демократиялык багыттарды П. Прошян (1837-1907), Г. Агаян (1840-1911) өнүктүргөн. Атактуу жазуучу жана ойчул М. Налбандян (1829-1868) биринчилерден болуп материалдык эстетиканын принциптерин иштеп чыгып, социал. мазмунга каныккан реалисттик адабиятты ырааттуу түрдө жактаган. Улуттук идеяларды акын, филолог Г. Алишан (1820-1901) көтөрүп чыгат. 19-кылымдын 2-жарымында акындар Р. Патканян, М. Пешикташлян, П. Дурян жарандык ырлар менен поэмаларды жаратышкан. Улуттук публицист В. Арцруни, романчылар Цернцтин, Раффи тарыхый роман жазышкан (1880-90). Сын реализми сатирачы А.Пароняндын, драматург А. Ширванзаде чыгармаларында өнүккөн. Нар-Дос, Мурацан (Г. Тер-Ованисян), В. Папавян, А. Арпиарян, Г. Зохраб, Т. Камсаракан, А. Ширванзаде, И. Иоаннисян, А. Цатурян европалык жана орус акындарынын чыгармаларын которуу менен бирге реалисттик багыттагы чыгармаларды жаратышып, адабият казынасына зор салым кошушкан. Армян элдик классикалык чыгармачылыктын туу чокусу деп ОШОНДОЙ Туманян тарабынан элдик сюжеттердин негизинде иштелип чыккан «Солунци Давид» («Давид Сасунский») улуттук эпосун жана элдик жомокторду айтууга болот. 19-20-кылымдын көрүнүктүү акындары А. Исаакян, В. Тергьян, Сиаманто (А. Ярчанян), Д. Варужан, М. Мецаренц, Р. Севак, В. Текеян, Е, Чаренц, курч социалдык темаларга А. Акопян, Ш. Кургинян, Г. Сарьян, М. Арази жана башкалардын чыгармалары жаңы армян адабиятын дүйнөлүк адабияттын алдыңкы чегине жеткирди.

Архитектурасы

Армениянын архитектурасынын байыркы эстеликтери биздин заманга чейинки 3000-жылга таандык (Арагацтын жанындагы мегалиттик курулуштар жана башка). Архитектура биздин заманга чейинки 9-6-кылымда Урарту мамлекетинде өнүккөн (Тейшебанидеги турак-жайлар, биздин заманга чейинки 7-кылым; Эренбуниндеги Кудай Халд храмы, биздин заманга чейинки 8-кылым). Шаарларда эллин доорундагы сарайлар менен чептер өзгөчөлөнө баштаган (Тигранакерт, биздин заманга чейинки 1-кылым). 4-6-кылымда христиандык сыйынуу жайларда бир жана үч нефтүү базилика курула баштаган. Үй куруунун жаңы баскычы 11-18-кылымдагы көп сандаган эстеликтерден, өзгөчө Армениянын борбору Анидеги Багратидден көрсө болот. 19-кылымда, айрыкча Чыгыш Армения Россияга кошулгандан кийин, шаарларда (Ереван, Александрополь, Карс), турак-жайлардын жаңы типтери пайда болуп, ал социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн таасиринде калыптанган. Көп кабаттуу үйлөр Ереванда, Ленинаканда, Алавердиде курулган. Архитектор А. Таманян (Өкмөт үйү, опера театрынын имараты, 1-Ер ГЭСи) улуттук салт менен азыркы архитектураны айкалыштырган. 1960-70-жылдарда коомдук жайларды типтештирүү башталды. Мемориал эстеликтер салынган (1915-жылы түрктөр кырган армяндарга эстелик). Армениянын архитектурасын жаңыча куруу 1968-жылдагы мамлекеттик планында каралган. Ага өнөр жай жана гидротехникалык (ГЭС) курулуштары, ири заводдор, көпүрөлөр мисал. Армениянын аймагынан табылган алгачкы көркөм чыгармалар (аска бетиндеги сүрөттөр, жазуусу жана сүрөтү бар карапалар, скульптура, металл эмеректер, зер буюмдар, жыгачка оюлган сүрөттөр жана башка) биздин заманга чейинки 6-2 миңинчи жылдарга таандык. Урарту искусствосунун жана Эллин доорунун эстеликтери (жасалга колдонмо исквосунун жасалгалары, коло менен алтын скульптуралар, оюлуп жасалган рельефтер, мозаика) сакталган. ОШОНДОЙ кылымда монументтүү живопись, мозаика, дубал жазуулары көбүрөөк өнүгөт. Андан соң арх-ралык скульптура - чиркөөнүн бет алдындагы рельефтер (6-кылымдын аягы, 7-кылымдын башы) өнүккөн. Ахтамар храмы (10-кылым) декорация скульптура сюжеттери менен кооздолгон. Христиан дининин кабыл алынышы (301) жана армян алфавитинин түзүлүшү менен (396) китеп живописи өнүгө баштайт. Арменияда миниатюра да 13-14-кылымда жогорку деңгээлге жетет. 17-18-кылымда станковый живопись (портрет, пейзаж жана башкалар) пайда болду. Тарыхый себептерден улам көрүнүктүү армян сүрөтчүлөрү четте жашоого аргасыз болушкан. ОШОНДОЙ Маркуз менен Минас (17-кылым) Иранда, Б. Салтанов (17-кылым) Москвада, Богуштун үй-бүлөсү (17-18-кылым) Львовдо, Манасеники (18-19-кылым) Түркияда иштешкен. Сүрөт искусствосунда сүрөтчү Овнатаняндардын алты муунуна өзгөчө орун таандык (17-кылымдын аягы 19-кылымдын 80-жылдары). Сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө Е. Татевосян (1870-1936), С. Агаджанян (1863-1940), Ф. Терлемезян (1865-1941), М. Сарьян, Г. Гюрджян, ОШОНДОЙ Зардарян, Э. Исабекян, М. Абегян, кийин Г. Ханджян, С. Мурадян жана башкалар өз салымдарын кошушту. Скульпторлордун (А. Сарксян, С. Степанян, А. Урарту, Е. Кочар, Н. Никогосян) улуу муунуна жаңы муун кошулду (Г. Чубарян, С. Багдасарян жана башкалар). График жана живописчи А. Коджоян (1883-1959) негиз салган китеп жасалгалоо өнөрү азыркы күндө да жогорку деңгээлде. Көркөм театр институту (1945), сүрөт окуу жайы (1921; Ереван, Ленинакан, Кировакан), сүрөт галереясы (1921-1935) бар. Сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.

Музыкасы

Армениянын улуттук музыкасы байыркы замандан бери эле өнүгүп келүүдө. Музыкалык маданияттын байыркы эстеликтери Урарту мамлекетине (Тейшебани, коло идиофон, биздин заманга чейинки 7-кылым) жана Улуу Арменияга (көп стволдуу таш флейта, биздин заманга чейинки 5-кылым) таандык. Армян элдик музыкасы менен поэзиясы пандира (кылдуу чертме аспап) менен коштолгон. 4-5-кылымда христиан чиркөө музыкасы, адегенде псалма (көркөм окуу) түрүндө, андан соң шаракан деген ат менен армян тилинде өнүккөн. 12-кылымда Нерсес Шнорали алгачкы көлөмдүү ырын (шаракан) чыгарган. 10-кылымдан таги, орто кылымда диний (монодия) ырлары өнүккөн. Элдик музыканын негизинде диний музыка келип чыккан. Элдик профессионал музыканын өкүлдөрү адегенде гусандар, кийин ашугдар аталган. Ашугдар ырларын сазе жана кеманче аспаптары менен коштогон. Монодия вокалы жана аспаптык музыка азыркы күнгө чейин сакталып келүүдө. 19-кылымдын орто ченинен Армения музыкасы Батыш Европанын музыкасынан жана орус классикасынан таасирленген. Анын негизинде жаңы улуттук стиль түзүлгөн. Композиторлор Х. Кара Мурза (1853-1902) менен Н. Тигранян (1856-1951), классикалык музыканттар Т. Чухаджян армян музыка коомун, «Кнар» («Лира») журналын негиздеп, туңгуч армян операсын («Аршак II») жазган. Фольклорист, музыкалык-коомдук ишмер Комитас жаңы армян музыкасынын калыптанышына чоң салым кошуп, композициялык мектебин ачкан. А. Спендиаров (1871-1928) - армян симфониялык музыкасына негиз салса, 1-классикалык романстар Р. Меликянга таандык. «Алмаст» тарыхый операсы улуттук театр классикасынын башаты (А. Спендиаров, 1930-жылы Москвада коюлган). Көрүнүктүү композиторлорунун бири А. Хачатурян армян музыкасына зор салым кошкон. Опера, балет, оперетта, симфония, камералык хор жана эстрадага белгилүү композиторлор К. Закарян (1895-1967), В. Тальян (18961947), А. Степанян (1897-1966), А. Айвазян (1902-жылы туулган), А. Долуханян (1910-1968), А. Бабаджанян (1921-жылы туулган), Ж. Тер-Татевосян (1926-жылы туулган) жана башка бир топ чыгармаларды жаратышты. 20-кылымдын чыгаан музыканттары: А. Тертерян, Г. Читчян, Г. Овунц, А. Зограбян, Э. Айрапетян, Т. Мансурян. Дүйнөгө белгилүү ырчылары - П. Лисициан, З. Долуханова, Г. Гаспарян, Т. Сазандарян. Көрүнүктүү музыка изилдөөчүлөр - Х. Кушнарев, А. Адамян, Г. Тигранов, А. Шавердян, Р. Атаян, М. Арутюнян, М. Брутян, Г. Геодакян, Н. Тагмизян. Армяндардын бий искусствосу көп кылымдык салтты камтыйт. Ушул кезге чейин бийге ылайык ыр, бий күүлөрү (парэр же хагэр) көп түрдүү формада сакталган. Армян ыр-бий ансамбли 1938-жылы уюштурулган. 1920-жылдан профессионалдык балет искусствосу өнүккөн. Хореография (1923), ритропластика студиялар ачылган (1924). 1939-жылы А. Хачатуряндын 1-улуттук «Бакыт» балети коюлат. Спектаклде элдик обондор, күүлөр колдонулуп, классикалык хореографияны армян бийинин элементтери менен айкалыштырган. А. Хачатуряндын «Гаэне» (1947, 1971, 1974, 2003), «Спартак» (1988), Э. Оганесяндын «Мармар» (1957), Г. Егизоряндын «Ара сулуу жана Шамирам» (1982) балеттери сахналаштырылган.

Театр искусствосу

Армян театрынын тарыхы биздин заманга чейинки 69-жылы падыша Тигран II Тигранакертте Сириянын эллинистика тибиндеги театр имаратын салгандан башталат. Анын уулу Артавазд II жетекчилиги менен Арташатта театр уюшулуп, Еврипиддин «Вакханкалар» трагедиясын койгон (53-жылы биздин заманга чейинки). Биздин замандын 4-кылымда оюн-зооктор Аршакт II сарайында коюлган. Пантомима өнөрү жана сатира, көчө театры болгон. Цахрацу элдик театры кеңири таралган. Литургиялык драманын негизинде христиандык диний театр түзүлгөн. 1719-кылымда армян «колонияларында» Львовдо, Москва, Венеция, Вена, Марас, Калькутта жана башка армян театры, 1668-жылдан 19-кылымдын орто ченинен армян мектеп театры өнүгөт. 1810-жылы Константинополдо М. Бжишкяндын жетектөөсү менен 1-армян спектаклдери коюлган. 1846-66-жылдарда ОШОНДОЙ Гаспаряндын жетекчилиги менен «Арамян татрон» профессионалдык театры иштеген. 1836-жылы Г. Шермазанян Тифлисде «Ш ермазанян дарбас» театрын ачкан. 1860-жылы армяндардын маданий борбору Константинополдо жана Тифлисде түзүлгөн. 1860-70-жылдарда алгачкы театрлар Ереванда, Нахичевани-на-Дону жана башка жерлерде ачылган. 20-кылымдын башында улуттук армян театры (Ереванда, Шушада, Бакуда, Тифлисде жана башка) кеңири таралган. 1921-жылы Ереванда алгачкы мамлекеттик Армян драма театры (учурда Улуттук академия театр) түзүлгөн. 1920-жылы армян театры, 1928-жылы көчмө, 1929-жылы балдар, 1935-жылы куурчак театрлары, 1937-жылы орус, 1969-жылы Ереван драма театрлары, 1981-жылы Ереван камералык театры уюшулган. 1940-жылы Армян театралдык коому түзүлгөн. 1940-50-жылдарда «Маскарад» (Ю. Лермонтов, 1945), «Тирүү өлүк» ( Л. Н. Толстой, 1951), «Алча багы» (А. П. Чехов, 1951), «Багдасар аке» (А. Паронян, 1954), «Намус» (Ширванза, 1955), «Бүлүнгөн коломто» (А. Абарян, 1947.) жана башка спектаклдери коюлган. 1960-70-жылдарда Армениянын көрүнүктүү театр актёрлору - М. Мкртчян, В. Вардересян, Х. Абрамян, М. Симонян, А. Хостикян жана режиссёрлору: Г. Капланян, 3. Татинцян, А. Мкртчян, М. Мариносян жана башкалар. Арменияда 20га жакын драма театр (2004) бар, анын ичинен облустук Ванадзор, Гюмри, Кафан, Горис, Арташат, Камо жана башкалар.

Кинематографиясы

1907-жылы алгачкы кино тартылган. 1923-жылы «Госкино» (кийин «Госфотокино») уюшулуп, анда кинолаборатория базасында (1928-жылы) кинофабрика «Арменкино» (1938-жылы Ереван киностудиясы, 1957-жылы «Арменфильм», 1966-жылы А. Бек-Назаров атындагы киностудиясы) түзүлгөн. Көрүнүктүү режиссеру Бек-Назаров тарабынан тартылган туңгуч армян документалдуу фильми «Советтик Армения» (1924), 1926-жылы «Намус» көркөм, 1935-жылы алгачкы «Пэпо» үндүү фильми жаралган, 1940-50-жылдардагы кыйынчылыктардан кийин, 1950-жылдардын 2-жарымында Армения киносу кайрадан жандана баштаган. Э. Мелик-Карамяндын (С. Кеворковдор менен биргелешкен) «Ээн калган чоку» (1955), «Добулдун жолу менен» (1956), «Өзүм гана билем» (1958), «Өзгөчө тапшырма» (1965) кинофильмдери тартылган. Армения кинорежиссёрлор Ф. Довлатяндын «Саламатсыңбы, бул мен» (1966), Г. Маляндын «Үч бурчтук» (1967), С. Параджановдун «Чоктой кызыл» (1970), А. Пелешяндын «Биз» (1969), «Жердөөчүлөр» (1970), «Жыл мезгили» (1975) жана башка кинофильмдери зор ийгиликтерди алып келген. 1938-жылы алгачкы анимация кинофильми (Л. К. Атаманов, «Дөбөт менен мышык») тартылган. «Арменфильм» киностудиясында белгилүү кино чеберлери А. Айартян, А. Мартиросян, кийинчээрек Л. Вагаршян, Г. Мелик-Авакян, Ю. Ерзинкян, А. Манарян жана башкалар иштешкен. 1970-80-жылдарда маанилүү кинофильмдерди жараткандар Э. Кеосаян («Эркектер», 1973; «Жомоктор калтырган капчыгай», 1974), К. Геворкян («Кайчылаш жолдо», 1974), Л. Григорян («Байчечекейлер жана Эдельвейстер», 1981), Н. Оганесян («Бакыттын механикасы», 1982), Б. Оганесян («Кожоюн», 1983), А. Мкртчян («Биздин балалыктын тангосу», 1984) жана башкалар кирет. 1980-90-жылдарда кино өнөрүнө режиссерлор С. Бабаян («13-апостол», 1987), А. Хачатурян («Конд», 1987; «Унуткарчу шамал», 1989; «Эңсеген жерге кайтып келүү», 1991), В. Чалдранян («Куру сөз», 1991; «Кудайым ырайым кыл», 1997; «Жымжыртык симфониясы», 2002), М. Довлатян (Лабиринт, 1995) жана башкалар зор салым кошушкан. Ал эми Арменияда цирк искусствосу [актер гусандар, маскарапоздор (хехкатаки) жана куудул-сатириктери (цахрацу) жана башкалар] орто кылымдарда эле өнүккөн. 1928-жылы Ереванда 1-цирк курулган, 1956-жылы цирк коллективи түзүлгөн жана 1961-жылы «Ереван» деген ат менен чыккан. 1991-жылдан Ереванда мамлекеттик цирк иштейт.

Эскертүүлөр

  1. Декларация о независимости Армении
  2. Армения Республикасынын расмий сайты
  3. https://web.archive.org/web/20170815143610/http://www.armstat.am/file/article/nasel_01.01.2017.pdf
  4. Human Development Report 2016 (англ.). United Nations Development Programme (2016).

Колдонулган адабияттар

Армения Еврокөрүнүү 2007 ыр сынагында

Армениянын Финляндияда өткөн Еврокөрүнүү 2007 ыр сынагындагы чыгуусу, бул мамлекет үчүн Еврокөрүнүүдөгү 2-катышуусу болду. Өлкөнү Anytime You Need (Сага керек болгондо, ар убакта) деген ыры менен Айко көрсөткөн.

Армения Советтик Социалисттик Республикасы

Армения ССР (Советтик Социалистик Республикасы) - ССРСтин курамында болгон мамлекет. Башкалаасы жана ири экономикалык маданий борбору - Ереван шаары.

Армениялык драм

Армениялык драм — Армениянын акча бирдиги.

1 драм = 100 лумага тете.

Еврокөрүнүү ыр сынагы

«Еврокөрүнүү» ыр сынагы (англисче: Eurovision Song Contest; французча: Concours Eurovision de la chanson) – Европа телерадиоберүү бирикмесинин (EBU) мүчө – өлкөлөрү арасындагы эстрадалык ыр сынагы. Сынактын ичинде чыгарылып жаткан интеллектуалдык өздүктөрдүн ээси болуп Европа телерадиоберүү бирикмеси (EBU) саналат.

Сынакта «Европа телерадиоберүү бирикмесинин» (EBU) ар бир мүчө – өлкөсүнөн бирден өкүл катыша алат. Ар бир өлкөдөн сынакта 6 адамдан турган топ же бир өкүл, 3 мүнөттөн кем жана ашык эмес ырды аткарышы зарыл. Баардык катышуучулар өнөрлөрүн көрсөткөндөн кийин, жарымфиналдарда жана финалда катышкан, баардык өлкөлөрдөн турган теле добуш берүү ыкмасы менен эң популярдуу ыр аныкталат.

Еврокөрүнүү ыр сынагы 2011

«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2011» (нем., англ.: Eurovision Song Contest 2011, фран.: Concours Eurovision de la chanson 2011) - «Еврокөрүнүүнүн» 56-чы сынагы болчу, ал Ослодо өткөн «Еврокөрүнүү 2010» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2011-чи жылдын 10-чу майынан 14-чү майга чейин Германияда өттү. Германияга жеңишти «Satellite» деген ыры менен Lena алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 246 упай менен 1-орунду ээлеген.

Ереван

Ереван (арм. Երևան) – Армян Республикасынын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий жана маданий очогу. Арарат түздүгүнүн Түндүк четинде, бир аз бөлүгү жанартоолуу платодо, Раздан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2007). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-ж. Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинчерээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440-жылдан Чыгыш Армениянын административдик жана соода-кол өнөр­чүлүк, 1604–1828-ж. Эриван хандыгынын борбору. 1826–28-жылдагы орус-иран согушунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түркмөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошулган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРинин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жылдан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотехникалары жана өлчөөчү приборлор, химия жана нефть-химия, химия-фармацевтика, кара металлургия, жеңил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө байланыш жана телекоммуникация сектору жана финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Армениянын илимий, маданий жана билим берүү ири борбору. Армения ИА, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эстеликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноцидинин курмандыктарына), «Майр Айастан» («Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Карабах согушунун баатырларына) жана башка урартунун, Эребуни жана Тейшебаини шаар-чептеринин урандылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-к.) (крест-кумпалуу Катогике (13-к.), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) жана башка сакталган. Евевандын көпчүлүк турак-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Евеванда А. Хачатурян атындагы Музыкант-аткаруучулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панорамасы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еравандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.

Закавказье

Закавказье - Кавказдын бир бөлүгү. Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунан түштүктү карай кеткен тарабы. Чоң Кавказдын түштүк капталынын көбүн, Колхида жана Кура-Аракс ойдуңдарын, Закавказье тайпак тоосун, Талыш тоолорун жана Ленкоран ойдуңун камтыйт. Закавказьеде Грузиянын басымдуу бөлүгү, Армения жана Азербайжан жайгашкан.

Кавказ

Кавказ – Кара, Азов жана Каспий деңиздеринин аралыгында жайгашкан табигый аймак. Орусия‎, Грузия, Армения жана Азербайжандын чегинде. Түндүктө Кума-Маныч ойдуңунан түштүктө Армениянын Түркия жана Иран менен чек арасына чейин созулат (түштүк табигый чек арасы шарттуу алынган). Түндүк Кавказды, Кавказ өңдүрүн, Чоң Кавказ тоо тармагын жана Закавказъени өзүнө камтыйт. Аянты 440,440 миң км2ден ашык. Тоолуу рельеф басымдуу. Борбордук абалды ээлеген Чоң Кавказ тоо тармагы Россиянын гана эмес, жалпы Европанын да эң бийик жери; анын кыр бөлүгүн Башкы же Суу бөлгүч жана Каптал кырка тоолору түзөт. Анын бийик чокулары: Эльбрус (5642 м), Дыхсу (5203 м), Шхара(5068 м), Казбек (5033 м). Чоң Кавказдын кырка тоолору альп тибиндеги рельефи менен өзгөчөлөнүп турат; көбү куэста тибинде, карст процесстери өрчүгөн (Воронцов, Жаңы Афон үңкүрлөрү, Сатаплиа ж. б.). Чоң Кавказдын түндүк капталынан Кума-Маныч ойдуңуна чейин Кавказ өндуру ээлейт; андагы Ставрополь дөңсөөсү Кубань-Азов бою жана Терек-Кума ойдуңдарынан бөлүп турат. Чоң Кавказ түштүгүндөгү Колхида (батышында) жана Кура-Аракс (чыгышында) аккумуляциялык ойдуңдары аркылуу Закавказье тайпак тоолорунан бөлүнөт. Закавказье бүктөлүүдөн пайда болгон Кичи Кавказ кырка тоосунан (Гямыш чокусу, бийиктиги 3724 м) жана жанартоодон пайда болгон Армян тайпак тоосунан (5165 м, Чоң Арарат чокусу) турат. Түштүк-чыгышында бүктөлүүдөн жаралган Талыш тоосу (2477 м) жана Ленкоран ойдуңу жайгашкан. Кавказ Жер ортолук деңиз кырчоосундагы альп бүктөлүү аймагына кирген эпигеосинклиналь, бир аз бөлүгү эпиплатформа абалындагы тоолор. Орто бөлүгү өчкөн жанартоо конустары бар Кавказ мегантиклинориясына туура келет. Кен байлыктарга бай: мунай (Баку, Грозный, Майкоп), газ (Краснодар, Ставрополь крайлары), темир (Дашкесан), таш көмүр, марганец, жез, молибден (Тырныауз), коргошун жана цинк кен таштары (Садон), минералдуу булактар.

Кавказ мелүүн жана субтропиктик климат алкактарынын чет жакаларында жайгашкан. Түндүк Кавказ мелүүн, Закавказье субтропиктик алкактарга кирет. Январдын орточо температурасы Кавказ өндүрүндө -2°Сден -5°Сге чейин, Закавказьеде 16°С. Жайында Кавказдын батышы менен чыгышынын температуралык айырмасы көбүрөөк байкалат. Июлдун орточо температурасы батышында 23-24°С, чыгышында 25-29°С. Тоолордо 2000 м бийикте январдын орточо температурасы -8°С, августтуку (эң жылуу ай) 13°С. Бийиктеген сайын бийик тоонун суук климаты кыр зонасында ниваль климаты менен алмашат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөргө 200 ммден (Кура-Аракс ойдуңу) 1800 ммге чейин (Колхида ойдуңу), тоолордо 2600 мм, айдарым батыш жана түштүк-батыш капталдарында 4000 ммге чейин жетет. Жалпы аянты 1428 км2ге жеткен 2000дей мөңгү бар; ирилери: Дыхсу, Безенги, Караугом, Цаннер ж. б. Дарыялары Каспий (Кура Аракс менен, Сулак, Терек, Кума), Кара (Риони, Ингури) жана Азов (Кубань) деңиздеринин алаптарына кирет. Эң ири көлү Севан.

Ландшафты бийиктик алкактуулукка жараша ар түрдүү. Чоң Кавказдын түштүк, Кичи Кавказдын жана Талыш тоосунун түндүк капталдарында жазы жана ийне жалбырактуу токойлордон турган субтропиктик токой ландшафты басымдуу. Чоң жана Кичи Кавказдын, ошондой эле Армян тайпак тоосунун бийик бөлүктөрүн жапыз өскөн альп шалбаасы, өтө континенттүү аймактарын шалбаалуу талаа ээлейт. Бийик кырларына гляциалдыкнивалдык ландшафт мүнөздүү. Кавказ өндүрүндө талаа, Закавказьеде жарым чөл ландшафттары басымдуу.

Кавказдын ландшафты, айрыкча түздүктөрүндөгү жана тоо этектериндеги талаа жана субтропик алкактары адамдардын аракетинен кыйла өзгөрүп кеткен. Айрыкча Чыгыш Кавказдын, Закавказье ойдуңдарынын, Жавахети Армян тайпак тоосунун чуңкурчактарынын ландшафты өтө өзгөрүүгө дуушарланган. Кавказ өндүрүндө (аймагынын 60%тен ашыгы) жана Кура-Аракс ойдуңунда (75%) агроландшафт басымдуулук кылат. Эрозия, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, кыртышты шор басуу, суу каптоо ж. б. процесстер күчөөдө. Колхида ойдуңунун 40%ке жакын аянты кургатылган, токоюнун50%тен ашык аянты кыйылып, анын ордуна субтропиктик мөмө-жемиш өсүмдүктөрү отургузулган. Саз кургатуучу каналдардын узундугу 2100 кмден ашат. Кавказдын ландшафтын коргоо максатында коруктар уюшулган, алардын эң белгилүүлөрү: Кавказ, Теберда, Кабарда-Балкар, Түндүк Осетин (Россия); Ажамети, Рица, Вашловани, Лагодехи (Грузия); Гиркан (Азербайжан); Хосров, Эренбуни (Армения) ж. б. Улуттук парктары: Сочи (Россия), Севан (Армения) ж. б. Заказниктер, табият эстеликтери да көп. «Батыш Кавказ» (Россияда; Кавказ коругунун бир бөлүгүн, Чоң Тхач табият паркын, 3 табият эстелигин камтыйт) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Кавказ курорттуу ири аймактардын бири; мында Кавказ Минералдуу суулары, ошондой эле Кара деңиздин жээгинде Анападан Батумиге чейин курорттор жайгашкан. Туризм менен альпинизмдин борбору.

Кавказда Азербайжан, Армения, Грузия, Краснодаркрайы, Ставрополъ крайы, Дагстан, Ингушстан, Кабарда-Балкария, Түндүк Осетия, Чеченстан жайгашкан.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын жана келишимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 1991-жылы 8-декабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловеж токоюнда СССРдин курамындагы Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларусь Республикаларынын Президенттери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартында СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген.

Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында жогорку 3 мамлекет менен дагы 9 мамлекет – Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биригишип, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, СССР жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М.С.Горбачев, 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары жана принциптери төмөнкүдөй аныкталат: Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер тарабынан түзүлгөн келишимдерде макулдашылган тартипте паритеттик (теңдик) принцип боюнча ишке ашырылат эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык жана ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый менен мамиле кылышат; Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алышат. Көз карандасыз мамлекеттердин шериктештигинин негизги кеңешүүчү жана координациялык органдары – шериктеш мамлекет башчыларынын кеңеши, өкмөт башчыларынын кеңеши, секретариаты, мамлекеттер аралык экономикалык комитет, экономикалык, сот, мамлекеттердин парламент аралык ассамблеясы, коргоо министринин кеңеши, тышкы иштер министрлеринин кеңеши, космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, коллективдүү коопсуздук келишими жана башка коомдук турмуштун чөйрөлөрүн камтыган уставдык органдар, уюмдар болуп саналат. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өлкөлөрүнүн кээ бирөөлөрү өздөрүнчө бир кыйла тыгыз, терең байланышкан союз түзүүгө да аракет кылып жатышат. Мисалы: Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан биргелешип бажыкана союзун түзүштү. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги дагы Орто Азия республикаларынын да өз ара байланыштары өнүгүүдө.

Орустар

Орустар (өздөрүн 18-кылымга чейин роусь, 1917-жылдан кийин великорусстар деп аташкан) – чыгыш славян эли; РФтин жергиликтүү калкы. Латвия, Литва, Эстония, Украина, Беларуссия, Молдавия, Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан (381 562, 2012), Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле АКШ, Канада, Бразилия, Германия, Англия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттерде диаспоралары бар. Жалпы саны дүйнөдө 133 млн, анын ичинде 111016896 киши Россияда жашайт (2010). Динге ишенгендеринин көбү – православныйлар. Орус тилинде сүйлөшөт. Орустар чыгыш славян урууларында уруулук мамилелер ыдырап, Киев айланасында Байыркы орус мамлекети түзүлгөн мезгилде пайда болгон байыркы орус элинен (9-к.) келип чыккан. Этностук негизин чыгыш славян элдери (кривичтер, словендер, вятичтер, северяндар), ошондой эле финн-угор уруулары түзгөн. Орустар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Салттык кийимдери түн. жана Түштүк аймактарында бири-биринен айырмаланат. Эркектери тик жакалуу ак көйнөк, кендир ыштан, сыртынан таардан тигилген жакасыз узун кемсел, бутуна жөкө чокой же өтүк кийип, белине кур курчанат. Аялдары – түн. аймактары сарафан, түштүгү юбка, көйнөк, кофта кийип, алжапкыч тагынган. Тамак-ашы негизинен ботко, щи, пельмен, суусундук катары квасты көбүрөөк колдонушат.

Түркмөнстан

Түркмөнстан Республикасы (түркм. Türkmenistan) — Орто Азияда жайгашкан түрк мамлекеттердин бири. 1991 жылга чейин Советтер Союзунун мүчөсү болгон жана Түркмөн Советтик Социалистик Республикасы деп аталып жүргөн. Ал түштүк-чыгыш тарабында Ооганстан менен чектешет, түштүк жана түштүк-батыш тарабында Иран менен, Өзбекстан менен чыгышта жана түндүк-чыгышта, Казакстан менен түндүктө жана түндүк-батышта жана батышта Каспий деңиз менен. Деңизде ал Азербайжан, Армения, Грузия жана Орусия менен чектешет.

 
Азия өлкөлөрү
LocationAsia

Башка тилдерде

This page is based on a Wikipedia article written by authors (here).
Text is available under the CC BY-SA 3.0 license; additional terms may apply.
Images, videos and audio are available under their respective licenses.